Добавить статью
6:40, 3 сентября 2012 221537

Манас баатыр тарыхый инсанбы?

Манас жана тарыхый чындык

Уландысы - 6-макала

Манас баатыр тарыхый инсанбы?

Эгер “Манас” деген энчилүү атты алып жүргөн кыргыз баатыры, ханы же мамлекеттик ишмери тарыхта болгон болсо, анда ал түрк, уйгур, кытай, калмак жана башка коңшу элдер менен аскерий, саясий, экономикалык жана маданий алакаларды түзмөк да кандайдыр бир тарыхый жазмаларга анын ысмы чагылмак. Эпосто айтылгандай кыргыз үчүн тагдыр чеччү улуу окуяларды жасаган мындай инсан сөзсүз тарыхый булактарда жолукмак. Анткени, тарыхта аздыр-көптүр иш жасаган орто жана кичи инсандардын аттары кытай, араб, перс булактарында, орто кылымдардагы орхон-енисей жазмаларында байма-бай эле учурайт эмеспи. Бирок, ушул күнгө чейин аларда “Манас” ысмын алып жүргөн инсан негедир али кезиге элек. Биздин замандын IX кылымында өнүккөн Хазар каганатында Манас аттуу каган жөнүндө учкай маалымат бар (Шамшиев Б. Загадка знака Манаса. В Киргизском эпосе "Манас" описана… Шамбала//Караңыз: Общественный рейтинг. 26 августа 2004 г. | № 32 (204). Бирок, анын ишмердиги Манас эпосундагы окуяларга таптакыр эле коошпойт. XVI кылымдын башында жазылган “Маджму атут-Таварихтеги” Манас жөнүндөгү маалымат негизинен санжыралык таризде гана. Ошентип, аталган маалыматтарды эсепке албаганда “Манас” аттуу тарыхый инсан бир дагы тарыхый булакта жок экендигин дагы бир жолу тастыктоого туура келет.

Демек, “Манас” деген антропонимди алып жүргөн тарыхый инсан кыргыз тарыхында болгон деген так жыйынтык чыгаруу азырынча илимий жактан мүмкүн эмес. Анда, “Манас” деген ысым башка бир реалдуу мамлекеттик ишмерге, тарыхый инсанга кийинчерээк ыйгарылган псевдоним-ысым болуп жүрбөсүн деген ой туулат. Болушу мүмкүн...

А)“Манас” термини жөнүндө сөз

Андай болгондо алгачкы сөз “Манас” деген антропонимдин эмес, “Манас” деген терминдин айланасында жүрүшү керек. Мындан “Манас” термини антропонимби, символдуу атакпы (псевдоним), философиялык (теософиялык) категориябы же мифтик аталышпы деген бир нече суроо келип чыгат.

“Манас” термини кезиккен географиялык чөлкөм байыркы Месопатамиядан тартып, түндүк-чыгышты көздөй, Индия, Непал, Тибет, Борбордук Теңир тоо, Чыгыш Түркстан, Алтай, Ыраакы Чыгышка чейин жолугат. “Манас” термини байыркы ишенимдерде (Авеста, Заратуштра, Иудаизм, Индуизм, Буддизм), диний китептерде (Тоорат, Библия), алгачкы философиялык окууларда, мифтерде, эпостордо кезигет. Терминдин жолугуу хронологиясы б.з.ч. II миң жылдыктардан башталган эң байыркы доорлордон ушул күнгө чейинки мезгилди кучагына алат.

“Манас” термининин Жакынкы Чыгыш, Тибет, жалпы эле чыгыш элдеринин, түркө-монголдордун, анын ичинде албетте, кыргыз элинин тарыхый калыптануусунда, дүйнө таанымында, идеологиясында аябагандай чоң ролу бар. “Манас” термини чыгыш элдеринде жашоону камсыз кылган символ, асыл руханий баалуулук, оозеки фольклордун туу чокусу катары таанылып келет.

Манас” терминин биринчи кезекте идея катары тааныгандар арбын. Е.П. Блаватская «Ключ к теософии» деген эмгегинде “Манас” бул эң жогорку акыл, идея (высший разум), ал “тазаланган” идеялардын кампасы, материалдык дүйнөнүн, адамзаттын жашоосунун ареалынан да тышкары мейкиндикте аракеттенген түбөлүк идея деп жазат (Блаватская Е.П. Ключ к теософии. Ясное изложение в форме вопросов и ответов этики, науки и философии для изучения которых было основано Теософическое общество.-М.: Эксмо, 2004.). Анын пикиринде Манас идеясы үч баскычтан турат. 1) Психикалык деңгээлде “астрал и кама-манас” (аны Платон “psyche” деп атап, ал эми христиан аалымдары “жан” (душа) деп таанышкан), 2) руханий деңгээлде “Атма, Буддхи Манас” (Платондо “nous”, ал эми христиан аалымдарында “өлбөс, түбөлүк жан (дух, бессмертная душа), 3) жогорку идеялык деңгээлде “адамдагы эң жогорку акыл, идея (высший разум)” деп аталып, байыркы чыгыш философиясында “Руханий Эго (Духовный Эго)”, “Адам-кудай (Божественный человек)” катары таанылган. Санскрит булактарында ал “Манас-Тайджаси” (нур чачкан Манас – Лучезарный Манас) деп аталган (Сикирич Е.Что бессмертно в человеке. Е.П. Блаватская: Учение о перевоплощении. //Журнал «Новый акрополь» №3 2003 г.//http://www.newacropolis.ru/magazines/3_2003/Cto_bessm_v_ chel_EPB/).

Француз окумуштуусу Жорж Дюземилдин (Дюземил Ж. Мифы и Боги индоевропейцев (Georges Dumеzil " Mythes et Dieux des Indo-Europеens , Flammarion, Paris, 1992.) индоевропалык мифология илиминин жыйынтыктарына таянып жазган Б.Шамшиевдин “Манас” термини боюнча пикирлери да Е.П.Блаватскаяныкына окшоп кетет. Ал “асман” деген терминди “манас” деген термин менен байланыштырып, индоевропалык арийлер “ас”, “аса” деген термин менен “асманды”, “космостук системаны” түшүнүшкөн, ал эми “ман”, “мана”, “багу мана” деген термин менен “адам”, “адамдын адамы же биринчи адам”, “жакшы ой”, “жашоо” деген түшүнүктү туюнушкан. Ал эми “асман” термини асмандан тике түшүп, космос менен жерди байланыштырган ыйык шоола катары кабыл алынган. Демек, байыркы арийлер үчүн “Манас” руханий символ, жыргалчылык катары туюнулган. Ошентип, АСМАН (вертикаль) – МАНАС (горизонталь) катары түшүнүктөр болуп, "АС – Ата (космос), МАН – Анын уулу (земля) жана МАНАС – Ыйык күч (“космос” менен жердин” айкашынан жаралган, жүрөктүн тушундагы “жан” деп эсептелинген деп жазат (Шамшиев Б. Загадка знака Манаса. В Киргизском эпосе "Манас" описана… Шамбала//Караңыз: Общественный рейтинг. 26 августа 2004 г. | № 32 (204).

Ушул жерде Манас эпосундагы Манас баатырды “Алтын менен күмүштүн ширөөсүнөн бүткөндөй. Айың менен Күнүңдүн бир өзүнөн бүткөндөй. Асман менен Жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй...” деген сүрөттөөнү бекер жерден болгон саптар эмес экендиги байкалып турат. Демек, “Манас” деген терминдин адам акылынын эң жогорку деңгээлин чагылдырып турган сыйкырдуу феноменге тете мазмуну бар экендиги далилденип тургансыйт.

“Манас” идеясы иудей, христиан жана буддизмдин башатында турган деген гипотезаны бир катар философ, чыгыш таануучулар айтып келишкен. Алардын бир даары теңирчилик ишеними Жакынкы чыгыш, Индия менен Тибеттин диний окууларына таасир эткен деген пикирде. “Манас” теңирчилердин кудайы катары таанылып, иудей, христиан жана буддизм дининде кеңири колдонулган “монастрь” термини “манас+төр” (Манас кудайынын жайгашкан орду) деген сөздөн келип чыккан деген жоромолдор бар (Шамшиев Б. Иисус - сын Манаса! Первым Словом эрийской (арийской) цивилизации... //Общественный рейтинг. 2 марта 2006 г. | № 8 (279).

Демек, “Манас” термини эң байыркы мезгилден бери эле Евразия континентиндеги руханий турмушка сиңип, диний, саясий түшүнүктөрдө, философиялык, теологиялык окууларда гана колдонулбастан, топонимдерде, оронимдерде, гидронимдерде, космонимдерде, этнонимдердерде, атүгүл антропонимдерде (адам аттарында) да колдонулуп келгендиги айкын. Инд дарыясынын узундугу 400 чакырымды түзгөн чоң куймасы “Манас” деп аталып, дарыя жээгинде Манас аттуу улуттук парк жайгашкан. Тибетте деңиз деңгээлинен 4557 метр бийиктиктен орун алган Манас көлү ыйык деп саналат. Непалда 8128 метр бийиктиктиги менен белгилүү Манас тоосу, Ал эми Алтайда ыйык Манас көлү бар? Индиянын ырларынын философиялык жанрларынын биринин “Шива Манас” (Музыка Индии: Мантры, бхаджаны, песнопения - Tibet-CD//http://tibet-cd.narod.ru/india/india34.jpg) деп аталышы, Агир аттуу тибеттик монах дүйнөнүн бир катар континеттеринде белгилүү дарыгер катары таанылып, өзүнө “Агир Манас” деген ысым менен Австралияда, Болгарияда, Германияда, Латвияда, Россияда, Туркияда дарылоо пункттарын ачып иштеп жаткандыгы жөнүндөгү маалымат (http://agirmanas.hit.bg/46.htm) “Манас” термининин тартуу күчүнүн эбегейсиз зор экендигин көрсөтүп турат.

Жер-сууларга адамдардын аттары бекеринен коюлбайт. Аты географиялык объектилерге коюлган адамдын басымдуу көпчүлүгү бир кезде тарыхта жашап өткөн инсандар болгон. Ушуга байланыштуу Тоолуу Алтай республикасынын Чымалган районунун Ак-Саз деген жериндеги Бөйрөктүү жайлоосунда Манас баатыр туулган жердин алтайлыктар тарабынан ыйык тутулушу, ошол жердеги тоонун “Манас тоосу”, ал жердеги көлдүн “Манас көлү” деп аталышы бул жердин болочок баатыр Манастын туулуп, балалык чагы өткөн жер экендигин айгинелеп тургансыйт. Тоолуу Алтай республикасынын көбүнчө кыргыздар жашаган Онгудай районунда Манас хан көтөрүлгөндө отурган такты таш деп аталган таш жайгашкан. Кызыгы, кийин 1206-жылы Монголдордун башчысы Темучин да ошол таштын жанында хан көтөрүлүп, өзүнө “Чынгыз хан” деген титул алган деген пикирлер жазылып калган.

Кытайдын бизге коңшулаш Шиңжан-Уйгур автоном районунун борбору Үрүмчү шаарынан 160 км. аралыкта Манас шаары бар. Бул шаар азыр заманбап шаарга айланган. Ошол шаардын капталында көөнө Манас шаарынын калдыгы сакталып, Кытай мамлекети тарабынан корукка алынган. Анын кире беришинде “Бул жер Тан империясынын доорундагы байыркы Манас шаарынын орду” деп жазылып турат. Тарыхта Кытайда Тан династиясынын 618-907 жылдары бийлик жүргүзгөнү белгилүү. Бул Манастын доору VII-VIII кылымдарга таандык деген илимий гипотезаны дагы бир ирет тастыктайт.

Андан тышкары Кытайда Манас дарыясы бар. Кытай булактарында X кылымдарга чейин дарыя Ди-и-дэ-Цзян деп аталган да, Сю Сун аттуу кытай окумуштуусу бул өзөндүн 1223-жылдан Манас атала баштагандыгын жазып калтырган. Белгилүү кытай башкаруучусу Елюй Си-лян 1261-жылы бул дарыянын жээгинде болгондугу жана дарыя X—XIII кылымдарда Манас деп аталып калгандыгы жөнүндө маалымат айтылат (Караев О. Ранние сообщения о Манасе. Эпос «Манас» и эпическое наследие народов мира. Тезисы международного научного симпозиума, посвященного 1000-летию эпоса «Манас». Б.: «Кыргызстан»,1995.).

Ушул эле Чыгыш Түркстандын кыргыздар жашаган Ак-Чий районундагы, Кара-Булак айылынын жанында “Манас” эпосундагы башкы каармандардын бири Сыргактын мүрзөсү бар, ал сыртынан караганда азыркы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра жайлоосуна кеткен жолдогу “Сан-Таш” тарыхый эстелигине окшош. Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун Ак-Суу районунун Сапарбай айылында Манастын 40 чоросунун дагы бири Музбурчактын мүрзөсү сакталган. Манас шаарынын 60 км аралыкта Кутубий шаары жайгашкан. Бул шаар Манастын эң алгачкы чоросу Кутубийдин (Саякбай Карала уулунун вариантында Кутунай деп айтылат) атынан коюлган. Бул шаар да азыр заманбап шаарга айланган. Бул шаардын жанында байыркы Кутубий шаарынын калдыгы сакталып, Кытай мамлекети тарабынан корукка алынган. “Манас” эпосундагы каармандардын бири Санжы бий эпостун бардык варианттарында айтылат. Бул кишинин атынан аталган шаар да бүгүнкү күндө өсүп-өнгөн элдүү пункт. Жаңы шаардын жанында көөнө Санжы шаарынын орду сакталып корукка алынган. Ушул айтылгандар “Манас” эпосундагы Манас Бээжинди ээлеп 6 ай хан болгондо өзүнүн чоролоруна кытай жерлерин бөлүштүрүп бергендиги жөнүндөгү эпизоддоруна окшошуп тургандыгын айтпай кетүүгө болбос.

Кыргызстандын бардык жерлеринде Манаска байланышкан аттар учурайт. Анткени, “Манас” термини кыргыз эли үчүн эбегейсиз маанилүү. “Манас” кыргыз элинин жашоосунда руханий да, идеологиялык да, саясий да, керек болсо экономикалык да мааниси зор сөз. Демек, кыргыз эли үчүн “Манас” тек гана эпос, баатыр эмес, ал символ, атүгүл ишеним, дин. "Манас" деген сөздөгү сакралдык маани кыргыз элинин руханий жашоосунда кылымдардан-кылымга өтүп жашоодо, анын уңгусун ар бир кыргыз атадан балага өткөрүп асырап келет. “Манас” деп ураан чакыргандан баштап, Манастын аты менен антташат, Манастан колдоо суранат, Манас деп бир улуу ишти башташат, кыскасы Манас элдин турумушунда, жашоосунда, тарыхында жана күнүмдүк турмушунда кыялында жана болочок максат-милдеттеринде колдонулуучу ыйык түшүнүк, символ болуп келет.

Эң кызыгы Манастагы бардык көрүнүштөр, руханий баалуулуктар кыргыз элинде эң көп учурап, аны атадан-балага, укумдан-тукумга оозеки мурастап келген салт, жогорку руханий дэңгээлдеги белгилер менен коштолгон “манасчылык” өнөрүнүн так ушул кыргыз элинде гана жолугушу да уникалдуу нерсе.

Жогорку маалыматтарды карап олтуруп, “Манас” эпосунун тек “чоң жомок” гана эместигине ынанасың. Албетте, “Манас” биринчи кезекте эпос, болгондо да эпикалык элдик чыгарма. Бирок, ошол эле учурда фантазия да эмес. Евроазия континентинин тарыхында, бардык жашоо ареалында Манаска байланышкан маалыматтардын учурашы аны фантастикалык болумуш деп гана атоого мүмкүндүк бербейт. Демек, Манаста али ачылбаган сырлар көп.

“Манас” деген ысымды тарыхый булактарда жолуктура албагандан кийин, демек биз аны кыргыз тарыхында жашап өткөн Манас ысымындагы реалдуу тарыхый инсан катары издебей, кыргыз тарыхындагы Манастай баркы бар улуу тарыхый инсанга берилген символуу ысым деп түшүнүшүбүз абзел. Андай болгондо Манастай барктуу тарыхый инсандардын катарына кыргыз тарыхынан азырынча ысымдары белгилүү төмөнкүлөрдү кошууга болор эле.

1.Мете-хан же Модэ-Шаньюй. Б.э.ч. III кылым. Байыркы хунну мамлекетинин негиздөөчүсү. Б.з.ч. 201-жылы байыркы кыргыз ээлигин хунну мамлекетине кошуп алган колбашчы.

2.Ли-лин - б.э.ч. II кылымдагы байыркы кыргыз мамлекетинин кагандарынын династиясынын негиздөөчүсү.

3.Аттила (Эдил каган) б.з. IV кылымында Евразиялык Гунн империясынын каганы.

4.Барс-бек – VIII кылымдагы Эне-Сай кыргыз каганатынын каганы, ажосу.

5.Бойла Кутлуг Ярган - IX кылымдагы Кыргыз державасынын мамлекеттик ишмери. 840-жылы Уйгур каганатынын борбору Бешбалыкты талкалап (Манаста Бейжин), Улуу Кыргыз дөөлөтүн негиздеген азырынча аты белгисиз кыргыз каганынын уулу. Суджин жазуусун так ушул адам жаздырган.

6.Тепе (Тапу)Алп Сол – IX кылымдагы Кыргыз державасынын мамлекеттик көрүнүктүү ишмери.

7.Мухаммед Кыргыз – XVI к. кыргыздардын Теңир-Тоодогу бир бөлүгүн бириктирип, өз алдынча мамлекет курууга аракеттенген тарыхый инсан.

Уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-09-2012
Манас баатырдын прототиби жөнүндө
172247

07-09-2012
"Манас” эпосунун өзөктүү окуялары жана аларда кыргыз тарыхынын чагылышы
259475

03-09-2012
Манас баатырдын тарыхыйлыгы
213229

31-08-2012
“Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндө божомолдор
212607

28-08-2012
Манас жана тарыхый чындык
275829

04-10-2011
Үчүнчү доор - Курманжан датка дасыккан саясатчы
260638

04-10-2011
Экинчи доор - Курманжан датка саясий ишмер
256873

03-10-2011
Алымбек датка жана анын Курманжанга болгон таасири
231808

03-10-2011
Курманжан датканын феномени
301799

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×