Добавить статью
4:41, 20 декабря 2011 89685

"Манастагы" жайчылык көрүнүшү: «Күндүзү бүркөк, түнү ачык, Алмамбет кулдун жайы бейм»

Ыраазычылык

Бул макаланы жазууда чон манасчы Дыйканбайдын айтуусундагы жайчылыктын чагылдырылышы тууралуу китептерден табылбаган бай маалымат бөлүшкөн манасчы Кубан Алмабеков авага, Саякбай Каралаевдин айтуусундагы жайчылыкка арналган саптарын айтып берген манасчы Талантаалы Бакчиевге, заманбап жайчы Калыйман апа тууралу маалымат берген манасчы Улан Исмаиловго ыраазычылыгымды билдирем.

Киришүү: сөздүн көп маанилүүлүгү көрүнүштүн көп кырдуулугун белгилейт.

Бул макала ири иштин бир жана алгачкы бөлүкчөсү катары сунушталат. Ал иш үч булактын негизинде жазылган: а) дастандар мурасы, б) санжыра, в) азыркы убакыттагы жайчылык ырымынын кубулушу. Толук таризинде бул изилдөө “Жайчылык: жаратылыштын абалын адамдардын муктаждыгына тууралап келтирүү” деген ысым менен Англияда, белгилүү китеп чыгарган “Континиум” басмаканасында 2012 -жылдын февраль айында жарык көрөт.

Жайчылык - бул эзелтен кыргыздардын аба-ырайын өзгөртүү үчүн жасалган ырым. Жайчы – бул аба-ырайына таасирин тийгизе турган касиеттүү адам. Эгерде көпкө чейин жаан жаабай, жер, чөп кургап калганда, ата-бабалар жаанды жаадырган. Тескерисинче, жаан жааса, чөп кургатканга мүмкүнчүлүк бербесе, жайчылар жаанды токтотуу үчүн жайчылык кылышкан. Душманды жеңүү максатында кээде ызгаар бурганак кылууга туура келсе, жайчы анда бороонду, карды чакырып, күндү жаадырган. Эгерде аларга каршы туруп, жеңишке жетүүчүлөр ачык күнгө зарыл болсо, жайчы ошого жооп берерлик кылып аба-ырайын өзгөрткөн.

Кыргыз тилинде жай деген уңгу сөз көп мааниге ээ. Баарыбыз билгендей, жай – бул жыл мезгили. (Акмолдоева, 2009, 24 б. Абдулдаев , 1984, 280–281б.) Ошол эле убакта жай деген сөз кеңири мааниде мейкиндикти билдирет, ар кандай алкакта ал мейкиндик бир чекитти же бүт ааламды билдире алат. Жайдын дагы бир мааниси – акыбалдын, кыймыл-аракеттин шартын мүнөздөйт. Бул жагынан жай - тынч, бейкут, беймарал деген сөздөргө маанилеш келет. Жай этиш катары жайылтуу жана жая салуу деген маанилерди камтыйт: мисалы, билимди жайылтуу же төшөктү жерге жаюу.

Жогоруда келтирилген жай сөзүнүн ар бир мааниси өз алдынча өмүр сүрөт жана өзүнө тиешелүү түшүнүктөр тармагын жаратат. Бирок аз дегенде төрт өз алдынча маанини бир эле сөз камтып жүргөнү кокусунан эмес. Бул – кыргыз тили өзүнө сиңирип жана сактап келе жаткан салттуу дүйнө таанымынын көрүнүшү. (Айтпаева, 1999, 3–5 б. ).

Кыргыз тилинде кайсы гана көп маанилүү сөз болбосун, ал атаган заттын дагы бир нече мааниси (сапаты, мүнөзү) бар экендигин белгилейт жана ошол маанилердин түп-тамыры туташ экендигин аныктайт. Биздин мисалда, ата-бабаларыбыз мезгил менен мейкиндикти жай деген бир сөз менен атап, алардын бир бири менен болгон ажырагыс байланышын билгизишкен. Тактап айтканда, мезгил менен мейкиндиктин түпкү биримдигин тилибиз өзү чагылдырып турат.

Ошондой эле тилибиз аркылуу мезгил менен мейкиндиктин алгачкы табигый айкалышы жай, башкача айтканда, тынч жана салмактуу болгондугу билинет.

Жогоруда айтылгандай, салттуу кыргыз дүйнө таанымы жай сыяктуу көп маанилүү сөздөрдө камтылган. Ошого ылайык, кайсы гана нерсе болбосун: заттык же руханий, көзгө көрүнгөң же көрүнбөгөн, оор же жеңил, кабыл алынган же тыюу салынган, адам баласы тарабынан ошолорду жайылтуу (жаюу) аракети мезгил менен мейкиндиктин алгачкы табигый айкалышына түздөн-түз байланыштуу (Мельников, 2006).

Жай – көп маанилүү уңгу сөздөн келип чыккан жайчылык (жай+чылык) деген сөз дагы бир нече мааниге ээ. Анын негизги бир мааниси - бул тынччылык жана бейпилдик. (Абдулдаев, башкалар, 1984, 283 б.).

Бул макалада жайчылык - аба-ырайына таасир этүүчү ырым катары жай уңгу сөзүнүн маанилеринин баарын камтыйт деген көз караш сунушталып, талдоого алынат. Бул ырымды аткарууда мезгил, мейкиндик, тынччылыктын абалы жана жайылтуу аракети өзүнүн баштапкы биримдигинде же түпкү айкалышында сакталган. Жайчылык мезгил менен мейкиндиктин алкагында (координатторунда) аткарылат. Мисалы, мезгил – тике сызык жана мейкиндик - горизонтал сызык катары айкалышып турганда, жайчылык ошолордун ортосундагы кайсы бир чекитте орун алат.

Мезгил

Ω жайчылык

Мейкиндик

Жайчылык аткарылган мезгил-мейкиндиктин өзүнө таандык агымы же ыргагы болот, - ал жай же тынч, салмактуу болууга тийиш. Жайчы мезгил менен мейкиндиктин ортосунда өзүнүн ордун так аныктаган шартта гана жана ошондой эле анын ыргагын сезе билип, аны менен шайкеш келгенде гана аба-ырайына керектүү таасирин жайылта алат.

Көп маанилүү сөздөрдүн уңгусу, түпкүрү бир болгондугун негиз тутуп, салттуу кыргыз коомчулугунда жайчылык ырымы менен жыргал жашоонун ортосунда тыгыз байланыш бар болгонун болжолдосок болот.

Көнүл борборунда “Манас” улуу дастаны турат.

Азыркы мезгилде кыргыздардын мурунку тарыхы жана тажрыйбасы, ошонун ичинде, жайчылык тууралуу бирден бир маалым булагы дастандар болот десек жаңылышпайбыз. Көпчүлүккө маалым болгондой, кыргыз дастандары эки топко бөлүнөт: улуу ”Манас” жана кенже дастандар (Акматалиев, 2002, 3–40 б.).

Кенже дастандар көлөмү боюнча кичине болгону же кеч жаралганы үчүн кенже деп аталган эмес. Кыргыздардын кенже дастандары миң саптан 17 миңге чейинки саптарды камтып, Гомердин “Илиада” же “Одиссея” эпосторуна салыштырмалуу көлөмү жагынан кичине эпос болуп саналбайт. Ал эми жаралыш мезгилине караганда, “Эр Төштүк” же “Кожожаш” сыяктуу эпостор тарыхка чейинки мифологиялык мезгилге таандык. Улуу “Манаска” салыштырмалуу башка дастандар “кенже” деп аталып, бул аныктама кыргыз оозеки чыгармачылыкты таанууда кадимкидей терминге айланды.

Жайчылык ырымы дастандардын эки тобунда тең кездешет. Бирок, бул макалада бир канча себептерден улам көңүл чордону “Манас” дастанына бурулмакчы. Кыргыз дүйнөсүнүн билермандардын жана манасчылардын көз карашында, “Манас” кыргыздардын өзүн-өзү таануу жана калыптандыруу тарыхында, руханий жана маданий өнүгүүсүндө кайталангыс орун ээлеп келе жатат.

Дүйнө жүзүндөгү эң көлөмдүү элдик чыгарма болуп, ал бир канча кылымдардан бери чогулуп келген эбегейсиз зор маалыматтарды мазмунуна камтып турат. ХХ кылымда окумуштуулар жана жазуучулар “Манас” эпосунун ченемсиз көлөмүн жана энциклопедиялык мүнөзүн ар дайым калыстык менен белгилеп келишкен. (Кадырбаева, 1980; Молдобаев, 1995; Акмолдоева, 2009; Акматалиев, 2002, 3–130 б.; Асанканов, башкалар, 1999, 37–54 б.) Залкар сөз чебери Ч.Айтматов “Мухиттей болгон Манас” деп айтып кеткен (Айтматов, 1994)

ХХ1 кылымда кыргыз коомунун турмуш-жашоосунун көп жактарын көрсөткөндүгү менен бирге, улуу дастандын башка каситтери дагы даана көрүнө баштады. “Манас” – бул жөн гана өткөн замандан калган эстелик эмес, же болбосо, жөн гана жалпы элдик билим топтолгон мурас эмес. Манас – бул тирүү Сөз, өнүгүп-өөрчүп туруу кубулушуна ээ Баян. Улам мурунку калыпка түшкөн, эл арасында кенен тараган варианттарынан бир топ айырмаланган дастандын жаңы варианттары пайда болууда. (Үмөт уулу, 2009). Манасчылык касиетин күтүп көтөргөн, жаңы манасчылар да пайда болууда. (Айтпаева, 2006,118–123 б.; Айтпаева, башкалар, 2007, 264–282 б.; Айтпаева, башалар, 2009, 55–65, 74–79 б.; Кадыров, 2009)

Жаңы пайда болгон варианттар жана манасчылар эпикалык же руханий дүйнө таанымга дал келип, азыркы карандай акыл-эске негизделген ой-жүгүртүүгө анча туура келе бербегендиги таңкалыштуу көрүнүш ( Кадыров, 2007). Академиялык илим эпосту жөн гана изилдөө тармагы катары кабыл алууну адат кылып, өзүн-өзү калыптандырууга, жомок дүйнөсүнөн чыныгы коомдук турмушка өтүүгө жөндөмдүү өз алдынча зат (субъект) катары карап көрүүгө жете элек.1

Жомок дүйнөсүндөгү жайчылык кандай чагылдырылат?

Каптап кытай келгенде,

Караандуу жоону көргөндө,

Күндүзү бүркөк, түнү ачык,

Ала канчык шыбыргак,

Алмамбет жайын салды эле:

Ошондо бөксөнүн башы мөндүрлөп,

Жаканын баары жамгырлап,

Асмандан булут сабалап,

Көктөн булут күркүрөп,

Жер жүзүнө камалып,

Тик каптаган кытай журт

Күн көрөргө зар болуп,

Согуш кылган чоң майдан

Найза бою кар болуп,

Жабылган кытай, көп манжуу

Ошондо кыңшылаган кыз болуп (С.Каралаев, 2 т. 194-б.)

Бул үзүндү кыргыздар Манастын кол башчылыгы менен кытайлардын башкы шаары Бээжинге койгон чабуулу туурасындагы “Чоң казат” бөлүмүнөн алынды. Аба-ырайын кескин өзгөрткөн Манастын эң жакын үзөңгүлөш досу Алмамбет болгон. Байкасак, бул жерде жайчылыктын кандай аткарылганы же болбосо аба-ырайын өзгөртүүдөгү жайчынын абалы кандай болгону сүрөттөлбөйт, болгону Алмамбеттин жайчылык ырымын кылгандыгы гана баяндалат. Эпосто жайчылыкты кенен сүрөттөгөн учурлар дагы кездешет, бирок бары бир, дастанга мүнөздүү усул так ушул - адамдын аба-ырайына таасир эткен ырымды жалпысынан жана каймана сүрөттөп кетүү. А бирок башка көптөгөн салттарга, ырым-жырымдарга келгенде, алар майда-чүйдөсүнө чейин берилет. Ошондуктан улам жайчылык өзү жабык, сырдуу көрүнүш экендиги байкалат, аны ийне-жибине чейин ачуу мүмкүн эмес.

Дастандын миңдеген каармандардын арасында аба-ырайын өзгөртө алуучу касиети бар адамдар саналуу гана. Алар адатында, атайын билим алган эркек кишилер.

«Айтканым кесир болбосун,

Жайдын күнүн кыш кылам.

Кийими жука кытайды

Кыңкылдатып кыз кылам.

Кыз кыла турган себебим:

Ич этимден суп көйнөк

Кийип келген болчумун,

Ар арибин мен окуп,

Билип келген болчумун» (С.Каралаев. Манас, ТАИ, КФ, инв. № 919, 1675б.).

Бул сөздөр баягы эле Алмамбетке таандык. Кыргыз дастанында Алмамбет бирден бир капа–кайгыга баткан каарман. Калыптанган “Манас” варианттарында бул киши кытай болгон жана алардын арасында өскөн, бирок кийин жан дүйнөсүнүн изденүүсүнөн улам кыргыздарга келген.

Ошентип, кыргыздардын арасында Алмамбет жайчылыктын билерманы болуп чыга келет. Ал жайчылыкты өз элинин арасында жүргөн кезинде Кытайдан үйрөнгөн. Бирок ал окуган жайчылыктын мектеби тууралуу кенен маалыматты дастандан табуу кыйын. Мектеп Бээжиндин четинде жай алып, ага окуй ала турган балдарды ажыдаар өзү тандап, өзү үйрөткөнү маалым. Манасчы Кубан Алмабековдун айтуусунда, жайчылык мектебине туюм сезими күчтүү, зирек жана күч-кубаттуу балдар гана тандалган2. (Алмабеков, 2009, 46–50-б.) Анткени алар ажыдар жүргүзгөн тандоодо өз өмүрүн сактап, окуу учурунда тирүү калыш керек эле.

Жайчылык – согуш куралдардын күчтүүсү

Дастанда жайчылыкка байланыштуу мындай окуялар кездешет, мисалы, Алмамбет эки дөөнүн күрөшүн көрүп ырахаттанган эл үчүн асмандагы булуттарды айдап, күндү ачып берет, ал эми Манастын болочок келини Айчүрөк Семетейдин ак шумкарын уурдай качуу үчүн аба-ырайын бузат. Жигити убара болуп шумкарды издөө үчүн ага барууга мажбур болот.

Бирок, “Манас”, эң оболу, баатырдык эпос, тактап айтканда, кыргыздын көз карандысыздыгы жана биримдиги, жеринин бүтүндүүлүгү үчүн күрөш тууралуу дастан болгондон кийин, мында жайчылык көбүнчө согуштук курал катары баяндалат. Эпосто басып келаткан жоону токтотууда, чалгын чалууда, издерин жашырууда, айлана-чөйрөнү жана аба-ырайын өзгөртүү чарасы колдонулган. Жайчылык - бул сырдуу билимге ээ, касиети бар адамдар колдоно алган жогорку күчтөгү курал.

Бул куралдын күчү зор: “ажыдаардын окуусунан” өткөн бир жайчы, миңдеген аскерлерди токтотуп, алардын ыркын бузуп, мыкты баатырларын өлтүрүп, жеңишке жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзө алган. Эгерде ажыдаардан окуп үйрөнүп келген эки жайчы каршылашкан эки тарапта тең бар болсо, эки жактын биринин жеңишке жетүүсү жайчылардын күчүнө, касиетине көз каранды болгон.

“Чоң казатта” миң сандаган жоокерлер, баатырлар жана чалгынчылардан тышкары эки жайчы кытайлык Шыпшайдар менен Алмамбет да катуу кармашкан.Бул салгылашта Шыпшайдар жеңишке жетишкен: ал Алмамбет чакырган бурганакты токтотуп, булуттарды таратып жиберген, жана шамалды жайлатып, жаратылышты бир калыпка келтирген дагы ал бурганакты кайрадан кыргыздарга айдап салган. Аягында “Чоң казат” кайгылуу аяктайт: Манас жарадар болуп, ошол жараатынын айынан өз мекенине келгенде көз жумат, ал эми Алмамбет жана башка баатырлар да көзгө атар мерген ошол эле Шыпшайдардын огуна кабылып өлүмгө учурашат.

Мурда айтылган жай сөзүнүн ар башка маанилеринин түпкү биримдигин эске алсак, “Чоң казаттагы” жайчылык кыргыздар үчүн бөтөн мейкиндикте, ал эми кытайлар үчүн өз мейкиндигинде аткарылган ырым болду. Дастандын өзүндө Алмамбеттин жеңилип калышы Шыпшайдарга караганда, жайчылыкты үч ай аз үйрөнгөнү менен түшүндүрүлөт. Мындай түшүндүрмө аркылуу, дастанда жайчылык барынан мурда кенен жана терең билим алууну, кылдаттык менен үйрөнүүнү талап кылаары тууралуу басым жасалып айтылган.

Жайчылыкты иш жүзүнө ашыруу шарттары кандай болгон?

54 жашында каза болгон Манастын өлүмүнөн кийин кыргыздар кунун кууп, өч алуу үчүн бир канча жылдан соң Бээжинге карай аттанышат. Жаңы аскерлердин арасында Манас менен Алмамбеттин балдары да болгон. Кыргыздар менен болгон биринчи беттешке Кытай жайчысы Мурадыл чыккан.

«Жай ташты көлгө урду эле,

Күндү жайлап турду эле,

Булут ээси Бууракан,

Мунун атын чакырып

Жердин аты Желшамал,

Мунун атын чакырып,

Кышта жүрчү булутту

Жайдын күнү кармады,

Эр Мурадыл чоң кытай

Эсеби жок жайлады.

Коктудан туман табылып,

Тоо-тоолордун башынан

Кара булут чамынып,

Оргочордун башынан

Оркоюп булут көрүнүп,

Бөксө менен зуулдап,

Көк кашка мөндүр төгүлүп.

Жер күркүрөп кыбырлап,

Асмандан көк кашка мөндүр шыбырлап,

Кумсарып булут бөлүнүп,

Асмандан аяктай мөндүр төгүлүп.

Караса көзгө илинбей,

Карарып жүрдү жөө туман,

Жердин жүзү көрүнбөй.

Жер бузулуп дүркүрөп,

Кокту-чункур жер менен

Кыян жүрүп күркүрөп,

Кара жар кулап, зоо агып,

Кыян каптап, тоо агып,

Чуңкурдун баары тыгындап,

Кашатты бузуп жыгындап.

Жайдын күндү кыш кылып,

Төрөңүздүн бетине

Төрт элидей муз туруп.

Он төрт аттын баарысы

Кулунча туйлап чыркырап,

Ноктолордун баарысы

Бырча-бырча үзүлүп,

Быт-быт чыкты быркырап.

Кең дүнүйө тар болуп,

Жердин бети ошондо

Тердиктен ылдый кар болуп.

Колотко, жарга жыйылып,

Жан-жаныбар, макулук

Мөндүр тийип кырылып» (Семетей: Эпос. Саякбай Каралаевдин варианты б ча. – Ф.: Адабият, 2-китеп, - 1989. 152-153-б.).

Келтирилген мисалда жайчылыктын ишке ашыруусу кенен жана толук сүрөттөлгөн. Биринчи иш-аракетинде Мурадыл сыйкырдуу жайташты душманды көздөй каратып туруп көлгө ыргытат. Экинчисинде – жаратылыштын сыйкырдуу күчтөрүнө дал келип, жеткен дубаны окуйт. Жайташ менен дуба – бул айлана-чөйрөнү жана аба-ырайын өзгөртүү үчүн пайдаланган эки негизги курал. Булар бардык жайчылардын иш-аракеттеринде колдонулат. Бирок, жайчы кантип күндү жаадырары, даана кайсы сөздөрдү пайдаланаары тууралуу кылдаттык же тереңирээк сүрөттөлүштү дастанда табуу кыйын.

Жогоруда келтирилген мисалдарда жайчылыктын негизин түзгөн ыкмалары даана көрүнүп турат, алар: а) жайчы ылайыктуу мейкиндикке сүңгүп кирип, айлана-чөйрө менен байланыш түзөт ,бул мисалда - көл менен; б) керектүү мезгилди аныктап, анын жогорку күчтөрү менен байланыш түзөт, бул мисалда - күн менен; в) жаратылыштын ээлерине кайрылат, бул мисалда - булуттар ээсине; г) табигый затты – жайташты пайдаланат.

Тагыраак айтканда, жайчылыктын негизинде адам баласы менен башка жаратылыш дүйнөсүнүн ундөш, ал тургай эриш-аркак мамилеси жатат. Адам баласы жаратылыштын күчтөрү жана алардын ээлери менен байланыш түзүп, алардын жардамы менен гана аба-ырайын жан айлана-чөйрөнү өзгөртө алат. Улуу “Манаста” чагылдырылган жайчылык тажрыйбасында адам жаратылышка эч үстөмдүк кыла албайт жана башкара албайт. Тек гана, зарыл учурда табияттын тилин табып, жайчылыгын ишке ашырат. Анткени ажыдаардын окуусунан өткөн жайчылар ким менен иш алып барып жатканын жакшы түшүнүшкөн.

Мурадыл тууралуу баяндалган окуяга кайрылсак, анын жаратылышка тийгизген күчтүү таасирине кыргыз жайчысы - Алмамбеттин баласы Күлчоро каршы туруп бере алды. Себеби, анын энеси күйөөсүнүн өлүмүнөн оор сабак алып, өч алуу үчүн баласын эрте окууга берип, жайчылыктын жашыруун сырларын үйрөткөн. 12 жашка чыкканда Күлчоро күрпүлдөп аккан Үргөнч дайрасынан өтүү үчүн жайчылыгын көргөзгөн, керек болсо, ал убакта 20-30 жаштагы баатырлар мындай нерсе колунан келбей турган абалда болуучу. Дастан боюнча Күлчоронун жайчылык күчү апасы сактап жүргөн Алмамбеттин сыйкырдуу жайташында дагы болгон3.

Жайташ - курчап турган айлана-чөйрөнү жана аба-ырайын өзгөртүүдөгү ырым аракетинин ажырагыс бир бөлүгү. Эгерде ал жайчылыктын пайдубалын түзсө жана эгерде ансыз бул ырым ишке аша албаса, анда жайташта жайчылыктын бир сыры жатат десек аша чаппайбыз. Окумушутуу, изилдөөчү Заир Мамытбековдун маалыматы боюнча, жайташ – жаныбарлардын жана жырткычтардын ичинде пайда болгон таш. (Мамытбеков) Бул таш кой, жылкы, тоок, аркар ж.б.у.с. үй-жаныбарларынын жана жапайы жаныбарлардын, ошондой эле жырткычтардын ашказанында болот. (Алиев, 1995, 194–195 б.).

Эмне үчүн жайчылыкта таш, болгондо дагы - жырткычтын же жаныбарлардын ичинен алынган таш колдонулган?

Илгертен бери негизги төрт табигый көрүнүш – жер, суу, от, аба бар экендиги белгилүү (Кадыров, 2009). Жайчылык аба-ырайына таасир этүү үчүн адам менен жаратылыштын шайкештигине негизделген ырым болгондуктан кийин, ал табигый көрүнүштөрдү камтышы зарыл.

Таш жер сыяктуу катуу зат, катып калган жердин бир тутуму десек болот. Ырымда таш жерге барабар зат же төрт табигый көрүнүштөрүнүн бири катарында колдонулат окшойт. Жайчылыкта таш - катуу нерсе дайыма суу – суюк нерсе менен айкалышып турат. Кандай таш болбосун, аны сууга ыргытсак, көзгө көрүнгөн өзгөрүүлөр болуп өтөт. Ал эми ташты дубалап, ырымдап туруп ыргытса, анда тийиштүү бир жооп берээрлик өзгөрүүлөр болот.

Эмне үчүн ал таш жаныбардын же жырткычтын ичинен чыгышы зарыл? Дастанда кытай башчылары жаныбарларды Ак-Кулжаны, жырткычтардан куу түлкүнү жана куштардан өрдөктү кайтаруу үчүн кыргыздардын чек арасына коюп койгондугу туурасында маалыматтар кездешет. Керек болсо бул “чек арачылар” жайчынын кызматын да аткара алышкан. Дастан дүйнөсүндө элдер менен жаныбарлар бири-бирине абдан ынак болуп, өз ара биринин ордун бири дайыма алмаштырып турган.

Жырткычтын же жаныбардын ичинен чыккан таш - тоолуу капчыгайда же чоң суунун жээгинде жаткан таштан кескин түрдө айырмаланат. Ал айырма – жайташ жаныбарлардан же жылуу кандуу макулуктардан чыккан таш, алардын жашоосун дене боюнан өткөрүп, маңызын тулку боюна сиңирген зат болуп калат. Адам баласы өзү дагы жылуу кандуу, сүт эмүүчүлөрдүн жаратылыш өкүлдөрүнө кирет. Демек, бир жагынан, жайташ жердин бир бөлүкчөсү катары, экинчи жагынан, жылуу кандуу сүт эмүүчүлөрдүн бөлүкчөсү катары, ар башка табигый көрүнүштөрдү кошуп, өзгөчө бир таасирди жарата алат. Жайташтын мындай табияты дастанда орун алган жайчылык ырыма туура келет.

Дуба же атайын ырымдалып айтылган сөздөр - жайчылыктын экинчи негизги куралы. Мурадыл жөнүндөгү окуяда көрүнүп тургандай, дуба кимге багышталып окулган? Булуттардын пири Буураканга, жердин ээси Желшамалга. Мындай күчтөрдү атынан атоо – абдан опурталдуу. Табигый күчтүн атын билүү, алар угуп кайра жооп кайтаргыдай кылып атынан атап чакыруу сыяктуу ыкмаларын “ажыдаардын мектебинен” үйрөнүшкөн. Дуба тууралуу кылдаттык баянды дастандан табуу кыйын, демек бул билимдин жашыруун сыры ачылбай тургандыгы дагы бир жолу баса белгиленген. (Mамытбеков, 1993, 75 б. ).

“Манас” дастанында жайчылыктын сүрөттөлүшү бир нече корутунду чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Эң оболу, жайчылык аба-ырайын өзгөртүүгө багытталган сырдуу ырым-жырым катары белгилүү бир билим тутумуна негизделген. Согуш жана кармашуу мезгилдерде жайчылык жаратылыш менен адамдын биримдигинен келип чыккан жогорку күчтөгү курал болгон.

Бардык дастан окуяларында жайчылык ырымдын өзүнө эмес - анын аткарылыш себептерине жана пайда болгон натыйжаларына басым жасалат. Жайчылыкты колдонуунун негизги себеби дайыма жамааттын, элдин муктаждыгында болгон. Кыйынчылытарга дуушар болгон эл алардан өзү чыга албай жаткан учурда жайчылар ишке киришет.

Жайчылыкта жаратылыш сыяктуу гана зор күчкө ээ шерик туура келет. Жайчылыктын натыйжасында табиятта жана аба-ырайында эл күткөндөй өзгөрүү орун ала баштайт. Себеп менен натыйжанын ортосунда адамзат менен калган жаратылыш дүйнөсүнүн арачысы - жайчы турат. Жайчы дайыма өзүнүн элине жана эл башчыларына кызмат кылат. Элдер өз ара келишпей, ортодо согуш чыкса, мындай согушка жайчы да киришкен. Мындай салгылашта кимиси жаратылыш менен камыр жумур болуп, аны менен шерик боло алса, жаратылыштык кубулуштардын: бороон-бурганактын, калың кардын, жер титирөөнүн, тоодон жүргөн селдердин ж.б. тилин кимиси жакшы билсе, мезгил менен мейкиндиктин ыргагына ким туура туш келип, так кире алса ошол тарап жеңген

Улуу дастаныбызда жайчылык – бул аян же жашыруун сыр деген түшүнүк кызыл сызыктай өтөт. Ажыдаардын тартибине чыдаган, күчтүү, саналуу адамдар гана ага жете алышат. Бул жерде ажыдаар – жаратылыштын эбегейсиз дареметин жана курч акыл-эсин чагылдырган көрүнүш. Жайчылык билим тутуму – адам баласы ошондой жаратылыш менен өз ара мамиле түзүү, ага этият таасир этүү жана керектүү натыйжаларга жетүү тууралуу болушу мүмкүн.

Дастандагы жайчылык окуялары дайыма так мезгил жана мерчемдүү мейкиндик менен чектелет. Табиятка таасир кылуу эл муктаж болуп турган учурда гана жасалат, муктаждык жоюлгандан кийин, дароо аяктайт. Таасир этилген мезгил менен мейкинддикти так чектеп коюу - бул жайчылар үйрөнгөн билимдин өзөгү болсо керек.

Эгерде алтай-түрк элдеринин эпосторун жана “Манас” дастанын максаттуу казып, иликтеп, ошонун негизинде жайчылык билимин кайрадан калыбына келтирүүгө аракет кылып көрсөк, байыркы билимдер менен азыркы илимий түшүнүктөрдүн ортосунда бир топ окшоштуктар чыгышы мүмкүн.

Корутунду ордуна: жоголуп бараткан билим

Манасчылык менен жайчылык – кыргызчылыктын эки бутагы. Бүгүнкү күндө кыргызстандыктардын көбүндө “Манас” тууралуу тигил же бул деңгээлде маалыматы бар. Жайчылык болсо такыр башка абалда. Аба-ырайын өзгөртүү тууралуу сейрек маалыматты кээ бир карыялардан, же болбосо, кыргызчылык жолунда жүргөн адамдардан укса болот.

Совет доорунда кыргызчылык – салттар, ырым-жырымдар, түрлүү тармактар боюнча эл билими катары жоюлуп, жашоо-турмуштан күч менен сүрүп чыгарылган. Анткени кыргызчылык кайып дүйнөсү менен, же башкача айтканда, ыйык, аруу, теңир, арбак сыяктуу, карандай акылдан тышкары орун алган, көзгө көрүнбөгөн нерселерге тамырланып, совет бийлигинин дүйнө таанымына каршы турган.

70 жыл ичинде аттеисттик мамлекеттин үстөмдүгү менен көптөгөн түшүнүктөр жана баалуулуктар кыйрап, жоготууга учураган. Бирок чоң өзгөрүүлөр келген мезгилде качан Совет өлкөсү дүйнө жүзүнөн жок болуп, анын ордуна 15 көз карандысыз мамлекет, ошонун ичинде – Кыргызстан, пайда болгондо, кыргыздар кайра жаралуу жана калыптануу жолуна түшүп, кыргызчылыктын түрлүү түзүлүштөрү кайрадан калыбына келе баштады. Манасчылык, бүбү-бакшылык, ыйык жерге зыярат кылуу жана башка көптөгөн ушул сыяктуу салттуу иш-аракеттер азыркы жашоого кайтып келип, алардын өнүгүүсү жүрүп жаткан мезгил. Буга салыштырмалуу жайчылык ырымы өзүнчө обочолонуп, адамдардын иш-аракетинде көп кездешпестен, көбүнчө кээ бир билермандардын гана эсинде сакталууда.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×