Добавить статью
11:20, 18 мая 2012 91752

Мамлекеттүүлүгүбүздүн башаты жана эгемендүүлүккө карай жол

Келечекти аңдап билүү үчүн,

өткөндөгүнү окуп үйрөнгүлө!

Конфуций

Ар бир кыргыз элибиздин

тарыхын билүүгө тийиш.

О.Сыдыков.

Биздин мамлекеттүлүгүбүздүн башатынан

Байыртан эле ата-бабаларыбыз мамлекеттүүлүк деп, эл, журт,ээлик деген түшүнүктөр менен биргеликте карап келген. Биздин элдин мамлекеттүүлүгүнүн башатында Манас эпосу турган. Демек, Манас эпосу биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн башатында болуу менен биргеликте элдин биримдигин, улуттук аң сезимин бекемдөөдө идеологиялык курал болуп берген байыркы эпос. Тарыхыбызды, элдүүлүгүбүздү Манас баш болгон эпосубуз жана кенже эпостор, элдик фальклор менен тыгыз байланышта кароо керек. Борбордук Азияда кыргыздарөз мамлекеттүүлүгүн күчтөндүргөн, улуу дөөлөт түзгөн байыркы элдерден, ошондой эле кыргыздар YIII кылымдарда Барсбек каганөз алдынча кыргыз мамлекетин түзгөн болсо, ал эми IХ-ХI-кылымдарда Тапу Алп Сол кыргыз дөөлөтүн түзгөндүгү тарыхтан бизге белгилүү. ХIII кылымда кыргыз мамлекети монгол чапкынынан азап чегип жоюлуп кетүү жагдайына кириптер болгон.

ХYI кылымдын башында кайрадан кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө Мухаммед Кыргыз (Тагай бий), ХIХ кылымдарда Алымбек датка, Нүзүп бий, Ормон хан, Алымкул аталык, Балбай, Курманжан датка, Болот хан сыяктуулар орус колониализминин каршылыгына карабастан кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгөөмүрүн арнаган инсандар болуп эсептелет.

XIX кылымдагы мамлекеттүүлүк идеясы жана элдик оозеки чыгармачылык.

өткөнгө кайрылуу, келечекке

Кенен жол ачуу, бул чыныгы устаттык.

Конфуций.

XIX кылымдын экинчи жарымында Кыргыздар кокон бийлигинин курамында болгондо дагы тез-тез нааразылыктарын билдирип турган, ошол эле кезде алар ордонун эң таасирдүү бийликтерин кыргыздар бийлеген. Бул дегендик кыргыз бий- бектеринин кокон ордосунда таасирдүү экендигин билдирсе, ошол эле кезде алардын кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүн түзүүгө түздөн – түз катышкандыгын маалыматтар да далилдеп турат. Эл билермандары, бийлер жана бектер кокон ордосунун негизги шаарлардагы бийликти кыргыздын инсандары башкарып турган. Тарыхый булактарга назар бөлсөк, анда Назармат Жайлообаевдин 1842-жылдагы Кокон ордосунун чиймесинде (картасында ) 18 дарбазаны кыргыздын бектери башкарганын жазылган. Алар төмөнкңлөр:

1. Аксыкент дарбазасын багыш уруусунан Шердатка миң башы;

2.Түндүк дарбазасын төмөнчекти багыш уруусунан Арзымат миң башы (Биз багыш уруусунун төмөнчекти багышына киребиз- Н.Жайлообаев.)

3.Балыкчы дарбазасын кыпчак уруусунан Мусулманкул миң башы;

4.Курама дарбазасын таластык Ажыбай датканын пансаты Сыйдалы бий менен саруу уруусунан Нүсүп бий;

5.Канибадам дарбазасын сарт уруусунан Касым миң башы;

6.Маргалаң дарбазасын сарт уруусунан Нияз миң башы;

7.Карадарыя дарбазасын кыпчак уруусунан Нарманбет датка;

8.Кожент дарбазасын ичкилик уруусунан Алымкул аталык;

9Батыш дарбазасын могол-кутай(кытай)уруусунан Камбар миң башы;

10.Самарканд дарбазасын чоң багыш уруусунан Артыш миң башы ;

11.Түштүк дарбазасын кыпчак уруусунанөтөнбай миң башы;

12.Чыгыш дарбазасын кыпчак торук багыш уруусунан Сараңчы паңсат;

13.Анжиян дарбазасын баргы уруусунан Алымбек датка миң башы;

14.Сырдарыя дарбазасын сарт уруусунан Найман пансат;

15.Нарбото бий дарбазасын саяк уруусунан (беш каман) Рыскулбек миң башы;

16.Алай дарбазасын ичкилик уруусунан Кедейбай датка миң башы;

17.Алим хан дарбазасын сарбагыш уруусунан Сарбай миң башы;

18.Ташкент дарбазасын бозалабостон (курама) уруусунан Абдымомун миң башылар тосушкан.1Демек, кыргыздар ордодо жана мамлекеттик кызматтарда туруу менен кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө аракеттер болгон, ошондой эле кыргыз элинин биримдигин, бүтүндүгү үчүн аракеттер болгон деген ойду айтсак эң туура болот, анткени кыргыздын бий-бектери кокондун ордосун башкарган жана бул кыргыздын мамлекетүүлүгү болгон дегенди түшүндүрөт. Орус бийлиги келгенден баштап кыргыздардын жерлерин бөлүштүрүү күч алган, башкача айтканда кытай жана орус империясы кыргыз жерин, элинин жашаган аймагы боюнча эмес эки империячыл мамлекетөздөрүнүн кызыкчылыктары боюнча жана элдин кызыкчылыгын эсепке албай бөлүштүрүп алган, натыйжада кыргыз эли эки аймакта жана чачкын, бөлүнүп калган. Маселен кытай тараптагы жерлер байыртан эле кыргыздар жашап келишкенин элдик маалыматтар да далилдейт.

Көктеректе мурундан тартып кыргыздар жашап келген. Көктеректе негизинен бугу кыргыздары жашайт.Анын ичинде төрт ата меңмурат орчундуу орунду ээлейт.Меңмураттын байбото,кирке, саске, боромбай төрт баласы азыр төрт уруу эл болуп кыз алышат.Андыктан жогорку аттар уруу аты болуп кетет.Булардан сырт сарбагыш, кыпчак, жедигер,адигине, асык, черик, солто, саяк уруулары жашайт. Баары эт азыктуу, ачкылкор, кочкул кандуу келет.

Көктеректи кыргыз кандай мекендеп калгандыгы жөнүндө карыялардан көп сурадым. Алар Иле – Текес байыркы заманда кыргыз жергеси болгон дешет. Бизди ошолордун урпагы дешет. Айрымдары кийинки мекен алган кезинен эле айтып, мурунку тарыхын унутуп калган.Бул тууралуу 1980-жылы 77 жаштагы Токторбай абышканын айткан дарек санжырасы.Токторбай Жумабек уулу тынымсейит кыргызы.Майда уруусу кызылтаз ичинде кутуке уулу. 1904- жылы туулуп, 1991- жылы октябрда каза болгон.Ал киши сөзңн мындай баштады:

«Мен быйыл 77 жашка кирдим. 22-23 жаштагы кезимде Акунбек 80 жаштагы киши экен. Ошол кишиөз оозу менен мындай бир тарыхты айтып берген. Мен кырктын ичиндеги кезимде Көктеректи меңмурат,Чолоктеректи саламке, Көксуу, Каражонду алыбай, бирназар, үчкуштайды саяк, Жыргалаң Тогузторону майда белек катарлуу уруулар мекендеген. Бүгүн Текес, Иле бети Жылдызга чейин кыргыздын жери эле. Жылдыз негизги кыштоосу болчу.

Бир күнү абам Күчүк мени чакырып алып кытай падышасынын элчисин замбилге салып Сүйдүңкүрөөгө көтөрүп келди. Сен барып жолугуп кел, чегара бөлүнөт. Эл башкарган бойдон эл болуп калсак» - деди. Мен Ысмайыл деген кишини ээрчитип, жолго чыктым. Жүрөрдө Күчүк абам : «жолдо Чыныбайга жолукпайөт, ал орус падышасына карайбыз дептир», - деди. Биз Сүйдүкүрөөгө барып эки күн тосуп жаттык. Бейжинден келген улукка жолуктук. Этеги жырык бүчүмөлүң узун чапан кийген, арык чырай, аппак, келте мурун, кой көз жаш кытай экен. Бизге ак чайнектен чай куюп сунду. Анан « мусулмансыңарбы» деп сурады. «Биз мусулман экенибизди,өз жерибизден козголбой падышага эл болуп калсак деген талабыбызды айттык. Улук жакшы, келер жылы ушул маалда чегара айрылат ошондо келгиле. Эл болушуңарды каршы алабыз « , - деди. Курубузга бир кадак мамили чай түйүп берип жолго салды. Келер жылы ушул маалда келсек чегара Нарынкол болуп ажырап бүтүптүр. Албан бугуну Нарынколдон ары отурат деп токтом кылыптыр. Боромбай Качыбекти жиберип, орус падышасына кол берип эл болобуз деп андан 25 жыл мурун бүтүшкөн экен. Ошол себептең элди тегиз көчүрдү. Иле бетиндеги кыргыз Нарынколдон арыөтүп, Ысыккөл боюна түшүп кеттик. Ошондоөз жеринен айрылган эл:

Каптан таруу кетпеген,

Капсалаң сени кантейин,

үч күндө малын бир көргөн,

үчкуштай сени кантейин.

Чолок терек, Көк терек,

Айтып какшап не керек.

Кырма кызыл челегиң,

Кыйын элге керегиң.

Ийнимдеги бараңым,

Айланайын кең Текес,

Амалсыз кетип баратып ,

Айланып сага карадым2– деп эл ырдаган. Деги эле чек араны бөлңштңрңң кыргыз элинин психологиясына, турмуш абалына эь катуу таасирин тийгизген3. Ошондуктан кыргыздын бий бектери мамлекетүүлүктү сактап калуу үчүн багынбоого аракет жасаган. Ал эми аларга орус бийлиги кордук көрсөткөн, башкача айтканда орус бийлигинеөз ыктыяры менен багынбаган кыргыздын уруу башчыларын, эл баатырларын колонииалдык бийликтер күч менен багындырып,репрессиялаган, камапөлүм жазасына тарткан. Маселен: бугу кыргызынын баатыры жана манабынан саналган Балбай оруска карабаймын деп,өзүнө караштуу бир нече түтүн менен кытайга качып барып жердеп турганда, орустун солдаттары кармап алууга барганда алар менен атышып, алдырбай койгон. Колониалдык бийликтер Ысык – Көлдөгү элге кадырлуу киши Күчүк Зарыпбек уулун көп аскер менен жиберип , түн ичинде Балбайды карматып алдырып келип, Алма – Атада түрмөдө кыйнапөлтүргөн. Сарбагыштын атактуу манабы бугу согушуна катышкан Адыл баатыр, оруска каршы согушка даярданып жүргөндө 1875 – жылы колониалдыкөкмөт тарабынан кармалып Алма – Атада түрмөдө уу берипөлтүрүлгөн. Бишкек уездинин начальниги Загражский 1867 – жылы Нарын аркылуу Тогуз – Торого сүйлөшүүгө барганда манап Осмон Тайлак уулу оруска карабайм деп, уруш баштап, эртеси 600 түтүн элин алып, Кашкар тарапка көчүп кеткен. Мамлекеттин бүтүндүгү үчүн кыпчактардын жана кыргыздардын уруу башчылары Алымкул баштагы ляшкар башы, Шадман-Ходжа баштагы миңбашы Худаярханга каршы күрөштү уланта берген. үч айга созулган Кува менен Ассакенин жанында болгон кандуу согушта эки жактан биригип 6000 адамөлгөн. Кыпчактар менен кыргыздардын аскерлери Кокон ханынын ордосун талап алып кайрадан Ассаке шаарына кайткан. Мындан Алимбек датка хандыкты тартып алып, Коконго хан болгондо, бул кабарды жубайы Курманжан датка угуп, Коконго келип Алымбек даткага:

« Бу эл бузулган эл эле, Коконго хан болдум деп кубанып калбастан кыргызга барыпөз элибизди сурайбыз. Мында турганда Кокондон тирүү кайтпайсыз» - дегенде Алымбек датка макул албаган. Куманжан датка « Сиз тирүү келбейсиз, акыретте көрүшөлү, кош» – деп бура тартып жүрүп кеткен.Көп узабай эле Алымбек датка чыккынчылар тарабынанөлтүрүлгөн.

Эл арасында Алымбек датканын хандык мезгили жөнүндө төмөндөгүдөй ыр айтылат:

өз алдынча кыргызды

өлкө кылып алууга,

Чоң эрдикти салууга,

Падыша болуп калууга

Жетишпеди Алымбек.4

Алымбек датканын кыргыз элин, жерин бириктирүүгө аракетин, Ч. Валиханов: «Алымбек датканын жардамы менен бийликке Малла хан ага миңбашылык орунду убада кылып, бирок кийинки жылга чейин расмий түрдө аны миңбашы катары тааный электигин, ага карабастан Алымбек датка баш увазир пайдаланган укуктарын пайдаланаарын жазган. Алымбек датка баштаган кыргыздардын хандыктагы негизги бийлик орундарын ээлеши, кыргыздардын жалпы биримдигин, мамлекеттүүлүгүн түзүүгө жигердүү аракеттенгенин жогорудагы ыр саптары ачык далил болуп саналат. 1874-76-жылдардага Исхактын эркиндик үчүн күрөштөрү жана 1898-жылдагы Анжиан көтөрүлүшүн да кыргыздар жетектеген жана алар кыргыз элинин мамлекеттүүлүгү үчүн күрөшкөн. Х1Х кылымдын акырында орусиянын колониалдык саясаты тездик менен күчөй баштаган, кыргыздын мыкты уул-кыздарын репрессиялаган жана майлуу-сүттүү жерлерин орус колонизаторлору элеп алган. Элди бөлүп-жарып башкаруу күч алган, колонизаторлордун тили болгон орус тили кыргыз турмушуна кеңири колдонула баштады, орус бийлигин колдогондорду колонизаторлор колдоого алган. Элибиз күрөштү уланта берген.

Эгемендикке карай жол

Элдиөзүнүн салтынын

негизинде гана башкаруу керек,

ошондо гана аларөнүгө алат.

Конфуций.

Кылымдар бою кыргыз эли эгемендикке жетүү үчүн күрөшүп келген, ал эми 20-кылымдын башында, башкача айтканда совет бийлигинин жылдарында кыргыз мамлкеттүүлүгүн кайрадан түзүү идеясы жаралат. 1920-жылдары Тоолуу Кыргыз областын түзүү идеясы менен А.Сыдыков, Ж. Абдрахманов сыяктуулар жигердүү аракеттенишет. Ж.Абдрахманов 1920-жылдары РКСМдин III-сьездине катышканда, В.И.Ленин Жусуптан мындай деп суроо салган экен:5 « Сиздерде канча процент орустар жашайт 2%, калгандары кимдер? Казактар, кыргыздар, ал эми канча процент сабатуу калк жашайт, дегенде 2%ке жакын деп жооп берет. Кайсы тилде мамлекеттик кагаздар жүргүзүлөт,-деп сураганда, ал бизде советтик аппарат орус тилинде иш жүргүзөт, дегенде Владимир Ильич таң калат да «Бул деген- жергиликтүү калкты басмырлоо деп жооп берет жана жергиликтүү элдин тилинде иш кагаздар жүргүзүү зарылдыгын айткан экен». Ушул күндөргө чейин тил маселесиөзөлкөбүздө иш жүзүнө ашпай келет. 4-июнь 1922-жылы Тоолуу кыргыз областын түзүү боюнча А.Сыдыковдун, Жусуп Абдарахмановдун ыкчам аракетинин натыйжасында Пишпек уездинде Түркстан Республикасынын курамында тоолуу областы түзүү боюнча уюштуруу курултайы болупөтөт. Курултайда А.Сыдыков чыгып сүйлөгөн- жалпы улуттун биримдиги,өз алдынчалыгы,өнүгүүсү тарыхый мааниге ээ экендигин айткан, аны ошол учурдагы замандаштары улуттубуздун «Манасы» деп аташкан6. Ошентип Тоолуу областы түзүүдө эки топко бөлүнүшөт: Р. Худайкулов жана А. Сыдыков башында турган инсандар ортоуснда күрөш башталат.

1.РСФСРдин курамында болууну каалагандар;

2.Кара-Кыргыз областы Кыргыз (Казак) Республикасынын курамында;

Натыйжада автономдук областы РСФСРдин курамында болушун каалашкан, бирок ал жөнүндө сталинге жазган катында: «Кара-кыргыз автономдук областы ТАССРдин курамында болсок, биздин маданий-экономикалык укуктарыбыз улутчулдар тарабынан басмырланат жана кыргыздардын жашаган аймактарын эсепке албай түзүлөөрүн, ошондой эле кара-кыргыздардынөз эне тилинде китептер, газеталар, окуу куралдары жок экендигин, маданий жактан артта калып жаткандыгын»7-, баяндаган.

Ал эми ошол эле жылдары 1924-жылы 14-октябрда (27-октябрь) СССРдин борбордук Аткаруу комитетинин II сессиясы РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгү жөнүндө токтом кабыл алган8. Мына ушул жыл алгачкы Кыргыз мамлекеттүлүгүбүздүн андан кийинки эгемендикке карай жолундагы эң алгачкы укуктук негиз болуп берген9. Совет бийлигинин улуттук саясаты, В.И.Лениндин улуттукөз алдынчалуулук принциптерине негизденип, 1923-жылдагы СССРдин жетекчилиги Орто Азияны улуттук мамлекеттерге бөлүү жөнүндөгү чечими кыргыз элинин ошол учурдагы А.Сыдыков, Ж.Абдрахманов, И.Арабаев, К.Тыныстанов, Т.Айтматов, Орозбеков сыяктууларын шыктандырган, аларга ар тараптан М.Фрунзе да колдоого алган жана жалпы эле кыргыз элинин кылымдардан беркиөз мүдөөсүнүн ишке ашуусун тездеткен. Кара-Кыргыз автономдуу областынын аймагына Кара-Кол, Нарын жана Жети-Суу областынын Пишпек уезди, ошону менен катар эле Ош жана Анжиан бөлүктөрү, Наманган облусунун Кокон аймагы Фергана облусунун Фергана уезди жана Сыр-Дарыя облусунун Олуя-Ата уездинин аймактарынөз ичине камтыган автономдуу облус болгон.

1925-жылы 27-30-мартта Пишпек шаарында Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгү жөнүндө уюштуруу сьезди болупөтөт жана токтом кабыл алынат. Бүткүл Союздук Борбордук Аткаруу Комитетине (ВЦИК) автономдуу облустун «Кыргыз» деп атоо туралуу кат жөнөтөт. Бул катка РСФСРдин Бүткүл Союздук Борбордук АткарууКомитетинин атайын токтомунун негизинде 1925-жылдын 25-майынан баштап Кыргыз автономдуу облусу деп атала баштайт (бир эле учурда Кыргыз АССР, Казак АССР деп атала баштаган).

Ал эми 1926-жылы 1-февралда Бүткүл Союздук Аткаруу Комитетинин токтомунун негизинде Кыргыз Автономдук облусу РСФСРдын курамындагы Кыргыз Советтик Социалисттик Автономдук Республикасы деп атала баштайт (бул токтомдун чечими 1927-жылдын 15-апрелинде Бүткүл россиялык Советтердин ХIII сьездинде бекитилет ). 1927-жылдын 7- мартында Кыргыздардын Советтеринин биринчи уюштуруу сьездинде Кыргыз Автономдуу Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгүнүн Декларациясы кабыл алынат. 1928-жылы кыргыз эли араб жазуусунан латын тамгасынаөтүшкөн. «1929-жылы 30-апрелде Бүткүлкыргыздардын Советтеринин экинчи сьездинде Кыргыз АССРнин Конституциясынын (Негизги закон) проекти кабыл алынат, ал 96 статьядан турган жана желек туралуу маалымат да жазылган. Кыргыз Автономдуу Советтик Социалисттик Республикасынын желеги Кызыл түскө ээ болуу менен сол жак бурчунун жогору жагында орок жана балканын сүрөтү тартылган, ошондо эле кыргыз, орус тилдериндеги жазуу бар; Кырг. А.С.С.Р»10.

Кыргыз АССР түзүлгөндөн көпөтпөй, кыргыз элинин чыгаан уулунун бири ошол мезгилдеги улутубуздун «Бакайы» Ж. Абдрахманов автономдуу республикадан, союздук масштабдагы башка республикалардай эле тең ата статус алуу үчүн аракеттерди жүргүзө баштаган. Анын И. Сталинге экинчи ирет 15-апрель 1930-жылы жазган катында: «Кыргыз Автономдуу Республикасын Союздук Республикага айландыруунун зарылчылыгы жөнүндө; эгерде азыркы түзүлүштү дагы да кармай берсек, анда республиканын чарбалык жана маданийөнүгүүсүнө кедергисин тийгизерин, ошондой эле Социализмди курууда тоскоолдуктарды жаратарын, ошондуктан Союздук Республика статусун берүүнү кат аркылуу суранып жазат11» Ж. Абдарахманов союздук республика айландырунун бардык аспектилерин ар тараптан карап, талдап чыгат, ошону менен эле бирдикте союздук республикага айландырууда башка автономдук республикалардын эч кандай атаандашуусу негизсиз экендигин, башкача айтканда, биздинөлкөнүн географиялык абалы, негизги калкы кыргыздар экендигин тастыктаган. Кыргызстанды Союздук Республикага айландыруунун башкы себебинин дагы бири тышкы саясатында да мааниси бар болгон, анткени батыш Кытай менен чектешип турган. Ал буга чейин да Союздук республика укугун алуу максатын көздөп Орто Азияда Федерация түзүлсө, ага тең ата катары союздаш болууну да көздөгөн. Мамлекетибиздин аймагы туралуу Ж. Абдрахманов чек ара маселесине көп көңүл бөлгөн, айрыкча түштүк Кыргызстанөзбек республикасы чек ара маселесин такташтырууну жана түштүктө кыргыз тилине каргандаөзбектердин саясаты басымдуулук кылганын айтат, ошондой эле түндүктө орус тилдүүлөрдүн таасири күчтүү экендигин баса белгилеген. Союздук республикага айландырууда кадр саясатын чечүүдө мектептердин окуу жайлардын ролуна кенен токтолгон. Улутубуздун улуттук аң сезиминөстүрүүдө тарыхый эс тутумуна, баалуулуктарына маани берген. Натыйжада 1936-жылы 5-декабрда ССР Союз Советтеринин YIII сьездинде жаңы Конституция кабыл алынат, аны менен катар эле Кыргыз АССР РСФСРдын курамынан чыгарылып, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы болуп кайрадан түзүлөт жана Конституциясы 1936-жылы 23-мартта чукул чакырылган Бүткүлкыргыздардын Советтеринин Y сьездинде кабыл алынат. Андагы 116-статьяда желек туралуу мындайча жазылган. «Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Мамлекеттик желеги Кызыл материалдан турат, сол жак бурчунда алтын тамгалар менен «Кыргыз ССР» жогору жагында кыргыз тилинде, төмөн жагында орус тилинде жазылган. Узун туурасы 1:2.12» 1940-жылдардан баштап кыргыз жазуусу латын жазуусунан орус алфавитинеөткөн Жана желектеги жазуулар даөзгөртүлгөн. (караңыз: архивдик материалдар. А.Я.Лукши Рига шаары, Латвия).

1952-жылы 22-декабрда Кыргыз ССРнын Жогрку Кеңешинин Президиумунун буйругу чыгат, анда желекти оңдоо маселесе айтылат. Ммалекеттик желек Кызыл түстөн жана көк түс ортосу ак түс менен бирдикте орок жана балканын сүрөтү берилген. 1956-жылы 14-январда Кыргыз ССРнын Жогорку Кеңешинин Президиуму мамлекеттик желек жөнүндө буйрук чыгарат. Ал эми Кыргыз ССРнын Жогорку Кеңешинин 1981-жылдын 2-июнундагы №1475-Х буйругунун негизинде желекте орок менен балканын сүрөтү алынып салынган жана желекөзгөрүүсүз калган.

1990-жылы 15-декабрда Кыргыз ССРнын Жогорку Кеңеши «Кыргыз Республикасынын Суверенитети жөнүндө Декларацияны» кабыл алат. Мында желек менен гербөзгөрүүсүз калат. Ошентип Кыргыз элинин тарыхында эгемендиктин жаңы барактары ачыла баштайт.

Негизинен кыргыз эли совет доорунда мамлекеттүүлүгүн сактап калуу менен бирдикте төмөнкүдөй мамлекеттүүлүктүн баскычтарын басыпөттү.

Биринчи баскыч. 4-июнь 1922-жылы Тоолуу кыргыз областын түзүү боюнча А.Сыдыковдун, Жусуп Абдарахмановдун ыкчам аракеттери. Ошол эле жылдары 1924-жылы 14-октябрда (27-октябрь) СССРдин борбордук Аткаруу комитетинин II сессиясы РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгү жөнүндө токтом кабыл алган13.

1925-жылы 27-30-мартта Пишпек шаарында Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгү жөнүндө уюштуруу сьезди болупөтөт жана токтом кабыл алынат. Бүткүл Союздук Борбордук Аткаруу Комитетине (ВЦИК) автономдуу облустун «Кыргыз» деп атоо туралуу кат жөнөтөт.

Экинчи баскыч. 1926-жылы 1-февралда Бүткүл Союздук Аткаруу Комитетинин токтомунун негизинде Кыргыз Автономдук облусу РСФСРдын курамындагы Кыргыз Советтик Социалисттик Автономдук Республикасы деп атала баштайт (бул токтомдун чечими 1927-жылдын 15-апрелинде Бүткүлроссиялык Советтердин ХIII сьездинде бекитилет ). 1927-жылдын 7- мартында Кыргыздардын Советтеринин биринчи уюштуруу сьездинде Кыргыз Автономдуу Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгүнүн Декларациясы кабыл алынат.

үчүнчү баскыч. 1936-жылы 5-декабрда ССР Союз Советтеринин YIII сьездинде жаңы Конституция кабыл алынат, аны менен катар эле Кыргыз АССР РСФСРдын курамынан чыгарылып, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы болуп кайрадан түзүлөт жана Конституциясы 1936-жылы 23-мартта чукул чакырылган Бүткүлкыргыздардын Советтеринин Y сьездинде кабыл алынат.

Төртүнчү баскыч. 1990-жылы 15-декабрда Кыргыз ССРнын Жогорку Кеңеши «Кыргыз Республикасынын Суверенитети жөнүндө Декларацияны» кабыл алат.

Бешинчи баскыч. 1991-жыл 31-августь Көз карандысыздыктын декларациясы кабыл алынат.өз алдынча эгемен мамлекет болгондон баштап желек, герб, улуттук валюта жана чек ара маселелери тактала баштады.

Алтынчы баскыч. 2005-жыл 24-март элдик революция болупөттү, эгемендикке карай дагы бир арыш кадам ташталды. Бул революцияөзүнүн

максаттарына толук жете алган жок, натыйжада мамлекетибизде үй-бүлөлүк башкаруу, кландарга бөлүнүү күч алды, мамлкетте эркин басма сөз каражаттары, опозициялык күчтөр куугунтукка алынды. Соцалдык тармакта жашоо кымбаттады, электр энергиясына, уюлдук телефондорго баалар кымбаттады, элдин турмушу күн санап оорлоду. Айылда электр жарыгын колдонуу токтоду, элдин нааразылыгы күч алып, 2010-жылдын 7-апрелиндеги жаштардын жана калктын нааразылык акциясы күч алып, аларды бийлик ок атуулар тосуп алып, 87 жарандын окко учушу менен революция күч алып кайрадан бийлик алмашты. Ошентип кыргыз мамлекетибизэгемендикке карай жолдо эки революцияны, 8ирет конституцияныөзгөртүп, Орто Азия КМШнын аймагында эң алгач парламенттик мамлекет түзүшүп,өнүгүүнүн жаңы баскычына кадам таштады. Улуттук кайра жаралуу, мамлкетибиздиөнүктүрүүгө белсенип киришкен жаштардын аракеттери башталууда,өлкөдө тарыхка, маданиятка көңүл бөлүү колго алынууда, бул процесстерөтө жай, эски бийликти эңсегендердин, буржуазиялык топтордун тоскоолдуктарына карабастанөлкөбүзөзөнүгүүсүнө карай арышын бекем таштап жаткан убагы.

Сөзүбүздү Ж. Абдрахмановдун учкул сөзү менен аяктасак, анда: «Кыргызстанда тактама кыргыз тилинде болсо, ал жараксыз. Кичинекей факт, бирок маанисиөтө чоң. Мындай көрүнүштөр менен күрөшкөн Адам жок», жергиликтүү адистерге караганда орус адистери жогору бааланат. Менин жан дүйнөмдө улутчулдук сакталып калган.-бул анынөз улутун сүйгөндүгү болуп саналат. Арйине улутчулдукөз ат-журтубузду сүйгөндүгүбүз, мекенчилдигибиз, ошондой эле Ата-бабалардан калган мамлкетибизди жана алгачкы совет кыргыз мамлекетин түзүүгөөзөмүрлөрүн, жаштыгын арнаган, кыргыз элинин чыгаан уулдары А.Сыдыков, Ж.Абдрахманов, А.Орозбеков, К.Тыныстанов, Т.Айтматов ушул сыяктуу улуу инсандарга түбөлүккө таазим этебиз жана алардын эмгектеринен, тарыхыбыздан сабак алууга милдеткербиз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

18-05-2012
 Аксы аймагындагы апрель ревлюциясы - Аксы окуясынын  күрөшүнүн жаңы формасы
72082

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×