Добавить статью
8:45, 13 июня 2011 48300

Көптөгөн өмүрлөрдү сактаган адам өз өмүрүн сактап кала албады

125 Элим, мен сенин кулунуңмун,

Эмгегимди, кан-жанымды

Сага арнаган Мен - Исамын!

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

Туулган жылы – 1908-жыл, 25-сентябрь

Туулган жери – Ысык-Көл облусунун, Тору-Айгыр айылы

Каза болгон жылы – 1975-жыл, 5-январь

Балалык кези

Карапайым үй-бүлөнүн кулуну Иса Ахунбаев үч бир тууган болгон. 1916-жылдагы Үркүндө ата-энеси менен Кытайга качып, башынан далай оор күндөрдү өткөргөн. Ысык-Көлгө кайтып келгенден кийин 15 жашында партага отурат. Мектепте окуу үчүн 20 чакырым алыстыкты жөө басып, Тору-Айгыр айылынан Балыкчы шаарына келип-кетип турган. 1925-жылы Балыкчыдан Бишкекке жөө келет. Ошентип отуруп, Медициналык институтту ийгиликтүү аяктайт.

Профессор жөнүндө

Профессор И.К.Ахунбаев дүйнөгө белгилүү инсан болгон. Ал Кыргызстанда биринчи жолу жүрөккө операция жасап, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калган. 300дөн ашуун илимий эмгектин автору, көптөгөн эл аралык илимий жана коомдук форумдардын делегаты, анын ичинде Москва, Дублин, Венада жана башка өлкөлөрдө өткөн хирургиялык конгресстерге катышкан. Талыкпаган эмгегинин аркасында миңдеген адамдардын өмүрүн сактап, алкышын алган. СССР Жогорку Советинин депутаты, Кыргыз ССРинин үч жолку чакырылышынын депутаты болгон.

Сыйлыктары

И.К.Ахунбаевге Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы ыйгарылган, Ленин ордени, Октябрь революциясы 1 ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланып, «Эмгек сиңирген илимий кызматкер» жана «Эмгек сиңирген врач» наамын алган.

2001-жылы экс-президент Аскар Акаев тарабынан XX кылымдын көрүнүктүү илимий жетишкендиктери үчүн алтын медаль тапшырылган.

Ал эми 2008-жылы экс-президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академияга ысымы берилген.

Андан сырткары Бишкек шаарынын чоң көчөлөрүнүн бирине Иса Ахунбаев аты берилген.

Иса Ахунбаевдин ийгиликтери

1948-жылы доктордук диссертациясын жактап, Медициналык институттун ректору болот. Ушул эле жылы ал кыргыздардан биринчи болуп СССРдин Илимдер академиясынын мүчөлүгүнө кабыл алынат. Ал эми 1954-жылы Кыргызстанда Илимдер академиясы ачылып, анын биринчи кыргыз президенти болуп шайланат.

1959-жылы Орто Азияда Иса Ахунбаев алгачкы жолу жүрөккө операция жасап, тарыхта аты калды. «Көкүрөк хирургиясы», «Эндокринология маселелери», «Кан айлануу», «Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо» журналдарынын редактору болгон.

13-003 Үй-бүлөсү

И.Ахунбаев беш баланы чоңойтуп, тарбиялаган. Эң улуу баласы Мустафа Ахунбаев Опера жана балет театрынын башкы режиссңру болуп эмгектенип, учурда ардактуу эс алууда.

Кызы профессор Неля Ахунбаева учурда Славян университетинде окутуучу болуп эмгектенет. Кесиби – хирург. Ортончо кызы Чынара Ахунбаева автокырсыкта И.Ахунбаев менен чогуу каза болгон. 35 жаш курагында капилеттен кырсыкка учурабаса, ал ошол учурда диссертациясын жактоо алдында турган. Баарынан да жаманы — автокырсыкка кабылганда ал кош бойлуу экен. Кичүү кызы Анара Ахунбаева азыр 68 жашта. Махмуд Кашгари Барскани атындагы Чыгыш университетинде орус тилинен сабак берет.

Ал эми кенже уулу Медер Ахунбаев дагы илимдин доктору болгон, бирок тилекке каршы, оорудан улам кайтыш болуп кеткен.

Бут тосуулар жана кырсык

Кыргыздын бактына жаралган таланттуу хирургдун ийгилиги айрымдарга жакпагандыктан, Иса Ахунбаев көп жылдар бою топтогон тажрыйбасын ишке ашыра баштаганда, аны кызматтан кетиришет. Буга «улутчул» деген куру шылтоо себеп болгон. Маркум Дооронбек Садырбаев белгилүү хирург менен Кыргызстандын Компартиясынын биринчи катчысынын ортосундагы пикир келишпестиктерге токтолуп, Иса Ахунбаевди «бийлик менен күрөшкөн улуу оппозициячы»деп атаган. Хирургду «улутчул» деп күнөөлөө күчүндө турган кезде, 1975-жылы Иса Ахунбаев автокырсыкка кабылып, аны менен чогуу жубайы, кызы жана күйөө баласы көз жумган. Эл арасында бул кырсыкты улуу инсанды өлтүрүү үчүн атайын уюштурулган деген божомолдор бар.

Эскерүүлөр

Анара Ахун002 Кызы Анара Ахунбаева: Атам аябагандай, токтоо, принципиалдуу, жоопкерчиликтүү киши эле. А үйдө болсо бизге мээримдүү ата болчу. Ал дайыма китеп окучу. 50 жашында да Москвага операция боюнча билимин жогорулатуу боюнча окууга кеткен. Апамдын да кесиби врач эле. Бир машинада баратып, атам, апам, эжем жана анын жолдошу жездем каза болгон күндөр биз үчүн аябагандай оор трагедия болгон. Ал күндөрдү эстөө биз үчүн оор. Ошол каргашалуу автокырсыкты атайы уюштурушкан деген да божомолдор бар. Биз 5 бир тууганбыз. Ошол бир туугандарымдын балдары да атамдын жолун жолдоп келатышат. Менин кызым Жибек Чолокова — уролог. Бир тууган инимдин баласы Сталбек Медерович Ахунбаев учурда онкология институтунда иштейт. Автокырсыкта каза болгон Чынара эжемдин баласы Алмаз Тентимишев кесиби боюнча хирург.

Мен да атамдын кесибин улап, врач болоюн деген оюм бар эле. Бирок атам мага филолог болууну сунуштаган. Иса Ахунбаевдин кызы экендигиме сыймыктанып жашап келем. Атам операция кылган адамдар бүгүнкү күндө да жашап жатышат. Алардын кыздар-балдары рахмат айтып, ыраазычылыгын билдирип турушат.

И.Ахунбаевдин жээн небереси Алишер Алдашев: «Мен таятамды кыргыз медицинасынын өнүгүү ишине кошкон салымы үчүн эмес, баарынан мурда, анын адамдык парасат-сапаттары үчүн өтө жакшы көрүп, урматтайм. Ар бир жекшемби күн сайын таятам бардык неберелерин үйүнө чакырып, кечки тамакка отургуза турган. Бул өзү башынан келаткан калыптанган салт өзгөчөлүгү эле. Балким, ушундай эң ыймандуу көңүл буруудан улам, биз баарыбыз өз ара ынтымактуу, абдан карым-катыштуу болуп өстүк окшойт.Таятамдын жанында болуу мага ар качандан бир качан майрам сыяктуу эле. Мектепте окуп жүргөн тестиер чагымда да, студенттик күндөрдү баштан өткөргөн оттуу курагымда да ошондой болду. Бала кезимде не бир укмуштуу жомоктор менен окуяларды айтып бергенде, алардын айрым бирлери бүт өмүр бою унутулбай эсимде калды. Корней Чуковскийдин эң сонун жасалгадагы 5 томдук китебин тартуулаганда кандай чоң кубанычка баткандыгым эсимде. Анын терең акыл парасаты, бай ички дүйнөсү мени бир керемет нерседей бардык учурда таңгалдырып келет. Мектепти аяктагандан кийин медицинадан алыс турган кесип жолумду тандап алдым, бирок андан таятам экөөбүздүн ысыктыгыбыз да, көз караш жагынан жакындыгыбыз да солгундап кеткен жок. Тескерисинче, таятам экономиканын негиздүү маселелерин жакшы талдап, көптөгөн окумуштуулардын өмүр баяны менен тааныш болуп жана да, ага кошумча, ар нерсеге ынтызар философ экендигин билгенимде, таңданганымдан оозум ачылып калган. Кыскасын айтканда, таятам көп кырдуу адам. Ал шахматты, шашкини, анан бильярдды да эң сонун ойнойт. Мен анын не бир талаш-тартыштуу кырдаалда өзүн жоготуп, үнүн көтөрүп сүйлөгөнүн билбейм. Дегеле анын мээнеткечтиги бир укмуш касиет. Кээде ушунчалык ишке берилип кеткендиктен, жатып уктаганды да унутуп калчу.

Кеч киргенде өз өмүрүнүн кызыктуу окуяларынан айтып бергенди жакшы көрчү. Ал ар дайым үйүнө мейман чакырчу. Билимдуу, маданияттуу кишилер адамды байытып, көңүлүн өстүрүп коңт эмеспи, андыктан таятам менин да андай меймандар менен жакын отуруп баарлашып-сүйлөшүүмдү каалоочу. Анын ушундай жакшы шарапаты аркасында мен Ринат Акчурин, Роза Отунбаева сыяктуу көптөгөн кызыктуу адамдар менен бетме-бет сүйлөштүм...»

mirrahimov_foto1 Академик Мирсаид Мирхамидович Миррахимов: «Исхак Раззаковичти мен биринчи жолу көргөндө ушунчалык жылдызы жайнаган, көздөрү бажырайган, адамды магниттей өзүнө тартып турган чечен киши экендиги көрүнүп турду. Анын отличник студенттердин алдына чыгып: «Айланайын жаш досторум, мыкты билим алгыла. Күнүмдүк женил оокат, протекционизмге (ал профсоюз ж.б. башкаруу органдарын айткан экен!) алданбагыла. Өз кесибиңерди сүйүп, такай мээнеттенсеңер силерди ошол көкөлөтөт, ошол эрезеге жеткирет!» - дегени ушул азыр да көңүлдөн кетпейт. Арбагы ыйык кайран кишинин ошол сөзүнөн кийин, бу башкаруу аппаратында деле сонун кишилер иштейт турбайбы деп өзүмчө ойлонуп калгам. Болбосо, дегеле керсейип бой көтөргөн, чыртылдак чиновниктерди бүт натурам менен жактырбай, жаман көрөөр элем..».

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×