Добавить статью
11:43, 10 мая 2011 95049

Падыша-Ата күмбөзүнүн баяны

Кыргыз эли Борбордук Азиядагы байыркы элдердин бири. Аны бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген тарыхий эстеликтер, күмбөздөр кол жазмалар далилдеп турат. Мындай байыркы эстелик- күмбөздөр Аксы аймагында да арбын. Алардын бири Падыша-Ата күмбөзү.

Бул күмбөз жөнүндө эл арасында төмөнкүдөй тарыхий далилдер бар. Биздин замандын VII-X-кылымдарынан бери тарыхта аты белгилүү болуп келе жаткан Сафед-Булан байяны Борбордук Азияга Арабдар тарабынан Ислам дининин таркатылышы менен тыгыз байланышта экендиги чындык.

Ислам динин таркатуу милдетин аткаруу максатында Шах Жалил ( айрым мааллыматар боюнча Мухаммед Жарир ) Фергана өрөөнүнө 3 000 (үч миң) (Айрым маалыматтарда бул сан он миё деп берилет.) мусулман лашкери менен улуу журуш жасап келип, азыркы Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Гулистан кыштагына орношот. Шах-Жалил ( ал ошол үч миң лашкердин падышасы болуп эсептелгендиктен, сөссүз өзүнө каратып алган жерлерине да падыша болуп эсептелген. ) эки аялы, кызы жана Эфиопиялык Булан аттуу Негр кызматкери да келет.

Падыша Шах Жалил Исламды таркатуу менен өзүнө бир топ душмандарды арттырат. Фергана өрөөнүн тээлеп турган Муг (көчмөндөр) уруусунун Падышасы Кербен-Боз (айрым маалыматтарда Караван - Ас, Ак-Шит.) Ислам динин таркатууга каршы чыгып, тез-тез согуш болуп турган.

Орто Азияда биздин заманга чейинки II-к–биздин замандын VI–X–кылымдарында Муг (көчмөндөр) уруулары жашаган. Азыркы убакта көчмөдөрдөн боз үй сымал, таштан салынган күмбөздөр сакталып калган. Мугканаларга 2–3 маркумдун сөөгү коюулуп, маркум жанына мончок, сөйкө, бычак, жебе, карапа буюмдары кошо коюлган. Муг уруулары отко сыйынуучулардан болгондуктан, отко табынуучулардын ыбаадатканалары да мугкана деп аталат. Кыргызстандын Чаткал тоолорунун түштүк капталындагы Могол тоолорунан жана Аксы аймагынын Падыша-Ата Мамалекеттик коругунун Бер-Булак, Кара-Арча, Карагайлы сайларынан көп кездешет.

Шах-Жалил согушка кеткенде анын ордуна эң жакын насаатчысы улгайып калган Саид Камалиддин Салмони Ал-Фарси элин башкарып турган. Бирок, Шах-Жалилдин жакын насаатчысы Саид Камалиддин Салмони Ал-Фарси болгонбу же башка экендиги анык эмес. Эл арасында (топонимика) жана айрым Ислам динин өкүлдөрүнүн айтуусу боюнча бул инсан жөнүндө божомол сөздөр көп айтылып, жүрөт. «Сахаба» болгон.) Ислам динин таркатуу максатында келген Шах Жалил согушка кеткен учурда ордун убактылуу Саид Камалиддин Салмони Ал-Фарси Падышалык милдетти аткарып тургандыктан анын өз аты унутулуп аны Падыша деп атап коюшса керек. Бетме-бет салгылашуулардан жоокерлеринин кырылганын көрүп, Падыша Кербен -Боз алдоо жолуна өтө баштайт. Ал өзүнүн кызын Падыша Шах Жалилге аялдыкка берет. Каапырларды (Ислам дининен башка диндеги адамдар) Ислам динине өткөрүүдө Арабдар эч кандай жолдон кайтышкан эмес. Аял киши эркектин никесине өткөндө ошол кишинин динине өткөндүктөн, Падыша Шах Жалил Падыша Кербен Боздун кызын өзүнө нике кыйдырса керек. Падыша Кербен -Боз кызы аркылуу мусулмандардын сырын билип алууга жетишип, мусулмандар жума намаз окуп жатканда мечитке кирип барып, арт жагынан чекесинен башын ала баштайт, ыйман өлүмдөн күчтүү болгондуктан бири да намаз бүткөнчө ордунан жылган эмес. Намаз окулуп бүткөндө эки катар гана адам качып кутулат. Көпчүлүк мусулмандардын башы кесилип, мечиттин ичи канга толот. Аман калгандарга Падыша Шах Жалил эми силер лашкер эмесиңер, силер дарвиш ( бардык өмүрүн Ислам динине арнаган, үйү, малы жок адамдар.) кийимин кийип алып Исламды таркаткыла деп, өзү Меккеге качып кетет.

Чоң кыргындан аман калган Баба-Ата, Падыша-Ата, Бабаустун-Ата, Имам-Ата, Нанай-Ата, Тоскоол-Ата (Тоскоол атанын өз аты Ярмухаммед) жана башкалар туш тарапка качып кетишет. Кыргындан кийин Падыша Шах Жалилдин кызматкери сахаба Булан (айрым маалыматтарда Билалдеп берилген.) 2772 адамдын башын жууп, баарын бир жерге көмүп бүткөнчө кара кыз ак кызга айланып баратканын көрүп таң калышат. Жергиликтүү эл аялды олуя деп эсептеп, аны Сафед-Булан деп атай башташат. «Сафед»- деген сөз Перси тилинде « ак » -деген маанини түшүндүрөт. Ошондон кийин бул жерди ыйык Сафед-Булан деп атап калышкан бирок, бул окуя тууралуу эч кандай китептерде жызылган эмес эл арасында уламыштар айтылып жүрөт.

Мындан кырк жыл өтүп, Шах Жалилдин уулу Шах Фазил кайрадан бул жактарга чоң чабуул жасап, Ислам динин толук орнотот. Өзү да ушул жерден каза таап Гулистанга сөөгү коюлган « Мавзалей Шах Фазил – Мазар шаарчасындагы Шах Фазил мавзалейи ( XI кылым ) адепки ислам архитектурасынын дүйнөлүк мааниге ээ уникалдуу эстелиги болуп саналат жана ал Кыргызстандын алты эң баалуу эстеликтеринин бири катары 1999-жылы ЮНЕСКО нун Бүткүл дүйнөлүк эстеликтеринин күтүү баракчасына кирген».

Кыргызстандын аймагында ислам дини 960-жылы Караханийлер мамлекетинин негиздөөчүсү Сатук Буура карахандын баласы Байташ (Муса) мамлекеттик дини жарыялаган. Мамлекеттин тынчтыгын, биримдигин сактап калуу максатында кабыл алынган.

Бирок, негизинен Кокон хандыгынын (1710-11-1876-жж.) тушунда толук орногондугу тарыхта белигилүү. Төлөгөн Касымбековдун « Сынган кылыч » китебинде жазылган материал боюнча Кокон хандыгы Фергана өрөөнүндө түзүлгөн феодалдык мамлекет болуп, мамлекетти башкаруу шариаттын ( ислам мыйзамынын ) негизинде жүргүзүлгөн. Мамлекет башчылары (хандар) жерди басып, алуу менен бирге ислам динин толук орноткон.

Гулистандан качкан Падыша-Ата келип Азыркы Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу, Падыша-Ата мамлекттик коругунун, Миң-Жылкы жайлоосунда бекинип жашап жүргөн. Падыша-Ата бул жерден да жергиликтүү элдерден өзүнө шакирттерди таап алат. (Саид Камалиддин Салмони Ал-Фарсинин жашоо тажрыйбасы көп, акылдуу инсан болдгондуктан бул жердеги элдер анын аркасынан ээрчишсе керек) Мусулманчылыкта аялсыз жүрүү күнө эсептелгендиктен шакирттери ушул жерден аял алып берип, аны Патча -Ата ( Жезде ) деп атай башташкан.

Ушул жерде токтолуп өтүүчү нерсе « Патча » сөзүн, Өзбек элинин сөзү дешибиз мүмкүн, а бирок баарыбыз түрк тилдүү элдербиз. Ислам дини Орто Азияга жаңы таралып келе жатканда VII-VIII -кылымдарда Өзбек деген эл ( « Эл » түшүнүгү азыркы мамлекет) жок эле да, алар XV-XVI - кылымдарда так ыраак айтканда 1500-1598-жылдары Орто Азиядагы көчмөн өзбектердин феодалдык мамлекети. Монгол ханы Жучинин урпагы Мухаммед Шейбани баштаган көчмөн өзбектер Орто Азияга келип, Борбордук Мавераннахрды каратып алгандан кийин, «Шейбанилер мамлекети 1500-1598-жж.» деп түзүлгөн эл.

Анда « Патча » сөзүн байыркы түрк тилдүү элдердики дешибиз керек. Азыр эми «Патча» сөзү Өзбек элине таандык болуп калды. Ошол «Патча-Ата» сөзүнөн кийинчерээк Пача-Ата сөзү келип чыкса керек.

Падыша-Ата Миң -Жылкы жайлоосунда көп жыл жашап жүрүп, өзүнүн өлөрүн билгенден кийин шакирттерине керээз айтат. Менин ичер суум түгөнүп баратат окшойт. Эгерде мен көз жумсам боордошум Нанай-Бубанын ( Нанай азыркы өзбекстанга караштуу айыл.) жанына койгула. Бирок, көтөргөндө жерге койбогула кийин жерден үзө албайсыңар деп керээз айтат. Көп өтпөй Падыша-Ата дүйнөдөн кайтат. Шакирттери керээзи боюнча Падыша-Атанын табытын көтөрүп келе жатып, Капчыгайдан чыгаарда суунун боюнан балапанын ээрчитип келе жаткан кекиликти көрүшүп, табытты жерге коюп, кууп жөнөшөт. Кайра кайтып келгенде табытты көтөрө албай, азыркы ордуна көмүп кетишкен. Ал жерден чыккан кекилик деле бекеринен эмес экен, бул инсандын топурагы ушул жерге буйруган деп айтсак болот. Себеби, Падыша-Атанын сөөгү коюлган күмбөздүн күн батыш тарабында там боюу келген ташка «Аллах» деп Арапча жазуу түшүрүлгөн. Бул таш бетине тартылган жазуу адам колу менен жазылган эмес. Илим адамдары табигий жасалуу деп түшүндүрүшөт. Дин адамдары бул таш жөнүндө төмөнкүдөй баяндап беришет: «Саид Камалиддин Салмони Ал-Фарсинин топурагы буйрунган жерге Аллах тарабынан жазылган» мындан башка дагы көптөгөн далилдер бар.

Падыша-Ата күмбөзү деңиз деңгээлинен 1733 метр бийиктикте турат. туурасы 40 см, жаны 15 см, келген ташка адам колу менен жазылган Арапча жазуу да бар. Бул ташты 1998-жылы Иорданиядан келген Ислам окумуштуулары окушуп, ал ташта Саид Камалиддин Салмони Ал-Фарсинин өмүр баяны, жасаган эмгектери жөнүндө жазылганын такташып кетишкен.

Падыша-Атанын сөөгү коюлгандан кийин бүткүл ушул аймак Падыша-Ата, Пача-Ата айылы деп аталып калган.

Күмбөз жергиликтүү элдер тарабынан зыярат кылуучу жайга айланып, тазаланып, каралып келинген. 1998-жылы Эркин Бегимкуловдун демилгеси жана жергиликтүү элдин күчү менен марафон өткөрүлгөн. Бул иш-чарага Аксы районунун бардык мекеме ишканалары катышып, чогулган акчага, күмбөз заманга масташтырылып реставрацияланган.

Азыркы мезгилде күмбөз Кашка-Суу айыл округунун кооз жерине жайгашкандыктан көптөгөн зыяратчылардын, ден соолугу боюнча эс алуучулардын, саякатчылардын сүйүктүү жерине айланган.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×