Добавить статью
3:39, 6 декабря 2012 35383

Кыргыз Каганатынын мамлекеттик башкаруу аппараты

Бул макала Бишкек шаарында 2012-жылдын 15-16-ноябрында өткөнУлуу Кыргыз Кагандыгынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган «Кыргыз кагандыгы түрк цивилизациясынын алкагында: кыргызтаануу маселелери» аттуу эл аралык илимий конференциянын алкагында даярдалган.

Башкаруу бийлик системасынын мамлекеттин курулушунда маанилүү роль ойнойт. Мамлекеттин пайда болушунун экономикалык негизин изилдеген Ч. Спенсер тирүү жандыктардын иерархиялык түзүлүшүнө көңүл бурган. Окумуштуунун оюна караганда, маданий система да үй чарбасы, жамаат, региондук жана регион аралык бирдиктерден куралып, башкаруу бийлик системасынын уюшулушуна экономикалык муктаждык менен реципроктук мамиле чечүүчү кызмат кылат[1]. Башкаруу бийлик аппаратынын мамлекеттен эрте пайда болушу туурасында илимде калыптанган көз караш өкүм сүрүп келет. Аталган системанын пайда болушу, өнүгүшү жана жайылыш формасы мамлекеттин саясий жактан келишиш тарыхы менен тыкыз байланышкан. Л. С. Васильевдини көз карашына ылайык, башкаруу бийлик системасы борбордук (жалпы мамлекеттик), регионалдык жана жергиликтүү бирдиктерге бөлүнөт [2]. Мамлекеттин өнүгүү жолуна жараша бийлик багыты рационалдашып, алардын ортосунды байланыш өркүндөп, ал мамлекеттин келишкен күчүн көрсөтөт.

Кыргыз каганатынын калыптаныш этаптарынын анализи көрсөткөндөй, мындагы мамлекеттик башкаруу салты жергиликтүү деңгээлдеги кызыкчылыктан жана регионалдык административдик уюшулуу бирдиктеринин өзгөчөлүктөрүн камтыган. Кыргыз мамлекети каганаттык деңгээлге чейин көтөрүлүп, өлкөнү Ажо башкарганга чейин башкаруу бийлик системасы стадиалдык өнүгүү жолун башынан кечиргени кытай жазма булактарынын маалыматтарынан байкалат. Кытай авторлору Кыргыз сылифасы Шибоцюй Ачжандын 648 – жылы Кытай мамлекетине жасаган визитине чейин өлкөнү үч адам чогуу башкаргандыгын белгилешет. Н. Я. Бичуриндин «Тайпинхуаньюйцзи» кол жазмасынын котормосунда, кыргыз өкүмдарынын Гйеси Бей, Гюйшабо Бэй жана Ами Бей деген үч министри болгондугу кабарланат[3]. Н. В. Кюнер бул маалыматты, алардын мамлекетинде улуу кол башчы Хэси – бэй, андан кийин (мансап даражасы жагынан) Ацзюйшэ – бибэй, андан соңкусу А – Ми – бэй [4] аталат деп которгон. Е. И Кычанов кытай булагындагы маалыматты, «бардык кыргыз ээлигин үч цючжан (аксакал же карылар) башкарган, алардын ысымдары (же титулдары) Цисиби, Цзюйшабоби жана Амиби» деп окуган. Айтылуу синолог аталган адам ысымдарына кошулган би сөзүн байыркы түрк тилиндеги бий термини болушу толук ыктымал деп боолголойт[5].

Кытай жазма булактарында белгиленген кыргыз мамлекетинин бийлик өкүлдөрүнүн ысымдарына бирдей кошулуп жазылган бэй же би аталышы, Е. И Кычанов жоромол жасаган бий термини болушу толук ыктымал. Эгер, биз кыргыздардын жалпы этникалык биримдигин эске алсак, анда алардын политогенездик мүнөздөгү жалпылыгын байкайбыз. Кыргыз этносунун потестардык – саясий өнүгүүсүндө бий термини эволюциялык өзгөрүү деңгээлин көрсөтөт.

Кыргыз өлкөсүнүн башкаруу бийлик аппараты, аны менен бирге өкүмдардын титулу башка түрк тилдүү калктар курган мамлекет түзүлүшүнөн кескин айырмаланган. «Тан шу» жазма булагына караганда, Кыргыз каганатынын мамлекеттик түзүлүшү Кытай империясынын Тан бийлигинин башкаруу аппаратындай уюшулган. Айрыкча көңүл бурчу жагдай, түрк тилдүү мамлекеттердин эч биринде мындай башкаруу бийлик түзүлүшү болгон эмес. Кыргыз мамлекетинде байкалган өзгөчөлүктү айрым окумуштууларды да түйшөлтбөй койгон эмес. А. Н. Бернштам кытай жазма булагындагы «Ажонун турагы тегерете коргондолгон; үйү кийиз тартылган чатырлардан туруп, Мидичжи аталат. Майда төбөлдөр кичине чатырларга жашашат. Аскер баардык уруулардан куралат. Баш ийген элдер салыкты сүлөөсүн жана тыйын чычкан териси менен төлөшөт» [6], - деген маалыматты талдап, кытайлыктар бөлөк элдердин коомдук түзүлүшүн түшүнүш үчүн, аны сөз жок өздөрүнүн өсүү деңгээлине карата жаза салышкан деген бүтүм чыгарат [7]. Ошондой эле, А. Н. Бернштам жазма булактагы «төбөлдөр алты катмарга бөлүнүшөт, алар: министрлер, жогорку начальниктер, башкаруучулар, иш алып баруучулар, башчылар жана дагандар. Министрден жетөө, жогорку начальниктерден үчөө, башкаруучулар он. Алардын бардыгы аскерди башкарышат. Иш алып баруучулар он беш, башчылар жана дагандар мансапка ээ эмес» [8] – деген маалыматка да шектенүү менен мамиле жасайт. Кыргыз руникалык тексттеринде ушундай мазмундагы маалымат келтирилбегендиктен, окумуштуу аларды убактылуу эле мүнөздөгү кабар катары карап, жалпысынан жазма булак дарегин төгүнгө чыгарат[9].

Албетте, кайсыдыр бир маалыматты жетишсиз дарек темасына байланыштуу жокко чыгаруу жеңилге тураары шексиз. Анткен менен ар бир булактык билдирүүнүн маалыматтык жактан маанилүү экендигин эстен чыгарбаш зарыл. Ошондой эле, Кыргыз мамлекетинин башкаруу бийлик түзүлүшүн баяндаган кытай автору кабар алган тарапка жана аны маалымадаган жакка деле кандайдыр бир жоопкерчилик менен мамиле жасаган чыгаар. Мындан тышкаары, А. Н. Бернштам күмөн санаган Кыргыз мамлекетинин башкаруу системасын баяндаган кытай авторлорунун маалымат түрмөгү менен руникалык эстеликтер ортосундагы айрым айкалыштарды байкоого мүмкүн. Анда эмесе белгиленген проблемаларды кезеги менен талдоого өтсөк.

Кыргыз мамлекетинин саясий курамынын айрыкча бир айырмасы, ал мамлекет башчысынын ар кайсыл тилде, ар башкача аталышы. Кыргыздардын руникалык жазма эстеликтеринде мамлекет башкаруучусу «хан» / «кан» деп аталат. Кыязы, кыргыздардын саясий терминологиясында «хан» аталышы эң жогорку бийлик башкаруучусун атаган төл сөзү болсо керек. Алар «хан» деген термин менен мисалы, кытай императорун - Tabgač qan- Табгач кан; тибет ценпосун - Tübüt qan - Түпүт кан [10] - деп аташкан.

Ал эми, түрк башкакруучуларынын урматына орнотулган Орхон текстеринде болсо: Qyrqyz) küč(lig) qaγan [11] - кыргыздын күчтүү каганы - деп белгиленет. Кытай даректеринде: «Мамлекет жетекчиси Ажо аталгандыктан, Ажо деп чакырылат» деп айтылат [12]. Айрым кытай булактарында кыргыз башкарычуусу кээде - ван, кэхань - деп да жазылганы малым [13]. Араб - перс авторлорунун эмгектеринде кыргыз өкүмдары - хирхиз хаканы [14], деп маалымдалат.

Азыркы илимий изилдөө жыйынтыгы көрсөткөндөй, түрк тилдүү этностордун мамлекет башкаруу системасында колдонулган «каган» аталышы жуань - жуандардын лексикасынан колдонууга алынган. Кийин ал түрк жана монгол тилдүү калктардын жогорку мамлекеттик башкаруу титулуна айланган. Каган титулу туурасында мусулман окумуштуулары кандайча ой жүгүртүшкөнү илим үчүн айрыкча маанилүү маселе. Мисалы, ал-Бируни «хакан» титулу түрк, хазар жана тогузгуздардын «малик титулу(хан) менен бирдей деп чечмелейт» [15]. Ал-Хорезми болсо «хан» аталышы «хакан» термининен пайда болгондугун белгилеген.

Демек, ар бир элдин тилдик өзгөчөлүгүнө жараша кабылдоосунан улам, Кыргыз каганатынын жогорку бийлик ээсинин мансап аталышы ар башкача айтылгандыгы жазма булак маалыматтары аркылуу тастыкталат. Ал эми кыргыздардын жогорку бийлик эгесин - хан деп атоосу, түрк тилдүү калктар колдонгон каган титулуна тете болгон.

Кытайтаануучу Е. И. Кычановдун пикири боюнча бардык түрк тилдүү каганаттар арасынан Кыргыз мамлекетинин башкаруу бийлик аппараты кытай административдик түзүлүшүнө жакын болгон [16]. E. И. Кычановдун иликтөөсүнө караганда, Кыргыз каганатындагы төбөлдөрдүн «лю дэн» аталган «алты катмарга» бөлүнүшү, Тан династиясынын мамлекетти башкаруу системасында колдонулган «лю бу» - «алты министрдик» системасына дал келет [17].

Ал алты курам - башкаруу, церемониал, юстиция (жазалоо), финансы, кадрлар, аскерий жана коомдук иштер боюнча – министрдиктер болгон [18]. Е. И. Кычановдун пикири боюнча башкаруу аппаратынын мындай уюшулушу «айрыкча ийкемдүү, жакшы сыналган система болгон жана ал кандай гана, анын ичинде азыркы мамлекеттин муктаждыгын да канааттандыра алмак» [19].

Кыргыз өкмөтүн Тандык Кытайдагыдай цзайсян (канцлер, вазир, премьер - министр деп атаса болот) башкарган. Өлкөдөгү цзайсяндардын саны жети болуп, алардын ар бири - мамлекеттеги жергиликтүү аймактарды тейлешкен. Жети цзайсяндардын бири - жетекчи эсептелип, калган алтынын ар бири – өзүнчө «дэндерди» тейлешкен.

Алты цзайсяндын, алты «дэнди» башкаруусу; кыргыз эстелигиндеги «алты бак будунка баг aptim» - «алты бектик будунга бек болчумун» деген саптарга айрыкча үндөшүп кетет. Уюк Тарлак эстелигиндеги эпитафия баатырынын ысмы Эл Туган, ал эми титулу болсо «тутук» болгон [20]. Түрк тилдүү этностор өздөштүрүп алган «тутук» титулу байыркы кытайлыктардын ду ду (tuotuok) термининен пайда болгон. Х. Эчединин пикири боюнча аталган кытай титулун түрктөр 558 - жылга чейин өздөрүнүн башкаруу бийлик титулатурасына өздөштүрүп алышкан [21]. Ал эми кыргыз жазууларында болсо, ал туткжана толук түрүндөтутук деп жазылат. Кыргыздар аталган титулду Tuotuok түрүндө түрк тилдүү калктардан да кабыл алышы мүмкүн. Бирок тутук титулунун таралыш ареалына караганда, ал көчмөн талаага кеңири жайылган термин экендигин белгилей кетиш абзел.

Кытай жазма булагында кыргыздардын жогорку бийлик ээлери үчөө экендиги кабарланат [22]. Е. И. Кычанов болсо аларды тутуктук деп үч чөлкөмдүк административдик бөлүнүш катары белгилейт [23].

Айтылган маалыматтарга караганда Кыргыз каганаты «алты бектик» системадан куралып, ал өз кезинде үч тутуктукка бириккен. Үчилтик система Борбордук Азиядагы көчмөн мамлекеттердин башкаруу салтына ылайыкташкан согуштук - административдик талапты көздөгөн. Көчмөн жана жарым көчмөн турмушта жашаган калктар үчүн үчилтик система тарых сыноосунан өткөн жана башкаруу бийликти ийкемдүү координациялоого жол ачкан бирикме болгон. Кыргыз руникалык жазууларын толдоо жыйынтыгы да негизинен айтылган көз карашты бекемдейт. Төртүнчү Чакул эстелигинин каарманы мамлекеттин «кызыл желек тутугу» экендигин жана «теңири мамлекетине, өзүнүн бектерине көңүлү тойбой кеткендигине өкүнүч» [24] кылат.

Айтылган маалыматтан биз «алты бектик» жергиликтүү уруучулук принципте куралса, ал эми үч тутуктук система согуштук - административдик оң, сол жана борбордук уюмдашуудан куралганын белгилээр элек.

Кыргыз руникалык жазууларын талдоо аркылуу тутук титулу Кыргыз каганатындагы жогорку бийлик мансабы болгондугун биле алабыз. Кежилиг-хобу эстелигинин каарманы Көмүл Өге, өзүнүн бийлик шатычасына көтөрүлүү жолун мындайча байндайт: «Отуз жашымда мамлекетиме өге болдум. Кырк жашымда мамлекетимде тутук болуп, элимди башкардым» [25].

Кыргыз каганатында жогорку кызмат эгелеринин жалпы калк катмарынан айырмаланып турчу өзгөчөлүктөрү болгон. Тутуктук кызматка татыктуу адам хан тарабынан дайындалган жана ага бийликтин белгиси катары «ай түспөлдүү алтын кемер тагылган» [26].

Жогоруда эскерилген «өге» [27] титулу борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик администрациядагы кеңешчи, акыл айткан кызматкерди туюнтаары толук ыктымал.

Кыргыз мамлекетиндеги жергиликтүү бийликти текшерүү иши борбордон жүргүзүлүп, аны он «чжи ши» - көзөмөлчүлөр аткарышкан [28]. Кытай титулатурасына ылайык белгиленген термин, кыргыз руникалык жазууларында кездешкен чiгшi – титулуна дал келет. Бул аталыштын түбү - кытайдын цы - ши титулунан келип чыккан [29]. Кытай анологунда алар императордун буйругу менен провинциялардын иштерин текшеришкен. Цы-ши – tz’й – shih (ts’i?k - şi) - čeg?i [30]- чiгшi- түрүндө кыргыздардын башкаруу системасына кабыл алынган. Коомдук, саясий жана экономикасы келишкен өлкө үчүн статистикалык кызмат айрыкча маанилүү роль ойнойт. Ошондой эле, Кыргыз каганатынын ички жана тышкы саясатын жүргүзүш максатында 15 адамдан турган Секретариат «чжанши» [31] иштеген. Аталган титул түрк жана монгол тилдүү калктарга chang – shih (tiang – şi) čäńši түрүндө кабыл алынган [32]. Čäńši титулу кыргыз руникалык жазууларында «Чаңшы» формасында жазылган [33]. Айрым тюрколог адистер аталган терминди адамдын ысмы катары да карашат [34]. Анткен менен Уйбат эстелигиндеги жазуунун мазмуну далилдеп тургандай «чаңшы» аталышы Кыргыз каганатындагы маанилүү титулду билдирет. Е. И. Кычановдун иликтөөсүнө караганда дагы, Кыргыз каганатындагы 15 адамдан турган Секретариат «чжаншилер» азыркы түшүнүктөгү катчылардан даражасы жогору турган мамлекеттик кызматкерлерди билдирет [35].

Кыргыз каганаттагы салык саясатын таркандар тейлешкен жана алардын саны жазма булак маалыматтарында такталган эмес [36]. Кыргыз мамлекетинин жалпы калкы борборго салык төлөшкөн. Ошондой эле, бардык эр жеткен жигиттер аскер кошунуна тартылышкан. Балким, эр аталышына жашы жеткен эркектер салык төлөшүп, алардын санына жараша мамлекетке кызмат кылган таркандардын сагы да аныкталса керек.

Аскерлерди атактуу «саңундар» жетектешкен. Ж. Гамильтон муну кытай цзяньцзюнь наамын түрк тектүү калктар tsiang – kiun, tsịang – kịuən формасынан Saŋun кылып өздөштүрүп алгандыгын белгилейт. Анын пикирине ылайык, Saŋun титулу генерал деген аскердик титулга дал келет [37].

Жалпысынан алганда, келтирилген фактылардын жыйынтыгы Кыргыз каганатынын борбордошкон мамлекетке айлангандыгын ырастайт. Мамлекеттик бийлик структурасынын чарбалык маданий типке ылайык калыптанышы, өлкөдөгү потестардык процесстин бир калыпта өнүгүшүнө багыт берген. Бийлик структурасынындагы тең салмактуу баланстын сакталышына өлкө башкаруучуларынын билим жана кадрдык саясатты көрөгөчтүк менен жүргүзүшү өз жемишин берген жанан ал Кыргыз каганатынын Борбордук Азиядагы өнүккөн мамлекеттер менен алака курушуна жол ачкан.

Мурат Кожобеков, т.и.к., доцент, КТУ « Манас» (Кыргызстан, Бишкек)

Колдонулган адабияттар:

Кар.: Спенсер Ч. Политическая экономия становления первичного государства//Альтернативные пути к цивилизации. М., 2000. – Б. 137 – 154.

Васильев Л. С. Проблемы генезиса китайского государства. – М., 1983. – Б. 45.

Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавщих в Средней Азии в древние времена.- Т. 1.- М. – Л., 1951.-Б. 354.

Н.В. Кюнер. Китайские известия о народах Южной Сибири. – Б. 55.

Кычанов Е. И. Аппарат управления у енисейских кыргызов (по китайским сведениям)//Источники по средневековой истории Кыргызстана и сопредельных областей Средней и Центральной Азии. – Б., 1991. – Б. 54.

Бичурин Н. Я. Собрание сведений.- Т. 1.- М. – Л., 1951.-Б. 352.

Бернштам А. Н. История кыргыз и Кыргызстана с древнейщих времен до монгольского завоевания// Кыргыз Респ. УИА, Кол жазмалар Бөлүмүнүн фонду. Инв. № 128. – Б. 75; Ушул эле эмгектин котормосун Кар.: Кыргыздар (которгон М. Кожобеков). – Бишкек, 1991. –Б. 290-291.

Бичурин Н. Я. Ат. эмгек. – Б. 352.

Бернштам А. Н. История кыргыз и Кыргызстана с древнейщих времен до монгольского завоевания. – Б. 1998. – Б. 189.

Малов С. Е. Енисейская письменность тюрков. – М.; Л., 1952. – Б. 29, 57 – 58; Кляшторный С. Г. Стелы Золотого озера (К датировке енисейских рунических памятников)//Тurkologica, - Л., 1976. – Б. 262 – 266.

Малов С. Е. Енисейская письменность тюрков. – М.; Л., 1952; Orkun H. P. Eski Türk Yazitlari.- Ankara. – S. 106.

Бичурин Н. Я. Ат. эмгек. – Б. 352.

Кар.: Малявкин А. Г. Тансские хроники. – Б. 282; Супруненко Г. П. Документы об отношениях. – Б. 67 – 68.

Кар.: Материалы по истории киргизов и Киргизии. – Вып. I. – М., 1973.

Аль Бируни. Избр. Произведения. – Ташкент, 1957. – Т. I. – Б. 183.

Кычанов Е. И. Аппарат управления у енисейских кыргызов (по китайским сведениям)//Источники по средневековой истории Кыргызстана и сопредельных областей Средней и Центральной Азии. – Б., 1991. – Б. 65.

Кычанов Е. И. Аппарат управления у енисейских кыргызов (по китайским сведениям)//Источники по средневековой истории Кыргызстана и сопредельных областей Средней и Центральной Азии. – Б., 1991. – Б. 65.

Бичурин Н. Я. Ат. эмгек. – Б. 352; Кычанов Е. И. Аппарат управления. – Б. 65; Тайпинхуаньюйцзи жазма булагын которгон Н. В. Кюнер кыргыз мамлекетиндеги чиновниктерге цзюй–сян, ду–ду,цзян–цзюнь, да–цянь титулдарын киргизген. Кар.: Кюнер Н. В. Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока. - М., 1961. –Б. 56.

Кычанов Е. И. Аппарат управления. – Б. 65 – 66.

Малов С. Е. . Енисейская письменность. -. Б. 11.

Ecsedy H. Old Turkic Titles of Chinese Origin // AOH, T XVIII, 1965. P. 85.

Бичурин Н. Я. Ат. эмгек. – Б. 352.

Кычанов Е. И. Аппарат управления. – Б. 65.

Малов С. Е. . Енисейская письменность. -. Б. 38 -39.

Малов С. Е. . Енисейская письменность. -. Б. – Б. 81 – 82.

Малов С. Е. . Енисейская письменность. -. Б. – Б. 94 – 95.

Oga- акылман, ойчул - Кар.: Древне тюркский словарь. - Б. 379; Айрым окумуштуулардын пипкири боюнча Өг = ҮГь (ҮГьА) термини акылман, өкүмдар, кызматкер дегенди туюнтат. Кар.: Батманов И. А., Арагачи З. Б., Бабушкин Г. Ф. Современная и древняя енисеика. Ф., 1962. – Б. 99.

Бичурин Н. Я. Собрание сведений. - Т. I. - Б. 353; Кычанов Е. И. Аппарат управления. - Б. 65.

Ecsedy H. Old Turkic. - Б. 86.

Малов С. Е. Енисейская письменность. - Б. 45; Ecsedy H. Old Turkic. - Б. 86 - 87.

Бичурин Н. Я. Собрание сведений. - Т.I. - Б. 353; Кычанов Е. И. Аппарат управления. - Б. 55; Тарыхый адабиятта "чжаншини" башкы катчы катары которушат.: Кар.: Таскин В. С. Материалы по истории сюнну. - М., 1968. -Вып.1.- Б. 164.

Ecsedy H. Old Turkic. - Б. 88.

Малов С. Е. Енисейская письменность. - Б. 60 – 61.

Древнетюркский словарь. – Л., 1969. - Б. 139; Ошондой эле,Х. Н. Оркун да Уйбат эстелигинин каарманын белгилеген терминде адамдын ысмы катары окуйт. Кар.: Orkun H.N. Eski Turk. - Б. 552-553.

Кычанов Е. И. Аппарат управления. – Б. 65.

Бичурин Н. Я. Собрание сведений. - Т.I. - Б. 353.

Hamilton J. R., Les Ou?ghours ? l’?pogue des Cing Dinasties. D’apr?s Les Documents Chinois, Paris 1955, s. 155; Кытайдын ”Tsiang-kiun” титулу монголдордун аскер терминологиясына”ĵangĵun”- “генерал” терминологиясформасында айлангандыгы маалым. Кар.: Cleaves F. W. The Colophon to the Bolor Erike// Harvard Journal of Asiatic Studies, 1968. - Vol. 28. - Б. 23.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×