Добавить статью
9:33, 13 апреля 2012 5827

видео

Моңгол Улусунун Батыш тарабында Баян Өлгий (Бай Өлкө) жана Чеңгел деген аймактар бар. Ал жерде ошондой эле 840-жылы кыргыздар башкарып турган «Улуу Кыргыз Каганатына» тиешелүү болгон наам-аттар алигиче сакталып турат. Мисалы, Кыргыз-Нур көлү, Кыргыз деген шаарча. Азыркы учурда ал жердеги калк негизинен моңголдошуп калды. Шар-хиргистер (сары-кыргыздар), хар-хиргистер (кара-кыргыздар) жана мөдөн-хиргистер (мөдөн-кыргыздар) турчу. Азыркы учурда алар Чеңгел тува эли деп аталып калды.

Япониянын Васэда университетинде окуп эмгектенген мекендешибиз Сейтек Качкынбаевдин билдирүүсүнө ылайык, кыргыз экени тилинин фонетикалык жана структуралык жагынан караганда айкын болуп турат. «Мисалы, созулма үндүүлөрдүн толугу менен болушу биз сыяктуу. «Ч» деген тыбыштын бар болуусу, дифтоңдордун колдонулбашы (казак тилиндегидей). Антропологиялык жактан алганда да толук туңсузка мүнөздүү физионмияга жакын эместиги билинет. Арийне, моңголдун маданияты менен тилинин таасири чоң экенин тана албайбыз», - дейт кыргыздын тарыхына кызыгуусу арткан жана өзү 10 тилде эркин сүйлөгөн С.Качкынбаев.

Кызык, кыргыз тили менен моңгол тили аябай аралашып калыптыр. Төмөндөгү видеотасмадагы бала 10 жылдык мектептин 5-классында окуйт экен. Аны ал моңголдошкон кыргыз тилинде момунтип айтты: «Мен араван (он) жылдык сургаалда (мектепте), бештугаар (... «тугаар» моңгол тилинде кыргыз тилинин «...нчи»сине барабар) класста үйренээрим».

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×