Добавить статью
7:24, 15 декабря 2012 65749

“Толтой” дастанындагы оштук кыргыздар жөнүндөгү баян жана тарыхый реалдуулук.

Тарых илиминде элдик эпостор тарыхый булактын бир түрү катары каралып, андагы маалыматтар ар тараптуу илимий иликтөөгө алынгандан кийин, изилдөө ишинде колдонулат. Кыргыз эли оозеки чыгармачылыктын өзөгүн түзгөн бир топ элдик эпосторго ээ. Алардын катарына океан сымал “Манас” үчилтиги, кенже эпостор кирет. Жакында элибиз дагы бир элдик эпос – “Толтой” дастанына ээ болду.

Кыргыз элинин байыркы урууларынан болгон жедигер уруусунун баатыры, башчысы, эр Багыштын уулу Толтойду элибиз “Манас” үчилтигинин экинчи китеби “Семетей” эпосундагы “Чынкожо, Толтой чатагы” аттуу бөлүмдөн билишет. Биздин манасчылардын варианттарында Толтой Чынкожо менен биригип алып, Семетейге каршы чыккан терс каарман катары берилип, элибизде Толтой баатырга, анын эли жедигерлерге карата жакшы эмес пикир жаралып калган. Толтой дастаны биздин элде өз алдынча эпикалык чыгарма катары айтылган эмес.

Ал эми Кызыл – Суулук кыргыздарда «Толтой» дастаны залкар манасчы Жусуп Мамайдын айтуусунда “Шиңжан” басмасында өз алдынча эпос катары жарык көргөн. Биздин өлкөдө мына ушул Жусуп Мамайдын “Толтой” дастаны 1999 - жылы “Эл адабияты” сериясында “Шам” басмасында өз алдынча эпикалык чыгарма катары басылып, элибизге тартууланды. ”[1] Бул дастанды окуп чыккан ар бир окурманда Толтой баатырга, жедигер элине карата көз караш бир топ өзгөрөөрү шексиз. Анткени дастанда Толтой баатырдын жигит мезгилинен баштап, өлгөн учуруна чейинки элин коргогон, анын ичинде төмөндө сөз болуучу баатырдын Ош элин калмактардын эзүүсүнөн куткаргандыгы жөнүндөгү ж. б. эрдиктери, Манастын уулу Семетейге карата анын мамилеси, көз – карашы кеңири берилген. Толтой Семетейди аябай сыйлап, аны менен жакын болууну көздөйт, бирок, мурдараак Толтой менен ок тиштешип, антташып достошуп алган Семетейдин тууганы Чынкожо, аны азгырып, макул болбосо антка такап, акыры аны менен (Чынкожо – С. С.) Семетейге каршы бирге болууга аргасыз кылат. Семетей да Толтойду абдан баалагандыгы айтылат, окуя согушка жетсе да, Семетей Толтойду сактап калууга аракеттенет, бирок бузуку Канчоронун айынан, мүдөөсүнө жетпей калат. Аябай өкүнгөн Семетей Толтойдун өлүк зыйнатын бүт өзү көтөрүп, бул иштин башынан аягына чейин турат. Мына ушул эки баатырдын өз ара симпатиясы психологиялык жактан Жусуп Мамайдын дастанында абдан мыкты берилген жана “Семетей” эпосундагы “Чынкожо, Толтой чатагында” берилген окуяларга карата окурмандын ой – пикирин бир топ өзгөртөт.

Эпостогу жедигер уруусу кыргыздын эң байыркы урууларына кирет. Илимпоздордун пикири боюнча жедигер уруусу байыртадан Кыргызстандын аймагын мекендеген түрк тилдүү уруу. Айрым тарыхый булактарда жедигер уруусу ядгар, едгер деп да берилет. Санжырада жедигер уруусу кыргыз урууларынын оң канатына кошулат. Жедигер Тагай бийдин Койлон деген уулунун баласы. Тагай бийдин небереси. “Койлондон кооз жедигер” деп айтылат. Анткени Тагай бий кайсы жерге ашка – тойго барбасын, небереси Жедигерди жасап, кооз кийиндирип, ээр – токуму жасалгалуу тайга мингизип, ээрчитип алчу экен. Жедигердин жети баласы болгон: Орозбий (Орустар тобу ошондон), Асан, Үсөн, Абылбек, Кабылбек, Мөңкө, Тайлак. Ошондуктан “жети уруу жедигер” деп да айтылат. Жедигер уруусунун этимологиясын “жети эр” деген сөз менен байланыштырган элдик версия бар экендигин да эске сала кетүү ылайыктуу. Жедигер уруусунун кыргыздын байыркы урууларынан экендигин жогоруда белгилегендей, Манас үчилтигиндеги маалыматтар да далилдеп турат. Жедигер уруусу “Манас” эпосунун дээрлик бардык варианттарында кезигет. Мисалы, Сагынбай Орозбак уулунун вариантында:

“Кыргыз уулу бу дагы,

Улугу Багыш Жедигер” деп айтылса,

башка жеринде:

“Казак, кыргыз, катаган,

Жедигер, нойгут, думара

Баарыбыз бир атадан” деп улантылат[2].

Келтирилген саптардагы Багыш, Толтойдун атасы, жедигер уруусунан чыккан баатыр, уруу башчысы акылман, нарк билги адам болгон. Манас төрөлгөндө атасы Жакып берген жентек тойдогу ат чабышта Багыштын Суркийик деген аты баш байгени алат. Ошондо Багыш байгенин жылкы, койлорун Жакыптын өзүнө кайра берип, “беш жүз кызыл нарын”, “эки төө алтын зарын” элге тараткан[3]. Жедигердин Багышын эпостогу Алмамбетке каршы Көкчө уюштурган кутумга катышкан бузуку Багыш Байжигит уулу менен чаташтырбоо керек. Эпостун Семетей бөлүгүндө, Багыштын уулу Толтой, нойгут Чынкожонун (Шыгай кандын уулу, Семетейдин жакын тууганы) азгырыгына кирип, Семетейге каршы чыгып, согушуп, ошол согушта өлөт.

Биз сөз кылып жаткан дастанда болсо, Толтой баатыр “Жедигердин тоодой Толтой баатыры” деп айтылып, элин, жерин душмандан коргоп, көрсөткөн эрдиктери толук баяндалат. Анда Толтойдун эли Жети – Сууну жердеп тургандыгы айтылат.

Эпостун экинчи бөлүмүндө, 18 жаштагы Толтой баатыр жер чалып жүрүп, Ош жергесине келип, Оштун элин Кашкардын ханы калмак Карезгинин чаап алгандыгын, оштуктарды кордоп, мал – мүлкүн, кыз – келинин олжолоп, Кашкарга жөнөткөндүгүн угуп, аларды куткарууга аттанат. Андан ары, анын олжону алып бараткан калмактарды Көгарт өрөөнүндө кууп жетип, алар менен кармашып, калмактын Чотмок, Короңкыр, Табык, Талдык аттуу баатырларын өлтүрүп, олжону кайтаргандыгы, бирок Ош шаары бүлгүнгө учурабасын деп, Ошко түз келбей, калмак Карезгини Кара – Шоро аймагына чакырып, аны менен ошол жерде беттешкендиги, бир канча күн кармашып, Карезгинин башын алгандыгы, ханы менен кошо барган 5000 калмак жоокерин кырып жок кылып, оштуктардын таланган мал – мүлкүн, олжолонгон кыз – келинин мекенине кайтаргандыгы кенен кооз баяндалат. Адистердин пикирине таянсак, дастанда “чагылдырылган оштук кыргыздар жөнүндөгү баян Ала – Тоолук кыргыздардын оозеки чыгармачылыгында учураган эмес. ... Эскерилип жаткан чакан эпизоддогу окуянын өзү эле жаңылык катары кабыл алынып, экинчи жагынан Толтой баатырдын дагы бир баатырдык жүрүшүндөгү жүргүзгөн күрөшүнүн жаңы барагын ачты”[4].

Белгилей кетчү жагдай, дастанда келтирилген оштук кыргыздар жөнүндөгү баян тарыхый окуялар менен үндөшүп тургандыгында. Биринчиден, дастанда келтирилген топонимдер: Көгарт, Кара – Шоро аймактары азыркы күндө да ушул эле аталыш менен аталат жана бул аймактар аркылуу Кытайга, Кашкар шаарына өтүүгө болот. Экинчиден, тарыхта белгилүү болгондой 1684 - жылы калмактар Ош шаарын чаап, талап – тоногон. Бул тарыхый факт. Үчүнчүдөн, 2011 - жылы жарык көргөн Т. Ариповдун “Эки – Суу арасындагы кыргын”[5] аттуу китебинде XVII – XVIII кк. жашап өткөн, эл башкарып, калмак баскынчылары менен согушуп, аларды Фергана өрөөнүнөн кууп чыккан жедигер уруусунун баатырлары баяндалат. Мына ошол китепте келтирилген тарыхый инсандар: Кулчыгач баатыр, Кочкор хан, Чаң Мамбет баатырлардын кимдир бирөөсү эпостогу “тоодой Толтой баатырдын” прототиби болушу толук ыктымал. Албетте бул маселе далилдүү тарыхый булактардын негизинде атайын илимий изилдөөгө алынышы абзел.

Колдонулган адабияттар:

1. Токтобүбү Ысак кызы, Адыл Жуматурду уулу Залкар манасчы Жүсүп Мамай –

Бейжиң. Жуңго Улуттар басмасы. – 2007.

2. Манас. Энциклопедия. 2 томдук. 1 – Т. – Б., 1995. 213 - бет.

3. Ошол эле жерде, 122 – бет.

4. Толтой. “Эл адабияты сериясынын 8 – тому. - Б., 1999. 102 – 142-бб.

5. Арипов Т. Эки - Суу арасындагы кыргын. – Б., 2011. 56 – 72-бб.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

01-02-2013
Энесай Кыргыз мамлекетинин тышкы саясаты (VI – VIII кк.)
52849

17-12-2012
Кыргыз коому жана аялдар (тарыхый сереп)                                                   
83270

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×