Добавить статью
10:54, 30 мая 2011 9115

Тыйын эңмей

Оюнчулардын саны 2—20 киши.

Оюн талаада, ипподромдо өткөрүлөт.

Оюнда тыйын колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар аралыгы 1000 метрдей келген түз, тегиз жол, оюндун ^ашталуучу, аякталуучу жана тыйын койчу жер белгиленгенден кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар белгилешкен жерде, бирден кезектери келгенде аттарын текиреңдетишип басаңдатпай, токтоосуз жаткан тыйынды эңишип алууга аракеттенишет. Ошентип, оюнчулардын аракети 3—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Көп жолу тыйынды эңип алган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү. Жөө тыйын эңмей, эшек чаап баратып тыйын эңмей, качыр чаап баратып тыйын эңмей.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Бир капталына эңкейүү менен атын текиреңдетип чаптырып бара жаткан оюнчу белгилүү аралыкта тегиз жердеги тыйынды эңип алууга тийиш.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, чаап бараткан аттын тездигин акырындатууга, аттан түшүп тыйынды алууга, оюндун кезегин бузууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктик, шамдагайлык тарбияланат, чечкиндүүлүккө үйрөтөт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×