Добавить статью
5:50, 7 июня 2011 23270

Кокон хандыгына чейинки кыргыздардын турмушу

Мен түштүк кыргыздын бул жөнүндө Коконго карап калган эл деп билемин. Ал [эми] түндүк кыргыздын жайын билгенимче жаздым.

XVIII кылымдын аягы, XIX кылымдын башында ээ болуп турган түндүк кыргыздын жеринин аймагы, уругу жана башчылары мына булар: Жеринин чыгыш жагы: Атбашы, Нарын, Аксай, Ысыккөл. Түндүк жагы: Карабулак, Каштек, Үчалматы, Сарытокум, Иле менен Чүйдүн ортосундагы күнгөй-тескей тоолору. Чокмордун кайкысы, Чүйдүн ары жагындагы Уландын учу, Короготу суусунун Чүйгө куйган жери. Батыш жагы: Олуяата шаары, Талас суусунун батыш жагындагы Кичибуурул, Чоңбуурул тоосу, Терс суусу, Күйүктүн бели, Түлкүбаш тоолору, Чаткал өзөнү. Батыш жагы ушулар. Ушул ортодо кыргыздар жүргөн.

Мен жазган ушул кыргыз жеринин аймагы-чеги.

Казактын ханы Абылай, кол жасак тартып келип, кыргыздын жерин басып кирген. Абылай менен кыргыздын ортосунда кандай чатак, кандай уруш болгонун, жөнүн мен жазган жокмун. Кимдер өлүп, кимдер чабылганын, жана казак-кыргыз эмине деп баштап алып, ортосу уруш-талаш болгонун жазган жокмун. Мен ошол Абылай кыргыздын казактын жер чегинин арасынын ачканынын жаздым. (Мен ошол Абылай кыргыз-казактын жер чегин ажыратып, ачканын жаздым). Мен жазган ушул төмөнкү жерлер -казак-кыргыз Абылайдын алдында чогулуп отуруп, чыбык кыркып, элчилике -ак үйлүүгө киши көчүрүп берип, жер чегин ажыраткан болучу. Ошондо бөлүнгөн жер чекти жаздым.

Муну кыргыздын Абылай менен баш кошкон адам­дары: саруудан -бошмоюн Туума бий, Мама бий, Жамболот баатыр; солтодон -бөлөкбай Кебек бий, Түлөберди бала; сарыбагыштан -Эсенкул баатыр, Атаке баатыр; бугудан -Бирназар; саяктан Качике баатыр, Сейит бий, Келдибек бий аталып -билгеним ушул.

Ушул ортодо түндүк кыргыздар турган.

Элдин турмушу

Көчмөндүү болгон. Тиричилиги, жан-сактоосу мал [менен] болгон. Бакканы: кой, эчки, төө, жылкы -бул малдарды дайыма жазы-кышы чөп чаппай, жайытка баккан, жана бир жерде отуруктуу болбогон, бир жерден бир жерге малдын жайытына карап, көчүп жүргөн. Жазы-кышы жоокерчилик болуп, бирине-бири казак-кыргыз чабышып жүргөн. Алардын ортосу алыс жүрүүчү, наржагы 10 күндүк, бержагы 5 күндүк алыстыкта жүрүшкөн. Ошол себептүү малды күнү-түнү кесек менен кайтарып жүргөн. Кыш болгондо, малды тоого баккан. Элдин сыртынан кароолдоп кайтарып жүргөн баатырлары болгон. Аны чалгынчы дешчү. Бул баатырлардын кайтарган тоолору төмөнкүлөр: Чүй, Талас, Нарын, Ысыккөл тоолору жана жайлоосу Соңкөл, Суусамыр, Кочкор, Жумгал, Арпа болгон. Көктөө-күздөөсү: Чүйдүн наржагы, Иленин бер жагы, Үчалматы, Чүйдүн Таласка чейинки талаасы - ушулар болгон.

Малы - эчки, кой, уй. Короо малдарын түнкүсүн кыз-келиндер үйдүн жанында кайтаруучу. Бекбекей -сексекей деп ырдап отуруучу. Ал ишти бала кезде көрүп калдык. Эл урук-урук, тууган-тууган болуп, жама жүрүшчү. Мисал көрсөткөндө; бир жоо келип калса, солто эли бир азда чогулуп калчу.

Дыйканчылык жайы - таруу, конок айдоочу буруусун менен. Ал буурусунга өгүз кошуучу. Ошон үчүн кош деп атооочу. Чөп айдашчу эмес. [Эгинди] калпака ченеп, табака ченеп, баштыка ченеп себишчү. Таруу-конокту жылда [улам] бир жерге которуп айдашчу. Айдалбаган кур жерге адеп өз-өз сепкен үрөнүнө жараша «бул сеники, бул меники» деп арасын бөлүп коюшчу. Энчик-энчик кылып бөлүп алуучу. Ошону менен кетип калуучу жана эгин айда[л]ган жерге мал, айыл турчу эмес. Ал жерге мыкты ыкчыл, эгиндин жайын жакшы биле турган журт башчылары, баатыр адамдар кароол карап туруучу. Арыгын баштап койгон адамдар баш болуп барып, коломолуу-кол, жасак менен, жарак-жабдык менен барып, арыгын чаап кайтуучу. Сугат убагында чогулуп сугарышчу экен. Бала кезде чалдар айтышчу эле; «ошол калпактап, баштыктап айдаган эгинге тоюп калчу элек» деп. Чалдар айтка-нын уккамын. Таруу бышканда, түгөл мал-жаны ме-нен үстүнө көчүп барышчу. Мына ошондо чогулуп, оруп, ошентип басып алышчу. Ашар кылып, мал менен чо-гулуп, басып алышчу. Ошол эгин алган убакта күздүн башы болуп, бир жагынан ошол жерге кой кыркып, «чечкор» союп - эгин тою, кой союп - кийиз тою деп, кызык тамашалары көп болчу.

Түнкүсүн кур ойнун салып, алты бакан тепчү -селкинчек деп, кыз-келинчек, жигит-балдар. Жабылып тепчү. Акчөлмөк, жоолук таштамай, токмок салды, ырдамай, комуз [кыяк] тартмай, комуз чертмей. Баары чогулуп, чоң дебей, жаш дебей, кары дебей -«шырылдаң» айтмай, чоор тартмай - ар түрдүү тамаша оюн-дардын баарын ошо кырмандын башында жасоочу. Жана, той бермей, аш бермей, баланы отургузмай, өлгөнгө ат чапмай, жана дагы, кийиз басмай, таруу актамай - баарын ошол жерден бүтүрчү экен.

Ошол эгин үстү, көңүл көтөрө турган убактылары экен элдин. Эгинди ороого куюп, ошол жерге [ар] ата уулунан киши чыгарып, бир баатыр адамын башчы кылып, оронун башына кондуруп, көчүп кетишчү экен. Орочулардан кабар алып турушчу.

Тоого кыштаган, эл. Элдин оокат-жайы; күз-кыш ичкени бозо-арак болучу. Аракты бозодон тартчу, кымыздан тартчу. Жылдын 4 мезгили барында тең арак үзүлчү эмес. Жегени эт болчу. Этке таруу салып жиберчү. Буудайды чек аралаш өзбектерден, уйгурлардан сатып алышчу. Жазда сүт, кымыз, жуурат ичишчү. Таруу, конок үзүлчү эмес. Сүттөн май алышчу, курут кылып алышчу, эжигей кайнатып алышчу -ушулардан запас кылып, кийинкиге сактап алышчу.

Талас, Чүй, Үчалматы, Ысыккөл -ушул жерлердин өзөндөрүнүн баарынын жээктери токой болучу. Мисал кылып көрсөткөндө - мына бул Аламүдүн, Аларчага окшогон Чүйдүн өзөндөрү[ндө] бура тарткан арык жок, тик агып отуруп, Чүй суусуна кошулчу. Таласка чейинки туура ылдый аккан өзөндөрдүн бою кырчын талдан куралган токой болучу. Талаалары камыштуу, туура-туура ылдый аккан кара суулар болучу. Жаткан ар кайсы ойгут-ойгут саздар болучу. Чий калың болчу. Илбээсини калың-калың болуп, улар, кекилик, өрдөк-каз, турна-каркыра, тоодак, аккуу, кыргоол, коен -тоо-талааларда жүнүн жешчү. Алгыр илбээсинден -бүркүт, куш, ылаачын, ителги, чүйлү, кыргый, турум-тай болучу. Ошолорду салып, мүнүшкерлик кылышчу. Кыргыздар илбээсинди тузактап алышчу. Кар жааганда сонорлоп, солбор [сөлпөр] менен уруп алышчу. Аңдып [барып], уча бергенче ат менен чаап алышчу. Билдирбей басып алышчу. Иши кылып, алуунун ыгына мастер болгон, кары-жашы, бала дебей. Туут убагы жазда, жумуртка калың болучу. Балдар таап алып эле жей беришчү. Иши кылып, этке мына ушинтип бай болушчу жана илбээсиндин жүнү кап-кап болуп, кыр-гыздарда жыйылып турчу. Эми, аңчылык деген кыргыздын бир байлыгы болучу. Жолборс, кабылан, илбирс, карышкыр, түлкү, аюу, сүлөсүн, суусар, суур, кашкулак, мадыл, чочко, сасыккүзөн - булар калың болучу. Бугу, марал, котос, кулжа, аркар, теке, эчки, элик, кулан, бөкөн тоосунда да, талаасында [да], чөлүндө да калың болчу. Кулан, бөкөн[дүн] көбү Чүйдүн нар жагында жүрүүчү. Талас суусунун аягы: Корготу суусу, Чүй суусу -ушул орто ээн кум болот, жаткан, ушуларда жүрүүчү. Мына кыргыздар ушулардын баарына аңчылык кылышчу. Мылтык менен атып-атып алышчу. Ат менен кууп, чаап алышчу, капкан салып, алып алышчу, тайган агытып, бүркүт салып, алып алышчу. Кыргыздарда атактуу бүркүттөр болучу, атактуу тайгандар болучу, салык кылып - эрдин кунуна, кыздын калыңына жүрө турган. Алгыр куш, алгыр ителгиден чыккан шумкар, алгыр тайган, алгыр бүркүт, жоого жарай турган күлүк ат, атан төө - абдан кымбат болучу экен.

Мына ушинтип, этке бай экен жана аккан суунун баарында балык көп-калың экен жана мал эти, илбээсин эти, талаада жүргөн аң эти, суудагы балык эти болуп, кыргыздар эт-майга биринчи бай экен.

Колундагы мал териси, жүнү, илбээсин жүнү жана талаа аңдарынын терилери, бугу мүйүзү, бөкөн мүйүзү -мына ушуларга да кыргыздар бай болгон. Мындан кол өнөрү менен кой жүнүнөн нечен түрлүү алакийиз, туш-кийиз, жабыкбаш, шырдак кооздоп, нечен оюм салып, аялдар төө жүнүнөн, кой жүнүнөн кийе турган таар, үйгө сала турган таар, жүккө жаба турган кап кылып турушкан, өз ылайыгына жараша. Тегерич [—], үйгө керек боло турган боз кийиз, ак кийиз, үйгө жаба турган илбээсин жүнүнөн жастык, мамык кылышчу. Ал териден жаргак кылып, кийим кылышчу, тон, ичик кылышчу. Ийлеп алып, кайыш кылып, акчокой кы-лып, жүгөн-куюшкан, басмайыл, тердик, желдик кылышчу, териден. Жүндөн да тердик, желдик кылышчу. Төө териси, жылкы териси, уй терисинен идиш кылышчу. Көөкөр көнөк. Атактуу баатырлар жолборс терисинен аңтара такы (? даакы) кылып кийишчү. Кулун терисинен, жабагы терисинен такы кылып ки-йишчү. Төөнүн жүнүнөн кубу (балким күбү) кылып кийишчү. Илбээсин жүнү, төө жүнү, кой жүнү - өзүнөн артканын; мал терисинин, талаа аңдарынын терисин, бөкөн мүйүзүн, бугу мүйүзүн - өзүнөн артканын кыргыздар соодагерге сатчу. Жылда уйгурдан, өзбектен, ногойдон кербен тартып, соодагерлер келчү. Кыргыз эли аны «кербен» же «бакалчы» дечү. Ал кербендер кыргыздын урук башчыларына түшчү.

Ар түрлүү усталар бар болчу. Темир уста, жыгач уста, өтүкчүлөрү бар болчу. Күмүш, алтын, коло, мис -ушуларды да иштей турган усталар бар болчу. Темир усталар: каракелте деген мылтык, бараң мылтык, саадак, кылыч, айбалка -колодон; чокморбаш, найза, чынжырлап, көзөнөк кылып жасаган зоот, урушта атактуу чоң баатырлар кийе турган -чынжырлап, көз-көз кылып жасаган, башка кийе турган тумак [жасашкан]. Урушка керек жогоркуларды жасай турган усталары да бар болчу кыргыздын. Жана, тиричилике керек: чот, керки, кулака тага турган; сырга, билерик, шакек, чачпак, эр токумга, жүгөн-куюшканга кубалар (?) орното турган сымдап (?) чаба турган усталары да бар болчу. Ар түрлүү -аял, эркекке керек нерселерди кыла турган усталар кыргыздын өзүнөн чыкчу. Капкан, кишен ­ушуга окшогон нерселердин баарын кыргыз усталардын өзү жасашчу. Буларды эл кайдан алат? Жогоруда айтылган кербенчи-соодагерден алат. Темир, күмүш, алтын - башка керектүү нерселерди ошол кербенчилерден алышчу. Пахтадан, жүндөн, жибектен токулган кездемелерди, даяр кийимдерди - идиш, казан, ар түрлүү - үйгө, эркеке, аялга керек буюмдарды, кийимдерди ошол кербенчи-соодагерлерден алышчу. Ал кербендерге илбээсин жүнү, кой-төө жүнү, тыбыт, ар түрлүү аң териси: кийик териси, бугу-бөкөн мүйүзү, кийиз, кой-эчки, уй, жылкы - ушуларды кербендерге баалап, нарк кылышып беришчү. Ал кербенчилер жогорку айтылган буюмдарды - алар да нарк коюп, алмашып алышчу. Кыргыздын ууз-усталары жетише албай, иштей албай, жар-жарактарды, буюмдарды ошол кербенчилерден алышчу. Ал кербенчилер буюмдарын насыя берип кетчү. Кыргыздардын дайындаган буюмдарын, жарактарын келер жылга алып келип бере турган кылып, убада кылып кетишчү. Кербендер көбүнчө булгары-кездеме буюмдарын, казан-жарак, темир буюмдарын ногой кербенчилери алып келишчү. Тигилген өтүк, чапан, мата, бачайы, шайы, шуру - алтын-күмүштөн болгон буюмдарды өзбектер, уйгурлар алып келчү. Бирок, кербендер кымбат сатчу, алып келген буюмдарын, нерселерин. Ал кыргыздар арзан сатчу, малдарын, жүндөрүн, кийиздерин, таарларын, аркан-жиптерин, майын.

Мына, кыргыз элинин 18инчи - 19унчу кылымда-гы турмушу, тиричилиги ушундай болчу.

Кыргыздын саяси турмушу, эл бийлөө жөнү, уруусу.

Кыргыздыр хандык жок, алык-салык жок, өз жерине кожоюн эл болчу. Тууган-тууган болуп, урук-урук болуп туруучу. Ошол уруктар өз ичинен бий шайлап коюучу. Ал бийлердин кыла турган жумуштары төмөнкүдөй [—] иштерди башкаручу: эр кун[у],көз ку-н[у], тиш кун[у], жер доо[су], уруулук бүтүмү жана кол акы доолору, конуш талаш, бирөө менен бирөө[нүн] урушу, конок кондурвай (кондурмай), эл арасындагы ар түрлүү чатактар[ды] ошол бийлер бүтүрчү. Эскиден калган эреже бар, адеп бар.

Оторкан, Бараккан - бул хандар ислам дининен мурунку хандар. Ислам дининдеги хандардан «эңеше бойлуу эр Эшимдин эски эреже, адети» дейт эл. Эр Эшим 17 инчи кылымдагы казак-кыргыздын ханы. Самаркан, Фергана, Ташкен ушулушул шаарларды өзүнө каратып алган. Эшимкан казак-кыргызка хан болгондон кийин Оторкан, Бараккан салып кеткен жолду, адетти колдонгон. «Эңеше бойлуу эр Эшимдин эски эрежеси» деген сөз ошол. Мурунку эски эрежени, адетти колдонгон үчүн айтылып калган сөз, эл оозунда. Эр өлтүрсө, аныкталган өлүм болсо, куну 6 жакшы ат, 100 жылкы болучу. Бирөөнүн жесирин бирөө зордук кылып алып койсо, 9 жылкы болучу, бир аты бар. Көздүн куну - өлүк кунун төрт бөлгөндүн бир бөлүмү болучу. Анан айып бир ат- бир чапан, анан бир кой-бир чапан, эң арткы айып бир чапан. Аныкталбаган өлүккө 4 киши жан берүүчү, ал төрт киши жан бербесе, кунга жыгылуучу. Ал төрт киши жан берсе, ошол өлүк доо кылган элдин бийине барып көрүнчү, мына биз келдик деп.

Ортого, бөлөк, жанаша [о]турган элдин бийлери арачы болуп, «жансадага» деп да бүтүрчү. Мына бийлер жогорку адет-эрежеге сүйөнүп бүтүм кылуучу. Мына[-бу] бийлерге тиешелүү жумуштар ушу болучу. Бийлер-ге ондон бир бийлик акы бөлү[н]чү. Ал [эми] эң үстүнөн урук-уруктун эл баатырлары бар болчу, башкарып турган. Алардан да акылы, чечендиги, бүтүмчүлдүгү, көсөм[дүү]лүгү, адилдиги кошо келип калган баатырлар да болгон. Ал адамдар эл ишенген баатырлар болчу, атактуу. Сырткы, бөлөк эл менен: казак, өзүбек, уйгур, калмак менен ынтымакты-душмандыкты башкарып турган ошол баатырлар болучу жана жесек кылып, мал кайтара турган, эгин башына, отордогу мал башын кароолдоп турган, эл четин карап турган жана бөлөк элди жашынып барып, чалып келе турган, жолду биле турган жана келе жаткан жоону көрө, табышты биле турган, жөө баатырлары болгон. Кыргыз элинин бул баатырлары жогорку чоң баатырлардын ыгында болгон жана айыл аксакалы болгон, тууган-туугандын, чатагын-араздыгын бүтүрүп турган. Майда доолорун бийдин айтуусу боюнча, бийге жибербей эптештирип коюучу, аксакалдар. Мына, башкаруу-бийлөө турмушу ушундай болучу, кыргыз элинин.

Ал эми ошол, 18инчи, 19 унчу кылымда, казак-кыргыз башынан ынтымак болуп келген. Көкүм канды чанчкулу Карабайтик өлтүрүп, айыгышкан жоо болгон. (Кара Байтик, улуу жүз, өз уругу чанчкулу, Көкүмгө уу берип өлтүргөн). «Казак алгыр» деген кыргыз тили, «кыргыз алгыр» деген казак тили ушундан калган. Бир чети кыргыздын конушун талашып, ушул Русуя мамлекетине караганга чейин, бирине-бири катташпай, жоо болуп келген (келишкен). Себеби, Көкүмдү өлтүрүш, конуш талаш. Бирин-бири чабышып, олжолошуп, нечен чоң уруштар, [киши] өлтүрүштөр болгон. Эшимкандын хан болушу, ошонун артынан казак-кыргыз жоо болушу, Абылайдын келиши кыргызка, арты Кененсарынын келиши.

Аскер катарында жүргөн кыргыздын эр-азаматы алдына бир, же эки ат минип жүргөн. Ишенген ал аттарды жанындай багып жүргөн. Бир найза, бир ай-балта, бир коло чокмор, бир кылыч, соот кийип, дайыма ушинтип, камынып, даяр болуп жүрүүчү. Эгер байкоосуздан жоо келип калса шарт деп, мейли кыш, мейли жаз, мейли күн, мейли түн көчүп жүрө берүүчү. Ошого жараша аялдары да, балдары да чыйрак, сак болучу. «Жүр» дегенде эле өзүлөрү жүрө берүүчү, жылкысын минип алып, төөсүнө үйүн артып алып, шарт деп көчүп жүрө берүүчү. Майда малга карачу эмес.

Ал жоого: казака-калмака аттанганда [-] жогорку чоң баатырлар баш болуп аттанчу. Мылтыка мергени [мылтыгын] жанагы жарактын үстүнө асынып алычу. 10 күндүк, 20 күндүк [жерлерге] аттанышчу. Бир айлык жерге барган күндөрү болгон мурунурак. Ат менен аттанышчу, ат башына бир кайыштан чидер, беките турган. Эр башына эки ат алышчу. Ал өзүлөрүндө жоого ылайык керней, сурнай, добулбас болгон. Урааны болгон. Жоо урааны кыргыздын ошол кезде беттешип урушканда «Жанкороз» деп ураандачу. Ичин-ара өз уругу болуп аттанганда, өзүнчө урааны бар болучу. Мисалга айтканда, сарыбагыштын өз урааны, солто­нун өз урааны болучу. Саяктын өз урааны бар. Ал атактуу, чоң баатырлардын бормосу (формасы) соот, анын үстүнө белгилүү болуп жүрө турган, көрүнүп [жүрө турган] бойромчо (?) деген кийими болгон. Күрмөчө, ичи эликтин мойногу, сырты кийиз моот — макмал, жибектен болгон. Мата, моот жүндөн болгон. Мата, аны аны абдан шырыган кийизге. Үстүн күмүштөнбү, ал-тынданбы чобкут куба (?) койгон. Ичи эликтин мойногу, сырты жогорку айтылгандар. Баатырлар ушундай кийинчү жана атактуу баатырлардын колодон тумагы болчу. Мына, кыргыздын уруш-согуш жөнүндөгү тур-мушу, жарактары. Кала берген сөз. Кунга, айыпка кесим менен, малга 4 кесим менен төлөнчү. Асый, бышты, кунан, тай -деп, төлөй турган.

Бир жактан кудайы конокпуз деп, бир айылга кондур деп келсе, ал айыл кондурбай койсо, бийге келип, баланча айылыңыз кондурбай койду десе, кондурбаган айылга бир кой, бир чапан айып салып коюшчу бийлер. Мына, кыргыздын эл бийлөө, башкаруу жөнү, саясий жөнү ушундай болучу жана уурулука төлөй турган малы жүрө ? конок моюн куйрук чиркө дечү. Уурдалган бир малга ошентип, 2 мал кошчу. Кыскасы, 1 мал 3 мал болуп төлөнчү, уурулардан.

Ошол убактагы уругу, түштүктөгүсү мына булар: 1. адигине, 2. бердике, 3. мункуш, 4. курмушу, 5. чоңбагыш, 6. нойгут, 7. басыз, 8. мундуз, 9. жедигер, 10. найман, 11. тейит, 12. каңлы. 13. ичкилик.

Ал түндүк кыргыздардын уругу мына булар: 1. багыш, 2. сатикей, 3. саруу, 4. кушчу, 5. кытай, 6. саяк, 7. солто, 8. сарбагыш, 9. азык, 10. бугу, 11. черик, 13. (?) моңолдор. Мына ошол убактагы кыргыз уруктары.

Маданияты, адабияты, оюн-тамашалары

Окуу жок ошол убакта. Түштүк кыргызын билбеймин. Ал түндүк кыргызында бир да кат билген адам жок болчу. Окуган адамы, аз да болсо окуган адамы жок болчу. Мадани жагы, адаби жагы болсо: эскиден калган жомогу жана жомок-ырлары, эң белгилүүсү кыргыздын баарына маалым - Манас, Семетей. Башкалары да элге, өзүңүздөргө маалым. Жомоктор, ыр-жомок­тору. Ислам дининен мурунку жомоктор, жомок-ырлар айтылбаган. Себеби, ислам адабиятына каршы болгон.

Менин буга кошорум; кыргыздын оору карай турган табыптары болгон. Алар тамыр кармачу. Ошол тамырчылар тамыр [кармап], оорусу балан оору экен деп дарылачу. Көбүнчө суу берчү. Жарага, курт ооруларга, учук оорулары, келте оорусуна, кагын оорусуна, кызылжүгүрүк оорусуна, шишик оорусуна табыптар-тамырчылар көбүнө суу берчү. Түкүртүүчү суу менен дарылачу. Ал «түкүргүч» деген болучу. Казыр да бар. «Түкүртчү-дарымчы» деп атайт. Алар эски. Ислам динине кире электеги, будда дининин бир бөлүмү. Куту куну мазахабындагы (?) кыргыз элинин жүргөндөгү, эскиден калган дубасын окуйт, суу менен. Дем албай түкүрөт -ооруларга жараша: шишик, каракурт чаккан-га, жылан чакканга жана жамандатка (?) тели болгон жылкыга түкүрөт, каракурт чаккан тоого түкүрөт, дарычылар. Ал тамырчылардын кармай турган дарысы: 1. сымап, 2. шыралжын, 3. кепрес, 4. сыр, 5. тарабран, 6. нашатур, 7. уукоргошундун түбү, 8. карандыстын түбү, 9. илимжабар (?), 10. тынзы (?), 11. барбы (?), 12. апийим, 13. акбуга-сарбуга (?), урушта жарадар болгон адамдарга бере турганы, сүртө турганы кы-тайдын кырма кызыл дарысы дечү. Ошол кытайдын кырма кызыл дарысы дегени, тынзы деген[и] -кытай дарысы. Кытайдын кайнатма кара дарысы дечү. Аны ичинен берчү. Ал дары -кытайдын момуя деген дарысы жана, урушта жарадар болуп, чаалыккан адамга сийдик беришчү, арак беришчү. Чаалыккан атка да арак беришчү. Эми кыргызда эски динде да, ислам дининде да жин, доо, бери, албарс бар деп ишенишчү. Адамга тийип, оору кылат деп, акылдан адаштырып -жинди кылат деп, буту колдон уруп -шал кылат деп ишенишчү. Азыр деле бар ошол ишенгендик, кыргыз элетинде. Ал үчүн бакшы бар болчу. Ошол жин, доо, берини өзүнө букара кылып, байлап алган деп ишенишчү. Мына, кыргыздын оору жөнүндөгү иши ушундай болчу.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×