Добавить статью
5:32, 3 сентября 2012 212591

Манас баатырдын тарыхыйлыгы

Манас жана тарыхый чындык

Уландысы - 5-макала

Манас баатырдын тарыхыйлыгы жана

“Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндө божомолдор

Сегизинчи божомол

Акыркы кезекте дагы бир өзгөчөлөнгөн божомол пайда болду. Ал салттуу “Манас” эпосун башкача жол менен, тагыраак айтканда аны “кайыптан алып кагазга түшүргөн - Бүбү Мариям Муса кызынын божомолу. Бүбү Мариям илимий-изилдөө аркылуу эмес, “медитация” жолу менен легендарлуу Жайсаң Үмөт уулунун айтканына негиздеп Манас баатырдын тарыхыйлыгын “далилдеп”, атүгүл баатырдан кайсыл жылы төрөлгөндүгүнөн бери “аныктоого жетишти” ("Манасты" эң биринчи Жайсаң айткан...” Даярдаган Айнагүл Сапарбек кызы.//Агым, 20.12.05). Миф менен фантастиканын илимди жокко чыгарган, башкача айтканда, тарыхтагы фольк-хистори багытынын одурайган одоно түрүн көрсөткөн божомол экендигине карабастан мындай “ачылышка” манас таанууга кызыккан жана анын менен тигил же бул деңгээлде шүгүрлөнгөндөрдүн бир даары, атүгүл айрым абройлуу тарыхчылар да ишене башташты. Айрым сүрөөнчүлөр Бүбү Мариямдын “кайыптан алып кагазга түшүргөн” Манасын 10 том китеп кылып басмадан чыгарышты, жолугушууларды, интервьюларды, килейген конференцияларды уюштурушту. Ошентип, кийинки мезгилде аттуу-баштуу адамдар, коомдук ишмерлер, атүгүл депутаттар мындай укмуштуудай фантастикага жол берген Бүбү Мариям Муса кызынын “Манасын”расмий таанууга өтүштү.

Бүбү Мариямдын салттуу манасчылардан айырмасы мында. Эгер салттуу манасчылар (негизинен Сагымбай жана Саякбай) бир жолку аян же түш көрүү менен Манас айтып калышса, Бүбү Мариям атайын транска (кайып болгон Жайсаң Үмөт уулунун арбагы менен жолугушууга) мезгил-мезгили менен тынымсыз кирип турат, арбакка суроо даярдап, андан жооп алат, Жайсаңдын купуя (зашифрованный) айткан маалыматтарын чечмелейт (расшифровывает) чечмелейт, ал маалыматтар башка бирөөлөр аркылуу кагазга текст катары түшүрүлүп, дагы бирөөлөр аркылуу редакцияланып, китеп болуп чыгат.

Бүбү Мариямдын Манас качан туулган деген суроосуна Жайсаң мындай жооп бериптир. Манастын 40 чоросунун бири, алгачкы Манас айткан легендарлуу Жайсаң Үмөт уулунан кийин ар кылымда бирден, баары биригип он Жайсаң жарык дүйнөгө келип, Манас айтышкан имиш. Бул мезгилдин ичинде 4 жолу Жайсаңсыз кылым өтүптүр. Андай болгондо баарын кошсок 1400 жыл өтүп, демек Манастын жашаган мезгили биздин замандын VII кылымына туура келет экен. Бүбү Мариям бул суроосун 2000-жылы Жайсаңдын арбагына берген имиш. Жайсаң “эгер азыркы жыл санак менен айтсам, алты жүз жетимишинчи жылдын август айында Манастын киндиги Алтайда кесилген. Ал 55 жашында, Жайсаң болсо 42 жышанды о дүйнөгө сапар алган” деп жооп берген имиш. Ошентип, Бүбү Мариям Манас баатыр 670-725-жылдары жашаган деп жөн гана аныктап салды (Чоротегин Т. Эпос, история, заблудший дух//Вечерний Бишкек. 15 июня 2012 г. №86 (10450)). “Манас” ысмына келгенде Жайсаң: Манасты жаш кезинен душмандардан коргоп, Бакай менен Кошойду көп макташкан да кийин эресеге жеткен баатырда “Манас” деп тирүүсүндө эч ким атабаган жана аны Куттуу Эл Төрөсү (Великий Правитель Народа) деп аташкан имиш (“Исторические корни эпоса "Манас" и "Кошой" об истоках героических эпосов»//Караңыз: Форум. Чоробек: http://forum-eurasica.ru/ 25 August 2009 - 06:27 PM).

Бул божомолдун тегерегинде учурда кыргыз коомчулугунда талаш-тартыш көбөйдү. Ошондой болсо да манастаануу илиминде көңүл бурууга акылуу көз караш катары саноого болот.

Тогузунчу божомол

Акыркы жылдарда Манастын тарыхыйлыгы жана “Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндө жогорку пикирлердин капшабындагы талаш-тартыш ойлордун түрдүү варианттары көбөйдү. Белгилүү окумуштуу Улуттук Илимдер Академиясынын корреспондент-мүчөсү Ө.Осмонов Бүбү Мариям Муса кызынын “ачылыштарын” кандайдыр бир деңгээлде колдогондой пикирлерди жазууда. Бүбү Мариям айткан “Куттуу Эл Төрөсү” деген псевдоним тарыхтагы Кутлуг Элтериш Каганды элестетип турат деген окумуштууларга кошулуп, Кытайда жарык көргөн “Ханзу жазмаларындагы кыргыздар” аттуу китепте (Ханзу жазмаларындагы кыргыздар.- Шинжаң Эл басмасы.-Үрүмчү, 2004.-210-б.) айтылган алтайлык Кутлук Элтерес (Элтериш) 682-жылы кытай аскерлерине каршы чыгып, 5 миңдей аскер топтоп, 47 жолу жүрүш жасап, 20 жолу согушуу менен адегенде Батыш Түркстанды, анан Чыгыш Түркстанды кытайлардан бошоткондугу жөнүндөгү маалыматка таянат. Ошентип Ө.Осмонов кытайлыктар жазган Кутлук Элтерес – Куту улук Эл төрөсү – Манас баатырдын өзү болгон деп эсептейт (Осмонов Ө. «Манас» эпосунун тарыхый окуялар менен байланышы жөнүндө.//И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жарчысы.-№ 4.-Б.,2012.-95-102-бб.).

Ө.Осмонов Бүбү Мариямдын биринчи жолу Манастын туулушу жөнүндө “так датанын көрсөтүшү, албетте ар бир илимпоздун көңүлүн буруп, кызыгууну жаратты”, деп белгилейт (Осмонов Ө. «Манас» эпосунун тарыхый окуялар менен байланышы жөнүндө.// И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жарчысы.-№ 4.-Б.,2012.-95-102-бб.). Окумуштуу 679-681-жылдары Кытайдын Тан империясына каршы көтөрүлүш чыгарып, 682-жылы Экинчи Чыгыш-Түрк каганатын (Көк Түрктөр каганаты) негиздеп, мурунку өзүнүн Кутлук-Чор деген ысымына Элтериш каган (682-691) деген наамды ыйгарган инсан Манасты элестетип турат деген айрым тарыхчылардын жүйөөсүнө жана Бүбү Мариямдын айтканына кошулуп, бул “тарыхый факт Алтай тоолоруна сүрүлгөн кыргыздардын башчысы Жакыптан төрөлгөн Манас баатыр (тарыхый булактардагы Кутлук Элтериш –Куту улук Эл Төрөсү) эрезеге жете баштагандан тартып боштондук үчүн күрөшүп, ата-бабанын жерин басып алган баскынчы, зордукчу душмандарды айдап чыккан деген ойду жаратат” (Осмонов Ө. «Манас» эпосунун тарыхый окуялар менен байланышы жөнүндө.// И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жарчысы.-№ 4.-Б.,2012.-95-102-бб.), деген илимий божомол келтирүү менен Манас баатырдын тарыхыйлыгын тастыктоого аракет кылат.

Бул жерде төмөнкүдөй суроо туулат. 682-744-жылдары жашап, Улуу Талаадагы эң зор мамлекетти башкарып, Тан империясына тең тайлашып турган Элтериштин кичүү иниси Капаган каган (691-716), Элтериштин уулу Бильге каган (716-734), Элтериштин досу жана акылчысы Тонукөк баатыр, Елтериштин экинчи уулу, Бильге кагандын бир тууганы Күлтегин кыргыздын Манас баатырынын бир туугандары, уулдары жана нөкөрлөрү болуп калып жатпайбы. Анын үстүнө көк түрктөрдүн 711-жылы кышында Өтүкен токоюнда кыштаган кыргыздын легендарлуу каганы Барс-бектин армиясын капыстан сокку уруу менен талкалап, өзүн Күлтегин менен болгон эр сайышта өлтүргөн фактыны анда кайда алып барабыз?

Жогорку пикирге кайсыл бир деңгээлде үндөш божомолдор расмий корголуп жаткан диссертациялык иштерде да айтыла калууда. Мисалы, Т.Акеров аттуу тарыхчы өзүнүн 2011-жылдын акырында коргогон кандидаттык диссертациясына карата сунуш кылынган монографиясында Манастын жашап өткөн доорун VII-VIII кылымдар деп тастыктайт. Анда Манастагы окуялар енисейлик кыргыздарды Барсбек каган жетектеп турган VII-VIII кылымдардагы окуяларды чагылдырат деген пикир айтылган (Акеров Т. Древние кыргызы и Великая степь.-Б.,2005.).

Манастаануучу, “Манас жаңырыгы” телекөрсөтүү ишканасынын башчысы Т.Токтогазиев Манастын Кытайга жасаган Чоң Казатынын, анын трагедиялуу аякташынын себептерине кеңири талдоо жүргүзүп, атүгүл бул окуя 715-720-жылдары болуп өткөндүгүн, 724-жылы Семетей төрөлүп, Манас каза болгонун божомолдогон фольк-хистори чыгарманы коомчулукка сунуштоодо. Ал 751-жылы тарыхта реалдуу болуп өткөн Талас (Атлах) согушу жөнүндө жазып жатып, жүз миң аскери бар Кытай армиясы менен 100 миң аскерден турган араб армиясынын беттешкени, бул салгылашка 27 жаштагы Семетей баштаган кыргыздардын арабдар тарабында салгылашканын жазат (Токтогазиев Т. Айкөл Манас тарыхый инсан. Алтайдагы, Ала-Тоодогу, Бейжиндеги издер.-Б.,2012.).

Акыркы сереп салынган божомол топтун өкүлдөрү салттуу жана модерн манасчылыктын ортосундагы карама-каршылыктын капшабында болушканы менен Манас баатырдын тарыхыйлыгы, “Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндө ачык ой-пикрлери жана көз караштары бар изилдөөчүлөр. Демек, алар манастаануу илиминде олутуу көңүл бурууга арзый турган божомолдун авторлору катары саналууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар.

Жыйынтык. Биз жогоруда манастаануу илиминдеги эки оор маселенин: Манас баатырдын тарыхыйлыгы жана “Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндө маселелердин айланасындагы көз караштарды тогуз топко бөлүп сереп салдык. Албетте, бул бөлүштүрүү формалдуу, бирок, көз караштарды салыштырууда жана типтештирүүдө жардам бере алат. Изилдөөлөрүнө сереп салынган 60 ка жакын авторлордун басымдуу көпчүлүгү “Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндө өз ойлорун айта алышкан. Бирок, Манас баатырдын тарыхыйлыгын тактоо боюнча ашып кетсе бир нече гана изилдөөчү, анын ичинде А.Н.Бернштам менен М.Ауэзов, Ө.Караев менен О.Айтымбетов сыяктуу авторлор илимий божомолдорун расмий басма сөздө чагылдырышкан. Демек, манастаануу илиминин алдында так ушул талаш жана проблемалуу маселени чечүүдө талыкпай эмгектенүү зарыл экендиги көрүнүп турат.

Уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-09-2012
Манас баатырдын прототиби жөнүндө
171457

07-09-2012
"Манас” эпосунун өзөктүү окуялары жана аларда кыргыз тарыхынын чагылышы
258588

03-09-2012
Манас баатыр тарыхый инсанбы?
220721

31-08-2012
“Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндө божомолдор
211932

28-08-2012
Манас жана тарыхый чындык
274906

04-10-2011
Үчүнчү доор - Курманжан датка дасыккан саясатчы
259581

04-10-2011
Экинчи доор - Курманжан датка саясий ишмер
256156

03-10-2011
Алымбек датка жана анын Курманжанга болгон таасири
231079

03-10-2011
Курманжан датканын феномени
300791

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×