Добавить статью
5:14, 31 марта 2012 53477

Арап жазы

Арап жазы

Самаган Мырзаибраимов

теологиянын доктору,

политология илимдеринин кандидаты

2011-жылы арап өлкөлөрү дүйнөлүк деңгээлдеги окуяларга күбө болду. 2010 17-Декабрьда Тунисте Мухаммад Буазиздин өзүн өзү өрттөөсү менен чыккан жалын жыйырмадан ашуун өлкөлөргө тарады. Арап элинин демократиялык талаптарын камтыган толкундоо катары каралган бул кыймылдар Тунисте, Египетте бат эле ийгилике жетишти. Тунис президенти Зайналабидин бин Али качып, Египет президенти Хусну Мубарак жана Йемен президенти Али Абдулла Салих отставкага кетишти. Ал эми Ливияда оппозиция менен президент Муаммар Каддафиге караштуу күчтөрдүн ортосундагы куралдуу салгылашуу тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнүн негизинде Каддафинин туулган жеринде кармалып өлтүрүлүшү жана оппозициянын жеңиши менен аяктады. Сирияда болсо бийлигин алигиче бербеген Башар Асад абалды көзөмөлдөөгө аракет кылып жатат.

Арап жазынын себептери

Арап жазына байланыштуу көптөгөн көз караштар айтылууда. Бул көз караштар негизинен Арап жазынын себептери, себепчилери жана келечегине байланыштуу.

Арап жазынын себептерин иликтөөдө бир канча жагдайга көңүл буруу керек. Биринчиси тышкы күчтөрдүн таасири. Тышкы күчтөрдүн тагыраак айтканда Америка баш болгон батыш өлкөлөрүнүн бул толкундоолорду пландуу түрдө баштагандыгын айтуу дегеле кыйын. Анкткени биринчиден мындай жоопкерчиликтүү жыйынтыкка келүү үчүн конкреттүү далилдер керек. Экинчиден толкундоолордун башталуу учурунда жана кийинки процессте кандайдыр бир күчтүн системалуу кийлигишүүсүн жокко чыгара турган далилдер бар. Мисалга Тунистеги толкундоолордун алгачкы күндөрүндө батыш өлкөлөрү көтөрүлүшчүлөрдү дароо колдогон жок. Ал тургай көтөрүлүшчүлөрдү сындап Зайналабидинди колдоорун билдирген Франция кийинчерээк элдик көтөрүлүштү колдоорун билдирүүгө мажбур болду. Ал эми АКШнын аймактагы диктатордук мамлекеттердин ичинен эң жакын өнөктөшү болгон Египетте Мубарактын кулашын АКШ дароо эле колдогон жок. Үчүнчүдөн батыш өлкөлөрүнүн аймакка байланыштуу жана ошондой эле аймактагы ар бир мамлекетке байланыштуу кызыкчылыктары ар дайым эле бирибирине төп келе бербейт.

Аймактагы окуялардын башталуусунда тышкы күчтөрдүн таасири бар экендигин айтуу канчалык негизсиз болсо алардын окуяларга тиешелүү кызыкчылыктарын жокко чыгаруу да ошончолук катачылык болот. Албетте аймактык жана аймактагы ар бир мамлекеттеги окуялар тышкы күчтөрдүн кызыгуусун жана кийлигишүүсүн туудурат. Ошондуктан биз тышкы күчтөрдү баштоочу же болбосо себепчи катары кароонун оордуна жөн гана алардын аймакка байланыштуу кызыкчылыктарына токтолобуз. Батыш өлкөлөрүнүн аймакка таасири бар экендигин айтуу үчүн региондогу жалпы өзгөчөлүктөрдү эске алуу керек. Батыш менен аймакты байланыштырып турган факторлордон биринчиси дүйнөлүк энергия булактарынын 65%и (Африканы да кошо турган болсок 72%) арап Ислам дүйнөсүнө тиешелүү. Бул энергия булактарына ким ээлик кылат деген суроо ар дайым аймак менен батыштын ортосундагы мамилени аныктоочу негизги факторлордон бириси болуп кала бермекчи. Батыш өлкөлөрү же болбосо тышкы күчтөр энергия булактарын аймактагы ээлеринин толук кандуу колдонуусуна макул болмойун бул проблеманын чечилүүсү мүмкүн эмес. Бул маселеге байланыштуу кандайдыр бир деңгээлде макулдашуу болбошу керек. Бул жергиликтүү элдин эгемендүүлүгүнө шек келтирет. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдүн энергия булактарын өздөрүнүн кызыкчылыктары үчүн колдонуу же болбосо ыңгайлаштыруу аракети ар дайым болот. Демек аймак тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнөн жакын арада кутула албайт.

Экинчиси Арап-Израил маселеси. Бул маселе да күндөн күнгө татаалдашып аймактагы проблемаларды дүйнөлүк деңгээлде кармоодо. Айрыкча Израилдин басып алган жерлерди кайра кайтып берүүнү каалабашы, Палестина элинин келечеги сыяктуу масекекер туңгуюкка туш болууда. Үчүнчүсү аймактагы саясий, социалдык структуралар. Аймактагы диктатордук, монархиялык, авторитардык режимдин өкүм сүрүүсү, экономикалык структуранын иштебөөсү, коррупция, киреше жана байлыкты бөлүштүрүүдөгү адилетсиздик, бай-кедей ажырымы да батыш менен аймактын ортосундагы чечилүүсү оор болгон мааселелердин катарына кирет. Батыш мамлекеттеринин экономикалык кызыкчылык үчүн жогорудагы көрүнүштөргө көз жумуусу, ошол эле мамлекет коомчулугу жана эл аралык коомчулук тарабынан сынга алынып келет. Арап өлкөлөрүнүн демократиялык негизде өнүгүүсүн батыш өлкөлөрү каалаган менен жергиликтүү интелигенция бул маселеге жетишээрлик ыктай берген жок, ал эми аймактык өзгөчөлүккө жараша түзүлө турган коомдук саясий абалды батыш колдобойт. Мисалга Германиянын аймак өлкөлөрүнө берүүчү финансылык жардамы үчүн өлкөлөрдөгү демократиялык багыт жана Ислам факторунун саясатта минималдашуусун шарт коюусу буга мисал болоп алат.

Төртүнчүсү дин фактору. Арап дүйнөсүнүн негизин түзгөн Ислам дини түшүнүгү жана Исламдын коомдогу орду батыштын регионалдык саясатын белгилеген башкы факторлордон болуп эсептелет. Батыш мамлекеттери Христиан дини (айрыкча протестанттар) сыяктуу негизинен либерал (мелүүн) ислам түшүнүгүн жайылтууга аракет кылаары бардыгыбызга маалым. Мындайча айтканда эч кандай диндик негиздеги коомдук-саясий талаптары жок, жеке адамдын диндик тутунуусу менен гана чектелген, батыш либерал-демократиялык кыймылдарды колдоо менен өзүн муслуман катары эсептеп, ритуалдык маанидеги ибадат менен гана чектелген ислам личностун жайылтууну көздөөдө. Динди модернизациялоого же болбосо диндик жашоону (негизинен саясий-маданий) заманбап (батышчыл) шарттарга ылайыкташырууну каалабаган, Ислам дининин өзүнө тиешелүү коом, мамлекет түшүнүгүн кабыл алган кыймылдарды радикалдуу кыймыл катары баалап аларга бөгөт коюу ниетинде. Ал эми аймактагы диний элитанын көпчүлүгү Ислам динин адам баласынын жашоосунун бардык учурларында жол көрсөтүүчү мүнөзгө ээ экендигин кабыл алгандыктан бул проблема да чечилмек түгүл келечекте көптөгөн проблемалардын башаты болчудай көрүнөт.

Аймактагы толкундоолордун ички себептеринин бири коомчулукта көптөн бери келе жаткан психологиялык жабыркоо. Бул индивиддик жана коомдук психалогиянын жабыркашына негизинен төмөндөгү себептер түрткү болгон. (а) Аймактагы энергия булактары белгилүү чөйрөлөрдүн кызыкчылыгына колдонулуп коомчулук андан салыштырмалуу өтө төмөн деңгээлде пайдалана алган. Египетте мазарларда жашагандардын саны бир миллиондон ашык экендиги айтылат. Аймак мамлекеттеринин бюджети негизинен (налог төлөмдөрү аркылуу эмес) энергия булактары жана тышкы жардамдар менен толукталгандыктан коомдун көз карашы мааниге ээ болгон эмес. (б) 1948, 1956, 1967 жана 1973 жылдар болгон Арап- Израил согуштарында негизинен Араптардын жеңилүүсү да коомдук травмага себеп болгон. Бул согуштун, жабыркаган өзүнүн жеринен куулган Палестиналык араптар башка арап өлкөлөрүндө өтө оор шарттарда жашоодо. Бул проблемаларды чечүүдө да расмий арап өкүлдөрү бир пикирге келе алышкан жок жана коомчулуктун ишениминен чыгып калган. (в) Элдин саясий укуктары чектелүү болгон. Бар болгон укуктардын да колдонуу мүмкүнчүлүгү төмөн болгон. Ушунун негизинде жарандардын мамлекетти өздүк баалуулук катары көрүү деңгээли төмөн болгон. (г) Коомдук психологияга терс таасирин тийгизген эң негизги факторлордон бириси дин фактору болуп эсептелет. Дин факторун көп кырду кароо керек. Биринчиси коом менен бийиликтин дин түшүнүгү жана диндин коомдук саясий жашоодогу орду. Коомго таасирдүү интелигенция негизинен дин аалымдары жана дин адамдары болуп эсептелет. Арап дүйнөсүндө дин адамдын жашоосунун бардык катмарына кийлигишкен жана эң туура жолду көрсөтүүчү маңыз катары каралат. Негизинен улутчул партиялар (БААС сыяктуу) үстөмдүк кылган мамлекеттерде динди саясаттан алыстатуу колго алынып көптөгөн диний агымдарга экстремисттик, радикалдуу, фундаменталисттик жана террористтик деген саясий баа берилген жана коомдон четтетүү аракеттери жүргүзүлгөн. Дин факторуна байланыштуу дагы бир өзгөчөлүк диний агым жана кыймылдар. Сирияда калктын санынын 70%дан көпчүлүгү сунниттер болгонуна карабастан 15%ды түзгөн шииттердин бийликте болушу жана кээ бир өлкөлөрдө шииттердин көпчүлүктү түзгөнүнө карабастан сунниттердин бийликте болушу (Бахрейн), Ливандагы диндик-мазхаптык космополит абал мазхаптык негиздеги араздашууларга себеп болгон. Ошол эле мезгилде Египеттеги христиан кофттордун саясий активдүүлүгү, Сириядагы христиандардын БААС партиясы ичинде Асад кланына жардам берүүсү, Ливандагы маруни христиандардын саясий амбицияларын да айта кетүү керек. Жогоруда айтылган оппозициалык мүнөздөгү кыймылдар ачык жана көмүскө түрдө тышкы күчтөрдөн жардам алып тургандыгы маалым.

Муслуман агаиндер

Арап жазында сөссүз түрдө айтылышы керек болгон элдик толкундоолордун эң негизги демилгечиси бул Муслуман агаиндер. Арап жазын тышкы күчтөргө таңуулоо айрыкча муслуман агаиндерге кыянаттык кылууга тете болоор эле.

Кээ бир саясатчылар айткандай Арап өлкөлөрүндөгү толкундоолордун жыйынтыгында пайда болгон саясий боштукту диний мүнөздөгү кыймылдар тагыраак айтканда мусулман агаиндер толуктады деген тезиске кошулбоого толук негиздер бар. Анткени бийлик кулаган өлкөлөрдө саясий боштук болгон жок. Азыркы бул өлкөлөрдө пайда болгон абал айрыкча мусулман агаиндердин көп жылдан бери келе жаткан, көп адамдын таргыдырна, канына, жанына бааланган күрөшүнүн үзүрү катары кароо керек. Айрыкча 1960-жылдары Египеттеги белгилүү адамдардын өлүм жазасына тартылышын, 1980-жылы Сириядагы он миңдеген жактоочулардын шаарларды курчоо аркылуу өлтүрүлүшүн эске алсак азыркы абалга жөнөкөй жол менен келинбегендигин көрүүгө болот.

Арап жазынын жыйынтыгы кандай болот?

Арап жазынын жыйынтыгын айтууга оголе эрте. Бирок кээ бир божомолдорду айтуу укугун колдонууга аракет кылалы.

Сириянын акыбети аймактагы абалды белгилөөчү факторлордон бири болуп эсептелет. Анткени Сирия өзгөчө мааниге ээ. Сирияда Башар Асад бийлигинин түшүрүлүшү аймактын түндүгүндөгү Иран-Сирия-Хизбулла блогун бузат. Бул блокту колдогон Россия жана Кытайдын кызыкчылыктары да жабыркайт. Сириянын колдоосун тапкан Иран аймакта жалгыз калат. Бул айрыкча Сауд Аравия башта болгон Иранга каршы мамлекеттердин чырагына май тамызат. Россиянын аймактагы эң ишенимдүү шеригинен ажыроо мүмкүнчүлүгү бар. Бул Россиянын престижине, саясий-экономикалык жана аскердик-стратегиялык кызыкчылыктарына шек келтирет. Сириянын Ливия маселесинде БУУда батышка (алданган) Россия жана Кытай тарабынан колдоо көрүшү бул эки өлкөнүн Сирияны батышка оңой бербей тургандыгынын далили. Эгер Сирияда саясий абал жөнгө салынбаса толкундоолор граждандык согушка айланып, региондогу жана кызыкчылыгы бар мамлекеттерди да өзүнө тартышы ыктымал.

Кыргызстандагы окуялар жана арап жазы

Арап жазынын башталуусунда жогоруда да айтылгандай көп жылдан бери келе жаткан айркыча Ислам идеологиясын тутунгандардын күрөшүнүн салымы чоң. Арап жазы бир караганда жупуну, ситемалуу эмес толкундоо катары байкалат. Анткени оппозициялык күчтөр күч менен бастырылып, көпчүлүгү сабаттуу болбогон жөнөкөй элдин толкундоо мүмкүнчүлүгү азайтылган. Ошол эле Тунисте, Египетте, Сирияда Ислам идеологиясына каршы катуу чаралар көрүлгөн. Бирок бул көтөрүлүштөрдү бир гана калктын бийликке каяшасы эмес, Ислам дүйнө таанымынын азыркы улуттук мамлекет структуралык түзүлүшүнө каршы чыгуусу катары кароо керек. Анткени Ислам негиздерине таянган муслуман агаиндердин негизги идеяларынын бири Ислам дүйнө таанымында географиялык, этникалык чектөөлөрдүн күчсүздүгү жана ыйык баалуулуктардын универсалдуулугу, бардык муслумандардын бир туугандык сезимде жашоо зарылчылыгы болуп эсептелет. Ошондуктан баштапкы этапта мусулман агаиндер батышка мелүүн мамиле кылуу менен акырындап өз идеаларын ишке ашырууну көздөшөт. Ал эми Кыргызстандагы бийлик алмашуу, батышка каршы өзүнө тиешелүү баалуулуктардын негизинде эмес, шартка жараша ишке ашты. Кыргызстандагы бийлик алмашуудагы коомчулуктун бийликке каршы чыгуусунун, арап элинин көптөн бери келе жаткан ички сезимин ачыкка чыгаруусуна дем бергендигин айтууну жаңылыштык катары көргөзүүчү далил да жок.

Жыйынтык иретинде

Макалабызда темага байланыштуу деталдуу учурларга сүңгүбөстөн кеңири мааниде анализ кылууга аракет кылдык. АКШ, Германия, Франция, Англия жана Турциянын расмий өкүлдөрүнүн арап жазына дегеле чыгыш коомчулугундагы саясий абалга байланыштуу сөздөрүнө жана саясаттарына карай турган болсок аймакты демократизациялоо жана либералдаштыруу аракеттери байкалат. Бул аракет баарынан мурда аймакта эгемен болгон Ислам түшүнүгүн кайрадан иштеп чыгууну, жаңы келе турган бийликтин батыш баалуулуктары менен каршы келбей тургандай түзүлүүсүн камсыздоону жана ар бир личносттун түптөлүүсүндө батыш баалуулуктары аркылуу таасир этүүнү көздөгөндүгү ачык. Ошол эле мезгилде күтүлгөн жана кызыктуу болгон учур аймактагы толкундоолордун негизинде түзүлгөн азыркы саясий кырдаалда Исламдык негиздеги агымдардын жеңишке жетишиши болуп эсептелет.Тунисте Ганнушинин лидерлигиндеги ан-Нахда партиясы жалпы добуштун 40%тин алып биринчи орунда, Египетте биринчи аймак шайлоо жыйынтыктарында муслуман агаиндер 40%, ал эми салафи көз караштагы кыймыл 20% добуш алышты. Мароккодо Исламчыл Адилеттүүлүк партиясы эң көп добуш алды, Сирияда болсо муслуман агаиндердин таасири жогору. Ислам маданиятын дүйнөгө жайылтуу жана жыйынтыгында Ислам мамлекетин куруу идеясын жактаган муслуман агаиндер баш болгон диний кыймылдардын ийгиликке жетишиши күтүлгөн көрүнүш эле. Негизинен батышка каршы көз карашта болгон муслуман агаиндердин акыркы жылдары батыш менен мамиледе болгондугу жана кээ бир аналитиктердин бул агымды прагматист агым катары баалоосун эске ала турган болсок арап жазынын алгачкы жылдары батыш менен диний кыймылдардын мамилесинде одоно араздашуу болбойт деген тыянак чыгарууга болот. Бирок акыр түбүндө бул агымдардын өздүк идеяларына жетүү үчүн конкреттүү позиция аларында шек жок. Анткени бул идея Ислам динин негиздеринде да жаткан алардын бар болуу себеби экендигин унутпоо керек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×