Добавить статью
5:01, 13 июня 2011 10703

Улак тартыш

Улак тартыш боюнча оюндар топтордук мүнөздө болот. Оюнга жашы 19дан жогорку эркектер катыша алышат. Топтор 2—4 кишиден түзүлөт.

оюн өткөрүлүүчү жер

Улак тартылыш үчүн жумшак тегиз талаа же аянт тандалып алынат, аянттын эки жагынан бийик тиги 50—60 см. келген желектер менен дарбаза белгиленет. Дарбазанын кеңдиги 15 метр. Талаанын ,(аянттын) өлчөмү: кеңдиги 100—150 метр, узундугу— 200—300метр. Талаанын ортосунда диаметри б метр келген мара жайгашкан. Дарбазанын алдында 2 метр кеңдикте, узундугу 15 метр келген аянтча чийилет. Улакты ушул аянтчанын ичине түшүрүү керек же чиймеге илинип жатууга тийиш. Эгерде улак бул аянтчага жетпей же ашып барып түшсө, калыс тешүүнү токтотуп, улакты дарбазадан 25—30 метр, жерге алып барып таштайт. Анан ышкырыгы менен кайрадан беттешүүнүн башталганын билдирет, 20— 25 метр алыстыкта сызык чийилет, же желекче сайылат. Улакчылар беттешүүнүн жүрүшүндө улак менен ушул сызыкты (желекчеден) өтө чаап кетишсе оюн токтотулат да кайрадан ортодон башталат.

ОЮНДУ ӨТКӨРҮҮНҮН ТАРТИБИ

Дарбазаларды аныктоо оюн башталардан 1 саат мурда чүчүкулак кармоо аркылуу жүргүзүлөт.

Топтор талаага чыгаардан мурда ага калыс жардамчылар менен ортосуна бастырып барышат да, белги берет (ышкырыгы же желегин көтөрүү менен). Ушул белги боюнча топтор талаага чыгышат да, ар кимиси борбордук айлампадан 7—8 метр аралыкта бир бирине маңдай-тескей болуп тизилишет. Андан кийин бири-бирин куттукташат, ал эми топтордун башчылары болсо өз ара жана калыстар менен кол алышын учурашышат. Ошондон кийин башкы калыстын жардамчылары талаага жөнөшөт, ал эми башкы калыс белгиси боюнча чийимдин ортосуна ар топтон бирден катышуучу келип турушат. Алар жерден улакты илип алар замат кармашууга топтордун калган мүчөлөрү киришет.

Ар бир топтун максаты — улакты «каршылаш» топтун дарбазасына таштоо жана өз дарбазасына улакты таштатпоо болуп саналат.

Кайсы топ каршылаш топтун дарбазасына улакты канчалык көп таштаса, ошол топ жеңди делип эсептелинет. Бир жолку беттешүүгө 15 минут убакыт берилет. Улактын салмагы 30—40 килограммдын чегинде болууга тийиш. Оюнчулардын каалоосу боюнда улактын оордугун, оюн ойнолуучу убакытты өзгөртсө болот.

Улак тартыш боюнча уруксат берилген ыкмалар;

1. Оюн убагында талаанын ичинде каалаган жерден эңип алуу,

2. Аны атаандашынан тартып алуу, улакты топтогу өнөгүнө өткөрүү.

3. Улакты такымга басуу, ээрге коюу.

4. Улакты аттын капталында же алада кармоо.

5. Топтогу өнөктөрүнө улакты каршылаш топтун дарбазасына алга барып таштоого жардам көрсөтүү.

6. Улакты дарбазага таштай албай аша чаап кеткен учурларда (эгерде дарбазанын сыртындагы чийимден өтүп кетпесе) дарбазанын сырты менен аянтка кайрылып, дарбазага улакты кайра таштоого.

7) Оюндун жүрүшүндө ташталган улак дарбазанын аянтчасына түшпөй же чийимге илинбей калса, артынан келе жаткан өнөгү эңип кошумча таштап кетүүсүнө уруксат берилет.

УЛАК ТАРТЫШ БОЮНЧА ОЮНДА ТЫЮУ САЛЫНГАН ЫКМАЛАР

1. Өзүнүн атаандашын атынын тизгинин кармоого, жүгөнүн сыйрууга, үзөнгүсүн чечүүгө же кыйып салууга,

2. Атаандашын колунан жана курунан кармоого,

3. Үзөңгү менен атаандашын бутка тебүүгө.

4. Улакты ээрге байлоого.

5. Өзүнүн атын чаап келе жаткан катышуучунун алдына туурасынан коюуга.

6. Кыйкырууга же сүйлөшүүгө.

) Оюн үчүн бөлүнгөн талаанын четинен тышкары жакка чаап кетүүгө.

8) Улак дарбазага ташталгандан кийин кармашууну улантууга.

Эгерде топтордун бири же анын айрым катышуучулары оюндун эрежелерин одонолук менен бузуп, калыстар тобунан ага жасалган эскертүүлөрдү тоотпосо, анда бул топ бүт бойдон же айрым мүчөлөрү беттешүүдөн четтетилет. Талаадан четтетилген катышуучуларды алмаштырууга болбойт. Топто экиден кем киши калган топ жеңилди деп жарыяланат. Тартипти бузгандык үчүн оюндан четтетилген топ бул беттешүүдө утулду деп эсептелет.

ЖЕҢИШ КИМГЕ БЕРИЛЕТ?

1) Кайсы топ атаандаштарынын дарбазасына улакты көп таштаса ошол топ жеңишке ээ болот.

1. Уткан топко — эки упай, утулган топко — нөл упай, тең чыгууга — бир упай берилет.

2. Оюнда бар болгону эки топ катышып, тең чыгышса, 500 метр аралыкка ат чабуу аркылуу аныкталат, мындан ар бир топтон бирден атчан улакка катышкан аттарга минип чыгышат (атты жана кишисин башчы белгилейт).

3. Мелдеште (оюнда) үч же андан көп топтор катышса орун бардык беттешүүлердөгү улак таштоонун санына жараша аныкталат.

Оюнга көп топтор (8—10) катышкан учурларда калыстар тобу чучукулак кармоо аркылуу аларды 2 (жана андан көп) кошумча топко бөлүштүрөт, мында топтор бир бири менен беттешишет.

Бир күндө ар бир топ эң көп дегенде үч оюнга катыша алат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

18-08-2011
Опол
6495

08-08-2011
Корозчо урушмай
6286

05-07-2011
Чикилдек
7750

05-07-2011
Токол эчки
9248

22-06-2011
Бут тепсемей
6040

20-06-2011
Кыл аркан салмай
6103

17-06-2011
Тушоо кесмей
6887

16-06-2011
Теке чабыш
6822

16-06-2011
Ат үстүндө куржун эңмей
6442

15-06-2011
Укурук салмай
7457

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×