Добавить статью
11:01, 18 мая 2012 73420

Болот хан – кыргыз элинин ханы

Кокон ордосунда кыргыз эли ар дайым өз таасирин ар дайым бекемдеген жана кыргыздын мамлекети катары таасир көрсөтүп турган элдерден болгон жана болуп турган. Анткени кыргыздар Борбордук Азияда өз учурунда улуу империяны түзгөн улуу эл , ата-бабалардын үлкөн мамданиятын башка Борбордук Азиядагы элдерге таасирин тийгизген жана алар биздин элдин байыркы маданиятын улантышкан. Ошондуктан биздин элдин баатырлары эркиндикти, мамлекетти, элибиздин негизги атрибуту катары эсептешип, эл, жердин бүтүндүгү үчүн талыкпай күрөшүп келген. Ошондуктан XIX кылымдардагы кыргыз эли кокон ордосунда да мамллекетүүлүгүн бекемдөөгө жана орус оторчуларына каршы күрөшүп, көз карандысыздыгы үчүн күрөш жүргүзгөн. Ал туралуу элдик оозеки ырларда, айтымдарда, уламыштарында айтылып калган. Ал мезгил туралуу элдик ырларга назар бөлсөк, анда:

Орус келип Коконго,

Жамы кыргыз, кыпчагы,

Булат ханды, хан булат деп,

Козголоңду баштады,

Орус менен Кудаяр,

Биригишип алышты,

Анжианда согушта,

Элибиз кылды эрдикти,

Орус качып ириди.

Ач бөрүдөй орусуң,

Болот ханды камады,

Кыргыздап ураан чакырып,

Болот хан турду айттырып.1

-----------------------------

1. Ноокаттын Жалгыз-өрүк айылынан Нармырза Болот уулунан жазып алган ЖаМУнун студенти Токтобеков Э.

Бул ыр саптарында баяндалгандай Орус оторчулары кокон ордосуна өздөрүнүн соода өкүлчүлүктөрүн жана тыңчыларын байма-бай

жөнөтүп, ордодогу адамдарды, орус бийлигин колдогондорго колдоо көрсөтүшкөн жана өздөрүнө аларды, материалдык байлыктар менен орус тарабына ынандыра баштаган жана таасирин тийгизген. Бирок элдин кокн бийлигине жана орус оторчуларына деген көз карашы терс болуп турган, андыктан элдин нааразылыгы күчөп турган учурда, адегенде 1873-жылдары Аксыда башталган элдик көтөрүлүш, улам күчөп олтуруп Кудаярдын бийлигин бошоңдоткон, абалдын курчуп жатканын байкаган Кудаяр хан Орус бийликтеринин колдоосуна таянууга аракеттерди көргөн. Айрыкча орус бийлигинин ачыктан –ачык ордону ээлөөгө жасаган аракеттерин байкаган Болот хан көтөрүлүшчүлөрдүн күчүн тура багыттап, кокон ордосун алууга жана орус отордук бийлигинин мизин кайтарууга багыттаган.

Ал туралуу элдик ырларда:

Адоолат күрөш деп турду,

Жамы түрк калкы деп,

Жанымды берем деп турду.

Кыргыздан калган жер деди,

Кыргыз, кыпчак,өзбек,

Байыртан бир эл деди.

Кокондон ханды аламын,

Жамы кыргыз атынан,

Ордого тууну саямын,

Омуроолуу орусуң,

Айтканыма көнбөсө,

Оролдон ары айдаймын.

Айкырганын койбосо,

Адилден ары айдаймын,

Манастан калган жеримди,

Күрөш менен аламын,

Кыргыздап дөөлөт курамын.2

Фергана чөлкөмүндө жашаган кыргыз жана кыпчак, өзбек калкынынын биримдигин бекемдеп, байыркы кыргыз жерин, Манастан калган жерди сактап калууга бүт күчүмдү жумшаймын, керек болсо, Оролдон (Урал) жана Эдилден-Адилден (Волга –Эдил-Адил хан дарыясы- Эдил хан Евразияда кыргыз империясын түзгөн бирден-бир эрте орто кылымдагы хан болгон ) ары орус

--------------------------------

2. Ноокаттын Жалгыз-өрүк айылынан Нармырза Болот уулунан жазып алган ЖаМУнун студенти Токтобеков Э.

оторчуларынын бийлигинин мизин кайтарууга белсенген. Орус оторчулары менен бир нече кармашуулардан соң, Болот хандын аскердик чеберчилиги арткан жана Анжиандагы салгылашууда айкын көрүнгөн, арийне ошондон соң орусоторчулары тишине чейин куралданган болсо да, орус аскерин да, хандын аскери менен болгон салгылашта да, аларды чоң жоготууга учураткан.

Мына ушундай тубаса аскердик чеберчилик, Болот хандын уюштуруучулук сапаты, элди башкаруудагы билгилиги, оторчулардын бийлик төбөлдөрүн аргасыз башка айла-амал, жол издөөгө мажбурлаган. Ошого карабастан өз мезгилинде Болот хандын бийлигин бүткүл Фергана аймагында жашаган кыргыздар, кыпчактар жана өзбектер да тааныган. Көтөрүлүшчүлөрдүн күчү улам күч кубатка толгон сайын, алардын катары көбөйүп турган, адегенде алардын катары 10миңден 100 миңге чейин өскөн. Кыргыздардын таасири улам жогорулап турган, анын далили катарында өз доорунун тарыхчысы, кыргыз Зиябидин Максым Болот хан туралуу мындай деп жазган:

«Кыргыздар Полоткан дегенди хан көтөрүшүп, анан бийлик кыргыздарга өттү» (3) деген малыматты жазган. Малыматта белгиленгендей, арийне Болот хан жалпы кыргыз элинин ханы гана болбостон, бүтүндөй Кокон хандыгындагы кыргыз мамлекетинин, кыргыз хандыгынын атынан бийлик жүргүзгөнүн тарыхый маалымат ырастап турат. Анткени кыргыздар ар дайым Болот ханды «элдин ханы, падышасы» катары эсептеп келгенин элдик маалыматтар, санжыралар ырастап келген. Биздин балаык кезибизде карыялардын айткан кеби эсибизде, «Кыргызда Болот хан» деген хан болгон, ал эл, жер үчүн кыргыз үчүн күрөшкөн»,-деп айтышса өз учурунда этибарга алган эмес экенбиз. Көрсө, мамлкет, элдин биримдиги, келечеги –бул элдин тагдыры дегенди турбайбы. Мамлекеттибизди, элибизди Болот хандын сактап калууга жасаган аракетин эми гана билип жатпайбызбы? Ошондон улам карыялар Болот ханды кыргыздын ханы деп атаганы тегин жерден эмес экенин эми кеч болсо да билип жатабыз.

Полот хан орус оторчуларына каршы, кудаярдын бийлигине каршы күрөштү тынымсыз жүргүзүп, элдик хан, кыргыздын ханы катарында Асаке (Асаке-Атаке баатырдын бир мезгилдердеги кышкы конушу болгонун элдик маалыматта айтылат) шаарын хандын ордосу катары эсептеп орус бийлиги менен маселени тынчтык жол менен чечүүгө аракеттенген, бирок бул тилеги ишке ашкан эмес, бирок ал тоскоолдуктарга карабастан, мамлкеттик иштерге жигердүү киришип, шаарларга, айылдарга өзүнүн башкаруучуларын дайындаган. Мисалы: Абдылдабекти Кокон шаарына бек, Абдымомунду башкы командачы катары бекиткен, бул сыяктуу аракеттерин толук иш жүзүнө ашырган.

Курманжандын уулдары Асанбек менен Мамытбек, адыгине бийи Оморбек датка, Кийикбай паңсат ар түрдүү согуштук- адмнистративдик кызматтарга коюлду(3). Жогорудагы маалыматарга таянсак, чындыгында Болот хан мамлкеттик бийликти толугу менен кыргыздын мыктыларына ишеним менен бийлик берген жана алар кыргыздардын атынан бийлик жүргүзгөнүн жана алар Болот хандын ишенимдүү тиреги, кыргыз мамлекетинин белсемдүү, мамлкеттик кызматкерлери болгон. Алар жалпы кыргыз мамлекетин бириктирүүгө , ошондойэле оторчулардын бийлигине каршы турган, эгемендик үчүн күрөшкөн инсандар болушкан. Болот хандын ал учурда атайын «Көөкөр мөөрү» болгонун тарыхый булактар да ырастайт. Демек, Болот хан өз доорунун жана кыргыз элинин эгемендиги жана деспоттук бийликке, ошондой эле мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн күрөшкөн, ал улуу кыргыз империясын түзгөн улуу

Инсан Тапу Алп Солдун урпагы экенин көрсөтө алды.

Болот хандын башкаруу учурунда 12 миң атчан аскери болгон, 12 кыргыз аскер башчысы, алар мамлкеттик маанилүү маселелерди да чечип турган. Манас эпосунда да хан Манастын 12 аскер башчысы болгон.Демек, Болот хан бийликти элдин салты менен, тажрыйбасы мнен башкара билген мамлкеттик ишмер болгон деп айтууга толук негиз бар. Ал элдин ханы болгондуктан «Хандын буйруктарын аткарбагандар, тартип бузгандар, катуу жазаланат»,- деп айткан Болот хан. Орусотрчулары куралдын күчү менен багындыра баштаганда да, алар Болот хандын аскеринде кыргыздар гана калганын тарыхчылар эмгектеринде эскеришип жазып калтырган. Орус аскер жетекчилери: Болот хандын аскери менен салгылашуу өтө кыйынга турганын ,-эскеришет. Болот ханды кыргыздын ханы экендигин дагы бир төмөндөгү элдик ырдан да билсек болот.

Болот хан өзү ким эле,

Кыргызга жанган шам эле.

Кыргыздын түзүп хандыгын,

Кылымга теңдеш жан эле.

Ордого сайып кызыл туу,

Оруска салып ызы чуу.

Кыргызым, кыргыз деп,

Кырымга чейин айттырган.

---------------------------------------------------

3. Серебренников А.Кокандский поход 1875-1876гг.. 37-бет, ВС-3, СПб., 1876. 62- бет

Болот хан кыргыз мамлкетин түптөө үчүн бардык аракеттерин жасаган, чет элдиктер менен байланышууга аракеттенген, бирок жолдун узактыгы, кырдаалдын оорлошуп кеткендиги, аны колдогондордун азайышы, акырындап Болот хандын бийлигин чыккынчылар алсыраткан. Болот хан түзгөн кыргыз мамлкеттүүлүгү убактылуу жеңилди орус бийлигине ыктыярдуу түрдө 29-февраль 1876-жылы колго түштү жана 1-март 1876-жылы Маргалаңда орус оторчулары тарабынан дарга асылды.

Болот хандын мындай курч мүнөз эрдигин И.Юшкова мындайча эскерет:(4) «Эр жүрөк адам, ага тууган жер кымбат экенин, өзүн өлүмгө кыйып жатып, журтун (кыргыз элин, мамлекетин-автор ) генерал Скобелевдин тукум курутчу «кышкы экспедициясынан элди сактоо менен далилдейт»»,- деп жазган маалыматы кыргыз ханы Болот Ханга айтылган чыныгы баа эле. Ушуга улай эле профессор Т. Кененсариев Болот ханды «азаттыктын» идеясын, баркын бийик экендигин бизге мурастап кеткенин айтат, ошол эле учурда Болот хан феодалдык монархиялык бийликке чекит койду жана кыргыздын мекенчилдигин, мамлекеттин, элдин, эркиндигин сактооонун үлгүсүн көрсөттү. Болот хан элин таштап качпады, башкача айтканда Исхак Асан уулу-Болот хан кыргыз элин кыргындан, мамлкеттүүлүгүн сактап калды. Ал кыргыз эли үчүн болоттой бекем экенин тарыхта далилдеди. Ошондуктан биз кыргыз ата-бабаларыбыз айткандай Болот хан – чыныгы кыргыздын ханы болгон,-деп айтууга толук негиз бар.

 _____________

Юшкова И. Дружба народов 1980.№9. КМ.1981,2-апрель.5-бет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×