Добавить статью
7:27, 27 сентября 2012 8149

Умай эненин культу

Алтайлык жана кеңири тараган түрк, ага жакын монгол элдеринин мифологиясы байыркыдан биздин күндөргө чейин ыйык эненин (Кудай эне); жер менен байланышкан каары аял, бирок башка көркөм чагылдырууларда асман бийкечи, жогорку дүйнөгө кетүүчү ыйык бийкеч сыяктуу бул эки жактуу көрүнүшүн ачып берүүдө.

Умай Эне байыркы жер эне катары аталаары көптөгөн тарыхый маалыматтарда жана булактарда белгилүү. Тарыхый булактарда Умай Эненин түрк-монгол дүйнөсүнүн кудуреттүү Кудайы катары (Ума, Омай, Ымай, Убай, Сангай, Натигай, Начигай-эке, Отюкен, Этуген, Этуген-эхе, Итога, Ирога) аталаары белгилүү. Түрдүү элдерде аны Умай-иче, Ымай-идже, Май-иче, Май-ана, Пай-ана, Пай-идже – «бай, мээримдүү эне» жана Улуг ак ине – «Улуу ак эне» деп аташат. Бул ыйык энени эскерүү узакка созулган тарыхта - асман менен жерди, жаштыкты жана каарылыкты, жаралууну жана өлүмдү өзүндө камтыйт. Аны байыркы индиялык ыйык Ума эне жана өзүнүн көлөкөсүн адамга таштоо менен аны бактылуу кылуучу ирандык мифологиялык асман кушу Хумай менен байланыштырышат. Умай Эненин монгол тилинде аталышы Этуген, Этуген-эхе – «жер-эне», «эне болгон» деп байыркы түрк Отюкен (Отюкан) этнониминен келип чыгат. IX кылымга чейин, ал учурларда Отюкан – мамлекеттин диний-улуттук идеясы; каганаттын саясий борбору болгон. Байыркы түрк каганатында – Отюкан ыйык аял, «мамлекеттинрухий колдоочусу», «жердинкудайы» жана Йыш-Отюкан (Тайга Отюкан) алардын ыйык мекени. Ошондой эле мамлекеттин диний борбору болуп, кут – жашоо жана каганга ыйык береке берген ыйыкишеним болгон. Умай же Умайя – теңирчиликте Теңирден кийинки экинчи оорунду ээлеген байыркы Кудай. Кээ бир булактарда Умай энени Теңир мененэки бирдиктүү ыйык башатты жаратуучу катары карашат башкача айтканда Умай Теңирдин аялы болгон алар экөө чогуу түрк элин карашкан. Теңир – түбөлүктүүлүктүн белгиси болгон, Умай –түбөлүктүү эмес жер жашоосун, төрөт, нике жана өлүмдүн өкүлү болгон, ал эми башкасындаУмайды Теңирдин эле аял келбетиндеги образы деп кездешет. Умай –өзгөчө жогору баалануучужердеги ыйык аял, жакшылыктыкаалоочу рух (Байана), балдардын жана ымыркайлардын колдоочусу. Кыргыздардын байыркы диний ишенимдеринде төрөөнүн алдында, жаткан аялды жана анын төрөлүүчү ымыркайын баласын коргоп, Умай эне таза деп эсептелген, боз үйдүн сол тарабынан орун алган. Ыйык аял затынын башатын баалоо, эненин очогун, эненин түйүлдүгүн жана кыркылган киндикти түшүндүргөнУмай эненин өз атында чагылдырылган. Умай эненин ишенимдеринде, жаңы төрөлгөн ымыркайдын жана алты жашка чейинки балдардын бутуна турганга чейин коргоочусу,колдоочусу катары көрүшкөн. Умай энеден баланын жашоосу, ден-соолугу көз каранды болгон, себеби ал аны жаман күчтөрдөн жана жандардан сактаган. Тигил же бул баланын абалы Умай эненин аракети менен байланышкан.Ал жакшылыктын же мээримдүүлүктүн руху болуп калбастан, өлүм төшөгүндө жаткан жандын жанын алуучу өлүм периштеси болгон.Ошону менен бирге Умай энеден түшүмдүүлүктүн арбын болуусу күтүлгөн. Умай эненин элеси же сүрөттөлүшү – бешикке илинүүчү жаа жана жебе менен чагылдырылган. Ыйык Умайдын түрк пантеонунда байыркы түрк кылымдарынан баштап белгилүү оорунду ээлеп келген, бирок маалымат булактарнын мүнөзү лингвисттерге, этнографтарга, тарыхчыларга бул образдын келип чыгуусу жөнүндө бирдиктүү жыйынтыктоолорду чыгарууга мүмкүн бербей келет. Теонимдин бир канча маанилери, түшүндүрмөлөрү жашайт: С.М.Абрамзондун аныктамасында Умай эненин образы иран мифологиясында – уламыштуу Хумай кушу менен генетикалык байланышы, ошону менен бирге ыйык эненин аталышы байыркы индиялык Ума кудайынын атынан же жалпы түрк «Куба», «Хуба» - «ак куу» аталыштарынанкелип чыгуусу жөнүндө айтылат. Түрк каада – салттарында Умайдын аял башатынын жаратуучулугу бааланган, ал Саян – Алтай, Орто – Азия жана Казакстандын элдеринде (Шор, Куманды, Телеуттарда, Хакастарда, Кыргыздарда, Казактарда, өзбектерде), өзгөчө кыргыз улутунда бүгүнкү күнгө чейин балдардын колдоочусу жана сактоочусу катары Умай эне жөнүндөгү мифтик түшүнүк бекем сакталып келет. Кыргыздарда жана башка түрк элдеринде Умай, аялдын калыптандыруучу органын (түйүлдүктү) жана аны менен бирге аба мейкиндигинде жашаган өзгөчөлөнгөн асман кушун түшүндүрөт, ал эми алтайлыктардын жазуу эстеликтеринде Умай - «эне куш» деп аталат.

Иран жана Араб жазуу эстеликтеринде Хумай өзүнүн көлөкөсүн таштоо менен түшкөн адамды эл башчы кылуучу сырдуу, өзгөчөлөнгөн, бактылуулукту алып келүүчү куш сыяктуу маанисин берип «Хомаюн» - перс тилинде «Бактылуу» дегенди түшүндүрөт. Орто – Азия элдеринин арабдашкан дүйнөсүндө «Хумай» бул«бакыт кушу», «хума күн», «хума бакыт». Хумай (Бакыт) кушун өлтүргөн адам 40 күндүн ичинде каза болот деген ишеним жашаган. Хумай, Хомай куштары менен байланышкан байыркы иран мифологиясы өз мезгилинде чыгышка да, батышка да тарап жана түрк, славян салттарында да пайда болгон. Умай эненин образы байыркы түрк элдеринин диний аң-сезиминде маанилүү оорунду ээлеген. Бул ыйык эненин түрк пантеонунда үч бөлүктүү өз ара байланышынын өзгөчө орду тууралуу руникалык жазуу эстеликтеринде анын атын эскерүүгө, ошондой эле Сибирь жана Орто – Азиянын жаңы түрк тилдүү элдеринин салттуу дүйнө таанымынын негизинде изилдөөгө болот. Ошону менен бирге Умай энени кандай көрүнүштө сүрөттөөрүн окумуштуулар ушул күндөргө чейин бир пикирге келе элек. Умай энени сүрөттөп көрсөтүүдө көптөгөн этнографиялык жана археологиялык изилдөөлөрдө алтындан, күмүштөн жасалган канаттуу аялдардын жана аларды коштоп жүргөн түрдүү жасалгалар кездешет. «Бага» түркий тилдерде «таш бака»деп которулуп, байыркы түрктөрдө ыйык жандык катары эсептешип, улуулуктун, ыйыктуулуктун, түбөлүктүүлүктүн белгиси болгон. Ыйык таш бака башкача айтканда «Бага» Умай эненин белгиси. Бүтүндөй улуу талаанын аймактарында, Улуу дүйнөнүн энесин түшүндүргөн көлөмдүү таштардан жасалган таш бакалардын эстеликтери коюлган.Таш бака ыйык болуп эсептелген жана көптөгөн байыркы элдердин ыйык атрибуттары катары таанылган. Таш бака жашоонун улануусу сыяктуу азиялык элдерде көп өмүр сүрүүнүн, туруктуулукун жана тартиптин белгиси болуп саналган. Ал ошондой эле Сууну, Айды, Жер-Эненин, жаралуунун башатын, убакытты, түбөлүктүүлуктү, берекени, муундун улануусун түшүндүргөн. Ал эми отко табынуучулук Алтай жана Сибирь элдеринде ушул учурга чейин жашап келет. Теленгуттардын, хакастардын шамандары жана бүбү бакшылары Умайга - отко табынуучулук менен ага от аркылуу кайрылышат. Кыргыздарда болсо оттун культу, балдарды колдоочу Умай эненин культу менен айкалыштырылат.

Умай эне - балдардын төрөлүшүн жана төрөлгөндөн кийинки убактарда колдоочу, сактоочу мифологиялык эне, төрөт учурунда аялдарды кырсыктан сактайт деген ишенич кеңири тараган. Умай эне жөнүндө түшүнүк Евразиянын түрк - монгол тилдүү элдеринде кеңен таралган. өзгөчө, бүгүнкү кыргыздарда, Энесай кыргыздарынын урпактары болгон хакас, тува, шор, алтайлыктарда, Саян – Алтайдын башка түрк – монгол тилдүү элдеринде Умай эне жөнүндөгү мифологиялык түшүнүк бекем сакталып келет. Энесайдагы (Хакасиядагы Алтын – Көлдөгү Барсбекке арналып тургузулган эстелик жазууда) кыргыз жазуу эстеликтеринде «Умай энеден тараганбыз», «Умай эненин тукумдарыбыз» деген маалыматтар бар. Кыргыз мифтеринде Умай эне жөнүндө көркөм элестүү баян айтылып, эненин жана баланын коргоочусу, үйдүн кутун жаратуучусу делген. Умай эне апаны жана баланы оору – сыркоодон сактайт деген түшүнүктөн улам балдарды эмдегенде, дарылаганда «Менин колум эмес, Умай эненин колу» деген сөздөр айтылган. Үйгө бөбөктү жалгыз уктатып коюуга туура келгенде, «Умай энеге тапшырдым» деп камсыз болушкан. Жаш ымыркай баланын бетин Умай эне жууйт деген ишеним болгондуктан, анын бетин күнүгө жууй бербейт. Кыргыз мифтериндеУмай эненин образы, баяны жөнүндө көркөм чыгармалар жаралган. Байыркы кыргыздар табияттын төрт стихиясына: Асманга, Жерге, Отко, Сууга сыйынышкан. Асман эркектин башталышы деп эсептелип, ал эми Жер болсо аялдын образын билдирген. Умай мифтик зат. Ал көптөгөн элдердин фольклорунда, уламыштарында, санжырасында кенен чагылдырылган. Ошентип Азияда бир нече миңдеген жылдар бою рухтун Кудайы – Умай айтылып келүүдө. Энелердин энеси улуу Умай эне мааниси жагынан жогоруда айтылгандай Көкө – Теңирден кийинки экинчи ыйык Кудай болуп саналган. Ал кошбойлуу аялзатынын, тукум улоочулуктун, коломтонун, түшүмдүн колдоочусу болуу менен Теңирдин зайыбы деп эсептелген. Кээде Умайды адамзаттын баштапкы энеси Обо менен бир карап жүрүшөт. Саян-Алтай тоолорунун байыркы көчмөндөрү Умайга, жоокерлердин колдоочусу катары Оттун Кудайына — От-Энеге сыйынышкан.Умай деген ат VI – VII -кылымдардагы руна жазууларында эскерилет. Байыркы түрк тилинде «Умай» — баланын тону, эненин жатыны. Тибетче «ума» - эне. Монголчо «курсак» деген маанини билдирет. Волга боюндагы татарларда да «ума» - «курсак» деген маанини берет. Мына ушул түшүнүктүн баары аялзатынын тукум улоочу касиети менен байланышкан. Кыргыз тилинде «Умай» жомоктогу асманда уялаган сыйкырдуу кушту билгизет. Ал перстердин дүйнөлүк даракта байырлаган кушту билгизген «хума» деген сөзүнөнооп киргендиги белгилүү. Умай түшүнүгү качандыр бир кезде байыркы жалпы адамзаттык мотив менен бардык жандууну жаратуучу тукумчулдуктун, түшүмдүүлүктүн символу болгон.

уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×