Добавить статью
3:12, 1 октября 2012 15359

Улуттун баатыры Бердике берендин баласы  Кунан бий жөнүндө  баян.

Бердике баатырдын колу, Үч коргондогу көпүрөнүн этегинде, калмактын каны Маргашканы өлтүрүп, Анжиянды тез эле ээлеп алышты. Түндүк менен түштүктү, Калмактардан бошотуп, Бердике баштаган кол, жунгарларга тынчтык бербей ошону менен бирге эле илгертен кыргыздардын шаары болгон Анжиянды ээлеп алышы, мурдагы Анжиян төбөлдөрүнө анча жага бербей, айласыздан баш ийип жатышты. Ошол мезгилде шаардын таасирлүү колунда бийлиги бар аткаминерлеринин бири Нарбото, айлакерлик кылып, Муңгуштун атактуу бийинин бири болгон,Жылкелдини макулдатып анын кызы, Сейилге Бердикеге нике кыйдырды.Анжияндын акими , Нарбото Жылкелдинин кызы Сейилди Бердике баатырга узатып жатканда Жылкелди бий кызым сен жөнөкөй адамга турмушка чыккан жоксун кол баштаган баатырдын жубайы болосун акыл менен иш чайкап баатырдын айтканы менен болуп анын сырын купуя сактап эми сен мартабаң бийик абройлуу, досуңдан душманың көбүрөөк болот деп эскертти. Бердике баатыр шаарда көп турбай, тез тез жоортулга чыгып, калмактардын айласын кетирип аларга тынчтык бербеди. Нарбото баш болгон бир нече айлакерлер, Бердикеге каршы өз ара уюшушуп, кантип анын көзүн тазалоонун жолдорун издей башташты. Акырында ашпозчуну көндүрүшүп уу коргошун ичиришти. Өлөөрүн билген Бердике жан сакчыларына , Сейилканды алдыртып, акыркы керээзин айтты. Сага ишенимдүү адамдарды кошуп берем, менин айлам кетип турат, түн жамынып шаардан чыгып кет . Ош жакты көздөй жүргүлө, андан ары тоо таянып, Ак буураны бойлоп жогорулап олтурсаң Күндөлүк , Чөгөм андан ары Кичи Алай, ошол жерге жетсең, сен тирү каласың, өң алеттен кеткен Бердике оор дем алып кыйналып , оордунан козголуп ,жанындагы жигиттерине бизди жалгыз калтыргыла деди. Көз жашын көлдөтүп баатырына эмне жардам кылаарын билбей атасынын айткандарын эске түшүрүп ,айласы кетип ,баатыр эмне кыл дейсиз, уу коргошунду чыгарып салуунун жолун билген табыпты, тээ Кокондон алдыртууга адам жибердим, чыдап турсаңыз жаман болбос, ал тез эле келип калат, деп баатырдын башын жөлөп, уунун кесепетинен катуу кыйналып турган Бердикенин, жаткан жеринен тургузууга жардам берди. ОО жараткан мына ичер суум түгөнүп, өмүрүмдүн акыркы көз ирмемдери, жашоомдогу сен тартуулаган атак даңк, мага берген күч кубатың үчүн,мына өмүрлүк жарымдын алдында мен сага жараткан Алла таала чексиз ыраазымын . Эл жеримди бөтөн душмандардан коргойм деп жүрүп , чекилик кетирип койсом кылган күнөөлөрүмдөн кечирим сурайм. Сейилканым сени менен кудай кошуп,ак никелүү жубайлардан болуп аз да болсо турмуш курдук. Менден кетсе кечир жаным. Мен сага ыраазымын. Баса баатырым мен сизге бир нерсени айта албай жүрдүм эле деп Сейил мукактанды. Ии айта бер, мен тигил дүйнөгө арманда кетпейин,. Баатырым менин ичимде үч айлык күмөнүм бар деп унчукту.Сейилканым сенден суранаарым ,ичиңдеги баланы этият кыл.Төрөлгөндөн кийин душман көзүнөн алыс кылып, көз алдыңда чоңойт. Баралына жеткенче ат койбо. Менин сага айтарым ушул деп , Сейил менен коштошуп жигиттерин чакыртты.Сырттан кирип келген эки жигит баатырдын жанына келишип , баатырым эмне дейсиз, кулак сизде дешти. Мен айткан жумуштар аткарылдыбы деп сурады. Ооба баатырым баары даяр. Жыйырма төө, отуз атка жүктөрдү жүктөп шаардан алып чыгышып сиздерди күтүп турушат. Анда аларга Чагыр баштаган жуз жоокерди кошуп бергиле, түн жамынып шаардан чыгып кетишсин деди. Сейилканды бетинен сүйүп , кош бол жаным, менин айткандарымды аткарууга аракет кыл, деп коштошту. Баятан бери көз жашын көлдөтүп , ыйлап турган Сейил, кайратына келип, өңү өзгөрүп чыйрала түшүп, баатырым мен сиз менен коштошпоймун табып келсе жакшы болосуз.Жакшы калың менден кабатыр болбоң , айткандарыңыздын баарын аткарам,жакшы калыңыз деп сыртка жигиттердин коштоосунда чыгып кетти.Эки жигиттин коштоосунда Сейил тез эле күтүп тургандарга жете келишип , андан ары сапар улашты. Жанына отуз жигит алган Бердике, шаардагы куугунчуларды тиги кеткен, көчтөн алаксытып , шаардын күн батыш жагындагы дарбазага келип , дарбаза кайтарган жасоолдорго чабуул жасашты.Дарбазаны ачышып шаардан батышты көздөй жөнөгөн Бердикенин артынан куугунчулар тез эле жете келишти. Теңдеши жок урушта Бердике мойун бербей , артынан келген куугунчулар менен кармашып жатты.Аттиң дүйнө, уу коргошун болбогондо,буга окшогон кармаштын далайын башынан өткөргөн баатыр, тигилерди тез эле жайламак. Бир убакта арт жактан урулган сыр найза баатырдын боорун жарып өтүп, киндиктин үстүнөн чыга түштү. Кыймылдоого алы келбей атынын жалына өбөктөгөн баатыр маңдайына өтө калган караанды көзү чалып, акыркы күчү менен кылычын шилтеп калды, душмандын башы тоголонуп баратканын элес булас көрүп жатты.Аттын үстүнөн түшүп калбастын айласын кылып, аттын мойнун кучактап , чу жаныбарым дегенге араң үлгүрдү.Жылкы баласы , касиетиңден кагылайын Камбар атанын тукуму , үстүндөгү баатырдын абалын түшүнгөндөй топтон суурулуп чыгып, баатырды үстүнөн түшүрбөй мойнун оогон жагына салып алып учуп жөнөдү.Баатырдын жарадар болгонун билген он чакты жоокер аттын артынан чаап жөнөштү . Жете келген жигиттер ,жүрүп олтурушуп ыңгайлуу жерге келгенде токтошуп аттан баатырды алып түшүштү.Баатырдын он колунун беш манжасы аттын катуу жалына карышып , аны аттын жалын кыркышып араңдан зорго чыгарышты. Аттын үстүндөгү көрпөчөнү жерге жая салышып баатырды жаткырышты. Жүзүндө кан сөлү жок бир нече жолу окшуган баатыр , көзүн ачып , айланасына карап, өзүбүзсүңөрбү деп сураганга үлгүрдү, ообо, ооба баатыр өзүбүз дешип жарыша жооп беришти. Айланага бир сыйра көз чаптырып, жылмайып кош болгула деп андан соң оо дүйнө узап кетти.Чагыр жүз башы баш болгон чакан көч , Ошту көздөй жолго чыгып, көчтүн алдынан беш жигитти чалгынга жиберип, жолдо тосоот болбосун деп, көч менен кошо элүүдөй жигитти калтырып,Чагыр өзү көчтүн артында бара жатты.Таң күланөөк салганда Ошко жете келишти. Шаарды айланып өтүшүп күн чашке ченде Акбуураны бойлоп Папан капчыгайына жете келишти.Алдыда чалгында жүргөн жигиттер келишип бары тынч экендигин айтканда , эс алууга токтошту. Катуу жүргөн көч жол ката эч жерге токтобой бир топ алыс жолду тез эле басып өтүштү. Жүктөр чечилип, тамак даярдай башташты. Сейилкан жаш болсо да башына түшкөн оор жүктөн бир аз чыйралып, Чагырды алдырып, мындан ары эмне кылабыз,каерден жашай турган жер издейбиз деди. Бердике менен жашы тең чамалаш ,ары бери жүргөндө душманга каршы жоортулга чыкканда, алдын ала өзүнүн жигиттери менен жер чалып, каерде кандай тоскоолдуктар бар,кандай ашуу, кандай суу, каерде кандай ыңгайлуу жер бар экендигин дайыма кол башчыга жеткирип айтып кабар берип турган Чагырды жөн жеринен Бердике Сейилканга кошуп берген эмес эле.Мен бул Папан капчыгайынын ичин жакшы билем.Каерде кыштоосу,каерде жайлоосу кандай эл жердейт бардыгын билем.Сиз кабатырланбаң, тигил суунун Ак буура аталып калышы жөн жеринен эмес. Бул касиеттүү суу , дүйнө жаралгандан бери далай замандарды өткөрүп,жакшыларды кең койнуна марттык менен кабыл алып , жамандарды тез эле жокко чыгарган касиеттүү, кенен жердин суусу. Ушул дарыянын орто ченине барганда Күндөлүк андан ары Чөгөм деген жерлер бар. Кудайым кааласа Күндөлүккө убактылуу жашоого болот, ал эми Чөгөмгө биротоло төөлорүбүздү чөктөрүп жашоо улантабыз. Бул сөздү уккан Сейилкан көнүлү жайланып, бирок тез эле Бердике эсине түшүп эмне болду экен ,табып келип баатырдын оорусун жеңилдетти бекен деп санааркап ушул ой башынан кетпей туруп алды. Бир аз эс алган жолоочулар , түштөн кийин сапарын улашты.Күүгүм болбой Күндөлүккө жете келген көч ,конууга жер издей башташты. Даранын оң жагынан орун алган колоттун оозу конгонго ылайыктуу , тээ төмөнүрөөк жакта айылдын карааны көрүнүп түтүн булайт. Эки жагы кууш капчыгай , аска зоо,алдында күпүлдөп агып жаткан чоң дайра , айыл болуп конууга кененирээк жер издеген Чагыр, колоттун оозун тандап алды. Жылгадан агып чыгып жаткан бир арык суу дарыяга келип кошулуп ,тиги колоттун төр жагы барган сайын кеңейип баш жагы кенен жайлоо чыгарын Чагыр сезип турду. Жүк чечилип , тез эле боз үйлөр тигилип заматтын ичинде чакан айыл пайда болду. Ортого тигилген чоң боз үйгө Сейилкан өзүнүн жан жөөкөрлөрү менен, анын жанына тигилген эки боз үйгө ашпозчулар, кызматчы кыз келиндер жайланышышты. Чагыр баш болгон жүз жигит өздөрүнүн боз үйлөрүн Сейилкандын боз үйүнөн обочороок жерге ордо үйдү айландырып тигишти. Кысыр эмди тай союлуп , келген жолоочулар бары келишип түлөө өткөрүлдү. Түнү менен Чагыр айылдын тегерегине кароолдорду койдуруп , өзү аларды тынымсыз текшерип турду. Бир нече күн өткөндөн кийин , Сейилкан бүт айылдын адамдарын топтоп, каяктан кантип келгендерин жан адамга айтпоосун өтүндү. Андан кийинки күнү тээ төмөн жактагы айылдагы элден кабар алдыртып, аларды конокко чакыртты. Конокторго атайын боз үйлөр тигилип тосуп алышты. Келген коноктор боз үйдүн ички жасалгаларын көрүшүп , жаңы келген туугандардын баскан тургандары , сүйлөгөн сөздөрү ,аркалык туугандарга окшошуп ,жоо кийимчен жүргөн жигиттер, алардын курал жарактары , бул келген туугандар жөнөкөй адамдар эмес экендигине көздөрү жетишти.Коноктордун үстүнө бир нече жоокер жигиттерди жанына алып , Чагыр баш болгон Сейилканды ээрчишкен кыз келиндер келишип таанышып жатышты.Сейилкандын үстү башындагы кийимдерди , анча мынча аялдардын үстүнөн көрбөгөн жергиликтүү эл бул аял жөнөкөй аял эмес экендигине ишенип жатышты. Ошентип турмуш өз нугунда уланып күн артынан күн өтүп жатты. Күндөрдүн биринде баягы баатырды оо дүйнөгө узатышкан он жигит чаалыгып чарчашып араң дегенде Күндөлүк айылына жетип келишти. Бердике баатыр ,Анжияндан чыгып баратып жанындагы жигиттерине эгер мен бирдеме болсом , убактылуу болсо дагы жерге мени , душмандардын колуна бербей жашыргыла, ал эми өзүңөр,күндүзү жол жүрбөй, түнү жол жүрүп, Ак буураны бойлосоңор Чагырдын жигиттерине кошуласыңар деген эле. Баатырдын айтканы менен болушуп бир нече күн өткөндөн кийин, келишип кошулушуп олтурушат. Кийинки келген он жигитти Чагыр өзү тосуп алып, баатыр кайда эмне болдуңар деп суроо салды. Алардын ичинен жашы кырктарга барып калган чокчо сакал Соодонбек, баатырдан айрылып калдык дегенде оо кайраным, жолборсум бизди таштап кеттиңби деп каңырыгы түтөп көзүнө жаш алды. Эми тиги баатырдын жары Сейилканга кантип угузабыз , ызы чуу түшүп, өкүрүп бакырсак жака белдеги эл туюп калып балээ болбосун, аны мен өзүм угузам деп Чагыр оордунан козголуп, Сейилдин үйүн көздөй жөнөдү. Келгенден бери кабагым кашым дебей эч нерсе болбогондой түр көрсөтүп эч кимге сездирбей , акырын Сейил түнү бары уктаганда баатырын ойлоп кудай жалгап уу коргошун алсыздык кылып Бердике эсен аман келээр деп кудайга жалынып далай күндөрдү өткөрүп жүргөн. Сырттан кирген Чагырды Сейил ордунан туруп тосуп алып мындай өтүңүз деп төр жакты көрсөттү. Кандай ден соолуктарыңыз, үч күндөн бери көрүнбөйсүз бирдеме болдубу ? Жок жок бары жайында , кечээ түнү тиги баатырды коштоп жүргөн жигиттердин ону бизди таап жетип келишти. Алар кайда Бердике дагы барбы ? деп Сейил тигиле карады. Сейилкан кудайдын иши экен баатырдан айрылып калдык. Муну уккан Сейил эмне дээрин билбей , оордунан ыргып туруп сыртка чыгып кетти. Артынан чыккан Чагыр, Сейилди Акбуураны көздөй бара жаткандыгын көрдү.Сейилдин артынан жете барган Чагыр , Сейилди токтотуп эсиңизге келиңиз , баатырдын орду сиз менен толукталат, сиз ушуну унутпаңыз, батыр өлсө, анын ордун сиздей энелер жараткан балдар толуктап турат. Көз жашы он тала болуп аккан Сейил эмне дээрин билбей , Чагыр аке азыр мага бул ааламда жашоо кызыксыз болуп турат , тиги агып жаткан дарыянын көк иримине бойумду уруп баатырга барып кошулсам деп чечтим . Жок жок эсиңизге келиңиз , өлгөндүн артынан эч ким өлгөн эмес , андан көрө туугандарды жыйнап, кураан окутуп, түлөө өткөрөлү. Баатырга биздин жардамыбыз ушул гана деди. Чагырдын айткан сөздөрүнө муйуган Сейил, макул болуп анын айтканы менен болду.

Тулпарың эми ким минет берен,

Кылычың кындан ким сууруйт берен,

Душманың калды чабылбай берен,

Ичимде сырым катылган берен.

Жараткан озү жалгаса берен,

Оордуңду сенин жоготпойм берен,

Кур ууч эмес жолум ак сага берен,

Төрөөрмүн сендей ак шумкар берен.

Боз үйдүн төр жагынан орун алган Сейил ,сырттан келген коноктор уксун деп кошок кошуп үнүн акырын чыгарып жоктоп ыйлап жатты.Келген кеткендердин аягы тыйылып , Сейилкан күндөлүк турмуш менен алек болуп , Мурдатан атасы Жылкелди бийдин тарбиясын көрүп, мал жанды , үй тиричилигин кантип жолго койууну көрүп билип жүргөн Сейил ,кол астындагыларга баш болуп , Чагырды жакын жардамчы кылып күн өткөрө баштады. Эми колу кур эмес , отуз жылкы жыйырма төөгө сылай жүктөлүп Анжияндан алынып келинген дүнүйө , бул эле Сейил менен кошо келген элге эле эмес ,көп нерсеге жетчүүдөй.Чагыр менен акылдашып, тандамал жылкыдан беш жүз баш , майда жандык кой эчкиден бир түмөн , бодо малдан үч жүз баш , тигил жактан келген жыйырма төөгө дагы сексен төө коштуруп малдын түрүнө карап , жигиттерди дайындап, аларды башкарууга Чагырдын өзүн дайындады.Мынча малга жайыт тар болгондуктан жайкысын кененирээк жайлоо, кышкысын жылуу жер кыштоо издеше башташты. Күндөрдүн биринде жанына жети адам алып Күндөлүктүн күн батыш жагына кийик уулаганы чыккан Чагыр чыгыш жагы анча бийик эмес , чокусуна жетип батыш жагы тик зоо, учу кадим кол менен жасап койгондой шиш тоонун кун батыш жагынан айланып өтүп бара жаткан кийиктердин алдын тосуп жаткан жигиттердин бирөө башындагы калпагын колуна ала коюп булгалап Чагырды өзүнө чакырды. Эмне болуп кетти экен бирдеме көргөн го , болбосо тосотто жаткан эме минтип чакырбайт эле да , тигил кайберендерди да үркүтмөй болду, калпагын булгалаган тарапка жөнөгөн Чагыр тез эле тигил жигит турган жерге жетип келди.Чагыр байке сүйүнчү оо болсун болсун, эмне бул тоонун башынан бирдеме таап алдыңбы? Ооба сүйүнчүсүнө эмне бересиз? Болбосо айтпайм, болуптур бир кой козусу менен дегенде, козулуу кой мен көргөн нерсеге татыбайт, айтпайм деди . Жинди болгон го, анда эмне дейсиң,бир бышты берсеңиз айтам деди. Ии болуптур сен айткандай болсун, анда бери келиңиз , мен турган жерден көрүнөт , тигил жигит турган жерге эки адам баткыдай эмес ,тик жалама зоонун күн батыш жагынан соккон жел тигил жигиттин калпагын учуруп, акырын эптеп чыккан Чагырды эми күн батыш жакты караңыз деди. Күн батыш жакты караган Чагырдын көзүнө , тээ төмөн жактан кокту колоттор , төмөн ылдый карай агып жаткан дарыянын суусу капчыгай аралап андан теп тегиз өрөөнгө чыгып , өрөөндүн баш аягы ушул жерден алаканга салгандай көрүнүп, кенен жайыт өрөөндүн түндүк жагында чыгыштан батышты карай созулуп жаткан бөксө тоо, тескей тарабы да малга жайыттуу тоолор менен курчалган керемет жер көз алдыда турду. Чагыр байке байкашымча тигил жерди эч ким жайлабайт экен Барып көрүп келип андан кийин көчпөйлүбү деди. Күндөлүктөн Чөгөмгө чейин жол бир топ ,эл жайлоодон кайта элек. Жайлоого жете келген Чагыр Сейилдин үйүнө түштү, ай күнүнө жетип , ичиндеги баласы чоңойуп, төрөөрунө аз калган Сейил, сырттан кирген Чагырды көрүп ийменип ордунан козголууга арекет кылганда, жо жоок турбаңыз олтура бериң, деп Сейилдин он жагынан орун алды. Кандай Чагыр аке , эмне болду деги тынчылыкпы ? ооба жөн жай эле тиги Күндөлүккө ууга чыгып кийиктин артынан жүрүп укмуш кенен суусу бар кыштоосу да боло турган , азырынча эч ким жашабаган жер көрдүк. Ошону сизге билдирейин деп келдим. Оо анда жакшы болгон экен эмне дейсиз , мен кандай жардам көрсөтөйун , жок сизге тим эле айтканы келдим.

Беш жигитти жер чалгыла деп ошол жакка жөнөтүм. Эртең бир кабарын беришет. Укан кулагына ишенбеген Сейил кантип эле жакшы жерди эч ким жайлабасын, ээси болуп жүрбөсүн деди. Оба эртең жигиттер билип айтып келишет деди. Алдына койулган сүрсүтмө эттен туурап жеп, өзүңүз кандай ден соолугуңуз, бизди качан сүйүнтөсүз деп жылмайды. Кудайым кааласа берген күнү биринчи сизге кабар берем деп жылмайды. Эртеси күнү баягы жер чалып кеткен жигиттер келишти. Чагырга баягы күнү сүйүнчүлөгөн жигит, аттан түшпөй жатып эле, Чагыр байке кана менин сүйнчүм бербесеңиз болбойт деп күлүмсүрөдү. Ээ эгер эч ким жердебесе андан кабатыр болбо аласың деди. Келген жигиттер барган жердин суусунан тартып кокту колотторун, кай жерге кыштаса болорун, канча мал батаарын, аштык айдаган жер бар экендигин такташып келгендигин айтышты. Күз келип Чөгөмдөн кыштоого көчкөн эл баягы беш жигит баштап, жаңы кыштоого келип түшүштү. Ак боз бээ сойдуруп түлөө өткөрүштү. Жаңы кыштоого келердин эртеси күнү таңга жуук Сейил уул төрөдү айылдын четинде тигилген Чагырдын короосуна чуркап келген кызматчы жигит Чагыр байке сүйүнчү бериңиз Сейил апабыз уул төрөдү деп келди. Кубанычы койнуна батпаган Чагыр эшике чуркап чыгып байланып турган атын мингизип жиберди да өзү анын артынан чуркады. Сейлдердикине жетип келген Чагыр боз үйдүн сыртында сүйүнгөнүнөн көзүнө жаш алып ээ кудай сен барсың, бар экендигиң анык мына баатыр беренимдин оордун жоготпой бала бердиң деп кудайга жалынып үйгө кире албай турду. Үйдөн чыкан наристенин ыйлаган үнү теребелдеги тынчтыкты бузуп тигил чыгыш жактан чыгып келе жаткан күн нуру менен кошо ааламга сүйнчү айтып жар салгандай сезилип жаткан, Чагыр үйгө киргенин сезбей калды. Сейилди төрөтүп, баланын киндигин кескен кемпир ээ балам бул сен кандайсың деги уруксат сурабай эле кирип келдиң да, дегенде өзүнө келген Чагыр, артын көздөй жөнөдү. Аңгыча болбой төрдө жаткан Сейил Чагыр байке сыртка чыкпаңыз, баатырдын ордун баскан уулумду көрүп анан чыгыңыз деп жылмайды. Оордунан бурулган Чагыр, чүргөктө оролуп жаткан баланын үстүн ачып, аа кагылайын беренемден калган кырааным өмүрүң узун болсун ден соолугуңду кудай өмүрүң менен кошо жаратсын деп наристенин жүзүнөн эңкейип сүйдү да, эне сизге ак сары башыл сиздин кызматыңыздын баасы жок, мен өзүм ордун таап бердирем деп, кубанычын жашыра албай көздөн акан жаш сакал ылдый куюлуп эмне кыларын билбей турду. Жаңы кыштоого көчүп келишип, күз айлары болгондуктан кар жааганга чейин каерде кыштайбыз, жердин өйдө төмөнүн көрүп, малды жана көп жылкыны жаңы жердин күңгөй тарабына айдашып, жердин уугун алышкан Чагыр баш болгон бир топ жигиттер, кече күнү түштөн кийин күн чыгыш тараптагы капчыгайды өрдөп баратышып, ортодо акан дарыянын оң жак бетиндеги койуу өскөн арчанын арасындагы тегиз жерде тигилген кара алачыкты көрүп калышты .Тигил коштоп жүргөн жигиттердин бири ээ Чагыр байке сиз бул жер ээн эч ким жок дебедиңиз беле, тигил алачык кимдики деп сурады. Жүргүлө барып сурап билебиз ким экендигин, эмне чочуйсуңар жалгыз адам эл болбойт бул дагы көр тиричиликтин артынан жүргөн бир көр пенденикидир да деди. Жакындан келген жолочулардын дүбүртүнө бүрө жарым болсо сыртка чыгат деген Чагыр эмнегедир алачыктан эч ким чыкпагандыгынан, ээ жигиттер этият болгула бирөө жарымыбызды майып кылып койбосун арчалардын арасын акырын карап чыккыла деп буйруду. Бир окуумда алачыктын тоо таянган жагындагы чоң арчанын арасынан колунда саадак, белинде кыска жоо кылыч тагынган узун бойлуу, үстүндө эликтин чаарчыгынын терисинен тигилген жеңи жок кемсел кийген кызыл жүздүу жашы отуздардагы жигит чыга келип колундагы саадакты даяр кармап силер кимсиңер деп сурады. Ээ жолуң болгур баятан бери бул кимдин конушу экен деп чочулап, дагы кандай шумдук болуп кетет экен деп жигиттеримди арчанын арасын акмалап карагыла деп буйрудум эле, кел баатыр жолуңдан чыкан жоо болбосо, таанышып тууган бол деген кеп бар элде сен өзүң элесиңби же дагы шериктериң барбы таанышалы, ойубуз тура чыкса бири бирибизге эриш арка бололу деп тигил жигити кепке тартты.Азан айтылып койулган атым Эшбото . Өзүм тээ Сырдарыянын бойунан, уурум Катаган. Бул жерге душмандардан качып , келип эч ким ушул жерди жайлабагандыктан, бул жерден баштап төмөн жагы тээ Араван сайга чейин эч ким жайлабагандыктан үй бүлөөм менен келип баш калкалап турам. Жубайым менен баш кошконума он жылдын жүзү болду.Бир байдын кызы эле экөөбүз бири бирибизди сүйүшүп баш кошконбуз, аты Каракөз. Ата энеси мени тексиз деп, Каракөздү алып кете турган болгондо, экөөбүз качып, акырында ушул жерге келип жашап калдык. Ортодо перзентибиз жок. Баятан бери сиздерди көрүп, бизди издеп жүргөн куугунчулар го деп чоочулаганбыз, бул жердин кышы жылуу , жайы салкын, эч ким тигил Араван сайга чейин жашабайт. Тигил капчыгайдын күн чыгыш тарабындагы учу шиш аска Алтын казык деп аталат. Эми мынча болду , мен бечараны өзүңүздөргө кошуп алгыла. Жалгыз жашоо кыйын болот экен деп үңкүйдү. Табиятынан көп сүйлөбөгөн сөздөн , иштин майын чыгарган тигил жигит, ооба байке тиричиликтин айынан мергенчилик кылып жан багып жүрөм .Жана эле уудан келдим эле жолум болуп, эки кийик атып келдим жакшы болбодубу эт салайын түшүп конок болуңуздар деп жылмайды.Силер кимсиңер,кайдан келдиңер, эмне кылып жүрөсүңөр деген суроолорду тигил жигиттен күткөн Чагыр, эчтемеден бейкапар, өзү менен өзү болгон тигил жигиттин көдөнү таза экендигин байкап ичинен кубанды. Сейилкандын уулу чоңойуп беш жашка толду. Кадыресе өз теңдүү балдардан тыңыраак , көбүнчө Чагырдын көзөмөлүндө. Дайыма айылдын эли менен бирге алардын арасында Чагыр баш болгон эл билермандары менен кеңешишип иш туткан Сейил кошуна айылдардагы элге да кадыры баркы көтөрүлүп чоң аш тойлордо, Сейилкан аты өзгөрүп Улуу катын эне атала баштады. Ошентип арадан билинбей он чакты жыл өтүп он бешке толгон Сейилкандын баласына эл өзү эле Кунан деп ат койуп алышты.Кунан жаштайынан чыйраак , илбериңки шамдагай , азоо кунандарды кулакчындап үстүнө ыргып минип тез эле үйрөтүп миңгич кылып, эл көзүнө көрүнө баштады. Күндөрдүн биринде Улуу катын эне Чагырды өзүнө алдыртып, жарты элек бүтүн болдук, аз элек садагасы кетейин эл болуп көбөйдүк,ата оордун баскан балабыз минтип бой жетип он тогузга жетип баралына келип турган убагы.Кудайга миң мертебе шүгүр , жайытыбыз малга толуп ,кампабызда аштыгыбыз кенен, сүйлөгөн сөзүбүз өтүмдүү , жоо келсе эл жер коргой турган өзүңүз баш болгон азаматтарыбызбар, башка элден кемибиз жок. Эми Чагыр аке менин сизге айтайын дегеним баатырдан калган жалгызымды, жакшы жер болсо үйлөндүрүп койоюн деген ойум бар деп кеңеш сурады. Ооба туура кыласыз,Кунанды үйлөнтүп , ата оордун басып тукум улантсын . Эми экөөбүз Кунанга келинчек издөөбүз зарыл,кимге жуучу түшсөк, үйлөнтүп туруп андан кийин эл алдында бийлик менен кошо мал мүлктү өткөрүп берип көңүлүм тынчыбаса мен канча жашайм көз алдымда баламдын орун очок алышын, анын мындан кийинки турмушуна экөөбүз көз салып, акыл насааттарыбызды айтып, баланы турмуштун жолуна салбасак менин көңүлүм тынчыбайт, Чагыр байке. Баятан бери Улуу катындын сөзүн бузбай угуп олтурган Чагыр, ообо ообо минтип мен жетимиш үчкө чыктым,сиз да кырктын кырындасыз баатырымдын арбагы сүйүнүп, тура айтасыз үйлөндүрүшүбүз зарыл деди. Ал жер бул жерге барып кыз издеп кыйналбастан эле Кунандын өзүнөн эле сурап , көрбөйлүбү мүмкүн, өзү билген же достору айткан бир ыңгайлуу, ушул убакка чейин бизден тартынып айталбай жүргөн ойу бардыр деп Чагыр ойун түшүндүрдү. Ии туура айтасыз өткөндө Алайга баасыздардан чыккан Байымбет болуштун ашына барганда , Кунан өзүнүн аты ала бозу менен ойун салдырып, аштын акыркы күнү, жамбы атыш болуп элдин бары чогулуп, мерчемдүү жерге илинген алтын күмүш жамбыларды , атты чаап баратып атып түшүргөнгө чоң байге койушпады беле, өзүңуз көргөндөй Кунан ала боздун оозун кое берип, чаап бара жатып, бир алтын бир күмүш тайтуяк жамбыларды атып түшүрүп баарын таң калтырып, анан атылган эки жамбыны элдин көзүнчө Байымбет болуштун кичү кызы Сыбызгыга жөн жеринен бербесе керек, ушуну сурап билүүбүз зарыл. Ооба чынында эле Байымбет болуштун ашына көпчүлүк эл чакырылып Улуу катын да өзүнүн Чагыр баш болгон айыл билермандары менен барып кадырлуу конок болушкан. Аштын акыркы күну , ойун зооко ,атайын убакыт бөлүнүп кыз куумай,оодарыш улак тартыш, жана башка ойун зооктор көрсөтүлүп, акырында жамбы атмай башталды.Күмүш менен алтындан куйулган тайтуяк жамбыларды кезеги менен экиден илип, эгер кимде ким ат үстүндө чаап бара жатып экөөнү эки жаанын огу менен атып түшүрсө, экиден ашык жаанын огу берилбейт ойундун тартиби ушундай атып түшүрүлгөн жамбыларды да алат, андан сырткары байгесине тогуздап мал койулган. Кыркалекей жардап турган элден баш айланат.Ортого бийик устун орнотулуп, эки устундун үстүнө аркан тартылып аркандын эки четинен эсептешип эки жамбыны илишип жамбынын өзүн атканга тартип бойунча мүмкүн эмес, жамбы байланып турган ичке жипти атса ал үзүлүп жамбы жерге түшөт. Ошентип жамбы атыш башталды. Тойду башкарган ат үстүндө кыйкырып мергениң болсо чыгып кал тогуздап байгесине мал койулду, кимде ким атып түшүрсө жамбыларды да алат деп жар салды. Жарчынын үнүн алыстан уккан ат кошчуу бала Тосор Кунанды издеп жөнөдү. Эл топтолгон жыйындан чыгып катарынан тигилген боз үйлөрдүн бирөөсүнө баш бакты. Кыз келиндер толо, аларды жандаган жигиттер,боз уландар боз үйдүн ичинде ортодо комуз чертип ырдап жаткан кара тору жигитти сүрөөнгө алышып эшиктен баш бакан Тосорду байкашкан жок. Боз үйдүн төрүнөн орун алган жанында бир нече кыз келиндер коштогон узун бойлуу башындагы суусар тебетей өзүнө куп жарашкан, ак жибек көйнөгүнүн үстүнөн кийген четине ойуу салынган чыптамасы, кыздын келбетине көрк кошуп ак жуумалынан келген кырдач мурун ботокөз жашы он бештерге барып калган кыздан көзүн албай мелтиреп карап турган Кунанды араңдан зорго тааныды.Мындай шаан шөкөткө аземге аралашпаган Тосор, бир демге эмне дээрин билбей эси ооп туруп калды. Кунан байке жамбы атыш болот экен тогуздап мал койулду , азыр башталат бир өнөрүңүздү көрсөтпөйсүзбү деп бакылдады. Эмне дейт деп тиги кыз Кунанга жалооруй тиктеди. Ии жамбы атыш башталыптыр, барып тамаша кылбайлыбы деп Кунан кызга карады. Мейли барсак баралы деп ордуларынан козголушту. Аңгыча тигил ырдап жаткан жигит ырын токтотуп, ай силер кайда жөнөдүңөр дегенде, тигил кызды коштоп жүргөн жеңеси , эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат ырчы бала комузуңузду койуп , жамбы атпайсызбы деди. Ооба жамбынын ырын эле атып турайын , кана эмесе жүргүлө барып тамаша кылайлы деди. Алардан мурда чыккан Тосор менен Кунан акылдашып сен барып ала бозду токуп белин бекем тарт, мен саадакты алып кийимдерди өзгөртүп келейин,аңгыча болбой ала бозду жетелеген Тосор Кунанды күтүп туруп калды. Кунан үстүндөгү кийимин чечип,бутуна текенин терисинен ултарылган өтүк, үстүнө жеңи кыска кызыл түстөгү чопкутту, башына атасы Бердикеден калган жез тулганы кийип, жанына байланган жоо кылычтын кыны жаркылдап колундагы саадактын жебесин аттын ээрине арта салып, ала бозго ыргып минди. Оордунда ойноктогон ала боз Кунанды заматта, жамбы атабыз деп кезек күткөн мергенчилердин арасына алып барып кошту. Жардап карап турган элге жарчы кайрылып, кана эмесе баштадык ,биринчи болуп Тогуз тородон келген Шырдак мерген, андан кийин, Кетмен төбөлүк Арстан мерген Алайдан Кыштообай мерген, ай бала сен кайдан келгенсиң деп Кунандан сураганда , мен Улуу катын элинен келдим дегенде, жарчы эл журт айтылуу Улуу катын элинен чыккан бул жоо кийимчен жигит атын айтпай жатат акыркы болуп чыгат деди. Үстүнө кийген кийимине тан кала карашкан эл бул бала кайдан чыга калды, жоокер кийимин кийген азамат элдин көзүнө башкачараак көрүндү. Шырдак мерген ата албай , кезек Арстанбеке калды ал дагы жаза атты. Кыштообай аткан жебе күмүш жамбынын жибин жанып өтүп, бирок үзө албады. Кунан минген ак боз жөн аттардай эмес төрт аягына жорго эле. Кулун кезинде энесинен төрт буту жазылбай туулуп, ала боз кулунду мал болбойт деп, карашпай койушуп, жылкычынын аялы жок мен бул кулунду өзүм багам деп , буту жазылбаган кулунду көтөрүп барып эмизип жүрүп бир ай өткөн соң кудайдын кудирети менен бутары жазылып ойун салып энесинин жанында өзгөчөлөнүп туручу. Бышты мезгилинде Тосордун карамагына өтүп, укмуш жорго болуп чыкты. Жаныбар жорго салганда үстүндө термелип тимеле уктаса да болчуудай. Жамбы атыштын кезеги Кунанга келип, жарчы анын аты жөнүн айтып, Кунан ала боздун оозун кое берип чу дегенде, колтугунун мерчемдүү жерине тийген өтүктүн такасы ала бозду текирек таскактатып жорголоого мажбурлады. Жамбы илинген устундарга аз калганда саадактын жебесин туштап кароолго алган Кунан жамбынын жиби кароолго илингенде тартып жиберди, жебе зуулдап барып күмүш жамбынын жибин үзүп түштү. Карап турган эл дуулдап кыйкырык сүрөөнгө өтүп. Экинчи жебени саадактын тепмегине иле салган Кунан жебени катуу тартпай орто жеринен кое берди, алтын жамбынын жибин үзгөн жебе үстүндө тартылган жоон арканга барып кадалып калды. Мына сага мерген. Карап турган элден кулак тунуп турду. Аттын оозун тартып кайткан Кунан ала боздун башын буруп, чаап келе жатып эки жамбыны тең жерден эңип алып кетти. Элдин орто ченинде эл алдында турган Сыбызгы баш болгон кыз келиндердин тобунун тушуна келип аттан түшкөн Кунан эки жамбыны Сыбызгыга сунду. Үстүндөгү жоо кийими өзүнө куп жарашкан Кунанды Сыбызгы башкача көз караш менен карап турду. Ошентип эки жаштын ортосунда жылуу мамилелер башталып,акыры экөөнүн үйлөнүүсү менен бүттү. Улуу катын эне башынан көп нерселерди өткөрүп, баласы Кунанга бийликти өткөрүп берди. Кунан Улуу катын элинин алгачкы абийрдүү , бийлеринен болуп чыга келди. Кунан атабыз Сыбызгы энебизден бир кыз бир улдуу болду.Кызынын атын Кызылкыз,уулунун атын Алике койду. Экинчи никеси Айдөшүдөн эки уулду Акберди , Кулберди, үчүнчү аялы Акдаанадан эки уулду Айдаргазы, Асан, төртүнчү аялы Барчабайпактан Кенжетай аттуу перзенттүү болду. Ошенттип тукум уланып Бердикенин баласы Кунандан тараган эл азыркы күндө деле энебиз Улуу катындын атын алып жүрөт. Бардык түштүктө жашаган Улуу катын элинин кожосунун саны бир мин эки жүздөн ашыгыраак түтүн калкынын саны он миңге чамалаш.i

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×