Добавить статью
5:01, 23 декабря 2011 56655

1916-жыл. Эркиндик үчүн күрөштүн барактары жана сабактары

Жыйынтыкталып жаткан коен жылында 1916-жылдагы «Улуу үркүндүн», же болбосо улуттук-боштондук күрөшүнүн 95 жылдыгы билинер-билинбес болуп белгиленди. Кеп анын мамлекеттик деңгээлде эптеп-септеп белгиленишинде эмес, эгемендүүлүктүн баасын ушул кыргындуу окуя аркылуу аңдап билүүдө, ар дайым эстеп турууда жатат. Элибиздин эркиндик үчүн эң соңку кыргындуу күрөшүнүн түпкү маанисин терең билбегенден, сезбегенден, көкүрөгүбүздө бекем түнөк таппагандан улам эгемендигибизди барктай албай келебиз. Балким ошол кемтикти, көңдөй калган эстутумду толтурууда бул макаланын аздыр-көптүр жардамы тийер деген үмүттө Сиздерге сунуштап отурам, урматтуу окурманым.

Оторчулук доордун азабы, калктын оор абалы

1916-жыл - кыргыз элинин тарыхында өчпөс так калтырган өзгөчө жыл болгон. Орус падышачылыгынын оторчулук зордук-зомбулугуна чыдамы кеткен эл түп көтөрүлө боштондук күрөшүнө чыгышкан. Көтөрүлүш Кыргызстандын аймагында туташ башталып, кандуу кагылышууларга чейин өсүп, мыкаачылык менен басылган. Элдин эсинде «Улуу Үркүн» аталышында сакталып калган бул окуянын келип чыгыш себептерин терең билбей туруп, элдик көтөрүлүштүн маңызын аңдап түшүнүү мүмкүн эмес.

Х1Х кылымдын экинчи жарымында Орус падышачылыгы Түркстан чөлкөмүн куралдын күчү менен каратып алган соң, оторчулук саясатын ишке ашырууга киришкен. Каратылган жерлерди башкаруу үчүн 1967-жылы Түркстан Генерал-губернаторлугу негизделип, ал облустарга, андан уездерге бөлүнгөн. Жаңыдан негизделген админстративдик бирдиктерди аскер чининдеги падышалык чиновниктер башкарып, жергиликтүү элдин өкүлдөрү башкаруу укугунан четтетилген. 1867-жылы Түркстан чөлкөмүн башкаруу үчүн атайын Жобо кабыл алынып, ал боюнча каратылып алынган жерлер Орусия империясынын менчиги деп табылат. Тактап айтканда кыргыздар өз ата бабалары жашап келген жерлерге болгон ээлик укугунан биро толо ажыратылган. Бийликтин башында турган генералдар, аскер адамдары Польшадагы, Кавказдагы элдик көтөрүлүштөрдү ырайымсыз басууга катышкан, түздөн-түз жетектеген, такшалган адамдар болгон. Алсак генералдар фон Кауфман, Черняев, Иванов, Скобелев, Куропаткин, булардын бардыгы падышанын атайын сынагынан өткөн өкүлдөр эле. Аталган генералдар жана алардын карамагындагы чиновниктер каратылган чөлкөмдөгү дыйканчылыкка ыңгайлуу мыкты жерлерден жергиликтүү калкты сүрүп чыгарып, бошотулган жерлерге көчүрүлүп келген славян калктарын жайгаштыра баштаган. Алардын жерди тартып алуу аракеттери айрыкча кыргыз, казак жашаган Жети-Суу облусунда ыкчам жүргөн. Аталган облуска 1868-жылдан 1892-жылга чейин 4200 үй-бүлөө келгиндер жайгашып, 100гө жакын орус-украин кыштакчаларын негиздешкен. Алардын келиши, оторчулук саясаттын күчөшү менен жергиликтүү элдердин укуктары чектелип, басмыртталып, байлыктары таланып-тоноло берген. Диний ырым-жырымдарга чек коюлуп, Меккеге ажылыкка баруучулар тизгинделген. Жаңы негизделген айыл-кыштактарга падышанын, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, чиркөөлөрдүн, министрлердин, көчүп келген кулактардын аттары коюлуп, чөлкөмдү жаңы Орусияга айландыруу аракети күч алган. Жергиликтүү элдин арасындагы ынтымакты кетирип, журт башчыларынын аброюн кетирүү, ошондой эле башкаруу салтын бузуу аракетинде болуштук башкарууну киргизген. Натыйжада уруулук бирикме ыдырап, майда уруулардын арасында болуш, бий кызматын талашуу, бири-бири менен чабышуу, араздашуу күчөгөн. Элдин адеп-аклагы бузулган. «Бөлүп жар да башкара бер» деген оторчулук башкаруу принциби киргизилип, элдин ынтымагы бузулган. Падышачылыктын зордук-зомбулукка негизделген саясатына каршы нааразычылыктар күчөй берген.

Кыргыздар басымдуулук кылган боштондук үчүн көтөрүлүштөрдүн бири 1898-жылы Анжыян шаарында болуп, ал ырайымсыз жолдор менен басылган. Анын жетекчиси 45 жаштагы Мадалы эшен көтөрүлүшкө чыгышынын башкы себебин: «орустардын элге арак ичүүнү жана сойкулуктарды жайылтканы, ошондон улам шариат жолунан чыгуу күчөп кеткендиги, мечит, медреселерди жаптыртып, диний басмырттоого чыдоо мүмкүн болбой калгандыгынан болду» деп түшүндүргөн. Бирок бул көтөрүлүш басылып, Мадалы эшен баш болгон бир нче адам өлүм жазасына тартылып, жүздөгөнү, алардын арасында тоо булбулу Токтогул да бар, Сибирге сүргүнгө айдалган. Жергиликтүү элдерге карата өкүмзордук күчөйт. Орусиядан славян калкын көчүрүп келүү токтобой, кыргыздарды жерлеринен ажыратып, тоо тарапка сүрүп салуу пландары ишке ашырыла баштаган. Көчүрүлүп келген элге кыргыздардын жерлерин тартып берүү үчүн 1905-жылы атайын Келгиндер башкармалыгы түзүлгөн. Бул башкармалыктын ишке кириши менен кыргыздар ээлеп келген жеринен ажырап, тоо тарапка сүрүлүүсү күчөгөн.

Келгиндер башкармалыгынын атайын Жобосу иштелип чыккан соң, алар Жер Жобосунун 120-беренесине таянып, кыргыздар пайдаланып келген жерлерди артыкбаш жер катары тартып ала баштаган. Анткени бул берененин 1-түшүндүрмөсүндө: «Көчмөндөрдөн ашып калуучу жерлер Жер жана Дыйканчылык боюнча Башкы башкармалыктын карамагына өтөт» деп жазылган. Мында жазылган «ашык жерлер» чындыгында кыргыздарга тиешелүү эгин талаалар, короо жайлар, жайыттар болгон. Түркстан чөлкөмүндө, өзгөчө Жети-Суу облусунда ашыкча жерлерди табуу үчүн бул башкармалыктын чиновниктеринин атаандаштыгы күчөгөн. Ашыкча жерлерден «айрылган» кыргыздардын абалы оорлой берген. Карама-каршылыктар жер-жерлерде күчөгөн. Аларды чечип, абалдан чыгуу үчүн 1905-жылы Шабдан баатыр Министрлер Советинин төрагасына, падышанын өзүнө атайын Петиция менен кайрылган. Бирок бул Петициясы үчүн Шабдандын өзү кысмакка алынып, анын аракетине чектөө салынган. Ошол учурдагы абалды тереңирээк билүү үчүн Шабдандын дагы бир абалын мисал кылсак болчудай. Анткени карапайым калктын өкүлдөрүн мындай койолу, өзүнө жер бөлдүртүп алуу үчүн жасаган Шабдандын аракети чейрек кылым бою жоопсуз калып келген. Мына ушундай кырдаалдан улам карапайым кыргыздардын абалын элестетип көрүү кыйынчылыкты деле туудурбастыр. Кыргыздардын жерлерин тартып алуу өтө күчөгөнүн Жети-Суу облусунда чыгуучу «Семиреченские областные ведомости» гезити 1912-жылы 9-декабрда сыймыктануу менен мындайча жазат: «Пишпек уездинин башчысы П.Н. Затинщиковдун Келгиндер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргелешип иштегендигинин натыйжасында, Пишпек уездинде колониялаштыруу иштери эң мыкты жыйынтыктарды берди. Уездде келгиндерди орноштуруу үчүн жүздөй бөлүмдөр түзүлүп, бош жерлер арбын табылып, анын 28ине (28 кыштагына – М.К.) орустар жайгаштырылды». Бул жылдары кыргыздардын жерлерин келгиндерге тартып берүү Пржеваль уездинде да активдүү жүргөн. Аны Түркстан чөлкөмүнүн ошол кездеги генерал-губернатору, генерал-лейтенант Кондратевич 1906-жылы Ысык-Көлдү кыдырганда, Талды-Булактан баштап кыргыздардын турмушу өтө начар экендигин, алардын дыйканчылыкка ыңгайлуу 50 миң теше жерин келгин орустар тартып алганынан көрөт. Натыйжада 1907-жылдан 1912-жылга чейин Пржеваль уездинде 22 орус кыштагы, 14 хутор түптөлгөн. Мына ушундай абалды, карама-каршылыктардын күчөгөнүн генерал-губернаторлор да көрүп, бирок эч кандай чара көрө алган эмес. 1907-жылы генерал-губернатор Гродеков: «Келечекте жер маселеси боюнча Жети-Суу облусунда сөзсүз чыр чыгат»,- деп жазган. Ал эми Түркстан чөлкөмүнүн соңку генерал-губернатору А.Н. Куропаткин 1917-жылдын 4-январында Согуш министри Д.С. Шуваевге жазган докладында: « Усиленное с 1904г. отчуждение киргизских земель под русские селения и под скотоведческие участки, без соблюдения во многих случаях интересов населения. Как велико было в этом отношении опасное усердие чинов Переселенческого управления, видно из того, что только за три последних года сдано частным лицам отобранных у киргиз 1800000 десятин, так называемых скотоводческих участков. Весьма веские данные уже ныне указывают, что восстание киргиз имело вполне аграрный характер», - деп жер маселесин башкы себеп катары моюнга алган. Кыргыздардын жери 16 жыл аралыгында кандай тартылып алынганын ошол кездеги статистикалык маалымат да бышыктап турат. 1900-жылы Пржевал уездинин 11 пайызын түзгөн орус калкынын карамагына айдоо жердин 23,8 пайызы туура келсе, 1916-жылы уездин 21,1 пайызын түзгөн орус калкына бардык айдоо аянттарынын 67,3 пайызы туура келген. Ал эми Пишпек уездинин 38,1 пайызын түзгөн келгиндерине 1916-жылы айдоого ылайыктуу жердин 57,3 1916-жылга карата жалпы Түркстан чөлкөмүндө пайда болгон 914 орус кыштагы менен хуторлорго 2млн 900миң теше дыйканчылык үчүн эң ыңгайлуу жерлер тартылып берилген. Бул жалпы иштетилчү жердин 56,7 пайызы болгон, башкача айтканда чөлкөмгө көчүп келишкен ар бир келгинге 3,17 теше, жергиликтүү тургундардын ар бирине 0,21 теше жер туура келген. Оторчулук учурга туура келген кыска убакыттын ичинде (1868-1916-жылдарда) жергиликтүү элдин жерлеринин тартылып алынышы нааразычылыктын башкы себептеринен болгон. Түркстан чөлкөмүнүн генерал-губернатору Куропаткин падышага: «Кыргыздардан жердин жакшыларын тартып алган сайын нааразычылык күчөп баратат, акыры алардын улуттук ар намысы ойгонуп, келгин калк менен өз кызыкчылыктары эки башка, эки ача болуп кеткенин аңдабай коюшпайт. Ошондуктан жакын арада кыргыздардын маселесин чечиш керек. Муну мен өтө зарыл жана түк кечеңдеткис маселе деп эсептеймин», - деп эскерткен. Бирок өз убагында айтылган мындай эскертүүлөрдөн эч кандай жыйынтык чыгарылган эмес. Ал түгүл падышалык бийлик төбөлдөрүнүн арасында кыргыздардын көтөрүлүшкө чыгышына кызыкдар күчтөр бар болгондугу талаш туудурбайт. Кыргыздар баш көтөрүп козголсо бардыгын кыргынга алып, жерлерин биро толо бошотуп, келгиндерге тартып берүүгө шарт түзүлмөк. Падышалык өкмөт бул көтөрүлүштү бетке кармап, кыргыздарды бүт Чүй жана Ысык-Көл чөлкөмүнөн тазалап, тоолуу Нарын аймагына сүрүп чыгармак. Бул алардын чөлкөмдөгү оторчулук саясатынын башкы максаты эле. Ал эми көтөрүлүштүн дүрт этип кеңири кулач жайып кетишине падышанын 1916-жылдын 25-июнундагы Жарлыгы шылтоо болуп берген.

25-июндагы падыша Жарлыгы, калктын каршылыгы

Биз жогоруда 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылдын эң башкы себеби падышачылыктын оторчулук саясатынын күчөшү экенин баяндадык. Ал эми араң турган элдин кыжырлануусун күчөтүп, ачык күрөшкө чыгуусуна падышанын 1916-жылдын 25-июнундагы Жарлыгы шылтоо болуп берген. Аталган Жарлыкка ылайык аскерге чакырылган адамдар майдандагы орус аскерлерине коргонуу жайларын курууга, ошондой эле тылдагы иштерди аткарууга тартылмак. Ал үчүн Астрахан губерниясындагы, Сибир жана Орто Азиядагы жергиликтүү калктын 19 жаштан 43 жашка чейинки өкүлдөрү жапырт аскерге чакырылмай болот. Падышанын жарлыгы тууралуу кабар Ташкентке 28-июнда келип, Түркстан чөлкөмүнүн генерал-губернаторлук милдетин убактылуу аткарып жаткан генерал Ерофеев ошол эле күнү аны облустарга таркатат. Түркстан чөлкөмүнүн калкы Жарлык менен 29-июндан кийин таанышканы менен, анын түпкү маанисин терең түшүнө беришкен эмес. Ошондуктан алар кошуна жашаган орустардан сурамжылаганда, айрымдары силерди армиянын катарына чакырып жатыптыр дешсе, бир даары силер германдар менен орустар согушуп жаткан талаанын ортосуна барып, окоп казасыңар деп түшүндүрүшөт. Дагы бирөөлөрү силерге ал жактан чочконун этин жедирет деп чыгышат. Ушул сыяктуу ар кыл каңшаар кабарлар элди ого бетер дүрбөлөңгө салган. Экинчи жактан чөлкөмгө көчүп келип, кыргыздардын жерлерине көз арткан славян калкынын өкүлдөрү элдин көтөрүлүп чыгуусуна кызыкдар болушкан. Анткени архивдик материалдар бышыктагандай, көтөрүлүшкө чыгышкан кыргыздар жазаланат да, алардын жерлерин бизге тартып беришет деп тымызын чагымчыл иштерин жүргүзүшкөн. Чындыгында эле Түркстан чөлкөмүн башкаруу жөнүндөгү Жобого ылайык, козголоңго чыгышкан жергиликтүү элдин жери, мүлкү биро толо тартылып алынып, келгин элдин ээлигине биро толо берилмек. Жогорудагыдай дүрбөлөңгө салган ушак- айың, атайын таратылган чуулгандуу сөздөр элди тынч жаткырган эмес. Ошол эле учурда Жети-Суу облусунда катуу каршылыктар болоорун сезген падышалык админстрация аймактагы славян калкына курал жарактарды тарката баштаган. Ташкентте, Верныйда чөлкөмдө жашаган келгиндерден атайын аскерлер куралган. Жети-Суу облусунун аскер губернатору Фольбаум мерчемдүү жерлерге аскерлерин жайгаштырган.

Ал эми 2-июлда генерал Ерофеев Ташкенге Жети-Суу облусунун аскер губернаторунан башка бардык облусттун башчыларын чакырып, 25-июндагы падышанын Жарлыгын тез арада кантип аткаруу керектигин талкуулашат. Ошол мезгилде Петроградда жүргөн Түркстан чөлкөмүнүн мурдагы убактылуу генерал-губернатору, генерал Мартсондон да телеграмма келет. Анда падышанын Жарлыгына ылайык Түркстан чөлкөмү 250 миң адам топтоп бере тургандыгы көрсөтүлгөн. 2-июлдагы жыйында 250 миң адам облустарга төмөнкүдөй бөлүнгөн:

1. Сыр-Дарыя облусуна 87 миң,

2. Жети-Суу облусуна 60 миң,

3. Фергана облусуна 50 миң,

4. Самарканд облусуна 38 миң,

5. Закаспий облусуна 15 миң.

Мындан сырткары кеңешмеде жумушчулардын тизмесин түзүү, жөнөтүүнүн жол-жобосу талкууланып, 5-июлдан баштап Жарлыктын кыйшаюусуз аткарылышы тууралуу көрсөтмө облусттарга таркатылат. Жарлыкты аткарууга киришкен падышалык төбөлдөрдүн аракеттери алгачкы күндөн тартып эле элдин катуу каршылыгына кабылган. 4-июлда Кожент шаарынын эли полиция приставынын кеңсесине келишип, оорук жумуштарына чакырылуучу адамдардын тизмесин жок кылууну талап кылышат. Полиция кызматкерлери элди коркутуп-үркүтүп таратууну көздөйт. Чогулган элге күч колдонула баштаганда эл каршылык көргөзүп, ортодо кагылышуу болот. Полиция кызматкерлерине Кожент шаар гарнизонунун аскер күчтөрү жардамга келип, чогулган элди аткылай башаташат. Андан 2 адам өлүп, бирөө жарадаар болот. Бул кабар бат эле Түркстан чөлкөмүнө тарап, боштондук күрөштүн оту алоолонот.

Коженттеги окуядан кийин 5-июлда Самарканд уездинин башчысы 4 болуштун ардактуу аксакалдары менен сүйлөшүп, Жарлыкты аткаруу керектигин түшүндүрүүгө аракеттенген. Бирок болуштуктагы элдер анын айтканына каршы чыгып, даярдалган тизмени жок кылууну талап кылышкан. 8-июлдан баштап элдик толкундоолор Фергана облусуна жайылып, Оштогу Сулайман тоосунун айланасына 10 миңден ашуун адам нааразычылык менен чыгышкан. Июль айынын ичинде Ош уездинин бардык болуштуктарында нааразычылык акциялары өткөрүлгөн. Өз уулдарын бөтөн эл, бөлөк жерге жибербөө үчүн ущул эле айда Сыр-Дарыя, Жети-Суу облустарынын эли көтөрүлөт. Август айында элдик толкундоолор күчөп отуруп, куралдуу кагылышуулар менен коштоло баштайт. Анын негизги Ушул жерден элдик боштондук кыймылдын башталышына шылтоо болгон падышанын Жарлыгына бир аз түшүндүрмө бере кетүү оңтойлуу болуп отурат. Анткени Түркстан чөлкөмүндөгү жергиликтүү элди аскер иштерине тартуу маселеси 1916-жылы эле чыга калбаганы белгилүү. 1910-жылы Түркстан чөлкөмүнүн генерал-губернатору генерал Самсонов тарабынан бул маселе көтөрүлүп, бирок ички иштер министрлиги аны жактырбай, четке кагат. 1911-жылы ошол эле генерал Самсонов экинчи жолу бул маселени талкууга коюп, бирок сунушу дагы өтпөй калат. Жергиликтүү элди аскер кызматына тартууну андан кийинки генерал-губернатор Покотило да көтөрүп чыккан. Натыйжада 1915-жылы Мамлекеттик Думада жана Мамлекеттик Кеңеште маселе кайра талкууланып, ал Түркстан генерал-губернаторунун башкармалыгынын кароосуна жиберилген. 1915-жылы ноябрда Орусия империясынын Согуш министрлиги тарабынан империянын карамагындагы элдердин айрым бөлүгү аскер милдетин өтөө керектиги жөнүндөгү мыйзамдын долбоору даярдалып, ал Министрлер Советинин кароосуна коюлат. Бирок, Министрлер Совети долбоорду Мыйзам чыгаруу мекемелеринин кароосуна берүү али эрте деп табат. Ошентип, бул маселе 6 жыл бою кызуу талкууга алынып, акыры 1916-жылы 25-июнда падышанын Жарлыгы менен жарым жартылай түрдө бекиген. Ал Жарлык араң турган элдин кыжырын келтирип, улуттук-боштондук күрөштүн башталышына шылтоо болуп берген.

Кандуу кагылыштар, кыргындуу таймаштар

Улуттук боштондук күрөш Пишпек уездиндеги кыргыздарда 7-августта башталып, анын негизги чордону Чоң-Кемин ойдуңунда болгон. Андагы Сарбагыш жана Атаке болуштугунун эли түгөл күрөшкө чыгышкан. Аталган болуштуктарда башталган элдик көтөрүлүш 2-3 күндүн ичинде Чүй, Кочкор, Ысык-Көл чөлкөмүнө жайылган. Кыргыздар менен казактар бул күрөштө бири-бирин колдоп чыгуу үчүн бир бүтүмгө келишип, алдын-ала антташканы айрым тарыхый маалыматтарда баяндалат. Ал эми кыргыздардын арасында күрөштү бири-бирине кабарлап туруучу атайын чабармандар болгон. Боштондук көтөрүлүштүн башында эл арасында зор кадыр-баркка ээ болгон белгилүү инсандар, элдик баатырлар турган. Алсак Чоң Кеминде айтылуу Шабдан баатырдын уулу Мөкүш Шабдан уулу хан көтөрүлүп, Султан Далбаев, Белек Солтоноев, Алымкул Таабалды уулу, Төлө ажынын уулу Ыбрайым эл башында турушкан. Кочкор өрөөнүндөгү күн чыгыш тарабындагы эки болуштун эли Канаат Ыбыке уулун хан көтөрүшсө, күн чыгыштагы эли Тезекбай Түлкү уулун башчы кылып көтөрүшөт. Жумгалдагы Курманкожо уругу Көкүмбай Чыны уулун хан көтөрүшөт. Көл эли Батырхан Ногаевди хан көтөрүшөт. Күрөшкө аттанышкан элдер негизинен уруулук принципте биригишип, чечкиндүү аракеттерди жасашкан. Алардын башкы максаты ата-бабалары ээлеп келген жерге ээлигин орнотуу, келгиндерди сүрүп чыгаруу болгон. Белек Солтоноев күрөш жаңы башталган күнү эле «орустарды Ташкентке чейин кууп салуу» урааны менен элге кайрылган. Бул чакырыктын өзү падышачылыктын үстөмдүгүнөн арылуу, өз эркиндигине жетүүнү туюнткан. Чындыгында Чүй, Ысык-Көл, Нарын аймагынан орустарды кууп салууну көздөшкөн эл Покровка, Токмок, Балыкчы, Түп, Пржевалды жана башка келгиндер жашаган кыштактарды курчоого алышкан. Токмокко топтолгон орустар 12-августтан 24-августка чейин курчоодо жаткан. 28 туунун айланасына бириккен кыргыздар Токмоктогу орустарга төмөнкүдөй талабын коюшкан: «Силерди куралыңарды таштап мусулмандарга багынып берүүгө чакырабыз жана аны дароо бизге билдирип коюуну буюрабыз. Эгерде тил абасаңар жок кылынасыңар». Ошондой эле «Пржевал жана Нарын толук багынып берди. Багынгандар эсен-соо калтырылды, чогулган кол бардыгы болуп 40 миң адам» деген сыяктуу орустардын үшүн алган каттарды жөнөтүп турушкан. Хуторлорду, тоо арасындагы бал челекчилердин үйлөрүн эсепке албаганда 94 орус кыштагына оор сокку урулуп, андагы 5373 турак жай өрттөлүп, талкаланган. Бул кыштактардан, эгин талааларынан 1905 адам өлтүрүлүп, 684 адам жараат алган. 1105 адам туткундалган. Ошол эле учурда кыргыздар орус аялдарына, балдарына көп залал келтиришкен эмес. Ортодогу кагылышуулар, айгышкан кармаштар августтан октябрь айына чейин уланган. Бирок теңсиз согушта кыргыздар көп ийгиликтерге жете алган эмес. Тескерисинче оор жоготууларга учураган.

Кыргыздардын эркиндик үчүн күрөшүн басуу үчүн Орус-Герман майдан талаасында согушуп жаткан А.Н. Куропаткинди Түркстан чөлкөмүнүн генерал-губернатору жана башкы командачысы кылып дайындап, кыргыздарды тез аранын ичинде катуу жазалоо ниетинде анын карамагына 42 замбиреги, 69 пулемету бар 14 батальонду, 33 казак-орус жүздүктү берген. Буларга кошумча майдандан 2 пулеметтуу 2 казак-орус полкун жана тоого ыңгайлашкан жеңил замбиректүү 1 атчандар батареясын жөнөткөн. Борбордук Орусиядан Жети-Сууга 35 рота, 24 казак-орус жүздүгү жана 240 атчан чалгындоо тобун которгон. А.Н. Куропаткин өз күндөлүгүндө аймакты басып алган учурда чөлкөмгө мындан алда канча аз аскер күчтөрү тартылганын мойнуна алган. Августтан тарта падышалык жазалоочу аскерлер көтөрүлүштү өтө ырайымсыз жолдор менен басып, элди эбегейсиз кыргынга кабылткан. Кыргыздардын катуу каршылыгынан 171 аскер адамы каза болуп, 500 гө жакыны жараат алган. Ал эми август-октябрь айларында эркиндик үчүн күрөшкө аттанышкан кыргыздардан 10 миңге жакын адам набыт болгон. Жан сактоо үчүн элдин негизги бөлүгү катаал ашууларды ашып Кытайды көздөй качууга аргасыз болушса, бир бөлүгү Нарын тоолоруна жер которушкан.

Чөлкөмдөн кыргыздарды тазалоо чечими

1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөштүн тарыхый чындыгын ачыкка чыгарган, жүрөк титиреткен бул документ көп жыл мурда архивдерди кыдырып, тарыхый материалдарды чогултуп жүргөн учурда колума тийип, көңүл чордонунан эч чыкпай келет. Балким менден мурунку же кийинки изилдөөчүлөр деле бул документ менен таанышып, эмгектеринде пайдалангандыр. Балким ал изилдөөлөрдө анчалык маани берилбегендир. Кантсе да бул материал Улуу Үркүндү баяндаган көптөгөн архивдик документтердин арасынан кыргыздарга карата кабыл алынган катаал чечими менен өзгөчөлөнөт. Балким бул кыргыздарга карата кабыл алынган соңку кылымдардагы эң оор, акыркы чечимдир. Бул ар бир кыргызды эсине келтирип, эртеңкисин ойлонтоор документтир. Казакстан республикасынын Алма-Ата шаарындагы Борбордук мамлекеттик архивинин 44-фондунда, Ташкенттеги Өзбекстан республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин 1-фондусунун 27-каттамынын 246-номурлуу иш кагазында күнү бүгүнкүдөй сакталуу турган бул документтин маңызын мен ошондой кабылдайм. Документ “1916-жылы козголоңго катышкан кыргыз жана казактарды Нарын чөлкөмүнө көчүрүү жөнүндө жана алардын жерлерин орус келгиндерине өткөрүп берүү жөнүндө Түркстан чөлкөмүнүн генерал-губернатору А.Н. Куропаткиндин төрагалыгы алдында, 1916-жылдын 16-октябрында өткөн кеңешменин протоколу” деп аталат. Кеңешме Жети-Суу облусунун борбору Алма-Ата шаарында өткөн. Анын ишине генерал-губернатор А.Н. Куропаткин, Жети-Суу облусунун аскер губернатору М.А. Соколов-Соколинский баш болгон 13 мыкчыгер катышкан. Бул адамдар аталган жыйында Пржевальск, Пишпек, Жаркент уездиндеги көтөрүлүшкө чыккан элдин тагдырына байланышкан опурталдуу маселени талкуулап, чечим кабыл алышкан. Чечимди Орусия империясынын кыргыз элине жүргүзгөн оторчулук саясатынын жеткен чеги, тукум курут саясаты деп кароого болот. Анда ошол кеңешмеде талкууга алынган төрт маселеге кененирээк токтолсок. Ал:

1. Козголоң чыгарган кыргыздарды Пржевальск уездиндеги Ысык-Көлдүн тегерегинен, Кемин өрөөнүнөн жана Чүй чөлкөмүндөгү Пишпек уездинин бир бөлүгүнөн, Текес аймагынан жана Жаркент уездинен көчүрүү (тазалоо - К.М.) жөнүндө.

2. Козголоң чыгарган кыргыздарды Нарын чөлкөмүнө көчүрүү менен ал аймакка өз алдынча Нарын уездин негиздөө жөнүндө.

3. Козголоң чыгарган кыргыздарды көчүргөндөн кийин бошогон жерлерге калкты жайгаштыруу жана жалаң орус калкынан турган Пржевальск уездин түзүү жөнүндө.

4. Верный уездиндеги казак-орустарды жерге жайгаштыруу жөнүндө, деген маселелерден турган.

Биринчи маселе боюнча сөздү генерал-губернатор Куропаткин өзү баштап, козголоң чыгарган кыргыздардын пайдалануудагы жерлери бүт алынып, ал жерлер орустарга берилүүсү керек деген сунушун ортого салган. Ошондой эле ал Ысык-Көлдүн түндүк, түштүк жээги жагынан жаңы чек ара андагы кырка тоолор аркылуу аныкталышын баса белгилеген. Башкача айтканда Ысык-Көлдүн тегерегинде жашаган бүтүндөй кыргызды жаңы белгиленген чек арадан ары чыгарып, тазалоо зарылдыгы айтылган. Ошондой эле Пишпек уездинде, анын ичинде өзгөчө Кемин өрөөнүндө козголоңго чыккан кыргыздардын бүт бардыгын, Чүй өрөөнүндөгү жергиликтүү элдин көпчүлүк бөлүгүн көчүрүү зарыл деп табылган. Демек аталган уездерде кылымдардан бери жашап келген 37330 түтүн кыргыз 2510361 теше жеринен биро толо тазаланып, бүт көчүрүлмөк болгон. Генерал-губернатордун бул сунушу кеңешмеде бир добуштан колдоо таап, чечим кабыл алынган. Бул чечимди чечмелөөнүн зарылдыгы жоктой.

Кеңешменин күн тартибиндеги экинчи маселеге ылайык, Пржевальск, Пишпек уездиндеги козголоңго катышкан кыргыз болуштуктарындагы элдин бардыгы Нарын аймагына көчүрүлмөк болот. Пишпек уездинде бөтөнчө айыптуу деп табылган Сарыбагыш, Атаке болуштугундагы эл кабыл алынган чечим боюнча башка айылдарга катталуу менен түрдүү болуштуктарга таратылып, андан соң Балхаш көлүнөн ары сүрүлмөк. Аларды Нарын аймагына көчүрүүнү да ыраа көрүшкөн эмес. Ошол учурда Нарын чөлкөмүнө Пржевальск уездинен 9325 түтүн, Пишпек уездинен 3846 түтүн эл кыргындан качып, баш калкалап туруп калган. Ага кошумча дагы 37355 түтүн кыргыз көчүрүлүп, тоолуу Нарын чөлкөмүндө 50526 түтүн эл жашасын деген бүтүм чыгарылат. Демек бул катаал аймакка 252 миңдин тегерегинде кыргыз күч менен сүрүлүп, Атайке жана Жумгалда эки приставы болгон өз алдынча Нарын уездин түзүү маселеси чечилген. Уезддин борбору катары Нарын шаары бекитилген. Эки уезддин элин Нарын чөлкөмүнө көчүрүү, 250 миңден ашык кыргызды табияты катаал аймакка сүрүп чыгаруу Орусия империясынын эң кыянатчыл саясаты болгон. Бул АКШда индеецтерге жасалган кыргындуу саясаттан да ашып түшкөн. Анткени Падышалык Орусия Кыргызстанга оторчулук саясатын жайылтуу, келгиндерди жерге жайгаштыруу боюнча алдын-ала иликтөө жүргүзүп Нарындын катаал шарты келгиндердин жашоосу үчүн ыңгайсыз деп табышкан. Ошол ыңгайсыз жерге кыргыздарды жайгаштыруунун арты эмне менен аяктаарын ар бир окурман өзү чечмелесин.

Ал эми үчүнчү маселе боюнча, козголоң чыгарган кыргыздар Ысык-Көлдүн тегерегинен тазалангандан кийин ал жерлерге ар бири 60 түтүндөн кем эмес 5 казак-орус станцияларын түзүү пландалган. Бошотулган калган жерлерге жалаң гана орустарды жайгаштыруу бышыкталган. Натыйжада Ысык-Көлдүн айланасы кыргыздардан толугу менен тазаланып, бир өңчөй славян калкынын өкүлдөрү жашаган уездге айлануусу чечилген. Мындан соң төртүнчү маселе өзүнөн-өзү чечилмек. Ошентип 1916-жылдын 16-октябрында өткөн кеңешмеде коюлган бардык маселелер бир добуштан кабыл алынып, боштондук үчүн күрөшкө чыккан кыргыздардын тагдыры ырайымсыздык менен чечилген. Тилекке каршы 1917-жылы Орусия империясында башталган саясый окуялар, эки революция 16-октябрдагы кеңешменин чечимдеринин аткарылышына жол бербеди. Ал эми архивдик бул документ өткөндүн оор күндөрүн эске салган тарыхый чындык катары сакталып кала берди. Эркиндик деген ыйык сөздү эстегенде, ал баркталбай жаткан азыркы учурда бул документ өткөндү эске салган улуу сабак, унутулгус окуя!

Үркүн таржымалы, качкындар тагдыры

1916-жылдагы кыргыз элинин башына түшкөн кайгылуу окуя эл оозунда, айрым жазма даректерде “Үркүн” деп аталып жүрөт. Элдин аң-сезимине сиңип калган бул аталышка карата ар кыл пикирлер, көз караштар айтылып келет. Айрымдар “үркүн” деген аталыштын өзү адам баласына колдонулчу сөз эмес. Адам үркпөйт. Мал үркөт деген дооматтар коюлуп, бул окуяны “1916-жылдагы көтөрүлүш” же улуттук-боштондук кыймыл” деп атоо керек деген сунуштар көп айтылат. Ал эми 1916-жылдагы окуянын күбөсү, профессор Кусеин Карасай уулу “көтөрүлүш” деген сөзгө мен толук түшүнө албайм. Эгер “жеримди бербейм, элимди бербейм, улутумду эзип жиберди” деген ураан менен чыр салса, анда “көтөрүлүш” деп атоого болот. Ал эми “оорук (тыл) жумушуна барбайм” деген чыр бунт го! Бул козголоңду кыргыздар – Үркүн дейт. Ооба, кыргыздар жазалоочу аскерден үркүп кетти. Эң алды менен терминди, анын маанисин тактап алып, анан ой жүгүртсөк жакшы болоор эле деген көз карашын калтырган. Чындыгында “Үркүн” деген термин басма сөз беттеринде, көркөм чыгармаларда көп колдонулат. Тарыхчылардын эмгектеринде бул окуя “улуттук-боштондук күрөш” деп берилип, анын ичинде “Үркүн” термини “Кыргыздардын жер которуусу” же “Кытайга качуусу” деген түшүнүктө пайдаланылат. Профессор Жеңиш Жунушалиев “үркүн” деген түшүнүк Махмуд Кашкаринин сөздүгүндө да жогорудагыдай түшүнүктө берилет, андыктан аны колдонуудан качпашыбыз керек деген көз карашта. Чындыгында кыргыз эли өз эркиндиги үчүн күрөшкө чыгып, анысы максатына жетпей, жазалоочу орус аскерлеринин кыргынынан сактануу үчүн август айынын соңунда, сентябрь айында Кытайды көздөй жапырт кача баштаган. Жалпы тарыхый түшүнүк боюнча зулумдуктан, адилетсиздиктен, оор абалдан кутулуу үчүн качуу, жер которуу күрөштүн бир түрү катары саналат. Ошондуктан кыргыздардын Кытайга жер которуусун, Орусия империясынын зомбулугуна каршы күрөштүн бир түрү, же анын уландысы катары кароого болот. Демек, жогорудагыдай терминдердин бардыгын колдоно берүүгө болорун адистер ырасташат.

Август айынын экинчи жарымында Чүй, Кемин, Нарын, Ысык-Көл чөлкөмүндө келгиндер тарабынан тартылып алынган жерлерин кайтарууга жасаган кыргыздардын аракеттери Алма-Ата, Каркыра, Анжыян тараптан жардамга келишкен падышалык жазалоочу аскерлер тарабынан токтотулат. Көтөрүлгөн элди жазалоо күчөп, жапырт кыргынга алына баштайт. Андан сактануунун жалгыз жолу Ата Журтун таштап, Кытайга качуу болгон. Ата-бабаларынын жолун жолдоп, калмактардын баскынчылыгынан улам Анжыян, Алай, Гисар тарапка качкандай Орусиянын карамагындагы аймакка жер которуу мүмкүн эмес эле. Ал учурда Кытайга качуу да оңойго турбаган. Бир чети ашуулардын катаалдыгы, экинчи жактан туш-тараптан орус аскерлеринин куугунтуктары, үчүнчүдөн Кытай бийлигинин тоскоолдугу. Анткени Кытай менен Орусия империясынын ортосунда түзүлгөн 1851-жылдагы Кулжа келишимине ылайык, 1860-жылдагы Пекин келишиминин 10-беренесинде, 1881-жылдагы Петербург келишиминин 17-беренесинде карамагындагы элдердин качып өтүүлөрүнө жол бербөө, эгер андай болсо чечкиндүү чараларды көрүү жагы макулдашылган.

Орусиянын Кашкардагы консулдугунун коллеж-катчысы Стефановдун докладдык билдирүүсүнө караганда, 1916-жылдын 20-сентябрына чейин Кытай тарап кыргыздарды өз аймагына өткөрүшпөй катуу көзөмөл уюштурушкан. Бирок ага карабай кыргыздардын чакан топтору Кытайдын чегинде сентябрдын биринчи күндөрүндө эле пайда боло баштаганын Орусиянын Кашкардагы башкы консулу билдирген. Тарыхчы Белек Солтоноевдин жазганы боюнча Атаке, Сарыбагыш болуштугунун элдери 20-августта Чоң-Кеминден качып, 9-сентябрда Бедел ашуусун ашып Кытайга оогон. 10-сентябрда алар Кытай чегинен өткөндө, ага чейин сарыбагыш кыргызынан эч ким өтө электигин жазган. Алар Турпанга барып, Кытай төбөлдөрүнөн баш пааналаганга зорго уруксат алышкан. Көл аймагынан качышкан бугу, саяк уруусунун бир бөлүгү сентябрдын ортосунда Үзөңгү-Кууш аркылуу Какшаалга, бир бөлүгү Текеске качкан. Чүй, Нарын кыргыздары Нарын чыңдоосунун жанынан Аксай өрөөнү аркылуу Какшаал суусунун төрүндөгү Торугарт жана Келтебек ашуусу менен Какшаал, Турпан тарапка жер которушкан. Пишпек, Пржевал уездериндеги кыргыздардын Кытайга качуусу сентябрдан октябрдын аягына чейин уланган. Бул мезгилде эки уездеги 65ке жакын болуштуктарда кыргыздар жашаса, анын 32 болушундагы эл Кытайга качкан. Айрым архивдик маалыматтар боюнча 39 болуштун эли Кытайга жер которгону айтылат. Кашкардагы консулдун коллеж катчысы Стефановдун эсеби боюнча Үч-Турпан, Аксуу райондоруна качып барган кыргыздардын жалпы саны 100 миңден 120 миңге жетээри көргөзүлөт. Ал эми Жети-Суу облусунун аскер губернаторунун милдетин аткаруучу, полковник А.И. Алексеевдин 1917-жылы 4-мартта Николай IIге жазган билдирүүсүнө караганда облустта көчмөн калктын саны 150 миңге азайган. Пржевал жана Пишпек уезди боюнча 1916-жылдын аягында болгону 13171 түтүн кыргыз калган. Качпай калган элдин турмушу качкындардыкынан анча айырмаланбаган. Аларга жазалоочу аскерлер, жергиликтүү орус калкы кыргын салса, качкан элди калмактар, кытай төбөлдөрү талоонго алган. Кытайга кеткен татаал ашууларда эчендери кыргынга кабылып, дээрлик малдарынан ажыраган. Бир эле Бедел ашуусунан 10 миңдеген малынан, жылкыларынан кол жууган. Эптеп чегарадан өткөргөн малдары тоюттун жоктугунан жутка кабылган. Башкы байлыгынан куру жалак калган кыргыздар өтө жакырчылыкка кабылган. Өз жанын багуу үчүн, ошондой эле балдарынын аман калышын ойлоп 12 жаштан улуу балдарын жана кыздарын 30-40 сомго сатууга аргасыз болушкан. Айрымдары болбогон ун-талканга айырбаштаган. Өз Мекенинен ажыроо, бөлөк жерде, бөтөн элде баш калкалоо кандай экенин алар өз баштарынан кечиришкен.

Көтөрүлүштүн жетекчилерин туткундоо максатында ноябрь айында Үч-Турпанга старшина Бычковдун 60 адамдан турган аскери менен келиши качкындарга ого бетер бүлүк салган. Кытай жергесиндеги эл эки тараптан кысымга алынып, ага ачарчылык, ар кандай жугуштуу оорулар кошул-ташыл болуп эбегейсиз кыргынга учураган. 1916-жылы падышалык жазалоочу аскерлердин кыргынынан баш калкалоо үчүн Кытайга качкан элдин оор абалы 1922-жылдарга чейин сакталып кала берген. Ал жердеги ачарчылыктан элди аман сактап калуу максатында кыргыздарды Түркияга көчүрүү үчүн Шабдан баатырдын уулу Исамүдүндүн жасаган аракеттери, сүйлөшүүлөрү ийгиликсиз аяктаган. Бул сүйлөшүүгө ылайык 50 миңге чукул качкын кыргыздар Анадолу тоолоруна көчүрүлмөк. Ал эми 1917-жылдын жай-күзүндө Ата Журтуна кайткан кыргыздар кайрадан казак-орустардын талоонунан, ачарчылыктан кыргынга кабылганы тарыхта маалым. Жыйынтыктап айтканда 1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөштө кыргыз эли өз эркиндигине жете албай, эбегейсиз кыргынга учураган. Ал учурда алардын аракети ийгиликке жетээри дегеле мүмкүн эмес эле. Анткени күч кубаттуу өлкө алсыз, мамлекеттик бирикмеси жок, уруулук башкарууну башынан кечирип жаткан элди каратып, аларды каалагандай калчаган заманда эркиндикке ээ болуу жомок экендигин ушул окуя көргөзүп койду. Эркиндик, боштондук, эгемендик деп кылымдар бою эңсеп, ошол тилегине кан төгүүсүз жеткен эл үчүн бул окуя эч убакта эстен чыккыс, ар убак эскерилип, эсине келтирип турчу улуу сабак катары жүрөгүнөн түнөк тапса демекчибиз. Тарых – бул адам баласын акыл эске чакырып, өткөндөн өрнөк алдырып, келечекке туура жол көргөзүп турчу эскерткич!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

23-12-2011
Байтик баатырдын сүрөтү табылды
26915

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×