Добавить статью
5:13, 10 ноября 2011 104787

Кыргыз тарыхындагы Атаке бий жана Жырык атаке

Кыргыз тарыхында Атаке бий Тынай уулу тууралуу төмөнкүдөй негизги маалыматтар берилет:

1) Сарыбагыш уруусунун бийи, 1785-жылы Орусияга элчи жиберген. Болжол менен 1720/22-төрөлгөн, 1790-жылдан кийин каза болгон.

2) Кыргыз жергесин калмактардан бошотууда кыргыз элине Атаке баатыр зор кызмат өтөгөн.

3) Кокон хандыгы Атаке бийди олуттуу саясий күч катары эсептеген жана аны менен сюздаш болууга умтулган.

4) Атаке бийдин жаш кезинде (8-10 жашында) эрдине жара чыгып, үстүңкү эрдин дарт жеп койгондо, кыргыздын ырымдарынан айыккан экен, эрди жырык болуп калыптыр (мунун ар кандай себептери келтирилет). Атаке ээрдине ак чүпөрөк байланып жүрөт.

5) Атаке 1790-жылдан кийин айтылбай калат. Себеби, көрө албаган бирөө конокко чакырып коноктоп, кетеринде уу коргошунга ачыткан кымызды берет. Ошондон өлүптүр деген сөз бар.

Албетте, биз тарыхый жана санжыра маалыматтарын кыскартып, негизгилерин гана бердик. Бул маалыматтар кыргыз тарых илиминде кабыл алынган. Бирок, тарыхый булактарды талдоодо күтүлбөгөн жыйынтыктарга туш болдук. Биринчиден, кыргыз тарыхында Атаке деген ат менен дагы бир тарыхый инсан бар экендиги аныкталды. Экинчиден, бул экинчи инсан тарыхый булактарга “Жырык Атаке” деген ат менен кирген. Демек, Атаке бий Тынай уулуна тиешелүү деп эсептелип жүргөн маалыматтардын бир бөлүгү (башкача айтканда, жогоруда жазылган 4-тарыхый маалымат) талаш туудуруп калат. Санжыранын маалыматтарына келсек, Атакени Кокон ханы Нарбото бийдин (хан деп наам алган эмес), Ташкендеги өкүлү чакырат. Нарбото бийдин өкүлү Атаке бий менен жоолукканда Атакеден: “бу бүт дүйнөдөгү 18 миң жаныбар ааламга Кудай таалам пешене жүз бергенде сиз кайда элеңиз?” - дегенде, эрдин чүпөрөк менен калкалап алган Атаке бий: “Ээ, таксыр ханым, мен ошол мезгилде бакты-таалайдын базарында жүргөн экемин”, - деп жооп кайтарат.

Бул маалыматта эки жагдайга көңүл буруу керек. 1-жагдай: Атаке бийди Нарбото бийдин же анын өкүлүнүн чакыруусу. Нарбото бийдин тушунда (1770-1798-жылдар) Кокон хандыгы толугу менен калыптанып бүтө элек мезгил болуучу. Ошондуктан Кокон хандыгынын таасири кыргыз жергесине, өзгөчө Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл өрөөндөрүнө тийген эмес. Ал кезде Кокон хандыгы өзүнүн болгон күч аракетин Цин империясы менен дипломатиялык байланыштарды өнүктүрүүгө жумшаган. Бул маселе 1760-жылы Синьцзян аймагында Кокон хандыгына баш ийбеген жаңы бийликтин пайда болушу менен татаалданган. Демек, Нарбото бийдин Атаке бий менен болгон дипломатиялык мамилеси күмөн туудурат. Дагы бир тактай кетүүчү нерсе, Ташкен шаары Нарбото бийге баш ийген эмес. Бул шаарды Нарбото бийдин мураскери Алим хан басып алган. Ташкенди басып алууда Алим хан тажик улутундагы саясий күчтөрдү колдонгон. 2-жагдай: Нарбото бийдин өкүлүнүн берген суроосуна Атаке бийдин берген жообу. Бул суроо-жооп Ислам дининин саясий аренадагы ээлеген олуттуу оордун айгинелеп турат. Мындай абал Кокон хандыгы учурунда байкалган эмес.

Эми тарыхый булактарга кайрылсак. Мырза Мухаммад Хайдардын “Тарых-и Рашиди” эмгегинде төмөнкүдөй маалыматтар берилет.

Кыргыз ханы аталган Султан Ахмад хандын иниси Султан Махмуд хан Ташкенде хандык кылып турган. Султан Ахмад хан кыргыз урууларына таянып Теңир Тоонун аймагын (ошол кездеги Моголстанды) ойроттордон коргогон жана монголдордон тазалаган. Бул күрөштө Султан Ахмад ханды колдогон, ал тургай өлүмдөн алып калган адам катары улуту кыргыз Сүтэмген баатыр аталат. Мына ушул ага-ини болгон эки хан (Ахмад жана Махмуд) кыргыздардын жардамы менен өзбек-казактарга каршы күрөшүп, аларды Моголстандан сүрүп чыгарышкан. Султан Ахмад хандын иниси Султан Махмуд ханга болжол менен 1501-1503-жылдары Самарканддагы Шахибек хан кол салат. Ошондо Султан Ахмад инисине жардам берүү үчүн Ташкенге жөнөйт. Ташкенге кетип жатып, ордосуна б.а. Моголстанга өзүнүн улуу баласы Мансурду хан кылып көтөрүп кетет. Ошол кезде Мансур хан он алты жашта болгон. Аны кыргыздардын бир бөлүгү колдоого алса, анын инилери Султан Саидди жана Султан Халилди кыргыздардын башка бир бөлүгү колдоого алган. Султан Ахмад хан менен Султан Махмуд хан Аксыда Шахибек хан менен согушуп жеңилип, колго түшүп калышат. Ошондо Шахибек хан колго түшкөн эки ханды сый көрсөтүп, туткундан бошотот. Султан Махмуд хан Ташкенге кетет, ал эми Султан Ахмад хан Аксуга келип каза болот (1504-жыл). Мына ошол учурдан баштап кыргыздар колдогон ага-инилер ортосунда бийлик үчүн согуш башталат. Алгач Мансур хан өзүнүн тайкеси, улуту кыргыз Жаббарбердиге каршы согушат. Бул согуштун жыйынтыгында Мансур хан менен Жаббарберди жарашып, Мансурду жана Жаббарбердини колдогон кыргыз уруулары Моголстанда үстөмдүк абалга ээ болот. Ал эми Султан Сеид ханды жана Султан Халил ханды колдогон кыргыздар Ташкендеги Махмуд ханга таянып саясат жүргүзүшөт. Мындай тирешүүнүн аягы бир тууган ага-инилер Султан Сеид хандын, Султан Халал хандын, Мансур хандын жарашуусу менен бүтөт. Тактап айтканда ушул үч ханды колдогон кыргыз уруулары бири-бири менен жарашууга барат. Ал эми Махмуд хан Мавреннахрга көчө качып, Кожонтто Шахибек хандын колунан каза болот. Кайрадан бийлик талаш жаралып, Султан Сеид хан менен Султан Халил хан бир тарап болуп, ал эми Мансур хан бир тарап болуп согушуп, Иле суусунун боюндагы согушта Мансур хан инилерин жеңип, аларды колдогон кыргыз урууларын Чыгыш Түкестанга көчүргөн. Ал эми Султан Халил ханды Аксы жергесинде Жаныбек хан (Шахибек хандын аталаш иниси) туткунга алып, ошол жерден өлтүргөн. Султан Сеид хан Кабулга качкан. Жеңген кыргыз уруулары саясий абалын бекемдеш үчүн ойротторго каршы сокку урушкан. Кийинки жылы Султан Сеид ханды колдоп, бирок талкаланып калган кыргыз урууларынын бир бөлүгү кайрадан көтөрүлүшүп, хан кылып Мансур хандын иниси Имин Кожону көтөрүшөт. Мансур хан Имин Кожонун колун эки жолу талкалап, Имин Кожону туткунга алат. Ошондо Имин Кожону өлтүр деп кыргыз урууларынын бирин баштаган Жырык Атакеге (тарыхый булакта “Йарка Атаке” деп берилген) берет. Жырык Атаке Имин Кожону өлтүрбөстөн туткунга алып коёт. Демек, Жырык Атаке Мансур хандан корккон эмес. Ушунун өзү Мансур хандын кыргыз урууларына көз каранды болгондугун далилдеп турат. Андан кийинки жылдары Мансур хандин иниси Бабажак султан Чыгыш Түркестандагы Бай жана Кусан шаарларын ээлеп өзүн хан атайт. Мансур хан Бабажак султанга каршы жортуулга чыгат. Бирок Бабажак султандын ээлигине жеткенде, Мансур хан инисине элчи жиберип сүйлөшүүгө чакырат. Бабажак султан сүйлөшүүгө баруудан баш тартат. Анын жүйөсү төмөнкүдөй болот: “Имин Кожону аябаган мени аямак беле?” Мына ушул учурда Жырык Атаке Имин Кожонун тирүү экенин Мансур ханга билдирип, Имин Кожону туткундан бошотот. Мансур хан Жырык Атакенин даражасын көтөрүп, ал эми Имин Кожону Бабажак султанга жиберип, ага-ини жарашат. Бабжак султан Мансур хандын бийлигин тааныйт. Ал эми Имин Кожо Султан Сеид ханга барып баш калкалайт. Андан соң Султан Сеид хан Мансур хан менен жарашып, ал Мансур хандын бийлигин тааныйт (1516-жыл). Башкача айтканда Султан Сеид хан кыргыздардын колдоосунан ажырайт. Андан кийинки жылдарда Мансур хан ойротторго каршы жортуул жасап турган. Ушуга улай эле айрым кыргыз уруулары өз алдынча, Чыңгыз хандын тукумунан эмес, кыргыз тукумунан хан көтөрүүгө аракет жасашат. Кыргыз уруулары Мухаммед кыргыздын башчылыгы алдында Түркестанга жана Сайрамга жортуул жасашат.

Мына ушул тарыхый булакта кыргыз тархында Атаке бий Тынай уулунан башка Атаке (Жырык Атаке) аттуу тарыхый инсандын бар болгондугу жана анын саясий окуяларга жигердүү катышкандыгы далилденүүдө. Ушул доордо кыргыздардын монголодор менен болгон алакаларынын бир негизи катары ислам дини эсептелген. Мисалы, кыргыз ханы Эсен Карек (кытай тарыхый булактарында “Эсеху” деп аталган) монголдордун ханы Вейс хандын (кыргыз санжырасында “Байыш” деп аталат) кызы Мактымды алгандан кийин, андан төрөлгөн балдарга ислам дининдеги ысымдар коюлган (Ибрагим, Жунус). Ошол доордо ойроттор менен кыргыздардын ортосундагы ажырымдын башатынын бири болуп ислам динин таасиринин күчөшү эсептелген. Демек, санжырадагы Атаке бийдин жообу “Тарых-и Рашиди” эмгеги жазылган доордон бери сакталып, кийин санжырага кирип калышы мүмкүн.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×