Добавить статью
6:57, 20 октября 2012 49304

Манастын Кумайыгы итпи же кушпу?

Автор: А.Боронов

“Манас” эпосун изилдебеген, ал боюнча адис эмес, бирок аны билген ар бир кыргыз макаланын темасын окуп көрүп, Кумайык ит болбогондо куш беле, бул эмне деген орунсуз суроо деп шарт жооп берери анык. Бирок, анткен менен, эпостогу Кумайык жөнүндөгү саптарга үңүлө карап, элдик оозеки чыгармалардагы ал туурасындагы башка маалыматтарга көңүлдү дурустап буруп көрсөк, анда бул суроонун бекер коюлбаганын көрөбүз. Алсак, “Манас” эпосунда Кумайык айбандан башкача акылдуу, касиеттүү, кандайдыр бир бөлөкчө күчкө ээ ит. Аны Манас кызыл эт, көзү ачыла элек “кол башындай сур күчүк” кезинде, Медиандын чөлүнөн, Кум-Булактын боюндагы кумайдан таап алат. Кумайыкты сыңар күнөө кылбаган зайып Каныкей, “күндүзүндө тынч албай, түндөсүндө уйку албай, оозу менен сүт берип, колу менен эт берип,” кырк кез ордун түбүндө багып чоңойтот. Ал эч бир аңды кутказбаган, керек болсо, арстан, жолборстон да кайра тартпаган, сыйкырдуу кыраан тайган болуп чоңоет. Кумайык эпосто баккан ээсин бакытка жеткизген, атадан-балага калчу жети мурастын бири. Аны киши барбас ээн талаа, эрме чөлгө көк жоору тууйт, эгер жумурткадан чыккан бул күчүк үч күндүн ичинде адамга кезиксе ит болот, антпесе кайра көк жору кушка айланат. Ушул себептенби, аны эпосто манасчылар кээде “Кумайык деген куш болгон” же “Атаңдан калган куш эле, анык мурас ушу эле” деп куш катары сүрөттөп эскерип жиберет.

Албетте, Кумайыкты минтип кээде куш катары сүрөттөө жаңылыштык эмес. Анткени Кумайыкты бул сыяктуу кээде куш катары эскерүү кыргыз эл оозеки чыгармачылыгында “Манастан” башка чыгармаларда да кездешет. Айталы, өткөн замандагы табышмак айтыштардын биринде: “Куу ылаачын теппеген, Кууда бүтүн бар бекен”, - деген Калмамбет ырчынын суроосуна Орозаалы акын “Куу ылаачын теппеген, Кууда бүтүн – кумайык” деп жооп берип, Кумайыкты куш катары көрсөтөт ( Кебекова Б. Кыргыз-казак фольклордук байланыштары. Фрунзе, 1982, 157-бет). Ушунун өзү эле “Талым кыз менен Көбөктүн айтышында да жолугат. Кумайыкты ит катары сүрөттөп, бирок аны куш деп атоо Кыргызстандын ар жеринен жазылып алынган “Кубакым-Кубакуш”, Көбөк кан” деген чыгармаларда да учурайт. Мисалы 1920-жылы Талас өрөөнүнөн Абайдылда Тууганбай уулунан К. Мифтаков жазып алган “Көбөк кан” деген чыгармада башкы каарман Көбөктүн алгыр тайганы Кумайык жөнүндө сөз болуп, бирок ит негедир Кубакуш деп аталат. Бул сыяктуу маалыматтар, башкача айтканда иттин куштун жумурткасынан чыгышы, анын өтө кыраан, алгыр болушу, ит экендигине карабастан аны кээде куш деп атоо башка түрк элдеринин оозеки чыгармаларында да бар. Алсак, казак, каракалпак, өзбек, татар, башкыр, ногой, алтай, хакас элдеринде Кумайыкка байланыштуу айрым материалдар кезигет. Албетте, бул материалдар жалпылыктар менен бирге айырмачылыктарга ээ. Бул жерде бардыгын талдап отурбай бир гана нерсени белгилеп кетели. Ал кандай гана болбосун Кумайыктын куш менен байланыштуулугу жөнүндөгү маалымат.

Баамдап көрүңүз: кыргыздардагы ишеним-түшүнүктөргө ылайык Кумайыкты жоору тууйт. Ал баккан ээсин бакытка бөлөгөн өзгөчө күчкө ээ ит; казактарда да Кумайыкты адам жетпеген жерге Кумай деген мифологиялык куш (кээде сары ала каз) тууп, ал “Кумайдын күшиги” деп аталат. Ушул эле түшүнүк хакастарда да бар. Кумайыктын куш менен байланышканын көрсөткөн дагы бир белги анын Кумайкуш деген аты. Итти минтип Кумайкуш, Кубакуш деп атоо анын куштун жумурткасынан чыккандыгын билдирген маалыматтын унутулган, кийинки так берилбеген түрү, башкача айтканда, кумайыктын куш менен болгон байланышы анын атында сакталып калган.

Ошентип, айтылгандарды жыйынтыктасак, Кумайык жөнүндө эки нерсе маалым болот: 1) Кумайык чыгыш теги боюнча куш менен байланышкан өзгөчө күчкө ээ, ээсине бакыт алып келчүү мифтик сыйкырдуу ит; 2) ал жөнүндөгү ар кандай маалыматтар түрк элдеринин көбүндө кездешет.

Көрүнүп тургандай, жогорудагы келтирилген маалыматтардан кийин макаланын темасындагы Кумайык итпи же кушпу деген суроо бекер койулбаганы дайын болот. Чындыгында эле Кумайык итпи же кушпу? Эгер ал ит болсо эмне үчүн анын образы дайыма кушка байланышып калат, а кокус куш болсо, анда неге аны эпос ж.б. чыгармалар ит катары сүрөттөйт?! Деги анын образы не деген образ жана ага окшош образдар башка чыгармаларда, бөлөк элдерде учурайбы? Бул суроого дурустап жооп берүү үчүн алгач Кумайык деген сөздүн маанисин чечмелеп алуу максатка ылайыктуу. Азыркы кыргыз тилинде негизинен Манас баатырдын итинин аты катары белгилүү болгон бул сөз бир мезгилде кумай жана ыйык деген эки сөздөн турганы байкалат. Мезгилдин өтүшү менен башында ар кимиси өз алдынча колдонулган бул эки сөз кийин биригип, бир сөзгө айланган. “ Кумай + ыйык” сөзүнүн Кумайык формасына өтүшү тилдин мыйзамына каршы келбейт. Бул жерде “ыйык” сөзүнүн маанисин чечмелөөнүн зарылдыгы жок, ал жалпыга маалым. Кеп “кумай” сөзүнүн кайдан келип чыккандыгында жана эмнени билдиргендигинде.

Биздин оюбузча “кумай” сөзү иран элдеринин мифологиясындагы кеңири белгилүү “хома(й)” деген бакыт кушунун аты менен байланыштуу. Хома(й) Хумай иран элдеринин мифологиясында бүркүткө окшогон, көлөмү чоң, өтө акылдуу, адамга бакыт, атак-даңк алып келүүчү мифологиялык куш. Анын көлөкөсү түшкөн адам падыша болот, ал адамга дайым эле жолукпайт. Мына ушул бакыт кушу Хомай-Хумай кыргыз тилинде “кумай” деген формага өтүп, иттин аты катары колдонулуп калган. Хумай бакыт алып келүүчү куш болгондуктан, ал дайыма ыйык эсептелинген. Дал ушул себептен Хумай ыйык деп аталып, андан Кумай ыйык Кумайык деген иттин аты пайда болуп, ал эми бул ит болсо ээсин дайыма бакытка жеткизген. Кумайыктай итке ээ пенденин байлыкка тунуп, бакытка жетерлиги жөнүндөгү элдик ишенимдин башаты мына ушул Хумай куштун образына барып такалат.

Арийне, куштун аты эмне үчүн иттин атына айланып кетти деген орундуу суроо туулушу мүмкүн. Бул суроого жооп берүүдөн мурда Хумай деген куштун өзүнүн образына жана атына токтолуп, ал эмнени билдирерин чечмелеп көрөлү.

Иран мифологиясында кездешкен адамга бакыт алып келүүчү Хумай куштун образы өзүнүн чыгыш теги боюнча башка бир Симург деген мифологиялык куш жана хаома аттуу мифологиялык дарак менен байланыштуу.

Бардык элдер сыяктуу эле индо-иран элдеринин байыркы ата- бабалары дүйнөнүн түзүлүшүн космос, жер үстү жана жер асты деп үч бөлүккө бөлүп эсептешкен. Бул үч бөлүктү, башкача айтканда дүйнөнү, Хаома Ардва деген булактын жанында өскөн хаома деген эбегейсиз чоң дарак тиреп, бириктирип турат. Ал Ворукаша деңизинин боюнда, (кээде анын ортосунда) Хукарья тоосунун түбүндө өсөт. Аны Кара деген мифологиялык балык кайтарат. Ал дарак, адамды өлбөстүккө жеткирет, күчүнө күч, акылына акыл кошот, ден - соолугун чыңдап, ага сулуулук тартуулайт. Хаома индиялыктардын мифологиясында Сома деп аталат. Мындай дарактын образы дүйнө элдеринин фольклорунда абдан көп кездешет. Бул фольклористикада “дүйнөлүк дарак” же “өмүр дарагы” деп аталып, адатта ал дүйнөнүн түзүлүшүн, анын биримдигин көрсөтүп турат. Дүйнөлүк дарак аябагандай чоң, ал дүйнөнүн так ортосунда өсөт. Анын тамыры - жер астындагы, ортосу (сөңгөгү) - жер үстүндөгү дүйнөнү, эң башы – космосту билдирет. Дүйнөлүк дарактын башында дайыма кандайдыр бир куш, түбүндө жаныбар, ал эми анын тамыры өскөн сууда болсо же ажыдаар, же жылаан, же балык жашайт. Бул үч түрдүү жаныбар үч бөлүк дүйнөнүн символдошкон өкүлдөрү. Индо-иран элдеринин фольклорундагы дүйнөлүк дарак Хаоманын жанында да бир кезде ушундай үч түрдүү жаныбар болгон. Алардын бири жер астындагы дүйнөнү элестеткен, жогоруда эскерилген Кара деген балык. Ал эми Хаома (кийинчерек – хома) дарагынын башында эмне деген куш отурган? Биздин оюбузча, бул иран элдеринин мифологиясында өтө көп учураган, жогоруда аталган Хомай - Хумай деген куш. Болжолу бул куш өз атын да дал ушул “хаома - хома” деген дарактын атынан алган.

Дегинкиси эң башында “хаома - хома” дарагынын башында отурган куштун аты Хумай эмес бөлөк болушу мүмкүн, Хумай бул анын экинчи аты. “Хаома - хома” дарагынын башында отурган куштун эң алгачкы аты Сэнмурв. Сэнмурв - биздин тилге которгондо “ит-куш” деген маани берет. Анткени ал өзү ушундай ит менен куштун биримдигинен турган аргын жаныбар, башкача айтканда, Сэнмурв - ит баштуу, денеси балыктын кабырчыктары менен капталган, буттары да иттикиндей куш. Ушундан улам ал Сэнмурв - “ит-куш” деп аталган. Сэнмурв “Авестада” “Мэрегхо саэн” деген ат менен эскерилет. Муну айрым окумуштуулар “канаты чоң куш” деп которушат. Сэнмурв пехлеви тилинде Синмурв деп аталып, кийинчерек жаңы перс тилинде Симург деген формага өткөн. Симург иран элдеринин мифологиясында өзгөчө сыйкырдуу күчкө ээ, акылман куш. Ал өзүнүн сыйкырдуу күчү, акылы менен дайыма баатырга жардам берет, аны түрдүү кыйынчылыктардан куткарат, көбүнчө баатырды өтө алыс аралыкка, жер астынан жер үстүнө алып учат. Анын көлөмү эбегейсиз чоң, ал түрдүү сыйкырчылык менен бирге дарыгерликти да билет. Хумай куш сыяктуу эле Симургдун көлөкөсү түшкөн киши да падыша болуп, байлыкка, бакытка жетет. Симург Ворукаша деңизинин ортосунда өскөн дүйнөлүк даракта уялайт. Ал даракка келип конгондо дарактын миңдеген бутактары жерге ийилип сынып, андан миңдеген урук чачылат, ал эми кайра учуп кеткенде дарактын сынган бутактары калыбына келип өсүп чыгат. Айрым бир көз караштарга ылайык “хома” дарагынын уругун алыскы аскаларга бекитилген жеринен адамдарга мына ушул Симург алып келген. Симургдун башы, тумшугу, буттары иттикиндей, денеси балыктын кабырчыктары менен капталып, бирок канат-куйруктуу кадимки куш болуп сүрөттөлүшү, анын Ворукуша деңизинин ортосунда дүйнөлүк даракта уялап, жер асты менен жер үстүн кыдырып учушу жана бул куштун көлөкөсү түшкөн кишинин падыша болуп бакытка жетиши, бизди, байыркы ирандыктар анын образы аркылуу үч бөлүктөн турган дүйнөнүн бириккен бир образын берүүгө аракеттенишкен деген ойго түртөт.

Ошентип, жыйынтыктап айтканда, дүйнөлүк дарак Хоманын башында отурган бул куш, кийинчерек, убакыттын өтүшү менен, өзүнө дүйнөлүк дарактын жанында жашап, үч бөлүк дүйнөнү элестеткен жогоруда эскерилген үч түрдүү жаныбардын образын бириктирип алган. Дал мына ушундан улам, ал адаттан тыш “ит баштуу, балык кабырчыктуу” формага ээ жана бир эле мезгилде жалгыз өзү космостун өкүлү катары куш да, жер үстүнүн өкүлү катары ит да жана жер астынын өкүлү катары балык да. Симург үч дүйнөнү өзүнө бириктирген дүйнөлүк дарактын башында отурган жөнөкөй гана куш эмес, ал ошол үч дүйнөнүн ээси, падышасы. Ошондуктан ал жер астында да, жер үстүндө да, космосто да эркин жүрө берет. Дал ушул себептен улам ал сыйкырдуу күчкө ээ, жана анын көлөкөсү түшкөн киши падыша болуп, бакытка жетет.

Симургдун образы өзүнө үч бөлүк дүйнөнү билдирген жогорудагы үч жаныбардын гана образын эмес, акырындык менен, дүйнөлүк дарак Хоманын да айрым бир функцияларын кошуп алганы байкалат. Мисалы Симург жогоруда эскерилгендей укмуштуу формага ээ, өтө акылдуу сыйкырдуу куш гана болбостон, мыкты дарыгер да. Башкача айтканда, адамдын ден- соолугун сактап, ага жашоо берген куш. Биз буга чейин дүйнөлүк дарактын адамга өлбөстүк тартуулап, бакытка жеткирүүчү күчкө ээ экендигин эскергенбиз. Симургдун адам жашоосун узарткан мыкты дарыгерлиги, анын көлөкөсү түшкөн кишинин бакытка жетиши, анын кандайдыр бир даражада ошол өзу уялаган дүйнөлүк дарак Хоманын касиетин сиңирип алуусу менен да байланыштуу экенин көрсөтөт.

Ошентип, акыры, айтылгандарды жалпысынан кыскача төмөндөгүдөй жыйынтыктасак болот: 1) иран элдеринин мифологиясында сүрөттөлгөн дүйнөлүк дарак Хаома (кийинчерээк өзгөргөн формасы Хома) башка элдердин фольклорундагы дүйнөлүк дарактардай эле адамды өлбөстүккө, бакытка, байлыкка, акылдуулукка, сулуулукка жеткирүүчү касиет- күчкө ээ болгон; 2) эң алгач анын жанында үч бөлүк дуйнөнү символдоштуруп элестеткен үч түрдүү жаныбар жашаган; 3) кийинчеээк бул үч түрдүү жаныбар бир образга, ошол дүйнөлүк дарак Хоманын башында жашаган Сэнмурв-Симург деген куштун образына бириккен. Натыйжада Симургдун образы үч бөлүктөн турган бүткүл дүйнөнү элестеткен символ катары кабыл алынып, ал ошол дүйнөнүн ээси катары эсептелген; 4) мындан сырткары Симургдун образы өзүнө дүйнөлүк дарак Хоманын айрым бир функцияларын да сиңирип алган. Ушундан улам ал кийинчерээк Хоманын башында отурган куш, Хоманын кушу же Хомай куш - Хумай куш - Хумай деген атка көчкөн. Сэнмурв – Симург – Хумай ар мезгилде ар түрдүүчө аталган негизи бир образ жана ал жогоруда айтылган өзүнүн касиеттерине ылайык адамды өлбөстүккө, бакытка жеткирүүчү күчкө ээ. Мына ушул Сэнмурв – Симург – Хомайдын образы кыргыз эл оозеки чыгармачылыгына кирип, андан бизге тааныш Кумайыктын образы жаралган. Муну ал жөнүндөгү ишеним-түшүнүктөр, миф-легендалар эң сонун далилдеп турат.

Иран элдери менен түрк элдеринин тарыхый, маданий карым - катыштары өтө байыркы мезгилдерден башталат. Узак мезгилди ичине камтыган бул тарыхый, маданий карым-катыштар көптөгөн түрдүү факты-материалдар менен далилденет. Кийинки учурларда бул факты-материалдарды чогултуп изилдөө, системалоо, алардын негизинде кандайдыр бир жалпы жыйынтыктарды жасоо зарылдыгы улам барган сайын ачык сезилүүдө. Мурда изилденген нерселерди дагы тереңдетип изилдөө, табылган факты-материалдарды илимдин акыркы жетишкендиктеринен туруп көздөн өткөрүү жакшы жыйынтык берери анык. Кыргыз-иран элдеринин маданий байланышы жөнүндө да ушуну айтууга болот.

Бирок тилекке каршы узак мезгилди камтыган, бул маданий байланыштар көптөн бери колго алынып дурустап изилденбей келет. Жогоруда сөз болгон Кумайыктын образынын иран элдеринин мифологиясындагы Сэнмурв – Симург – Хумайдын образына барып такалышы мына ушундай маданий байланыштардан. Эгерде биз аталган образдардын байланышына жакшылып көңүл буруп, алардын тарыхын изилдеп көрсөк, анда бул байланыштын башаты тээ байыркы мезгилге барарын байкайбыз. Арийне, байланыш дегенде сөзсүз эле генетикалык байланышты элестетпөө керек. Мында генетикалык да типологиялык да байланыштар болушу мүмкүн. Айталы ушул эле Сенмурв – Симургдун образы менен “Эр Төштүктөгү” Алп Кара Куштун образын салыштырып көрүү бизди ушундай ойлорго түртөт.

Иран элдеринин мифологиясында жана башка оозеки чыгармаларында Симург канаты күндүн көзүн жапкан укмуштуудай чоң куш, ал дүйнөлүк дарактын башында уялайт, анын балдарын ажыдаар жута турган болгондо баатыр өлүмдөн сактап калат, натыйжада Симург баатырды үстүнө мингизип жер үстүнө алып чыгат, жер үстүнө чыгаарда ал баатырга 40 күнгө жеткидей тамак жана суу даярдатат, бирок жер үстүнө аз калганда тамак менен суу түгөнүп, баатыр Симургга өз этинен жедирет. Жер үстүнө чыккан соң Симург муну билип, баатырга жеген этин кайра кайтарат. Симург баатыр менен коштошордо ага өз канатынан бирди жулуп берет. Ушул эле сюжет эч бузулбастан “Эр Төштүктө” Төштүктүн Алп Кара Кушка минип жер үстүнө чыгышын сүрөттөгөн эпизоддо жолугары белгилүү. Айырмасы “Эр Төштүктө” Симургдун ордуна Алп Кара Куш деп айтылат. Жогорудагыдай сюжеттик окшоштуктардан башка дагы, түрк-иран элдеринде Симург - персче сиех “кара” жана мург “куш” деген эки сөздөн куралып, “кара куш” дегенди билдирет деген элдик чечмелөөгө ээ. Башкача айтканда, Симург элдик этимология боюнча “кара куш” дегенди билдирет. Экинчиден, Симург казак, каракалпак, кыргыз сыяктуу айрым түрк элдеринде көп учурларда Алп Кара Куштан эч айырмасы жок, экөө бир куш катары берилет. Жогорку сюжеттин казак, кара калпак, татар, башкыр эл жомокторунда да кенен учурарлыгын айта кетүүбүз керек. “Манас” эпосунда да кээде “Алп Кара Куш зымырык, алып учуп зымырап” деп Алп Кара Куш менен Зымырык (Симург) экөө бир куш катары берилген жерлер жолугат. Бирок негизинен кыргыздар Алп Кара Куш менен Зымырык кушту так ажыратып, экөөнү эки бөлөк образ катары түшүнүшөт. Ушундан улам жогорку окшоштуктарды эске алып отуруп, иран мифологиясында Симургдун “канаты күндү жапкан бүркүт сымал чоң куш” катары сүрөттөшү жана анын атынын түрк-иран элдеринде “кара куш” деген элдик чечмелөөгө ээ болушу Алп Кара Куштун аты менен образынын пайда болушуна таасир этпеди бекен деген ойго кетесиң.

Арийне, Сэнмурв-Симург эң алгач “ит-куш” деген маанини билдиргени күмөн туудурбайт, буга анын өзүнүн образы да дал келгенин жогоруда көрдүк. Муну татар тилинин диалектисинде сакталып калган “комай-эт” деген сөз менен образ да байкатып турат. “Комай-эт” татарларда “жомоктогу канаттуу итти” билдирет. Бул Симург менен Хумай куштун ортосундагы образ, башкача айтканда Симургдун “хомай-ит” деп аталып, мурдагы өзүнө таандык формасынан өзгөрүп, Хумай куштун образына өтүп бара жаткан мезгили. Кийинчерек дал ушул татарларда сакталган “Канаттуу ит” - “комай-эттен” бир жагынан Хумай куш бөлүнүп чыкса, экинчи жагынан биздеги Кумайык пайда болот. Татар тилинде, болгондо да анын диалектисинде “комай-эт” деген сөз менен образдын сакталып калышы биздин Сэнмурв-Симургдан Хумай куштун, андан Кумай-Кумайыктын пайда болушу жөнүндөгү оюбуздун тууралыгын далилдейт.

Сэнмурвдан Симургдун, андан Хумайдын пайда болушу тез аранын ичинде эле ишке аша койгон оңой-олтоң нерсе эмес. Бул узак убакытты талап кылган, ошол элдин көз караш, психологиясы, ишеним-түшүнүктөрү менен байланышкан татаал процесс. Мындайча бир образдын экинчи, үчүнчү образга өтүшү же анын бир нече образга майдаланып бөлүнүп кетиши фольклордук чыгармаларда кадам сайын жолугат. Ошондуктан Сэнмурв-Симургдан Хумай куштун пайда болушу жана алардын кийинчерээк ар башка образ катары бөлүнүп кетиши (мисалы Симургдун өзүнчө, Хумай куштун өзүнчө образ болуп кетиши) мыйзам- ченемдүү көрүнүш. Ошол эле учурда Хумай куштун образынын да өз кезегинде бир нече образга бөлүнүп кетиши анча таңдантпайт (м: түрк элдеринин фольклорундагы кумай деген куштун жана кумай деген иттин образынын пайда болушу). Кайра мунун өзү ошол образдын канчалык татаал жол басканын көрсөтөт. Ушул жагынан алып караганда биз анализдеп жаткан Сэнмурв-Симург-Хумайдын образы өзгөчө татаал тагдырга ээ. Биринчиден, бул образ өзү пайда болгон иран мифологиясынын топурагында эле бир топ татаал эволюциялык өнүгүүнү башынан өткөргөн. Экинчиден, ал түрк топурагына көчүрүлгөндөн кийин да кыйла өзгөрүүлөргө дуушарланган.

Сэнмурв – Симург – Хумай – Кумай – Кумайык жөнүндөгү колдо болгон факты-материалдарды изилдеп отуруп, биз алардын түрк элдеринин элдик оозеки чыгармачылыгында пайда болушунун бир нече этабын белгилөөгө мүмкүн экендигин баамдадык.

Биринчи этап – эң алгачкы катмар. Жогоруда белгиленген Сэнмурв-Симург менен Алп Кара Куш - Симургга байланышкан бул сюжет көпчүлүк элдердин фольклордук чыгармаларында кезигет. (Мисалы Борбордук Азия, Түштүк Сибирде жашаган алтай, тува, якут, бурят, монгол, элдери менен индия мифологиясындагы Гаруда-Хан Кередеге байланышкан сюжеттер же грузиндердин мифтериндеги Пас Кунджиге байланыштуу сюжеттер). Ушундан улам Симург менен Алп Кара Куштун ортосундагы мындай окшоштукту азырынча генетикалык же типологиялык окшоштук деп так кесе айтуу кыйын. Сыягы бул жерде өтө татаал тарыхый типологиялык жана тарыхый генетикалык кабатталган бир нече байланыштардын узак мезгил ичинде бир образга чиелене түйүлгөн түрмөгү жатат. Башкача айтканда, Алп Кара Куштун образы түбү индия мифологиясынан башталган Гаруда-Хан Гаруда-.хан Кереденин да, иран мифологиясындагы Сэнмурв-Симургдун да, түрк топурагында өнгөн бүркүткө байланышкан тотемдик түшүнүктүн да таасирин алган. Бул таасирлердин башаты өтө байыркы мезгилдерден башталып көпкө чейин уланып жүрүп отурган. Экинчиден, алтай, тува, якут сыяктуу түрктөрдүн фольклорундагы бул образга (б.а. Алп Кара Куштун образына) индия, монгол элдеринин фольклорунда кездешчү Гаруданын таасири күчтүү болсо, кыргыз, казак, азербайжан, түркмөн, башкыр, татар, кара калпак, өзбек, өңдүү түрк элдеринин ооз эки чыгармаларында жолуккан Алп Кара Кушка Сэнмурв-Симургдун образы катуу таасир эткен. Ошондуктан башында негизи бир болгон бул образ түрк элдеринин жарымында Кан Кереде Херети-Хардай деп аталса, экинчи бөлүгүндө Алп Кара Куш деп аталат. Менимче бул образдын Алп Кара Куш деп аталышы да кайсы бир даражада Сэнмурв-Симургдун жогорудагы эл арасында “кара куш” деп чечмелениши менен байланыштуу. Симургдун алгачкы мааниси унутулган соң анын элде “кара куш” деп чечмеленип, канаты күндүн көзүн жапкан чоң куш катары элестетилиши, Алп Кара куш деген энчилүү аттын пайда болушуна таасир этиши толук мүмкүн. Бекер жеринен кээде аталган түрк элдеринде Симург менен Алп Кара Кушту бир куш катары эсептеп сүрөттөшпөсө керек.

Экинчи этап – Хомай – Хумай – Кумай куш –Кумайык менен байланыштуу. Сэнмурв-Симургдун өзүнө хома дарагынын функциясын сиңирип алышы жана ушундан улам Хомай-Хумай деп аталышы, кийинчерек анын образынын экиге бөлүнүшүнө алып келген. Натыйжада мурдагы фантастикалуу формага ээ Сэнмурв-Симургдун ордуна Хумай куштун образы пайда болгон. Хумай куш Симурдун образы менен негизи бир, анын эволюциялык өнүгүүсүнүн эң акыркы баскычы болсо да андан айырмаланып, ал фантастикалуу кебетеге ээ эмес. Экинчиден, жер асты менен жер үстүн бирдей мекендебейт, баатырды көтөрүп алыс аралыкка учпайт, болгону ал адамга бакыт алып келет, анын көлөкөсү түшкөн киши падыша болот. Хумайдын мындайча Симургдун образынан бөлүнүп чыгып өзүнчө, образ катары калыптанышы, мурдагы фантастикалуу белгилердин ордуна реалдуу белгилерге ээ болушу Симургдун образынын таптакыр жок болушуна алып келген эмес, болгону анын образы арткы планга жылып, эми аны менен бирге иран мифологиясында дагы бир куштун – Хумайдын образы жашап калган. Иран мифологиясында мындайча башында генетикалык жагынан бир болгон Сэнмур-Симург-Хумайдын образынын эки бөлөк жашашы алардын түрк элдеринин маданиятында да ушундайча эки бөлөк образ катары жашашын шарттаган. Натыйжада кыргыз, казак, өзбек, кара калпак, татар, башкыр, түркмөн, азербайджан элдеринин фольклорунда Симурдун да, Хумай-Кумай-Кумайыктын да образы пайда болгон. Албетте, аталган элдердин бардыгында Симург менен Хумайдын образы негизинен окшош, бирок таптакыр бирдей эмес, кичинекей болсо да айырмалуу. Мисалы Хумай кыргыздарда Кумайык болсо, татарларда жогоруда көрсөтүлгөндөй жөнөкөй алгыр гана ит болбостон канаттуу да, ал эми башкырларда “хомай мүйүздүү куш”, Хумайдын кыргыз, казак, башкыр, татарларда мындайча бирде ит, бирде куш, кээде “канаттуу ит”, “мүйүзүү куш” деп сүрөттөлүшү бул образдын түрк элдеринин фольклоруна өтө байыркы убактарда киргенинен кабар берет. Башкача айтканда Хумайдын түрк элдерине кириши анын “ит баштуу, балык кабырчыктуу куш” Сэнмурв-Симургдан али толук ажырап, өз алдынча образ катары жашай элек мезгили менен байланыштуу.

Деги иран элдерине караганда түрк элдеринин фольклорунда Хумайдын Сэнмурв-Симург менен бирдигин, алардын өсүү эволюциясын көрсөткөн байыркы белгилер көп. Мисалы башкырлардын эпосу “Урал баатырда” Хомай куштардын падышасы Самрау (Симург дегени) менен күндүн никесинен туулган, кээде куш, кээде адам кейпине өтө берчү персонаж катары сүрөттөлөт. Ал өзү мүрөктүн суусуна жуунган өлбөс, көп нерсе бтлген, кандайдыр бир сыйкырдуу күчкө ээ, жердеги жашоону коргоп, өлүмдү жоготуу үчүн күрөшкө чыккан жылаандар менен согушкан Урал баатырдын эң жакын жардамчысы, акылчысы, аялы. Хомай жердеги жаныбарлардын өмүрүн коргоп, аларга жашоо бериш, үчүн мүрөктүн суусун табат. Мунун өзү Хомайдын образынын бир жагынан Симург (Самрад) аркылуу дүйнөлүк дарак хаома-хома менен байланышын көрсөтсө, экинчи жагынан анын түрк элдеринде тээ байыртан бери белгилүү Умайдын образы менен байлынышын көрсөтөт. Умайдын Хумайдан пайда болушу толук мүмкүн. Эгерде биз Умай менен Хумайдын негизи бир дүйнөлүк дарак хаома-хома экенин моюнга алсак, анда хаома-хома - Хомай-Хумай менен түрк элдери өтө байыркы мезгилден бери тааныш экенин да моюнга алабыз.

Үчүнчү этап - Сэнмурв-Симург түрк элдерине, тагырак айтканда азербайжан (Симург), түркмөн (Сымург Сумург), уйгур (Сумург), казак, кара калпак ( Самурык), кыргыз (Зымырык), татар, башкыр (Самрау, Самеру), өзүбек (Симург) элдеринин фольклоруна, өзүнчө образ катары экинчи жолу байыркысына караганда бир топ кийин кирген. Аталган түрк элдеринин оозеки чыгармачылыгында Симургдун образы, эгер, анын кээде Алп Кара Куштун образы менен биригип кеткенин эске албасак, иран элдеринин мифологиясындагы “ит баштуу, балык кабырчыктуу” куштай фантастикалуу эмес. Мисалы кыргыздарда Симург (Зымырык) кандайдыр бир сыйкырдуу күчкө ээ бүркүт сымал куш катары гана элестетилет, ал жөнүндө башка эч кандай конкретүү түшүнүк жок. Ушундан улам биз Зымырыктын образы кыргыздарга кийинчерек дагы бир жолу кабыл алынса керек деп ойлойбуз. Башкача айтканда, Зымырыктын образы бизге Симургдун образы иран элдеринин оозеки чыгармачылыгында алгач кезикчүү мурдагы фантастикалуу белгилеринен ажырагандан кийин гана экинчи ирет кирсе керек. Муну татар тилин изилдөөчү белгилүү тилчи Р.Г. Ахметьяновдун симург сөзүн татар тили бир нече жолу ар түрдүү булактардан кабыл алыса керек деген пикири да бекемдеп турат. (Р.Г. Ахметьянов Общая лексика духовной культуры народов Среднего Поволжья. М., 19881, 41-бет).

Ошентип, жыйынтыктап айтканда, Манастын Кумайыгы бир эле учурда ит да куш да болгон байыркы мифологиялык жандык Симургдун кыргыз топурагындагы кийинки мезгилге ылайыкташып өзгөргөн түрү болуп эсептелип, ал азыркыдай образ катары калыптанганга чейин башынан далай убакытты, көп өзгөрүүлөрдү өткөргөн.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

25-10-2012
Азыркы кыргыз адабий тилинин калыптануусунун айрым маселелери (уландысы)
42860

23-10-2012
Азыркы кыргыз адабий тилинин калыптануусунун айрым маселелери
46162

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×