Добавить статью
5:57, 23 августа 2012 41097

Курманбек  баатыр – тарыхий  инсан

Кыргыз элинин уңгу, көөнө тарыхын дүйнөдөгү даректүү жазылмалардан сырткары көкүрөгүндө көзү бар, куйма кулк санжырачылар жана ооз эки чыгармаларды дилине уютуп, жан-дүйнөсүнө сиңирип, терңдетип маани-маңызын мазмунун сыпаттап, сөздүн керемет касиети менен сыйкырлап, уюткулу элге бой тумар кылып ыйык сактап жеткиришкен, Көөдөн тепкен жүрөктүн кусасын, муң-заарын, кайгы –капасын, касиреттин кубаныч зоболосун доор тогоштура, кылым жалгаштыра үзүлгөнүн улап, кайрыгына кайрык кошуп, укумдан-тукумга улаган, көрөнгөлүү улуу журттун көөнөрбөс дил зергерлери, асыл мурастын, мүдө-мудасы таланттар экендиги талашсыз. Бирок, заман запкысынын таасири көмүскө эмес, көрүнө табийхат тартуулаган, табихий турпаты, өзгөчө улуттун акыл парасатын «камчыга ченеп бычып, бөрк ал десе баш алган ашкере саясатташкан, өкүмдар кашкөйлөр, ичкен булагына! түкүрбөгөндөр санжыра, тарых, мурас, салт-санаа, үрп-адатыбызга залакасын тийгизген замандар өткөндүгүн таанууга болбойт. Булар тарых барактарында тастыкталып, эгемендүүлүктүн аптоосу жалындай жалмап, шынаадай жиреп бараткандыгына бүгүнкү күндүн санжырасы күбө.

Элибиздин руханий дүйнөсүнүн асман мелжиген туу чокусу,кеңирсиген кең ааламды кескен , Манас эпосу, баштаган кенже эпосторубуз, адабий мурас гана эмес, калкыбыздын тарыхы экендигин, нечен түркүн акылы албарс кескен аалымдар тастыктап келген. Мындай улуулукту улантуу кийинки муундардын нарк-насили жана ата мурас, парзыбыз катары туюнуубуз керек. Баатырдык кенже эпостордун бири болуп саналган Курманбек баатыр фолькулордук чыгарманы түзгөнү менен ,баатыр биздин реалдуу турмушта, доордо же тагыраак айтканда ХУ-кылымдын аягында,ХУ1 –кылымдын башталыш чейрек кылымында жашап өткөн тарыхий инсан. Курманбек баатыр, эли-жерин коргоп Жангур-Ойрот «калмак, кара кытай» баскынчыларына каршы күрөшкөн,элдик баатыр экендигин, тарыхий булактар аян кылып турат. Курманбек баатырдын тарыхий инсандыгын айтуудан мурун,кыргыз элине адабий-маданий мурас катары сиңген баатыр жөнүндөгү эпостун варианттарына токтолуу лаазым!

-Манасчы М,Мусулманкуловдон «Курманбек» варианттын 1923 –жылы фольклор –жыйноочу К.Мифтаков 2500 сап ыр жолун жазып алган,

-Кыргыз эл акыны Аалы Токомбаевдин жоо жомогу 1924-жылы «Шолпон» аттуу казак журналына жарыяланган,

-Төкмө,эл акыны Калык Акыев 1933-жылы жорго сөз коштогон «Курманбек» эпосунун 5500 сап ыр жолун жазып калтырган,

-1956-жылы Тажикстандын Жерге-Тал районунун тургунуТ,Календаровдон 360 сапыр жолу жазылып алынган.

Мындан сырткары акын Сарыкунан Дыйканбаевден, Көк-Арт өрөөнүндөгү кошокчу-акын Ади Өмүралиевден жазылып калган варианттар бар. Ошондой эле түштүк кыргыздардын аймактарында ар кандай деңгелде,таланттына жараша айтып жүргөндөр арбын, көп кездешет. Эпостун жаңы варианты катары фольклор жыйноочу акын Асанбай Жусупбековдун 19535 сап ыр жолунан турган чыгармасы да жалпы журтка маалым. Ал эми драматургия жанрында социалисттик реализм адабиятка таасирин тийгизип турган мезгилде,Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында жазуучу –драматург Касымаалы Жантөшевдун «Курманбек» драмасы бар. К,Жантөшевдөн кийин жарым кылымдан соң ХХ1-кылымдын башында кыргыз драматургиясына келген Ооганбек Станбеков «Курманбек баатыр» тарыхий драмасын, Кыргыз Республикасынын Президенттинин « Курманбек баатырдын -500» жылдыгын өткөрүү боюнча Жарлыгына ылайык кыргыз элине тартууланган. Бул тарыхий драма СССРдин эл артисти М,Рыскуловдун 90-жылдык мааракесине карата уютурулган «Нооруз -2001» эл аралык театралдык фестивалында коюлуп, драматург сынчылардын арасында жаңыча көз караштагы драма катары сценсатция жараткан. Жогорудагы белгиленген эпостун варианттары жана драмалар, кыргыз адабияттынын тарыхында жана элибиздин маданий мурастарынын бири катарында алтын фондубузда кала берет,Авторлор табият берген таланттына,дараметтине, дүйнө-тааным туюмуна, жараша сүрөткерлик милдеттерин аткарышты.

Курманбек баатырды уңгу тарыхтын өңүттүөн тереңиреек изилдөөдө өзгөчө

Кытай тарыхынын архивтеринен,летопистеринен жана Кытайда жашаган кыргыздардан, кытайлык кыргыз тарыхчылары менен илимий байланыш түзүп, тастыктасак бөксөбүз толчудай. Ошондой болсо да 1993-жылы жарык көргөн «Кыргыздар» (Бишкек,Кыргызстан басмасы) китебинин 1-11 томдугунда Кытай Эл Республикасынын жарандары,кытайдагы кыргыздардын тарыхчы, илимпоздору Анвар Байтур жана Үсейин ажылардын кыргыз тарыхынын кемтигин толтурган , илимий анализденген тарыхий макалалары кыскартылып жарыяланган:

-Анвар Байтур , «Тянь-Шань кыргыздары» макала беш бөлүктөн турат. (Кыргыздар 1том,264-284 беттер)

-Үсейин ажы, «Кыргыз санжырасы» аттуу кетибинен айрым кыскартуулар менен араб тилинен которуп жарыялаган Абдылда Карасартов (Кыргыздар 11 том 284-288 беттер) эмгектеринде кыргыз элинин чыгышы, калыптанышы тарыхы,турмуш жагдайы, салт-санаасы,маданияты,диний ишеними жөнүндө маалыматтар берилген.

-Махмуд ибн Вели, (Махмуд Чурас) ХУ11-кылымда фарс тилинде жазган өзүбек тарыхчысы ( Кыргыздар 11том 174-176 беттер) кыргыз тарыхына токтолуу менен кыргыздардын дайыма калмак,кытай,монголдор менен кагылышып тургандыгын белгилейт.

-Анвар Байтур,Хайрниса Сыдык менен авторлошуп жазган 5 миң тираж менен уйгур тилинде жарык көргөн «Шин-жан милдеттеринин тарыхы» китебиндеги ( Пекин шаары,Улуттар басмасы) кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарына караганда, Эне-Сайдан жер которуп келген кыргыз уруулары ,алардын ичинен 10 уруудан таралган ичкиликтердин курамына кирген Коңурат,Төөлөс,Найман,Кыпчактар Фергана өрөөнүндө жана Кашкарга чейинки аймакты ээликтешип,көчүп-конуп, жашап жүргөндүгүн

жазуу менен кыргыздын баатыры Курманбектин замандашы,кыяматтык досу,уйгур элинин ханы Абдулл Латиф ( Аппак хан,кыргыздар Аккан дешет) кыргыздарга чектеш Батыш уйгурлардын Яркент (Жаркент) хандыгына баш ийген элдердин өкүмдары болуп 1618-1631 жылдары доор сүргөндүгүн жана Курманбек баатыр Янги-Артта ( Көк-Арттын азыркы Калмак-Кырчын аймагында) калмактар менен согушуп жатып, шейит кеткенден кийин, баатырдын уулу Сейитбекти ордо калаасы Кашкарга алып кеткендигин, баласындай асырап, эрезеге жеткирип, эр өнөрүн үйрөтүп, эл-жер көрсөтүп таанытып, бийлик жүргүзүүнүн мыйзамдарын, жол, жобо, ыкмаларын дилине уютуп, акыл калчатып тарбиялап, ат жалын тартып мингизип, башына тулга, денесине зоот -чарайна кийгизип, өзү жол баштап, Сейитбекке кол баштатып, ата тегиңден келе жаткан салт !-деп досу Курманбектин кунун калмактардан кууп бергендигин жазат. Ошондой эле кыргыз элинин «Мамеке шолук», «Карт кошеке», «Сасыке , Жубак», «Ак Бермет» сыктуу кенже эпостор жана баяндар бар экендигин тастыктайт. Ага кошумча азыркы кыргыз мамлекеттинин түштүк регионуна, кожо тукумунан чыккан Искак Вали 12 жыл эл аралап, дин исламды, түштүк кыргыз элине сиңдирип тамырлатканын белгилешет.

Анвар Байтур менен Махмуд Чурастын тарыхий эмгектеринде ХУ кылымдын аягында ХУ1-кылымдын бащында Курманбек баатырдын заманында ,бир бүтүндүк ордо куруп, сурак жүргүзүп, бийлик кылган кыргыздардын хандыгы жок болгонун, бир өрөөндү бийлегени кызыл тебетей атанып,хан болуп жашагандыгын көрсөтүү менен Анжиян менен Кашкарга чейинки чөлкөм ,аймактарда жашаган кыргыздарга Тейитбек хан болгондугун ырасташат,Уйгур калкы да эки арам болуп бөлүнүшүп Чыгыш жана Батыш хандыгы өкүм сүргөндүгүн, Батыш уйгурлардын Яркент ( Жаркент) хандыгынын башында бийлик жүргүзгөндөр:

1, Мухамед хан - 1591-1609-жылдар,

2, Шужайиддин Ахмед хан – 1609-1618-жылдар,

3, Абдулл Латиф Ұ Аккан Ұ -1618-1631-жылдар,

Ошол мезгилде ирегелеш жашап, турмуш шарт ыңгайына жараша, түштүк кыргыздар батыш уйгурлар менен достук мамледе болушуп,ички жана сырткы душмандарга каршы, биргелешип күрөшкөндүгүн белгилешет.Кыргыз хандары сыяктуу эле бири-бирине өкүмдарлык кылабыз деген Батыш,Чыгыш уйгур хандары тынымсыз ич ара согушуп турган. Уйгурлардын чыгыш хандыгы ,казак элин,султандарын өздөрүнө тартып,биримдикке, ынтымакка тартып келишкен.

Чыгыш уйгур ханы Абдурайим хан ,кызы Айымды казак баатыры Эр Эшимге аялдыкка берип,кол топтоп,батыш уйгурларды басып алуу камыда болот,Ал эми Батыш уйгур ханы Абдулл Латиф ( Аккан) Түштүк кыргыздар менен биримдикке барып, баатыр жигит, ханзаада Курманбек менен достошот. Мындай жагдайдын түзүлүшү, кыргыздардын аскерий-согуштук,саясый , соода - сатык абалын чыңдаган. Чыгыш уйгурлардын Абдурайим ханы ,казак баатыры Эр Эшим менен биргеликте, Батыш хандыгынын аймагы болгон Какшаал,Ак-Суу багытына кол салат,Абдулл Латиф ( Аккан) бир тууган жээни Султан Ахмедди (Ак-Суу,Үч-Турпан,Бай шаарларынын акими ) 15 миң кошун менен каршы аттандырат,Кыргыздардын баатыр жигитти , досу Курманбекке ат чаптырып кабар жиберет. Абдурайим хан менен ЭрЭшимди беттеп чыккан Султан Ахмеддин аскерлерин чыгыш уйгурлар менен казактар сүрө баштаганда,курама элден кураган 80 миң жигитти жана 40 жан жигиттин баштап келген Курманбек баатыр Абдулл Латиф менен биригип, Султан Ахмедге жардамга келишип,бөрү тил согуш ыкмасына салып, Курманбек баатыр жигиттери менен тике маңдай ортодон жиреп ,оң жана сол канаттарынан Аккан менен Ахмед кыргын салып, жеңишке жетишишет.

Ушул согуштан кийин Абдулл Латиф ( Аккан) Курманбек баатыр менен Түштүк-Батыш тараптагы же тагыраак айтканда Самарканд шаарына, тажик элине жана Ооган,Пуштун элдерин карай согушка аттанышат.Негизги максаттары чептерин бекемдоо жана аймактарын кеңейтүү болгон. Ушундай тарыхий фактыларга таянуу менен Курманбек баатырдын жары болгон Айганыш , Ооган,Пуштун элинин ханы Бакбурдун кызын, эки баатыр Ала –Тоого алып келгендиги тарыхий чындыкка жакын.Улуу чериктен кайтып келгенден кийин, Яркентте ( Жаркентте) хан Абдулл Латиф баатыр досу Курманбекти, Кашкар шаарына аким кылып дайындагандыгы жөнүндөгү тарыхий фактыларды жогорудагы аты аталган тарыхчылар баяндашат.

Ал эми кытайлык кыргыз тарыхчысы Үсейн ажы ;»Кыргыз санжырасы» китебинде Курманбек баатырды,(баласы Сейитбекти,небиреси хан Шырдакбекти ,жана башка кыргыздын баатырларын) жазуу менен баскынчылык кылган монгол,калмак, жангур- ойротторго каршы Курманбек баатыр, Аккан досу менен күрөшкөнүн, Кашкарда аким болгондугун ,Үч-Турпанда коргонуу үчүн сепил соктурганын,Телтору аты үчүн атайын аштоо жана жай салдырганын, Үч-Турпан шаарын кыргыздардын соода борборуна айландырганын ,кыргыздарга капилет кол салган калмактарга каршы, согушка аз гана кол менен аттанганын, Аккан досу жардамга жөнөткөн жоокерлер келгенчекти душман колдуу болуп өлгөндүгүн жазат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

23-08-2012
Курманбек баатыр – тарыхий инсан (уландысы)
29137

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×