Добавить статью
8:48, 6 июня 2011 89014

Чоң манасчы Саякбай жана ал айткан вариант

Автор: С. Мусаев

Ар түрдүү элдердин өкүлдөрү тарабынан иштелип чыгып, бүт адам баласына таандык болгон мыкты көркөм табылгалардын жалпы казынасына кыргыздар кошкон салымдын көрүнүктүүлөрүнүн бири — «Манас». Ал ата-бабаларыбыздын урпактарына калтырган ыйык мурасы, элибиздин улуттук сыймыгы, кыргыз искусствосунун туу чокусу.

Элдин рухий турмушундагы өзгөчө ордуна ылайык «Манас» мурдатадан эле оозго кирип, сөзгө алынып, көп көңүл бурулган. Натыйжада бүгүн бизге белгилүү болгон колдо бар маалыматтарга караганда бул чыгарманын окуялары жазма түрдөгү эстеликтерде 15-кылымдын аягы, 16-кылымдын башталыштарынан тартып эле эскерилет. Ошондой эле «Манас» кыргыздарга таандык көркөм чыгармалардын ичиндеги биринчи болуп кагаз бетине түшкөнү, басмадан китеп түрүндө басылып чыкканы жана башка элдердин тилине которулганы. Окумуштуулар «Манасты» кыргыз турмушунун көркөм энциклопедиясы деп аташып, анын кеңири мазмунуна, терең идеясына, кол жеткис бийик көркөм деңгээлине жогору баа беришет. Бул жогоруда айтылгандардын баары коомчулукка кеңири белгилүү болгон маалыматтар. Биз ошол эл жакшы билген чындыкты кайталоо аркылуу буга көңүл бурмакчыбыз: «Манастын» эл турмушундагы өзгөчө ордун, жогоруда эскерилген зор маанисин терең ачып, фактылар менен далилдеп берүүдө бизге бүгүн таяныч боло турган маалыматтар негизинен эки ысым менен, ошолордун эмгеги менен байланышкан. Алар улуу манасчылар Сагымбай менен Саякбай. Эгер Сагымбай менен Саякбай болбогон болсо да алар айткан «Манастын» варианттары жазылбаган күндө «Манас» эпосунун баарын камтыган кеңири мазмуну, ченде жок көлөмү, терең идеясы, адамды суктанткан көркөмдүк күчү жөнүндөгү айтылган сөздөр, жалпы эле эпоско берилген баалар куру сөз, же ашыра мактоо гана болуп кала берип, аны фактылар менен далилдөө кыйынга турмак. Эң кур дегенде «Манастын» даңкына ылайык келе турган өзгөчө сапат касиеттерин бүгүнкүдөй оңой көрүү, көз алдыга даана келтирүү кыйын болмок. Бул башка манасчылардын ролун жокко чыгарып тангандык да же «Манаска» таандык болгон бардык жакшы көрүнүштөр менен ийгиликтерди жалаң гана ушул эки адамга таандыкташтырып койгондук да эмес. «Манасты» жараткан, өстүрүп-өнүктүргөн, бүгүнкү биз билген деңгээлге жеткирген, кылымдар бою сактап келген жеке эле Сагымбай менен Саякбай гана эмес. Ал иштерге эң көптөгөн элдик зор таланттардын эмгегинин үлүшү кошулгандыгы эч ким күмөн кылбай турган талашсыз чындык. «Манас» пайда болгондон тартып биздин учурубузга чейинки миң жыл чамасындагы узак убакыттын ичинде канчалаган көп манасчылар болгонун көз алдыга келтирүү үчүн анча күчтүү фантазия деле талап кылынбайт. Кыргыз эли басып өткөн тарыхый жолдо көптөгөн манасчылар болуп, өзүнүн сүйүктүү чыгармасына дареметине жараша салымын кошкон. Алардын өзгөчө таланттууларын эл кадыр-сыйга бөлөп, даңкын легендага айландырып, атын кылымдарга унутпай сактаган. Мисалы: эл уламышы боюнча Манас баатырдын эрдигин биринчи ырга кошкон Ырчы уулдан, эпостун алгачкы «автору» Токтогулдан тартып, Нооруз, Келдибек, Балык, Тыныбек, Чоюкеге чейинки чоң манасчылар жөнүндөгү элдеги сакталган маалыматтар мунун ачык далили. Эл арасында кеңири белгилүү болгон чоң манасчылар эле эмес, аларга караганда бир баскыч төмөн турган чыныгы манасчылар, ал турмак атагы бир айылдын чөйрөсү менен чектелген чала манасчылар да элде жогору бааланган, алардын ар биринин эпоско кошкон салымы бар. Ошон үчүн Сагымбай менен Саякбай сыяктуу эле биздин доорду көрүп, элге өз өнөрүн тартуулаган, «Манас» эпосуна өз салымын, үлүшүн кошкон Шапак, Молдобасан, Тоголок Молдо, Жаңыбай, Акмат, Багыш, Мамбет ж. б. сыяктуу көптөгөн манасчылардын аттарын сыймыктануу менен эскерип, ар биринин талантына баш уруп, эмгегин жогору баалайбыз. Ошондой болсо да Сагымбай менен Саякбайдын жөнү башка. Адатта «Манасты» көлөмү жактан дүйнөдө теңдеши жок чыгарма дегенди көп айтышат. Чынында бул ага таандык мыкты касиеттердин бир гана, болгондо да анча чоң мааниге деле ээ эмес гана жагы. Бул чыгармага мүнөздүү өзгөчөлүк андагы баяндалган чыныгы элдик идея, эл турмушун бардык жактан кеңири камтыган терең мазмун, уккан адамга эстетикалык ырахат берген таасирлүү көркөмдүк күч зор көлөм менен пар келип айкалышып тургандыгында. «Манасты» «Манас» кылган ушул өзгөчө белги — касиеттерди азыр колдо бар материалдардын арасынан ушул жогоруда аталган эки чоң манасчыларга таандык варианттардан гана оңой жана таасын көрө алабыз.

Башка кесип ээлери сыяктуу эле манасчылардын да орду, мааниси бир кылка эмес. Эпостун өсүп-өнүгүш тагдырында чоң манасчылардын ойногон ролу өзгөчө. «Манастын» идеялык, көркөмдүк, коом таанытуучулук касиеттери эң алды менен так ошол чоң манасчылардын деңгээлине, күчүнө байланышкан. Сагымбай менен Саякбай эл өзү атаган чоң манасчылардын — улуу таланттардын бизге аты белгилүүлөрүнүн эң акыркылары. Эл арасында ал экөөнөн башка да бир катар чоң манасчылардын аттары сакталып айтылганы менен алардын айткан «Манасы» бизге белгисиз. Демек, кыргызда улуу манасчылар көп болгон, алардын арасында Сагымбай менен Саякбайдан ашып түшкөнү да балким болгондур, бирок, экөөнөн башкаларынын чыгармалары — айткан варианттарынын тексти бизге жеткен жок. Ал эми колубузда болгондордун ичинен «Манастын» улуулугун, ага таандык өзгөчө касиет-белгилерди ишенимдүү фактылар менен далилдеп бере тургандары сөздүн чын чынына келгенде ушул эки вариант.

Бул эки манасчынын айткан тексттерин бир деп кароого болбойт, экөө эки вариант, болгондо да окуяларынын курулушу, өнүгүшү, көркөмдүк белгилери жактан бири-биринен орчундуу өзгөчөлүктөрү менен айырмаланган варианттардан. Бирок, жалпы деңгээли, эпоско таандык негизги белгилери жактан бирин-бири толуктап турган чыгармалар катары баалануучу варианттар. Сагымбай менен Саякбайды жакындаштырып турган негизги белги ал экөөнө таандык болгон айтуучулук таланттын деңгээли— чоң манасчылык касиет.

Эл арасындагы мурдатадан келе жаткан салт боюнча чоң манасчылык наам эпостун традициялык туруктуу эпизоддорун мыкты билген, өзүнөн мурдагы көптөгөн манасчылар тарабынан иштелип чыккан артык табылгаларды терең өздөштүргөн, туруктуу өзөк окуялардын негизинде өзүнчө вариант жараткан жана чыгарманын мазмунун, көркөмдүк деңгээлин өзүнүн жеке табылгалары менен байыткан, эпостун окуяларын баштан аяк ирээти менен жана кеңири планда айткан, өзү түзгөн вариантты өзгөчө чеберлик, шык менен аткарып, эл массасынын кубаттоосуна, колдоосуна ээ болгон, өнөрүнүн күчү аркылуу өзгөчө кадыр-баркка жетишкен зор таланттын ээлерине гана ыйгарылган. Саякбай Каралаев ошондой жалпы элдик сыноодон өтүп, манасчы катары көптүн купулуна толгон жана жеке сапаттары жактан чоң манасчылык наамга коюлуучу талаптардын бардыгына жооп бере алган, атагы менен ишинин натыйжасы бири-бирине төп келген адам эле. Ал эми анын элде жок алп «Манастын» бардык башка манасчылардыкынан да айырмаланып турган өзгөчө зор вариантын жаратуусу ага таяндык болгон жеке таланттын күчүнөн кабар берип, атагы менен чоң манасчылык наамынын өзүнө татыктуу, ылайыктуу экендигине далил болуп тураары шексиз. Ушул эл ыйгарган зор наамга Саякбай манасчы толук татыктуу экендигине анын өмүрү, басып өткөн чыгармачылык жолу, жараткан варианты таасын күбө.

Саякбай Каралаев 1894-жылы күз айларында Ысык-Көлдөгү Ак-Өлөңдүн Семиз-Белинде кедей адамдын үй-бүлөсүндө туулган экен. «Атам да, чоң атам да өтө жоош, момун адамдар экен»— деп, эскерет манасчы өзү. Саякбай төрөлгөндөн көп узабай анын үй-бүлөсү оор турмуштун айынан илик кууп Жети-Өгүзгө көчүп барып, болочок манасчынын балалык күндөрү ошол жакта «Көл» деген жерде өтөт. Карала минип жүрүп өлтүрүп алган асый чыкма аттын төлөмөрү үчүн Саякбай он үч жашынан тартып Төлөбай аттуу агасы экөө Жыкы деген дунганга малай жүрөт. Эки адам үч жыл кызматын кылса да сүттү сүткө, майды майга кошуп туудурган байдын төлөмөрүнөн кутула албай коюшат. Акыры Семиз-Белге качкан эсепте кайра көчүп келишет. Карала үй-бүлөсү менен Орто-Токойдогу бекетте сарайчы болуп оокат кылып турушат. 1916-жылкы үркүндө качкан эл менен кошо Сары-Жаздын Көөлүсүнө чейин барып, унаасы начар жармачтардын катарында андан ары кете албай, Көөлүдө туруп калышат. Ошол шарттагы эл башына түшкөн оор ачарчылыкта Түргөндү ашып келип уурданып аңыздан баш терип кетип жүрүп жан багышат. Бирок, жашоо деген жашоо да, Саякбай ошол катаал учурдагы кыйынчылык күндөрүндө үйлөнүптүр. Эл кайта баштаганын угушуп жерине кайткандардын биринчилеринен болуп Караланын үй-бүлөсү кайра Көлгө келип, Саякбай Кара-Кол (Пржевальск) шаарындагы судья болуп иштеген Шпилкевич аттуу адамга малай жүрөт. Падышанын тактан кулаганын ошол кишиден угат.

Октябрь революциясынын жеңишин, эркиндик доордун кабарын уккан Саякбай Шпилкевичтин (бул адамдын аты-жөнү ким болгонун тактай албадык, фамилиясы деле манасчынын айтуусунда кандай болсо ошол үлгүгө жакын жазылды. Манасчы орус тилинен келген сөздөрдү, башка улуттагы адамдардын фамилияларын да кыргыз тилинин өзгөчөлүгүнө ылайыктап, белгилүү даражада буруп айткандыктан «Шпилкевич» деген фамилия да так болбошу толук ыктымал. Манасчы улутун орус деп атаган бул адам неси болсо да прогрессивдүү көз караштагы кишилерден болгон өңдөнөт. Анткени, С. Каралаев ошол качкан кыргыздар кайра келген кыйын шарттарда «мени ал судья ата болуп асырап, эне болуп сактады»1—деп эскерет. Манасчыга жаңы доор жөнүндөгү кабарды да ошол адам айтып, ал гана турмак жаш Саякбайга эрктүү отрядка мүчө болуп өтүүгө да ошол кеңеш бериптир2) кеңеши боюнча өз ыктыяры менен 1918-жылы Кызыл гвардияга — эрктүү отрядга өтүп, 4 жыл чамасында жаңы доордун душмандарына каршы колуна курал алып активдүү күрөшүүчүлөрдүн катарында болот.

Саякбай Каралаев армиядан 1922-жылы кайтат. Адегенде өз чарбасында иштеп, көп узабай айылдык советке председатель болуп шайланат. «Сельсовет болуп адегенде төрт жыл дуңгандарда, андан кийин Маманда иштедим. Айлык алчу эмеспиз. Кээде сельсоветтикти коё коюп, эл аралап күпүлдөтүп «Манас» айтып жүрдүм»3— деп эскерет өмүрүнүн бул учуру жөнүндө манасчы өзү. «Ошентип, 1930-жыл болду. Сельсовет болуп жүрөм. Аңгыча болбой Кусейин Карасаев барды. Наркомпрос дечү эмес беле. Ошонун тапшыруусу менен барыптыр. Сиз манасчы экенсиз, сизди чакырып жатат деди. Сельсоветти да, баарын таштап келдим»4— деп улантат өз өмүрү жөнүндөгү эскерүүлөрүн С. Каралаев.

Чынында эле ошол 30-жылдардын баш чендеринен тартып, С. Каралаев манасчы катары коомчулукка билинип, 1935-жылдан тартып андан эпостун тексттери жазыла баштайт.  1936-жылдан тартып артисттикке өтүп, 1939-жылы Кыргыз ССРинин Эл артистти деген ардактуу наам берилет. С. Каралаев кыргыз искусствосунун Москвада өткөн 1-декадасынын жана андан кийинки декадалардын катышуучусу. Саякбай манасчынын советтик кыргыз маданиятын өнүктүрүүдөгү орчундуу эмгеги жогору бааланып, ал үч жолу Эмгек Кызыл Туу, бир жолу Ардак белгиси ордендери, медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин ардак грамоталары менен сыйланган. Саякбай Каралаев 1971-жылдын 7-майында 77 жаш курагында Фрунзе шаарында дүйнөдөн кайтты. Саякбай жалаң гана манасчы эмес, жалпы эле кыргыздардын оозеки көркөм чыгармачылыгын мыкты билген, көптөгөн үлгүлөрүн өзү да аткарган адам болчу. Анын айтуусу боюнча кагаз бетине түшүрүлгөн «Төштүк» эпосунун бир варианты терең мазмуну, жогорку деңгээлдеги көркөмдүк касиети менен айырмаланып, бир нече жолу кайталанып китеп түрүндө басмадан чыгып, элибизге кеңири тарап, көпчүлүк сүйгөн чыгармалардан болуп калуу фактысы мунун ачык далили. «Төштүктүн» ошол С. Каралаев айткан варианты жалпы түрк элдеринин арасындагы эң мыкты эпостордун бири катары ЮНЕСКОнун чечими менен француз тилине которулуп Парижде басылып да чыкты. Манасчынын өзүнө таандык төл чыгармалары да бар, ал бир нече китептердин автору. Бирок, анын көп кырдуу сапаттарынын ичинен манасчылык касиети өзгөчө жогору туруп ал элибизге эң алды менен чоң манасчы катары белгилүү болчу.

Манасчылык эл арасында өзгөчө кадыр-баркка ээ өнөр. Биз билгенден кыргыз элинин арасында көркөм сөз чеберлери гана турмак бардык башка кесип ээлеринин ичинде да манасчылар сыяктуу баркталып, жогору бааланганы чанда-чанда. Бул тээ илгертен бери келе жаткан кесиптин өзүнчө салты, атайын сырлары, өзүнө таандык өзгөчө ыкмалары бар.

Манасчылык кесиптеги элге кеңири белгилүү болгон, бирок ошого карабастан бүгүнкү күнгө чейин илимде аягына чейин так жооп алына элек сырлардын бири — өнөр ээсинин кесипти үйрөнүүдөгү биринчи кадамын түш көрүүдөн баштоосу. Адатта чоң манасчыдан тартып чала манасчыга чейин эпостун ар бир айтуучусу өз өнөрүн түш көрүү менен байланыштырат, бирөөдөн үйрөнгөн үчүн эмес, түш көргөн үчүн гана «Манасты» айтып калдык дешет. Бул сөздү башкалар сыяктуу эле Саякбай да айткан. Саякбайдын түшүнө Манас эки жолу кирген экен. Анын өз айтуусу боюнча биринчи көргөн түшүнүн кыскача мазмуну мындай: Караланын үй-бүлөсү Орто-Токойдогу бекетте турган учурда Кылжыр аттуу адам экөө азыркы Орто-Токой суу сактагычы турган жерде жашаган азык элине жарамазан айтып барышат да, тапкан олжолорун бөлүп алышып, Саякбай түн катып үйүнө кайтат. Жолдо келатып бир кичинекей туура суунун кечмелигинен өтө берерде үйдөй чоң таш бар экен, ошонун жанына жеткенде өзгөчө заар ачуу үн угуп, эси ооп калат. Эңги-деңги эсине келип караса баягы кечмеликтеги чоң таш таш эмес эле чоң боз үй болуп калыптыр. Бир аял: мен Каныкей болом,

«Кылымдын баары козголуп,

Кырк эки түмөн кол болуп,

Аз гана эмес мол болуп»...

Кол жүрүп, казат башталып баратканда ырас кезикпедиңби. Ошол колго бараткандардын тамагынан түшүп ичип кет, айланайын дейт. Боз үйгө кирген Саякбай чоң-чоң табактарга толтура кылып жылкынын этинен туурап кыдырата коюп койгонун көрөт да чекесинен бир табактагы этти жей баштайт. «Ай балам, ар табактан бир чымчымдан ооз тийип чык» — деген аялдын кеңешин аткара албайт: кийгени жаргак шым экен, суу сугарып жүрүп ал улам суу болуп, кайра кургап чолоюп кирип, тизесине чейин чыгып түрүлүп кеткендиктен жылаңач буту көрүнүп турганынан жазганып өйдө туруп кыдырата турган табактарды кыдыра албайт. Аңгыча бир нерсе жарк дегендей болуп, боз үй жок болуп кетет. Тура калса алдында эбегейсиз чоң ат минген бир чоң киши турган болот. Ал:

«Астыга салса ак жолтой,

Айдап жүрсө сан колдой,

Абаң Бакай мен болом»

дейт да, көп кол менен жол жүрүп баратышканын айтат. 6-7 жылдан кийин жомокчу болуп чыгасың, тос балам колуңду, гүлазыктан берейин дейт. Кызыл көөкөрдөн колуна куюлтуп салып берген актаган тарууну атчандын сунушу боюнча жеп жиберүү үчүн оозуна салса кычыраган эле кум экен. «Жут дегенде жут» — деген атчандын талабынан коркуп какап-чакап жатып араң жутат. Бакай Саякбайга жанындагы адамдарды тааныштырат. Манасты көргөзөт. Манас,

«Майлаган буудай жүздөнгөн.

Күүгүм туман көздөнгөн»

-арстандай киши экен. Анын арт жагындагысын:

«Сары талдан сайдырган

Талы калган Бээжинде,

Сары алтындан жасаган

Тагы калган Бээжинде.

Каканга калган жыйганы,

Каалаганы ыйманы».

Мына көрүп алгын:

«Узун бойлуу кен далы,

Ары балбан, ары шер,

Айсарала ат минген,

Азиз кандын жалгызы»

—ушул деп Алмамбетти көргөзөт. Алмамбет сулуу киши экен.

«Туурасы жоон, бою пас,

Тулку бою кара таш,

Билеги жоон, таш жүрөк,

Пил мүчөлүү бадирек,

Алышса адамдын күчү жетпеген,

Арстандын тиши өтпөгөн

Бул Акбалтанын Чубагы,

Ааламды буй кылган Арстандын бири бу дагы»

— деп Чубакты көргөзөт. Чубак сары сур, жоон киши экен. Анан Сыргакты, кырк чоронун баарысын көргөзүп чыгат да «Эми кош бол, бар балам, 6 жылдан кийин жомокчу болосуң» —дейт да, батасын берип жөнөп кетишет5. Өңүндө көргөнү менен түштүн ортосундагы бул галлюционациялык белги жаш Саякбайга өзгөчө зор таасир берсе керек. Ошондон кийин ал көпкө чейин токтоно албай, өзүнөн өзү толкунданып, делбеленип жүрөт. Ойго да урунуп, тоого да урунуп, зоодон куладым, суудан актым, өлбөдүм. Ал болбосо өлүп калат элем, жеңем кайтарып жанымды алып калып жүрдү. Ошентип жүрүп эл үрктү, акыр-такырга жолуктук»6— делип белгиленет манасчынын өз эскерүүсүндө анын өмүр жолунун бул учуру. Кийин армияда жүргөндө Алмамбет түшүнө киргенин, ошондон кийин солдаттардын арасында «Манас» айта баштаганын эскерет манасчы.

Түш көрүү, өз чыгармачылыгын ушул процесс менен түшүндүрүү жеке эле кыргыздардын манасчыларынын арасында гана эмес, түрдүү элдердин эпос айтуучуларынан кеңири жолуккан белгилүү көрүнүш. Түш көрүүнүн сыры, себептери, манасчылык кесиптеги бул белгинин таасири окумуштууларды көптөн бери кызыктырганы кеңири белгилүү, ар бири өзүлөрүнчө илимий түшүндүрүүлөргө ээ маселелерден. Бирок, азыр кеп анда эмес.

Саякбайдын түш көргөнүнө, ал көргөн түш белгилүү даражада анын манасчылык өнөргө ээ болуусунда роль ойноп, түрткү болгонуна эч ким күмөн кылбайт. Ошондой болсо да бүгүн илимге белгилүү маалыматтар боюнча манасчылык кесиптин негизги профессионалдык сыры — айрым жеке таланттын чыгармачылыктагы өз табылгалары менен мурдатан иштелип чыгып, муундан муунга өтүп келе жаткан салттык көрүнүштөрдүн тыгыз бирдигине, айкалышуусуна байланышкан. Ар бир манасчынын чыгармачылыгында ушул эки көрүнүштүн дайыма орун алышы практикада даана такталган факты жана кесиптеги негизги, сөзсүз катышуучу шарт. Ансыз бул кесиптин башкы белгиси ачылбайт, өнөр ээсинин чыгармачылык жүзү да такталбайт. Демек, манасчы жараткан вариантты шарттуу түрдө эки табылганын — мурдакы манасчылардан калган салттык мурастын жана вариантты түзгөн манасчынын өз табылгалары катары түшүнөбүз. Анын үстүнө манасчынын жеке өзүнө тиешелүү салымга караганда мурдатан бери манасчылардын көптөгөн муундары тарабынан иштелип чыгып, жалпы кабыл алынган салттык көрүнүштөр биринчи орунда туруп, алда канча активдүү роль ойнойт, чечүүчү мааниге ээ. Ошон үчүн манасчынын чыгармачылык өсүш жолунда, өнөр ээси катары такшалышында таалим алуу, үйрөнүү, салттык көрүнүштөрдү өздөштүрүү өзгөчө орунду ээлейт. Адатта ар бир манасчы «Манастагы» мурдатадан жалпы кабыл алынып айтылып жүргөн туруктуу традициялык эпизоддорду өздөштүрүп, кабыл алып, сюжеттик нукту сактоо менен окуяларды өз сөзү менен берет, өзүнчө ырга айлантат, каармандардын образдарын, айрым көрүнүштөрдү өзүнчө трактовкалайт. Бул фольклористтер арасындагы жалпы кабыл алынган, эреже түрүндөгү аныктама. Бирок, бул аныктама манасчылардын чыгармачылык өзгөчөлүгүн толук мүнөздөй албайт, андагы сырды толук ачууга жетишсиз. Анткени, ар бир манасчы мурункулардан жеке эле эпостун сюжет нугун, негизги өзөк окуяларды гана кабыл алып өздөштүрбөстөн, толуп жаткан көркөмдөтүүнүн атайын ыктары менен каражаттарын, элестүү сүрөттөөлөрдү, даяр портреттерди, көптөгөн даяр ыр түрмөктөрүн да мурас боюнча кабыл алат. Чынында манасчынын түзгөн вариантынын ийгилиги, элге жетүүсү, манасчынын манасчы катарында таанылышы көбүнчө эң алды менен анын ушундай традициялык көрүнүштөрдү канчалык даражада терең өздөштүрө алгандыгы жана өз вариантында кеңири пайдалана билгендиги менен шартталышкан.

Ушул эрежеге ылайык ар бир чоң жана өз алынча манасчынын чыгармачылык жолунда өзүнөн мурдакылардын табылгаларын, эпостун традициялык көрүнүштөрүн өздөштүрүү, белгилүү манасчылардан таалим алуу чечүүчү мааниге ээ.

Биз билген бир да манасчы мурда «Манасты» укпай, билбей жүрүп эле, түш көргөндөн тартып гана эпосту аткарып калган эмес. Алардын ар бири түш көрүүгө, эпосту эл алдында биринчи жолу аткарууга чейин эле бир топ узак убакыттар бою ушул кесипти эңсеп, манасчы болууга көп далалаттар жасап, кесиптин негизги сырларын кимдердендир үйрөнүп жүргөндүгү маалым. Ушул эле жолду Саякбай манасчы да басып өткөн. Анын өз эскерүүсүнө караганда чоң энеси сөзмөр, көптү билген, ыр, жомокко шыктуу, чыйрак, тың киши экен. Саякбай бала кездеринен ошол адамдан көптөгөн жомок, ырлар угат. «Төштүктү» бүт ошол чоң энем айтып берген дээр эле Саякбай аксакал. «Манастан» да көп айтып берүүчү экен. «Көкөтөйдүн ашында» Нескаранын Мааникерди зордук менен бер деп сурап турган жерин Суранчы акем минтип айтчу эле:

«Беренжини салынып

Бээжин минер мал экен!

Карыпчысын салынып

Калдай минер мал экен!

Дегениме көн бурут,

Мааникерди бер бурут.

Мааникерди бербесең

Тарткан этиң жебеймин,

Андай-мындай дебеймин.

Ашыңа апат кыламын Айдап жүрүп кырамын»

— деп айтып бергендери али эсимде»— деп эскерет Саякбай манасчы өзү7 Ошол эле манасчынын өз эскерүүлөрүнөн чоң энесинен таалим алып, анын таасиринде өскөн жаш баланын ырга жөндөмдүү, манасчы болууга дилгир болуп өскөндүгүн көрөбүз. Буга манасчынын өмүрү жөнүндөгү өз эскерүүлөрүндө айтылган төмөнкү фактылар далил: «ДЭУ турган жердеги сарайда турдук. Ошо жерге алма салып, бак сайып, сарай кармап туруп оокатыбыз түзүк болуп калды. Элдир-селдир «Манасты» айта бердим. «Манас» айтуу көңүлүмдө болду»8. Бул эскерүү манасчынын өспүрүм кези, Караланын үй-бүлөсү Жети-Өгүздөн Семиз-Белге кайра көчүп келип сарайчы болуп тургандагы учуруна таандык. Эскерүүдөгү маалыматка караганда болочок манасчы анын түшүнө Манастар кире электе эле эпос айтууга далалат кылып, эч курбаса дилгирленип жүргөнү даана байкалат. Жогорудагы оюн манасчы минтип улантат: «Ошерде турганда элдир-селдир «Манасты» айтып жүрдүм. Андан кийин «Манасты» таштап атып эле жанагы:

«Маралдай көзүң жылтылдап,

Пахтадай этиң былкылдап,

Барааныңды көргөндө

Барамын жүрөк зырпылдап»

— деп күйгөнчүл болуп кеттим»9.

Ошентип жүрүп Орто-Токойго барып жарамазан айтат да, кайра үйүнө келе жатканда Манастардын элесин көрөт. Келтирилген фактылар тубаса талантка — көркөм ыр чыгаруу шыгына — жөндөмүнө ээ, сезимтал жаш бала чоң энесинин айтып берген ыр, жомокторунун таасири менен делебеси козголуп, эпосту аткаруу, ыр чыгаруу аракетинде жүргөнүн, ал токтоно албай, кээде эпос айткысы келсе, кээде лирикалык ыр чыгаргысы келип, кайсынысына токтоноорун өзү да биле албай жүргөндө баатырлар түшүнө кирип, бул зор психикалык күчкө ээ болгон таасир анын келечекте ким болуп чыгаарын биротоло чечкенин даана айгинелейт. Бул өзүнчө кызык факты. Анткени, эгер ошол шартта Саякбай түш көрбөгөн болсо балким ал манасчы болбой, акын-ырчы болуп калышы да толук ыктымал нерсе эле. Себеби: табигый шыгынын мүнөзү — көркөм ыр жаратуу жөндөмү жактан акын менен манасчы бири-бирине эң жакын турган, айырмасы жок деп айтаарлык топтор. Ушул аркылуу бул конкреттүү учурда түш көрүү манасчы болууга түздөн-түз таасир этип, белгилүү даражада чечүүчү мааниге ээ болуп калганын байкайбыз.

Саякбайдын бирөөлөрдөн таалим алуусу, манасчылык өнөрдүн сыры, өзгөчөлүктөрү менен таанышуусу ошол ал чоң энесинен уккандардын чеги менен эле токтолуп калган эмес. Эгер ал чоң энеси аркылуу өз учурундагы белгилүү манасчы Суранчы айткан вариант менен таанышып, түш көргөн соң эпосту айтуу далалатын баштап, манасчылык өнөрдүн биринчи кадамдарын шилтесе, өз вариантын түзүү, чоң манасчы катары калыптануу процессинде бир катар белгилүү манасчылардан таалим алып такшалган. Бул иште ага өз учурунун өзгөчө белгилүү чоң манасчыларынын биринен болгон кадимки Чоюкенин тийгизген таасири, берген таалими зор болуптур. Чоюкеге Саякбай армиядан келгенден кийин, сельсоветтин председатели болуп иштеп жүргөн кездеринде 1924-жылы жолугушуп, көпкө бирге жүрүп таалимин алат.

Мурдатадан эле ушул өнөргө ынтызар жаш таланттын манасчылык кесиптин жол-жосуну, сыры менен терең таанышып такшалышында, өнөрдү терең өздөштүрүшүндө, жалпы эле Саякбайдын чоң манасчы катары калыптанышында Чоюкенин мааниси зор болгондугу шексиз. Мунун далили катары башкасын коё туруп, бизге бүгүн белгилүү болгон маалыматтарга караганда Чоюке да өз вариантында Саякбай сыяктуу эле «Манастын» негизги үч бөлүмүн бүт жана алардын уландылары болгон Кенен, Сарык баатырлар жөнүндө да айткандыгын эскерүүнүн өзү да жетишерлик болор. «Чоюке менен бирге болгонсузбу?»— деген суроого Саякбай манасчы «Чоюке менен көп эле бирге болдум. Арык тукуму эле, болжолу жок жомокчу болучу»10—деп жооп берет. «Манастын» Чоюкеден уккан жерлеринен:

«Манастын үнү чыкканда

Ажыдаар качып шашылып,

Алмамбет менен Чубактын

Умачтай көзү ачылып»11

деген ж. б. сыяктуу үзүндүлөрдү да айта келип, Чоюке өзүнө батасын бергенин зор урматтоо менен эскерер эле Саякбай манасчы.

Колдо болгон маалыматтарга караганда С. Каралаев жеке эле Чоюке эмес, дагы көптөгөн өз учурунун белгилүү манасчыларын уккан, алардан таалим алган. Мисалы: «Чоң манасчылардын кимиси менен жолугуп, таалим алып, бирге болгонсуз?»— деген суроого ал «Чоң манасчыдан Акылбекке кезиктим. Ошондо 9 баласы, жакшы байбичеси өлүп, өзү сексендин беш-алтысына барып калган кези экен. Ошондо да кебелбей айтып турат кайран киши» — деп келип; Акылбектин айтуусунан Алмамбет менен Чубактын жол талашкан жеринен мындай саптарды келтирет:

«Ойлосоң боло ой Чубак

Олоңдогон кысталак.

Каалап билдим дилимди,

Калжырайсың жөнү жок,

Кан кыл деп айттым кимиңди.

Караалдуу Манас болбосо

Кагаар белем капкайда кеткен жиниңди...

Мен талак кылдым бутумду,

Таштап келдим журтумду,

Элимен качып келгени

Жаманыңа жанаштым.

Каңкылдайсың жөнү жок

Кан кыл деп айтып бу сени

Кимиңден кандык талаштым,

Мен кай жолуман адаштым»12

Маселе бул же тигил белгилүү манасчыга жолугуп, анын айткан вариантын жөнөкөй гана уккандыкта эмес, ошол уккандарынан майнап чыгарып, алгылыктуу табылгаларын өз вариантында — эпосту аткаруудагы практикалык ишинде пайдалана билүүдө. С. Каралаев өзү эскерген чоң манасчылардын айткан «Манасын» кайдыгер эле угуп тим болбостон өз ишинде керекке да жарата алгандыгы шексиз. Буга ал чоң манасчылардын айткан варианттарынан келтирген кээ бир үзүндүлөрдүн айрым өзгөртүүлөр киргизилген түрдө, алымча кошумчалары менен, бирок негизинен сакталып Саякбайдын өз вариантында жолуккандыгы айгине далил болуп турат. Албетте жаш Саякбайдын жогоруда аты аталган чоң манасчылардан алган таалими ошол ал эскерген он чакты элестүү ыр саптарынын көлөмү, чеги менен эле чектелип калбагандыгы күмөнсүз нерсе. Ал кийин өзү айткан варианттын айрым ыр саптарын эле эмес, окуялар курулушун, образдар системасын ж. б. көптөгөн идеялык, мазмундук, көркөмдүк белгилерин ошол өзү эскерген чоң манасчылардан үйрөнүп кабыл алганы, өздөштүргөнү, өз алдынча алымча-кошумчалар киргизип өнүктүргөнү шексиз. Мунун далилин билген адамдар айткан маалыматтар боюнча Чоюке да эпостун бөлүктөрүн Саякбай айткан системалык ыкка жакын, окшош айтканынан, же «Каныкейдин Тайторуну чапканын» эки манасчы тең бири-бирине жакын, өзгөчө элестүү, жогорку көркөмдүк деңгээлде аткарганынан көрүүгө болот. Бул факты эки манасчынын варианттарындагы жакындыкты, байланышты, бири-бирине болгон таасирди даана ашкерелеп турат. С. Каралаевдин Чоюке менен Акылбек сыяктуу элге кеңири белгилүү чоң манасчылардан башка да көптөгөн өз алдынча тың манасчыларды укканы, алар айткан тексттерди өзүнчө өздөштүрүп, вариантында пайдаланганы шексиз. Алсак ал адам кийинки элге белгилүү манасчылардан Мамбет Чокморовду жакшы билген, ал эми артист болуп филармонияга өткөндөн тартып ошондо иштешкен манасчылардын көбү менен бирге жүрүп, бирге иштешет. Мындай чыгармачылык байланыш жеке эле Саякбайга гана эмес, эки тарапка тең оң таасирин тийгизгендиги, алардын чыгармачылыгында — түзгөн, аткарган варианттарында белгилүү даражада өз изин калтырганында күмөн жок. Каралаев «Манастын» эл арасында кеңири белгилүү болгон туруктуу салттык көрүнүштөрүн кандай өздөштүрүп, өз вариантында кандай пайдалангандыгынын ачык далили катарында ал адам өзү жолугуп, уккан чоң-чоң манасчылар гана турмак, жолукпаган, укпаган манасчылардын варианттарындагы табылгаларды да өздөштүргөнүн, өз вариантында кеңири пайдалангандыгын айтуу жеткиликтүү болор. Мисалы: Саякбай Орозбаковду ал кишинин көзү тирүү кезинде көргөн эмес экен, демек анын «Манасты» аткарганын да уккан эмес. Бирок, Саякбайдын вариантынын «Семетей» бөлүмүндө, айрыкча «Сейтекте» Сагымбайдын вариантында кезиккен өзгөчө элестүү ыр саптары кеңири кезигет. Бул факты Саякбай Каралаев Сагымбай манасчыны көрбөгөнү, андан таалим албаганы менен ал айткан варианттагы табылгаларды өздөштүргөндүгүнүн, ыгы менен пайдалангандыгынын далили. Ушуга байланыштуу эскерте кете турган бир учур ушул биз Саякбай Сагымбайдын вариантынан алып өздөштүрдү деп жаткан элестүү ыр саптарынын өзүн да жалаң гана Сагымбайга жеке таандык табылгалар дешке болбойт. Анткени, Саякбай сыяктуу эле Сагымбай да өз кезегинде өзүнөн мурдагы манасчылар иштеп чыккандарды өздөштүргөн, кеңири пайдаланган. Мындай учурда эпостун кайсыл ыр сабы бул, же тигил манасчыга жеке таандык табылга экендигин, ал эми кайсыл саптар мурдакылардан калган мурас экендигин так кесе айтуу кыйын. Мурдатан жазылып сакталып калган документ түрүндөгү үлгү жок болгондуктан оозеки айтылып, укумдан тукумга ооз жүзүндө өтүп келген материалдардын ар бир сабын ээси ээсине бөлүп, тактап чыгуу мүмкүн эмес. Анын үстүнө мурдатан жалпы кабыл алынып келе жаткан салт боюнча «Манас» бир кишинин чыгармасы эмес, бүт элдин чыгармасы. Андагы ар бир мыкты табылга жалпыга, бүт элге таандык. Ошон үчүн эпостогу традициялык табылгаларды ар бир манасчы өз табылгасы катары пайдалана берүү адаттагы көрүнүш. Андай учурда угуучулар да сен бирөө айтканды кайталап жатасың дебейт, тескерисинче манасчыга баа берилгенде сен баланча чоң манасчы айткандай эмес, башкача айтат экенсиң деген кине коюлган.

Ушул түрдө эл арасында мурдатан кеңири белгилүү болгон манасчылардын көптөгөн муундарынын табылгаларын терең өздөштүрүү менен зор таланттын чыгармачылык шыгынын кошундусунан жаралган Саякбай Каралаевдин варианты «Манастын» бүгүн колдо болгон варианттарынын ичиндеги эң артык үлгүлөрүнүн бири. Бул вариант эпостун традициялык туруктуу окуяларын толук камтыгандыгы, мазмунунун байлыгы, терең элдик идеясы, жогорку көркөмдүк деңгээли менен айырмаланып турат. Саякбай Каралаев «Манастын» белгилүү окуяларын жөнөкөй эле кайталап айткан адам эмес, эпоско салымын кошуп, мазмунун кеңитип, көркөмдүгүн арттырган чоң манасчы. Анын вариантында айрыкча согуштук эпизоддор өзгөчө кеңири, таасирлүү айтылат. Жер-суу көрүнүштөрүнүн берилиши, баатырлардын кагылыш -кармаштарынын сүрөттөрү белгилүү манасчылардын варианттарындагы эң мыкты делген жерлеринен ашып түшпөсө, кем калышпайт. Айрыкча көрүнүктүү окумуштуулар Родинаны мактап ырдоонун эң артык үлгүлөрүнүн катарына кошуп жүрүшкөн Таластын көрүнүшү сыяктуу ыр саптары ушул гана вариантка мүнөздүү.

1930-жылдардын биринчи жарымынын аягында башталган Саякбай Каралаевден «Манас» эпосунун тексттерин жазуу иши 1947-жылдын 25-апрелине чейин созулган. Ушул 17 жылдан ашуун убакыттын ичинде манасчынын айтуусу боюнча эпостун биринчи бөлүгү — «Манастын» өзү (көлөмү боюнча 84513 сап ыр), экинчи бөлүк — «Семетей» (көлөмү 316157 сап ыр), үчүнчү бөлүк «Сейтек» (көлөмү 84697 сап ыр) жана «Сейтектин» уландысы болгон анын уулу Кенен баатыр, Кенендин балдары Алымсарык, Кулансарык жөнүндө 15186 сап ыр көлөмүндөгү материал жазылып алынган. «Манасты» жазуу иши 1936-жылы (бул болжолдуу дата, анткени «Манастын балалык чагы» —деп аталган эпостун биринчи окуясынын кол жазмасына качан башталып, качан аяктагандык жөнүндөгү маалыматтар жазган адам К. Жумабаев тарабынан көрсөтүлгөн эмес. Манасчынын өзү, айрым билген адамдардын айтуусуна караганда эпосту кагаз бетине түшүрүү 1935-жылы башталган. Бирок, текст жазылган дептердин тышындагы маалыматтарга караганда ал 1936-жылы чыккан дептер. Демек, буга таянып эпосту жазуу 1935-жылы эмес, 1936-жылы башталган дешке негиз бар. Ошол 1-дептерге улай келген 2-дептер 1936-жылы жазылган, (жазган адам Ы. Абдыракманов) башталып, жазуу иштерине К. Жумабаев, Ы. Абдыракмановдор катышкан. «Манастын» өзүн жазуу 1937-жылы аяктаган. 1936-жылдан тартып жазыла баштаган «Семетейди» кагаз бетине түшүрүү ишине Ж. Ирисов, Ы. Абдыракманов, К. Жумабаевдер катышкан. Иш 1940-жылы аяктаган. «Сейтек» жана анын уландылары 1940—1947-жылдар аралыгында жазылып, буга К. Кыдырбаева ж. б. адамдар катышкан. Булардан башка да Саякбай манасчынын айтуусунда 1952-жылы «Манастын» кыскарган үлгүсү кагаз бетине түшүрүлгөн. Жазууну К. Исмаилов жүзөгө ашырган. Ал эми 1968-жылдын жайында С. Каралаевден ал айткан эпостун бардык бөлүмдөрүнүн толук тексти магнитофондук лентага түшүрүлгөн. Бул ишке С. Бегалиев менен С. Мусаевдер катышышкан. Буга чейин эле түрдүү учурларда эпостун белгилүү эпизоддорунун айрым үзүндүлөрү С. Каралаевдин айтуусунда республиканын радиокомитети тарабынан магнитофондук лентага жазылып алынган эле. Ошентип Саякбай манасчынын айткан вариантынын көлөмү 500553 сап ырды түзөт. Бул көлөм дүйнө элдерине кеңири белгилүү болгон Гомердин «Илиадасы» менен «Одиссеясын» бирге кошкондогу көлөмдөн («Илиада»—15693 сап ыр, «Одиссея»—12110 сап ыр, экөө биригип 27803 сап ырды түзөт) 20 эсе чоңдук кылат. Ал гана эмес С. Каралаев айткан вариант оозеки көркөм чыгармачылык жөнүндөгү дүйнөлүк илимде эң көлөмдүү чыгарма катары эсептелген инди элинин эпосу «Махабхараттан» (бардык бөлүмдөрүн кошо эсептегенде эки жүз миң сап ыр) да 2,5 эсе чоң. «Манастын» бүгүн илимге белгилүү болгон варианттарынын ичинен да С. Каралаевдин варианты көлөмү жагынан арбыны. Ал айткан «Манас» — эпостун биринчи бөлүмү гана колдо болгон материалдардын ичинен С. Орозбаковдон жазылган үлгүдөн көлөм жактан аз. Ал эми эпостун бардык бөлүмдөрүн кошуп эсептегенде Саякбайдын вариантына тете келүүчү вариант жок. Ошентип, «Манас» дүйнөдө өзү сыяктуу чыгармалардын ичиндеги көлөм жагынан теңдеши жок эпос болсо, Саякбай Каралаев биз билген манасчылардын арасындагы эң чоң варианттын жаратуучусу.

С. Каралаев айткан вариантынын көлөмү жактан. эле манасчылар арасында биринчилик орунду ээлеген адам болбостон, эпостун мурдатадан элге кеңири белгилүү болгон бөлүмдөрүн бүт баштан аяк толук айткан жана жаздырган да жеке адам. Ырас, эл арасында айтылып жүргөн маалыматтарга. караганда чоң манасчылардын көбү эпостун негизги үч бөлүгүн бүт аткаруучу экен. Айрым билген адамдар Чоюке да үч бөлүмдү бүт, болгондо да ушул биз жакшы билген С. Каралаевдин вариантына жакын айтканын эскеришет. Ал гана турмак Саякбай сыяктуу эле Чоюке да Сейтектен кийинки анын тукумдарынын иштери жөнүндө да айтканы белгилүү. Ошондой эле Сагымбай манасчы да эпостун негизги үч бөлүмүн бүт айтканы эскерилет. Биздин учурубуздагы манасчылардын арасында да эпостун үч бөлүмүн тең айтып жана жаздыргандар бир топ. Алардын катарына Саякбайдын өзүнөн башка Чокморов Мамбетти, Ырысмендиев Шапакты, Сазанов Багышты, Ыбырай Абдырахмановду ж. б. кошууга мүмкүн. Ошондой болсо да бул багыттагы Саякбай манасчынын орду өзгөчө. Анткени, биз үч бөлүмдү толук айтканын даана билген манасчылардын ичинен Чоюкеден материал такыр эле жазылбаган, Сагымбайдан биринчи бөлүм гана кагаз бетине түшүрүлгөн. Ал эми өзү менен доорлош манасчылардын арасында окуяларды толук жана кеңири планда, жогорку көркөмдүктө бергендиги боюнча Саякбайдын варианты өзүнчө бөлүнүп турат. С. Каралаев жараткан варианттын зор көлөмдүүлүктөн кийинки өзгөчө белгиси — эпостун мурдатан келе жаткан салттык туруктуу окуяларын толук камтып, кеңири планда бергендигинде.

Дүйнө элдеринин көпчүлүгүнүн баатырдык эпосторуна таандык болгон салттык окуялар жана алардын өнүгүү схемасы негизинен бул түрдүү: баатырдын тегинен кабар берүү, болочок баатырдын дүйнөгө келүүсүнүн даярдалышы балалык күндөрү, биринчи эрдиктери, жолдош табуу, үйлөнүү, негизги баатырдык иши. «Манас» эпосунда да ушул схемага жакын түзүлгөн "салттык туруктуу окуялар орун алган. Алар төмөнкүлөр: Баатырдын теги, күчтү

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×