Добавить статью
5:08, 12 декабря 2012 151258

Россиянын ислам маселесине карата мамилеси

Анжиян көтөрүлүшүнөн кийин падышачылык Россиянын ислам маселесине жана мусулмандардын рухий турмушуна карата мамилеси

 Фергана өрөөнүндөгү таасирдүү диний лидер Мухаммад Али Девона ибн Мухаммад Сабыр - «Ийикчи эшен» баштаган 1898-жылдагы Анжиян көтөрүлүшү тез арада ырайымсыз басылганы менен расмий бийликтин башкаруу төбөлдөрүн катуу дүрбөлөңгө салган. Козголоңчулардын Анжияндагы аскер гарнизонуна кол салуусу ага Фергананын мусулман калктарынын дээрлик бардык өкүлдөрүнүн катышуусу бийликтерди кооптондурган көрүнүш болгон. Көтөрүлүш басылышы менен анын себептерин изилдөөлөр башталган, анын келип чыгышы боюнча түрдүү көз караштар жаралган. Көпчүлүк изилдөөлөрдө Анжиян көтөрүлүшү мусулмандардын диний фанатизминин негизинде ишке ашкандыгы, көтөрүлүштү купуя кутумдардын (заговор) таралышына, элдин рухий турмушуна жана мусулман духовенствосуна карата көзөмөлдүн жоктугу шарттагандыктары белгиленген. Көтөрүлүштүн келип чыгуусу жөнүндөгү падышачылыктын расмий пикири да дал ушундай болгон. Расмий көз караштын жактоочуларынын катарында М.А.Терентьев, Н.С.Лыкошин, Н.П.Остроумов, П.Е.Кузнецов, И.П.Ювачев1 жана башкалар болушкан. Мындай пикирди туура көргөн падыша өкмөтү көтөрүлүш басылгандан соң Түркстан мусулмандарынын рухий турмушуна, дин жамааттарынын уюмдарынын ийшмердүүлүктөрүн жөнгө салуу боюнча иш чараларды жүргүзө баштаган. Ал тургай өкмөттүк деңгээлде «мусулманчылык маселеси» жабык эшик артында да каралган.

Көтөрүлүштүн жыйынтыктары колониялык бийликтердин жергиликтүү калктын маданий турмушуна карата маанайын да өзгөртүүгө түрткөн. Колониялык бийлик ээлери жергиликтүү калктын маданиятын, рухий жашоосун жакшы билишпегендиктерин аргасыздан моюндарына алышкан. Алсак, белгилүү миссионер Н.П. Остроумов: «Түркстан элдеринин миң жылдык тарыхы бар маданияты жөнүндө Түркстандагы орус башкаруучулары жана жер кезүүчүлөрү чанда билишет жана азырга чейин ачык, так түшүнүктөрү жок»,- деген пикирин айткан. Ушундай эле пикирди орус чиновниги - болочоктогу профессор А.А. Семенов да улап: «Орустар Түркстанда жарым кылымдан ашык убакыттан бери болушса да, мурда гүлдөгөн маданияты бар кеңири край көп жагдайда үйрөнүлбөгөн, өзгөчө тарыхый өтүмүшү бүдөмүк»2 экендигин белгилеген.

Көтөрүлүштөн соң Түркстан генерал-губернаторунун 1898-жылдын 8-августундагы №10 циркулярында: «Аскер бөлүктөрүндө, ага тең эле административдик-полициялык жана Түркстан крайындагы башкаруунун граждандык бөлүктөрүндөгү кызматкерлердин арасынан көпчүлүгү исламдын мусулман калкынын ички жашоосунун бүт тартибин аныктоочу диний турмушун уюштуруунун эң орчундуу өзгөчөлүктөрү менен жетишээрлик тааныш эмес экендигин айкындады. Аны менен катар эле бийликтердин туземдиктерге жана алардын турмушуна кийлигишүүсүндө ар кандай түшүнбөстүктөрдү, кээде ири чыр-чатактарды болтурбай коюу үчүн ошондой билимдер өтө зарыл экен. Калктын жашоосунун мүнөздүү өзгөчөлүктөрү менен Түркстан крайындагы бардык кызматкерлердин таанышуусун жеңилдетүү үчүн «Мусулманчылык боюнча материалдар» жыйнагын түзүү жана басып чыгаруу кабыл алынды»,3- деп көрсөтүлгөн. Мындан генерал–лейтенант С.М.Духовскийдин элдин жашоосунун тиричиликтик жагдайларын, тилин, динин билбей туруп башкарууга болбой тургандыгына ынангандыгын туюуга болот. Ушундай эле көз карашын бекемдеген дагы бир циркулярын С.М. Духовский аскер-губернаторлорго жолдоп, анда өзүнүн Самарканд жана Фергана областарына барганында ага ошол жерлик чоң кишилер менен катар эле жаш балдардын да учурашууга келишкендиктери колдоого гана ээ болбостон, көңүлгө да ылайык келгендигин эскерип келип: «Жаш муундарды тарбиялоо биздин өзгөчө камкордугубуздун предмети болууга тийиш жана бул максатта бир да иш чара текке кетпеши керек. өсүп келе жаткан жаштар өздөрүнүн начальниктерин жана жетекчилерин, алардын көз караштары менен талаптарын жакшы билүүгө үйрөтүлүүсү керек, бийликтердин аларга карата жагымдуу кайрылуусу жана жакшы мамилеси катуу буйруктан да өктөмүрөөк таасир калтыраары белгилүү»,4 - деген оюн билдирген. Аталган сапардан кийин губернатор бир кездеги крайдын түзүүчүсү атанган биринчи генерал-губернатор К.П. фон Кауфмандын «орустардын жана туземдердин балдарын бирге тарбиялоо керек, орустар мектептеринен мусулман мектептерин обочолотуу экономикалык жана саясий мамиледе зыяндуу» деген пикирин улап орус-тузем мектептерин көбөйтүү саясатына киришкен. ХХ кылымдын башында мындай мектептердин саны Түркстан крайында 103кө жеткен. Мындай мектептерде диний билимден тышкары орус тили, орус адабияты жана маданияты үйрөтүлгөн.

Мусулмандардын рухий мекемелери жөнүндөгү маселе генерал-губернатор С.М, Духовский тарабынан 1899-жылы кайрадан көтөрүлгөн. Түркстандагы мусулман жамааттарынын ишмердүүлүктөрүн жөнгө салуу боюнча буга чейинки дагы бир аракет 1884-жылы С.И. Черняев тарабынан чакырылган өзгөчө комиссия болгондугу маалым. Аталган комиссия мусулмандардын дин уюмдарын түзүү боюнча Түркстанга Закавказьиялык жобону ыңгайлаштырууга аракеттенип, бирок ага жетише алган эмес. Андан бир аз өтпөй кабыл алынган «Түркстан крайын башкаруу жөнүндөгү Жобо» мусулман жамааттарынын уюмдарынын иштерин уюштуруу маселесине көңүл бурбаган анда бийликтердин мусулмандардын диний турмушуна кийлигишпөөсү формалдуу түрдө гана көрсөтүлгөн. Түркстан генерал-губернатору С.М. Духовскийдин согуш министрине 1898-жылдын 8-августундагы жазган катында: «Түркстан крайында Закавказьядагыдай эле, бирок муфтийи жок өзгөчө диний башкармалыкты түзүүнү, анын төрагалыгына жа цензорлугуна шариат менен тааныш, түрк жана перс тилдерин билген орустарды коюу» сунушун берген. Ички иштер жана согуш министрликтери мусулман жамааттарынын мындай уюмун түзүлүшү «ислам дининин жолун жолдоочулардын биригүүсүнө шарт түзөт» деп эсептешип андай уюмду анчалык зарыл эмес деп табышкан.5 Мындай эскертүүнү эске алуу менен С.М. Духовский 1899-жылы өзүнүн карамагындагы гана эмес башка аймактардагы мусулманчылыкты жөнгө салуу боюнча иш чаралардын программасын камтыган «Түркстандагы ислам» атуу отчетун сунуштаган. «Ислам христиан мамлекетине каршы күч» деген ынанымдагы С. М. Духовский бийликтер «мамлекеттин денесине тарыхый жактан байырлаган язва илдети менен күрөшүүнүн» жалпы планын иштеп чыгуулары зарыл деп эсептеген.6 Генерал-губернатор бул жагдайда өкмөт Түркстан крайына өзгөчө көңүл буруусу зарыл экендигин анткени крайды «биротоло тынчыган» деп эсептөөгө болбой тургандыгын билдирген. «Саясий күч катары ислам менен күрөшүүдө» С.М. Духовский учурда иш алып бара жаткан бардык диний башкармалыктарлды жоюп алардын ишин жергиликтүү администрацияга берүүнү сунуштаган. Диний башкармалыктардан генерал губернатор «антиорстук жана антихристиандык пропаганда» ишинде мусулмандарды бириктирүүчү жана орус маданиятына, ассимиляция идеясына сүңгүп кирүүгө тоскоол болгон сепилди түзүүүчү органды7 көргөн. Тилекке каршы Түрктсан генерал –губернаторунун бул долбоору мыйзам катары кабылданууга жетише албаган.

XIX аягы XX кылымдын башындагы Россия империясынын башкаруу төбөлдөрүнүн эң тассирдуу фигура Сергей Юльевич Витте болгондугу белгилүү. Энергиялуу жана терең ой жүгүрткөн мамлекетик ишмер Витте монархия үчүн “басып алынган бөтөн элдердин улуттук сезимдерин” курчутуу кооптуу экендигин белгилеген. Башка чиновниктерден айырмаланып ал, империялык ийкемдүү этноконфессиялык саясаттын жактоочусу болгон. Кийинчерээк бийликтен четтеген мезгилинде ал “Биздин саясаттын ондогон жылдар боюу кетирген катачылыгы – биз азырга чейин Улуу Петрдин жана Екатеринанын тушундагыдай Россия жок экендигин, азыр Россия империясы экендигин тан албай келебиз. Орустар великоросторго, кичиорустарга, белорустарга бөлүнүп, 35% калкын бөтөн элдер түзүп жткан кезде бул тарыхый фактты кыя өтүү менен Россия империясын кирген башка улутутардын улуттук сезимдерин, тилин, дини, жана башкаларын капарга илбөө менен саясат жүргзүүгө мүмкүн эмес. Виттенин мындай прагматизми кылымдар тогошуусундагы империянын актуалду маселеси “мусулманчылык маселесине” карата мамилесин да шарттаган. 1900-жылы С. М, Духовскийдин жогорудагы сунушун талдап көрүп Ю.Витте: «Духовскийдин көз карашынын жакынкы себеби – Анжиян көтөрүлүшү- Миңтөбөлүк эшендин шайкасынын Анжиян гарнизонуна кол салуусу»8 болгондугун белгилген. Витте мусулманчылык маселесин боюнча жабык эшиктер артындагы талкууга катышкан. Анда ”Түркстан крайындагы мусулмандардын дин иштерин башкаруу жөнүндөгү убактылуу Жобо” даярдалган. Бул долбоордо “ ислам мамлекеттин денесине тарыхый жактан байырлаган язва илдети” катары каралган. Мында мусулманчылык менен тынымсых күрөшүү белгиленип, Витте ага каршы өз пикирлерин билдирген.

Анжиян көтөрүлүшүнүн диний түспөлүнүн болушу колониялык бийлик ээлеринин арасында мусулманчылык маселеси жана мусулмандардын рухий турмушун уюштуруу, «газовад», «жихад» сыяктуу көрүнүштөрдү тескеп туруу маселелери боюнча талаш тартыштарды жараткан жана түрдүү иш чараларды кабыл алууга түрткөн. Бийликтердин бул багыттагы позицияларын: тарыхчы А. Табышалиева «Башында падышачылык администрация кооптонгодуктан мусулман духовенствосунун ишине кийлигишпөө саясатын жүргүзгөн. Сопулардын пири Дукчи эшен баштаган 1898-жылдагы Анжиян көтөрүлүшү газаваттын жарыяланышы колониялык бийликтердин жергиликтүү динге карата мамилесин өзгөрткөн. Алар, мусулмандык мекемелердин үстүнөн көзөмөлдү күчөтүп, ошол эле убакта орус православдык чиркөөсүнүн крайдагы таасирин күчөтүү үчүн миссионердик монастырларды, чиркөөлүк-приходдук мектептерди, приюттарды куруу аракеттерин башташкан»9 деп баалаган.

Көтөрүлүштүн жыйынтыктарына токтолгон изилдөөчү Сенг –Заде колониялык саясаттагы төмөнкүдөй өзгөрүүлөрдү белгилеген:«Орус өкмөтү Түркстанды орус дыйкандары аркылуу оторлоштуруунукүчөтүүгө карата чечкиндүү иш-чараларды кабыл алууну чечкен. Бир тараптан татарлардын жана жалпы эле православ дининдеги эмес орус букараларынын Түркстанда кандай да болбосун кыймылсыз менчикке ээ болуусуна тыюу салынган; аны менен бир убакта эле орус-тузем мектептеринин тизимин көбөйтүүгө жан үрөп киришкен; православдык дин жамаатын туземдиктерге орус-православдык духунда маданий таасир этүү ишине кодулоосуз, бирок миссионердик максатта гана тартуу чечилген».10

Падышачылыктын мусулмандарга карата диний кодулоочулук мамилеси XVIII кылымдан тартып «диний көтөрүмдүүлүк« саясаты менен алмашылгандыгы белгилүү. XIX кылымдын экинчи жарымында Орусиянын империялык саясатында Орусиянын мамлекеттик бүтүндүк принциби үстөмдүк кылган. Бул өз кезегинде улуттук мамлекет жөнүндөгү идея болуп, «бөтөн элдерди орус мамлекеттүүлүгүнө жана орус цивилизациясына баш ийдирүүнү» көздөгөн. Мындай милдеттерди жүзөгө ашырунун башкы шарттарынын бири мусулмандардын рухий жана жарандык жашоолорунда белгилүү роль ойногон дин жамааттарынын өкүлдөрү менен менен мамиле түзүү, орус- тузем мектептерин көбөйтүү болгон. Дин жамааттары диний милдеттерден бөлөк мусулмандардын билим алуу, үй-бүлө күтүү, сот, мурас иштерин тескеген. Андан сырткары аталган жамааттардын колунда ири вакуфтук ээликтер, менчиктин башка түрлөрү, байлыктар болгондуктан колониялдык бийликтердин мусулмандарды башкаруудагы куралы катары каралып ар дайым көңүлдүн борборунда турган. Ошол себептүү мусулман калктарынын рухий турмушун изилдөөгө орус интелигенциясынын алдыңкы өкүлдөрү тартылган. Алардын катарында П.П.Федченко, И.В.Мушкетов, Н.А.Северцов, А.Ф.Миддендорф, жубайлар В.П. жана М.Наливкиндер, В.И.Кушелевский, П.Е.Кузнецов, Н.Ф.Ситняковскийлер болушкан. Алардын иш багыттарына Фергана өрөөнүнүн экономикасын, табиятын, тарыхы менен этнографиясын үйрөнүү аркылуу жергиликтүү элдер менен орус элдерин жакындаштыруу максаты коюлган. Аталган изилдөөчүлөрүдүн арасынан өзгөчө жубайлар Наливкиндердин өзгөчө белгилөөгө болот. Алар Наманган уезинин Нанай деген жеринде жашашып кыргыз, өзбек, тажиктердин тилин, каада салттарын, үрп адаттарын үйрөнүнүшкөн, алар боюнча бир топ эмгектерди, макалаларады жазышкан. В.П. Наливкин Түркстан округу боюнча орус-тузем мектептерин көзөмөлдөөчү инспектору да болуп иштеген. Жергиликтүү элдин тилин, динин, ырасымдарын билген мындай инсандар алардын орус элинин маданиятына жуурулушуусунда чоң роль ойнноору бийликтерге дайын болгон.

Соңунда айтаарыбыз Анжиян көтөрүлүшү жеңиилп Фергана тургундарына оор кыйынчылыктарды алып келгендиги менен колониялык саясаттын жаңы баскычка өтүүсүн тездеткен. Анын жыйынтыгы падышачылыктын Фергана өрөөнүндөгү башкаруу, оторлоштуруу, саясаттарына гана таасирдүү өзгөрүүлөрдү алып келбестен рухий чөйрөдө да бир топ өзгөрүүлөрдү шарттаган. Ал гана эмес Түркстандан сырткаркы мусулмандар жашаган Закавказья, Крым жана Повольжедеги аймактарда «мусулманчылык маселесиине» карата мамилеге таасирин тийгизген.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×