Добавить статью
7:09, 23 августа 2012 0

Манас жана тарыхый чындык

1-макала

Манас баатырдын тарыхыйлыгы жана “Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндө божомолдор

Манасты изилдөөнүн эң бир татаал, көп кырдуу, ошону менен бирге архиактуалдуу маселеси бул “Манас” эпосунун доорун, Айкөл Манастын өзүнүн жеке инсандык тарыхыйлыгын жана эпостун жаралуу мезгилин аныктоо болуп саналат.

Манас эпосунун тарыхыйлыгын аныктоонун бирден бир жолу төмөнкү үч суроого жооп табуу менен байланышат. Алар:

1. Манас баатыр тарыхый инсанбы?

2. Манас эпосунун жаралуу доору качан башталган?

3. Манас эпосу кыргыз тарыхынын кайсыл окуяларын чагылдырат?

Аталган үч суроо бири-бири менен тыгыз байланышып турат. Эгер биз Манас эпосундагы негизги окуяларды кыргыз тарыхынын реалдуу өтмүшүнүн тизмегинен таба алсак, анда “Манас” деген энчилүү атты алып жүргөн, же Манастай баатырдын кейпин алган прототипти аныктоого болот. Жогорку эки суроого аздыр-көптүр жооп тапкандан кийин Манас эпосунун жаралуу доорун аныктоого мүмкүнчүлүк туулат.

"Манас" эпосу жөнүндөгү ушул убакка чейинки изилдөөчүлөр негизинен эпостун тилдик-этнографиялык, руханий маселелерин, андагы эл достугу, баатырдыктар, манасчылардын варианттарындагы өзгөчөлүктөр жөнүндө иликтеп, бирок, Манас ким, жомоктун каарманыбы же тарыхтагы болгон адамбы, качан жана кандай эрдиктери менен даңкы чыккан, алар туурасында кандай жазма даректер бар? деген суроолорго жооп бере алышкан эмес.

Манас баатырдын тарыхыйлыгы жана “Манас” эпосунун жаралышы боюнча кыргыз манас таануу илиминде Кыргызстандын Кеңеш бийлиги мезгилинде жана 1991-жылдан кийинки эгемендик доорунда бир катар божомолдор пайда болду. Чынында Манас баатырдын тарыхыйлыгы жана эпостун жаралуу доору жөнүндөгү маселе 1940-80-жылдарда коммунисттик идеологиянын капшабында жарытылуу деле көтөрүлгөн эмес. Эгемендүүлүктүн шарданы менен жанданган тарых илиминин кайра жаралуусу Манас эпосуна кызыгууну мамлекеттик деңгээлге чыгара алды. Бул тенденциянын ана башында Кыргызстандын биринчи Президенти академик А.Акаев болгондугун танууга болбос. Анын демилгеси менен 1996-жылы Таласта Манастын 1000 жылдык мааракеси өткөрүлгөн. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган мааракеге карата “Кыргыз мамлекеттүлүгү жана "Манас" элдик эпосу" (Бишкек, 2002.–600 б.) аттуу китеби жарык көргөн.

Бул демилгелер Кыргызстандын эгемендик доорунда Манасты тереңдеп изилдөөгө кызыгууну пайда кылды. Тарыхчы, адабиятчылар гана эмес, журналист, жазуучу, атүгүл гуманитардык илимге анча деле жакын эмес адамдар Манас баатыр жана “Манас” эпосу жөнүндө изилдей башташты. Албетте, алардын бир катар божомолдору көңүлгө алардык, бирок, азырынча концептуалдуу бир жыйынтык чыгарыла элек.

Манас баатырдын тарыхыйлыгы менен “Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндөгү маселе тереңдеп караганда эки башка маселе болуп саналышат. Бирок, аталган маселелерди илимий таризде анализдөө үчүн аларды бирдей тегиздикте чогуу кароо зарыл. Бул ыкманы кабыл алсак, анда Манас баатырдын тарыхыйлыгы жана “Манас” эпосунун жаралыш доору боюнча Манас эпосун изилдөөнүн алгачкы мезгилинен ушул мезгилге чейин бир нече божомол айтылып келгендигин белгилөөгө болот.

Кеңеш бийлиги мезгилинде жана эгемендик доорунда каралып жаткан маселелер боюнча бир топ божомолдор пайда болуп, алардын айрымдары бири-бирин кандайдыр бир деңгээлде кайталап келген. Ошол эле учурда арасында конкреттүү жаңы пикирлерди кошкондору да бар.

Божомолдордун илимге сунуш кылынган хронологиялык тартиби боюнча алардын ар бирине кыскача сереп салып өтөлү.

Биринчи божомол

Манас баатырдын тарыхыйлыгын тактабаса да “Манас” эпосунун жаралуу мезгилин илимий жактан божомолдогон окумуштуулар XIX кылымдын 60-жылдарында эле пайда болгондугун белгилеп кетүү керек. “Манас” эпосунун жаралыш доорун эрте орто кылымдардагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнө (VI-X кк.) байланыштырган окумуштуулардын алгачкысы атактуу түрколог В.В.Радлов болгон. Ал Кыргызстанга эки жолу келген. Алгач 1862-жылы Текестеги бугулардын айылында, андан кийин 1869-жылы Токмоктон чыгышка карай Ысык-Көл ойдуңунун батыш өңүрүндө жүрүп, элдик оозеки чыгармачылыгынын үлгүлөрү, анын ичинде Манастан үзүндүлөрдү жазып алган. Кийин Манастын алгачкы тексттери орус тамгасы менен кыргыз тилинде жана анын котормосу немис тилинде 1885-жылы жарык көргөн. Окумуштуу “Манас” эпосу Енисей кыргыз каганаты мезгилинде пайда болгон деп, бирок ал мезгил кайсыл кылымдар экендигин так айткан эмес (Радлов В,В, Краткий отчет о поездке в Семиреченскую область и на Иссык-Куль летом 1869 г.//Изв.РГО, т.IV, 1870, № 3.)

Советтик окумуштуулардан алгачкы манас таануучу катары профессор П.Фалевди атаса болот. Ал байыркы Орхон-Энисай таш эстеликтериндеги рун жазууларынын мазмуну менен “Манас” эпосунун мазмунунун окшоштугун белгилеп, эпостун жаралыш доорун ушул мезгилге таандык кылат (Фалев П. Как строится кара-киргизская былина. О кара-киргизском эпосе.// Наука и просвещение. № 1.-Ташкент, 1922.)

Манас баатырдын тарыхыйлыгы жөнүндө пикирин манасчылар өздөрү да тактоого аракет кылышкандыгын айтпай кетүүгө болбос. Мисалы, манасчы, эпосту изилдөөчү жана жыйноочу Ы.Абдрахманов илгерки манасчылар Манастын жашаган мезгилин Мухаммед пайгамбардан кийин болгон деп айтышчу, ал эми манасчы С. Орозбаков болсо Манастын болгонуна 1040 жыл болду деп айткан деген маалымат берет. Эгер С.Орозбаков 1930-жылы каза болгон болсо, анда Манас баатыр болжолдуу түрдө 880—890 жылдары жашаган инсан болуп чыга келет. С.Орозбаковдун “Манас менен Кошой уйгурлар менен 8 жыл кармашкан” деп айтканын мисалга келтирет (Абдырахманов Ы. «Манастын» кайсы кылымда пайда болгондугу тууралуу // Советтик адабият жана искусство. – 1941. - №3.- 59-60-бб.). Тарыхый фактылар чынында муну ырастап тургандай. Анткени, 830-жылдардын аягында башталган Уйгур каганатына каршы согуш 846-47-жылдары уйгурларды биротоло талкалап, Кыргыз каганатынын ордосун Бей-Тин шаарына жакын Селенга өзөнүнүн боюна жайгаштыруу менен аяктайт эмеспи (Бичурин Н.Я. Извлечения из истории династии Тан.// Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.- Л. 1950, Т. I.-358-б.)

“Манас” эпосу гана эмес, түрк эпосторун кеңири палитрада изилдөөгө алган В.М.Жирмунский “Манас” эпосунун жаралуу доору узак убакытты, б.з. V кылымынан XIX кылымга чейин камтыган жана ал кеминде үч чоң доордон турат деп жазган (Жирмунский В.М. Введение в изучение «Манаса». – Фрунзе., 1948. – стр. 79-80.) Бирок, ал Манас баатырдын тарыхыйлыгы жөнүндөгү божомолго каршы болгон.

“Манас” эпосунун жаралуу доорун гана эмес Манас баатырдын тарыхыйлыгын да тактоого аракеттенген изилдөөчүлөр XX кылымдын 40-50-жылдарында пайда болушту. Кыргыз тарыхынын анык күйөрманы, ысымы кеңири белгилүү чыгыштаануучу, түрколог, археолог, тарыхчы-окумуштуу А.Н.Бернштам кыргыз тарыхы боюнча маанилүү эмгектеринин катарында эле Манастын тарыхыйлыгы, “Манас” эпосу жана анын жаралуу доору жөнүндө илимий гипотезаны кыргыз тарыхында алгачкы жолу айткан (Бернштам А.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы жана археологиясы боюнча тандалма эмгектер. /Түзгөн, алгы сөзүн жазган жана которгон Мамбеталиев С. Б.: 2004, 576 б.)

Анын пикиринде Манас аттуу ысым алып жүргөн инсан жөнүндө тарыхый маалыматтар жок болсо да, анын прототиби катары 840-жылы Уйгур кагандыгын талкалап, “Улуу Кыргыз дөөлөтүн” калыптандырган белгисиз кол башчы жана баатыр, ажо болуусу мүмкүн жана анын Бей-тин шаарын алгандан кийин белгисиз себептер менен 847-жылы каза болуусунан (Бичурин Н.Я. Извлечения из истории династии Тан.// Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.- Л. 1950, Т. I.-357-б.) баштап, Манас эпосунун алгачкы уюткусу жаралган деген божомолду келтирген (Бернштам А.Н. Эпоха возникновения эпоса «Манас»// «Манас» - героический эпос киргизского народа. – Фрунзе. 1968. – 175-б.; Ошол эле автор. «К происхождению имени «Манас» // «Манас» – героический эпос киргизского народа. Фрунзе, 1968, 179-б.; Ошол эле автор. Кыргыздардын IX—X кк. Тянь-Шанда пайда болушу жөнүндө.// Советская Этнография.1956, № 4, 118-125-бб.; Ошол эле автор. Кыргыздардын VI—IX кылымдардагы көз каранды эместик үчүн күрөшү. //Кыргыздардын жана Кыргызстандын эң байыркы мезгилден моңгол басып алууларына чейинки тарыхы-V бап./ Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы жана археологиясы боюнча тандалма эмгектер... аттуу электрондук китептен алынды. Караңыз: www.bizdin.kg; Ошол эле автор. Эпоха возникновения великого киргизского героического эпоса «Манас». //Альманах «Киргизстан».-Ф., 1946.)

Ушундай эле божомолду казак элинин улуу жазуучусу жана белгилүү манас таануучу Мухтар Ауэзов да айткан (Ауэзов М. Киргизский героический эпос “Манас”.//В кн.: Мысли разных лет.-Алма-Ата, 1961.; Ошол эле автор. Киргизская народная героическая поэма “Манас”.// В кн.: Киргизский героический эпос “Манас”.-М., 1961.) Коомчулукка кеңири таанымал бул казак жазуучусунун Чокан Валихановдон кийин эле атайын “Манас” эпосу жөнүндөгү эпостун эркин текстин даярдаган адам болгон. Белгилүү советтик окумуштуу С.В.Киселов да Манас баатыр жөнүндө А.Н.Бернштам жана М.Ауэзовдун божомолдоруна жакын өз оюн Сибирь тарыхына арналган монографиясында чагылдырган (Киселев С.Б. Древняя история Южной Сибири.-М., 1951.), бирок ал Манас баатырдын тарыхыйлыгына пикир айткан эмес.

Көрүнүктүү манас таануучу К.Рахматуллин Манас эпосунун Сагымбай менен Саякбайдын, ошондой эле башка кай бир варианттардын сюжеттик мазмунуна кеңири анализ жүргүзүү менен катар эле Манас эпосу Енисей кыргыз каганты мезгилинде пайда болгондугун белгилеп кеткен (Рахматуллин К.А. Творчество манасчи. Сюжетные особенности отдельных вариантов эпоса.// "Манас — героический эпос киргизского народа".-Фрунзе, изд. "Илим", 1968.) Бирок, ал дагы Манастын тарыхый инсан экендиги жөнүндө пикир айкан эмес.

“Манас” эпосу 840-жылдагы улуу окуядан баштап жаралган деген пикирди орус окумуштуулары да колдоп келишти. Мисалы, С. Кляшторныйдын пикири боюнча IX кылымдын ортосундагы Енисейдеги кыргыз каганатынын Уйгур каганатына жасаган жортуулу, кыргыз кол башчысы жана улуу элчиси Алп Солдун качкан уйгурларды кубалап, Чыгыш Түркстанга, Тибетке чейин келиши кыргыз элинин “Манас” эпосун жаратууга түрткү берген окуялар болушу мүмкүн деген божомол бар (Кляшторный С.Г. Историко-культурное значение Суджинской надписи. // Проблемы востоковедения. 1959, №5.) Ал эми атактуу түрк таануучу С.Малов: “Манас” эпосу кыргыздардын тарыхында орчундуу тарыхый окуя Улуу кыргыз каганатынын доорундагы окуяларды чагылдырат” – деп белгилеген (Малов С. Е. Енисейская письменность тюрков. М., Л., 1952.)

Жогорку пикирди улантуу менен Манас баатырдын тарыхыйлыгын тактабаса да анын эпос катары жаралуу доорун изилдеген кыргыз фольклорист-манастаануучу Р. Сарыпбеков “Манас” эпосунун “эпостук ядросунун” жаралышын VI—Х кылымдарга таандык деп эсептейт. Мында ал 711-жылы Барс-бег Ынанчу Алп Билгенин чыгыш түрктөрдөн жеңилиши, 840-жылдагы Уйгур кагандыгын талкалоо сыяктуу зор окуялар чагылдырылган (Сарыпбеков Р. «Манас» эпосундагы баатырдык мотивдердин эволюциясы. – Фрунзе. 1987. 7-33-бб.) деген пикирин билгизип, ал эми Х кылымдагы кыргыздардын кара-кытайлардан запкы көрүшү “Чоң Казаттын” акыркы этабын чагылдырат деп божомолдогон (Сарыпбеков Р. Аталган эмгек, 29-б).

Жогоруда айтылган көз карашка жакын пикирди чыгыш таануучу, кыргыз тарыхнаамасынын көрүнүктүү өкүлү Ө.Караев да карманат. Бирок, анын бирден бир өзгөчөлүгү - Манас баатырдын тарыхый адам экендигине толук ишенгендиги. Ө.Караевдин Манас баатыр жана “Манас” эпосу боюнча бир нече чыгармалары бар. Манас баатыр жөнүндө кыргыз тарыхынын алгачкы жазма тарыхый булагы болуп эсептелген Маджму атут-Таварихтеги фактыларды келтирүү менен Ө.Караев ”Манас” XV кылымга чейин эле эпос катары болбосо да поэтикалык фольклордук түрдө жашап келген, андагы окуялар кыргыз тарыхынын X кылымдан берки барактарын чагылдырып турат жана бул Манас баатырдын тарыхый инсан экендигин айгинелейт деп жыйынтык чыгарган (Караев О. Ранние сообщения о Манасе. Эпос «Манас» и эпическое наследие народов мира. Тезисы международного научного симпозиума, посвященного 1000-летию эпоса «Манас». Б.: «Кыргызстан»,1995. )

Окумуштуу Ө.Караев башка бир эмгегинде “Манас” эпосунун алгачкы варианты 840-жылы кыргыздардын уйгур кагандыгын талкалашына байланыштуу келип чыккан болуу керек божомолду айтып кетет (Караев О. «Манас» эпосунун жаралышы жана анын доору//КМ. – 1988 – 18-август.) Анын пикири боюнча «Манас» эпосундагы Уйгур каганатынын борбору Ордо-Балыкка байланыштуу алгачкы сюжеттер бара-бара кыргыздарынын Беш-Балыкка карай жортуулундагы окуялар менен алмаштырылып калса керек деп жазат. Беш-Балык – Чыгыш Түркстандагы, азыркы Үрүмчү шаарына жакын жердеги ири шаар. 840-жылы Енисейден качкан Пан-Тегин баштаган уйгурлар ушул шаарга келип токтоп, кыргыздарга катуу каршылык көрсөтүшкөн экен. Айыгышкан салгылашуулардан кийин кыргыздар Беш-Балыктан Үч-Турфанга чейинки жерлерден уйгурларды сүрүп чыгып, өздөрү биротоло отурукташып алган. Бул жердеги мурда «Ли-и-дэ-цзянь» деген дарыяны X к. баштап кыргыздар «Манас» дарыясы деп атап, кийинчерээк бул дарыянын боюндагы өрөөн, шаар да Манастын атынан атала баштаган. Чыгыш Түркстандагы кармаштар «Манас» эпосунун енисейлик вариантынын, тяншандык вариантына өтүшүнө негиз болуп калышы ыктымал, Чыгыш Түркстандагы Беш-Балык шаары байыркы заманда Бэйтин деп аталып, «Манас» эпосундагы Манас баатыр «Чоң Казат» уюштурган Бээжин ушул Бейтин шаары болушу толук ыктымал деп жазат Ө.Караев (Караев О. «Манас» эпосунун жаралышы жана анын доору//КМ. – 1988 – 18-август.)

Россиялык археологдордун пикири да “Манас” эпосунун жаралыш доорун аныктоого багыт бере алат деп ойлойбуз. Мисалы, евразиялык көчмөндөрдүн маданиятын изилдеп жүргөн сибирдик Г.Г.Король аттуу орус окумуштуусу жалпы эле түрк баатырдык эпосторунун негизги кыртышынын жаралыш доору эрте орто кылымдарга туура келет, анткени анын мазмуну жана поэтикасы эрте орто кылымдарга таандык орхон-енисей жазмалары менен үндөшүп турат деген пикирин билдирет (Король Г.Г. Искусство средневековых кочевников Евразии. Очерки. – Москва-Кемерово,2008.-14-б.) Түрк баатырдык эпосторунун түпкү башатын Түштүк Алтайда VI-VIII кылымдарда эле калыптанган “Алып-Манаш” эпосу түзөт деген пикирди Г.Г.Королдон мурун орус окумуштуусу Е.М.Мелетинский (Мелетинский Е.М. О генезисе и путях дифференциации эпических жанров.// Руский фольклор. Материалы и исследования.-М., Л., 1960. Вып.5. 96,97-бб.) жана В.М.Жирмунский (Жирмунский В.М. Введение в изучение эпоса “Манас”//Киргизский героический эпос “Манас”-М., 1961.-152-б.; Ошол эле автор. Народный героический эпос.-М-Л.,1962. 210-213-бб; Ошол эле автор. Тюркский героический эпос.-Л.,1974. 117-334-бб.) да айткандыгын белгилей кетүү керек. Биздин замандын VIII кылымында Уйгур каганатынын мамлекеттик дини болгон манихейликтин түрк эпосторунун дүйнө таанып-билүү көз караштарына зор таасирин тийгизген. Ал эми X-X кылымдарда бул дин кыргыздарга да тараган деп жазган Г.Г.Король (Король Г.Г. Аталган эмгек,15-б.), демек “Манас” эпосунун идеялык мазмунунда манихейликтин өзөктүү белгилери жаткандыгын учкай баамдаган, бирок ал Манас баатырдын тарыхыйлыгы жөнүндө пикри айтпайт.

Бул топтогу окумуштуулар ошентип, эпостон орун алган окуяларды Орхон–Енисей эстеликтеринде чагылдырылган түрктөр менен болгон уруштарга, ошол кездерде жана андан кийинчерээк байыркы уйгурлар менен болгон согуштарга, IX кылымда уйгур каганатын талкалаган кыргыздардын өзүнчө күчтүү жана бир кыйла чоң көчмөн мамлекет түзгөндүгү сыяктуу фактыларга таянышат. Сереп салынган окумуштуулардан А.Н.Берштам, М.Ауэзов, Ө.Караев сыяктуу айрымдары, ошондой эле манасчылардын өздөрүнөн С.Орозбаков, “Манас” эпосун жыйноочу Ы.Абдрахманов алгачкы жолу Манас баатырды тарыхый адам болгон деген пикир айта алышкандыгын атайын белгилөө зарыл.

Ташманбет Кененсариев, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору,  профессор. Эл.почта: taskg@rambler.ru

Уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

27-08-2012
Манас жана тарыхый чындык
136589

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×