Добавить статью
11:14, 5 июля 2011 14030

Эмне үчүн кыргызда өз атасынын аты фамилия катарында колдонулуп келген?

Эмне үчүң кыргызда фамилия болбостон өз атасынын аты фамилия катарында колдонулуп калган? Анын себеби темөнкүдөй: тааныштыгы жок эки киши кезигише калса, эң алды менен кайсы уруудансын, ал уруктун кайсы айлынансың, ким деген кишинин баласысың, дегенди сурашучу. Палан уруу, паланча уруктагы, палан кишинин баласымын дешип дайынын айтышуучу. Же болбосо «кимдин баласысың»?—деп сурашат. Жооп берип өз атасын, чоң атасын, ал киши кайсы уруктан кайсы айылдан тараганын, чоң кишилери ким экенин айтып, андан кийин бири-бирин билишчү.

Илгери кыргызда эл кагазга жазылып, тизме, каттоо жүргүзүлүүчү эмес. Элди каттоо, кагазга тизмелге орус келгенден кийин башталат. Каттоо, тизме зарылдыгы болбогондон кийин жүргүзүлбөгөндөн кийин фамилия урунуунун да зарылдыгы болгон эмес. Орустар келе баштагандан тартып уч жылда бир жолу каттоо жүргүзүлө баштады, аны «кара кат» болот экен деп коюшуучу. Ошол кара кат жүргүзүлгөн убакта, атаңдын аты, өз атың ким, кайсы старчындан, кайсы элүү башыдансын, деп суроочу. Ошентип кара кат жүргүзүлгөн заманда да фамилия урунуунун маселеси коюлган эмес. Каттоодо ар ким атасынын атын айтуу менен чектелүүчү. Фамилия урунуунун кыргыз элине илгери зарылдыгы болбогонунун дагы бир себеби биз мурда айткандай ар бир урук бирге көчүп, бирге конуп, чогуу жүрүшүп бирин-бири өңүнөн эле таанышуучу. Адатта айылчылап алыска да баруучу эмес, барса бир күнгө, эки күнгө коңшулаш айылдарга гана айылчылап баруучу. Кыз болсун, эркек болсун өзүнүн атасынын атын гана айтып калган. Ошентип уруучулук заманда эл айыл-айыл болуп бирге жашап, каттоо өнүкпөгөндүктөн, азыркы замандагыдай паспорт, күбөлүк кагаздын эч кимге керек болбогондугуна байланыштуу фамилия күтүүнүн зарылчылыгы болгон эмес.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

31-05-2011
Уруу ичиндеги бөлүнүүлөр
28576

30-05-2011
Кыргыздын уруучулукка бөлүнүшү
31823

30-05-2011
Кыргыздын чыныгы түпкү теги
19386

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×