Добавить статью
7:18, 4 мая 2011 57709

Арийлер - бул чыныгы кыргыздар

Байыркы арийлер деп тарых булактарында көчмөн турмушта жашаган, уй, кой, жылкы жана төө баккан элдерди айтышкан. Бул маалыматтарга караганда, арийлер деп көчмөн элдер аталган. Индоевропалык элдер эч качан өздөрүн арийлербиз деп алгач айткан эмес, алар кийин тарыхтын өзгөрүшү менен гана өздөрүн арийлербиз деп атай баштаган. Анткени арийлердин археологиялык маалыматтары биздин элдин кол өнөрчүлүгүбүз менен дал келет, сөзүбүздүн маңыздуу болушу үчүн Черников адегендеги 1957-жылы жарыкка чыккан эмгегинде ал археолог катарында андроновдук маданияттын негиз салуучуларын түрк тилинде сүйлөгөн элдер деген болсо, ал эми 1960-жылы чыккан эмгегинин 112-бетинде андроновчулар түрк элдерине тийиштүү эмес деп жазган. Мына ушундан байкасак болот чет жердик көп аалым тарыхчылар кыргыздын чыныгы тарыхын бурмалаган. Бирок жергиликтүү иран тилинде сүйлөгөн калктар үчүн арийлердин тили «бөтөн тил» катарында кабыл алынган жана «арий» терминин алгач түрк кыргыздары персилерди каратып алганга дейре иран-фарси тилдүү калктар «арий» терминин «бөтөн», «чет жерлик», «басып алуучу» деп түшүнгөн болсо, убакыттын өтүшү менен басып алган кыргыздын башкаруучуларынын таасири менен «арий» сөзүн «кожоюн», «ээлик кылуучу», «аристократ», «ак сөөк», «мырзалар- манаптар» деп түшүнө баштаган. Эң кызыгы арийлер өз жакын уруулаштарын тарых булактарнда «аз ады»- азыркы сөз менен реконструкциялап караганда «азады, аз ада, өз ада, өз ата, түбү бир атадан тарагандар» деген маанини берерин жана кээ бир котормолордо «паурва» деп аталат ал «боордош уруулар, кардаш, кандаш уруулар» дегенин байкасак болот, чамасы уруулардын өз ара жакындашууларын байыркы мезгилдерде ушундайча аташса керек.

Ал эми Ата журтун «арийлердин өрөөнү, арийлердин өлкөсү» же «Арьянам Вайджа»- арийлердин ата журту, арийлердин жер байлыгы, арийлердин кең жайлоосу дегенди билдирген. Байыркы Иран падышалары Кир II, Дарий I да өздөрүн ар дайым арийлердин урпагыбыз дешкен персилер гректер менен согушкан мезгилде перси аскерлеринин курамында Кыргыз атуу аскер жетекчиси негизги топту жаруучу сак кыргыздарынын аскери болгон, алар грек аскер күчтөрүнүн мизин болуп көрбөгөндөй катуу талкалагандыгы тарыхтан бизге белгилүү, бирок Кыргыз аскер башчысынын аты менен «кыргыз» этнониминин атынын кандай байланышы бар деген көз караш болушу мүмкүн, бирок б.з.ч. 519-жылы колго түшкөн сак кыргыздарынын аскер күчтөрүнүн башында чындап эле Кыргыз аскерий жетекчиси турганын тастыктайт, ошондой эле байыркы кездерде жана орто кылымдарда жалган сүйлөбөгөн, сөзүнө бек турган, сөзгө чебер, уурулук кылбаган, тайманбаган, жоодон коркпогон «көк жал» жоокерлерди «кыргыз» деп атаганын атам кеп кылар эле, азыр да кээ бир элдик маалыматтар айтып жүрүшөт. Ошол учурдагы биздин Кушандык кандаштарыбыз да өздөрүн арийлербиз деген жана асабаны «авсаба»- асаба деп аташканы да белгилүү. Дагы айтуучу жагдай арийлер накта өздөрүнүн мекенин «Аруаварта» биздин тилде «Аруу ата» деген ,себеби байыркы арий кыргыздары эне –атаны, бир тууганды, уруулаштарын, элин жана киндик кан тамган жерин бир бүтүндүк катарында ыйык деп санашып, «ыйык көргөндүктөн, жерибиз таза, элибиз таза деп «Аруу ата» деп аташкан, кийин бул термин «ата журт, ата мекен» деп атала баштаган. Санскрит тилинде арийлердин «Барата» деген термини кездешет буга караганда «барата- баба-ата биринчиден түрк кыргыз сөзү жана ата-бабанын ээлигин алардын бар экендигин, ошондой эле атасы бар демек, мамлекети бар дегенди билдирген». Ошол эле Авеста –бул «ав-үй, ал эми ста-үйүңдү тааны, аруу атаңы тааны дегенди билдирет эмеспи. Ал эми Зороастризм динин негиздегендин аты да кыргыз тилинде «Зор-мыкты, ас-асман, тра-туура, тааны, тенир» теңир деген маанини берет эмеспи. ОШондон улам Авеста китеби- бул кыргыздын теңирий динин ар тараптуу чагылдырган аруулук, рухий табылгыс китеп болуп саналат. Анткени ал китепте биздин жер туралуу, космостук көз караштарыбыз ар тараптуу чагылдырылган. Маселен:

Жети-Суу областын өз учурунда арийлердин мекени болгонун, айрыкча кыргыз жерлерин арийлердин мекени экендигин ар тараптуу изилдөөгө алган аалым А.П.Чайковский «Родина народов Арийской расы» атттуу эмгегинде Ысык-Көл жергеси анын ичинен кыргыздын бардык аймактарында арийлердин изи калгандыгын, кыргыздар арийлерге тийиштүү эл экендигин ачык айта албаса да арйилердин жери географиялык аталыштары менен арийлер кыргыздар экендигин тастыктоого бир топ иштерди жүргүзгөн. Ал адегенде «Авестада» Ысык-Көлдөгү Боом капчыгайынан агылып чыккан дарыяны жана Боом капчыгайын да «Бумиа, Буам» деп атаганы эскерилет. Ошентип байыркы «Авеста» китебинде «Боом» дарыясынын, жеринин атынын аталышы эле кашкайган чындыкты жар салып турат. Бул капчыгайда жети тоо бар экендиги да айтылат жана ал тоолор «арийлердин тоосу- кыргыз арийлеринин тоосу» деп аталган. «Ригведада» Буам капчыгайындагы өзөндү-дарыяны «теңирдин жемиштүү Бумиасы» азыркы тил менен айтканда «Боом-теңирдин жашылдандырган, жемиштүү уулу» дегенди билдирмек.

Боом дарыясынын күрпүлдөп, шаркылдап аккан агымын Авестада « иалилар-жарылар», азыркы биздин тилде «жарылып аккан суу». Деги эле сууну арий тилинде «Пупа-суапа»- биздин тилде «пупа, супа, суапа» тегинде кыргыздын тили жатканын атайын билими бар адамга түшүнүктүү болуп саналат.Дагы бир маалымат «Сарасвата» дарыясы туралуу маалымат айтылат, арийне Сарасвата дарыясы Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү «Сарагата» деген жердеги суу менен жердин атын байланыш карасак болот. Биздин Аксыдагы Аркыт жеринин маанисин да айта турган болсок, анда ар кут, таза, кут конгон, кооз жер дегенди билдирет.

Арийне дагы айта кетүүчү жагдай Ысык –Көлгө келип кошулуучу дарыяны аалым А.П.Чайковский Ардвисура Хан –Тенирден агып чыккан улуу дарыя деп эсептеген, бул терминдин аталышына караганда ардвисура-ар-эр, би-бий, бек, улуу, су-суу-улуу суу, улуу дарыя деп аталганын баяндоодо, ал эми анын агымын «иаилилир-жарылып, атылып, оргуштаган суу» деген маанин билдирет. Байыркы сак кыргыздары «Сыр-Дарыяны- Кыргыз дарыя» деп атаганын «Скифия Евразийский Степей» атуу китептин 169 бетинде баяндайт, ошондой эле грек булактары анын ичинен Геродот да Танаис дарыясына кошулган бир дарыяны гергес дарыясы- ал дегендик кыргыз дарыясы болуп саналат. Байыркы гергесдер-кыргыздар булакты «арин» деп аташкан, ошондуктан биз учурда «аруулукту каалайм, булактай аруулукту каалайм, аруулан, аруу бол, арыңа кел» деген сөздөрдү көп айтабыз. Кыргыздын арийлер экендигинин далили катарында азыркы илимде генетикасынын канынын 63 пайызы арий экендиги далилденди, ал эми кыргыз элибиздин ичинде «ар, ары, арык» уруулары да жана Эне-Сай кыргыздары башчыларын «ары» деп аташкан. Аны менен бирдикте эң мыкты көк жал жоокерлерин «эр-ар» деп аташкан. Демек, эң тайманбас жоокерлер эрлер-аруулар кыргыз аруулары деп аталган. Аруулар деп сууга, отко жана булактын тунуктугуна салыштырган, себеби суу жана от гана бардык тазалыкты алып жүрөт деген түшүнүк азыр да, байыркы мезгилде да күчтүү болгон. Байыркы мезгилдеги маалыматтарда Кавказда «аритор» деген урууну эскеришет, чамасы «арий турлары» экендигин эч тайманбай эле айтсак болот. Кыргыз уулу Адам менен учурашканда «арыбаңыз» деп учурашат, бул дегендик чарчабаңыз, чалыкпаңыз, дениңиз сак болсун, таза болуңуз деп учурашкан. Түшүм жыйнагандарга «арбын болсун!, береке болсун!» деп айтышат. Арийлердин бакшылары комуздун коштоосунда төкмөлүк менен ырдаган, анткени таштагы, ошондой эле байыркы ындылардын храмдарында комуз музыкалык аспабын кармаган ырчынын сүрөтүн байкоого да болот, ошондой эле байыркы гергес (хет)- кыргыздарынын калпак кийип комузду кармаган таштагы сүрөттөрү да бизге белгилүү эмеспи, ал эми байыркы индиялыктар эл арасында обон салып ырдаган ырчыларын «риши» деп аташкан болсо, биз кыргыздар төкмө акын, ырчыларыбызды «ырчы» деп айтабыз демек, биздин «ырчы» деп айтканыбыздын себеби, ырчылык өнөр көкө теңирден берилген өнөр болгондуктан аларды «арчы-ырчы» деп атаганбыз. Ошону менен катарда эле элди башкарган хандарды «каган-хан» асмандын, теңирдин элчилери катары эсептегенбиз жана арий сөзүнүн төркүнү жатат. Арийлердин ичинде Авестада Кутса- Кутчу деген ырчысы болгонун, ырчынын Кутчу деген аты эле чыныгы кыргыз болгонун жаңыртып айтып жатат, аны менен катар эле «ырчы» бир эле учурда ал акын да, бакшы да болгонун аалым А.П.Чайковский мырза эмгегинде баяндайт. Чындыгында ырчылар акын да, ырчы да, бакшы да болушат. Арийлер кыргыздар экендигинин биздин элдин Ордо оюну да тастыктайт, себеби ордо чыныгы арийлердин оюну болгон, себеби археологиялык казууларда алардын жаш балдарынын мүрзөлөрүнөн ашык-чүкө, домпой кездешет. Кыргыз арийлеринин «ордо»- сөзүнөн орустун «город, ордус», гректин «сардис», француздун «орде» деген сөздөрү калыптанган. Аны менен бирге эле арийлер «Ак ордо», «Көк ордо» деген сөзүнүн тегинде «ар» сөзү жатат. Арийлер -кыргыздар жылкыны аздектеген, ошондуктан «ээр, ээрге мин, ээрге отур жана ат» деген сөздөрү байыркы арий кыргызынын чарбалык сөздөрү болуп саналат. Мыкты жоокерди «эр экен, эрсиң, эркиң бар» деп аташкан. Арийлер көкө теңирге, жети теңирге, ай менен күнгө, ата-бабалардын арбактарына, кооз жерлерге, суу теңирине, кечинде ай көрүнбөй калса жылдыздарга сыйынган. Мыйзамдары катуу болгон, анткени эне-сай кыргыздарынын мыйзамдарынан эле байкасак болот. Кыргыздардын арий экендигинин дагы бир далили арийлер эч убакта уурулук кылган эмес, эгер кимдир бирөө уурулук кылса, башын алып туугандарынын же атасынын мойнуна илип койгон, ошондуктан уурулук кылганды, элдин мүлкүн жегенди кыргыз арийлери «бул кыргыз эмес деген», далил катарында кечеги эле совет доорунда айыл жерлеринде кыргыз үөлөрүнө кулпу салынбай турган мына ушул сыяктуу адат- салтыбыз менен кыргыздар таза кандуу, таза эл болгонбуз, ошондуктан тарых барактарынан «кыргыз» атыбыз жоголбой келгенбиз жана ар бир кыргыз баласы жети атасын билүү милдеттүү деп эсептелген, себеби арийлер жети атасын билбегенди «кул»деп эсептеген.

Демек, биз кыргыз арийлери байыркы башатыбызга кайрылып, арйиленишибизге, арууланышыбызга, ата-бабаларыбыздай болууга, улуу адат салтыбызды билүүчү мезгил келди.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-06-2011
Байыркы кыргыздын тарыхы кайдан башталат?
61556

16-06-2011
Ч.Айтматовдун чыгармаларында кыргыз тарыхы жөнүндөгү ойлордун чагылдырылышы
97309

04-05-2011
«Манас» эпосу  менен  «Авеста» тагдырлаш
57762

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×