Добавить статью
11:09, 18 мая 2012 75938

 Аксы аймагындагы апрель ревлюциясы - Аксы окуясынын  күрөшүнүн жаңы формасы

Аксы окуясы кыргыз саясый системасын дагы бир ирет

ойлонууга мажбур кылды. Анткени кыргыз саясатында акаевдик үй-бүлөлүк башкаруу, партиялык номенкулатура жана коррупцияланган бийлик жана мамлекетти башкарууда кылмыш дүйнөсүнүн бийлик менен аралашып кетүүсү кыргыз жерлеринин коңшу элдерге сатылып

кетүүсүнө каршы чыгып жалпы калк жалпы элдин нааразылыгын пайда кылып көтөрүлүшкө чыкты. Бул күрөштүн экинчи уландысы

2005-жылдын 24-март революциясынын чыгышына себепкер болду. Бул революциялык күрөштөрдө да Аксы жериндеги жалпы калк анын ичинде акыйкат үчүн күрөшкө чыккандар: И. Шергазиев, М.Турдубаев, Ш. Кайкиев, Козугулов, Ш. Жаналиев, Б. Кыдыев, М.Жуманазаров, Ж.Надырбеков, Р. Барпиев жана Кадыралы аке сыяктуу мекенчилдер революциянын алдыңкы сабында болушкан. Алар март революциясында даакакевдик диктатурага тикеден –тике каршы чыгышып, ысыгына күйүп, муздагына тоңушкан. Ал эми андан кийин да алар эч кандай бийликке барбастан бакиевдик режимдин аксак жактарын ар дайым эл арасында сындап келишкен.

Аксы аймагында акыйкат, адилеттикдеп март революциясынын жеңиштерин сактап калуу үчүн алар ар дайым калк аралап опозициялык күчтөр менен биргеликте күрөшңп турду. Алардын күрөштөрү айрыкча кыргыз генералы И. Исаковдун себепсиз камакка алышы мекзгилинен баштап күчөдү. Аксы элименен Алай эли бир тууган тоолук канны , жаны бир элбиз деп аларга аты аталгандардан М.Турдубаев жана И. Шергазиев алай жерине барып алайлык боордоштордун талаптарына кошулуп суроо , талап менен митинге чыгышып, кээ бир убактарда митингди тынчтык жол менен өткөрүүнүн ыкмаларын айтып, элдин алдыңкысабында болушкан. Алар андан аксы жерине келишип да генералдыколдоо боюнча штабдын жетектешип турган. Борбордон келген опозициялык маанайдагы гезиттерди калк аралап И.Турдубаев менен И.Шергазиевдер таркатуу менен калк ичинде бакиевдик режимди ар

тараптуу оңжана терс жактары туралуу ойлорун айтышкан жана түшүндүрүү иштерин жүрүзгөн. Бул иштери үчүн эки инсанды ички иштер органынын кызматкерлери жана коопсуздук комитети тымызын аңдууларды жүргүзгөн. Аны менен гана чектелбестен кээде айып салышкан. Күч бийлигинин мындай аракеттери Шергазиев Изираилди жана Турдубаев Муратты ошончолук чыңалткан, ошондой эле алардын улуттук сезимдерин бекемдеген. Кээде тарыхта эң бир карапайым калктын арасынан суурурулуп чыккан, эл үчүн жанын Берген жигиттердин эрдиктери тарых барактарынан орун албай калат. Ошондой эл деп жанын Берген жигиттер Мурат аке менен Израийл акелер болуп саналат. Алар бакиевдик тоталитардык бийликти айбын ачып,эл арасында чындап үгүт иштерин аткарышкан. Мисалы мен билгенден 2010-жылдын кыш айларында ызгардуу суукта кеч бешимде алайдан келе жатабыз Сапар эртеби-кеч акыйкатсыз бийлик кулайт сен бизге ишенип кой деп айткандары, бул акелердин эл, жер акыйкаттык деп айтканына өзүм күбө болгонмун. Балким бизге учурда дал ушулардай мекенчилдик, тайманбагандык, ошондой эле эки эр жигиттин суукка карабай базарда гезит таркатып жүргөнүн көрүп чыныгы аруу кыргыз жигиттер экен дегенмин. Ошол мезгилдеги окяларды эстеген М. Турдубаев мындайча эскерет: «2009-жылдын 15-ноябрында экөөбүз жолуктук, бакиевдин башкаруусу, элдин социалдык-экономикалык абалы жана товарларга, электр тогуна, сотканын бирдиктеринин бааасынын кескин жогорулашы,жалпы калктын нааразылыгын пайда кылып жатканы туралуу бир топ аңгемелештик, андан экөөбүздүн тең акчабыз жок кардыбыздын ачканын, жол киреге да акча калбаганын жана эптеп карыз алганыбыз, аны менен гана чектелбестен кээбир учурда бир мейзди же кээде бир жумуртканы эки бөлүп жеген күндөр болгонун жана да мындай кезде бири- бирибиүге жөлөк болуп эртеби-кечби мамлкетибизде акыйкат жакшылык орноп калар деп келечекке үмүт, ишеним менен караганбыз» ,-деп айтат Мурат Турдубаев. Ошентип революциялык кырдаал ар тараптуу бышып жетилди.

Окуянын жүрүшү: Аксы аймагынын калкы мамлекетибиздеги боордошторубуз менен бирдикте 2010-жылдын 6-апрелинде шашылыш түрдө кечки саат 22де чогулуп, Кара-Суу, Кызыл-Туу,Кара-Жыгач, Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл округдарынын калкынын ичиндеги лидерлер адегенде Кара-Жыгач базарында жыйын өткөрүштү, андан соң Жеңижок музейинин жанында экинчи шашылыш жыйынга чакырылды, ал жыйынга белгилүү революционер демократ Топчубек Тургуналиев, И. Шергазиев, М.Турдубаев, Ш. Кайкиев, Козугулов, Ш. Жаналиев, Б. Кыдыев, М.Жуманазаров, Ж.Надырбеков, Р. Барпиев жана Кадыралы Жорокулов сыяктуу айыл округдардан барган революционерлер шашаылыш ачык асман алдында жыйын өткөргөн. Анда чыгып сүйлөгөндөр бакиевдик бийликтин уятсыз парламенттик шайлоолорун, электр тогуна, сотканын баасынын, кыргыз жери Каркыранын казактарга сатылып кетиши жана уулу Максимдин кыргыз телекомду, мегакомду рейдерлик менен басып алуу аракеттери жана менчиктештирип алуунун айла-амалдары тууралуу кескин кату билдирүүлөрдү калк алдындаайтып чыгышты. Алар ошол түнү таң атканча көз ирмебестен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү, ошол эле кезде алардын койгон талаптары аткарылбай, жеңилүүгө учураса, анда митинге катышкандар жана аны жетектеген жетекчилердин ар бирин алдыда кандай тагдыр күтүп турганы аларга белгилүү болгон. Ошондуктан алар үчүн бул революциялык кадамдары аң-сезимдүү кадам болуп бийликке эртең жогорудагы талаптарды тез арада чечип берүүсүн айтып жатышты жана ар бир айыл оркугдарынын жетекчилери он башы, жүз башы, миң башы болуп бөлүндү. Темирдей тартипти сактоого катышкандар ант беришти. Эртеси таң атары менен саат жетилерден баштап райондун борборуна колонна менен акыркы тыйындарын чогултуп Кербенге келишти. Кербенде райадминистрациясынын башчысы жана күч бийликтери менен жарым саат тирешүү болду, ага чейин эл жогорудагы талаптарын коюу менен бирдикте Аким Орозовду эл менен бирдикте болушун калк аябай суранышты, тилекке каршы аким мени президент Бакиев бекиткен, мени силердин кетирүүгө акыңар да, укугуңар жок деген мамиле жасады, жыйынтыгында кылкылдаган 5000миңдей калк милиция кызматкерлерин райадминистрацияны курчоодон бошотуусун талап кылды, ал учурда Талант атуу милиционер эскертүү менен асманга ок атты, натыйжада кылкылдаган эл кайрадан жаалданып,администрацияга кирип барышты, милиция, мамлекеттик кызматкерлер иш орундарын тапшырып чыгып кетти. Топчубек Тургуналиевдин жетекчилиги астында шашылыш революциялык жыйын өткөрүлдү.

Эл алдында райондун убактылуу акимин бекитүү зарылдыгын белгиледи жана М.Турдубаев, Сейиткулов К жана И.Шергазиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү. Ошол эле замат жалпы он эки айыл округунан келген калктын катышуусунда жалпы элдик курултайдын негизинде Сейиткулов Кадыркул акимдин милдетин аткаруу кызматына киришти. Бул мыйзамдуу иш аракеттин алгачкы кадамдары эле. Андан соң кечинде мындан ары кандай кадамдарды жасайбыз деген маселе көтөрүлдү айыл округдарында кулатылган бийликке нааразы болгон калктын нааразылыгы күчөдү, аймактарга баруу, калк менен маселени жеринде тынчтык жол менен чечүү керекетигин учур талап кылды. Натыйжада кайрадан шашылыш 9-апрелде революциялык комитет түзүлдү. Ревкомдун төрагалыгына И.Шергазиев, ал эми катчылыгына С. А. Наркеев бекитилди.

Мамлекеттин бүтүндүгү жана келечеги туралуу маалыматтар

басма сөз каражаттарында айтыла калып жатты. Кара-суу айыл округунда айылдын округ башчысынын ордуна өз адамдарын коюуга аракеттенген топтор пайда болду элдин кайрадан нааразылыгы пайда болгондо атайын провокацияны уюштурган башка күчтөр кырдаалдан пайдаланышып округ башчынын ордуна өз адамдарын алып келүүгө аракеттенишкен.Тилекке каршыалардын ою ишке ашканжок. Мында ревкомдун жеринде маселени чечүүдөгү аракетти чоң мааниге ээ. Ушундай эле кырдаалдар бардык айыл оор болуп жаты. Ар айылдан ар бир жетекчинин айыл округдарынан нааразыболгон топтордун кайрылуулары келип. Алардын эң бир суроо талаптары коррупцияланган бийликти, бакиевдик бийликтин учурунда укуктары тепселенгендер келип жаты. Айрыкча сот, милиция, билим берүү, айрыкча райондук архивдин башчысынын коррупциялык схемасы туралуу калктан көп даттануулар келип түштү .

Элдин кайрылуулары көп жерлерде жеринде чечилди. Айрым жетекчилер бийликти өз менчигиндей, атасы ээлеп бергендей аң сезимде калыптанганы таң калтырып жатты. Эл аларды канчалык бийликтен кетүүсүн талап кылса да кабинетинин ачкычын бербегенге аракет жасаган бийлик адамдарын көрүп аябай таң каласың, эмне үчүн деген суроо пайда болот.

Демек, биринчиден биздин өлкөдө бийликте отургандардын ар качан сөзү тура болуп келгендиги жана да алар эч качан элдин көз карашы менен эсептешпей келгендиктен, карапайым калк менен элдин ортосунда ажырым келип чыкканын байкоого болот.

Экинчиден кызыл партиялык система менен башкаруу бизде дагы да болсо калыптанып турганы, үчүнчүдөн башкаруучулардын эгемендик мамлекеттин башкаруучусу экендигин жетекчилер өздөрүн толук эл алдында жооопкерсиз мамилеси жана бийлик бул байунун бирден- бир булагы экендигин бизге чейинда азыр да эл башкаргандардын аракеттеринен улам калктын аң-сезиминде эски архайикалык уруучулдук түшүнүктүн калыптанып калышы да себепкер болууда.

Мыйзамдар эч качан иштебейт, себеби карапайым калк толук аралашып иштебейт мыйзам чыгаруу иштерине аралашпайт, парламент калк үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрбөйт, натыйжада элдин бийликке болгон ишеними калыптанган эмес.

Аксы аймагында кырдаалды акимдин милдетин аткаруучу К.Сейиткулов жана ревкомдун мүчөлөрү толук контролдукка алып турду. Жалал-Абаддагы окуяда да Аксылык жигиттер бийликтиколго алууда андан кийин оор кырдаалдарда да жардам берип турушту.

Жыйынтыгында революция өз максатына жеттиби деген суроо пайда болот. Бирок революциянын экономикалык талаптары аткарылды, ал эми саясый талаптары өзгөрүүсүз калды, алар эски бийликтин учурунда эмгектенген башкаруучулардын толук кызматтан кетүүсү жана жаш кадр же жаңыча ойлонгон адистерди кызматка алуу сыяктуу иш аракеттери турмушка ашкан жок, ошондуктан дагы да эл нааразы бойдон калууда. Аксыдагы революциялык күчтүн кыймылдаткычы дагы эле болсо айылда жашаган айылдык пролетар- дыйкандар жана жаштар экендиги чындык. Алардын жол башчылары да айылдыктар. Демек, апрель революциясы да Аксы жана март революцияларынын уландысы жана «күрөштүн кыргыз жолу» деп айтууга толук негиз бар.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

18-05-2012
Мамлекеттүүлүгүбүздүн башаты жана эгемендүүлүккө карай жол
97750

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×