Добавить статью
9:12, 7 сентября 2012 181787

Манас баатырдын прототиби жөнүндө

Манас жана тарыхый чындык

Уландысы - 8-макала

Манас баатыр тарыхый инсанбы?

В) Манас баатырдын прототиби жөнүндө

Жогорудагы пикирлерди уласак, анда Манастын прототибин саналып өткөн тарыхый реалдуу инсандардын ичинен VIII кылымдагы Эне-Сай кыргыз каганатынын каганы, ажосу Барс-бекке, же 840-жылы Уйгур каганатынын борбору Бейтинди (Бешбалыкты, Манаста Бейжин) талкалап, Улуу Кыргыз дөөлөтүн негиздеген тарыхта аты белгисиз калган кыргыз каганына же ошол эле кылымдагы Кыргыз державасынын мамлекеттик белгилүү ишмери Тепе Алп-Солго байланыштырып издөө керек деген гипотезалык пикирге келүүгө болот.

Кыргыздардын уйгурлар ээлеп турган Монголия талааларын каратып алгандыгы жөнүндөгү окуя Тан династиясынын (619-906) мезгилинде жазылган Танау тарыхында кезигет (Бичурин Н.Я. Извлечения из истории династии Тан.// Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. I.-М.-Л. 1950.). Бул маалыматтар андан тышкары 1909-жылы Түндүк Монголиянын Селенга дарыясынын боюндагы Суджи деген жерден Фин окумуштуусу Г. Рамстедт тарабынан табылган эстеликте да чагылдырылган (Малов С.Е. Енисейская письменность тюрков. М.-Л., 1952, с.84.).

VIII кылымдын аягында кыргыз өлкөсүнө кызыккандар көп болуп, тышкы душмандардын жортуулдарына байланышкан тынымсыз согуштар элди жадаткан. Эл ичинде биригүү идеясы улам күч алып, мына ошондой адам IX кылымдын ортосунда жаралды. Кытай жылнаамалары сүрөттөгөндөй “намыскөй жана туруктуу” кыргыздар бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, бир башчынын кол алдында биригип, 820-жылдардан баштап мамлекттик түптөө үчүн күрөштөрдүн натыйжасында Улуу держава түзүү менен өз жерин батышта Орто Азияга, түштүктө Кытайга, ал эми чыгышта Манчжурияга чейин кеңейте алганды. Кыргыз аскеринин башында турган киши мына ушул улуу тарыхый миссияны аткарган. Бирок, ал башчынын ысмы азырынча тарыхый булактарда белгисиз бойдон калууда.

Тан династиясынын (619-906) мезгилинде жазылган Танау тарыхында Пицьce Tyнгe Гинь аттуу титул алып жүргөн кыргыз каганынын жасаган активдүү ишмердиги жөнүндө аңгеме кезигет (Бичурин Н.Я. Извлечения из истории династии Тан.// Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.- Л. 1950, Т. I.-355-56-бб.). Анын энеси карлуктардан болуптур. Алар Алтайдан батыш жакты көздөй созулган талааларда жашап, 766-жылы Жети-Сууну ээлеп алгандыгы жөнүндө тарыхта маалым. Ал эми аялы карлуктар келгенге чейин Чүй өрөөнүн туруктаган төргөштөрдөн болгон экен. Кытай тарыхчылары 840-847-жылдардагы кыргыздардын уйгурларга каршы күрөштөрүндөгү зор ийгиликтерин так ушул каган менен байланыштырышат. Анткени, ошол кезде кыргыздардын жерин ээлеп алууну көздөп келген мамлекет Уйгур каганаты гана болучу.

Кыргыз-Уйгур согуштары үч этаптан турган. Биринчи этап 808-821-жылдарды кучагына алып, катуу кармаштар экинчи этапта – 821-840-жылдары болгон. Ал эми 840-47-жылдарды камтыган үчүнчү этапта кыргыздар Уйгур каганатын биротоло талкалап, аны тарыхтан өчүрүүгө жетишкен. Манастын прототибине мүмкүн туура келген улуу инсан так ушул экинчи жана үчүнчү этаптардын мезгилинде өзүнүн элди бириктирүү жана уйгурлардын эзүүсүнөн бошонуп, өз алдынча мамлекеттүүлүктү куруу максатын ишке ашыра алган.

Кытай булактарында Гюйлу Бага же Гюйлу Мохэ аттуу бир уйгур канзадасы 839-жылы уйгур ханы Чжан-Синге каршы көтөрүлүш чыгарып, кыргыздарга жардам бергендиги жөнүндө маалымат бар (Бичурин Н.Я. Извлечения из истории династии Тан...-356-б.). (Бул факты Алмамбеттин окуясын элестетет) Ал уйгур каганынын жашынган сепилин айтып берген. 839-840-жылдары кыргыздар менен уйгурлардын катуу кармаштары жүрүп жаткан мезгилде аты белгисиз кыргыз каганы уйгур каганы Чжан-Синге мындай деген мазмундагы кат жиберген. “Сенин тагдырың бүттү. Мен жакында сенин алтын ордоңду аламын, атымды анын алдына байлап, туумду саямын. Эгер мени менен жекеме-жекеге чыгууга даасаң, тез арада кел, эгер корксоң, анда жогол” (Бичурин Н.Я. Извлечения из истории династии Тан...-357-б.).

Натыйжада уйгур каганы өлтүрүлүп, анын уулдары (тегиндер) чар тарапка качып, кагандын аялы – кытай императорунун карындаштарынын бири Тхайхо туткундалган. Тан империясы менен кызматташтык мамилени сактап калуу максатында кыргыздар Тхайхону күчтүү отряддын коргоосунда Кытайга жиберишет. Бирок, жолдо уйгурлардын дагы бир ханзаадасы Угйе кол салып, Тхайхону колго түшүргөн. Кыргыз Ажосу Уйгур мамлекетинин талкалангандыгы, кагандын аялы кытай кызы Тхайхонун уйгурлардын туткунунда тургандыгы жөнүндө кабарлоо үчүн 841-жылы такка олтурган Тан императору Ву-цзунга Чжуву Хэ-со аттуу кыргыз элчиси жөнөтүлөт (Бичурин Н.Я. Извлечения из истории династии Тан...-357-б.). Ал кыргыз элчисинин атындагы “Чжуву” деген сөз анын наамы, “Хе” – баатыр, ал эми “со” термини сол колдоп жааны мыкты аткан адам деген түшүнүктү берген. Бул адам Санкт-Петербургдук белгилүү окумуштуу С.Г.Кляшторный тарабынан 1975-жылы Батыш Монголиядагы Бий-хем дарыясынын оң куймасы Бегре дарыясынын боюндагы аскадан табылган жазууда эскерилген кыргыз баатыры жана элчиси Тепе Алп-сол болгон (Кляшторный С. Г. Древнетюркские исторические памятники как исторический источник/Сб. ст. -Б., 2005,63-64-бб.). Кытай императору кыргыздардын бул жортуулун колдоп, аскерий көмөк көрсөтүүнү буйруйт. 843-жылы Тепе Алп-сол Тан империясынын ордосуна келип, кыргыздарга Аньсинин (Куча) беш уруусу, Бейтин (Бешбалык), дата (татарлар) жана башкалар багынгандыгын кабарлаган (Малявкин А. Г. Уйгурские государства по арабским источникам. А-А, 1972. 101-б.). Ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдөн кийин Алп-сол кымбат баалуу белектер менен мекенине кайткан. Так ушул Тепе Алп-солдун Кытайга болгон элчилик жортуулу элдин эсинде улуу уламыш катары калып, натыйжада алтай кыргыздарында Алып-Манаш, андан кийин Ала-Тоодо башка сюжеттер менен толукталып, Манас эпосу жараллган болуу керек деген орус окумуштуусу С.Г.Кляшторныйдын пикири бар экендигин эскерте кетүү абзел (Кляшторный С. Г. Древнетюркские исторические памятники как исторический источник/Сб. ст. -Б., 2005,64-б.). Кыргыз тарыхчысы Т.Акеров да ушундай ойдо (Акеров Т. Алтайские кыргызы в борьбе за независимость.// Кут Билим. №27-28. 28.08.2008.).

Кытай булактарында 840-жылы кыргыз каганы уйгурлардын Бей-Тин шаарын алгандан кийин 7 жыл өткөндө, тагыраак айтканда 847-жылы өлгөндүгү жөнүндө маалымат учурайт (Бичурин Н.Я. Извлечения из истории династии Тан.// Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.- Л. 1950, Т. I.-357-б.). Манас эпосунда Чоң казаттын аягындагы жеңиштен кийин Манас баатыр Бээжинде калып, кыргыз коошундарынын көбүн кайра Ала-Тоого кайтаргандыгы, алсызданган Манасты Коңурбай айлакерлик менен жаралантканы жана анын Таласка жетээри менен шейит кеткендиги баяндалат. Бул окуялар 847-жылы кыргыз каганынын өлүмүнө байланыштуу маалыматка шайкеш келип турат (Манас киргизский народный эпос, названный по имени главного героя.// http://www.krugosvet.ru/enc/kultura_i_obrazovanie/ literatura/MANAS.html?). Кыргыз салтындагы улуу инсандын өлүмүнүнө байланыштуу кошок кошуусу кыргыз каганынын өлүмүнөн кийин эле башталганбы, же андан кийин санжыралык таризде ырдалып, куралганбы белгисиз. Кандай болгон күндө да Манастагы Ырамандын ырчы уулу менен Жайсаң ырчынын Манас баатырдын эрдиктерин даңазалап ырдаган чыгармалары кийин чоң жомок-эпос болуп калыптанышы мүмкүн. Демек, Манас эпосунун алгачкы варианты “Чоң Казат” болгон жана ал 840-47-жылдардагы уйгур-кыргыз согушунун мезгилинде жана анын жыйынтыгында калыптанган деп ойлогон окумуштуулар бар (Манас киргизский народный эпос, названный по имени главного героя.// http://www.krugosvet.ru/enc/kultura_i_ obrazovanie /literatura/MANAS.html?). Демек, Манас баатырдын бирден-бир прототиби так ушул аты белгисиз кыргыз ажосу болуусу мүмкүн деген пикирди негизинен М.Ауэзов менен А.Н.Бернштам жакташат.

М.Ауэзовдун пикири боюнча мындай божомолдун үч негизи бар: алардын биринчиси – байыркы орхон-енисей жазууларынын эпиграфикалык маалыматтары; экинчиси – эпостун өзүнүн мазмундук курамы; үчүнчү – эпостогу турмуш-тиричиликтин тарыхый мезгил менен үндөшүп турушу (Ауэзов М.О времени возникновения эпоса “Манас”. Караңыз: http://elbilge.ucoz.ru/publ/9). Демек, ошол убактагы кыргыздын ажосубу, шадыбы, тарханыбы же жөн эле катардагы баатырыбы, кантсе да бир чыгаан уулунун элди азаттыкка чыгарып, өз алдынча мамлекет курушу алгачкы ырда айтылып, ал мезгил 847-жылы кыргыз башчысынын өлүмүнөн кийин гана башталышы мүмкүн деген жыйынтыкка келет (Ауэзов М.О времени возникновения эпоса “Манас”. Караңыз: http://elbilge.ucoz.ru/publ/9).

Божомолдонгон баатырдын эмне үчүн кийин “Манас” ысымын алып калышы “манас” термининин ал кезекте жалпы эле түрк элдеринде, уйгурларда гана эмес, Кыргыз каганатында да сакралдык мааниде кабыл алынышына, будда жана манихей диндеринин таасирине байланыштуу болушу мүмкүн деген жүйөө келтирилет. Чынында эле манихейлердин иран тилиндеги сыйынуу тексти «Хуастуанифт» V-VII кылымдарда түрк тилине которулган жана анын үч нускасы Москвада, Берлинде жана Лондондо азыркыга чейин сакталып турат. Анда сыйынуучу алгачкы сүйлөм: «Манастар хира-а» («Прости мои прегрешения») деп которулган (Древнетюркский словарь.М., 1969, 366-б.). Кыргыздардын манихей ишенимине киргендиги жөнүндөгү маалыматты Москвалык тарыхчы И.Л Кызласов да олуттуу белгилейт (Кызласов Л.Р., История Южной Сибири в средние века. М. 1984, с. 142, 146, 147).

847-жылы каза болгон кыргыз башчысынын ысмы башка болсо да, ал өзүнүн каармандыгы, “чачылганды жыйнаган” эл үчүн жасаган зор эмгеги, даанышмандыгы үчүн эл аны ыйык инсан, кудай катары санап “Манас” деп атап калышы ыктымал (Ауэзов М.О времени возникновения эпоса “Манас”. Караңыз: http://elbilge.ucoz.ru/publ/9) деген пикирди ошентип, А.Н.Бернштам, М.Ауэзов жана башкалар сунушташкан.

Натыйжада 840-43-жылдары катуу салгылашуулар жүрүп, айыгышкан кармаштардын натыйжасында кыргыздар уйгурларды улам сүрүп, алардын көбү Кытайга, андан ары Тибетке качкан. Кытай канышасы Тхайхону кыргыздар кайра бошотуп, ал үч жылдан кийин гана Кытай императорунун сарайына жеткирилген. Мында да аны кыргыз баатыры Тепе Алп Сол коштоп келген. Талкаланган уйгур аскерлеринен аман калган 13 уруу жогоруда аталган уйгур канзаадасы Угйени каган деп жарыялап, ал кыргыздарга кийинки жылдары бир катар каршылык көрсөткөн. Бирок, ал 846-жылы август айында өлгөн.

Тепек Алп Сол кытай жылнаамаларында бир нече жерде учурайт. 842-жылы так ушул Тепек (Тапу) Алп Сол кытай провинциясы Ганьсуга, андан ары Чыгыш Теңир Тоого чейин уйгур качкындарын кууган жортуулду жетектеген. Алп Сол кытай Өкмөтү менен Тяньдэ чек ара сепилинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ал эми 843-жылы Кытай (Тан) императору Ву-цзунун салтанаттуу кабыл алуусунда болгон. Тепе Алп сол үч жылдан соң, башкача айтканда 846-жылы уйгур каныкеси Тхай-хону императордун сарайына коштоп барган. Мурунтан таанымал болуп, экинчи жолу Тан императорунун сарайына келген Тепек Алп Солду кыргыз каганатынын улуу дөөлөтүн сыйлаган император Ву-цзун Бохай мамлекетинин (Корея) өкүлүнүн жогор жагына олтурууну сунуштап, ызат көрсөткөн (Бичурин Н.Я. Извлечения из истории династии Тан.// Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.- Л. 1950, Т. I.-357-б.).

Кытай императору Ву-цзун Кыргыз каганатынын элчилерине жооп катары өз элчилерин кыргыз ажосуна жиберип, элчиликтин курамындагы атайын катчыларга Кыргыз өлкөсү жөнүндө маалымат жыйнап, тагыраак жазып келүүнү, сүрөтчүлөргө болсо кыргыз каганынын сүрөтүн тартып келүүнү тапшырат. Элчилердин башчысынын колундагы атайын буйрукта бизге аты белгисиз кыргыз ажосуна “Цзун-ин Хюн-ву Чен-мин Хан” деген титул ыйгарылгандыгы айтылган эле. Ошону менен бирге Ву-цзун кыргыз каганынын ысмын Тан империясынын династиясынын ата-бабаларынын тегин баяндаган санжырага коштурууга буйрук берет. Анда кыргыз каганы да, Тан императору да байыркы Ли Линден тараган деген санжыралык маалымат жазылган (Бичурин Н.Я. Извлечения из истории династии Тан.// Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.- Л. 1950, Т. I.-357-б.).

Чынында эле кытай тарыхый булактарында Ли Лин кыргыздардын жаңы падышалык династиясынын негиздөөчүсү катары эскерилет. Бул династия бир катар окумуштуулардын пикири боюнча XIII кылымга, тагыраак айтканда Чыңгыз хандын мезгилине чейин уланган. Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн алдында жана андан кийин деле кыргыздар өздөрүн Ли-Линдин урпактары катары санап келгендиги жөнүндө маалыматтар бир катар булактарда кезигет (Малявкин А.Г. Материалы по истории уйгуров в IX-XII вв. Т. II. –Новосибирск, 1974. – 33-б.).

846-жылы уйгурлардын жаңы жетекчиси Угэ өлгөндөн кийин кыргыз каганы өзүнүн ордосун Селенга өзөнүнүн боюна жайгаштырып, Кытай менен дипломатиялык жана соода байланышын биротоло калыбына келтирет. Бирок, ошол эле 846-жылдын акырында кыргыздар менен жакшы алака түзгөн Тан императору Ву-цзун да көз жумган. Анын ордун ээлеген жаңы император Сюань-цзун өзүнөн мурунку императордун ишин улантууну убада кылганы менен сарайдагы бир катар жогорку даражалуу мамлекет башчыларынын “кыргыз кагандыгы” Тан өлкөсү менен салыштыргыс кичине өлкө, аларды көтөрүү кытай элине зыянын тийгизет, ошондуктан мындай саясатты токтотуу керек деген сунуштарына байланыштуу Ву-цзундун керээзи аягына чейин аткарылбай, токтотулуп калган. Анын үстүнө бизге аты белгисиз кыргыз каганы да 847-жылы каза болгон болучу.

Жаңы император Сюань-цзун кыргыз каганатына элчи жөнөтүп, элчи менен бирге кыргыздардын жаңы каганына “Ин-ву Чен-мин хан” деген титул ыйгаруу жөнүндө буйрук жазылган кат жиберген (Бичурин Н.Я. Извлечения из истории династии Тан.// Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.- Л. 1950, Т. I.-357-б.). Бул титул мурунку каганга ыйгарылган титулдан мааниси боюнча алда канча төмөн болгон. Ошентип, кытай империясынын кыргыздардын уйгурларга каршы күрөшүн колдоо саясаты токтотулган, атүгүл Кытай империясынын чектерине кирип келген уйгурларды калкалоого өткөн. Түштүк Сибирде гана эмес, бүтүндөй Байкалдан Теңир-Тоого чейинки зор аймакта саясий эл аралык аброю өсүп келе жаткан кыргыздарды ооздуктап Улуу Талаанын саясий күчтөрүн тең салмакта кармоону максат кылган Тан империясынын тышкы саясаты кайрадан өз нугуна түшкөн.

Сюань-цзундан кийин 860-873-жылдары бийликке келген Тан императору Сянь-тхундун тушунда кыргыз элчилери императордун кабылдамасында дагы үч жолу болгону жөнүндө маалымат сакталган, бирок кытай жазмасында айтылгандай Тан империясынын кыргыз каганатына мамилеси улам солгундап, кийинки мезгилде кандай элчилер келип, эмне окуялар жүргөндүгү жөнүндө тарыхчылар эч нерсе жазышпады деп белгилейт кытай жылнаамасы (Бичурин Н.Я. Извлечения из истории династии Тан.// Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.- Л. 1950, Т. I.-358-б.).

Атактуу кол башчы, айкөл каган баштаган кыргыз жоокерлеринин 840-жылдан 918-жылга чейин жашаган “Улуу дөөлөтү (Великодержавия)” чыгыштагы Ангара жана Байкалдан батыштагы Алтайга, түштүк-батышта Жети-Сууга чейин, Сибир тайгасынан Улуу Кытай сепилине чейин созулган чоң аймакты ээлеген.

Ошентип, жогор жакта айтылып өткөн кыргыз тарыхындагы окуялар Манас эпосунун негизги өзөгүн, дагы кайталап айталы “мурунку ата-мекени болуп саналган Ала-Тоону кайрадан ээлөө жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн болгон жортуулдарды” чагылдырып турат. Демек, так ушул өзөк аркылуу инсан Айкөл Манастын, же анын прототибинин жашаган доорун, андан ары Манас эпосунун жаралуу мезгилин аныктоого мүмкүндүк түзүлөт. Эгер ушул ыкма туура деп табылса, анда “Манастын” жаралуу доору б.з.VIII-IX кылымдарына таандык болуп чыгат. Манас жөнүндөгү алгачкы ырда мүмкүн ушул окуялар гана өзөк катары айтылгандыр. Бирок, кыргыз элинин башына түшкөн кийинки кыйынчылыктар, тынымсыз согуштар “Манастай” инсанды идеяга айландырып, ал инсандын ишмердигине мурунку жана кийинки эл эсиндеги маанилүү окуяларды кошуу менен океандай эпосту жаратууга шарт түзгөн деп божомолдоого болот.

Жогорку айтылгандардын негизинде төмөнкү корутундуга келүүгө болот.

1.Манас эпосу оозеки фольклордун алпы, бирок ал фантазия да эмес, анын окуяларынын өзөгү тарыхый чындыктан алынган. Демек, Манастай тарыхый инсан кыргыз тарыхында албетте жашап өткөн.

2.Манас баатырдын тарыхыйлыгын аныктоо азырынча мүмкүн эмес. “Манас” ысмын алып жүргөн тарыхый инсан азыркы кыргыз тарыхында белгилүү булактардын эч биринде кезикпегендиктен манастаануу илиминин учурдагы абалы “Манас” деген термин жөнүндө гана сөз кылууга мүмкүнчүлүк түзө алат. Демек, “Манас” титул болушу мүмкүн деп божомолдонот.

3.Манастын прототибин аныктоо “Манас” эпосунун окуяларынын негизги өзөгүн табууга байланыштуу. Ал өзөк кыргыздардын “мурунку ата-мекени болуп саналган Ала-Тоону кайрадан ээлөө жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн болгон жортуулдары” болуп саналат. Бул өзөк кыргыздардын биздин заманга чейинки II-I кылымдарындагы азаттык үчүн болгон күрөштөрүнө, айрыкча кыргыз тарыхынын 821-840, 840-47-жылдары болгон зор саясий окуяларына туура келет. Эл тагдырын чече ала турган ишмердикти аркалаган Манас баатырдын прототибин ушул окуялардан издөө туура деп божомолдоого болот.

4.Манас эпосундагы биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын ортосунан биздин замандын XVII кылымдарына чейинки көптөгөн башка окуялар “Улуу кыргыз дөөлөтү” түзүлгөн кыргыз тарыхынын IX кылымдагы зор жана даңктуу тарыхый барагынын тегерегине жыйналып, атадан-балага мурас болуп калыптанган зор жомокту байыткан жана азыркы кыргыз муунуна жеткирген.

Аягы

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-09-2012
"Манас” эпосунун өзөктүү окуялары жана аларда кыргыз тарыхынын чагылышы
271263

03-09-2012
Манас баатыр тарыхый инсанбы?
231699

03-09-2012
Манас баатырдын тарыхыйлыгы
222328

31-08-2012
“Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндө божомолдор
220715

28-08-2012
Манас жана тарыхый чындык
288080

04-10-2011
Үчүнчү доор - Курманжан датка дасыккан саясатчы
273789

04-10-2011
Экинчи доор - Курманжан датка саясий ишмер
268131

03-10-2011
Алымбек датка жана анын Курманжанга болгон таасири
242232

03-10-2011
Курманжан датканын феномени
314610

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×