Добавить статью
8:59, 6 июня 2011 21601

Кыргыз калкынын эл болгону

Чынгыз хан Алтан менен Турамышты мага карагын деп элчиликке жиберген. Ал кезекте кыргыздын каны Рыс айнал деген киши эле. Кыргыз кайта көп тартуу менен жакшы кишилерин жиберген. Тартуусу — башы, буту, мурду, тумшугу көзү кызыл ак шумкар эле, — дейт. Кыргыздар монголго согушсуз караса да, 1218-жылында (барс жылы) кыргыз менен Чын хандын ортосунда согуш болгон. Ошондо монгол каршы Байкал көлүндө туруучу Тумет жана Байлү эли көтөрүлүш кылган. Булар кыргызга көрөшүлөш тургандыктан көтөрүлүштү басуу үчүн кыргыздан аскер сураганда, алар аскер бермек түгүл өздөрү каршы чыкканда кыргызга каршы Чынгыз хан өзүнүн улуу баласы Жочуну баштык кылып аскер жиберген. Булардын эрөөл (авангарды) аскеринин баштыгы деген киши кыргызды кайта кубалап жиберип, өзү сегизинчи сууну басып келген. Мунун сонунан өзү келип, муз баскан суу Кемкемжутту (Энисейди) басып келип, кыргызды каратып кайта кеткен. Моголдорду кыргызды каратканы жөнүндө алар XIII кылымдагьн баатырдык эпосунда: Жочу 1207-жылы кыргызды караткан дейт. Бул кабарда Жочу ойротту каратып, андан кыргызга барып аны каратып, анын баштыгы Еди инал тартууга ак шумкар, ак ат, кара булгун (соболь) алып келип Жочуга багынган. Кыргыздан 10 мин аскер алып жана башка токойдогу элден67  миңден аскер алып, атасы Чынгыз ханга Жочу келди деген.

Ушул 1218-жылында болсо керек, кыргыз үчкө бөлүнгөн68. «Жеңилген Какас» мамлекети үчкө бөлүнүп биринчиси Саян тоосун аша түн жагына кеткен. Экинчиси кыргыз аталып, Абакан өзөнүнө түшкөн. Какас тардын көбүрөөгү күн жүрүштүн күн батышы жагын ооп, күн батыш Тянь Шандан азыркы түн жак кыргыздын өзөндөрүнөн жай алган. Жогоруда жазылган Абакан өзөнүнө түшкөн кыргыз болсо керек. Чынгыз хан Бухараны алгандан соң 1220-жылында Кыргыз хандарынан Мамык хан уулу Тайбука, Эртиш, Тобол Эшим туура суулары боюндагы жерлерди сураганда кабыл алып, ал тегеректеги жерди Тайбукага багыштаган.

Чынгыз канкор залим бүткүл кытай, манжу, корея, могол, түрктатарды каратып, 1219-жылында Орто Азияга чабуул кылып, 1224-жылдарга жете Орто Азияны каратып, Индустанга кирип, жалгыз Орто Азия менен Кытайдан 36 миллион (Кытайдан 18 миллион, Самаркан чөлкөмүнөн 11 миллион, Балык. башка шаарлардан 7 миллион) кишини өлтүргөн. Карача Жебе ноён баштык аскери Кавказга аша барып, 1223-жылында Калькада орустан бир канча княздары баштык болгон 70 мин аскерин өлтүрүп, андан өтүп кыпчак хандыгын кырып-жоюп, элин бытыратып таратып, Волганы (Эдил) кечип кайта кеткен. Чынгыз залимдин 13 ноёну, 10 бийи болуп, бийлеринин баштыгы Матыги бий казак болгон. Ноёндорунун баштыгы Соботой өмүрүндө 75 мертем зор согуш кылып, баарын да бирдей кыйратып жеңген. 1220—26-жылга жете күн чыгыш Кореядан тартып, күн батыш Азов дайрасынын түн жагы, күн жүрүшү Индустан болуп, эки ортодогу элди кызыл канга боёп, өрт талоон салып, кан дайрадай аккан. Чынгыз 17-августта 1227-жылында 65-жашында өлгөн. Бир кабарда жашы мындан илгери, тарыхчы Жувейнинин кабарына караганда 1251-жылында Тулуйдун улуу баласы, Чынгыздын небереси Мөңкө хан болгондо, могол мамлекетинде бузук болуп, Мөгү ноёнду баш кылып, 20 мин аскери менен кыргызга жиберген. Мунун натыйжасынан кабар жок.

Ю. Анше кабарында кытайга хан болуп турган Кубулай хан улук кылып, Муахол деген Кытайды жиберген. Бул кыргызга улук болуп турганда Кытайдан өнөрпоз алдырып, кыргызга маданият жайган. Бул Кубулай хан 1203-жылы бир далай көп кыргызды Манчжуриядагы Наян деген жерге оодарып жиберген.

XIII кылымда Энисейден якуттар Лена суусуна ооп кеткен. Балким ошол якуттар, ошол оодарылган кыргыз жаки болбосо, кыргыз менен кошо оодарылган эл болмогу керек. Чынгыз Бухарды алганда мечитине атчан кирип, элге айткан сөзү:69 «Мен теңири тарабынан

Азов дайрасынын түн жагынан Розен, том XI. 1899-жыл. жиберилген баламын» — деген, Чынгыз Кытан менен урушкан чакта айткан сөзү: «Когда Чингиз шел завоевывать Китай, противопоставлял стихийный демократизм кочевых порядков китайской феодал-бюрократической цивилизации»,

Чынгыз канкордун бир канча катыны жана күңдөрү болгон, Беш катынын улуусу — Биртаа Кучищ экинчиси — Кытайдын Алтан ханынын Гунжу деге кызы, үчүнчүсү — Найман ханы Таян хандын Көрсүн деген кызы, төртүнчүсү — Жанкабуданын кызы бешинчиси — Тайырсундун Кулан деген кызы.

Чынгызхан тууралу тарихтен алынган кабар кыскача жазылды. Чынгыз жөнүндө кыргыз арасындагы сөз: Чынгыз хан туулганда колуна жин аралаш кан уучтап түшкөн экен. Жерге түшкөндө колу карысынан жерге кирип кеткен экен. Чынгыз хан алтын менен күмүштүн чайкандысынан, темир менен болоттун ширендисинен бүткөн экен дейт. Ырчы-комузчулардын сөзүндө Чынгыз хандын баласын кулан тепсеп өлтүргөндө Бука деген ырчы Чынгыз ханга айткан экен дейт. Кээ бирөө Айхандын жалгыз уулу Сатыбалды өлгөндө айткан экен дейт.

Алтын болуу ак шумкар,

Алтын боосун тытыптыр.

Айды карап сызыптыр,

Күмүш болуу көк шумкар

Күмүш боосун тытыптыр,

Күндү карап сызыптыр.

Ал эмине болучу?

Туу түбүндө көк бука,

Күндү карап өкүрөт.

Чынгыз хандын жообу:

Алтын болуу ак шумкар,

Алтын боосун тытканы,

Айды карап сызганы,

Ак кулунум ботом болгону.

Күмүш болуу көк шумкар,

Күмүш боосун тытканы,

Акчагай мүйүз, ак эркеч,

Айды карап бакырат.

Бул эмне шумдугу?

Асмандан булут сөгүлөт,

Аяктап мөндүр төгүлөт.

Көктөн көк ала булут сөгүлөт

Көнөктөп мөндүр төгүлөт.

Бул эмне шумдугу?

Күндү карап сызганы,

Бул кулунум ботом болгону.

Тултук мүйүз көк бука,

Туу түбүндө өкүрсө,

Ал атасы болгону.

Алчагай мүйүз, ак эркеч,

Айды карап бакырса,

Ал энеси болгону.

Асмандан булут сөгүлсө,

Аяктап мөндүр төгүлсө,

Көк ала булут сөгүлсө,

Көнөктөп мөндүр төгүлсө,

Көзүмдүн жашы болгону, —

деп Чынгыз хан ачуланып:

Кет, кет, кет Бука,

Кеби жаман ит Бука.

Сенин айтар кебиң бул эмес,

Менин угар кебим бул эмес, —

деп Бука ырчыны багылуу арстан, жолборско таштап жиберерде, бука ырчынын айтканы:

Кыздар соккон кыялдай,

Кылыгы жакшы ай ханым.

Келиндер сайган кечтедей,

Кеби жакшы ай ханым.

Элчи менен ырчыга,

Хан алдында кай өлүм, —

дегенде Чынгыз хан ачуусунан кайтып, ырчыны өлтүргөн эмес. Чынгыз хан өлөрүндө балдарын, ноёндорун жыйып алып айтканы:

Кулалы таптап куш кылдым,

Куюккан таптап туш кылдым.

Тел куш таптап куш кылдым,

Тентиген таптап журт кылдым

Эгерде мен өлгөндөн соң бирлигиңер болбосо:

Кулалы кетер кушуна,

Куюккан кетер журтуна.

Тел куш кетер жерине,

Тентиген кетер элине, — Деген бул тууралу тарыхта70 мындай деген: Жучунун өлгөнүн ноёндору Чынгыз ханга улукма  сөз менен Угузууга Улук ырчыны каалаганда Улук ырчы айткан:

Деңиз баштан булганды,

Ким тундурар ай ханым.

Теректер туптөн жыгылды,

Ким тургузар ай ханым?

Чынгыз:

Деңиз баштан булганса,

Тундурар уулум Жочудур.

Терек түптөн жыгылса,

Тургузар уулум Дочудур.

Көзүңдүн жашын тыя тур,

Көңүлүн толду болгому.

Жерин көңүл үркүтөр,

Жочу өлдү болгому.

Улук ырчы:

Сүйлөмөккө эрким жок,

Сен сүйлөдүң ай ханым.

Өз жарлыгын өзүңө жап,

Ый ойлодуң ай ханым.

Чынгыз ыйлап:

Кулун алган кудундай,

Кулунумдан айрылдым.

Айрылышка аңкоодой,

Эр уулумдан айрылдым — деген. Чынгыз хан төрт баласына (Жоочу, Өгөдөй, Жагатай, Толу) энчи кылып берген. Жочунун Бату деген баласына Россияны сыртынан эле энчилеп койгон, Бату ошол себептен 1242-жылында Россияны каратып, андан өтүп азыркы Венгриянын борбор (Будапешт) шаарын алып, андан Албанияга барганда Мөңкө кагандын өлгөнүн угуп, кайта тарткан. Орто Азия — Жагатай деген баласынын энчисине тийген. Энисей кыргызы айланасындагы башка элге кошулуп, кенже уулу Толунун энчисине тийген. 1253-жылында, ноябрь айында Рубрукус Жети Сууну аралап өтүп бара жатканда Иле суусун кечкенде балчыктан согулган, талкаланган коргон көргөн. Бул коргондун жанында эгин болгон. Андан ары өткөндө эли фарсыча тил менен сүйлөгөн мусулмандын чоң шаары болгон. Бул шаа Иле балык аталса керек. Кытай тарыхында бул шаар көп айтылат. Армяндын ханы Гайтон 1255-жылында келгенде бул шаарды «Илан-Балык» деп айткан. Кийинки күнү Рубрукус кичине тоону ашып, талаага түшкөндө тоодон Балкашка куйган нечен жакшы сууларды көргөн. Каялык деген чоң шаарды көргөн. Бул жерде башка дагы көп шаарлар болгон экен. Монголдор тарабынан баары талкаланып, мал жайытына айланган. Кыскасы, дыйканчылык маданияты бул тегеректен калып, жердин көбү мал жайытына өтүп кеткен дейт. 1259-жулы Кахандын Алакого элки болуп бара жаткан Чандо деген кытай Иле менен Чүйдү (Иди деген) көрүп, бул жерде эл көп болуп, шаардын талкаланган чалдыбаары өтө көп деген.

Чынгыз хандын Өгөдөй деген баласынын Кайду деген небереси Орто Азияда чоң хан болуп турган. Рашид Диндин сөзүнө караганда71. Кайду торой киши болуп, ээгинде 9 кылы болгон. Арак менен кымызды ичпестен, аскерлик ишине артыкча билимдүү болгон. Орто Азия жана Синцизианда Чынгыз тукумунан болгон хандар арасында эки беттүү чатактыктан пайдаланып, 1269-жылы көктөмдө хандар тарабынан Таласта курултай курулуп, ошондон соң Кайду Сыр Дарыя менен Жети Суу өлкөсүнө хан аталган. Мунун турган жери кайсы жер экени маалим эмес. Бирок Кайдунун өлүгүн Иле менен Чүйдүн ортосуна көмгөнүнө караганда борбору Жети Сууда болсо керек. Чыңгыз хандын жолун кубалап, Кайду аскеринин башына өз балдарын койгон. Өлөр алдында Кайду балдарына мамлекетинин чек арасын сактоону дайындаган.

Кытай чегине Урус деген баласын, Жочу (Бату) тукумунун мамлекетинин чегине Байгечерди койгон. Афганстан чегине Сарбан деген баласыи койгон. Соңунда Афган чегинен Кайдунун аскери Алаконун (Толуйдун баласы) аскерин сүрүп чыгарган. Кайдунун улуу баласы Чабардын кандай болгондугу тарыхта кабары жок. Кайдунун заманында Чүй өзөнүндө кыштак көп болгон72. Кайду кахандын аскерин жеңип, кайта тартканда 1301—1302-жылдарда өлгөн. Сөөгүн үйүнө алып келип, Иле менен Чүйдүн ортосундагы Шивлык деген бийик тоого койгон. (Кыргыздын ичинде Кайду, Урус, Байкечер, Сарман, Чабар аттуу кишилер али да көп).

Бул Кайдудан соң Орто Азияда көзгө корүнөрлүк хандар болбостон, арада урушталаш көп болуп, эл-журт начарланып, кандектерден жадап турганда, анын үстүнө кан ичер Темир чыга келген. Чынгыз хандын Кубулай хан деген небереси 1290-жылдарда көп кыргызды Манжо жерине — Наянга сүрүп жиберген.

67:  Истор. очерк. Бартольд, стр, 30. 2) Энцикл. Гранат 24

68:  Сибирское царство Миллера, стр. 33.

69:  Кытай тарихи. Сафаров, 1933-жыл, 151-бетти окунуз.

70:  Түрктатар тарыхы, 1915-жыл, 42бет.

71:  Перевод проф. Березина, введен. стр. 129.

72:  Отчет. стр, 378.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

18-08-2011
Кыргыздын зор мамлекети
21176

05-07-2011
Жаңыл мырза
60407

20-06-2011
Энисей кыргыздары
16010

16-06-2011
Калмак жөнүндө кыргыздын кабары
15757

15-06-2011
Тагай тарыхы
19629

13-06-2011
Манастын кыргыз болмогуна бир чоң далил
14892

07-06-2011
Оң-сол тарыхы
20356

06-06-2011
Чынгыз хан заманындагы кыргыз
15410

30-05-2011
Бугу кыргызы эмне үчүн бугу аталды?
15052

30-05-2011
Кыргыз Тянь-Шанга азыркы турган жерине качан келген?
18331

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×