Добавить статью
3:44, 9 сентября 2011 39739

Кыргыз картасы же биздин элде байыркы карта болгонбу?

Изображение 003 Байыркы кыргыздар эң алгачкы саякатчылар болушкан, анткени алар ар дайым жер кезип малды багыш үчүн фауна жана флорасы мол жерлерди издешип, жердин кооздугун сулуулугун издөөчү, жердин табиятына байкоо салышып, ар бир жердин шартына карап, мезгилге жараша улам жер которушуп, жаратылыштын тең салмактуулугун билип, байкап турушкан. Мына ушунун өзү байыркы кыргызыма жер кезүүчүлөр, көчмөндөр, эркиндикти урматтагандар, ат үстүндө мыкты жүргөндөр, эки баштуу адамдар же кентаврлар, калпак кийгендер, асман тиреген бейиште жашагандар, аруулар-тазалар деген атак атка татыктуу болуп келишкен. Байыркы кыргызымдын урпактары ар дайым көчүп- конуп жүрүшүп, ар бир барган жеринин географиялык абалына байкоо салып, ал жердин абалын карап көрүп, бабалрыбыздын атайын бедизчилери белги катарында ташка ошол жердин картасын эң мыкты чеберчилик менен ташка тамга менен баскандай оюп-чийишкен, анткени ташка- ташты көчмөн кыргызым түбөлүктүүлүктүн белгиси катарында мамиле кылган, ошондой эле жердин абалын ташка чегип түшүргөн, алгачкы картографтар болуп саналат. "Картография"-, деген сөз "хартис"- карта, ал эми "графия"- жазуу дегенди билдирет. Эү байыркы карталар кайсы аймактардан табылгандыгына кыскача токтоло кетели, мисалы: Чех республикасында байыркы мезгилге таандык Павлов деген жерден б.з.ч.23-миңинчи жана б.з.ч.14 жылдарга таандык карта бар , ал картада шаар, жолдор, аны курчаган тоолор ташка чегип тартылган. Ал эми Испаниядан да б.з.ч. 16500-жылдарга таандык түнкү жылдыздар,саманчынын жолу тартылган булар жалпысынан жаныбарларга окшоштурулуп тартылганын булактар баяндайт. Ошондой эле байыркы Анадолу тоосундагы Чатал- Күйүк аттуу жерден неолит дооруна тийиштүү айылдын сүрөтү ачык тартылган. Дагы бир ушундай сүрөт байыркы гректердин

Крит аралындагы "Адмирал үйү" деген жердеги аска бетинен ошол жердин табияты так тартылган деп айтылат  булактарда. Ал эми жердин байыркы картасы байыркы Бабыл-Теңир-Каалга-Вавилон шаарынан табылган. Картада жер тоголок формада тартылган. Биздин Манас баш болгон эпосторубузда да жер тоголок, тегерек формасында сүрөттөлөт, ар бир жердеги канатттуу куштары жана өсүмдүктөрү ачык так баяндалат. Алар тоодогу таш беттерине тоо текенин, жолборстун, бугунун сүрөттөрүн тартышкан. Мындай сүрөттөрдү дээрлик Кыргызстандын бардык аймактарынан кезиктирүүгө болот. Маселен Тогуз-Торо районундагы Саймалы-Таш эстеликтерин, ушундай эле уникалдуу сүрөт таш эстелиги Чолпон-Атадагы ачык асман алдындагы Саймалы Таш сүрөт коругунан кездештиребиз, Аксы районундагы Бозбу- Ата тоосундагы ташка чегилген жазууларды байыркы карталар деп айтсак да болот. Биздин элдин элдик оозеки чыгармаларында айтылып жүргөн "Акылдуу бала" деген жомоктогу баланын тоо текени минип алып, төөнү жетелеп ханга барганы туралуу жомокто баяндалат, ал жомок менен тарыхтын чындыгы бар экенин Чолпон-Ата шаарындагы Саймалы -Таш ачык асман алдындагы сүрөт таш коругунан кезиктирдим, мына ушунун өзү эле биздин акылдуу бала туралуу баяндалган жомоктун чындыгы барэкенин, ташка чегилген теке минип бара жаткан баланын сүрөтүн байкайбыз. Арийне биздин элдик жомоктордун ташка чегилген тарыхыбыз менен шайкеш келиши, биздин элдин тарыхынын көөнөлүгүн ыр тараптуу ырастап турат. Ал ганамес элибиздин туу туткан атактуу ыйык көлүбүз Ысык-Көлдүн картасы да бар экенин Чолпон-Атанын Саймалы -Таш сүрөт ташынан кезиктирдим. Окурман ал сүрөттү азыркы сүрөтү менен салыштырып, байкап көрүңүз. Ал чоң таштагы байыркы Ысык -көлдүн абдан чоң аймакты, башкача айтканда азыркы Чолпон-Ата шаарынын ордун жана азыркы аэропорттун аймагын өз ичине камтыганын байкайбыз. Эң таң калыштуусу көлдүн эң тереңдигин бедизчи абдан так түшүргөн, көлүбүздүн ар булуңдарын, аралдарын, ага агып кирген чоң дарыянын агымын да кошо тарткан.Көлдүн узундугу эч кандай өзгөрбөгөнүн, бирок көл байыркысынан кыйла эле тартылганын байкасак болот. Бул биздин ыйык деп аталган көлүбүздүн айланасында тоо текелер, аркар кулжалар, бугулар, жолбостор байыр алганын сүрөттөр аркылуу байкасак болот. Мына ушунун үзү эле ошол доордогу биздин ата-бабаларыбыз экосистемага өтө кылдат мамиле жасап турганын, ошол учурдагы жаныбарларга аяр мамиле жасагынын жана ошол доордогу канаттуу куштардын, жаныбарлардын жана аңчылык, элчилик, чарбачылыгын да ал коруктагы сүрөттөрдөн байкайбыз. Дагы бир баалуулугу көлдүн байыркы картасынын сакталып калгандыгында. Деги эле бул корукту мамлекеттик деңгээлде колдоого алуу зарыл, антпесек азыркы турган абалындай мамиле кылсак, анда уникалдуу деп эсептелген Чолпон-Атадагы Саймалы- Таш коругунан биз толук айрылып калышыбыз мүмкүн, себеби биз барганда аны караган адамынын атайын билими жок адам кайтарып турат, же көрсөтмөлөрү жок, чет жерден келгендер күрүшүп, мага кайрылышып калды, силердин өлкөңөр дүйнөдөгү байыркы тарыхый мурастарга бай өлкө, мындай байыркы сүрөттөр азыр калбады силер сактап калгыла деген сөздөрү жан дүйнөнү ойлонтот, кайда биздин саясатчылар, шайлоого шайма киришкен мекенчилдер, аларга бийлик жана байлык гана керек турбайбы деген ой жаратат. Эмне үчүн биз мына ушундай жерибизди, мурастарыбызды коңшу республикалардай болуп рекламалай албайбыз.

Дагы бир уникалдуу жердин картасы Аксы районундагы Бозбу -Ата тооосунан кезиктиребиз. Анда тоо башынан орун Изображение 004 алган "Тулпар көл" бар. Бул көлдүн сүрөтү ташка эң так таамай тартылган, биринчиси чоң көл, экинчиси кичине көл жана ага агып кирген тоо башындагы мөңгүнүн суулары, тарам-тарам болуп көлгө агып кирген булактары, анын айланасына отурукташкан айылдар, жайгашкан боз үйлөр жана жолдор жана да эң кызыктуусу эң чоң ордо тартылганын байкоого болот, чамасы хандын ордосу тартылган окшойт. Ошентип байыркы кыргыздар байыртан эле көчүп барган аймактарын эң таамай ташка чегип түщүргөн байыркы картографтар. Демек, биз аруу элдин урпактары катары бабаларыбыз менен ар дайым сыймыктанууга акылуубуз, анткени алар алгачкы саякатчылар, картографтар, дипломаттар болуп саналышат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

09-09-2011
Заманыбыздын кыл калем чебери
41472

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×