Добавить статью
7:30, 5 ноября 2012 13506

Замандаштардын айткан кеп казынасынан

Адамдардын жашоосундагы эң оор нерсе өзүн-өзү билүү. Эң оңой нерсе адат менен жашоо.

Кубатбек Жусубалиев

Адамдардын улуту, тили ар башка болгон менен, табияты бир болот.

Кубатбек Жусубалиев

Бу тирүүлүктө кыбырап, ыбырсып, кобурап, азгырылып жүрүп олтуруп, кыска өмүрдү текке өткөрүп иет экенбиз.

Кеңеш Жусупов

Адам өзүн-өзү тааныгандан кийин гана дүйнөнү таанып биле алат.

Кубатбек Жусубалиев

Сүйүү, боорукердик, кайрымдуулук үстөмдүк кылган жашоо сонун.

Кубатбек Жусубалиев

Талант - табигый кубулуш. Талантты жасоого болбойт, асыроого болот.

Эртабылды Аттокуров

Сезим менен акылдын, абийир менен пастыктын, жалган менен чындыктын күрөшү бүтпөйт.

Эртабылды Аттокуров

Оодарылса төгүлбөйт деген нерселер, төгүлмөк түгүл соолуп калышы мүмкүн.

Өмүрбек Текебаев

Акчаны туу тутуп, аны Кудайындай коруп сыйынгандарга байлык жукпайт, Байлык, акча деген нерселер, байлык акча тууралуу ойлобогон адамдарды байырлашат.

Болот Шер

Мамлекеттик бийлик тарабынан ар бир жетекчинин кылган иштери, жүрүш турушу, өз убагында туура баасын албаса, демек мурда жасалган кылмыш кайрадан кайталана берүүгө жол ачат.

М.Рахманкулов

Эгер адам ийгиликтерге жетишип, бийик тепкичтерге умтулам десе жеке жашоодогу кыйынчылыктарга туруштук берүүсү керек.

Ассоль Молдокматова

Улуу Эдисон лампаны ойлоп табууда он миң утулууну башынан кечирген. Андыктан пландардын ишке ашпай калуусунда көңүл чөктүрүп же максаттан таюунун кажети жок.

Ассоль Молдокматова

Материалдык, руханий кызыкчылыктарын канааттандыра албаган адам өзүн-өзү өтө төмөн баалайт, же өз кадыр-баркын баалоо жана башкалардын сый- урматына жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Анткени, өзүн эркин сезип жашоодон рахат ала албайт.

Мариям Эдилова

Айрым адамдар эптеп күн көрү менен алек болушуп, өздөрүнүн руханий деңгээлине, адеп-ахлак, жүрүм-турумуна көңүл бура албай калышат.

Мариям Эдилова

Саясатта эки түрдүү адамдар болот. Бир түрү өзүнчө агым жаратса, экинчи түрү ошол агымдардын агындысы болот.

Каныбек Иманалиев

Жашоодогу тоскоолдуктарды, карама-каршылык дегенди адам өзү жаратат.

Акылбек Мураталиев

Кандай гана каарман болбосун, актер өзүн ошол дүйнөдөн көрө алса, роль жаратуунун кыйынчылыктары жеңилип берет.

Акылбек Мураталиев

Адамдар эң арзандын артынан кууп жүрүп олтуруп, эң кымбатын жоготуп алганын билбей калышат.

Мээрбек Орунбеков

Адам бул жашоого кантип келип, кантип кеткенин билбей калат экен.

Мээрбек Орунбеков

Адам жокту бар кылып көрсөткүсү келет, бирок бар нерсе өзү көрүнүп турат.

Мээрбек Орунбеков

Бул жашоодо көп жакшылыктарды жасап, мээримдүү мамилелерди жайылтсак, анык адамдык парзыбызды аткарган болобуз.

Медер Бишкек

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×