Добавить статью
9:35, 19 августа 2011 130589

1916-жыл. Архив документтери ашкерелейт

1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөштүн 95 жылдыгына арналган бул баяным ошол учурдун тарыхый чындыгын ачыкка чыгарган, жүрөк титиреткен архивдик бир документтин тегерегинде болмокчу. Улуу Үркүндү баяндаган көптөгөн архивдик документтердин арасында бул өзгөчө айырмаланып турат. Казакстан республикасынын Алма-Ата шаарындагы Борбордук мамлекеттик архивинин 44-фондунда, Ташкенттеги Өзбекстан республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин 1-фондусунун 27-каттамынын 246-номурлуу иш кагазында бул документ күнү бүгүнкүдөй сакталуу турат. Мазмундары бирдей. Документ “1916-жылы козголоңго катышкан кыргыз жана казактарды Нарын чөлкөмүнө көчүрүү жөнүндө жана алардын жерлерин орус келгиндерине өткөрүп берүү жөнүндө Түркстан чөлкөмүнүн генерал-губернатору А.Н. Куропаткиндин төрагалыгы алдында, 1916-жылдын 16-октябрында өткөн кеңешменин протоколу” деп аталат. Кеңешме Жети-Суу облусунун борбору Алма-Ата шаарында өткөн. Анын ишине генерал-губернатор А.Н. Куропаткин, Жети-Суу облусунун аскер губернатору М.А. Соколов-Соколинский баш болгон 13 мыкчыгер катышкан. Бул адамдар аталган жыйында Пржевальск, Пишпек, Жаркент уездиндеги көтөрүлүшкө чыккан элдин тагдырына байланышкан опурталдуу маселени талкуулап, чечим кабыл алышкан. Чечимди Орусия империясынын кыргыз элине жүргүзгөн оторчулук саясатынын жеткен чеги, тукум курут саясаты деп кароого болот. Анда ошол кеңешмеде талкууга алынган төрт маселеге кененирээк токтолсок. Ал:

1.Козголоң чыгарган кыргыздарды Пржевальск уездиндеги Ысык-Көлдүн тегерегинен, Кемин өрөөнүнөн жана Чүй чөлкөмүндөгү Пишпек уездинин бир бөлүгүнөн, Текес аймагынан жана Жаркент уездинен көчүрүү (тазалоо - К.М.) жөнүндө.

2.Козголоң чыгарган кыргыздарды Нарын чөлкөмүнө көчүрүү менен ал аймакка өз алдынча Нарын уездин негиздөө жөнүндө.

3.Козголоң чыгарган кыргыздарды көчүргөндөн кийин бошогон жерлерге калкты жайгаштыруу жана жалаң орус калкынан турган Пржевальск уездин түзүү жөнүндө.

4.Верный уездиндеги казак-орустарды жерге жайгаштыруу жөнүндө, деген маселелерден турган.

Биринчи маселе боюнча сөздү генерал-губернатор Куропаткин өзү баштап, козголоң чыгарган кыргыздардын пайдалануудагы жерлери бүт алынып, ал жерлер орустарга берилүүсү керек деген сунушун ортого салган. Ошондой эле ал Ысык-Көлдүн түндүк, түштүк жээги жагынан жаңы чек ара андагы кырка тоолор аркылуу аныкталышын баса белгилеген. Башкача айтканда Ысык-Көлдүн тегерегинде жашаган бүтүндөй кыргызды жаңы белгиленген чек арадан ары чыгарып, тазалоо зарылдыгы айтылган. Ошондой эле Пишпек уездинде, анын ичинде өзгөчө Кемин өрөөнүндө козголоңго чыккан кыргыздардын бүт бардыгын, Чүй өрөөнүндөгү жергиликтүү элдин көпчүлүк бөлүгүн көчүрүү зарыл деп табылган. Демек аталган уездерде кылымдардан бери жашап келген 37330 түтүн кыргыз 2510361 теше жеринен биро толо тазаланып, бүт көчүрүлмөк болгон. Генерал-губернатордун бул сунушу кеңешмеде бир добуштан колдоо таап, чечим кабыл алынган. Бул чечимди чечмелөөнүн зарылдыгы жоктой.

Кеңешменин күн тартибиндеги экинчи маселеге ылайык, Пржевальск, Пишпек уездиндеги козголоңго катышкан кыргыз болуштуктарындагы элдин бардыгы Нарын аймагына көчүрүлмөк болот. Пишпек уездинде бөтөнчө айыптуу деп табылган Сарыбагыш, Атаке болуштугундагы эл кабыл алынган чечим боюнча башка айылдарга катталуу менен түрдүү болуштуктарга таратылып, андан соң Балхаш көлүнөн ары сүрүлмөк. Аларды Нарын аймагына көчүрүүнү да ыраа көрүшкөн эмес. Ошол учурда Нарын чөлкөмүнө Пржевальск уездинен 9325 түтүн, Пишпек уездинен 3846 түтүн эл кыргындан качып, баш калкалап туруп калган. Ага кошумча дагы 37355 түтүн кыргыз көчүрүлүп, тоолуу Нарын чөлкөмүндө 50526 түтүн эл жашасын деген бүтүм чыгарылат. Демек бул катаал аймакка 252 миңдин тегерегинде кыргыз күч менен сүрүлүп, Атайке жана Жумгалда эки приставы болгон өз алдынча Нарын уездин түзүү маселеси чечилген. Уезддин борбору катары Нарын шаары бекитилген. Эки уезддин элин Нарын чөлкөмүнө көчүрүү, 250 миңден ашык кыргызды табияты катаал аймакка сүрүп чыгаруу Орусия империясынын эң кыянатчыл саясаты болгон. Бул АКШда индеецтерге жасалган кыргындуу саясаттан да ашып түшкөн. Анткени Падышалык Орусия Кыргызстанга оторчулук саясатын жайылтуу, келгиндерди жерге жайгаштыруу боюнча алдын-ала иликтөө жүргүзүп Нарындын катаал шарты келгиндердин жашоосу үчүн ыңгайсыз деп табышкан. Ошол ыңгайсыз жерге кыргыздарды жайгаштыруунун арты эмне менен аяктаарын ар бир окурман өзү чечмелесин.

Ал эми үчүнчү маселе боюнча, козголоң чыгарган кыргыздар Ысык-Көлдүн тегерегинен тазалангандан кийин ал жерлерге ар бири 60 түтүндөн кем эмес 5 казак-орус станцияларын түзүү пландалган. Бошотулган калган жерлерге жалаң гана орустарды жайгаштыруу бышыкталган. Натыйжада Ысык-Көлдүн айланасы кыргыздардан толугу менен тазаланып, бир өңчөй славян калкынын өкүлдөрү жашаган уездге айлануусу чечилген. Мындан соң төртүнчү маселе өзүнөн-өзү чечилмек. Ошентип 1916-жылдын 16-октябрында өткөн кеңешмеде коюлган бардык маселелер бир добуштан кабыл алынып, боштондук үчүн күрөшкө чыккан кыргыздардын тагдыры ырайымсыздык менен чечилген. Тилекке каршы 1917-жылы Орусия империясында башталган саясый окуялар, эки революция 16-октябрдагы кеңешменин чечимдеринин аткарылышына жол бербеди. Ал эми архивдик бул документ өткөндүн оор күндөрүн эске салган тарыхый чындык катары сакталып кала берди. Эркиндик деген ыйык сөздү эстегенде, ал баркталбай жаткан азыркы учурда бул документ өткөндү эске салган улуу сабак, унутулгус окуя!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

05-10-2011
Курманжан датканын көз жашы, өмүрүнүн аягы
200139

05-10-2011
Курманжан даткасабаттуу болгонбу?
183658

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×