Добавить статью
8:22, 4 сентября 2012 32847

Ныязаалы Борош  уулу ( 1856 – 1939 ж.ж.)

Кыргыз элинин залкар комузчусу,ырчы, санжырасычы көп кырдуу таланттын кайталангыс өкүлү,калк казынасынын улуттук руханий,маданий мурастарын муундан-муунга тартуулаган Ныязаалы Борош уулу 1856- жылы

Аксы районунун Ак-жол айылында ( мурдагы Кызыл-Жар райнунун Данбагар кыштагында) дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

Бул көркөм инсаны жөнүндө азыркы жаштарыбыз азаноолак эл оозунан ,уламыш кептен, китептен,көркөм тасмалардан жана кыргыздын тарыхий,алтын маданият фондусунун архивинде жазылган күүлөрүнөн билери анык. А бирок,теңири артыкча бийик залкар комузчулук өнөрдүн эбегейсиз масштабтуулугуна да ашкере акындыкты,сөзмөрдүктү,ой-чабыттынын кенендигин,куудулдукту,артистикти жашоонун не бир түркүн кылдарын аң-сезим менен туя билүүнү, вертуоздук кыймылдары аркылуу комуз кылдарынын авазын айкалыштырып,элдин тарыхий салт-санаасын,үрп-адаттын,нарк-насилин,ой-мүдөөсүн,өткөн болумушун,таасын тарыхын билдирүү бөтөнчө чыгармачылык жөндөмдүүлүктү,фантазияны талап этет эмеспи. Так ушундай өзгөчөлүк Ныязаалы Борош уулунда бар экендигин анын замандаштары кыргыз элинин,улуттук өнөрпөздору,шакирттери жана айылдаш тарых кенчи кадырман карылар өзгөчө урмат менен эскеришкен.

Нызаалынын, табияттына жараша бөтөнчө жөндөм же психологиялык өнүгүүнүн жылдызы жангандыгы айтылат.Эс тарткан мезгинен баштап,кыңылдап ырдап,өзүнчө күңгүрөнүп ,боюу-башын кыймылдатып,колун апасы Оңол, тигип берген тери чыптамасынын төшүн жана жаргак шымынын капталдарын черткилеп жүрүп ,тытып жибергендиги айтылат. Ушул мезгил эмоциянын,фантазия элестердин мол жыш таасирлеринин чагылышынын учкуну күч алып,ташып калыптануу учуру болсо керек.

Дагы бир өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, Ныязаалыга таандык жана ошондой эле өнөр өкүлдөрүнө таандык болгон табихий көрүнүш ,галлюцинацияларга чалдыгуу же өнөр пирлерине жолугушуу. Азыркы учурда эл арасында айтылып жүргөн,адам-баласынын аң-сезимине фантазиядай Ныязаалы тууралуу туюлган уламыш кеп бар.

Ныязаалынын атасы Борош, өтө жарды кедей-дыйкан адам экен,Ак-жол айылында, түштүккө карай созулган балык жоондонгон Булуң деген тектирлүү жер бар.Ошол жердин ойдуңуна ээлик кылган Шер аттуу ажыга, атасы Борош мендикер түшүп, эгин айдап,орок оруп, бастырып, жамачылуу алачыгында өмүр даарын өз уруусу Данбагарлардын кожо-жалпак туугандары менен ирегелеш жашап тирилик кылган. Шер ажынын ойундагы жерди өздөштүрүүгө, эс тартып калган Ныязаалы да жардамдашып жүрөт.Азыгы түгөнгөндө атасы Борош, Ныязаалыны карап :

-Айылга бар балам!-базыра аштык жүгөрүгө суу кой ,тамак ала кел!-деп кыштоосуна жөнөтөт,Атасынын айткандарын аткарып ,таңга маал апасы даярдап берген чаначтагы аталасын көтөрүп,нандарын белбоосуна курчанып, Булуңдун сырттын көздөй атасына жөнөйт.Уй чабардын жону менен сырттап келе жатса Сүйүнбайдын аяты деген тектирдеги бактагы түздүү кеңдикте, кылактаган бир топ кыз-келиндер,кызыл-тазыл болуп эле, кыз оюн куруп жатышкан экен. Ныязаалы таң калып, кайдагы кыз-келиндер ! – деп делдейип туруп калат,Бир топ убакыт тургандан кийин, кыз-келиндердин арасынан бирөөсү, перидей сулуу кыз, суурулуп чыгып келип, Ныязаалыны билектен алып арбап, кыз оюнга кошуп,кетет. Ошол аруу сулуу , Ныязаалыга комуз алып келип черткин, биз бийлейбиз!-дейт,Ойноо бала,жакын туууганы, абасы Ибрайымдан ( Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун чоң атасы) үйрөнгөн «Аксылыктын ырчы» күүсүн чертет. Кайрыгы түгөнгөндө, комуздун кулагын бурап күүгө салууга аракет кылса эле , керемет аваздар чыгып,бүткүл сезими берилип,көл - шал болуп тердеп черте берет.Ак куудай болгон Кыз-келиндер бийлешип,ырдашып,күндүн кандайча кеч киргенин туйбай калышат. Каш карайганда,алиги комуз берген ийнеликтей буралган сулуу пери кыз:

- Ныязаалы!- комузду биз алып кетмейинче ,эчкимге бербе !-деп коштошуп ,кыз-келиндер менен кошо тарап кетет.

-Эсине келген Ныязаалы, атасына барбаганына кайыл болуп, комузун колтугуна катып, кыштоодогу үйүн көздөй жөнөйт.Апасы Онол, астынан тосуп чыгып уулунун колтугундагы комузун көрүп ,абдан аземделген көркөм кооздугуна ,өзгөчөлүгүнө таңданып жана тегин эместигин түшүнөт.Зирек,пакиза апасы уулун издеп, дүрбөөлөңгө түшүп келген

атасына көрсөтүп ,комузду черттирип көрүшүп, ыйык сырды түшүнүшүп Теңирге таазим кылышат. Таң кууланөктөн турушуп ,ак сары башыл эчкисин сойуп түлөө өткөрүшүп, журт чакырып бата тилешет,Ошондо он эки жашар Ныязаалыны ,элдин бийи Ибрайым атынан түшүп,Ныязаалыны көтөрүп мингизип, комуз чертирип, күүлөрдү муюп угушат. Шер ажы баш болгон Данбагарлар бата беришип, бешенесинде периште ойногон ,жоломосү бар балага өмүр тилешет.

Шер ажы,күмүш чөгөрүлгөн ,азем жабдыктуу күлүк атын тартуу кылат.Өмүрүнүн аягына чейин Ныязаалы,өмүр шериги комузу менен ажырабай, улуу наамакөйлөрдүн комуз күүлөрүн,айткан дастандарын ,санаат,насыят ырларын ,өзү да кошуп толуктап,абдан элестүү кылып чертип , көркөмдөп айткандыгы менен айрымалангандыгын замандаштары жана көркөм өнөр сересиндегилердин жана ошол замандын мыкты инсандарынын айкандары күбө.

Так болсун үчүн кээ бир тарыхий фактыларга кайрылалы,Алай ханышасы,Кыргыз каныкеси Курманжан датка айым энебиздин Ныязаалыга берген баасы бу экен:

-Комуз күүсүнө уютат экен,жумуру баштуу,айры төштүү пендеден тең келери жок экен, а бирок оозунда сөзү чен экен, чен болсо да жаныңды жандатка чыгара

сүйлөп,ырдайт экен!,-деген туура. Ал эми замандашы, курбалдашы жеңилбеген Жеңижокту (Өтөнү ) комуз коштоп ырдоого үйрөткөнүн Жеңижок өзү төмөндөгүдөй ырдаган экен;

Нөшөрлөтүп ыр төгүп,

Наамакөй деп атандым.

Кол ойнотпой комузда,

Кара бакшы атандым.

Кылымда мындай туулбас,

Кыргызга келген белегим,

Кыялы айкөл өзгөчөм,

Комуз пирлүү жан досум,

Ныязаалы устатым!....

Ал эми тоо булбулу Токтогул, өмүрүнүн аягына чейин эле Ныязаалыны комуздун пири! –деп атап,устатым деп эскерген туура.

«Жеңижок абам барда ыр ырдабаймын,Ныязаалы таякем барда ,комуз кылын күүлөбөймүн» !-деген чыныгы адамдык насил,айкөлдүк менен берген баасы үчүн Токтогул менен Жеңижок Ныязаалынын батасын алып,улуу акындардан болгондугу ушунданбы!-деген ойго да кабыласың.

Токтогул Сибирден келгенден кийин Аксыга келип ,залкар комузчуга жолугуп,арман черин жаза сүйлөшүп,көңүлдөрү кушубак болгон мезгилде Токтогул;

-Таяке!- мен баягы Кербез күүсүн Чоң кербез !- атадым деп көөшүлүп абдан черткен дейт,Ныязаалы кунт коюп угуп олтурат,Токтогул чертип бүткөндөн кийин комузун Ныязаалыга сунганда:

- Комузун колуна алып, бир жанып ,Токтогулга кайтарып:

-Өзүбүздүкү менен чабалы !-деп жүккө жөлөнүп турган чыкканактай комузун алып,кулагын толгоп, Чоң кербездин кайрыгына кайрык улап,абдан көркөмдөп,маржандай миң кубултуп ,аягында мындайча үн кошкон дешет:

Жер көйгаптан жөө басып,

Жети сан түркүн эл таанып.

Тири шумдук турмушту,

Туюп келген бул Кербез.

Улуу тоону кыйбастан,

Ур-токмокко муйбастан,

Кыраан туйгун куш сымак,

Кыр,түзөңдү сабалап,

Туурун тапкан бул Кербез!

Табийхатын дулдулдай,

Туйлап чуркар булКербез.

Туу чокусу калкымдын,

Токтогулдун бул Кербез.

Түбөлүктүү мураска,

Кала турган кыргызга,

Токтогулдун чоң Кербез!-деген туура кайран залкар.

Ныязаалынын өзгөчө белгилей кетүүчү жагдайы,башка өнөрпөздордон айрымасы,ал ар бир күүнүн тарыхын,таржымалын, икаясын айткандыгында, аны фактыласак 1936-жылы өткөн Кыргыз таланттарынын биринчи олимпиадасында залкар комузчу Шыңгырама ,Терс кагыш ,жана Арсар күү ,деген залкар күүлөргө сөз кошуп ырдап,кыймыл аракеттерди комуз күүсүнүн ыргактарына ылайык келтирип,комузун бирде башына ,бирде аркасына ,желкесине ,таман астына алып барып черткенде ордо кааладагы алты дубандан келген,атагы таш жарган күлдүү журттун бир коруму мыкты талант,наамакөйлөр Ныязаалынын бир бучкагына тең келбесине ынанышакан экен. Ал эми СССРдин борбору Москва шаарында өтүүчү Кыргыз ССРинин декадасына карата өнөрпөздорду тандап жаткан өкмөттүк деңгелдеги калыстар тобу улуттук аспап комузда ойноодо Ныязаалы Борош уулун олимпиаданынын жеңүүчүсү деп табышып, 500 сом сыйлык жана баалуу белектер менен сыйлашкан. Олимпиаданын калыстар тобунун мүчөлөрү болуп катышкан , улуу композиторлор В,Власов менен В,Фере Ныязаалынын табихий нукура таланттына таңданышып,өнөрүн өтө жогору баалашып:

-Бир топ солстер,улуттук ырларды аткаруучулар жогорку чеберчиликти көрсөтүштү,Сексенге чыккан комузчу Ныязаалы Борошев жана башка өнөрпөздор улуттук музыкалык аспаптарда ойноодо анык вертуоздор!-деп өзгөчө Ныязаалынын атын атап белгилешкен. ( Кыргыз СС Министрлер Советтинин алдындагы башкы архивинен)

Ныязаалынын көзүн көрүп,күү,ыр,дастандарын уккан кадыр кутман карылар Аксы районунун Ак-жол айылынан Станбеков Исабек,Тегене айылынан Сүйнаалы,А,Атаяров,Ажар Уметалева,Кечүү айылынан Дүйшөбаев Арстеке, Кара-Суу айылынан Алымкулов Ырсаалы,Ныязаалынын күүлөрүн жана ыр,дастандарын изилдеген Ала-Бука районунан журналист,мугалим Рыскулов Калмураттар төмөндөгүдөй күүлөрүн :

Шырдакбектин боз жорго, Кыпчактардын кайгысы, Кайран Полот –хан, Балам жок, Өз жеринен азган Бабурдун арманы, Ибрагим саруунун икаясы , Көк-сулуу, Кар-Теке бой-бой, Кер-толгоо, Арсар күү, Кыз ойготор, Терс кагыш, Шыңгырама, Дүрбөлөң, Өттү кетти балалык, Карача торгой кайбылда, Сары- барпы жана башка залкар күүлөрдү чертип,ыр коштоп аткарганын эскеришкен.

Залкар талант өз өнөрүн жана үлгүсүн Токтогулга,Калыкка,Атай,Эркесарыга, Шекербекке,Корголго,Үмөтаалыга жана башка кыргыз элинин залкар наамакөйлөрүнө үйрөткөндүгүн, ошондой эле Ныязаалынын үйүндө улуу муундагы кайталангыс залкар талаттар өнөр үйрөнүп жашап жүргөндүгүн, залкардын журтташтары өтө көп эскеришкен.Ошол эле мезгилде алар тарабынан карама –каршы пикирлер да айтылган. Мисалы:

Атайдын (Маш ботой) күүсүн,Уметалева Ажар Тегене айылынын тургуну,ушул күү Ныязаалы атабыздын «Дүрбөлөң»!- деген күүсү болчу, Атай жатып,конуп жүрүп үйрөнгөнүн билемин.Кийин Ныязаалынын көзү өткөндөн кийин 1950-жылдардан соң радиодон күүнү уктуруп,Атайдын « Маш ботойу» ! –деди. Уккан кулагыма ишенбедим, Себеби Ныязаалы атабыздын элеси көз алдымда турат:

Ажар!-үйрөнүп ал,Бул күү сезимге бат сиңет,Атаң да өтөт дүйнөдөн,мен да өтөмүн дүйнөдөн!-деп маңдайына олтургузуп алып,комуздун учун тиштетип, кайрыр эле жарыктык.Атам да ,мыкты комуз чертер эле.Атам экөөсү өтө жакын дос,замандаш эле!-деп эскерген эле маркум Ажар энебиз.

Алтын фондуга жазылып калган «Арсар күүсүн» !- белгилүү музыканттар Б,Кулболддиев менен Н,Р,Миронович ноталаштырып эң сонун уккулуктуу (Концертино) жазып чыгышкан,Карача торгой кайбылда»!- күүсүнун икая, тарыхын Ооганбек Станбеков «Боюн жашырган тулпар» китебинде Шам басмасы Т,Суванбердиев атындагы Кыргызполграфкомбинаты-1997-ж, жазган.

Өмүрү Совет мамлекеттинин куралуу мезгилине туш келген кайталангыс залкар талант, Ныязаалы атабыздын көп кырдуу талаттарынын учкундары гана бизге жетти. Биздин алдыбызда Ныязаалы атабызга таазим кылар көптөгөн милдеттер турат,Изденели жана изденип эмгектенүү гана керек!...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×