Добавить статью
4:07, 25 октября 2012 42133

Азыркы кыргыз адабий тилинин калыптануусунун айрым маселелери (уландысы)

Автор: А.Боронов

Биздин оюбузча, Октябрь революциясына чейин азыркы кыргыз адабий тилинин пайда болушуна шарт түзүп, ага база катары кызмат аткарган дагы көп нерселер болгон. Алардын эң орчундууларынын бири «Манас» эпосу менен макал-лакап, айрым чечендик сөздөрдүн тили. Анча-мынча учкай айтылган кээ бир пикирлер менен А. Биялиевдин акыркы кездерде жарык көргөн төрт-беш эмгегин эске албаганда ушул кезге чейин кыргыз тил илиминде «Манастын», чечендик сөздөрдүн тилин дурустап изилдеген эмгек жок (сөз аталган чыгармалардын тилин функционалдык жактан изилдөө жөнүндө болуп жатат). А чынында бул чыгармалардын тилин мыктап үйрөнбөй туруп, кыргыз адабий тилинин генезисин түшүнүү мүмкүн эмес. Аталган чыгармалардын тили эмне деген тил жана ал азыркы кыргыз адабий тили менен кандай карым - катышта болуп, ага кандай таасир тийгизди деген суроого кыргыз тилчилери жалпылап, болжол менен гана жооп бере алышат.

Алсак, «Манастын» тили жалпы элдик тилден эч айрымаланбайт. Ал кайсы жомокчу айтса, негизинен ошол жомокчунун тилиндеги диалектилик өзгөчөлүктөрдү камтыйт. «Манас» эпосу кыргыз адабий тилинин пайда болушунда чоң роль ойногон ж.б.у.с. Менимче мындай жалпылоолор азыр эч кимди канааттандырбайт, алардан кутулууга убакыт жетти. Кыргыз адабий тилинин түзүлүшү үчүн «Манастын» тилинин ролу чоң экендиги талашсыз. А бирок анын тилин бир гана диалектинин тили деп баалоого негиз жок. Анткени «Манастын» тили бир диалектинин чегинен эбак чыгып кеткен, кыргыз диалектилеринин үстүндө турган, өзгөчөлөнгөн өзүнчө тил. Ал эпостун табиятына ылайык кылымдап далай айтуучунун чыгармачылык лабораториясынан өтүп иштелип чыккан, өзүнчө белгилүү формула, клише-тропторго ээ, ички чен-өлчөм, нормасы бар оозеки көркөм адабий тил. Анын бул касиети кылымдап түзүлгөн, аны мындай деңгээлге жеткирүүдө далай таланттуу жомокчулардын күчү корогон. Бул тил, б.а. эпостун тили, структуралык жагынан да, аткарган кызматы боюнча да кыргыз тилинин эч бир диалектиси менен дал келбейт. Мисалы аны структуралык жагынан алып карасак эпостун бир эле вариантында же бир эле жомокчунун айтымында ар түрдүү диалектилерге, говорлого тиешелүү тилдик фактылар кездешет. Айталы С.Орозбаковдун вариантында төмөнкүдөй тилдик фактылар учурайт: 1) сөз башында жумшак «б» тыбышынын каткалаң «п» тыбышына өтүп айтылышы: «Пастады биздин арбак деп» (С.О.II.241) (Тексттеги С.О. – С.Орозбаковдун Ф.,1978,1980,1981,1982-ж. чыккан вариантын билдирет. Андан кийинки рим цифрасы аталган эмгектин тиешелүү томдугун, ал эми кийинки цифралар китептин бетин көрсөтөт); «Паашасы айткан буйругун (С.О.II.13); «Дүкөндөн өрттөп пулдарын» (С.О.III.98); 2) Болбосо тескерисинче сөз башындагы каткалаң «п» тыбышынын ордуна жумшак «б» тыбышынын колдонулушу: «Адил бааша тагы үчүн» (С.О.II.29); «Банар алып келишти» (С.О.II.362) «Өзүңдөн бөлөк баана жок (С.О.III.292); 3) Ушул эле тыбыштардын сөз башында ээринчил-мурунчул «м» тыбышына өтүп айтылышы «Мааналарга итим жок» (С.О.II.295); «Бешөө деди мерзентим (С.О. II.295). Мындай өзгөчөлүктөр, б.а. сөз башында «б» тыбышынын «п» тыбышына өтүшү түштүк диалектисине, «п» тыбышынын ордуна «б» тыбышын колдонуу түндүк диалектисине таандык болсо, ал эми бул эки тыбыштын сөз башында «м» тыбышы менен алмашышы түндүк диалектисинин Ысык-Көл говоруна тиешелүү экени бардыгыбызга маалым. Кабыл алынган сөздөрдө кездешкен жумшак ээрин – тишчил «в», «ф» тыбыштарынын ордуна каткалаң эринчил «п» тыбышы менен жумшак эринчил «б» тыбышын колдонуу да учурайт: «Барганадан кыз таппай» (С.О.II.366); «Отурду Кошой борумдуу» (С.О.III.135); «Барганалык жуда бар» (С.О.I.209). «Түтүнү туман, түбү Ыспан» (б.а. Исфаган шаары) (С.О. III.176).

Ушундай эле диалектилик өзгөчөлүк «с», «з» фонемаларын колдонуу боюнча да байкалат: «Тас карды кетти жарылып» (С.О. II.235), «Тосоң тосту нуруну» (С.О. II.140); «Азиреил түзү (түсү) бар» (С.О. II.189); «Азелкан деп атаган» (С.О. II.418). Аталган фонемаларды пайдалануу кыргыз диалект, говорлорунда өтө ар түрдүү экени белгилүү. Айталы Ысык-Көл говорунда «с» фонемасынын ордуна «з» колдонулса, Чүйдө тескерисинче. Б.М.Юнусалиев бул тыбыштарды колдонуу боюнча кыргыз говорлорун төрт түргө бөлгөнү маалым [8]. Эпосто «с», «з» фонемаларын туура колдонуу менен бирге жогорудагыдай говордук өзгөчөлүктөр да сакталган.

«Манастын» тилинде диалектилик өзгөчөлүк катары эринчил дифтонгдор да учурайт: «Кай бирөбү калжырап» (С.О. II. 141); «Бектеринен бешөбү» (С.О. II. 368). Муну убагында Б.М.Юнусалиев да байкаган [9]. Кыргыз тилинин ар түрдүү диалект, говорлоруна таандык бул өңдүү өзгөчөлүктөр эпосто бир эле фонетикалык деңгээлде эмес, анын морфологиясында, лексикасында да толтура. Мисалы «сага», «мага», «ага» деген жактама ат атоочтордун барыш жөндөмөсүндө «саа», «маа», «аа» болуп айтылышы: «Эгер келбей койбойт саа деди»; «Жолдош кошуп берсең маа» (С.О. II.34); «Кашында жүрөт аа кошо» (С.О. II.269).Болбосо түштүк говорлоруна мүнөздүү «ол», «олор», «саган» сыяктуу жактама ат атоочтордун колдонулушу: «Келсин дегин олорду» (С.О. III.98); «Ол жамбыдан түңүлүп» (С.О. III.165); «Мен да жардам саган деп» (С.О. III.75); «Ошол», «ушул», «ошо», «ушу», «ошондо», «ушунда» өңдүү шилтеме ат атоочтордун түштүк говорлорунда «шол», «шул», «шо», «шу», «шондо» болуп колдонулушу, натыйжада эпостун тилинде бул ат атоочтордун адабий жана диалектилик эки түрүнүн тең учурашы: «Байжигит шондо кеп айтат» (С.О. II.15); «Көрөр күнүң шул болот» (С.О. III.93); «Арзысаң Жакып баргын шоо» (С.О. II.15). Ушундай эле өзгөчөлүк «бул» шилтеме ат атоочунун барыш жөндөмөсүндө түндүк диалектисинде «боо» болуп өзгөрүшүнө да байланыштуу: «Боо окшогон дүнүйө//Бендеге бүтпөйт байкасаң» (С.О. III.48). Түштүк диалектисине гана таандык «энди» деген тактоочтун эпосто көп кездешерин да байкайбыз: «Энди үйүңө кет деди» (С.О. I.38); «Энди Ошпурга кеп айтат» (С.О. I.104).

Адабий тил менен түндүк говорлорунун тилинде такыр учурабаган өзгөчөнлүк III жак таандык мүчө уланган сөздүн табыш жөндөмөсүндө бөтөнчө бир формага ээ болушу. Мисалы «Саадактын көрдү огуну» (С.О.III.92). Мындай диалектилик айрымачылыктар эпостун тилинде этиштин түрдүү формаларын колдонууда (мисалы «отур», «тур», «жат», «жүр», «атыры», «жатыры», «барады», «турады», «жатырсың» ж.б., ж.б.) да көрүнөт: «Жабыла качып баратыр» (С.О.III.142); «Билгенин кылып жатыр деп» (С.О.I.107); «Арытып Жакып карады» \\ Аттап өтүп барады» (С.О.I.35); «Он-он беши жыйылып \\ Чогулушуп турады» (С.О.I.104). Ал эми лексикалык диалектизмдер болсо эпосто өтө көп экени айтпаса да түшүнүктүү. Алсак анда кыргыз тилинин адабий тилиндеги сөздөрү менен бирге түндүк, түштүк говорлоруна гана таандык болгон «ашык» (чүкө) («Ашыктын баары чачылды» С.О.I.102), «көш» (эт) («Көшүң калган көк жашык» С.О.III.192), «баар», (жаз мезгили), «үлкөн», (чоң), «өтүрүк», (жалган), «тамам», (бүттү, түгөндү) сыяктуу сөздөр жайнап жолугат. Мунун өзү «Манас» эпосунун тилинин бир диалектинин рамкасына сыйбаган, кыргыз диалектилеринин барынан жогору турган «надиалектный язык» экенин көрсөтөт.

Адабий тилдин теориясы боюнча чоң адис М.М. Гухман адабий тилдин пайда болуу процессин изилдеп келип, эпостун тилине токтолуп, анын ушул мүнөзүн, б.а. бир диалектинин чегине сыйбаган “наддиалектүүлүгүн” белгилеп, бул эки түрдүү жол менен ишке ашарлыгын көрсөткөнүн жогоруда айттык.

«Манас» эпосун айткан бир эле айтуучунун тилинде бир мезгилде жогоркудай ар түрдүү диалектилик белгилердин жашашы, анын тилинин «наддиалектүүлүгүнүн» далили. Ал жогоруда М.М.Гухман белгилегендей ишке ашкан. Экинчи дагы бир нерсе. Биз жогоруда «Манастын» тили иштелип чыккан өзүнчө клише-тропторго, трафареттерге, туруктуу сөз айкаштарына, ички чен-өлчөм, нормага (скрытая кодификация) ээ дедик. Бул касиет эпостун тилин бир жагынан диалектилик тилден айрымаласа, экинчи жагынан аны адабий тил менен бир катарга коет. (Мисалы адабий тил иштелип чыккан, нормага салынган тил деген жобону эстеңиз). «Манас» эпосунда ар бир окуя, бөлүм, сцена, баатырлардын кебете-кешпири, кулк-мүнөзү, курал-жарагы, жаратылыш, андагы көрүнүштөр койчу деги дээрлик бүт баардыгы туруктуу эпитеттер, клише-троптор, трафареттерге айланган ыр саптары менен сүрөттөлүп баяндалат. Бул клише-троптор, стандарттуу формулалар окуянын жүрүшүнө, ситуацияга ылайык алмашылып, өзгөрүлүп колдонула берет. Дал ушундан улам эпостун тили жалаң формула, клише-троптордон турат деген Пари-Лорддун теориясы чыкканы белгилүү.

Мисалы эпосто бир окуяны баяндоодон экинчи окуяга өткөндө көбүнчө төмөндөгүдөй трафарет шаблонго айланган даяр ыр саптары колдонулат: «Муну мындай таштайлы\\ Эми Манастан кабар баштайлы». Болбосо кайсы бир согуштук сценаны сүрөттөө зарылдыгы туулса: «Бараң мылтык бадырап,\\ Басылбай добул дабырап,\\ Айбалта башка шак этип,\\ Найза төшкө так этип,\\ Күрсү башка күп этип» (С.О.II.140) деп, же: «Жазайыл үнү жаңырып,\\ Койчагыр үнү чаңырып,\\ Бараң мылтык бадырап,\\ Басылбай үнү дабырап» (С.О.II.139) деп. Башкы каарман Манас жөнүндө: «Алтын менен күмүштүн\\ Ширөөсүнөн// бүткөндөй,\\ Асман менен жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй,\\ Айың менен күнүңдүн\\ Бир өзүнөн бүткөндөй» (С.О.II.148), анын мылтыгы Аккелте тууралуу: «Алыскы –жуук айныбас\\ Ыраакы-жакын ылгабас\\ Ортосу болот, озуу албарс» (С.О.III.176), Элемандын эр Төштүк жөнүндө: «Тогуз уулдун кенжеси//Эламандын эркеси»(С.О.), «Жору куйрук Жоон алп//Кайчы кулак Каман алп,//Кулан куйрук Кутан алп,//Киндиги темир Китен алп»(С.О. III, 99, 107); «Калк башкарган Калкаман//, Эл башкарган Элеман»(С.О. III, 176) «Кырктын башы Кыргылым,//Кылымды жеңген даңгылым»(С.О. IV, 79); «Тектиринде теке бар,//Курбусунда кулжа бар»(С.О. II, 105)ж.б. ж.б.

Эпостун тилиндеги мындай клише – троптордун, стандарттуу, формулалардын молдугу анын тилинин көп кылымдап таланттуу жомокчулардын чыгармачылык өнөрканасында иштелип чыкканынан кабар берет. Анткени бир кичинекей эле стандарттуу формула – трафарет, клише – троп пайда болуп, азыркы формасына келиши үчүн көп күч, далай убакыт керек. Үчүнчү маселе: эпостун тили диалектилик тилден структуралык жагынан гана айрымаланбастан аткарган кызматы боюнча да айрымаланат. Алсак, диалектилик тил белгилүү бир чөлкөмдөгү элди гана тейлеп, ал территориядан чыкпаса, эпостун тили өзүнүн көркөм эстетикалык жаратылышына ылайык жалпы элди тейлейт. Албетте экөөнүн кызмат аткаруу мүнөзү эки башка, айрымалуу, бирок колдонуу, өмүр сүрүү чөйрө – шарттарын территориялык жактан аныктай турган болсок, дагы да болсо эпостун тили адабий тилге катарлашып, диалектилик тилден айрымаланат.

Ошентип, айтылгандарды жыйынтыктай келсек, “Манастын” тили кыргыз диалектилеринин бирөөнүн да чегине сыйбаган, алардан өзгөчөлөнгөн, иштелип чыккан оозеки көркөм адабий тил. Бул тил Октябрь революциясына чейин оозеки көркөм адабий тил катары эпостун мүнөзүнө, көркөм эстетикасына ылайык өзүнчө спецификалуу кызмат аткарган. Албетте, “Манастын” тилин кыргыздардын революцияга чейинки оозеки көркөм адабий тили деп баалоо менен аны адабий тилге коюлчу азыркы чен – өлчөм менен карабаш керек, антпесе тарыхый принцип бузулат.

Революцияга чейинки оозеки көркөм адабий тил дегенде аны азыркы учурдагы жазма адабиятка негизделген адабий тилдин оозеки формасы менен да чаташтырбоо зарыл. Адабий тилдин бул эки формасы бири – бирине таптакыр окшобогон айрымалуу нерселер. Экөөнүн мүнөзү, коомдогу аткарган кызматы, таянган негиздери ар башка. Биринчиден, революцияга чейинки оозеки көркөм адабий тил - “Манас” эпосу менен чечендик сөздөрдүн кылымдап иштелип чыккан оозеки тексттеринин мыкты үлгүлөрүнө таянат, а азыркы адабий тилдин оозеки формасы болсо жазма адабияттын мыкты тексттерине негизденет. Экинчиден, революцияга чейинки оозеки көркөм адабий тил менен азыркы жазма адабий тилдин текст түзүү ыкмалары эки башка. Жазма адабий тилде текст түзүү оозеки көркөм адабий тилдегиге караганда структуралык жагынан татаал келип, ойлоонун таптакыр бөлөк, жазма түрүнө (письменное мышление) таянат. Андан башка бул жерде, түзүлгөн тексттерди сактоо, аларды кабылдоо, кайра кайталап айтуу, жазуу, эске салуу (воспроизведение), башка аралыкка берүү, бөлөктөргө үйрөтүү да ар түрдүү. Ал эми бул адабий тилдерди жараткан коом жана тарыхый, маданий шарттардын түрдүүлүгү, бөлөктүгү жөнүндө айтпаса да түшүнүктүү.

“Манас” жана айрым чечендик сөздөр, макал - лакаптардын тили негиз болгон революцияга чейинки кыргыздар колдонгон оозеки адабий тил жалпысынан төмөндөгүдөй өзгөчөлүктөр менен мүнөздөлөт: 1) тилдик факты – материалдарды атайылап тандап колдонуу, ошонун натыйжасында аздыр – көптүр тилдик жактан иштелип чыккандык. Күнүмдүк колдонулуучу жалпак тилде сөздү мындай тандап колдонуу, туура сүйлөөгө умтулуу жок, анда тескерисинче көптөгөн ар кандай диалектилик белгилер, жалпыга мүнөздүү сүйлөө нормаларынан чегинүүлөр, жеке адамдын сүйлөөсүнө байланышкан ар түрдүү өзгөчөлүктөр, бузуп сүйлөөлөр көп. Күнүмдүк колдонулуучу жалпак тил менен сүйлөшкөн учурда адамдар өздөрүнүн сүйлөө речтерин дыкаттык менен байкап текшерип, көзөмөлдөшпөйт. Ал эми оозеки адабий тилди колдонгон кезде мунун бардыгына жол берилбейт, берилсе да бул өзгөчөлүктөр негизги фонду түзбөйт. Мисалы чоң – чоң жыйындарда сүйлөгөн чечендик сөз менен күнүмдүк колдонулуучу тилди салыштырыңыз; 2) диалектилик тилдерден бөлүнүү, алардан обочолонуу, бир диалектинин чегине сыйбоо (наддиалектность); 3) белгилүү өлчөмдө аздыр – көптүр регламенттүүлүккө умтулуу, аң – сезимдүү түрдө ошол кездеги сүйлөөнүн бүткүл элге тиешелүү болгон айрым нормаларын сактоого умтулуу; 4) белгилүү бир аудиторияга арналып алдын ала жакшылап ойлонуп түзүлгөн жана тилдик жактан мыктап иштелип чыккан коомдук мааниге ээ оозеки тексттердин бардыгы; 5) Мындай тексттердин баа – маанисин түшүнүү, аларды сактоо, укумдан – тукумга берүү жана аларды түзүү традициясы. Бул үчүн атайын адамдардын тобунун пайда болушу (м: манасчылар, чечендер, акындар, санжырачылар ж.б.)

Белгилүү аудиторияга арналган ар кандай оозеки текст сөзсүз түрдө жакшылап ойлонууну жана ошол ойлогон ойду мыкты тил менен ырааттуу баяндап берүүнү талап кылат. Мунун өзү тилдик факты – материалдарды иргеп, туура колдонууга түртөт. Бул болсо текстти туура түзүү (правилная организация текста) жана аны иштеп чыгуу (обработка текста) дегендик. Канчалык үлгүлүү тексттер (образцовые тексты) көп түзүлсө, адабий тил ошончолук иштелип чыгып жакшырат, өзүнүн эң жогорку формасына жетет. Ошондуктан оозеки адабий тилдин жашоосунда жазма адабий тилдегидей эле үлгүлүү оозеки тексттердин ролу өтө чоң.

Жалпы элдик тилдин башка формаларынан айрымаланып азыркы кыргыз жазма адабий тили жана анын оозеки формасы да өз алдынча мүнөздүү белгилерге ээ. Алсак: 1) жазуунун жана коомдук жактан мааниси чоң жазма тексттердин бардыгы; 2) диалектилик жана күндөлүк оозеки жалпак тилдерге салыштырганда тилдик жактан иштелип чыккандык жана тартипке салынгандык; 3) коом тарабынан закондоштурулуп нормага салынгандык; 4) коомдун бардык мүчөлөрү үчүн милдеттүүлүк (өнүккөн маданиятуу коом өз мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө адабий тилди билүүсүн талап кылат); 5) диалектилерден обочолонгондук (наддиалектность); 6)улуттук тилдин системасында башка тилдик формаларга салыштырганда биринчи орунда тургандык; 7) стилдик жактан өнүккөндүк; 8) коомдун бардык тармактарын тейлөөдөгү универсалдуулук, б.а. адабий тилдин коомдук функциясынын көптүгү.

Баамчыл окурман байкаган чыгар: адабий тилдин кайсы гана түрү (формасы) болбосун, анын жашоо – тагдыры үчүн баарынан мурда бир нерсенин – мейли оозеки, мейли жазма болсун - мыктап иштелип чыккан коомдук мааниге ээ үлгүлүү тексттердин болушунун шарт экендиги. Чындыгында эле үлгүлүү тексттердин болушу адабий тил үчүн чоң мааниге ээ, аларсыз адабий тил жок. Дал ушул себептен улам В. К. Журавлев адабий тилдин тарыхы адабий тексттер түзүлгөн жерден башталат деп жазат [10]. Бирок адабий тилдин тагдыры үчүн тексттин мындай өзгөчө маанисин айтуу менен бирге эле бир нерсени эстен чыгарбоо керек. Ал – ар кандай эле тексттин адабий тилдин тагдыры үчүн баалуу эместиги. Мисалы коомдук мааниси жок, күндөлүк турмуш, чарбачылыкка байланыштуу диалектилик же күндөлүк жалпак тил менен түзүлгөн тексттер адабий тилдин тагдыры үчүн анча чоң роль ойнобойт. Бул жерде негизги ролду коомдук мааниси чоң, мыктап иштелип чыккан үлгүлүү тексттер ойнойт. Адабий тилдин тарыхында мындай үлгүлүү тексттердин ролун ар мезгилде, ар түрдүү маңыздагы тексттер ойноп калышы мүмкүн. Мисалы диний, көркөм адабий, коомдук – саясий, илимий – популярдуу, окуу китептериндеги тексттер ж.б.у.с., иши кылып ар кандай. Мына ушул жагынан алганда «Манас» эпосунун кылым карыткан текстти революцияга чейин ушундай үлгүлүү тексттин ролун ойноп, оозеки кыргыз адабий тили үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон.

Азыркы кыргыз адабий тилинин генезисин, анын түзүлүп кылыптануу жолун туура түшүнүп, так элестетүү үчүн «Манастын», чечендик сөздөрдүн, макал – лакаптардын айрым үлгүлөрүнүн тили негиз болгон, жогорууда эскерилген, революцияга чейинки оозеки көркөм адабий тилдин ролун гана түшүнүп кою жетишсиз. Бул үчүн дагы көптөгөн маселелердин башы ачылып, изилденип чечилиши керек. Айталы адабий тилдин пайда болушу үчүн эң биринчи коомдук мааниси бар үлгүлүү жазма тексттер кантип түзүлдү, аларды кимдер түздү, ал тексттерди түзүүдө кандай нерселер, эмнелер багыт, үлгү катары кызмат аткарды деген өңдүү суроолорду кое турган болсок, анда дагы эле барып туюкка такалабыз. Анткени үлгүлүү жазма тексттер, жогоруда белгилегендей, структуралык жагынан татаал келип, ойлоонун башка түрүнө (письменное мышление) таянат. Ал эми жазууга таянган ойлоонун бул түрү пайда болушу үчүн биринчиден, белгилүү өлчөмдө коомдун маданий деңгээли жогору болушу керек, экинчиден өнүккөн жазуу системасы болуусу шарт, үчүнчүдөн, ал коомдо илим өнүгүп, ойлоонун ушундай түрүнө ээ адамдар жаралып, эмгектениши зарыл, башкача айтканда улуттук интелегенция түзүлүп, элге билим берүү системасы (ар кандай мектептер, орто, атайын, жогоркуу окуу жайлары) иштеши абзел; эң акырында мына ушул интелегенциянын арасынан сөз менен иштөөнү кесип кылып алган, келечекте улуттук тилде үлгүлүү тексттерди түзө турган адамдардын атайын тобу – жазуучулар, акындар, илимпоздор ж.б.у.с. бөлүнүп чыгышы керек. Мына мунун бардыгы өтө татаал көрүнүш экендиги жана булардын баарынын адабий тилдин пайда болушундагы ролун изилдеп, туура аныктоо, баалоо андан бетер кыйын экендиги айтпаса да түшүнүктүү.

Дагы бир нерсе: сөз менен иштөөчү адамдардын тобу – акын – жазуучулар, журналисттер, илимпоздор, тилчилер, философтор ж.б.у.с. пайда болду дейли. Эми ошондон кийин эле адабий тил үчүн өзгөчө маанилүү үлгүлүү тексттер пайда боло калабы? Албетте жок. Бул адамдар ойдогудай үлгүлүү тексттерди түзүшү үчүн убакыт жана аларга үлгү катары кызмат кылуучу нерселер (мисалы башка тектеш же тектеш эмес тилдердеги текст түзүү тажырыйбалары) керек. Анткени жазма адабий тили жок тилдердин жазма текст түзүү тажырыйбасы болбойт. Мындай учурларда улуттук тилде текст түзүү үчүн жогоруда эскерилген адамдар көбүнчө башка тилдердеги текст түзүү тажырыйбаларына кайрылып, ошолорго окшоштуруп текст түзүүгө аракет кылышат. Бул бир жагы, экинчи жагы алар бөлөк тилдердин текст түзүү тажырыйбасына гана таянбастан өз тилиндеги болгон нерселерди да пайдаланууга тырышышат, мисалы элдик оозеки чыгармачылык, андагы оозеки түзүлгөн айрым үлгүлүү тексттер, аны түзүүнүн ыктары, жолдору ж.б.у.с.

Мурда жазма адабий тили жок улуттук тилде үлгүлүү жазма текст түзүү, биринчи иретте башка тилдердин ошондой текст түзүү, тажырыйбасына эмес, эне тилдеги оозеки тексттерге кайрылуудан башталат. Улуттук интелегенциянын айрым өкүлдөрүнүн фольклордук тексттерди жазып алышы, жарыялашы ушундай кайрылуулардын эң алгачкы этабы. Ал эми мындай кайрылуулардын экинчи этабында болсо оозеки адабияттын үлгүлөрүн жөн гана жарыялабастан аны кайра иштеп чыгып жарыялоо, кээде алардагы кайсы бир мотивдерди, сюжеттерди алып, ошонун негизинде өз алдынча кандайдыр бир текст түзүү аракеттери күчтүү болот. Андан кийин гана барып кичинекей көркөм тексттерди түзүү колго алынат. Мындай көрүнүш жазма адабий тили жаңы түзүлө баштаган тилдердин көпчүлүгүнө мүнөздүү нерсе. Бул азыркы кыргыз жазма адабий тилинин түзүлүшүнүн башталгыч этабына да мүнөздүү. Бирок биз бул көрүнүштү жалпы жонунан гана билебиз, ал эми анын чыныгы толук картинасын али көз алдыбызга жакшы элестете албайбыз. Мунун өзү азыркы жазма адабий тилибиздин кылыптанышынын алгачкы этабынын кандай болгонун билбегендик, анын кийинки өнүгүү процесстерин түшүнбөгөндүк. Эгерде жазма адабий тилибиздин түзүлүү, кылыптануу жолдорун болжолдоп эмес, так, жакшы билүүнү кааласак, анда биз ишти мына ушул улуттук тилде жазма текст түзүү тажырыйбасын изилдөөдөн башташыбыз керек. Жазма адабий тилибиздин пайда болушундагы фольклордук башка тексттерди айтпаганда да жазуучулардын, журналисттердин, айрым коомдук – саясий ишмерлердин, жалпы эле интелегенция өкүлдөрүнүн «Эркин Тоо», «Кызыл Кыргызстан», «Чабуул» өңдүү газета – журналдардын беттериндеги алгачкы тексттерди түзүү боюнча түрдүү иш – аракеттери, бул тексттердин жазма адабий тилдин пайда болуусундагы ролу өзүнчө изилдөөнү, жалпылоону талап кылат.

Жазма адабий тилибиздин маани – маңызын түшүнүү үчүн ушундай эле изилдөөнү талап кылуучу маселелердин бири – кыргыздын революцияга чейинки жана андан кийинки жазгыч акындарынын, тарыхчы, санжырачыларынын текст түзүү тажырыйбалары менен эски өзүбек тили деп аталган чагатай тилиндеги түзүлгөн айрым бизге тиешеси бар тексттердин ролу.

Азыркы жазма адабий тилге кайсы диалект база катары кызмат кылган жана бул суроо(башкача айтканда жаңыдан түзүлүп жаткан адабий тилге кайсы диалект база болот деген суроо), кантип чечилген деген маселе да өзүнчө изилдөөнү талап кылат. Анткени ушул кезге чейин биздин интелегенциянын көпчүлүк өкүлдөрү, анын ичинде кээ бир тилчилер да азыркы жазма адабий тилибизге база катары түндүк диалектиси кызмат кылган деп эсептешет. Ал тургай түндүк диалектисинин ичинен Ысык – Көл говору база болгон дечүүлөр да табылат. Ушундан улам кээлери адабий тилге түштүк диалектиси база болсо мыкты болмок, анткени анын сөздүк кору бай, анда дыйканчылык, устачылык, соода ж.б. боюнча атайын терминдер көп десе, башкалары адабий тилге бул кирбей калды, тигил эске алынбады деген өңдүү талаш - тартыштарды туудурушат. Мындай бычымы тар, илимий негизи жок, туура эмес көз караштарга убагында белгилүү окумуштуу академик Б.М. Юнусалиев да кайрылып, жооп берүүгө аракет кылып, кыргыз адабий тили бир диалект, говордун эмес, жалпы элдик тилдин негизинде түзүлгөн деп жазган [11].

Мунун бардыгы туура, бирок мында да эске алынып, изилдөөнү талап кылуучу бир топ нерселер бар. Мисалы бир эле маселе: ошол кезде түзүлүп жаткан адабий тилге база болуучу диалект же Б. М. Юнусалиев айткандай жалпы элдик тил аң - сезимдүү түрдө тандалып алынганбы же ал стихиялык түрдө болгонбу? Эгерде ал аң – сезимдүү түрдө ишке ашса, анда кантип, кандайча болгон, кокус стихиялуу түрдө ишке ашса анда аны эмнелер шарттаган? Бул суроолорго биз объективдүү жоопторду атайын изилдөөдөн кийин гана ала алабыз.

Адатта, адабий тил жаңыдан түзүлүп калыптанып жаткан учурда коом алдында адабий тилдин базасы катары кайсы диалектини кандай тилдик каражаттарды норма катары кабыл алыш керек деген суроолор пайда болот. Эгерде адабий тилдин калыптануу процесси кескин мүнөздө өтүп, тез жүрсө, анда бул суроолорго коом да тез жооп табууга аргасыз болот. Мында түрдүү коомдук саясий күчтөр, ар кандай топтор, бирикмелер (м: этникалык, профессионалдык, географиялык ж.б.) ар кимиси өздөрүнчө роль ойношот. Аталган маселелер өз убагында мамлекеттик – административдик чечимдер, декреттер, токтомдор аркылуу тигил же бул маанайда чечилгенине карабастан, адабий тилдин өмүр сүрүп жашоосунда бул суроолор ар кандайча, ачык да көмүскө да дагы көпкө чейин улам кайталанып коюлуп турат, түрдүү адабий – публистикалык, илимий полемикалардын предметине айланат. Буга ушул макаланын жазылышы да эң жаңы жакшы күбө!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

23-10-2012
Азыркы кыргыз адабий тилинин калыптануусунун айрым маселелери
45746

20-10-2012
Манастын Кумайыгы итпи же кушпу?
48723

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×