Добавить статью
6:56, 9 августа 2011 40881

Манас эпосу жана Жусуп Мамай

Деги эле элибиздин дүйнөдө теңдеши жок «Манас» эпосун күндөп-түндөп, ал гана эмес айлап-жылдап айтуу менен биз жашап жаткан доорго жеткиргендердин акыркылары Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаев экендигин Кыргызстанда жашап жатышкан калайык калкыбыздын көбү жакшы билишет. Айрыкча ХХ кылымдын Гомери деп аталган илим менен техниканын жетишкендигине өмүр жолу дал келип Манас айтып жатканда тасмада калган Саякбай Каралаевди Манас эпосу жөнүндө сөз кылганбызда сөзсүз ал кишини элестетпей койбойбуз. Албетте, Саякбай Каралаевге чейин эле элибиздин улуттук баа жеткис маданий мурасын ондогон жүздөгөн манасчыларыбыз кылымдар кыйырында муундан муунга өткөрүп келишкенин да айтпай кетүүгө болбойт. Ал эми Манас изилдөөчүлөрдүн жазгандарына таянсак, Саякбай Каралаев менен замандаш, улуу эпосубуздун дагы бир корифейи Сагынбай Орозбаковду андан ары кылымдарда бүтүндөй эл оозунда калган Балык,Чоюке, Келдибек сыяктуу залкар манасчыларыбыз жана алардын айткандары тууралуу биздин окурмандар үчүн азын - оолак маалыматтар бар.

Ооба кыргыз бар жерде сөзсүз турдө Манас эпосу жана башка ондогон элдик оозеки чыгармалар кошо жашап келишкен. Себеби дегенде, мындай чыгармалар жалаң гана кыргыз элинин өзгөчө касиеттери менен жаралып, анын тамыры өтө эле тереңде жаткандыгында. Сөз өнөрү менен байланышкан мындай өзгөчө касиет, дүйнө элдеринин арасында беш манжа менен ачып жуумп санагандай эле элдеринде болбосо башка бир да элде жок. «Манас эпосу—элдин көркөм сөзгө ынактыгын, ырга шыктуулугун далилдеген чыгарма. Сөзмөр кыргыздар жөнөкөй сүйлөгөндө да жамактатып, ырга айландырып кетет. Ырды кыргыздар дуйнөдө искусствонун эң жогорку баскычы катарында карайт,»,-деп өткөн кылымдын ортосунда академик В. В. Радлов жазып кеткен.

Элибиз алмустактан бери эле сөзгө өзгөчө маани берип, «өнөр алды - кызыл тил» деп бекеринен айтышпаса керек. Ал эми оозеки чыгармалардын арасынан айрыкча Манасты жогору баалашып, аны айтуучуларды да терең урматташып, күндөлүк тирликтеринин калып калгандыгына карабай жумуштарын таштап салышып, атайылап угушкан.Тагыраак айтканда, «башканы коюп Манасты айт» - деген сөздүн өзү эле улуу эпосубуздун канчалык денгээлде урматталганынан да кабар бербей койбойт.

«Манасты изилдөөчүлөрдүн бири же болбосо алгачкы жолу жол очерктери аркылуу гезит бетине жарыялаган казак окумуштуусу Чокан Валиханов өз убагында улуу эпосубуз тууралуу мындайча тыянакка келген. «Манас эпосу - Талаа Иллиадасы сыяктуу чыгарма. Бул чексиз чоң эпопеяда кыргыздардын турмушу салты, географиясы дини жана медициналык түшүнүгү жана эл аралык мамилеси орун алган».

Макаланы толугу менен бул жерден окугуңуздар.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

27-11-2015
Жүсүп Мамай Казыбек казалчы жөнүндө
68928

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×