Добавить статью
10:36, 16 апреля 2012 33570

Кыргыздардын өзөгү: Тайган

Ит агытып куш салган, салбурундап жер чалган – бабалардан калган иш

Кыргыз үчүн жанын аябай кыргыздын кыргыздыгын көрсөтө турган кыргыз маданиятынын өзгөчөлүктөрүн, анын арасында кыргыз аңчылыгын, изилдеп, көлөмдү 400 беттей болгон, илимий ишин чыгаруга өкмөт жана жеке ишкерлерден көмөк табалбай ыза болгон кыргыз элибиздин эр жигити Замирбек Акуновдун макаласына көңүл буралы. Балким окурмандардын арасында элин, жерин, кыргыз маданиятын, анын ичинде кыргыз аңчылыгын, даңазалап баалаган жандары кыргыз деп жанган, улутум Кыргыз, урааным Манас деген Манас атабыздын урпактары, Замирбек мырзанын китебин чыгаруга көмөк көрсөтүү менен кыргыз маданиятына салым жасайлы деп умтулган эр жигиттер табылаар деген үмүт менен Замирбек мырзанын макаласын Саветбек Абдрасулов тартуулайт.

Kirgizskaya-borzaya-tajgan-Ohota-s-berkutom--ic1988_5946

«Кыргыз күлүк ат, бүркүт, шумкарды кандай барктаса, тайганды ошондой ардактайт. Тайган салышка кыргыз өтө уста болуп, аны көбүнчө кедей чарбасы салган», - деп тарыхчы Б.Солтоноев 20-кылымдын башында жазган. Илгери кыргыздын баатыр, мергенчилери тайган, бүркүт жана башка алгыр куштары менен эки-үч айлап салбурундап кетип калышчу. Кыргыздар жаратылышка зыян келтирбей аны менен ар дайым эриш-аркакта жашап келишкен. Аңчылар жапайы жаныбарларды ашыкча кырган эмес. Төлдөп жатканда ууга чыгышпаган, жетиле элек жаш айбанаттар (молодняк) менен төл эмизген ургаачыларына тийбеген. Кыргыз эли оозеки чыгармасында жапайы эчки-текелерди аёсуз кырган мергенчи Кожожашты асман тиреген аскага калтырып, өлтүрүп жазалайт.

Кийин Совет мезгилинин тушунда 1930-1950-жылдары промыселдик аңчылык өнүккөн. Кыргызстандын шартында негизинен суур, түлкү жана карышкырдын, аз санда суусар (куница), кундуздун (выдра) аң терилери даярдалган. Мергенчилер аңдарды мылтык менен атып, капканга кармагандан тышкары тайган, бүркүткө да алдырышкан. Маселен, түлкүнү мылтык, капканга караганда тайган, бүркүткө алдырган оңой да, натыйжалуу да болгон. «Зоготживсырьенун» көмөгү менен тайгандардын чубатып сыноолору (выводка) өткөрүлүп, аңчыларга акчалай сыйлыктар берилип, аң терилерди тайгандын жардамы менен даярдоого кызыкдар кылган. Промыселдик аңчылык байыртан келаткан тайган, бүркүт менен ууга чыгуу өнөрүнүн сакталышына көмөк болгон.

Кийинки убактарда промыселдик аңчылыктын жоюлушу, элдин жашоосунун социалдык – экономикалык жактан өзгөрүшү жана башка себептерден улам тайган, бүркүт жана башка алгыр куштар менен аң улоочулук өнөрү маанисин жогото баштаган. Тайган кармаган аңчылар улам азайып, алардын жолун улаган жаштар чанда учураган. Өкмөт менен партиянын «Указы» менен кыргыз тайганы менен дөбөттөрүнүн атылышы жана сырттан келген башка тукумдагы иттердин көбөйүшү менен тайгандардын саны азайып тукум курут болуп кетүү коркунучу туулган. Кыргыздын кийинки аңчы, малчылары канча кылымдардан бери ата-бабалары асырап келишкен тайган, дөбөттордүн ордуна башка иттерди багып калышкан.

1970-1980-жылдардан баштап айрым кинолог, мергенчилер маселе көтөрүп тайган тукумун (порода) сактап калуу аракеттери көрүлө баштаган. Кыргыз өкмөтү тарабынан эч кандай жардам болгон эмес. Байыртадан бийик тоонун шартына калыптанып ылайыкташкан таза тукумдагы тайгандар өтө аз санда тоолу аймактарда гана сакталып калганы белгилүү болгон. Тайган деп аталгандардын көбү казактын тазы жана башка тукумдагы иттер менен аралашкан «аргындар» (метис) болуп чыккан. Азыркы учурда канча тайган бар экендиги так эсеби жок. Мурункудай эле башка тукумдагы иттер менен биринчи кезекте казактын тазы менен аргындашкан тайгандар көп. 1950-1960-жылдары тайганды изилдеп жазышкан кинологдор: С.А.Минюхин, В.И. Казанский, Э.И.Шерешевский ж.б. тайгандардын болжолдуу саны миңге чукул деп, алардын жарымы таза эмес тукумдагылар (нечистопородные) экендигин белгилешкен.

Мына ушул жогоруда айтылган мени ойлонткон олуттуу маселелер 2007-жылы «Кыргыз тайганы» аттуу китепти жазууга себеп болду окшойт. Китепте «кыргыз тайганы» менен «кыргыз дөбөтүнүн» жаралыш жана таралыш тарыхы тактап изилденип, алардын тукумун жоготпой сактап калуу маселелери козголот.

Акыркы эки-үч жыл аралыгында биринчи китебимдеги козголгон теманы андан ары улантып көптөгөн тарыхий булактардын жана атайын адабияттардын негизинде тайгандын жаралыш жана таралыш тарыхын дагы тереңдеп изилдеп, кыргыз элинин мүнүшкөрлүк өнөрүн бүркүт ж.б. алгыр куштардын түрлөрүн кеңири баяндаган көлөмдүү эмгек жазып чыктым. (Эмгек каражаттын жоктугунан китеп болуп басылып чыга элек.) Кыргыздын ата-бабаларынан калган мурасы – мүнүшкөрлүк өнөрүн жана алгыр тайганы менен бөрүбасар дөбөтөн башка улуттарга пропагандалап таанытуу максатында чыгарма орус тилинде жазылды.

Эми кыргыз тайганынын тарыхына бир аз кайрыла кетели. Тайган – эң эзелки аңчы иттин тукуму. Анын жаралыш тарыхы тээ байыркы доорлорго барып такалат. Айтсак биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктан тартып биздин замандын 7-8- кылымдарына чейинки Саймалуу-Таш, Кочкор, Ысык-Көл, Талас, Алай, Сармыш-Сай ж.б. аймактардагы аска-таш беттериндеги петроглифтерден аңчылардын тайгандар менен тоо-текелерге, аркар-кулжаларга аң улоого чыккан сүрөттөрун көрүүгө болот. 1974-жылы археологдор Чүй өрөөнүндөгү Ысык-Ата капчыгайына жакын жайгашкан Карагай-Булактагы мүрзө-дөбөнү (курган) казышканда үч иттин скелети чыккан. Археолог А.Абетеков анатомиялык бүтүндүктө сакталган иттин скелетин Ленинграддагы археология Институтуна атайын алып барып текшерткен. Ал Институтта иштеген палеозоолог-окумуштуу Н.М.Ермолова иттин скелетин изилдеп чыгып, бул сөөктөр тайган тибиндеги аңчы иттерге таандык экенин тактаган. Окумуштуу-адистер радиоуглероддук анализдин негизинде бул мүрзө-дөбөгө азыркы учурга чейин 2460± 200 жыл болгондугун аныкташкан. Келтирилген далилдер кыргыз тайганынын «ата-бабалары» мындан 2000 жыл мурда эле Ала-Тоо аймагында жашагандыгын айкын көрсөтүп турат. Биз тарыхий булактарды иликтеп отуруп тайган жазуу жүзүндө биринчи жолу 11-кылымдын улуу окумуштуусу Махмуд Кашгари-Барсканинин «Түрк тилдеринин сөздүгүгндө» («Дивани лугатит-түрк») эскерлерин аныктадык. Эскерте кетчү нерсе, кыргыз тайганы жєнїндє маалыматтар азырынча бизге белгисиз мындан да мурунку тарыхий чыгармаларда учурашы мүмкүн экенин белгилей кетели.

Элибизде эзелтен «ит төрөсү – Кумайык, куш төрөсү - Буудайык» (царь собак – Кумайык, царь птиц - Буудайык), - деп айтылып келген. Уламышта тайгандын кырааны Кумайык деп аталып, ал жору-кумайдын жумурткасынан жаралат. Бул кыргыздын уламышынын келип чыгышы генетикалык жактан байыркы доорлордун мифологиялары менен түздөн-түз байланышы бар экендиги айтылган эмгегибизде тарыхий фактылардын негизинде ишеничтүү далилденет.

Кыргыздын руханий байлыгынын туу чокусу «Манас», «Семетей « жана «Жаңыл -Мырза» эпосторунда тайган – Кумайык кадимкидей каарман катары айрым окуяларга катышат. Бул чыгармаларда айкөл Манастын «Кумайык», Семетейдин «Ак тайган» жана ошондой эле Жаңыл-Мырзанын «Кумайык» тайгандарынын жору-кумайдын жумурткасынан жаралышы, алардын алгырлыгы менен асылдуулугу көркөм баяндалып, образы олуттуу ачылган.

Өткөн замандарда илбирс, тобу менен карышкыр, чөө алган аска тоолордо кийик тиштеген кыраан тайгандар болгон. Маселен, Солто уруусунан Жамансарт Кошой уулунун «Какбаш» (1760-1780-жж.), көлдүк Бугу уруусунан Балбай баатырдан «Ак таман» (1830-1850-жж.), Балбайдын замандаштары чүйлүк Баястан Эшкожо уулунун «Көк добул», Турдубайдын «Кумайык» жана Баястан уулу Керимбектин «Чоң ооз» (1840-1870-жж.) жана ошондой эле 1942-1945-жылдары ачкалык убакта тоодон кийик тиштеп бир чакан айылды баккан шамшылык Эстебес мергенчинин атактуу «Көкчөө» деген тайгандарын атасак болот.

Кыргыз аңчылары илгертен тайган менен бүркүттү бирге аң улоого алып чыгышкан. Экөө бири-бирине тоскоол болбостон бири алалбай калган аңды экинчиси алган. Асмандан качырган бүркүттөн жашырынып бадалга же буйткага кире качкан аңды тайгандар тиштеген. Амал колдонуп бүркүткө алдырбай буйтап мант берип (увертка) кеткен түлкүнү тайгандар алган.

Тарыхчы Б.Солтоноев, тилчи – окумуштуулар Х.Карасаев менен К.Юдахиндин, улуу манасчы С.Каралаевдин ж.б. авторлордун эмгектеринде илгерки кыргыз мүнүшкөрлөрү бүркүттү 65 түргө бөлүп, алардын он тогузун эң кыраандары деп өзүнчө ажыраткандары белгиленет. Биз аталган жана башка авторлордун эмгектерине таянып, ылгап отуруп 60га жакын бүркүттүн аталыштарын таап, аларды ирээтеп чыгып, ар биринин алгырлыгын, мүнөзүн жана сынтурпатын өз-өзүнчө сыпаттап жаздык. Тайгандын дене түзүлүшүн, анын кыраандыгын жана мүнөзүн алгачкы жолу тарыхчы Б.Солтоноев 20-кылымдын башында жазып кеткен. 1938-1956-жылдардын аралыгында кинологдор П.Т.Цагараев менен И.М.Гончаров «Зоготживсырьенун» көмөгү менен тайгандын чубатып сыноолорун өткөрүп таза тукумдагы мыкты тайгандардын ээлерине акчалай сыйлыктарды берип тукумдун (порода) сакталышына кам көрүшкөн. 1964-жылы кинолог-эксперт С.А.Минюхин кинолог В.И.Казанскийдин жардамы менен тарыхта биринчи жолу илимий түрдө тайган тукумунун стандартын түзүп чыккан.

Эми кыргыз тайганынын азыркы абалына келсек. Республикада тайган тукумун сактап өз демилгелери менен аракеттенип жүрүшкөн жарандар бар. Такталбаган маалыматтар боюнча Кыргызстанда тайгандардын саны миңге чыкпайт. Алардын канчасы байыртадан тоо шартында калыптанган таза тайган тибинде экендигин эч ким аныктаган эмес. Айрым кинологдор сымбаты (экстерьер) боюнча стандарттын талаптарына жооп берген болгону 50-60 таза тукумдагы тайган калганын айтышат. Бул кооптуу көрүнүш жана таза тукумдагы (читопородный) тайганддар абалы кыйын кырдаалдын чегинде турат дегендик. Эгер чукул чара көрүлбөй абал ушу бойдон кала берсе эчен кылымдан бери тоонун катаал шартында калыптанып, бийик тоолордогу аңчылыгы менен айырмаланган кыргыз тайганынын тукумун жоготуп коерубузду унутпасак. Мына түркмөндөрдү алсак. Алардын президенти атайын жарлыгы менен ахалтекин жылкысын жана түркмөн тазы менен алабайын улуттун сыймыгы жана байлыгы деп эчак эле жарыялап, булардын тукумдарын сактап жайылтууга мамлекеттик деңгээлде кам көрүлүп жатат. Коңшу казактар да мамлекеттин колдоосу менен атайын каржыланган программа кабыл алышып, казактын тазы менен дөбөтүнүн тукумун жоготпой сактап калууга жана мүнүшкөрлүк өнөрдү өркүндөтүп жандандырууга алгылыктуу иш-аракеттерди жасашууда. Биз кыргыздар мамлекеттик деңгээлде эмне кылдык? «Кыргыз жылкысы», «кыргыз тайганы», «кыргыз дөбөтү» илгертен бери элибиздин боор эти менен тең ар бири өзүнчө тукум (порода) катары эзелки заманда эле калыптанып, бабаларыбыз тукумун жоготпой асырап келген жаныбарлар эмес беле! Бул эмне улуттун алсыздыгыбы же арсыздыгыбы?! Кыргыз тайганынын абалын айттык. Кыргыз дөбөтүнүн тукуму дээрлик жок болуп кетти. Атайын өкмөт менен партиянын буйругу менен, жогоруда белгилегендей, өткөн кылымдын 60-80-жылдары ит атарлар кырып салышты. Азыр кыргыз дөбөтү деп түркмөндөрдүн алабайын багып жүрүшөт. Учурда таза тукумдагы кыргыз жылкысы бар деп айта алабызбы? Айта албайбыз! Баары башка тукумдагы жылкылар менен аралашып кетти. Байыртан абасы суюк бийик тоолорго ылайыкташкан таза кыргыз жылкысынын тукумдары айрым тоолуу райондордо сакталып калган деген пикирлер айтылып жүрөт. Бирок аны атайын илимий түрдө иликтеген эч ким жок. Булардын эч бир чиновникке, эч кимге кереги жок! Азыркы убакта мүнүшкорлүк менен алектенген адамдар Тоң жана Ысык-Кол райондорунда гана бирин-серин сакталып калган. Кыргызстандын башка аймактарынан бүркүт жана башка алгыр куштарды таптап салган бир да кишини таппайсың.

Биз биякта туруп алып «кыргыз тайганы» деп ооз көптүргөнүбүз менен тайган алигиче өзүнчө тукум (порода) катары «Эл аралык кинологиялык федерация» («Federation Cynologique Internationale» – штаб-квартирасы Бельгияда) тарабынан таанылып каттоодон өтө электигин эске салып коелу. Бул деген ФиСиАйдын (FCI) мыйзамы боюнча азырынча тайган бир стандартка жооп берген «культурная порода» эмес, жөн гана тайган деген аты бар ит бойдон калууда.

Биз жогоруда өз алдынча демилге көтөрүп кыргыздын мүнүшкөрлүк өнөрүн өркүндөтүп жандандырууга жана тайган тукумун сактап калууга кам көрүп жүргөн айрым атуулдар бар экендигин белгилеп өттүк. Бирок нукура кыргыз тайганын генефондун сактап калыш үчүн мамлекеттин жардамы менен илимий негиздеги питомниктерди ачып кинолог, биолог ж.б. илимпоз-адисттердин көмөгү астында тукумду көбөйтүү иш-аракеттерин (племенная работа) жүргүзмөйүнчө таза тукумдагы тайганды жоготуп аларыбызды айтып кетейин. Мүнүшкөрдүк өнөрдү өркүндөтүш үчүн да сөзсөз түрдө кыргыз өкмөтүнүн колдоосу жана каржылоосу талап кылынат. Эгер жеке демөөрчүлөр финансылык жактан көмөк көрсөтсө андан да жакшы болмок. Керек болсо аталган маселелерди ишке ашырыш үчүн мамлекеттик деңгээлде программа кабыл алуу зарыл.

Акырында айтаарым биз кыргыздар кылымдарды карыткан байыркы элбиз деп мактанабыз. Бирок, канча кылымды карытсаң да, азыркы ааламдашуу заманында өткөн тарыхыңды окуп үйрөнүп, өз эне-тилиңди, маданиятыңды, адабиятыңды, салт-санааңды жана да улуттук өнөрүңдү сактап, өркүндөтүп, өстүрүп кам көрбөсөң улут жана этнос катары жоголуп кетериңди унутпа!!!

 taigan 1s6(19)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×