Добавить статью
7:37, 16 июня 2011 100830

Ч.Айтматовдун чыгармаларында кыргыз тарыхы жөнүндөгү ойлордун чагылдырылышы

Азыркы замандын чыгааны, элибиздин туу тутар жазуучусу Ч.Айтматовдун чыгармаларында кыргыз тарыхына жана этнографиясына, нравалык, психологиялык өзгөчөлүктөрүнө так токтолгон, ошону менен катар эле Айтматовдун эмгектеринде совет доорундагы элдин социалдык –экономикалык абалын так чагылдырган. Ч. Айтматов жазуучу гана болбостон, ал элдин тарыхын көркөм каражаттар аркылуу баяндаган улуу инсан. Анын чыгармаларында бир гана кыргыз этносунун жашоосун гана чагылдырбастан, адамзаттын тарыхый социалдык проблемалары жөнүндө да баян эткен. Демек, Ч. Айтматов кыргыз маданиятынын алтын күзгүсү гана болбостон, бүтүн бир адамзаттын руханий кенчинин алтын күзгүсү экендигинде эч кандай шек саноо жок, ошондуктан биздин кыргыз улутубуздун сыймыгы жана кенчи. Алгач Ч.Айтматов менен М.Шахановдун «Аскада калган аңчынын ыйы» аттуу чыгармасына токтолсок, анда жалпы эле түрк элдеринин тарыхынын, индоевропалык элдер менен болгон этногенетикалык байланыштарына назар таштаган, башакача айтканда кыргыз, түрк, казактар, өзбектердин жана эң негизгиси кыргыз элинин карышкырдан тараганбыз же кызыл иттен тарагандыгы жөнүндөгү мифтери, ошондой эле усундардын, римдиктердин канчык карышкырдан таралганбыз деген мифтердин, биздин элибиздин мифтери менен окшоштуктары да бул тарыхый чындыктын бар экенин , азыркы кезде илимпоздор тарыхчылар айгинелеп жатат. Айта кетсек, биздин ата- бабаларыбыз индоевропалыктар элдер менен эриш аркак жашап, алардын маданиятына, тилине, алардын маданияты биздин элдин маданияты менен аралашып, бүтүн бир маданиятты жаратканын карт тарых өзү айкын көрсөтүүдө жана барган сайын далилдеп жатат. Байыркы биздин ата – бабаларыбыз болгон гунн (оң)-кыргыздары (V кылым) Манас эпосунда баяндалгандай Урум (Рим), Жейткайтка (азыркы франция) чейинки жерлерди аскер башчы, чыгаан полковедец Эдил Муүзук уулу баштаган аскерлер каратып алганын карт тарыхтан билебиз. Атилла деген ысым кыргыз тилинде ат, ил- титулдук түшүнүктү берүү менен бирдикте көрөгөч дегенди билдирет. Эдилдин хандын аскердик чеберчилигин биз кыргыздар ар тараптуу изилдеп, анын 1600-1800 жылдыгын белгилесек тарых үчүн тактык болмок. Демек, азыркы кездеги аалымдардын, изилдөөчүлөрдөн А.Бекбалаевдин «Гунндар», Эсен уулу Кылыч «Азия или кочевники Азы», К. Мусаев «Тюрко-иранские культурно-языковые контакты», О.Сулейманов «Азия», С.А. Наркеев «Евразиянын аймагындагы байыркы көчмөндөр жана кыргыздар», С.А.Наркеев, К.Айдаркулов «Евразиянын аймагындагы байыркы кыргыз уруулары», ошондой эле Байас Туралдын, ушул сыяктуу изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде ачык айкын, лингвистикалык, этникалык, руханий байланыштардын бар экендигин далилдеген фактылар улам изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде далилденүүдө. Мына ушул изилдөөлөрдүн башатын, идеянын авторлору- бул биздин Ч. Т. Айтматов, М. Шаханов болуп эсептелет. Ал эми элибиздин тарыхына жазуучу катарында Ч. Т. Айтматов «Ак кеме» повестинде бир топ чеберчилик менен элибиздин Манас эпосундагы кыргызымдын орто кылымдагы, тарыхый сөз менен айтканда 7-8- кылымдардагы Түштүк Шибер (Сибирь), Эне-Сай аймактарында жашап, андан кийин Алтайдан Ала-Тоого көчүүсүн, Манас эпосундагы кыргыз элинин ата-журтуна кайрадан келишин миф менен берүүгө аракеттенген, ошондой эле 708-709-жылдардагы Барсбек кагандын эгемендик үчүн күрөшүнүн жеүилишин Бугу эне туралуу мифи менен байланыштуу карасак да болот. Ошол эле учурда кыргыздын бугу уруусу жөнүндөгү уламышта айкын баяндалат. Биз кыргыз элибиз ар качан ат-журтубуз Евразиянын кеү мейкининде болгонун билишибиз керек, анткени биздин ата-бабаларыбыз Евразиянын кеү талаасында жети атасын билип, жоокердик сезимдер менен балдарын тарбиялаган, балдары 12-13 жашынан ат зстүндө чоүойгон, жоогон аттанган, жоодон качпаган, ат жаныбарын өз Жаны менен бирдей караган жана туугандык сезимдери менен бардык түрк эли менен карым катышта жашап келишкен. бугу эне жөнүндөгү уламыш байыркы гергестер- кыргыздар (гергестер- кыргыздардын-автор ) жөнүндөгү маалыматтарда, алар бугунун айкелдерин жасашкан, кээ бир археологиялык маалыматтарында мүйүздүү эненин сүрөтү тартылган сүрөттөр кездешет. Бугунун айкелдери Түштүк Шибер, Кыргызстан, Казакстандын аймактарынан табылган алтындан жасалган бугунун сүрөттөрү буга далил. Бул негизде С . Черников бугунун сүрөтүн скифттер жандуу жана реалдуу тартышкан-, деп эскерет. Демек, Ч.Айтматовдун чыгармасында айтылган, айткан Бугу эне жөнүндөгү уламыш , гергес, кыргыз элинин тотемдери болгонун тарых тастыктап жатат. Элибиздин Энее-Сайдан байыркы ата-бабаларыбыз жашаган аймакка келиши, Ысык-Көлдү кайрадан байыр алышы- окумуштуу Аристов айткандай усун-кыргыздарынын бул жерде шаар куруп, Кызыл шаар деп шаарды негиздешкен. Ошол эле учурда Ч.Айтматов кийин бул тууралуу: «Человек формировал свой духовный мир через познания внешней природы и осознавал себя как часть этой природы» 1. Айтматов ч. Необходимые уточнения. Литературная газета. 1970,20-июля.

Бул эмгегинде байыркы кыргыз элибиз ар дайым табият менен эриш-аркак жашап, жандуу жаратылыштын сырларын бизге караганда алда канча жакшы билишкен баян этет. Андыктан, байыркы кыргыздардын табият менен эриш- аркак жашоо образы, байыркы кыргыз уруусунун тотемдик сыйынуусунун негизинде пайда болгон жана тарых булактарында байыркы убакта кыргыздардын ата бабалары атайын бугу коругун уюштургандыгын кытай тарыхчысы Сыма Цян жазган. Демек, баланын Момун чал айткан Бугу-Эне жөнүндөгү айткан легендасы аркылуу Момун аксакал бул жомок аркылуу биринчиден элибиздин тарыхын, салтын, маданиятын кийинки урпактарга үйрөтүү милдетин так аткарган болсо, ошол эле кезде, экинчиден ал өзү Орозкул сыяктуулардын курмандыгы болуп калат. Орозкул өз элинин тарыхын, маданиятын, улуттук тилин сыйлабаган,түркөй адам катары көрсөтүлөт жана ал бугу-эне жөнүндөгү жомокко ишенбейт, анткени ал бүгүнкү күн менен гана жашап, өзүнүн улутун, ата-журтун, эне –атасыын ким экендигин билгиси келбеген тексиз экенин көрсөтөт. Орозкул сыяктуулар орус империясынын туткунунда, тоталитардык саясаттын курмандыгы болушкан. Ошону менен катар эле коммунизмдик саясаттын бетин ачып көрсөткөн. Ал эми бала булактай аруу, тунук, Бугу-эне жөнүндөгү жомокко кызыгат, аны турмуш чындыгы катары кабыл алат, бул дегендик жазуучу баланын кыргыз улутунун тарыхына, ата-бабалардын басып өткөн жолуна кызыгуусу, элдин тарыхына, маданиятына болгон таза сүйүүсү, урмат көрсөтүүсү, ошондуктан Нургазы- бала бабалардын таза тарыхы, салтын сыйлоо менен жалпы эле кыргыз элин, улуттун тарыхын, маданиятын, адамзаттын басып өткөн жолун сыйлоого, табиятты коргоого чакырык таштап жатат. Дал ошол учурда биз сыяктуу билим алган жаштар орус тарыхы, маданияты менен суугарылып, аны менен дем алганбыз жана өз элибиздин тарыхын мектептерде окубай, өз тилибизде сүйлөсөк өгөйлөнгөнбүз, ошол кырдаалды жазуучу өтө кылдаттык, чеберчилик менен тарыхтын чындыгын ачып көрсөткөн. Ошондуктан жазуучу катарында, өткөн тарых менен бүгүнкү күн айкалышканда гана кыргыз эли жана адамзат өнүгөт деген улуу маселени мезгилге жараша ачык коюп жатат. Демек, биз ошондо гана табияттыбызды, улутубузду, этностордун жок болуп кетүүсүн сактап калабыз деген маселе айтылууда.

Жазуучунун «Биринчи мугалим» аттуу чыгармасы Кыргыз жериндеги алгачкы совет бийлигинин орношу, башкача айтканда 1921-25-жылдардагы жер суу реформасынын мезгили, ошондой эле 1930-жылдардагы жаүы заманды куруу, тап күрөшү, сабатсыздыкты жоюу мезгилине туура келген. 1930-жылдардан баштап биздин кыргыз өлкөбүздө сабатсыздыкты жоюу үчүн күрөш башталган. Бул күрөш «сабатсыздык жоголсун!» деген ураандын астында ишке аша баштаган. Натыйжада БКП (б)нын Кыробкому атайын токтом кабыл алат, ошол токтомдун негизинде жер-жерлерде комсомолдор, коммунисттер, мугалимдер жана жалпы эле жаштар, калк массалык түрдө сабатсыздыкты жоюу үчүн жүрүш башталган. Сабатсыздыкты жоюу үчүн атайын 70 миү нускада китеп чыгарылган болсо, анын 40 миүи кыргыз тилинде жарыкка чыккан. Ал учурда башталгыч билимге ээ болгондор балдарды жана сабатсыздарды окутушкан. Ошондой билимге ээ болгондордун бири Дүйшөн, алар жан дили менен балдарды окутушкан. Айрыкча сабатсыздыкты жоюуда Алтынай сыяктуу кыз-келиндердин билим алуусуна көп көүүл бурган.

Жазуучунун «Гүлсарат» повести кыргыз элинин турмуш образын, болгондо да жылкы жандуу көчмөн кыргыздын тарыхын, жашоосун жылкы менен биргеликте караган, себеби жылкы кыргыздын байыртан барктап келген жаныбары, байыртан кыргыз баласы жылкысы менен, күлүк аты менен кытай, персиялыктарга таанымал болушкан. Тээ, б.з.ч.3-кылымдарда «асман аттары» бар эл деген ат менен тарых беттеринен орун алганы бизге белгилүү. Г.Гачев мырза өз учурунда:1 «Для кочевника же разум живого есть непосредственная данность и достоверность, его и доказывать нечего» Чындыгында кыргыз баласы үчүн ар бир жандуу нерсенин ээси бар, колдоочусу бар деген түшүнүк жашайт. Маселен жылкынын пири, колдоочусу Камбар Ата, Төөнүн пири-Ойсул Ата ж.б.

Ч.Айтматовдун «Чыүгыз хандын ак булуту» деген чыгармасы тарыхый окуяны көркөм сөз каражаты менен баяндаган. Ал чыгармадагы Чыүгыз хан тарыхтагы реалдуу инсан, башкача айтканда Темучин- Чыүгыз хан 1206-жылы моүголдордун жалпы курултайында хан болуп шайланат. Мына ошондон баштап, ал улам хандыктын аймагын кеүейтип олтуруп, өзүн «төгөрөктүн төрт бурчунун ханымын» деп, бийликтин кубаты менен табияттын мыйзамдарына каршы мыйзамдарды кабыл алган, айрыкча ал боюнда бар аялдардын курсагын жардырганын тарых булактары да далилдейт. Мисалы: « Жувейнинин айткандарына караганда: бир аял алар алдында жан алгычынан кечирим сурап жалынып, жалбарган. өзүн курман кылып, жутуп жиберген дүрүн берүүнү айткан. Моүгол ошол замат аялдын курсагын жарып, ырас эле аерден дүр тапкан. Ошондо кийин бардык туткундардын курсагын жарып көрүүгө буйрук кылган. 1220-жылдары Бухараны басып алганда , бардык үйлөр тепсенделди. Бүт сандыктардын кулпусу бузулду, эсеп жеткис казыналар заматта таланды. Китептерди тытып, аттардын туягында тепсетишти. Ыйык китептер сакталчу сандыктарды аттарына жем акыр катары пайдаланышты» 1. Герман Вамбери . Мурас.1. 1995. 46-бет. Чыүгыз хан бир күндө Самаркандда 30 миү адамды өлүмгө буюрган. Ооба Чыьгыз хан жөнүндө жазуучунун айткан ойлоруна карасак, анда: «Чингизхан был в высшей степени человеком дела, расчетливым и прозорливым». Чыүгыз хан тарыхта өз мезгилинин полковедеци жана адамзат тукумун кыйраткыч адам катары да тарых барактарынан орун алган инсан. Ар бир инсандын теүирим берген тагдыры бар, же кыргыз эли айткандай теүирдин жазганы, ар бир адамдын жылдызы жана колдоочусу болот. Ал ганамес Александр Македонскийдин да колдоочусу куш, ак булут болгон болсо, ал эми жазуучу чыгармасында Чыүгыз хандын да колдоочусу Ак булут деп эсептеген, ошол эле учурда ар бир инсандын теүир берген колдоочусу бар деп эсептөө менен бирдикте, Ак булут-Көкө теүир, Жер эне жана эненин ак сүтү деген тереү мааниси бар жалпы адамзаттык тарыхый өнүгүүдө ушул жогорудагы үчилтикке маани берген, эгер Адам Чынгыз хан каардуулугун токтотпогондуктан, аны тениримдин ак булуту колдобой калды деген элдик философияны баян эткен.Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы тылдагы кыргыз аялынын образы аркылуу уулунан, өмүрлүк жолдошунан ажыраган1 кыргыз аялзатынын муү –зары , жер эненин оор абалын бир бүтүндүк менен караган. Ооба чыгармадагы согушка кеткен Масалбек сыяктуу кыргыздын 365 миүден ашык эр жигити согушка барып, анын жарымынан көбү кан майданда баатырларча курман болушкан. Анын башкы маселеси адамзаттын жана этностун эне сүтү менен кошо жаралган эне тилин, маданият, салтын улантуу, сактоо болуп эсептелген. Азыркы ааламдашуу процессинде биз кыргыздар өткөн кылымдын 80-90-жылдарында өз эне тилибизди, тарыхыбызды жериген элек. Эне тил жөнүндөгү маселени Айтматов ар бир чыгармасында айтып келген, ал ганамес 1989-жылы 21-сентябрында кабыл алынган кыргыз тили тууралуу мыйзамдын, мамлекеттик статуска ээ болушуна Айтматовдун ролу чоү экенин баса белгилегенибиз туурадыр. Ошондуктан биздин элдин оор саясый, маданий, тарыхый жоготуу абалын Ч.Айтматов, ушул чыгармасында айтканына назар таштасак, анда: «что громогласно отрицали любые национальные ценности вплоть до отказа родного языка» деп айтканы бар. Бул учурдагы кыргыздарга, кыргыз интеллигенциясына айтып жаткан жазуучунун кулак кагышы эле. Чындыгында совет доорунда кыргыз элинин айылдан шаарга барган өкүлдөрү орус тилин жан үрөп үйрөнгөн жана биз мектепте окуганда 1975-жылдардан баштап ар бир үчүнчү күн орус тилинин күнү деп, бардык окуучуларды орус тилинде сүйлөгүлө, маданияттуу болосуүар деп кыргыз тилин өгөйлөткөн күндөр болгон. Биз ал учурда этибарга албай, орус тилин үйрөнүүгө аракет этчүбүз, көрсө биз кыргыздар өз тарыхыбызга, салтыбызга, тилибизди жериген улуту жок, кош аү- сезимдүү улуттун өкүлү болуп калыптана баштаган экенбиз. Байас Турал айткандай биздин саясый элиталарыбыз жана мамлекет жетекчилерибиз кыргыз тилине кош көүүл мамиледе, өзүбүз эгемендик алгандан бери деле кыргыз тили мамлекеттик статус алган менен эч кандай өнүгүү өсүүгө ээ болгон жок, демек, тилди өнүктүрүү үчүн, башкача айтканда адегенде биз кыргыз тилин, элин бир дарактын өзөгү деп эсептесек, ошол дарактын өзөгүнө, тамырына азык беришибиз керек, ал эми анын бутактарын кыргыз жерибизде жашап жаткан башка улуттун өкүлдөрү десек, анда биз дарактын тамырына, жана өзөгүнө азык беришибиз эү зарыл. Демек, Ч. Айтматов өз учурунда тартынбай айткан ойлору чындык болгонун, учурда сезип, өз эне тилибиздин баалуулуктарын жериген учур болгонун моюндап жатабыз, ошондуктун жогорудагы Байас Турал айткандай биз жергиликтүү кыргыз улутунун тилине көүүл бөлүү зарыл. Эү ириде кыргыз улутубуздун өз жеринде тилине көүүл бөлбөсөк, анда тарых барактарынан кыргыз улуту жок болуп кетет. Улуттун, этностун жок болуп кетиши, биринчиден сырткы басып алуудан, экинчиден колонизаторлордун улуттун алдыүкы катардагы инсандарын акырындык менен репрессиялашы жана жергиликтүү калкты ортозаар абалда кармап туруусу, жергиликтүү калктын басып алган эл менен аралашып кетүүсүнө шарт жаратат. Ошондуктан биз кыргыздар азыртан элибиздин эне сүтү менен жаралган тилибизди өз мекенибизде колдонууну күчөтүүбүз керек, саясый жетекчилер тилибиздин колдонушун турмушка ашырууга бекем туруусу, саясый эрки зарыл, элдин тарыхын, маданиятын жаштарга тереүдеп үйрөтүү башкы маселе болуш керек, тилекке каршы биз сенектик доордун калдыгынан биз коштошо албай жатабыз. Ушул доорду тарыхта учурду «сенектик доор» деп аташкан. Бул мезгилде, көрсө биз улутубуздун баалуулугуна кызыкпай, тарыхыбыздан ажыраган адамдардын катарын толуктаган турбайбызбы. Демек, чыгармада Чыүгыз хандын энелердин төрөөсүнө тыюу салуусу, бул бүтүндөй адамзат тукумуна, табияттын закондоруна тыюу салуу эмеспи, ошол эле учурда этностук өзгөчөлүккө да тыюу салуу дегенди билдирет. Жазуучунун ар бир жаралган чыгармасы бирин-бирин толуктап, улуттук деүгээлдеги проблемадан баштап, жалпы адамзаттык баалуулуктарга көтөрүлүп чыгат жана ар бир улуттук, адамзаттык балуулуктарды коргоо керек деген маселени көтөрүп чыгат.

Ч. Айтматовдун «Гүлсарат» повестинде Танабайдын жаштык курагы жаүы заманды курууга багытталат, жаүыдан курула баштаган совет өлкөсү, кыргыз жерибиздеги колхоздоштуруу, коллективдештирүү мезгили 1928-жылдан баштап тездик менен ишке ашырылган. Кыргыз АССРнин Советтеринин 3-курултайында 1931-жылы «Колхоз курулушу жөнүндөгү» резолюция кабыл алынган. Анда: 1928-ж.287ден, 1929-жылы 534кө, ал эми 1931-жылы 610го жетти, ал эми колхоздоштурууга жыйырма беш миүчилер активдүү катышкан. Коллективдештирүүдө зордук-зомбулук күчөгөн, мал чарбасы бүлгүнгө учураган. Колхозго малын бергиси келбегендер малын союп жеп, сатып жок кылган. Натыйжада1930-жылы ийри мүйүздүү малдын саны-24, 4 пайызы, жылкы- 18, 5, кой-эчки-15, 5 пайызга азайган. Эгинди конфискациялоонун натыйжасында үрөн калбай калган. Элди отурукташтырууда 20-жылдары42 миү чарба отурукташкан болсо, ал эми 30-жылдары 85 миү чарба көчмөн абалда калган. Натыйжада 1931-жылы 3-Апрелде «Республиканын көчмөн жана жарым көчмөн калкын отурукташтыруу жөнүндөгү» токтому кабыл алынган.Осмонов ө.Ж. Асанканов А. Кыргызстан тарыхы 340-бет. Б., 2003. «Гүлсарат» повестиндеги Танабай сыяктуулар отурукташтыруу жана колхоздоштуруу учурунда улуттук баалуулуктарга түшүнүп, түшүнбөй «жоголсун боз үй, эскиче жашоо жетишет»,-деп кыйкырып чыгышкан. Мына ушул көрүнүштүн өзү элдин кылымдар бою боз үйдө жашап келген кыргыздар, жаүы заман келгенде боз үйүн жараксыз деп Танабай сыяктуулардын каршы чыгуусу, чындыгында бул кыргыз улутунун өткөнүнө, материалдык баалуулугуна ок атуу болгон, ал гана эмес мечиттер таланып тонолгон, кыйратылган. Натыйжада карама-каршылыктар, айрым бир түшүндүрүүлөр менен кыргыз калкы отурукташа баштаган. Маалыматтарга карасак, анда: 1933-жылы 43, 3 миү чарба отурукташкан, 148 айыл кыштак негизделген. Отурукташкандар үчүн 2,5 млн гектар айдоо, чөп, жайыт бөлүнүп берилген. Гүлсарынын арманы эркин жүргөн кыргыз жылкысынын тагдыры, байыркы кыргыздар тарых булактарында «асман аттары» менен тарыхта таанылган, бул жагы римдиктер, тигил жагы кытайлыктар көз артышкан. Ошондуктан кыргыз элибизде «ат- адамдын канаты», «Атаү барда эл тааны, атыү барда жер тааны», «Ат, аттан кийин жат» деген макал-лакаптар эл арасында айтылып калган. Энее-Сай жазууларында ак боз ат, Акула деген аттардын аты кездешет. Демек, «Гүлсарат» чыгармасындагы Гүлсараттын тагдыры менен Танабайдын тагдырын бөлүп кароого болбойт, себеби кыргыз элинин тагдыры, тарыхы мына ушул маселеде билинбеген жип менен чырмалышкан сыяктуу баса көрсөтүлгөн.. Ч. Айтматовдун «Бетме-бет», «Саманчынын жолу», «Эрте келген турналар» деген чыгармасы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына арналган. Кыргызымдын жеринен бул согушка 363,3 миү адам согушка кеткен болсо, анын ичинен 1395 аял согушка барган. Бул согуштун азабын совет эли менен бирдикте кыргыз эли азабына кыйынчылыгына чыдап, фашизмге каршы күрөш жүргүзгөн, тылдагы энелердин, келин кыздардын, балдардын эрдиктерин эмгегин баалоого арзыйт. Биз адамдар кыялыбызда эркиндик, теүдикте жана бактылуу жашоону эүсейбиз, ал эми турмуш чындыгында бул маселе өтө эле бир топ күрөштөр аркылуу жаралат, бактылуу турмушту куруу үчүн идеологиянын, жеке амбициялардын курмандыктары болуп, бир топ күрөштөр аркылуу гана ийгиликке жетишебиз.

Улуу Ата мекендик согуш туралуу кийн Ч.Айтматов өзүнүн «Манас атанын ак кар, көк музу» деген очеркинде: Айтматов Ч. соавторство. Землею и водою …с. 174. «Бала да болсо, согуш кезиндеги өспүрүмдөр эү чоү ишке жарашты. Түйшүктү, азапты, аялдар менен катар ошол балдар көтөрдү. Он эки, он үч жаштагы балдар сокочу, орокчу, арабакеч болуп иштеди. 1942-жылы биздин колхоз Арчакулдун жакасынан кошумча 200 гектарга жакын жаздык эгин айдамай болдук. «Эгин – фронтко!»-деген ушул эки ооз сөз менен бары айтылган. Бүгүнкү күндүн шартында эки жүз гектар жерди айдаш деген айтор сөзгө арзыбайт. Бир тракторду жүгүртүп койсо, иш бүттү. Ал эми анда сокосу эсептелүү, ат кошчулук кезде болсо, ал жерди айдоо өзүнчө эрдик болгон… ». Ошол согуш маалындагы балалык учурун эсекерген С.өмүрбаев: «… Согушка кетишкен аталардын, агалардын ордун басып калган, андагы биздин бар аракетибиз чоү жеүишке өбөлгө болбодубу? Ага биз сыймыктанабыз»өмүрбаев С. Бала чак менен кездешүү. Ленинчил Жаш, 1977. 6-январь

Демек, биз ата- бабаларыбыздын алдында ар тайым таазим этип, алардын жараткан эрдиктерин, бүгүнкү учурда өнөр, билим менен эгемен өлкөбүздүн өнүгүүсүнө болгон аракетибизди жумшоого милдетүүбүз. Мына ушундай тылдагы эрдиктери кыргыз элинин баатырдык иш аракеттери аркылуу фашизмди жеүүүгө жол ачты, биз кийинки муундун өкүлдөрү аталардын согуштагы, ал эми тылдагы энелердин, балдардын эрдиктери менен ар дайым сыймыктанууга, алардын улуу иштерин улантууга милдеттүүбүз жана алардай болуп кыйынчылыктарды жеүе билишибиз керек. Ч Айтматовдун Улуу Ата Мекендик согуш темасындагы Ысмайыл сыяктуулардын образы эки тараптуу ойлорду жаратышы мүмкүн, бирок биринчиден чыккынчы болсо, экинчиден өз жеринен кеткиси келбегендигин билдиргендей таасир калтырат, бирок мезгил таразасына салсак, анда ал чыныгы эл душманы бойдон калат, анткени жалгыз бир кедейдин уюн уурданып союп жеп алганы кимди да болсо Ысмайылга болгон жек көрүүсү күчөйт. Чындыгында кийин Айтматовдун карындашы Р. Айтматованын эскерүүсүнө таянсак, анда согуш учурунда биздин бир жалгыз уйбуз бар эле, ал уйубуздун сүтү менен жан сактачы элек деп эскергени бар. Демек, согуш учурунда мындай окуялар кыргыз жерибизде көп болгонун жазуучу өзбашынан өткөргөн окуя аркылуу согуш мезгилин чыгармасында көркөм баяндаган. Ал учурдагы идеологиялык согуш, күрөштөр тууралуу жана согуштан кийинки кансыз согуш күрөштөрү тууралуу баяндаган. Деги эле идеология – бул күчтүү шар аккан суу, ал бет алдынан чыккандын баарын агызып кетиши да ыктымал. 20- кылымда адамзат советтик жана капиталисттик деп айтылган же чыгыш менен батыштын идеологиялык күрөшү болуп келди. Ал күрөштөр адамзаттын өсүп –өнүгүшүндө бир топ эле проблемаларды жаратышты. Жарыша куралдануулар, аү сезимдин күрөшү, тоталитардык режимге каршы күрөш, эркин ойлордун күрөшү болуп келди. Азыркы замандын өнүгүү маселесинде эү орчундуу глобалдык маселелер болгон жарыша куралдануу, нравалык, этикалык эстетикалык маселелер жана жугуштуу ооруулардын адамзатка таралышы, глобализация заманында этностордун, алардын маданияттарынын жок болуп кетүү коркунучтары пайда болуп жатат. Адамзат алдында ядролук кагылышуулар, куралдануулар проблемасы турат. Бул жалпы адамзаттык проблемалар жөнүндөгү маселелер коюлган.

Ушул маселерди камтыган чыгармасынын бири «Кассандронун тамгасы» деген чыгармасы. Мында ар бир Адам өзүнүн келип чыгышын жана жарык дүйнөгө келген ар бир адамдын мүнөзү, психологиясы эне аркылуу калыптанат, демек, элибиздин макалы менен айтсак, анда «балапан уядан эмне көрсө, учканда ошону алат » деген сөздүн калети жок. Ошондон улам байыркы кыргыздар сөөгү таза болсун деп кыз-келиндерге өзгөчө көүүл бөлүп, көчкөндө, жай турмушта болсун өтө кастарлап, кызды кадырлап караган. Ата журтубуздун тарыхы бизди жарык дүйнөгө алып келген энебизге байланыштуу, ошондуктан биз адамзат аялзатына карыздарбыз, эненин басып өткөн жолу, жалпы элдин тарыхы менен тыгыз байланыштуу деген улуу ойду айкан. Ошол эле кезде азыркы күндө бактысыз, кароосуз калган балдардын тагдыры, учурдагы глобалдуу маселелердин доорунда жаралып жаткан балдардын эртеүки жашоосу жана атайын пробиркада жаралган балдардын тагдыры келечеги жөнүндөгү орчундуу, олуттуу маселелерди адамзат алдына суроо салат. Пробиркада чоүойгон бала эртеү кимди барып өз энем деп айтат, анын атасы ким, улуту ким, теги барбы, тарыхы барбы деген сыяктуу толгон токой суроолорду адамзат алдына маселе катары коет. Андай адамда мээрим, боор толгоо деген болобу, же жандуу роботко же робот баштуу адамга айланабы деген оор суроо пайда болот.

Деги эле жазуучунун чыгармалары элдин этнографиясы жана тарыхы менен бир контексте караган чыгармалар, ар бир доор боюнча урунтуу окуялар аркылуу элдин бүтүн бир философиясын, дүйнө таанымын, коомдун өзгөрүшүн камтыган чыгармалар. Ч. Айтматов өзүнүн керемет чыгармалары менен кыргыз элин дүйнө элине таанытты жана таанытып жатат. Биз жаштар Айтматовдун чыгармалары менен тарбияландык, таасирлендик, бул чыгармалар тек гана руханий байлык гана болбостон, биздин элибиздин философиясы жана тарыхы, этнографиясы катары биздин эл үчүн жана адамзат үчүн кызмат кыла берет деген зор ишенимдебиз. Ч. Айтматов КЫРГЫЗ маданиятынын алтын күзгүсү гана болбостон, бүтүндөй адамзаттын руханий дүйнөсүнүн алтын күзгүсү болуп саналат.

Адабияттар:

1. Айтматов Ч. Необходимые уточнения. Литературная газета. 1970, 20 июля.

2. Герман Вамбери. Мурас. 1. 1995., 46-бет.

3. Байас Турал. Тил- улуттун жаны Б., 2008. 21-бет.

4.Осмонов ө, Асанканов А. Кыргызстан тарыхы Б., 2003.,340-бет.

5. Айтматов Ч. Соавторство. Землею и водою с…174.

6. өмүрбаев С. Бала чак менен кездешүү. Ленинчил жаш, 1977. 6-январь.

7. Гачев Г. Чингиз Айтматов и мировая литература Ф.,1982. 174-бет.

8. Наркеев С.А. Евразиянын аймагындагы байыркы көчмөндөр жана кыргыздар Б., 2005. 71-бет.

9. Айтматов Ч. Очерки, статьи и рецензии о творчестве писателя. Ф.,1975-жыл 304- бет.

10. Кыргызстан тарыхы байыркы мезгилден Х1Х кылымга чейин.

Б.,2000-жыл.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-06-2011
Байыркы кыргыздын тарыхы кайдан башталат?
63769

04-05-2011
Арийлер - бул чыныгы кыргыздар
59394

04-05-2011
«Манас» эпосу  менен  «Авеста» тагдырлаш
59491

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×