Добавить статью
7:00, 31 мая 2011 19618

Жамбы атмай

Оюнчулардын саны 2—10 киши.

Оюн түз жерде, талаада өткөрүлөт.

Оюнда мылтык, жаа, бул колдонулат.

Оюнга даярдануу. Окчулар узундугу 150—160 метр, туурасы 5—6 метр болгон жол белгиленет, Жолдун сол жагына 25—30 метрдей аралыкка көлөмү 25—30 см бутаны жерден 3—4 метрдик бийиктикке илгенден кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Буйрук боюнча, оюнчулар бирден аттарын чабып баратып жаа менен илинген бутага атып тийгизүүгө тийиш. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Бутага көп жолу жаа атып тийгизген оюнчу, жеңүүчү болот.

Оюндун башка түрлөрү: жөө жүрүп жамбы атмай, кой көз жамбы атмай, кой туяк жамбы атмай, тай туяк жамбы атмай, уй көз жамбы атмай, чоң кулак жамбы атмай, чочмор жамбы, шаңшур жамбы атмай ж. б.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, бутага жакын турууга, тизишден алып, бутадан башка жакка атууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнга ат минүүнүн, жаа атууга ыкмаларын жакшы билген оюнчулар катышышса болот. Оюн өткөрүлүүчү жер, эл жашаган жана турган жерден сырткары болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда ат минүүнүн, чабуунун, жаа атуунун ыкмаларын үйрөтөт, чечкиндүүлүккө, шамдагайлыкка, тең салмакты сактоого, мергендикке, тартипти сактоого үйрөтөт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

18-08-2011
Опол
19551

08-08-2011
Корозчо урушмай
19579

05-07-2011
Чикилдек
21466

05-07-2011
Токол эчки
43385

22-06-2011
Бут тепсемей
21499

20-06-2011
Кыл аркан салмай
19127

17-06-2011
Тушоо кесмей
20512

16-06-2011
Теке чабыш
20186

16-06-2011
Ат үстүндө куржун эңмей
26387

15-06-2011
Укурук салмай
21836

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×