Добавить статью
9:09, 7 сентября 2012 294257

"Манас” эпосунун өзөктүү окуялары жана аларда кыргыз тарыхынын чагылышы

Манас жана тарыхый чындык

Уландысы - 7-макала

Манас баатыр тарыхый инсанбы?

б)“Манас” эпосунун өзөктүү окуялары жана аларда кыргыз тарыхынын чагылышы

Эгер биз “Манас” термининин айланасында ой жүгүртүп, Манас баатырдын прототибин издей турган болсок, анда эң биринчи кезекте “Манас” эпосунун өзөктүү окуяларын таап, алардын кыргыз тарыхындагы чагылышын анализдешибиз керек.

Окумуштуулардын басымдуу көпчүлүгү Манаста кыргыз тарыхынын 5 доорунун тарыхый окуялары камтылгандыгын мойнуна алышат.

Алар: Биринчи - б.з.ч. VII кылымдан б.з. V кылымына чейинки байыркы көчмөндөрдүн жашоосу. Бул мезгил түркө-монгол элдеринин баатырдык доору болуп, анын натыйжасында баатырдык эпостордун жаралышына шарт түзүлгөн. Манас эпосу да ошол шартта түзүлүшү мүмкүн деген пикир бардыгын жогор жакта айтып өттүк.

Экинчиси – Түрк жана Кыргыз каганттары доору (VI-X кылымдар). Бул доорлордо азаттык үчүн, мамлекеттик үчүн күрөштөр активдүү жүрүп, анын капшабы менен баатырдык эпостордун калыптануусу жаңы этапка өсүп чыккан. “Манас” эпосунун жаралуу доору ушул мезгилде болгон деген пикирди белгилүү окумуштуулардын, илимий манас таануучулардын басымдуу көпчүлүгү жакташат.

Үчүнчүсү – б.з. X кылымынан баштап Улуу Талаадагы саясий үстөмдүк түрк урууларынан, анын ичинде кыргыздардан, монгол тилиндеги урууларга өтө баштаган. Түштүк Сибирдеги бул саясий кырдаалда бир катар түрк элдери, анын ичинде кыргыздар Орто Азияга, Теңир Тоого ооп, жаңы конуштарды ээлеген. X-XII кылымдарда Кыргызстан карахандар дөөлөтүнүн курамында болуп, түрк цивилизациясынын “гүлдөө доорун” салтанаттаган. Бул шартта баатырдык эпостун өнүгүүсү андан ары уланып, анын адабий мүнөзү жакшырган, толукталган.

Төртүнчү доор - XII кылымда кидандардын жапырыгы башталып (Елюй), аны Чыңгыз хандын коошундары уланткан. Түрк цивилизациясынын гүлдөгөн жетишкендиктерине сокку урулган, түрк этносторунун, анын ичинде кыргыздардын азаптуу, эзилүү мезгили башталган. Бул мезгилде баатырдык эпос, анын ичинде Манас эпосу элдин духун көтөрүүгө, күчтү бириктирүүгө, азаттыкка чыгууга жана мамлекеттүүлүктү калыбына келтирүүгө үндөгөн. Демек, баатырдык эпостун социалдык, гуманитардык жана руханий-тарбиялык мааниси жогорулап, анын стилдик жагы да андан ары өнүккөн. “Манас” эпосунун жаралуу мезгили үчүнчү жана төртүнчү доорго таандык деген божомолдор бир катар изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде учурайт.

Бешинчи - XV—XVIII кылымдардагы калмак жапырыгы менен кармашуу доору баатырдык эпостун мекенчилдик ролун жогорулатып, азаттык үчүн, мамлекеттүүлүктү калыбына келтирүү үчүн болгон күрөштөр “Манас” сыяктуу эпосту биротоло калыптандырып, ага эпопеялык мүнөз берип, элдин өткөн тарыхынынын улуу энциклопедиясына айландырган. Бул мезгил, ошентип “Манас” эпосунун акыркы калыптануу доору болуп калган. Айрым бир окумуштуулар “Манас” эпосу ушул мезгилде жаралып, анын мазмунуна мурунку өткөн окуялар да камтылган деген пикирде.

Негизинен, жогорку келтирилген беш доор тең эпосто чагылып турат деген пикир туура. Бирок, “Манас” эпосунда биринчи кезекте кыргыз элинин башынан өткөн баатырдык доорунун эң ийгиликтүү жана жемиштүү, же кайгылуу мезгилдери чагылган. Андай мезгилдердин алгачкысы биздин заманга чейинки III-I кылымдардагы хунну мезгилиндеги окуялар, кийинкиси VI—IX кылымдардагы Енисей кыргыз кагантынын түптөнүү жана өнүгүү доорундагы, андан ары IX—X кылымдардагы “Улуу Кыргыз Дөөлөтү”, XI-XII кылымдардагы кара-кытайлар менен болгон кармаштар, XIII-XV кылымдардагы монгол жапырыгы менен Моголистан мезгилиндеги окуялар, XVI-XVII кылымдардагы ойрот-жунгар чабуулдары жана кыргыз элинин азаттык күрөштөрүнө байланыштуу тарыхый фактылар эсептелет.

Бул жерде “Манас” эпосундагы сюжет Манас баатырдын тарыхый инсан катары жашап өткөн мезгилинен кийинки гана окуяларды чагылдырып турат деген так кесе пикирден алыс болуу зарыл. Эпостун байыркы пластына Манас баатырдын тарыхый жашап өткөн мезгилинен мурунку кыргыз элинин тарыхындагы “эсте калган” ири окуялар да орун алышы толук мүмкүн. Ошентип, “Манас” дастанынын эпикалык ядросу кыргыз элинин биздин жаманга чейинки III-I кылымдарындагы, кийин айрыкча биздин замандын VI—IX кылымдарындагы тарыхый окуяларга байланышып турат деген пикир илимий жактан туура божомолго кирет деген пикир алгылыктуураак.

Кыргыз элинин башынан өткөн кыйын кезеңдерде, мисалы, көк түрктөр менен болгон айыгышкан кармаштарда (VIII к.), “Улуу Кыргыз дөөлөтүнөн” кийинки башталган кара-кытайлар менен болгон күрөштөр мезгилиндеги алсыроо доорунда (XI-XII кк.) мурунку өткөн окуялар оозеки эпикалык фольклор таризинде кайрадан иштелип, элдин рухун көтөрүүгө мекенчилдикти күчөтүүгө багытталган. Ал эми монгол жапырыгынан кийинки доорлордо, айрыкча калмак-кыргыз согуштарындагы XVI—XVII кылымдардагы көз карандысыздык үчүн күрөш доорлорундагы окуялар калыптанып калган эпостун сюжетин улам күчөтүп, ага катышкан персонаждардын санынын көбөйүүсүнө, окуялардын байыркы пласттарына эл тарыхынын жаңы окуяларын кошуу менен татаалданып олтурган.

“Манас” эпосунун өзөктүү окуяларын иликтөөдө жана анын жаралуу доорун аныктоодо атактуу чыгыш таануучу Л.Н.Гумилевдин “пассионардык” теориясы бир топ жардамын тийгизет (Гумилев Л.Н. Этногенез и биосфера Земли.-М., 1993; Ошол эл автор.Тысячелетие вокруг Каспия.-М.,1993.). Окумуштуунун пикири боюнча IV кылымдын орто ченинде Тынч океанынан келген муссон Улуу Талаага жан киргизип, көчмөндөр жашыл жайыттарга карай тароо менен, саясий ири өзгөрүүлөр башталат. Так ушул мезгилдерге Алтай чөлкөмүндөгү темир иштетүүнүн башталышы чоң таасирин тийгизген. Мурун хунну доорунда темир Тибет менен Кытайдан алынып келинчү. Металл иштетүүнүн башталышы легендарлуу Ашинага таандык болгон. Ошентип, Ашина тукумунан алгач Улуу Түрк каганаты (552-604), анын капталында Енисей Кыргыз каганаты (VII-VIII кк.) пайда болуп, Улуу Талаада болуп көрбөгөндөй саясий өзгөрүүлөр жүргөн. Пассинардык түрткү – элдин тарыхы үчүн жаратылыштагы кургакчылык же суу каптоодой эле мааниси бар көрүнүш. VI-VII кылымдарда Меккадан Японияга чейинки чөлкөмдөрдө элдердин жандануусу ушунчалык күчтүү болгон, натыйжада мурунку уруулук түзүлүшкө негизделген социалдык система кыйрап, анын ордуна жаңы этностор жаңы коомдук түзүлүштү калыптандырып, “эл” системасы кирген. Так ушул мезгилдерге Барс-бектин башкаруу мезгилине тийешелүү Енисей Кыргыз каганатынын коомдук жашоосунун ийгиликтери таандык.

Түрк каганатынын алсыздыгынан пайдаланган Кытай Улуу Талаага үстөмдүк кылганы менен 682-жылы Кутлуг Эльтерес-хан Түрк каганатын кайрадан жандандырган да 745-жылга чейин кытай баскынчылыгынын мизин кайтарып турган. 6 жылдан кийин, тагыраак айтканда 751-жылы Кытай армиясынын Талас салгылашуусунда жеңилишинин тарыхый зор мааниси болгон. Ошол доорлордо Кытай түндүктө кидандардан, түштүктө Тибет хандыгынан да олуттуу сокку жеген. Уйгур каганатынын улам жогорулоосу Кыргыз каганатынын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип, Улуу Талаадагы тең тайлаш 822-жылдан башталган кыргыз-уйгур согуштарын пайда кылып, ал согуштар 846-жылы Уйгур каганатынын кыргыздар тарабынан биротоло талкаланышына, атүгүл уйгур элинин Түштүк-батышка же Чыгыш Түркстанга карай оошуна алып келген. Бул саясий оош-кыйыш б.з. IV-V кылымдарында башталган түрк элдеринин, анын ичинде кыргыздардын пассионардык чыңалуусунун натыйжасы эле.

Демек, “Манас” эпосундагы өзөктүү окуялар так ушул Улуу Талааны укмуштуудай өзгөрүүлөргө алып келген пассионардык чыңалууга байланыштуу болуп жүрбөсүн. Анткени, пассионардык чыңалуунун Улуу Талаадагы көчмөндөрдүн саясий өнүгүүсүндөгү негизги өзөгү мамлекеттик түптөө жана өз алдынчалык саясий жашоого жетишүү болуп эсептелген. Евразия континентиндеги бардык элдердин тарыхында так ушул негизи өзөк саясий өзгөрүүлөрдүн стержени бойдон калып олтурат. Бул мыйзам ченем кыргыз элинин ошол мезгилдеги тарыхына да тийешелүү. Улуу Талаада “өз ордун таап, өз алдынча түтүн булатууга” умтулган тарыхый инстинкт жогоруда айткандай биздин замандын IV-V кылымдарында башталган этникалык улуу бурулуштун (пассионардык түрткүнүн) таасири менен кыргыз урууларына саясий жактан активдешүүгө алып келди да, VI-IX кылымдардагы Енисей кыргыздарынын тарыхы негизинен өз алдынчалык үчүн күрөштөргө жана мамлекеттикти түптөөгө тикеден-тике байланышып өнүккөн. Ошондуктан басма сөздөрдө жана илимий кеңешмелерде манас таануучулардын көпчүлүгү тарабынан айтылып жүргөн пикир — эпостун негизги идеялык мазмуну кыргыздардын баскынчыларга каршы болгон баатырлык аракеттерине байланыштуу деген пикир чындыкка туура келет (Юнусалиев Б. Кириш сөз.//Манас. Биринчи бөлүк. I китеп. – Фрунзе: Кыргызмамбас. – 1958. – 13-б.).

“Манас” эпосундагы негизги өзөк-идея, ошентип, элди бириктирүү, мамлекет куруу, мекенди коргоо жана аны сактоо, кыргыз жерин кеңейтүү жана өнүктүрүү болуп саналат. Эпостогу окуялар ушул идеянын айланасында өнүгөт. Демек, Манас эпосунун азыркы күнгө чейинки бизге белгилүү варианттарынын баарында төмөнкүлөр өзөктүү окуялар катары камтылган:

Кыргыз элинин тышкы душмандардын соккусунан бөлүнүп-жарылышы. Ногой хандын же Ороздунун он уулунун туш-тушка тарашы, кыргыздардын айрым бөлүгүнүн Ала-Тоодо (Теңир-Тоодо) калып, калгандарынын Ирандан, Тибеттен тартып, Алтай, Сибирге чейин тарап кетиши;

Он уулдун бири Жакыптын Алтайды туруктап, ал жерде Манастын төрөлүшү, балалык чагынын өтүшү;

Манастын өз ата-мекенин издеши, Ала-Тоо, Ысык-Көл, Чүй, Талас, Фергана өрөөндөрүндөгү алгачкы кармаштар жана кыргыз жерлерин бошото башташы;

Алтайдан Ала-Тоого көчүү;

Манастын Самарканд, Букара, Ургенчке чейинки жортуулдары жана Каныкейге үйлөнүшү;

Көкөтөйдүн ашы жана чоң чатактын башталышы;

Калмактарга каршы чоң казат;

Чоң казаттын жыйынтыгы жана Манастын өлүмү;

Манастын урпактарынын ишмердиги жана кыргыз элин бириктирүүнүн андан ары уланышы.

Манас эпосунун башындагы кыргыздардын бытырандылыкка учурап, баскынчылар тарабынан күч менен ар кайсы жакка таратылып көчүрүлүшү жөнүндөгү окуя (Ороздунун он уулунун таратылышы) кыргыз тарыхынын фактысы катары биздин заманга чейинки мезгилдерде чынында эле болуп өткөн. Окуялар кытай жылнаамаларындагы маалыматтарда кезигет. Анда кытай империясына кызмат кылуудан баш тартып, б.з.ч. 49-жылы хуннулардын шанүйү Чжи-Чжи өзүнүн кошуундары менен Чыгыш Түркстандагы бир катар урууларга, алардын ичинде усундарга каршы жортуул баштагандыгы, аларды өзүнүн кол алдына бириктирүүнү көздөгөндүгү айтылат (Бернштам А.Н. Из истории гуннов I в. до н.э. (Хуханьеи Чжи-Чжи шаньюй). СВ,т. 1, 1940.). Чжи-Чжи б.з.ч. 49-46-жылдары Чигучан – Кызыл өрөөн аталган борбор шаары Ысык-Көлдүн азыркы Түп районунда жайгашкан усундарды, Балхаш көлүнөн түндүк-чыгышка карай созулган аймактарда жашаган угелерди (уйгурларды), алардан түштүк-батышыраак аймактарда жашаган цзянь-кундарды, динлиндерди талкалаган (Ц я н ь х а н ь ш у, гл. 496, л. 56; Б и ч у р и н И. Собрание сведений..., ч. 1, стр. 77.). Динлиндер деп аталган уруулар кадимки Түштүк Сибирь динлиндери эмес. Бул жерде сөз кытай жылнаамаларында жалпысынан динлиндер деп атаган Тянь-Шанды жана анын тоо тармактарын камтыган аймактарда жашаган кыргыздардын бир бөлүгү жөнүндө болуп жатат. Дал ушул батыштагы цзянь-кундардын (кыргыздардын) ээликтерининин ичинде Чжи-Чжи өзүнүн ордосун жайгаштырган (Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы жана археологиясы боюнча тандалма эмгектер А.Бернштам / http://www.bizdin.kg).

Ушул окуядан кийин Чжи-Чжи түштүктү көздөй, усундарга каршы экинчи жортуунун баштайт (Бернштам А.Н. Археологическйй очерк Северной Киргизии. Фрунзе, 1941, стр. 48). Ошол мезгилде Каңгюй уруулар союзу мамлекетинин чет-жакаларында тынчтыкты камсыз кылуу максаты менен коңшу Усун мамлекетине каршы күрөшүүгө Чжи-Чжи башында турган түндүк гуннуларды жардамга чакырган болучу. Натыйжада Чжи-Чжи Талас өрөөнүнө басып кирет. Цзянь-кундардын ээлигинен усундарга карай жортуулда байыркы кыргыз уруулары да Чжи-Чжинин аскерлеринин курамында болгондугу, алар түндүк Тянь-Шандын тоо этектерине жана Талас өрөөнүнө чейин жеткендиги кытай жылнаамаларынан ырасталып турат. Бул жортуул б.з.ч. 47—46-жж. кышында болгон (Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы жана археологиясы боюнча тандалма эмгектер А.Бернштам / http://www.bizdin.kg). Ушундан кийин жогорку Талас шанүй Чжи-Чжинин ордосу болуп калат да, 10 жылдан кийин, башкача айтканда б.з.ч. 36-ж. кытай кол башчылары Чэнь Тань жана Гань Янь-шоу тарабынан талкаланган (Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы жана археологиясы боюнча тандалма эмгектер А.Бернштам / http://www.bizdin.kg). Бул окуялар цзянь-кундардын (кыргыздардын) бир бөлүгүнүн батышта (башкача айтканда Таласта) мекендеп калышына себеп болгон. Бул фактыны биздин замандын III к. ортосу ченге жакын мезгилге таандык кытай булагы Вэйлио да белгилейт. Келтирилген фактылар байыркы кыргыздардын эки бутакка бөлүнүп кеткендигин, алардын көпчүлүк бөлүгү Енисейде (бул бөлүктүн базасында VI—X к. кыргыз мамлекети келип чыккан), экинчиси Тянь-Шань аймагында отурукташып, азыркы Кыргызстанды алгачкы мекендеген бөлүгүн түзгөндүгүн ишенимдүү көрсөтүп турат.

Эгер биз азыркы кыргыз тарыхнаамасындагы кыргыз элинин келип чыгышына байланышкан сактар жана усундар кыргыздардын азыркы Кыргызстандын аймактарында жашаган эзелки ата-бабалары катары кабыл алынып келе жаткан илимий корутундуларды олуттуу түрдө эске ала турган болсок Манас эпосундагы Ороздунун он уулунун туш-тарапка таралышы сактардын, усундардын хунну уруулары менен чабыштары жүргөн биздин эрага чейинки IV-I кылымдардагы саясий окуяларды чагылдырып турат деп санашыбыз эп.

Жогоруда аталган тизимдеги өзөктүү окуялардын экинчиси кыргыздардын бир бөлүгүнүн Алтайдагы жашоосу жана андан кийин мурунку ата-мекени болуп саналган Ала-Тоону кайрадан ээлөө жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн болгон жортуулдар болуп саналат. Демек, Манастын, же болбосо Манастай кайсыл бир кыргыз баатырынын же кол башчысынын жашаган доорун издөөнүн ачкычы так ушул өзөктүү окуяны иликтөөдө турат деген божомол туура болуусу мүмкүн.

Эпостун сюжетинде Манас баатыр эресеге жеткенде терең ойго батып, алыстагы Ала-Тоо мекени, ар кай жерде андаалап калган ак калпак кыргыз эли жөнүндө күнү-түнү толгонуп, тынч алып уйку ала албай, сарсанаага батат. “Жердеп турат жеримди, ээлеп турат элимди, Текес менен Алооке, кетирип турат кебимди”, деп намысынан ичи өрттөнөт. Акыры кайра жаачу булуттай, каар бетине айланып: “ак асаба, кызыл туу, аягын жерге сайбасам, асабасын жайбасам, атым өчүп калбайбы, атамдан калган Ала-Тоо, Алтайда калбай албасам” – деп так кесе бир чечимге бекийт деп жазылат эпостун кара сөз түрүндө. Элди жыйып, Манас Ала-Тоо мекенибизге кетпесек болбойт, алтымыш уруу журтубуз жыйылбаса болбойт. “Энеден не деп тубамын, эрлердин жолун кууамын, эзелки жерим албасам, эс алып кантип сууамын” – дейт. Чоң жыйынга чогулгандар дуулдашып, хан Манас кебин бир ооздон макул табышат.

Ошентип, кыргыздардын жашоо турмушу, анын ичиндеги өзгөчө мурунку ата-мекени болуп саналган Ала-Тоону кайрадан ээлөө жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү аракеттери кыргыз элинин б.з. VI-IX кылымдарындагы тарыхый окуяларын чагылдырат. Так ушул доордо кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү максатында жортуулдар уюштурулуп, ал жүрүштөр кыргыз элинин байыркы мекени болгон Ала-Тоого, Теңир-Тоого карата багытталган. Бул окуяларда азыркы кыргыз тарыхнаамасында уламдан-улам тастыкталып келе жаткан кыргыз элинин келип чыгышына байланышкан илимий гипотезалар жатат. Кыргыз элинин түпкү куралышы Туранияда (Мавереннагрдан Алтайга чейинки мейкиндик, анын ичинде Теңир Тоонун айланасы) башталып, саясий кырдаалдарга байланыштуу биздин заманга чейинки биринчи миң жылдыктын III кылымдарында Чыгыш Түркстандан жогорку Боро-Хоро тоо кыркалары ченде мамлекет куруп, биздин замандын VI-IX кылымдарында Түштүк Сибирде жана Алтайда кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүп, X кылымдардан баштап акырындык менен мурунку ата-мекенине кайтып, ал жердеги эски кыргыздар жана башка түрк урууларын кошуп алуу менен XVI кылымдын башы ченде биротоло Ала-Тоону мекендеп калган деген тыянактын түпкү мазмунунда Манастагы мурунку ата-мекени болуп саналган Ала-Тоону кайрадан ээлөө жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү идеясы чагылып турат деген ойдобуз.

Кыргыз элинин экинчи чачырашы жогорку айтылган окуялардан миң жылдан кийин X кылымдын баш ченинде кара кытайлардын (кидан) кыргыздардын Енисей тараптагы бөлүгүнүн мамлекеттүүлүгүн (Улуу Кыргыз державасы) бузган чабуулу менен кайрадан кайталанган. Күчтүү Кыргыз дөөлөтүнүн бирдигин бузган кара кытайлардын чабуулуна байланыштуу элдин өмүрүндөгү мындай эң оор кезең эл эсинде калып кыргыз душманы ушундан кийин эң биринчи кезекте "кара кытай", "кытай" деп атала баштайт. X кылымдан тартып кыргыздар башынан кечирген унутулгус тарыхый окуялар, XII–ХШ кылымдарда моңголдордун үстөмдүгүнө каршы кыргыздардын төрт жолу көтөрүлүш чыгарышы (Киселев С.Б. Древняя история Южной Сибири. -М., 1951.-564-б.) андан кийин ойроттордун, калмактардын, манжуулардын эзүүсүнө каршы күрөштөр ошентип эпосто кеңири чагылдырылган. Демек, кыргыздардын эсинде көбүрөөк сакталган соңку жоо – жуңгарлар (калмактар) менен күрөш болгондуктан, алар жөнүндөгү окуялар эпостон көбүрөөк орун алып, андан мурунку окуялар менен аралашып кеткен.

Кыргыздардын Алтайдан Ала Тоого көчүүсү XVI кылымдагы тарыхый булак Маджму-атут-Таварихте жайгашкан материалда да чагылып тургансыйт. Андагы маалыматта Манас алгачкы жолу кыргыз элинин башчысы катары кыпчак уруусунан чыккан бай Жакыптын уулу Каркара хандын небереси деп берилет. Бирок, Манастын кайсыл мезгилде жашап өткөндүгү жөнүндө Маджму атут-Таварихтен маалымат табуу кыйын. Ал эми Каркар-хан жөнүндө маалымат араб булагы "Худуд ал-Аламда" биринчи жолу кезигет. Бул маалымат 840-жылдан кийин Ала-Тоого карай жылган кыргыздар X кылымдын чегинде Каркара-Жетени жердеген фактыны чагылдырышы толук мүмкүн. Маджму атут-Таварих боюнча Манастын эли Каркара-Жетени жердеген кыпчактар менен Ульмас-Куланда жашаган Жети-кашка кыпчактар болгон деп айталат. Ал эми жети-кашкалардын башчысы Ак-Темир-кыпчак болгон. Каркара жерине Чыгыш Казакстандагы Тарбагатай тоолорунун аймактары кирген кыргыздардын арасынан эң биринчи болуп Касан шаарына туруп, ислам динин таратуучулардын белгилүү ишмерлеринин бири сеид Мир Джалилге так ушул Ак-Темир-кыпчак уулдары: Дөөлөт-яр, Худа-яр, Муса-яр, Иса-яр, Али-яр, Туле-яр жана Берди-яр менен бирге келип таазим кылгандыгы айтылат (Кыпчакско-древнекыргызский симбиоз.//Материалы раздела "кыргызы" www.eurasica.ru/).

Кыргыз элинин эсиндеги мурунку жана кийинки окуялар мифологиялык, архаисттик мүнөздө Эр Төштүктүн окуясы, Жакып хан, анын уулу Манас (б.з.ч. 1 миң жылдыктын башындагы иудей пайгамбары Якуб жана анын уулу Манассия (Мадылбай Т. Жакып менен Манас, Иаков менен Манасси.// Көк нуру гезити, 01.06.2005; Ричард Х. Я хочу показать кыргызам всю красоту их культуры.// ИА «24.kg»,20/11-2006), Өгүз минген Мады-хан (б.з.ч. III кылымдагы Хунну падышасы легендарлуу Мете шаньюй, Өгүз каган), Ороздунун он уулунун туш тарапка чачырашы (кыргыздардын эзелки ата-бабалары болушкан сактардын, усундардын хунну уруулары менен чабыштары жүргөн биздин эрага чейинки IV-I кылымдардагы саясий окуялар), Алмамбеттин алгач Көкчөгө, кийин Манаска кошулушу (б.з.ч. II кылымда алгач хунну шанүйүнүн карамагында болуп, кийин Боро-Хородогу Кыргыз мамлекетинин династиясынын негиздөөчүсү болуп калган Ли-Лин), Жолой (1137-жылы Баласагын шаарын талкалаган кара-кытай ханы Гурхан Елюй-Даши), Алооке, Эсен хан, Коңурбай (XV-XVI кылымдардагы ойрот-жунгарлардын башчылары Эсен-коң тайчжи жана башкалар), ошондой эле кыргыз элинин VIII кылымдан XVIII кылымга чейинки миң жыл бою басып өткөн жолундагы түрдүү саясий кырдаалда түрдүү элдер жана уруулар менен болгон алакалары жөнүндөгү окуялар Манас эпосуна эски-жаңы болуп кабатталып, келки чоң жомок катары куралып чыккан деп айтууга болот.

Уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-09-2012
Манас баатырдын прототиби жөнүндө
200867

03-09-2012
Манас баатыр тарыхый инсанбы?
251279

03-09-2012
Манас баатырдын тарыхыйлыгы
240639

31-08-2012
“Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндө божомолдор
237887

28-08-2012
Манас жана тарыхый чындык
312969

04-10-2011
Үчүнчү доор - Курманжан датка дасыккан саясатчы
299247

04-10-2011
Экинчи доор - Курманжан датка саясий ишмер
292528

03-10-2011
Алымбек датка жана анын Курманжанга болгон таасири
263564

03-10-2011
Курманжан датканын феномени
340414

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×