Добавить статью
12:30, 22 июня 2011 109680

Бакал уурусу

Бул санжыра Сапарбай Жаңыбай уулунун санжыра китебинен алынды.

Эми мен Бакал уруусуна көбүрөөк токтолуп кетмекчимин. Анткени, мен ушул уруудан боломун. Жогоруда айтылгандай, Бакал Бөкөйдүн баласы.

Бакалдан: Атанай, Бешкуртка.

Атанайдан: Молдо, Коңурбай, Жолболот, Аталык, Мурза, Долоно.

Коңурбайдан: Котурак.

Жолболоттон: Назар, Ажыбек, Нурке, Сайдали, Бакай, Оодо, Бейшебай. Назардан: Түркбай. Ажыбектен: үмөтали, Жумабай. Нуркеден: Молдакмат, Жантөрө. Сайдалиден: Көкө, Али. Бакайдан: Жолдош. Оододон: Мамат. Бейшебайдан: Темирбай. Маматтан: Калык, Орозмат, Ита, Мамыт, Кожонияз, Кошбай, Исмадияр, Тойчубек, Калмат. Калыктан: Камил. Кошбайдан: Субанкул. Исмадиярдан: Эргеш.

Мурзадан: Сары. Сарыдан: Тайлак. Тайлактан: Ажыбек, Мати. Ажыбектен: Сакан, Маматиса, Ыдырыс. Сакандан: Көчкөн, Абдылда, Матазим. Маматисадан: Сами, Жумаш. Самиден: Чырмаш, Орозали. Орозалиден: Автандил. Ыдырыстан: Жусуп, Алым, Кара, Мамыт. Матиден: Мамат, Ырысбай.

Долонодон: Ногой, андан: Бекибай. Андан: Тургунбай, Мурзабай.

Жогоруда Атанайдан тарагандарга токтолдук. Эми Бакалдын экинчи уулу Бешкурткадан тарагандарга токтололу.

Бешкурткадан: Казыке, Жарыке, Кожояр, Мендеке, Келдике.

Казыкенин баладры Жумгалга барып туруп калышкан деп айтышат.

Ал эми Жарыкеден: Шадыбек, Карбоз, Тобокел, Жээнбек. Шадыбектен: Асан. Асандан: Сүйүн, Орозбай. Тобокелден: Райым, Мурзакул, Абдыш. Жээнбектен: Кармыш.

Кожоярдан: Тору, Тайлак, Кедей.

Торудан: Саман, Байдөөлөт, Намазбек, Жаныке, Сүтүгул, Арык.

Самандан: Жунус, Кожояр. Жунустан: Маназар, Жумамат. Кожоярдан: Жетимиш, Алтымыш, Эргеш, Жүзбай.

Байдөөлөттөн: Мусакы, Көчкөнбай, Турдумамат, Эндеше, Бөкөн, Анарбай.

Намазбектен: Алек, Сазан, Касымбек, Ажыбек, Калыбай. Алектен: Эгемберди, Калыгул, Калмурат, Мурза, Калыбек. Эгембердиден: Райымкул, Орозбай, өмүрбек. Райымкулдан: Алдыракман, Калык, Ашым, Шумкар, Бостон, Жумабай. Орозбайдан: Тайчабар, үрүстөм. Калыгулдан: Сүлү, Абдыкадыр, Сатыбалды. Калмураттан: Осмон, Ысман, Кебек, Кадыр, Сары. Мурзадан: Төөбай, Маматумар, Баатыр. Төөбайдан: Баба, Асаке, Эсеке. Маматумардан: Токтомат, Ырысбай, Айылчы, Ыдырыс. Калыбектен: Алым ,Салы, Надыр, Садыр, Абдыразак, Орунбай, Ажы, Бедел, Сөлөк. Сазандан: Артык, Абдыразак, Кадыр. Артыктан: Тилен, Ражап. Абдыразактан: Коргонбай, Коенбай, Жээнбай. Кадырдан: Кожо. Кожодон: Саты, Чыкы, Жолдубай, Момун. Касымбектен: Арзы молдо, Бакир, Асан. Арзы молдодон: Кыяз, Кайып, Көчкөнбай. Бакирден: Кожо Манас. Асандан: Тыныбек. Ажыбектен: Сыдык. Андан: Машираб, Адыш, Таабалды.

Жаныкеден: Жумаке, Маман. Жумакеден: Көчкөнбай, Мамандан: Абдыкалык.

Сүтүгулдан: Миңбай, Жаркынбай. Миңбайдан: Ташкул. Андан: Сагынбай, Ырысбай. Жаркынбайдан: Матиш, Тургунбай.

Арыктан: Балбан, Турдубай, Курбанбай. ушул үчөөнүн балдары өзбекстандын Кува айылында жашашат.

Кожоярдын экинчи уулу Тайлактан: Карабала, Козубала, Эсенбай, өлөкөн.

Ушул жерден Карабаланын баянына токтоло кетсек:

Ошол заманда Кытай күчүнө кирип, биздин жерлерди басып алып, Карабала дагы инилери Козубала, Эсенбай, уулу Жайчилер баш болуп (үсөн) колго түшүп калышат. Кытайда бир нече жыл оор жумуш жасап туруп калышат. Бмр күнү Кытайлардын императору жарыя жасайт: Кимде-ким капастагы эки арстанды жылаңач кол менен жеңип чыкса, тууган уругу менен азат болот деп. Эч бир адам даап бара албайт. Ошондо Карабала балбан императорго төмөндөгүдөй шартта мен арстандар менен алышууга макулмун деп айттырат. Ал шарт боюнча: Карабалага күнүгө койдун жиликтерин чагып, чучугуна тамак жасатып кырк күн бою берип туруш керек болчу. Себеби Карабала абакта жүрүп азып калган экен. Муну уккан император макул болуп, тамаша көргүсүкелет. Кырк күн бою айтканындай кылып багышат. Кырк биринчи күнү дегенде Карабаланы ач арстандарга салып беришет. Кайран Карабала азуулу арстандарга азуу салдырбастан, качырганда эле эки колу менен экөөнүн кекиртегин жулуп алууга үлгүрөт. Муну көргөн Кытайлыктардын оозу ачылып, эмне кылышын билбей калышат. Ошондо императордун кеңешчилери Карабаладан урук алып калып, далысынын тарамышын алып туруп , андан кийин кетирүүнү сунушташат. Карабаланы мас кылып, кытайдын сулуу кыздарына кошушат. Бирок, Карабала айлакерлик менен кыздарга жолобой койот. Айткандай кылып, далысынын тарамышын алып коюшат дагы азат кылышат. Бирок императордун, куйту кеңешчилери : эгер муну тирүү койсок, эртең эле кол курап, арстандарды жайлагандай бизди дагы соо койбойт,-дешип Карабаланын көзүн тазалоону буюрушат. Муну туюп калган Карабалалар качып жөнөшөт. Козубала аябагандай мерген болгон экен, кытайларды эч жакындатпай, жакындаганын жайлап турат. Айласы кеткен тили буруулар, атайын кыл мерген алдырышып, Козубалага ок тийет. Ошондо сүлпөтү окшош бирок бираз сөйрүкүрөөк Эсенбайга Козубаланын кийимин кийгизишип, анын атына мингизип артка калтырышат. Кыйлага чейин кытайлар даап келе албай, бирок баарибир байкап калышат. Ошондо Жайчи атабыз дубанын күчү менен аттын кулагына күн тийгизип, соорусуна добул түшүрүп, эптеп качып келишет. Кийин Карабала өзүнө келип кол курап кытайларды жетер жерине жеткирген дешет.

Карабаладан: Жайчы. Андан: өмүрзак, Ысмайыл.

Жайчи атабыз жөнүндө жогоруда бир аз айтып өттүк. Ал киши ушунчалык касиеттүү киши болгон экен. Эгин эккен жерлер эч качан кургакчылыктан түшүм бербей калуу коркунучу болгон эмес экен. өмүрзак атабыз жөнүндө айта кетсек менин жаш кезимде угушума караганда аны өмүрзак зөңкү деп коюшчу экен. Аябагандай бойчон болгон дешет. Азыр Корул айылында өмүрзак зөңкүнүн ташы деген таш бар. Ошол ташка отурганда атабыздын буту жерге тийип турчу экен. Менин боюм 171 см. Менин бутум ал таштын жарымына зорго салаңдайт.

өмүрзактан: Токторбай, Кыдырали, Чамаш, Алдаш, Кабаш.

Чамаштын биринчи аялынан Абдыраим, андан Аби. Абиден: Шаир, , Кабыл, Айбек, Нурбек. Чамаштын экинчи аялы Бакты байбичеден: Маматураим, Абылкасым, Рахматилла, Абдыкапар .

Эми ушул жерден өзүмдүн чоң атам Чамаш жөнүндө айта кетпесем болбойт. Менин чоң энем Бакты байбиченин айтуусуна караганда Чамаш оң мүрүсүнөн сол мүрүсүнө чейин беш карыш болгон, өзүнүн бир тору аты болчу экен, ошону мингенде бели ийилип калчу экен. Атка эч качан учкашчу эмес экен. Улак тартыш оюну болгон жерге шашпай барчу экен. Барган соң Чамашка ашыр дешип сөзсүз ашырышчы дешет. Чоң атам дароо алдыңкы бир колун кесип алып, эми чаба бергиле деп баса берчү экен. Бир жолу Күндө-Жаңы жайлоосунан күүгүм талаш келе жатса, түзөңүрөөк жерде бир боз үй тигилип турат дейт. Ким үй тигип алган деп, бастырып барса эле үйдө туруп бирөө кыйкырат дейт,-Иий, Чамаш жинди келип калды дешип. Чоң атам ким жинди деп, эле атты каңтара коюп кирип барса, беш –алты албарсты алышып ойноп жаткан экен. Эмчектери тизеге чейин салаңдап турат имиш. Калгандары дароо көздөн кайым болуп, бирөөсү алыша кетиптир. Эптеп албарстыны жеңип, чачынан кесип алып өтүгүнүн кончуна салып алыптыр. Албарсты артынан калбай ээрчип, жалынып-жалбарып, карганып чачын сурайт экен. Эч болбойт экен. Кызыл ашыгым алдыда калсын дейт экен. Караса албарстынын буту өзү ошондой имиш. Бир кап алтын алып келип берем дейт экен. Алып кел десе, алып келет экен. Караса алтын эмес эле, коңуз тоголоктоп койгон малдын кыгы имиш. Карганат экен жети муштумуңа чейин жолукпайм деп. Ошентип элге корүнбөйт экен бирок, жалынып жалбарып көпкө чейин жүргөн экен. Чоң атам көп убадаларын алган экен дешет. Бир күнү уктап калганда өтүктүн кончунун өйкөлүп жыртылып калган тешигинен чачын уурдап качып жок болгон экен. Чоң атам өлөр өлгүчө көп аялдарды кара басып өлүм алдында калган куугунчулук кылып өлүмдөн сактап калган дешет. Албарстынын убадасы боюнча бизге эч качан жолукпайт имиш. Жашымда көп уккандыктан мен караңгыда дагы ээн жерде коркпойм.

Бир жолу чоң атам Карабаргы тарапка кетип бара жатса, жайдын күнү экен, дөңдө бир нече киши кымыз ичип отурушуптур. Бир ажаан катын баласын кармап алып сабап жатат дейт. Кой тийбе балага десе болбойт имиш. Кой,-деп катуурак кыйкырып берсе, жолоочу деген жолу менен кете бербейби, бирөөнүн баласына иришпей,-деп айкырып сала бериптир. Ошондойбу,-деп эле аттан түшө калып эле дейт, балбан немее жалпайта сабап салыптыр. Дөңдөгү кишилер кыраан-каткы күлүшүп, болбой чакырып алышып сыйлап , андан кийин аттандырып жөнөткөн экен. Көрсө ошол дөңдө баягы катындын дагы эри бар экен, ал эрине дагы баш бербеген немее экен. Айыл аксакалы Аманбай аканин айтуусунда Чамаш чоң атам аябагандай мүнүшкөр дагы болгон экен. Бизде Атаке, үчүкө деген жерлер бар. Атаке баатыр менен үчүкөнүн атына коюлган деп калышат. Атакенин кире беришинде Ооз-Жар деп коюшат, бир кичинекей үңкүрчө жар бар. Ошол жарга тузак коюп, бир кармаганда үч ала барчын бүркүттү туткан экен. Кийин бирөөсүн ьир тайга дагы алмашпай кымбат баада саткан дейт. Андан тышкары чоң атам ыштык куруп, чанач дагы ыштачу экен. Чөлдөп келип быягы Кува сайга, өзгөнгө , Кара-Кулжага , Жалалабадга чейин куш салып аң терилерин жыйнашчу экен. Ошентип жүрүп өзгөн тарапта жолборско дагы бетме-бет келип калып аман калган жайлары дагы бар.

Ошол маалдарда адамдарда таза оокаттанып, таза жүргөндүгүнөнбү энергетикасы абдан күчтүү, назарлүү адамдар көп болушкан. Чоң атам балдарымын тамактанганына көзүм түшүп калбасын деп бөлөк тамактанчу экен. Бир жолу Карабаргыдан Жоробек деген киши менен келе жатып белден оой бергенде бир келишкен төө турат экен. Жоробек пай-пай-пай төө эмес бекен деп, тамшанып өтүп кетиптир. Бир аз жүрүп эле Чамаш кыйкырып кой алалдап алышсын,-дептир чоң атам кайрылып белге чыкса төө тырпырап жаткан экен. Кыйкырып коюп келе берген экен.

Мурзураим деген киши чоң атама мактанып :эй, Чамаш менин быйыл төрт бээм тууду десе, чоң атам: Менин төрт келиним уул тууду деп жеңген дешет. Корул биздин жайлообуз, кыштообуз Мады болгон экен. Октябрь революциясынанн кийин өмүрзак бабам мал чарбачылыгын Алайда кылып, дыйканчылыкты мадыда кылып бири –бириңе жардам берип жашагыла деп ,Кыдырали авам, чоң атамдар Корулду жайлап калган экен. Чоң атамдын телепатиясы дагы күчтүү болгон экен. Бүгүн Мадыдан туугандарым келет деп кой сойуп даярданса, келип калчу экен. Кантип билдиң дешсе, Кече Ак-Ташка чыгып ак жоолукту булгап койдум,- дечү экен. Бир колтук ак куурайга жыйырма дүмбүл бышырам, -дейт бул дагы Чамаштын калпы дешет. Ойлоп көрсөм ошончо чоң кишинин бир колтук ак чөбү деле чакана эмес болсо керек.

Бизде Толубай деген бир тырыш бай болгон экен. Койлору Корулдун баш аягына чубачу дешет. Канча коюң бар десе,-дөлөн эле деп мүңкүрөчү экен, ошончо байлыгы менен жарыктык. Кийин бүт малы-коюн колхозго тартып алып, айдап кетип жатканда чоң атам отуздай коюн Атаке деген жылганын ичине бөлүп алып калган экен. Кийин айдап келип берсе бирөөнү дагы берген эмес экен. Кийин Толубай өлгөндө кара ашына чычкак улак табылбай калган дешет.

Чамаштын экинчи аялы Бакты энем сөздүн наркын билген, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган байбиче эле. !996-жылы 98 жашында оо дүйнө салды. Ал өзү Көкжатык уруусунан эле. Бир тууган акалари бий болушкан, Мурат бий, Нышан бий деп. Анын неберелери азыр Кара-Суу районунун Маданият айылында. Энемин төмөндөгү ыры гана көкүрогүмдө жат болуп калды. Калган ырларын убагында жазып албаптырбыз:

Ырдай берем ыр десе,

Кете берем Жүр десе.

Кечүүсүн табып кечпесе,

Сырдан кыйын көрбөдүм.

Келиштирип айтпаса

Ырдан кыйын көрбөдүм.

Сабагы улук салданин,

Ар кылы бар дейт панданин.

Мукусу бар дейт муруттун.

Жыловунда кызыл бар,

Журт башкарган улуктун.

Жолу бар,- дейт каттуунун,

Даражаси ашык дейт,

Окуган молдо аттуунун.

Бабасы көргөн баштуунун,

Балдары чаки сүйөбөйт.

Казаны толо аштуунун,

Катыны чаки сүйлөбөйт.

Кээде эркек мүнөз кыздарды көргөндө:

Баракелде балбан кыз,

Атасы менен бир тууган,

агасынын башына аябай калтак салган кыз,- деп калаар эле.

Тандачу элең тал-тал кара чачтууну,

Эми карап орургун мака сары баштууну-деп кээ бир неберелерине тийишип калчу.

Саксагайдын сары кыз сабиз көөлап жеп жүрөт, атасы калың доолап жеп жүрөт деген сөздөрү дагы тарбиялык мааниге ээ экен.

Маматураимден: Насирдин, Бектемир, Таштемир. Насирдинден Байыш, Бектемирден Акназар. Таштемирден Жигит.

Абылкасымдан: Муктар, Салайдин, Жамалдин. Муктардан: Самат, Илимбек. Салайдинден Улан, Кабыл. Жамалдинден :Ыйман, Ажыбек .

Рахматилладан: Камчыбек, Шамшибек, Азизбек, Шайлоосовет, Акжол, Шайназар, Жаркынбай. Камчыбектен Тилек. Шамшибектен Бактыбек, Даут, Жолборскан. Азизбектен Нуртегин,Айкол,Адахан. Акжолдон Мукамбет,Айбек. Шайназардан Ийгилик, Кусейин. Жаркынбайдан Искак, Ибрагим.

Абдыкапардан: Марат, Пирмат, Эрмат, Султан. Мараттан: Абдусалам. Пирматтан: Санат, Умарбек. Эрматтан: Элмирбек. Султандан: Раатбек, Адылбек.

Кыдыралинин биринчи аялынан Ашир. Андан Абдаким, Нышанбай, Калык. Абдакимдан Мелис, Дамир, Амантур, Кайрат. Нышанбайдан Тилек. Калыктан Султан, Сейит, Ринат.

Кыдыралинин экинчи аялынан Сайипжан, Раимжан. Сайипжандан Жеңишбек, Адибек, Оролбек, Жылдызбек, Мундузбек, Сыргак.

Раимжандан Урматбек, Коргошун, Төрөгелди, Кызматбек, Тулпарбек.

Ысмайылдан: Мойдун, Жоробек, Эргеш.

Мойдундан Шайназар. Андан Ураим(Манас). Ураимден Тынчтык.

Козубаладан: Мисирали, Шүкүрали.

Мисиралиден: Абдылда, Акман.

Эсенбайдан: Асан, Досон, Боронбай. Асандан: Камчы, Ташбай, Тайчабар. Боронбайдан: Муса, Байит.

өлөкөндөн: Намаз, Туйба, Муса.

Ушул жерден Муса Балбан жөнүндө укканымы айтып кетпесе болбойт.

Ал Кудаяр хандын тушунда Коконго бир иштери менен барып калат. Бир күнү чоң сайилга туш болуп калат. Хандын балбанын эч ким жыга албай жаткан болот. Муса балбан түшүп дас көтөрүп жыгып, жөн койбой хандын балбанынын башын аттап кетет. Бул ошол убактагы Кокондуктардын түшүнүгү боюнча хандын башын аттаган менен тең эле. Ошондо бир боор ооруган киши айтат, сен тез качпасаң, өлтүрүп коюшат деп, түшүндүрөт. Муса балбан Кокондун хан ордосунун дубалына бир секирип ашып түшүп качып кетет. Хандын жөөкөрлөрү таппай калышат. Хан буюруйт кайдан болсо дагы таап келгиле, мен аны өлтүрбөйм, мындай тайманбас тоо тараптан болсо керек. өзүмө жан жөөкөр кылып алам, -деп. Издеп жүрүп таап келишет. Муса авабыз ошентип көп жыл Кокондо хандын баш казыначысы болуп иштеген. Азыркыча айтканда каржы министри.

Намаздан: Эгемберди, Карим, Ысак, Кожомберди, Атабай. Туйбадан: Ташмат, Маматүсөн. Ташматтан: Нуру, Эрмамат. Мусадан: Токтоболот, Шайымбек, Акмат, өмүрбек. Тотоболоттон: Токтош. Токтоштон Буйлашбек,Баабедин.Баабединден Беки,Бектурсун. Буйлашбектен Боко, Абилбий,

Шайымбектен: Бусурман. Акматтан: Суранбай, Тиленбай. Суранбайдан: Сагынбай. өмүрбектен: Токтош.

Кожоярдын үчүнчү уулу Кедейден: Асан, Садыр, Дөөлөтжан.

Асандан: Кулбек, Сейиткул, Жаныбек. Кулбектен: Кул. Мендикул, Касым. Кулдан: Жума, Пасаң, Токтобай. Жумадан: Турдуш. Пасаңдан: Маматкул, Мамиш. Мендикулдан: Малабек. Андан: Топчубай. Топчубайдан: Маматкарим, Ашырбай. Касымдан: Бекжан. Бекжандан: Мамасали, Мамаш. Сейиткулдан: Толубай, Шерменбет. Толубайдан: Темирбай, Сатыбай. Темирбайдан: Кайкы, Арип, Куламшаа. Сатыбайдан: Жээнбай. Шерменбеттен: Ысмайыл, Ураим, Маматали, Райымкул. Ысмайылдан: Ажымамат, андан: Токтомамат, Турдумамат, Нурмамат, Эрмамат. Ураимден: Турганбай, Мамажан, Бапы, Тиллабай. Маматалиден: Осмонали, Доскул, Айдарали, Кыдырали, Ажыбай. Осмоналиден: Ташан, Бекен. Айдаралиден: Уван, Апсамат, Чубак, Омон.. Увандан: Жоомарт, Утиген, Утилин,. Кыдыралыдан: Абдурасул, Зайит, Жолон, Байыш, Жаныш, Курманбек. Ажыбайдан: Райымкул, андан: Курбанбай, Төмөнбай, Жантөрө, Жаныбек. Курбанбайдан: Борбо. Төмөнбайдан: Аскарбек, Акмат, Досунбек, Барба. Жантөрөдөн: Суранбай, Тиленбай, Көпболсун, Тагайбек, Бөкөнбай. Жаныбектен: Сасык, Сарыке. Сасыктан: өмараалы, Жусубаалы, Райымкул. өмараалыдан: Адыл, Жунус, Турдубай, Ашым. Адылдан: Сагынбай. Жунустан: Жума, Мамаш, Матай. Турдубайдан: Кушубак. Райымкулдан: Артыкбай, Нармамат, Абдурасул. Калманбеттен: Чотонбай, Тилебалды, Мийза. Сарыкеден: Абдылда, Арзымбет. Абдылдададан: Турду, андан: Артелбек, Бурканбек, Шайымбек, Абдырайым, Карбоз. Садырдан: Жоомарт, Шеримбек, Момбек. Жоомарттан: Тайлак. Тайлактан: Дайырбай, Мамытбек, Мамырбек, Шамырбек. Дайырбайдан: Сактанбек, Тотобай, Тажи, Зулпу, Жолдош, Колдош, Опол. Сактанбектен: Мидин. Мидинден: Көчкөн, өскөнбай. Токтобайдан: Камил, Айти, Бакир, Кайыл, Кебек. Жолдошбайдан: Сабыр, Матан. Мамытбектен: Эргешбай. Мамырбектен: Камбар. Андан: Аматбек, андан: Абыласан, Абдылдадан: Орунбек. Андан: Баатырбек, Акылбек, Жыргалбек. Шамырбектен: Султан, Сулайман, Али. Султандан: Сурапбай. Алиден: Абдикарим. Шеримбектен: Токторали, Калдар, Мурзакан, Жусуп, Осмон, Маман. Токторалиден: Нияз. Калдардан: Орозбай, Кадырбек, Жайлыбай, Төрөбай , Кенжебай. Нияздан: Ырысбай. Жусудан: Митал, Абдыманап, Аши. Мамандан: Мансур. Ормондон: Камил, Сакы, Сади, Абдилак, Абсамат. Момбектен: Осмонали, Таштанкул. Осмоналиден: Жакып. Андан: Маматкадыр, Малык, Мыймаш, Сатан. Таштанкулдан: Тасмабек. Абдыбектен: Эшимбек, Абдылда. Эшимбектен: Ыса, Кыдырбай, Дүйшө. Ысадан: Шаамурза, Ташмамат. Шаамурзадан: Талип, Жамшит, Абдырай, Алдырак. Ташмаматтан: Суранбай. Дүйшөдөн: Нуркул. Андан: Тажик. Дөөлөтжандан: Авлетум, Медер. Авлетумдан: Козубек, Шадыбек. Козубектен: Анарбай, андан: Акматаали, Жусупбек, Урайим. Акматалиден: Абдыбап, Канатбек, Турат, Бапатай. Жусупбектен: Исраил, Нооман. Урайимден: Курбанбек, Таласбек. Шадыбектен: үмөтали, Маматали, Амат. үмөталиден: Жээнбай, Жээнали, Көлаң, Калмурза, Сатыбалды. Жээнбайдан: Сатыбалды, Кадыр. Жээналиден: Ысак, Жумаш. Көлаңдан: Адан, Акылбек,Оорунбек. Калмурзадан: Сыргабек, Пака. Маматалиден: Кармышак. Медерден: Тажыбек, Абдыраш. Тажыбектен: Калмурат, Сулайман, Кожокелди, Жумабек. Калмураттан: өмар, Бокон, Мурзабай, Бекмат, Калдыбай. өмардан: Апазбек, Асанбек, Муса, Төрөмбек. Бокондон: Тилебалды. Кожокелдиден: Бекташ, Байташ. Бекташтан: Абдаким, Абдыкалык, Абдыбайыт, Алат. Байташтан: Арстанбек, Эргешбай. Жумабектен: Мурзаураим, Жоробек. Мурзаураимден: Нүрүдн, Нурмамат, үркүн. Жоробектен: Жаныбек, Туку, Кочкор. Сулаймандан: Максүт, Молдосмон, Абылкасым, Абдыкадыр, Момуш, Майбай.

Мендекеден: Чалмурза, Каракүчүк.

Чалмурзадан: Алишер, Андан: Дайырбек, Жоруп, Кайыпкул. Дайырбектен: Досмат, Эшмат, Кожомкул. Досматтан: Шоорук, Ыраакы, Ыманкул, Эгемберди, Эринбет. Шооруктан: Сатыбалды, Мала, Күрөң, Кааба, Мамбет, өмүр, Ыса, Постек. Сатыбалдыдан: Ысмайыл. Маладан: Бекжан, Ташат. Бекжандан: Сатар, үсөнбек, Жусупбек. Ташаттан: Шайылда. Күрөңдөн: Шер. Андан: Биймурза, Кулмурза. Кабадан: үкү, Мышык, Калык, Кылыч, Сасы, Молдали, Пусур, Артыкбай, Кыпчакбай, Бусурман. Постектен: Бокбасар. Андан: Танай. Мамбеттен: Айткул. Андан: Асан, сөн. Ысадан: Ракманберди. Андан: Кыды, Аттокур, Нүрдүн, өмүрдөн: Жолдошбай, Колдошбай, Чекебай, Маматкул, Жали. Эшматтан: Калча, Кожоназар. Досбай.

Калчадан: Кыяз, Калманбет, Нурбай. Кыяздан: өмар. Андан: үрүстөм, Али. Алиден: Арынбай. Калманбеттен: Эшмамат, Амира, Турсункул. Кожоназардан: Турдумбет, Самтыр. Турдумбеттен:

Тобокел, Жакып. Самтырдан: Күчүк, Пийда, Эрмекбай. Кожоштон: Дейди, Ысман. Дейдиден: Кайтакы, Нуркул, Карабай, Эши, Түрк, Маткозу, Байсопу. Кайтакыдан: Ысак, Ысмайыл, Абдыразак, Адык, Топчубай, Пусур, Закир. Нуркулдан: Маткозу, Таши, Карим, Кедик. Карабайдан: Орозбай. Андан: Акий, Сулайман. Маткозудан: Кали, Осмон. Осмондон: Жунус. Эшиден: Масир, Талды, Нөөбөт, Мамат. Түрктөн: Бердигул, Жаманкул. Байсопудан: Келдибек, Султан. Султандан: өскөн. Ысмандан: Кабыл. Андан: Кожобек, Бакир, Акир, Бекмурат, Ыса. Жоруптан: Сатар, Караполот. Стардан: Абыш, Жапар, Жакып. Караполоттон: Эгемберди. Андан: Сатылган.

Мендекенин экинчи уулу Каракүчүктөн: Тойчу. Андан: Качкынчы. Андан: Тооке, Бооке, Сүйөр, Кардыгач, Букабий. Тоокеден: Асанбек, Суранчы, Нурумбет, Примкул, Бердигул. асанбектен: Кулболду, ажыбай, Алдаш, Абжал, Пайиз. Суранчыдан: Мурза, абжапар, Мааткул. Абжапардан: Сабыр, Акмат, өмүр. Нурумбеттен: Нуркул, Кулмат, Жаңыбай, Атакозу. Нуркулдан: Жумаш, Сатан, Жумабай. Сатандан: Салы. Кулматтан: Эрмек. Андан: Анарбай. Жаңыбайдан: Таабалды. Примкулдан: Осмонали, Жолдошбай. Бердикулдан: Капар. Андан: Кеңеш, Матаз. Боокеден: Курманбек, Эшимбек, Самбет. Эшимбектен: Эгеш. Андан: арап. Самбеттен: Борош, Акай, Маман. Кардыгачтан: Кулуш, Жусупбек. Кулуштан: Полот. Андан: Досумбет, Мурзамбет, Шеримбет. Досумбеттен: Тукубай, өскөнбай, Эргеш. Шеримбеттен: Кулчак, Кулмамат, абды, Борон. Жусупбектен: Калназар, Малабай, Куттубай, үсөнбай. Калназардан: Жума, Ташбай, Туйба, Дүйшө. Малабайдан: Молдали, Молдомат, Шермамат. Кутубайдан: Карыбек. Андан: Ысак, өмүрзак. үсөнбайдан: Зайнали, Токтобай. Токтобайдан: Аман. Зайналиден: Сапарбай. Сүйөрдөн: сарытай, Турдубек, Көчкөнбай. Абылгазы, Ысакул, Бердигул. Сарытайдан: Адыл, амат, Али. Адылдан: Каратай. Андан: Райымжан. Андан: Кабыл. Турдубектен: Кожомурат, Мамыт, Анарбай. Абылгазыдан: Ажыбек, Эгеш. Ажыбектен: Козубек. Эгештен: Маматумар, Маматкабыл, Маматосмон. Ысакулдан: Капар(үшүк). Бердигулдан: Капар балбан. Бука бийден: Алайчы, Чомор, Салибай, Сатымкул. Алайчыдан: Карим. Андан: Бики. Андан: Абдырайым ,Баймурза. Чомордон: Кадыр. Андан: Тай. Салибайдан: Белек. Андан: Кошой. Андан: Абдыкадыр. Сатымкулдан: Бопон.

Эми Бешкуртканын эң кенже баласы Келдикеден тарагандарга токтололу. Санжырачы авабыз Сапарбай Жаңыбай уулу ушул уруудан болгон

Келдикеден: Атамкул, Чүңкөй, Токтор, Кочкор.

Атамкулдан: үчөй .Күлчоро, Көңүл, Жанболот, Боке, Шергазы, Арапбай. үчөйдөн: Жоошбай .Тойгонбай. Жоошбайдан: Сатыбалды, андан: Жунус, Орозумбет. Тойгонбайдан: Ураим. Андан: өмар, Кадыр, Калыбек, Пирмат, Жакып, Карим, Сарымсак, Жолдош, Айылчы. Күлчородон: Дөөлөт, Баба, Тургун. Дөөлөттөн: Апи, Пайзилла. Тургундан: Абдыкарим , Жалал. Арапбайдан: Жолдубай, Калыбек. Көңүлдөн: Мамасали. Андан: Жанкул. Жанболоттон: Маткалык, Абдыкалык, Касым, Абды. Абдыкалыктан: Абыл. Андан: Акмат. Абдырайым. Касымдан: Насыр. Боокеден: Эсенжар, Калчабай. Эсенжардан: Бердали, Сыдык, Маматали, Кары. Калчабайдан: Акай, Эшназар. Акайдан: Амирали. Эшназардан: Дөдөн. Шергазыдан: Калмурат, Чайчыбек, Орозали, Турду. Калмураттан: Кайып. Андан: Тотошаа. Чайчыбектен: Курбанбай. андан: Акматали. Орозалиден: Сами. Андан: Амат, Ташполот. Турдудан: Токтобай. Андан: абдыбап, Кедеш.

Жогоруда Келдикенин тун уулу Атамкулдан тарагандарга токтолдук. Эми анын экинчи уулу Чүңкөйдөн тарагандарга сереп салалы.

Чүңкөйдөн Эсенкул, Кадыркул.

Эсекулдан:Карасарт. Андан Кубат, Атабай, Кыпчакбай. Кубаттан: Мурат. Мураттан:Райымкул, Анарбай. Атабайдан Маматкул. Андан: Жумабай. Андан: Мирзан, Токтосун. Кыпчакбайдан: Ысакул, Тоймамат. Ысакулдан: Абдыкул, Мойдун. Абдыкулдан: Бакир, Эссен. Бакирден:Аоапбай. Тоймаматтан: Жеңиш,Эңишбек, Базаң. Кадыркулдан Эрназар, Кудайбкрди. Кудайбердиден: Абдыкадыр, Байбото, Калы, Алла, Досу.

Келдикенин үчүнчү уулу Токтордон төмөнкүлөр тарайт.

Токтордон: Бекмурза Бегимкул, Жантемир.

Бекмурзадан: Бердибек, Алымбек, Кутулду. Бердибектен: Адыл, Ботокан. Адылдан: Молдобазар, Субанкул, Назар. Ботокандан: Карыбек. Андан Нажи. Молдобазардан: Али, Амат, Азим, Бакир, Дөөлөт, Маматбек. Алымбектен: Молош, Жолдош. Кутулдан Сулайман, Султан. Сулаймандан: Досбай, Нарынбай, Сарыбай. Султандан: Жусу. Бегимкулдан: Саты, Абай, Абдыкалык, Байстан, Дөөлөтбек, өмүр. Сатыдан: Султанбек, Кудайназар, Базар, Ысмайыл, Ыман. Султанбектен Нурмат, Мамаш, Ороз, Абдал. Базардан: Алыбай, Калык, Керки. Ысмайылдан: Жусу, Калдыбай, Маман, Пиримбай. Маматалиден: Турганбай, Тайкара. Орозжон: Жээнали. Абдалдан: Муратали, Капыш, Бечел, үрайым, Басит. Мамандан: Арзы. Андан Апыш. Пиримбайдан: Сатар, Көкөн. Ымандан: Акы, Шерикбай. Байстандан: Токтоназар, Кенжебай. Токтоназардан: Мирзат, Бийи. Кенжебайдан: Жоробек, Жаныбай. Жоробектен: Турдубай, Закир. Жаныбайдан: Базарбай, Шайлообай. Назардан: Мурзак, Акмат ,Сыдык, Ысмайыл, Солто. Субанкулдан: Маразак. Андан: Мусан. Нурматтан: Нуркул, Шер, Орозбай. Нуркулдан: Пакыр, Мидин, Ысак, Мадан. Шерден: Чырман. Орозбайдан: Базаң. Алымбектен: Молдош, Жолдош ,Бабаназар. Молодштон: Молдотай, Зайнали, Атиш. Жолдоштон: Жээнали ,Амира. Жээналиден: Машан, Апыш. Амирадан: Зулпукар. Бабаназардан: Бийназар, Муса, Макеш. Жантемирден: Шамай ,Темир. Шамайдан: Кулу, Корчу. Кулудан: өмүрзак, Асан. өмүрзактан: Жолу, Кожо, Куту. Асандан: Чакы, Боркош, Маматай. Корчудан: Самидин, Жолдош, Мурат. Самидинден: Калмамат. Жолдоштон: Иляз. Мураттан: Муса. Темирден: Ырыскул. Ырыскулдан: Атыр. Атырдан: Эндеше ,Сүйүнбай ,Мекенбай, Эрмекбай ,Элчибек(Жантемирден тарагандар Алай районунун Кызыл- Алай Сары-Таш айылдарында жашашат).

Келдикенин кенже уулу Кочкордон: Назаркул, Кенжекул, Жанкул. Назаркулдан: Ныязбек, Ысмайыл. Ныязбектен: Адыл. Апакай ,Бекбото. Адылдан: Таши. Андан: Эшар, Абек. Апакайдан: Турду, Матрасул, Жаанбай, Ысман. Турдудан: Атакул, Темиркул. Матрасулдан: Садыр. Жаанбайдан: Масак, Тикеш. Бекботодон: Мамбет, андан: Салы, Улук, Дабакан. Ысмайылдан: Пазылбек, Бекен. Пазылбектен: Сатар, Нурмат, Амат. Сатардан: Алымбай, Пириш. Нурматтан: Эркебай. Аматтан: Турсункул, Базаркул. Бекенден: Таабалды, Мурзали. Таабалдыдан: Абдыразак. Мурзалиден: Эркебай. Андан: Эшмурза. Кенжекулдан: Сарыгул, Карагул, Кадырбай, Суранчы. Сарыгулдан: Кыдыр, Медер. Кыдырдан: Кошой. Дооран. Кошойдон: Төрөгелди, Төөлөс, Досмурат, Шаа. Доорондон: Молдо, Машир, Закир. Медерден: Асан, Көкү. Асандан: Жали, Далибай, Көкү, Аданбай. Көкүдөн: Козоң. Карагулдан: Калы, Матмуса. Калыдан: Алымкул Тагай. Матмусадан: Зулпу, Амат. Зулпудан: Кара. Жанкулдан: Калча, Жаманкыз, Маматкул, Кожек, Ыман, Калчадан: Токотогул, Пирназар, Кайназар. Пирназардан: Матибали, Тойчу. Матибалиден: үсөн. Тойчудан: Асылбек, Кайназардан: Маматали, үмөтали, Аматали, Касы, Курман, Амира. Жаманкыздан: Муса, Жусуп. Мусадан: Ракмат, Нурбай, Ырысбай. Ракматтан: Жакыбали, Мурза, Мада. Нурбайдан: Матисак, Эшбай. Маматкулдан: Калдык, Алиш. Калдыктан: Мамасейит, Мамак, Жөжөй. Мамасейиттен: Акмат, Мамат. Мамактан: Бедел, Эрмат, Эламан. Беделден: Полот. Эрматтан: Мавлан. Эламандан: Тагай. Жусуптан: Көсүбай, Мамырайым. Күсөбайдан: Райымкул, Шайназар, Узак, Ражап. Райымкулдан: Жапар. Узактан: Мама,Нассыр. Ражаптан: Орунбай. Мамарайымдан: Султанкул, Каримкул. Султанкулдан: Мамат, Каримкулдан: Ысмайыл, Анарбай. Кожектен: Абдыкарим, Токо, Кожобай. Абдыкариден: Пиримкул ,Турсункул, Пирмат. Токодон: Бердигул, Ташан. Ымандан: Маргозу, Кудаяр. Маргозудан: Нышанбай, Жүндүбай , Молдали, Белек. Нышанбайдан: Сейиткул, Маматкул, Нурмат. Сейиткулдан: Бекмат. Маматкулдан: Тажибай. Нурматтан: өмүрзак, Узак. Жөндөбайдан: Абды. Андан: Ашымбек. Молдалиден: Топчу. Андан: Жоро. Кудаярдан: Жаныбай. Андан: Сыдык, Садык ,Эргеш, Келдибай, Сапарбай. Сылыктан: Ысак, Аттокур. Келдибайдан: Купурбек, Дүйшө. Сапарбайдан: Абдыкадыр, Орозбек, Асанбек, Базарбек, Эсенбек. Абдыкадырдан: Абдымалик, Данияр, Орозбектен: Нургазы, Нурали, Кайратбек. Асанбектен: Руслан, Айбек. Бактыбектен: Майсалбек. Абдымаликтен: Улукбек, Аким.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

22-06-2011
Кыргыздардын урууларга таралышы (ар бир уруу жөнүндө баян)
292155

22-06-2011
Кыргыз санжырасы: Адам ата жана Обо эне, жети уламыш, Түрктүн балдары
33191

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×