Добавить статью
3:05, 23 декабря 2011 27011

Байтик баатырдын сүрөтү табылды

Тарыхтагы чыгаан инсандардын сүрөттөрү дээрлик жок, же болбосо бизге чейин сакталбай калган. Андыктан алардын жүздөрү болжолдуу түрдө тартылып, коомчулукка сунушталып келет. Мындай болжолдуу сүрөттөрдү тартууда өз мезгилинде жазылган даректүү жазмалар, эскерүүлөр, тарыхый булактарга таянылбай, натыйжада көпчүлүк инсандар окшошпой калган. Алсак Байтик баатырдын сүрөтү. Биздин көп жылдык изилдөөбүзгө караганда Байтик баатырдын сүрөтүндө айырмачылыктар арбын. Анын сүрөтүн көргөндө 80ден ашкан абышканы элестетүүгө болот. Ал эми Байтик баатыр пайгамбар курагында, 63 жашында каза болгон. Биз бул тууралуу 9 жыл мурда “Азаттык” радиосу аркылуу да айтып чыккан элек. Бирок коомчулук, ал түгүл Байтик баатырдын урпактары да анчалык маани бербеди. Ошондуктан тарыхый жаңы табылгалардын негизинде коомчулуктун көңүлүн кайрадан бурдуртуп, Байтик баатырдын өз сүрөтүн сунуштап отурабыз.

Адатта тарыхый инсандар торколуу той-аш учурунда гана эске алынып, ошол жылы бираз даңазага алынып, андан соң тынчтык орноп, кийинки мааракесине чейин коомчулуктун көңүл сыртында калат. Жадагалса той-аш учурунда айтылган убадалар унутта калып, даярдалган жыйнактар чыкпай, изилдөөнүн изи сууйт. Акыркы жылдары көп эле көзү өткөн тарыхый инсандар ушундай мамилеге туш болушту. Алардын арасына 175 жылдык торколуу тою 1996-жылы чоң салтанат менен өткөрүлгөн Байтик баатырды кошууга болот. Ошол жылы опур-топур менен өткөрүлгөн баатырдын торколуу тою деле божомолдун негизинде белгиленип кеткен. Чын-чынында Байтик баатыр тууралуу архивдик документтерди иликтей келсек, анын туулган жылы да, божомол сүрөтү да так эмес экен. Биз аны тактап, сүрөтүн аныктап отуруп ушундай жыйынтыкка келдик.

Чындыгында 1996-жылы Байтик баатырдын 175 жылдык торколуу тою божомолго негизделип өткөрүлгөнү ырас. Азыркыга чейин бардык маалыматтарда, Байтик баатыр тууралуу жарыяланган эмгектердин, макалалардын дээрлик бардыгында анын төрөлгөн жылы 1820-жыл деп берилип келет. Бирок, биз ал тууралуу архивдик документтерди кылдат иликтеп көргөнүбүздө, анын туулган жылы тууралуу мындай маалымат туура эмес болуп чыкты. Алматы шаарындагы Казакстандын Мамлекеттик архивинен табылган архивдик маалыматтарда Байтик баатыр 1869-жылы 46 жашта болгондугу айтылат. Бул башка булактарда да бышыкталат. Биз тапкан бир нече архивдик документтерге караганда, баатырдын туулган жылы 1820-жыл эмес, 1823-жыл экени дайын болду. 1872-жылы «Туркестанские ведомости» гезитинин 43-санына Байтик баатыр тууралуу кызыктуу макала басылган. Бул макаланын автору А. Хорошхин Байтик баатырга бир нече жолу жолукканын, ал Пишпектин чет-жакасында жашаарын, жашы 50гө келип калганын жазган. Демек 1996-жылы кыргыз коомчулугу анын 175 жылдык мааракесин тактоого албай туруп белгилешкен. Бул эми Байтик баатырдын туулган жылы тууралуу тактоо. Биз эми анын чыныгы сүрөтү тууралуу сөз кылсак.

Эл арасында буга чейин белгилүү болгон болжолдуу сүрөтүндө ал эки ийнине падышалык администрация ыйгарган капитан чинин билдирген белгини, сол көкүрөгүнө жалгыз орденин, мойнуна лентага байланган чоң алтын медалын тагынган, башына суусар тебетей кийген, аппак сакалы жайкалган, жашы 80ден өткөн арыкчырай абышканы элестетет.

байтик1 

Байтик баатырдын биз билген божомол сүрөтү

Анын каза болгон жылы 1886-жыл болсо, архивдик булактардын негизинде такталган жашы боюнча 63үндө, мындайча айтканда пайгамбар жашында опат болгон. Демек, ошол кездеги эт, кымыздан өксү болбогон Байтик баатырдын чырымы алда канча жаш көрүнгөн. Анын үстүнө 1872-жылы жогоруда аты аталган А. Хорошхин аттуу автор өзүнүн көргөнүн мындайча сыпаттаган:

- Ал узун бойлуу, кең далылуу, үнү да айбаттуу, өткүр көздүү, чоң кара сакалы бар, баскан-турганы салабаттуу адам. Чындыгында эле ал майда, эби-сыны жок кара кыргыздардын арасында өзгөчөлөнүп турат.

Өз замандашынын жазганы боюнча, Байтик баатыр буга чейин элге белгилүү сүрөтүнөн бир топ айырмаланаары айкын. Ошондуктан биз көптөн бери анын сүрөтүн ар тараптан иликтеп отуруп, колубуздагы сүрөт Байтик баатырдын сүрөтү экенине ынанып, аны дагы бир жолу коомчулукка жарыя кылып отурабыз. Бул сүрөт падышалык жергиликтүү администрация өкүлү тарабынан 1883-жылы тартылып алынып, ал жөн гана «Жетисуу облусундагы белгилүү манаптар менен көпөстөрдүн сүрөтү» деген аталышта сакталып келген. Бул сүрөткө бардыгы болуп 10 адам тартылып, алардын эч кимисинин ысымы көрсөтүлгөн эмес. Биз алардын арасынан сиздер көрүп турган ушул эки инсандын сүрөтүн гана берип отурганыбыздын да жөнү бар.

AE2E6978-FB0D-4DA6-BEEB-10962FF7995C_mw800_s

Анткени биринчи катарда 10 адамдын ортосунда отургандардын бири, жашыраагы Шабдан баатыр экенин тактап коомчулукка билдирген элек. Шабдан баатыр бул сүрөтүндө 34 жаш курагында болсо, Байтик баатыр туура 60ка толгон учуру болгон. Ал жаңы эле Санкт-Петербургдан падышанын такка отурган салтанатынан кайткан учур эле. Балким 1883-жылы падышанын жаңыдан такка отурган салтанатынан кийин Пишпек шаарына кыргыздын жана кошуна казактардын көрүнүктүү инсандарын катышуусунда атайын белгиленип, ошол салтанаттан кийин түшкөн сүрөт болушун айткыбыз келет. Эми ортодо, Шабдан баатырдын жанында отурган кең далылуу, Шабдандан бойлуу, сыйлуу чапан кийип, орден-медалын, алтын курун тагынган, жашы алтымышты таяган алыбеттүү инсанды Байтик баатырдын өзү демекчибиз. Бизге жеткен жазма булактардагы Байтик баатырды сүрөттөгөн даректер да аны ырастап, оюбузду бышыктайт. Ал бул сүрөттөн үч жылдан соң, 63 жаш курагында дүйнөдөн көзү өткөн. Ошентип, Байтик баатыр буга чейин коомчулуктун аң-сезимине сиңгендей ак сакалдуу абышка эмес, анчалык алдан тайыбаган, өз замандаштары жазгандай, салабаттуу, көзү өткүр, кең далылуу инсан болгонун ушул сүрөт бышыктап отурат. Байтик баатырдын чыныгы сүрөтү өзүңүздөр көрүп тургандай божомол сүрөтүнөн алда канча айырмаланып турат. Тарыхый даректерде элестүү баяндалган, 1883-жылы тартылган бул сүрөттөн Байтик баатырдын чыныгы жүзүн, келбетин көрүп турабыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

23-12-2011
1916-жыл. Эркиндик үчүн күрөштүн барактары жана сабактары
57231

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×