Добавить статью
4:21, 9 апреля 2012 0

 Жолболду Алыбаев: Мен ырдап чыкканда Чолпонумдун күйөөсү кызганып, телевизорду талкалап салчу дейт

Жолболду Алыбаев Белгилүү обончу, аткаруучу жана дастанчы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жолболду Алыбаев тууралуу канча сөз кылсак да сыймык. Жолболду агай комуздун коштоосунда дастан, санат жана обондуу ырларды жаратып, жалпы журтка аттын кашкасындай таанымал. Айрыкча, агайдын кыргыздын ашыктык ырларынын ичинен махабат илдетине кабылгандар үчүн гимнге айланган «Чолпонум» дастаны кимдердин гана жүрөгүнөн түнөк таппаган. Бирок Жолболдуну турмуштун запкысынан куткарып, анын бала кыял жан дүйнөсүн түшүнүп, чыгармачылыгын өркүндөтүүгө шарт түзүп берген жубайы Бүсайра Абдыкаарова көп оозго алынбай келет. Андыктан Жолболду Алыбаев менен бирге жубайы Бүсайра Абдыкаарованы сөзгө тарттык.

– Бүсайра эже, айтсаңыз атактуу жана чыгармачыл адамдын аялы болуш кыйын эмеспи?

– Чындыгында абдан оор. Анткени чыгармачыл адамдардын тагдыры татаал болуп, кыял-жоругу, жан дүйнөсү жөнөкөй адамдарга салыштырмалуу назик, өтө таарынчаак келет. Көңүлүнө карап, шартын түзүп бербесең, чыныгы талантын өлтүрүп алышың мүмкүн.

– Таарынышканда биринчи болуп ким кечирим сурайт?

- Жоке өтө көп таарынат. Катуу таарынса 2-3 күнгө созулат. Алдоо жолу менен таарынычын жазып алам (күлүп). Айрыкча бир чыгарма жаратар алдында жалгыздыкты каалап, адамдардан бөлүнүп, ашыкча сөздү каалабай калат. Андай мезгилде дароо түшүнүп, жакшы шарт түзүп бергенге аракет кылам. Таарынганда негизи шарт боюнча катачылык кимден кетсе, ошол кечирим сурайт.

– Агайды сүйүп, алыстан издеп келгениңизди айтышат, ушул чынбы?

- Ооба, 1991-жылы жогорку окуу жайын бүтүп, айылда иштеп жүргөм. Турмушка чыга элек мугалим кыз болчумун. Бир күнү кошунамдын үйүнө кирсем, үналгыда Жолболдунун «Чолпонум» деген ыры жаңырып турат. Кулак төшөп угуп, аябай толкунданып кеттим. Буга чейин анчейин маани берчү эмес элем. Ушул ырдан кийин «Жолболду» деген оору менен ооруй баштадым. Кийинчерээк турмушка чыгып, уулдуу болдум. Бирок негедир Жолболдуну унуталбай, баламдын атын Жолболду деп койгом. Ошентип күйөөм менен турмуш болбой, ажырашууга туура келди. Жокени катуу сүйгөндүгүмдөн ар дайым артынан аңдып, сураштырып жүрөт элем. Бир күнү Ошто экенин угуп, өзүм издеп келдим. Ошол мезгилде анын да үй турмушунда жолу болбой, санаага чөмүлүп жүргөн экен. Жолугуп, таанышып, жылдызыбыз туура келип, үйлөнүп алганбыз.

–Жолболду агай, сиздин ал кезде үй-бүлөңүз бар болчу да, туурабы?

Жолболду Алыбаев: - Экинчи аялым менен беш балалуу болгондон кийин ажырашып, Филармониянын кичинекей бөлмөсүндө, санаага батып жашап жүрүп, Бүсайрага жолугуп калдым. Экөөбүз пикир алышып, бир жылдай өз ара жакшы мамиледе болдук. Акыры бир чечимге келип, менде байлык түгүл, жашаган жерим да жок, бай болушум күмөн, ушуга макул десең турмуш куралы дегем. Ал баарына кайыл болуп макулдугун берди. Ошол мезгилде Жантөрө Сатыбалдиев Ошто мэр эле, абалыбызды угуп, жашаганга үй берген. 15 жылдан бери түтүн булатып келебиз. Бир кызыбыз бар, Жолболду уулубуз да биз менен.

– Чыгармачыл адамдар сулууну көрсө эле сүйүп калат дешет. Бүсайра эже, агайды кызганып, чыр салган учурларыңыз болду беле?

Б.Абдыкаарова: –Жокем сулуу кыздарды көргөндө үндөрү башкача чыгып, сүйүү ырларын ырдап калат. Мен да чыгармачыл жан болгондуктан туура түшүнөм. Тескерисинче, вальска түшүп алсын деп шарт түзүп берем. Анткени бирөөнү сүйгөндө гана жаңы-жаңы, күчтүү ырлар жаралат.

Ж.Алыбаев: – Кудайга шүгүр, бактыма ушундай аял туш келип, кайрадан Жолболду болуп турам. Бүсайра чыгармачылыкты түшүнгөн улуу аял. Экинчи аялымдан болгон 5 балама тең карап, өгөйлөбөй, сый мамиледе болуп келатканы үчүн ыраазымын.

– Кечиресиз, сөздүн нугун бурсак, сиздин сүйүп калууңузга себеп болгон, агайдын атак-даңкын чыгарган «Чолпонум» Жубайы Бусайра дастанын жаралуу тарыхына кайрылсак?

Б.Абдыкаарова: – Мындай улуу дастан, анын турмушунда болгон оош-кыйыштардан кийин жаралган го. Жүрөктөн чыккан чыгарма болгондуктан күчтүү чыккан.

Ж.Алыбаев: – Жаштык кезде, дегеле ар бир адам баласынын тагдырында көп нерсе болот экен. Ушунча болду айтайын. 2-курста окуп жүргөндө Алайдан 1-курска Орозайым деген оор басырыктуу кыз келди. Таанышып, сүйлөшүп жүрдүк. Баш кошуп, эки жылдай жашап, балалуу болдук. Тилекке каршы, балабыз чарчап калды. Орозайымга мага чейин эле жердеш бир жигити сөйкө салып, жарым калыңын да берип койгон экен. Андайын мага айткан эмес. Ошентип Орозайымды эч бир шылтоосуз эле апасы алып кетип, экөөбүздү кайра жашатпай койгон. Тагдыр экен, эки жээкке бөлүнүп, өз алдыбызча турмуш куруп кеттик. Ошентип Орозайымга болгон махабат «Чолпонумдун» жаралуусуна түрткү болгон.

– Андан кийин Чолпонуңуз менен байланыш болдубу?

– Кайдан, угушума караганда күйөөсү аябай кызганчаак болуп, сыртка чыгарган эмес экен. Мен сыналгыдан ырдап чыкканда кызганып, телевизорду талкалап салчу дейт. Эми бул сүйүү дастаны да, ага кызганып, чаң-тополоң салыштын кажети жок эле. Тескерисинче сыймыктанса болгудай. Болгону мурдатан келе жаткан улуу сүйүүнү даңктагам.

– Кокус, кайрадан Чолпону­ңуз менен бет-маңдай келип калсаңыз кандай абалда каласыз?

– Сүйүү деген убактылуу сезим экен. Күн өткөн сайын адамгерчиликке айланып кетет тура. Аны көрсөм, өзгөчө деле абалга түшпөйм го. Ошол бойдон бир жолу гана алыстан көрдүм. Балдары көрсө, күлүп-жайнап салам берип калат.

Рыспай Абыдкадыров менен 1976-жыл. Чогуу суротко тушуп, анан чайканада суйлошуп отурган Чолпонумду Алайдан издеп таптык

Ар бир адам сүйүү ширесине толуп-ташып, 290 саптан турган «Чолпонум» дастанын окуп, жаралышына татыктуу болгон Орозайым сулууну көрүүгө кызыкдар болсо керек. Мезгилинде кара торунун сулуусу болгон айтылуу Орозайымды издеп, Алайдын Таш-Короо айылына бардым. Ооба, жылдар өтүп, Орозайымды да өңдөн аздырып, картайтканы ырас. Негедир Орозайым Мадышева «Чолпонум» дастанын жазган автордун элесинде секелек бойдон калууну кааладыбы, айтор, менден жаа бою качып, сүрөткө түшпөй койду.

Орозайым Мадышева Жолболду Алыбаев тууралуу да кеп козгогусу келбейт экен. Азыр очор-бачар болуп, балдарынын бактылуу энеси. Биз да жабышпадык, эң башкысы өз бактысын тапкан болсо болду да. Бирок ушундай дастандын жаралышына себепчи болгон кандай аял болду экен деп бир көрүп койдук. Кара торусунан келген балпайган байбиче болоюн деп калыптыр.

Чолпонум

(үзүндү)

Карааныңды көрсөтпөй,

Кайда кеттиң Чолпонум.

Какыраган кум, таштуу,

Жайга кеттиң Чолпонум.

Ит ичпеген суусу шар,

Сайга кеттиң Чолпонум.

Алып-сатып күн көргөн,

Байга кеттиң Чолпонум.

Арамдыктан куралган,

Шайга кеттиң Чолпонум.

Жарыгы бар, жаны жок,

Айга кеттиң Чолпонум.

Тулпар эмес, тукуру,

Тайга кеттиң Чолпонум.

Азыр сага жеталбай,

Айла кетти Чолпонум.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×