Добавить статью
9:39, 23 июля 2012 111783

Тар заман

«Узун чөптүн баарысын

Оруп келе жатыр ай.

Кыска чөптүн баарысын

Коруп келе жатыр ай…»

Кайран Арстанбектин (1824-1878) минтип заманасы куурулуп, арманы күч. Каңырыгы түтөйт, пенделиги эбак эстен учкан, эрендиги сыртка чыккан, көзүнүн жашы он талаа. Күлдүү журттун алдында айтпаска айласы жок. Жүрөгү жалын, боору чок. Кирген суудай бууракандап, болгонун болгондой, көргөнүн көргөндөй, көөдөнүн көк таштай жеп жаткан албан түрдүү мажарын төктү. Төгүлүп жатып, мурдагы ата-бабадардын көчмөн заманын көз алдынан өткөрдү. Эскисин эңседи, жаңысын кектеди. Эл башынан кечирген ар бир өмүр кыйдамын эстеп жатты. Элине кайрылып айтты. Аны уккан эл, оозунан чыккан ар бир сөзүн жадына түйүп жатты. Сөзүн унутса да, сөздүн маанисин унутпай, кийинки урпактарына жеткирип келди.

Ооба күйбөй туруп, козгой койчу сөз эмес. Кеп жазма маданияты аны менен кошо келген ааламдаштыруу тууралу болмокчу. Жазма маданияттын аткарган кызматы, ээлеген орду эбегейсиз зор, шарапаты кыйла. А кесепетичи??? Арийне, учурунда жоготуп не колдонуудан чыгарып салган көчмөн кыргыздардын байыркы жазуусу мындан тээ миңдеген жылдр мурда эле ЕвроАзия мейкиндигинде жайылганы азыр бизге жаңылык эмес чыгаар. Муну Энесай, Оркон улуу суу бойлорундагы алп таштардын беттерине бабалардын урпактарга керээз кылып, чегип калтырган жазуулары айгинелеп турат. Арадан каан замандары, доорлору өтүп, жазуунун ордуна көчмөндөр эс-тутумун өрчүтүп, маалымат сактай турган жаңы ыкмага өтүшкөн. Ал эс-тутум же жады маданияты.

Ал эми биздин заманга чейинки II миңинчи жылдыкта Байыркы Индияда пайда болгон Веда (санскриттен vid – билүү) адабияты, эске тутуу аркылуу жана оозеки түрдө гана жайылууга шартталган. Ыйык текст катары кабыл алгандыктан, Веданы белгилүү бир кыраат менен гана айтууга катуу талап кылынган. Ал эми ал текстти өздөштүрүү процесси болсо, эки баскычтан турган: биринчиси – Шруты (sru – угуу) деп аталып, экинчиси Смрити (smrti – эске тутуу) деп аталган. Биринчиси диний өкүлдөрүнө ылайыкталса, экинчиси ойчулдарга ылайыкталаган.

Мындай жол аркылуу маалыматты сактап калуу процессин, азыркы илимде постфигуративдик маданият дешет. Белгилүү этнопсихолог М.Мид аныктагандай: «Бул салттуу коомдун классикалык варианты. Андагы өзгөрүүлөр өтө жай жана билинбей өтөт. Тарыхын жазуу түрүндө калтыра албай калган постфигуративдик маданияттын өкүлдөрү бардык өткөн-кеткен маалыматын эс-тутумуна гана сактоого мүмкүнчүлүк ала алган. Мындай коомдо улуу муундун өкүлдөрү өзгөчө кызмат аткарган. Маалыматты эске тутуу жана аны сактап калуу – бул ошол маданиятты алып жүргөн коомдун маданий символу болуп эсептелинген» (М.Мид 59-б.). Кыязы, эс-тутум маданияты (же жады маданияты) байыркы варварчылык доору менен отурук цивилизациялардын аралыгындагы Көчмөндөр доорунда жаралган сыяктуу. Ал эми жады маданияты деп жатып, биз адабиятты эле эмес, жады музыканы, сүрөттү да түшүнгөнүбүз оң. Булардын ичинен жады адабият менен жады музыка өзгөчө өнүгө баштаган. Себеби алардын өнүгүүсүнө жагымдуу шарттар түзүлгөн. Байыркы жоокерчилик заманында кагазга, териге, жыгачка, ташка, металлга түшүрүп, жаза турган каандардын буйрук, кат не керээзин жарчы, элчилер эсине сактап айтууга үйрөнгөн. Анын да олуттуу, тарыхый себеби болгон, колдон-колго кат ташуудан көрө, кабарды жадыдан-жадыга өткөрүп, багышталган дарегине жеткирүү алда канча ишенимдүүрөк экенин турмуш өзү аныктаган. Жадыдагы ой-санаа кара сөз, бара-бара көркөм кара сөз жана көркөм ыр түрүнө өтөт. Жаманчылык, жакшылыкта сөз менен, мейли көркөм ыр менен айта турган кабарды кээде аспап аркылуу, күү кудурети менен жеткиришкен. Бул турмуштун зарылчылыгы эле. «Ашык дүйнө баш жарат» деген көчмөн кыргыздар үчүн бети толгон иш кагаздарын жана ошондой эле чыгармаларын көчүп-конуу шартында алып жүрүү, канчалык ыңгайсыз экенин айтпаса да белгилүү. Мына ошондуктан, бичикке (китепке) толо бичикканаларын түзүү жана шаары толо имараттарын куруу, көчмөндөр үчүн зарыл эмес эле.

Көчмөн кыргыздардын негизги көркөм чыгармачылыгы болуп, поэзия эсептелинген. Алардын жогорку деңгээлдеги поэтикалык чыгармачылыгы күнүмдүк турмушта да ачык байкалган. Ыр түрүндө не макал-ылакап, жорго сөз менен сүйлөө, кыргыздар үчүн адат эле эмес, салт да болуп калган. Себеби көчмөн коомчулугунда тике эмес, философиялык, каймана маанидеги кеп оң бааланып, кубатталган. Ошондон улам, көчмөн кыргыз элинин ичинен чечен, акын, ырчы, сынчы, жомокчу сыяктуу сөз чеберлери мол чыккан.

Ал эми, жазма маданияты жок, азыркы биздин жашоо турмушубузду элестетүү кыйын. Чыгыш менен Батыш маданияттарынын ортосунда өмүр сүргөн көчмөн кыргыз, эки ортонун маданиятын өзүнө сиңирип жатты.

XIX кылымдын экинчи жарымында, казак-орус окумуштуусу - Ч.Аалыханов (1835-1865) тарабынан «Манастын» текстти жазылып алынгандан кийин «эпостун» чыйыры «кеңейди». Бирок аны айткан манасчынын жолу куушурула түштү. Манасчынын «тар заманы» да, «зар заманы» да, дал ошондо башталды. Эки элдин саясий мамилесин жакшыртуу үчүн баарына даяр болуп турган Боронбай манап (Бугу уруусунун манабы) манасчыны айттыртып, жаздырууга макулдугун берген өзү да, айтып жаткан манасчы да кагазга түшкөн тексттин, келечекте көчмөн жады маданиятынын, анын ичинде манасчылыктын өмүрүн кыскартууга өбөлгө түзөрүн аңдабаган, туйбаган чыгаар. «Манастын» салттуу-жады түрүнө, жазма маданиятынын алгач ирет сырттан «суук колун салуусу» мына ошондо башталган. Ошончодон да, элдик руханий дөөлөттөрдүн ичинен эң биринчи болуп, «Манас» дастаны жазмага өбөктөдү.

Кийинкиси кириптер болду, ананкысы албан амалга оролду. Кеңеш бийлиги келди. Бийликтин бекем орношуна, саясий идеологиянын кеңири таралышына, улуттук жана улуттар аралык программа иштелип чыккан. Программада, этникалык топтордун улуттук руханий маданиятын «колдоп», «сактап» анан коммунисттик идеологиянын ишин реалдуу турмушка ашырууга колдонуу керек эле. Турмушка ашыруу үчүн, оболу аны соцреализмдин куралы катары даярдоо керек болчу. Ал санитария милдети компартиянын агитация жана пропаганда бөлүмдөрү менен билим, илим, маданият интеллегенциясына жүктөлгөн. Ал эми ГПУ, НКВД, КГБ органдары болсо, сырттан көзөмөлдөө милдетин колго алышкан.

Ошондой куралдардын бири катары, «Манас» дастаны менен анын айтуучуларын белендөөнү көздөшкөн. К.Мифтаковдун (1882-1949) демилгеси менен кыргыз элинин жадысында сакталып келген чыгармаларын жыйноо боюнча ийримдер уюштурулуп, 1922-1926-жылдары С.Орозбаковдун (1867-1930) айтуусундагы «Манастын» биринчи бөлүгү Ы.Абдыракманов (1888-1967) тарабынан жазылып алынат. 30-60-жылдары С.Каралаевдин (1894-1971) айтуусундагы дастандын алты бөлүгү («Манас», «Семетей», «Сейтек», «Кенен», «Алымсарык», «Кулансарык») кагазга түшөт. Ошол жылдары бул эки вариант – «негизги, толук вариант» деп табылып, анын үстүндө редакциялоо иши жүргүзүлгөн. Андан соң, бийликтин буйругу, анан баратса, зарылчылык деп З.Бектенов (1911-1994), К.Нанаев, С.Липкиндин (1911-2002) кыргыз жана орус тилдеринде прозалаштырылган варианттары жазылган. Колго тийген алп мурасты, кийин каалагандай драмалаштырууга да өтүшөт. Соцреализмге туура келгенин китеп кылып чыгарып, сахнага коюп, туура келбегенин терс сынга алышат, жарыкка чыгарбай, басып жатышат. Ошондон, далай асылдар курман болуп, айрымдары абак-торго түштү. Бул тууралуу, классик жазуучубуз - Т.Сыдыкбековдун (1912-1997) башынан өткөн бир окуясын мисалга тарталы: «... Калим (Калим Рахматуллин Т.А.) мага тике айтты:

- Пьеса жаз, Манас жөнүндө. Сюжети таяр. Манастын балалык чагын, эр жеткен кезин, жортуулун өзүң деле жакшы билесиң.

- Билгеним аздык кылатко. Кеңири изилдеш керек, пьеса жазыш үчүн.

Калим тамашалап койду:

- Жюль Верн мунарадан түшпөй отуруп капкайдагы фантазияга чабыттаптыр. Эмине, Жюль Вернден эминең кем, өз ата-бабаңдын көчкөн көчүн баянда!

- Жюль Верн ээн-эркин кыял жүгүртүп жазган романдарын. Мен соцреализмдин чегинен чыгып кетсем ириде өзүңүз сындайсыз, таш талканымды чыгарып...» (Т.Сыдыкбеков. «Бел-белес»: 516-б.). Кеп 1942-жылы жазылып, кийин ошол эле субьективдүү себептер менен сахнага коюлбай калган «Манас жана Алмамбет» аттуу драма жөнүндө болуп жатат.

Кийинчерээк, карело-финдердин «Калеваласын» мисал кылып, манасчылардан жазылып алынган версиялардын негизинде бириктирилген, кыскартылган «Манас» үчилтигин жарыкка чыгаруу үчүн иш аракеттер көрүлө баштайт. Ошол кездеги белгилүү аалым-окумуштуулар, акын, жазуучулар биргелешип, үстөккө-босток варианттарды редакциядан өткөрүп, атайын эреже иштеп чыгышат. Ал эрежелер айрым редколлегия мүчөлөрүнө аздык кылып, «өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илишет». Алардын негизги «душманы» дастандагы кайталоолор болду. Ошондой көрүнүштөрдүн бирин келтирип Т.Сыдыкбеков мындай дейт: «Деле жалпы эрежедеги кайбир «руксат этилген» учурларды да Зыяш экөөбүз кабыл албадык. Маселен, бир окуядан экинчи окуяга өткөн кезде:

Муну мындай таштайлы

Быягынан баштайлы.

деп айтылган байламта эпостун өз ыкмасы. Ушундай учурларда окуянын өнүгүшүнө ылайык түзүүчү стилин сактап «өз сөзү менен да байламта айтууга болот» дегенге ынап, Кубанычбек кай кездери акындыгын көрсөткөн учурларга биз каршы болдук. Бир сабак өз сөзүңдү кошсоң, кызыга, кызыга кыйла сабагың «Манаска» кошулуп кетет. Акындыгыңды өз ырларыңа бергиниң деп оюн-чындан айтышып алган кезибизде:

- Акын болсоңор силер да ошенткиле. Мен өз сөзүмдө «Манастын» стилинен чыкпаймын! – деп Кукең моюн бурат, мулжуңдап.

- Чечендигиңди Самаганов менен айтышканда көрсөт. Муну «Манас» дейт. «Манаска» кол салган киши эмне көрөрүн өзүң билесиң...

- Аны өзүм билем, сен лапшыйбай «Сейтегиңди» жөндөй бер!» (Т.Сыдыкбеков. Бел-белес: 533-534-б.). Өх, кандай алабарман, кесир сөздөр, мейли тамаша иретинде болсо да, бу сөздөр сөйөгүңдү зыркыратчудай. Өзгөчө, «аны өзүм билем» дегени, адамдын куйкасын куруштурат.

Ооба, кыргыз, акынга мол эл. Ал жайнаган акындын баары эле манасчы болуп кете койгон эмес. Акын менен манасчынын жолу эки башка. Азыркы тапта да, акындык менен манасчылык өнөрлөрүн жуурулуштуруп, бир кылкага салып карагандар кыйла. Кесе айтайын, антип кароо бир жактуулукту түшүндүрөт. Эки өнөрдүн жакындыгы бар экени шексиз, анда чырым жок. Бирок, экөөнүн жолу да, ээлеген орду да эки башка. Бул маселе боюнча, изилдейм дегенге, бир эмес, бир нече доктордук диссертацияга материал топтолгудай.

Ал эми кеңеш бийлигинин соцреализм идеологиясы өкүм сүрүп турганда, кыргыз филармониясынын өнөрпоздору менен бирге эл аралап концертте «Манас» дастанын айтып жүргөн жеринен С.Каралаевди далай жолу оңдоп, тактап, айтканды үйрөткөн коммунисттер чыкты. Кытай Эл Республикасы менен мамилебиз жакшы, Мао Цзэдунду не тарынтып, не каршылатып албайлы деп, Манастын душманы Коңурбайды «кытай» эмес «калмак» деп, айттырышты. Мындай бурмалоого, Сакебиздин «ары карап ыйлап, бери карап күлгөн» учурлары болду. Манас менен бир күндө туулган Аккуланы, Манаска буудай айдатып, күжүрмөн дыйкан кылып, нойгут каны Карачадан буудайдын түшүмүнө бартер кылып алдыртып, айттырышты. Оролу келип турат, кайрадан Т.Сыдыкбековдун «Бел-белесине» көңүл чаптырсак: «Жадаса, «кытай» деген сөздү «калмакка» алмаштыруу, диний ишенимди кабыл албоо, жортуулдарды жоюу өңдүү сунуштар күчүндө калды.

Ушул жерден эске алар сонун көрүнүш: арадан беш жыл өткөндө маданий байланыштары боюнча кытайдан биздин Өлкөгө келген делегация Фрунзеде болгон кезинде ал делегация Кыргыз Академиясынын окумуштуулары менен жолугушту.

Дүйнөдөгү биринчи Социалисттик Өлкөнүн чоң үй-бүлөсүнөн болгон Кыргызстандын жетишкендигин, өнүккөн улуттук маданияты жөнүндө маалымат алышкан соң, делегациянын жетекчиси Гоэ-Боцен эки улуу мамлекеттин маданий байланыш иштери жөнүндө өз сөзүн айтып туруп, бизге жумшак эскертти:

- Бизди – кытайды таарынат деп, Сиздер, «Манастан» «кытай» деген сөздү өчүртүпсүздөр. Андай этпегиле! Байыркы кыргыздар менен байыркы кытайдын бирде чабышып, бирде ынтымакташып турганы тарыхый чындык. Байыркы кытай – байыркы кытай. Байыркы кытайды атаганга азыркы кытай – биз ага эч таарынбайбыз. Тарыхты бурмалашка эч болбойт, жолдоштор!» (Т.Сыдыкбеков. «Бел-белес»: 561-б.). Ошондо да көшөкөрлүк менен кошоматчылыктын жолу буулбай, кылган кылыгы кыйылбады. А түгүл күч алып, арааны ачылды. Сагынбайдын айтуусундагы дастанды жазып алган Ы.Абдыракманов устарасын колго алып, кол жазмадагы «кытайды», вульгардык, феодалдык элементтерди кырып жатты. «Жаш чагында эшитип калган баягы көйкашка манасчылардын таалимин сактап коңгураган обонго салып өзү да «Манасты» кыйла айткан Абдыракман (Ыбырайым Абдыракманов Т.А.) бир кезде Сагынбайдын оозунан жазып алган сөздөрдү эми өзү кырып жоюп олтурганына каңырыгы түтөйт.

- Жалкы сөзү бузулбасын, балам. Бу бабалар айткан Улуу сөз! – дечү эле Сагынбай. – Мен ошо бабалардын соңку урпакка узаткан аманатын өтөп жатамын. Так жаз. Бабалардан келаткан аманаты бузулбасын дечү Сагынбай аке... Мени кудай албады го. Эми минтип ал керээзге доо кетип жатыр...

Мен (Т.Сыдыкбеков Т.А.) Абдыракман акеге дем беремин:

Өчүрбөңүз, молдоке. Сын айтыла берет. Андан чочулабаңыз.

Чочулабаска коюп жатабы, тигилериң... тапшырып койбодубу...

Тапшырышса да тоотпоңуз.

- Олда балам ай, - деп кейийт Абдыракман аке: - Мен эле тоото коёюн дейт бекемин... «Манаска» зыян болобу, дагы бу ала канат заманда...

- Арбагы тирүү Манаска шек кетип калп айткан киши соо калчу эмес эле. Буларың да кантишер экен? Аттигиниң ай. Өмүр кургур өтүп баратыр. Душманыма да жамандык каалаган жан эмес элем. Береги акмактар бабама сөз тийгизип жанымды күйгүзүп жиберди. Ушуларды арбак урганын көрсөм болор эле...» (Т.Сыдыкбеков. «Бел-белес»: 562-б.).

Жазма маданияттын «Манаска» кылган жоругу ушундай. Жазылып, колго түшкөн материалды кандай кылып калчаса да өз эрки экен. Ошол кол жазмаларды (С.Орозбаковдун вариантын) кийин өз көзүм менен көрүп, жаным кейиди. Ал кол жазмалар дагы бир нече редакциядан өтүп, китеп болуп, басылып чыгып жатты. Том-том болуп чыккан китептер менен таанышкан окурмандар, алардын эчен ирет эленип, чынында эле «жарымы төгүн, жарымы чын» болуп чыкканын байкабаган чыгаар. Мындан артык кордоо болобу??? Андай саясат сайда калганы эле оң. Элдик руханий мурасынан элди оолактатып, кылымдар бою элдин жүрөгүнөн түнөк алып келген элдик рухту элден алыстатуу жоо-душмандын эле колунан келчүдөй.

Мына, жазма маданиятынын манасчылыкка эле эмес, дастандын өзүнө да бирден-бир тийгизген терс таасири ушул. Бул ачыкка чыгып калган азы гана. Ал эми көбү, кара топуракка көмүлүп калса, көбү өрттөлүп күлгө айланып желге жем болгон. Эгер калыстык, аруулук, ак ниеттик, ачыкка чыгарып, кара сөз саяпкери атанган, жазуучу-классигибиз – Т.Сыдыкбеков өзү аралашып, бирге жүргөн замандаштарынын «Манаска» чолок чеңгелин салганын мынчалык «Бел-белес» роман-эссесинде жазбаганында, күбүр-шыбырдын деңгээлинде эле кала берет беле, ким билет.

Ал эми 1952-жылкы өткөн, «Манас» эпосун изилдөөгө арналган Бүткүл Союздук илимий конференцияда «буржуазиялык-феодалдык эпос» деп, «Манаска» каршы аттанган «көкжалдар» тууралу жана алардын кийинки тагдыры жөнүндө Т.Сыдыкбеков мындай дейт:

1.Башкы академиянын мүчө-корреспонденти, ири окумуштуу Максим Жирмунский, Зыяш Бектен уулу болушуп Көкөтөйдүн ашы өткөн Каркыра жазыгын көрүүгө жол тартышты. Алардын ишине эч тийиши жок бир шылтоо менен ээрчип алган Самарин өзү да куркуйган неме мойнунча бийик олтуруп баратып, Кызыл көпрөдөн өтөрдө айдагыч байкабай кордондон өтө бергенде туура турган шыргыйга урунуп чекесин сыдырып өттү. Мээсине доо кетти. Акыры дайынсыз жоголду.

2. «Алмамбет» болуп келген Балтин карама сокур болуп окумуштуу болом деген тилегине жетпеди. Республикадан кетти.

3. «Манаска» тил тийгизгендерге тымызын дем берип, өзү да «Манас» деген сөздү тиштенип аябай кыжырланып айтычу Нуров куюн учурган таштандыдай сапырылып жоголду.

4. «Самаганов» дегенде ыйлап олтурган бала соороно калган кезинде: «Улутчулдарга кошуп «Манасын да» өрттөтөмүн» деп оолукчу кызып алып, таягын колтугуна кыса коюп чолтоң, чолтоң басып Жээнбай. Кийин ал элден чыкты. Карыга, жашка жек көрүмчү болду. Ошондо аны кырсык чулгады. Мурда өзү мактап жактаганын кайра өзү жамандады. Мурда өзү жамандагандарынын этегине жамынып жан далбасалады.

Көчтөн калган аксак дөбөт сыңары жалтактап жалгыз басканында тек алдынан кездешкен кишилерге тике карай албай – жүзү карарды. Өзү иштеген арам иштерин ачык айтып өкүндү.

Кантсе да замандаш эмеспи деп бир жолу катар басып калганымда, ал мага «Сиз» деп сөз баштады. Ал мурда мени сыйлаганда бир жолу: «Сиз» десе, кекеткенде он жолу: «сен» деп калган.

Мен анысын анчалык таназарыма алчу эмесмин.

- «Манаска» шек кетирбе, деп Сиз мага далай айткан элеңиз. Тилиңизди алсам болмок экен. «Манастын» каарына калдым. Түшүмө кирет... Мени мындан ада жаман каардап салабы деп коркомун деп, мага сырын ачты...

- Мен ит болдум, - деген сөз оозунан чыкты.

- Жамандыкты да, жакшылыкты да, киши, өзүнө өзү иштейт тура, Жээнбай. Бир кишинин өкүнүчү - өз башынын кайгысы. Арийне, алда башка келбесин.

Ал эми силер каралаган «Манас» тыйылса, жоюлса ойлочу. Залалы канча эле?

Жеке эле кыргыз элинин эмес, дегеле адам-баласынын асыл мурасына тил тийгизбедиңерби?.. айтчы өзүң. Же андай эмеспи?

Самаганов дирилдеп жооп айталбады...» (Т.Сыдыкбеков. «Бел-белес»: 565-566-б.).

Ошол 1952-жылкы Бүткүл Союздук илимий конференциянын жүрүшүндө «каршы» чыккан өзгөчө үчөөнү С.Каралаев тамак иччү жерден кармап алып, «Ата-бабаңарды баланча кылайын, Манастын арбагы ургурлар» деп сөздүн курчун, уят сөздүн мурчун таап, кудум «Манас» айтып жаткансып күпүлдөп, туура 15-20 мүнөт келиштире сөккөндө, тигилердин бирөөсү да унчуга албай, тыныгуудан кийин да талаш-тартышка чыгып сүйлөгөн эмес экен. Бул эле эмес, «Манас» дастанын оңой көрүп, татыктуу мамиле кылбай келгендер мурда-кийин болуп келген. Жолун туура табалбай, алар ара жолдо калып, не бир кырсыкка чалынып, өмүрү менен коштошушту. Ооба, алардын мындай тагдырга дуушарланышы чынында эле кокустук да болушу мүмкүн, талашым жок. Ал эгер кокустук болбосочу?

Устат-манасчылардын аркасынан ээрчип жүрүп, таалим албай, манасчылык өнөрүнө таандык илме кайып процессинен өтпөй туруп, тигил не бул манасчынын айтуусунда чыккан китептен куру жаттап алып, «мен манасчымын» деп айтып жүргөн балдар-кыздарды көрүп көкүрөгүң ачышат. Ошондой эле ыкма менен А.С.Пушкиндин «Евгений Онегин» аттуу романынан үзүндү жаттап алып, «мен акынмын» же «мен Пушкинмин» деп чыгып көрсүнчү? Андайды – башканын атын жамынган, плагиат дейт. Ал эми түпкү нускасынан нечен ирет илим тарабынан өзгөргөн, айрым саптары, баптары, беттери белгисиз жоголгон кол жазмалардын негизинде басылып чыккан китептердин абалы тууралу жогоруда сөз кылдык. Китептен куру жаттоо далалаты менен эле манасчы боло калбайт да? Андай болгудай, ал «хобби» эмес. Антип, эл алдына чыгып айтуу да «шоу» эмес. Мүмкүн, «элпек эпос» болуу, башка эпосторго жарашаар, ал «Манас» дастанына жараша бербес. Бирок, «жараштырам дегендер» да чыгаар, ал белгилүү.

Ал эми С.Каралаев баш болгон манасчылардын айткан дастаны аудио, видеотасмаларына түшкөн материалдары болсо, айрым «патриот» өңдөнгөн монополист кишилердин жеке архивинде сакталып турганын эске албаганда, Кыргызфильм киностудиясы менен Кыргыз улуттук телерадио компаниясынын эшигинен алыс чыкпайт, чыкса да жашыруун жолдор аркылуу, баалуу «документтин» көмөгү менен чыгат. Алардын ондогон жылдар бою козголбой, жаңыланбай фондуларда чаң басып, а түгүл күбүлүп, сапаты кайтып калган тасмаларды кантебиз? Кеңеш бийлиги ыдырап, эл, жаңы келген бийлик, жалпы эле саясий система алапайын табалбай турган мезгилден пайдаланып, “Манастын” кадырын билбеген чөөлөр, миндеген метрден турган С.Каралаевдин айтуусундагы видео тасманын көбүн эритип, күмүшүн сыгып алгандыгын кантебиз (видео тасманын курамында күмүш болгондуктан)? Элдики элге кеңири тартууланбаса, аны эмнеге, кимдерге сактап жатабыз? Не жеңил-желпи музыкага оролгон, бир-эки беренелүү супсак, кайталама сөздөр менен торолгон ырларды аудио, видеотасмаларга, дисктерге жаздырып элге таратуу, көңүлүн сугаруу ошончолук эле маанилүүбү???

Аз дегенде жетимиш жыл мурда түзүлүп, азыркы күндө дүйнөлүк адабиятка таанылган кыргыз жазма адабияты, миңдеген жылдар мурда жаралган, азыр дүйнөгө таанылган кыргыз элинин жады өнөрүнүн алпы – «Манас» дастанын ар ким өзүнүн нугуна салып, көркөм кара сөз менен бүгүн бериши, турмуштун зарылчылыгы дешет. Бирок, азыркы адабият, дастанга убактылуу, жасалма өмүр бергени менен, анын жады айтылып келе жаткан түпкү калыбына, салттуу өмүрүнө «балта чапкандай» эмеспи? Жалпы коомчулук муну мыйзам ченемдүү процесс катары кабыл алып келүүдө. Атаганат! Бардык нерсе өзгөрүүгө, кыймылга дуушар болот окшобойбу. Бул кыргыз элинин көчмөн жашоо шартынан, отурукташуу жашоо шартына келгениндей көрүнөт. Дастандын жандуу, жады турпатынан кол жууп калган орус элинин белгилүү теоретиги М.Бахтин, төмөндөгүдөй дейт: «Жаңыга умтулуп, жаңы көз карашты жаратып, жаңыланууну эңсегенде гана эпос сүзүлө баштайт» (М.Бахтин. «Вопросы литературы и эстетики»: 477-б.). Кара сөздөгү вариантты түзүү менен жазуучулар эпоско «пластикалык операция» жасап, «дастандагы мындан ары жашап кетишине шарты жок, артык не кем, анын өнүгүүсүнө тоскоолдук кыла турган элементтерден бошотуп, толуктап» жатабыз дешет. «Манас» ага муктаж эмес! Азыркы кыргыз маданияты «Манас» сюжетинин өмүрүн узартуу менен бирге, дастандын өз өмүрүнө жана манасчылык өнөрүнө кыянаттык кылбай элеби? Ооба, кыргыз маданияты үчүн «Манас» эбегейсиз зор кызмат өтөдү, өзгөчө профессионал кыргыз адабиятынын бутуна туруп кетиши үчүн материалдуу да, руханий да гүлазык болуп берди. Кылымдар бою манасчылар тарабынан айтылып келген «Манасты» ар формага, ар жолго, ар түргө салып жатып, «Манастын», манасчылык өнөрдүн классикалык мазмунуна доо кетирип албайбызбы? Белгилүү орус фольклорчусу В.Пропп айткандай: «Эпостун түзгөн көркөм арсеналын пайдаланып туруп, өзүбүз өсүп-өнүгүп чыккан ошол эле эпоско идеялык жактан каршы багыт алып жатпай элебизби?» (В.Пропп. «Русский героический эпос»). Андай болсо, «Манас» дастанынын адабий-көркөм прозага өтүшү кийин кандай натыйжаларга алып келет? Маселени жөнөкөйлөштүрүп кароого жарабайт. «Манас» «эпосусуз» жазуучулардын кара сөз варианттары да болмок эмес, бул айдан ачык белгилүү. Фольклорсуз азыркы кыргыз адабияты да кандай болорун болжоо кыйын. Ооба, эски форманын, принциптердин жана каражаттардын ордуна жаңысы келет, себеби ал учурдагы шартты, мүмкүнчүлүктү эске алат, бирок ар дайым эле ага башка бирөөнүн канын куюп, баштапкы калыбын сактай алабы? Ал эми «Манас» дастанына салттуу түрдө жады айтуудан башка да кандай жаңы өмүр берүү мүмкүн?

Арийне, элибиз «Манасты» тутуп, оозуна алып калган учуру. Айрыкча акыркы жылдары «могикан», «феномен», «гомер» деп атап жүргөн көзү өткөн манасчылардын кайталама өмүр-баяндык калыптагы азыноолок материалдарын колубузга кармап отурабыз. Ал эми алар жөнүндөгү уламыштар эл ичинде эбактан бери эле жашап келген. Артка карай кылчайып көрсөк, «манасчы» деген бүтүндүк, азыркы күнгө чейин эч козголууга, өзгөрүүгө дуушар болгон эмес. Ал эми манасчылардын чыгармачылыгына өзгөрүү киргизген өздөрү. Пендечиликке алданып, өздөрүнүн аброюна, чыгармачылыгына доо келтирип алышкан. Кептин баары ошондо, эл аралап чыгалбай калган манасчы, өзү аралабаса да, китеп бетине чыккан дастаны араласын дегенчелик кылып, айтканын кагазга түшүрүүгө манасчы өзү жол берип койгон. Акыры элдин назарын китептик эпос ээлеп, өзү сыртта кала берди. Аудиториясын окурман ээлеп, күндөп-түндөп жадабай уга берчү элинен ажырап барат. «Манасчы» деген бүтүндүктү баштапкы калыбында сактап калуу кыязы кыйын иш көрүнөт. Себеби азыр эле, биздин байкообузда, чыгармачылык жөндөмүнө, талантына, чөйрөсүнө, шартына жараша манасчылардын түрдүү-түстүүсү пайда боло баштады: чала манасчы, жаттама манасчы (аткаруучу), жазгыч манасчы. Кийинчерээк дагы канча түрү суурулуп чыгат, азырынча белгисиз.

Дүркүрөп келген ааламдаштыруу процесси, манасчыны манасчылык табийгатынан уламдан улам алыстатып, ажыратып барат, учурунда өзү аспап, өзү обон, өзү добүш, өзү ыр болуп, угуучулары режиссёр болуп, өмүр сүрүп келген манасчы жана анын рухунун байыркылыгы, аң-таң кылдырбай койбойт.

Эбегейсиз зор маалыматты («Манас» дастанын) эсине сактап, элге жеткирип, элин катарсистик (аруулоо, тазалоо) процессинен өткөрүп турган жаратман манасчы, дастандын да, анын негизинде жаралган чыгармалардын да уюлу, ана башы (живой первоисточник «Мира Манаса»). Манасчылардын табылгыс маалыматы кайра-кайра эленип, адам менен аалам мамилелерине байланыштуу келип чыккан философиясы улам тереңделип, кайра жаралып отуруп, кийинки муундарга жеткен. Ошондуктан «Манас» дастанынын алдында, бүгүнкүдөй «сенек» коркунучу турбаган. Манасчылардын татаал жаратылышы эле эмес, алар жараткан татаал мазмундуу дастан жана анын көлөмү таң каларлык кубулуш. Кылымдардан бери тынбай, коомдук аң-сезимдин улам өзгөрүп, кыймылда турушу, дастандын байыркы көчмөн эстетикалык, байыркы көчмөн философиялык ойлонуу системасынын негизинде жаралган, отурук коомуна таандык «өлүү», «сенек-китептик» вариантынын келип чыгышына жагымдуу шарт түзүлдү. «Өлүү» дегенибиз, өтө кескин айтылган болор, бирок «сенектиги» анык. «Сенек» деп жатып, китеп болуп чыккан жомоктун варианттары, күнүгө айтылып, кошулуп тургандай жандуу өмүр сүрбөй, бир калыпта «жашап», «сакталып» калат. Китеп болуп басылып чыккан манасчылардын поэтикалык тексти, алардын бир гана варианты. Эпостун мындай (китеп) түрүндө трансценденттик процесс ишке ашырылбай калат. Алсак, манасчынын өмүр бою айтып келген дастандын кайсы бир үзүндүсү, ар кайсы учурда, ар кандай айтылган, өзүнчө кайталангыс версиясы. Ал эми китептин версиясы, ошол миңдин бири гана. Манасчынын бир гана жолу айтылган, бир шиңгили. Ал эч убакта андай кайталап айта албайт. Ал кайталангыс. Демек, манасчынын чыныгы феноменалдуулугун китебиндеги версиясы менен эле баалоого түк жарабайт. Маселен, фотосүрөткө түшүп жатып, адам, өмүрүнүн бир гана кыйдамын чагылдыра алат. Ушул сыяктуу, манасчынын китебиндеги варианты, анын чыгармачылыгындагы бир көз ирмеми гана.

Турмуштун өзгөрүшү, жазма маданияттын пайда болушу анын өнүгүшү, табигый түрдө жады поэзиябыздын зор үлгүсү болгон «Манас» дастанынын жадабызда тынымсыз өнүгүп келе жаткан орошон кыймыл-аракетин басаңдатууга алып келген сыяктуу. Бир процесстен кийинки процесске өтүү, жоготууга алып келет экен. Манасчылардын угармандары суюлуп барат. Ал эми аудиториясынан ажыраган манасчы, толук кандуу манасчы боло алабы? Анда мезгилдин өтүшү менен, жазма маданияттын өнүгүшү менен дастандын жандуу уланышына доо кетип жатабы деген суроо туулат?

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×