Добавить статью
9:28, 19 апреля 2012 22049

Туубуз үч түстүү болсо... (фото)

Кыргыз Туусу боюнча талкуу аягына чыкпай жаткандан улам, ага дагы бир жолу кайрылууга туура келүүдө. Буга «Күндарек» гезитинин өткөн санында жарык көргөн «Кызыл Туубуз саясаттын курмандыгы болбосо» деген аталыштагы КРнын Президентине, ЖКнын депутатарына жолдонгон бир топ атуу баштуу адамдардын кайрылуусу да себеп болду.

Кабыл алынып жаткан мамлекеттик символдорго сөзсүз бир илимий аныктама берилиши керек. Азыркы биздин туубузга да, гербге да эч кандай илимий аныктама берилген эмес. Алар белгилүү бир адамдарды ээрчиген топтун көпчүлүк добушка ээ болушу менен кабыл алынган. Эмне үчүн туубуздун түсү – «кызыл» экенин жана анын Кыргыз улутуна кандай тиешеси бар экенин эч ким айта албайт. Сурасаң: «кызыл түс – жаштыктын, сулуулуктун, күч-кубатка толгондуктун» ж. б. түсү» деп гана бир нерселерди айтышат. Кызыл түс – «ушундай» маанилерге ээ экенин бүт дүйнө билет, а бирок анын дагы бир жолу айтам, Кыргызга эмне тиешеси бар? Маселе мына ушунда.

А чынында, улуттук символдордун тагдырын эмне үчүн биз кайсы бир «уюшкан топтордун» колуна салып беришибиз керек? Менимче, Мамлекеттик Тууну жана Гербди кабыл алып жаткан Улуттук Комиссия негизинен геральдика илими менен тааныштыгы бар, түстүк символиканы түшүнгөн адамдардан гана турбастан, Кыргыз элинин тарыхын, болгондо да кийинки беш жүз жылдык эмес, беш миң жыл мурунку түпкү, байыркы тарыхын билген адамдардан куралыш керек. Биз Кыргыздын кече, кайсы бир мамлекеттердин курамында турган кездеги көтөргөн тууларынын түстөрүн же ага салынган белгилерин эмес, түпкү кыргыздардын же Кыргыз «кыргыз» болуп калыптанган, өз алдынча дөөлөт күткөн мезгилдердеги туулардын түстөрүн жана ага салынган белгилерди табууга тийишпиз.

Тилекке каршы биздин илимпоз-тарыхчылар 2200 жылдын нары жагына «атам» десең да барышпайт. Анткени, алар «жазма булактардын» берген маалыматтарына гана ишенишет. Оозеки булактарга ишенишпейт. Ал эми орустун улуу жазуучусу – М. Горький: «Оозеки адабиятты билбей туруп, элдин тарыхын билүү мүмкүн эмес» деп айткан. Ушул улуу адамдын сөзүнө таянган илимпоз - тарыхчылар бүгүнкү күнү орустун уламыш, мифтерин гана эмес жомокторун да маалымат булагы катары пайдаланып, өздөрүнүн байыркы, тарыхка түшкөнгө чейинки тарыхын калыбына келтирүүгө аракет жасашууда.

Энесайдагы Улуу Кыргыз держевасынын туусу «көк» («жашыл») түстө болгону жазма булактардан бизге белгилүү. А чынында, эмне үчүн биз ошол улуу дөөлөт курган ата-бабаларыбыз көтөргөн тууну көтөрбөйбүз? Эмне үчүн ошол улуу держеваны башкарган кагандардын тотеми болгон «барсты» башкы белги катары туубузга түшүргүбүз келбейт? Эмне бул, «ит – атасын тааныбайт» дегендей ата-бабаларды тануубу же жээрүүбү? «өлгөндөрдүн даңкы болбой, тирүүлөрдүн баркы болбойт» дегендей, бүгүнкү күнү тууган элдердин да, тууган эмес элдердин да арасында «баркыбыздын» болбой жатканы ошондон болуп жүрбөсүн?

Эми сөздү кыскартайын, менин пикирим мындай: Туу «үч түстөн» («ак», «көк» жана «кызыл») туруш керек жана анын бетине «сырттандын» элеси түшүрүлгөн күн же анын түндүк формасындагы көрүнүшү тартылууга тийиш. Эмне үчүн? Ал «үч түстүн» жана бетине «сырттандын» элеси түшүрүлгөн «күндүн» Кыргыз элине кандай тиешеси бар? Анда сөз ушул тууралу болсун.

Үч түс эмнени түшүндүрөт?

Ак түс: 1. Түпкү атасы – Тагай бийден1 бери Оң Канат алып келаткан түс. Анын байыркы огуз доорундагы түпкү түстүк аты – «Ак гуз». Бүгүнкү кыргыз санжырасындагы айтылышы – «Ак уул». Ал грек эпосунда – «Ахилес»2, кудайлардын ичинен Зевс3 алып жүргөн түс. Ак уулдун скиф санжырасындагы ысмы – «Липоксай», орто кылымдагы огуз санжырасындагы ысмы – «Таг хан», ал эми казак санжырасындагы айтылышы - «Улуу жүз»; 2. Ак түс - Күн Чыгыштын белгиси. Таң атып келе жаткан тарап. Б. а. Асмандын күн чыгып келе жаткан жагы; 3. Ак түс - Кудайдын ыйыктык жана тазалык менен байланышкан ысмы. Б.а. Улуу Тоонун ак карлуу чокусу менен байланышкан маанилери; 4. Ак түс - Ак ордо, ак өргөнүн ж. б. Түсү.

Көк түс: 1. Түпкү атасы – Көлөй бийден4 бери Сол Канат алып келаткан түс. Анын байыркы огуз доорундагы түпкү түстүк аты – «Көк гуз». Бүгүнкү кыргыз санжырасындагы айтылышы – «Көк уул». Ал грек эпосунда – «Гектор»5, кудайлардын ичинен Посейдондун6 алып жүргөн түс. Көк уулдун скиф санжырасындагы ысмы – «Арпоксай», орто кылымдагы огуз санжырасындагы ысмы – «Тенгиз хан», ал эми казак санжырасындагы айтылышы - «Орто жүз». 2. Көк түс - Төбөдөгү асмандын түсү. Чак түштөгү асман. Б. а. Асмандын так ортосу; 3. Көк түс - Кудайдын бийиктик жана тереңдик менен байланышкан ысмы. Б. а. анын асман жана мухит менен байланышкан маанилери; 4. Көк түс - Көк ордо, көк чатырдын ж. б. түсү.

Кызыл түс: 1. Түпкү атасы – Көгөй бийден7 бери Ичкилик эли алып келаткан түс. Анын байыркы огуз доорундагы түпкү түстүк аты – «Кыр гуз»8. Бүгүнкү кыргыз санжырасындагы айтылышы – «Кызыл уул». Ал грек эпосунда – «Гераклдын»9 түсү экени шексиз? Кызыл уулдун - скиф санжырасындагы ысмы – «Колоксай», орто кылымдагы огуз санжырасындагы ысмы – «Көк хан», ал эми казак санжырасындагы айтылышы - «Кичи жүз»; 2. Кызыл түс - Күн батыштын белгиси. Кеч кирип бараткан тарап. Б. а. Асмандын күн батып бараткан жагы; 3. Кызыл түс - Кудайдын жарык жана ысык менен байланышкан ысмы. Б.а. күнгө жана отко байланышкан маанилери; 4. Кызыл түс - Кызыл ордо, кызыл үй ж. б. түсү.

Күн эмнени билдирет?

1. Байыркы арат мифи боюнча, Күн – ааламды жарык кылып туруу үчүн

асманга көтөрүлүп кеткен Дүйнөлүк От. Башка бир аңыз кептерде тескерисинче, От – Адамды сактап калуу үчүн Жерге түшүрүлгөн Күндүн бир бөлүгү. Байыркы шумер элинин мифи боюнча Күн кудайынын ысмы – Уту. Ал түрк тилдериндеги «от», «ут» деген эле сөздүн өзү. Күн - Ай-ааламга жан киргизген, адамзатты жок болуудан сактап калган улуу зат.

2. «Кыргыз - Күн тегинен тараган» деп айтылат аңыз кептерде. «Кыргыз

Күн нурунан жаралган» дейт санжырачылар. Анан дагы Кыргыз этнониминин бир мааниси – «күн адам» дегенди билдирерин окурмандардын эсине сала кетейин. Ал байыркы арат тилинде: «Хор-гуз», «хур-гуз», «күр-гуз», ал эми перси тилинде бул сөз «гурхеш»10 формасында айтылган. Дал ушул учур өтө чоң мааниге ээ.

Кытайлык илимпоз тарыхчы Анвар Байтурдун жазганына караганда, байыркы кыргыздар «Күн менен Айды – адамзаттын атасы менен энеси» дешкен. Демек, бул адегенде Кыргыздын өзүнө тиешелүү айтылган сөз.

Улуу эпос берген кабар боюнча да, түп атабыз – Манас «Күн менен Айдын өзүнөн бүткөн», б. а «Күн менен Айдын кошулушунан жаралган» Адам.

3. Күндү көтөрүү – Күндөй болууга умтулуу деген сөз.

4. Түндүк – Күндүн эле өзү.

Сырттан же Грифондун мааниси

Бул «башы – бүркүт, денеси – барс, куйругу - жылаан» табышмактуу жаныбардын келип чыгыш булагы али да табыла элек. Биз аны «Манас» эпосунан таптык. Ал боюнча азыр бир илимий макала даярдалып жатат. Илимий изилдөө – бул жаныбар «Манастын тотеми» экенин аныктоодо. Ал эми Манастын тотеми – ошол эле убакта Кыргыздын да тотеми. Сүрөттү биз кыргызча «сырттан» деп атадык. Дүйнөлүк илимде (мифологияда) ал «грифон» деп айтылат жана анын дүйнөгө жайылган көп варианттары бар.

Сырттан - Вертикал дүйнөнүн «үч катмарын» бириктирип турат. Ал «дүйнөлүк тоо»11 же «дүйнөлүк дарак»12 сыяктуу эле маанини билдирген Дүйнөлүк тотемдин образы. Б. а. Сырттан - Манас атабыздын «тотем» түрүндөгү көрүнүшү.

Сырттан – байыркы баатыр Кыргыз элинин Улуттук Духунун табышмактуу жаныбар түрүндөгү элеси. Дал ушул «табышмактуу жаныбарды» көтөрүү менен биз өзүбүздү табабыз жана өзүбүздүн улуттук дүйнө тааным менен биригебиз. Дал ушул табышмактуу укмуш жаныбар – Сырттан, бизди түпкү ата-бабалардын атактуу жолуна алып чыгат.

Соңку сөз

Баятан бери биз таянып кеп кылып жаткан башкы булак – ал «Манас» эпосу. Эпосто Кыргыз эли «үч түстүү» асаба көтөрүп жүргөнү ачык, так айтылып турат. Дагы бир жолу кайталап эске салайын:

Ак асаба, кызыл туу

Асман жарган улуу чуу

Көк асаба, кызыл туу

Көк жаңырган улуу чуу!

Текстеги «туу» жана «асаба» деген сөздөр синоним сөздөр катары берилүүдө. Б. а. «кызыл асаба» деген сөз ырдын ыргагына карата «туу» деп гана айтылууда. А чынында сөз «үч асаба» тууралу жүрүп жатат. Бул маалымат - «үч асабалуу» («үч туулуу») үч Канат биригип, бир улуу Кыргыз мамлекетин түзүп турганын кабарлаган маалымат. «Манас» эпосундагы: «Ала байрак, куу найза» деген ыр сабы да дал ушул биз айтып жаткан «үч түстөн» турган (ак, көк жана кызыл) Улуу Тууну айтып жатат.

Улуттук Улуу Тууда – Улуттун Духу «түстөр» жана «тотемдик» белгилер менен чагылдырылып турушу керек. Ал эми Кыргыз элинин улуттук духун ким кандай түшүнөт жана эмнеге негиздеп далилдейт, бул өтө чоң маселе. Аны биз-интелектуалдар айтабыз, Эл өзү тараза, өзү тандасын. Кеп Туу, Герб жана Гимн – Улуттук идеологиянын өзөктөрү экенинде.

Эң акырында айтарыбыз: «Көк» деп кыргыздар «асманды» да айтышат. Демек, «Көк асаба» – «көк түстүү туу» дегенди эле эмес, «асман түстүү туу» дегенди да билдирет. Ал эми Асман үч түстөн – ак, көк жана кызыл түстөрдөн турат. Түнкү түсү – кара. Ошондуктан Кыргыз эли ушул «төрт түстү» негизги түстөр деп эсептеген.

Ак түс – Тоонун түсү, аны көтөргөн элде Бийиктиктин касиети болот. Көк түс - Көлдүн түсү, аны көтөргөн элде Тереңдиктин касиети болот. Кызыл түс – Оттун жана Күндүн түсү, аны көтөргөн элде Күч-кубаттын касиети болот. үч түстү бириктирип көтөргөн Элде Улуу Касиет - Асмандын Касиети болот! Ошол эле бул «үч касиет» – «үч дух»! үч дух биригип – Улуу Духту пайда кылат! Ал эми Улуу Духка ээ болгон эл – Улуу Элге айланат!

СЫРТТАН-туу-черновик

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

13-01-2015
Арийлердин «түпкү ата журту» каер? (уландысы)
60568

12-01-2015
Арийлердин «түпкү ата журту» каер? (уландысы)
31850

09-01-2015

Арийлердин «түпкү ата журту» каер?

14349

17-07-2013

Казак менен өзбек туугандарга жооп

13984

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×