Добавить статью
9:33, 16 июня 2011 63776

Байыркы кыргыздын тарыхы кайдан башталат?

Биздин элдин тарыхы Тоголок Молдонун, Талып Молдонун, О.Сыдыковдун жана Бернштамдын илимий көз караштарын, элдик оозеки чыгармалар менен салыштырып карасак, анда кыргыз элибиздин этнонимии бери эле дегенде 2700 жыл илгери, башкача айтканда биздин заманга чейин үчүнчү миң жылдыктардан башталат. Траыхый булактарга карасак, Шумерлерди Европа окумуштуулары түндүктүн тоолуу аймактарынан келген деп эсепетешет, ошол эле кезде алар өздөрүн каратебетейчендер же гуз, аз уруусунун окүлдөрүбүз деп эсептешкен. Алардын 250дөн ашык тили биздин кыргыз тилибизге окшош экендигин биз өзүбүздүн эмгектерибизде жазганбыз.( караңыз: Наркеев С.А. Евразиянын аймагындагы байыркы көчмөндөр жана кыргыздар).

Шумерлердин эч бир элге таандык болбогон улуу касиети бар деп аалымдар аташат, ал касиет алардын бардык учурда «неме» деген терминди колдонушканын , бирок аны түшүнүшпөгөнүн айтышат. Биздин көз карашта ал кыргыз элибизде күндөлүк турмушубузда колодонуп жүргөн неме, эме, ме, деген термин сөздөр бар, бул терминдер бизге байыркы шумер кыргыздарынын дүйнө таанымынан ачык байкалат. Теңирчиликте бул термин өтө кенен колдонулган. Ал гана эмес учурда биздин күндөлүк тумушубузда да немее, ме деп тигил же бул нерсени бергенибизде жана ар бир жердин ээси, меси бар деген түшүнүк, ошондой эле ар бир тенирдин жаратканынын меси бар деген түшүнүктүн дагы да бизде орун алып келет. Мына ушунун өзү биздин элдин теги байыркы шумерлерден башталат дегенди билдирет эмеспи. Булар кудайды – ТЕНИР деп аташкан. Башкаруучуларын кээде Тенир, Каган деп атап келишкен. Ондук саноо системасы болгон, учурда бул саноону биз кыргыздар малды саноодо көп колдонобуз. Андан башка өлчөө, системасында да кап, куржун деген, чыканак деген чен өлчөмдөрдү байыркы шумерлерден бизге келип жетти. Мисалы: ка- сила, биздин элде каруу, каруулуу киши, ошондой эле бир,бирден, торт, беш деген сандарды саноо эрежеси бар. Эң башкысы нанды алар, Нин деп аташканы бизге белгилүү. Биздин элдин бир бутагы болгонт шумер бабаларыбызды аалымдар алыскы тоолордон келгендигин айтса, ал эми алардын элдик эпосу болгон «Билкенеш- Гилгамеш», биздин «Манас», «Эртөштүк» эпостору менен куюп койгондой окшоштуктарын айта кетүү керек. Манас эпосундагы Шоорук канды - Саргон, Манас эпосунда «Бабылга барган көй баатыр, Бабырашып отурган » деп баяндалат. Бабыл шаарын биздин бабаларыбыз «Кадингир- Тенирдин каалгасы, орус тилинде Ворота бога» деп аталганын илимий негизде биз жазып чыкканбыз. Демек, элдик оозеки чыгармаларда бекеринен шумерлерди биздин бир бутагыбыз катары карашат, себеби карагуздар же кара кыргыз деп аталган биздин бабаларыбыз байыртан эле цивилизацияга чоң салым кошконун баса белгилешибиз керек. Бул багытта биз өзүбүздүн макалаларыбызда жазганбыз. Байыртан эле чыгыш менен батыш элдери тынымсыз карым катышта жашап келген деген оюн Оппенхейм деген аалым жазган. Булардын маданиятын улантуучу эл- гергесдер болуп саналат. Алардын кийген кийимдери калпак, тебетей болгон, бул маданиятты кийин түздөн – түз «Ыйык инжилде» гергесдер деп аталган болсо, ал эми тарыхый булактарда хет деген ат менен белгилүү. Бул элди окумуштуу Сайис мырза түрк эли деп эсептейт, алардын кийген кийими жана салты, дүйнө таанымы Тенирчилик менен байланышкан. Бут кийими кийизден жасалган, падышасын «Ажо» деп аташкан. Абдан жоокер эл болушкан. Көкө Тенирге сыйынышкан, жолборс, арстан жарыштарды уюштурган. Хетт. тили Катан- кыргыз тилинде катын, ас-ат, уту-от, ата-ата, кы-кыр, Кир-кир, кирүү ж.б.у.с.100дөн ашык сөздүн окшоштугун табууга болот. Алар кылычка сыйынган, ал кылыч «Меч бога- тенир кылыч- же Манастын аркескенин айтсак болот», ошондон улам биздин бабаларыбыз «көк кирип, кызыл чыксын» деп кылычка карап сыйынган. Ал эми «Кибеле- Великой матери- Жер эне, Кутман жер» ошентип, алар жер- сууга, күнгө, айга, тоо -ташка, асманга тогуз тенирге сыйынган, мына ушунун өзү эле айтып турат – булар биздин ата –бабаларыбыз болуп саналат. Алардын кийген кийимдери калпак, Карабелдеги үнкүрдүгү жоокердин сүрөтү эле ачык айтып турат. Анда оң колунда жаа асынган, сол колунда найза, белинде канжар, төбөсү бийик калпак, бутунда кийизден жасалган бут кийими бар, жоокер тартынбай алга карап, кетип бара жаткан байыркы кыргыз жоокерин элестетип турат. Мына ушунун өзү эле айтып турбайбы булардын тамгаларында тоонун элементи бар экендигин жана алардын кол өнөрчүлүгүндө кыргыздын шырдагындагы бардык фигураларды байкоого болот, ал эле эмес боз үйдүн түндүгүн ачык эле байкоого болот. Алардын философиясында «жылан куш» деген сөз кездешет, бул деген сөз байыркы кыргыздар жаныбарларды канатуулар жана жерде сойлоп жүрүүчүлөр деп бөлүштүрүп карагандыгын жана да куш- бул бакыттын, алгырлыктын, кыраакылыктын, эркиндиктин белгиси деп түшүнгөн, ошондой эле жыланды акылмандыктын, күчтүүлүктүн жана да жамандыктын да белгиси катары кабылдашкан. Ошол эле учурда суук жерден барган эл гана куш-жылан деп бүткүл жер бетиндеги жаныбарларды ажыратып карашкандыгын айгинелеп турат. Андыктан Манас баштаган эпосторубузда алпкаракуш, ажыдаар жылан баатырлардын колдоочусу болуп келген эмеспи. Биздин бабалар аркылуу гана куш- бүркүттүн сүрөттөрү Европа элдерине тараган деп айта алабыз. Алардын закондору катуу болгон, каганга туура эмес кеңеш бергендеринин башы алынган. Эң кызыктуусу эгерде агасы согушта курман болсо, анын аялын инисине алып берүү салты болгонун айта кетсек эле жетиштүү го. Дагы бир айта кетүүчү жагдай булардын аялдары жоокер болгон, белдемчи кийген, ушундай белдемчинин бири этрускилер жашаган аймактан да белдемчинин сүрөтү табылган. Азыркы күндө аалымдар бул кийимди кыргыздардын аялдарынын кийимине салыштырууда жана бул кийимди ат үстүндө жүргөнгө ылайыктуу кийим деп эсептешүүдө.

Демек, белдемчини кыргыз аялдары гана кийген деп айтууга туура келет жана бул кийим ат үстүндө жүргөнгө ылайыкташкан. Гергесдердин кол өнөрчүлөрү «күмүш калпак кийген» жоокердин сүрөтүн даана айкелин жасашкан, мына ушунун өзү эле айтып турат байыркы гергес, шумер, сактардын теги бир эл деген илимий көз караш азыркы күндө жаңыдан башталды. Алардын дини, дүйнө таанымы, салты боюнча окшош сактар апа кудайына-тенирине, ата-баба тенирине ишеним артышкан. Мисалы алардын гойтосир-кой-тоо-текеге сыйынуу болгон, учурда кыргыздарда ал тенирде кочкората тенири менен биргеликте кароого болот. Алардын тамак ашы бозо болгонун айта кетсек жетиштүүдүр, ал эми алардын падышасынын бирин Испакай, биздин көз карашта Манас эпосундагы акылман Бакай деп айтууга толук негиз бар, бул жөнүндө эмгектерде айтканбыз. Сөздүн ток этер жерин айтканда шумерлер, гергесдер жана сак кыргыздарынын толук маданиятын учурда кыргыз эли улантып жатат. Келечекте бул багытта толук изилдөөлөр али алдыда деп айтсак болот.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-06-2011
Ч.Айтматовдун чыгармаларында кыргыз тарыхы жөнүндөгү ойлордун чагылдырылышы
100839

04-05-2011
Арийлер - бул чыныгы кыргыздар
59399

04-05-2011
«Манас» эпосу  менен  «Авеста» тагдырлаш
59498

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×