Добавить статью
2:35, 17 декабря 2012 90885

Кыргыз коому жана аялдар (тарыхый сереп)                                                   

Кыргыздар Борбор Азиядагы эң байыркы элдерден. Көчмөн турмушта жашап, кылымдарды карыткан кыргыз эли өзүнүн тарыхый өнүгүүсүндө коомдук турмушту жөнгө салып, өнүгүү нугун аныктап турган жакшынакай каада – салттарды, үрп – адаттарды жараткан. Мына ошол каада – салттардын, үрп – адаттардын негизинде кыргыз коомундагы баалуулуктар, улуу менен кичүүнүн, аял менен эркектин, ата – эне менен уул – кыздын, кыз – жигиттин ортосундагы мамилелер калыптанып, жаштар тарбияланган. Элдик каада – салт, үрп – адаттар ар бир муун тарабынан бек сакталып, жазылбаган бузулбас мыйзамга айланган. Алар коомдун ар бир мүчөсүнүн, укугун, милдетин аныктап турган.

Мына ошол каада – салттар кыргыз коомундагы аялзатына болгон өзгөчө мамилени да калыптандырган. Көчмөн кыргыз коомунда аялдардын орду, ролу башка элдерден бир топ айырмаланган.

XIX - XX кылымдын башында кыргыздардын арасында болуп кеткен көптөгөн орус жана европалык саякатчылар, окумуштуулар кыргыздардагы аялзатына болгон мамилени, аялдардын коомдогу таасирин суктануу, таң калуу менен белгилеп, жазып калтырышкан. 1856 - ж. атайын тапшырма менен Ыссык – Көлгө келген казак окумуштуусу Чокан Валиханов да кыргыз аялдарынын коомдогу таасирин, ачык айрымдуулугун, меймандостугун суктануу менен жазып калтырганы белгилүү. 1898 - ж. орус география коомунун саякатчыларынын курамында Ош, Алай, Памир аймактарында жашаган кыргыздардын арасында болуп кеткен италиялык саякатчы Феликс Рокка “Алайдан Аму дарыясына чейин” деген китебинде: “Өтө өнүккөн маданияттуу элдерде да кыргыздарда өз апа, энелерин, аялдарын урматташкандай аялдарды урматтагандар аз кезигет. Алар (кыргыз аялдары – С. С.) эч качан жүзүн жашырышпайт, өзбек, тажик аялдарындай болуп басынышпайт. Тескерисинче өз эркектери менен бирдей укукка ээ болушат. Үй бүлө жана уруу маселелери чечилип жатканда аялдардын пикири да сөзсүз эске алынат. Ал тургай согуш учурунда, же башка тополоң болгон күндөрдө да кыргыз аялы тынч отура албайт, кээде алар өз боз үйүнүн бейкуттугун коргоп калуу үчүн кармашка кирген учурлары да болгон...”[1] деп жазып, кыргыз аялдарын античтик авторлор жазып калтырган Каспий боюнда көчүп жүрүшкөн амазонкалар менен салыштырган. 1903 - ж. Кыргызстанга келген Петербург Ботаникалык багынын директору В. Липский кыргыз аялдарынын ат үстүндө эркектердей эле мыкты жүргөндүгүн белгилеп, “...бир дагы мусулман элдериндеги аялдар, кыргыз аялдары ээ болгондой эркиндикке ээ эмес” [2] деп белгилеген. Ал эми, 1898 - ж. Ош шаарында бир канча күн жүрүп кеткен “Туркестанские ведомости” гезитинин кабарчысы болсо “... кыргыздарда акылдуу аялдар ар дайым зор таасирге ээ болуп келген” [3] деп жазган.

Кыргыз коомунда байыртадан ар дайым акыл, тапкычтык, калыстык, чечкиндүүлүк, эр жүрөктүүлүк, боорукердик, аруулук ж. б. жакшы сапаттар жогору бааланып келген. Мындай касиетке ээ болгон аялдар да элдик чыгармаларда, дастандарда, санжыраларда даңазаланган. Андайлар кыргыз тарыхында боло келген. Кыз Сайкал, Каныкей, Айчүрөк, Акыл Карачач, Айганыш, Жаңыл мырза, Кенжеке, Бурулча, Курманжан датка, Жаркын айым, Соно айым, Зыйнат датка ж. б. мунун далили. Бул аталган кыргыз айымдары кыргыз коомчулугундагы аялзатынын таасирин, ээлеген ордун айкын көрсөтөт. Кыргыз тарыхында айылына алымдуу, калкына кадырлуу, журтуна жугумдуу касиеттерге ээ болгон кыргыз аялдарынын ысымдары этнонимге, топонимге айланган фактылар да кездешет. Бирок, тилекке каршы, алардын көпчүлүгү али изилдөөгө алына элек. Белгисиз калгандары канча?

Ушуга байланыштуу бир мисалга токтоло кетүү максатка ылайык. Кыргыздын улуу жазуучусу Ч. Айтматовдун карындашы Роза Айтматованын 2007 - ж. “Тарыхтын актай барактары” аттуу мыкты китеби жарык көргөн. Мына ошол китепте автор, Айтматовдордун ата - тегине токтолуп, төмөнкүлөрдү жазат: “ Биздин уруубуз кытай, түпкү атабыз Түлкү, андан Байтике, андан Төңтөгөр, андан Шекер, Шекерден Кудайназар, андан Кончужок, анын баласы Кимбилди, андан Айтмат, Айтматтан биздин атабыз Төрөкул”. Андан ары автор аялзатына байланышкан уруулук санжыраны келтирет: “Төңтөгөрдүн беш уулу болгон. Төртөө заманына ылайык экиден, үчтөн аял алышкан экен. Эң кенжеси төрт тарабы төп келишкен, акылдуу, сулуу Шекер деген кызга үйлөнөт. Алар бирин бири абдан жакшы көрүшкөн. Күйөөсү башка аял алуу жөнүндө ойлогон да эмес. Көп балалуу болушкан. Балдары да акылдуу, кайраттуу болуптур. Бирок, күтүүсүз кырсык болуп, күйөөсү кар көчкүдө калып, өлөт. Жесир калган Шекер, колун сурап келгендерге күйөөсүнүн арбагын сыйлап макул болгон эмес. Анын уруу арасына сиңген кадыр – баркынан чочулаган туугандары, аны зордуктап башын бирөөгө байлай алышпаган. Ошентип, Шекер өзүнүн акылынын тунуктугу, камбылдыгы, тырышчаактыгы, кайраты менен очогунун кутун сактап, башына түшкөн кыйынчылыктардын баарын көтөрүп, балдарын жалгыз бойго жеткирген. Ал өз үйүндө эле эмес, уруу ичинде да кадыр -барктуу болгондуктан, уруу аксакалдары аны менен да, балдары менен да эсептешин, алар менен кеңешип, алардын пикирин угуп, керек учурда акыл сурап турушкан. Ошентип жүрүп, акырындап уруунун аты “Шекерге” айланып кетет. Кийин, жылдар өтүп, бул этноним топонимге айланып, айылдын аты да Шекер аталып калат”[4]. Залкар жазуучубуз Ч. Айтматовдун кичи мекени болгон Шекер айылынын кыска тарыхы ушундай. Мына, кыргыз коомундагы аялзатынын орду, ага болгон мамилени айгинелеген дагы бир тарыхый факт.

“Дүйнө түркүгү – эне, аялзаты” дешкен элибиз. Кыргыз коомундагы аялзатына болгон мамилени, алардын ордун жатык тилдүү, учкул сөздүү кыргыз эли өз макал – лакаптарында да чагылдырган. “Эне үйдүн куту”, “Бейиш эненин таманында”, “Аял жакшы эр жакшы, увазир жакшы хан жакшы”, “Жакшы аял жаман эркекти орто кылат, орто эркекти жакшы кылат, жакшы эркектин даңкын чыгарат”, “Жакшы кыз, жакадагы кундуз”, “Кыздуу үйдө кыл жатпайт”, “Кыздын кырк чачы улуу”, “Кыз киши “конок””, “Биринчи байлык ден – соолук, экинчи байлык ак жоолук”, “Кардың ачса карындаш изде”, “Алысты жакын кылган кыз, ачууну таттуу кылган туз”, “Атадан алтоо болгуча, энеден экөө бол”, “Аталуу жетим арсыз жетим, энелүү жетим эрке жетим”, “Кабыргаң менен кеңеш” сыяктуу ж. б. макал – лакаптар буга далил.

Жогоруда келтирилген макал – лакаптардын ичинен өзгөчө белгилей кетүүчү, башка эч бир элде кездешпеген, кыргыздарга гана таандык болгон “Кабыргаң менен кеңеш” деген лакап сөз. Бул лакаптын маанисин чечмелесек, ал төмөнкүдөй: Алла таала аялды эркектин кабыргасынан жасаганы баарыбызга белгилүү. Демек, “Кабыргаң менен кеңеш” деген лакап сөз, маанилүү бир маселени чечүүдө аялың менен, үй – бүлөң менен кеңеш, алардын да пикирин эске ал деген маанини берет. Албетте муну, кыргыз эркегинин акылы аялыныкынан кем, чечкинсиз экендиги катары кабыл албоо керек. Бул лакап кыргыз коомундагы аялзатына болгон сый – урмат мамилени, улуу маданиятты көрсөтүп турат. Анткени, “кайсы бир элдин маданиятынын деңгээлин, алардын аялзатына жасаган мамилесинен бил” деген мааниси терең улуу сөз бар эмеспи.

Ошол эле учурда кыргыздар, кыздарын “”Кызга кырк үйдөн тыюу” деп тарбиялашкан. Аялзатынын үлгү болчу сын – сыпатын даңазалап, кемчилдигин жойсун деп, сындап сыр ачып, сын – сыпаттап, мүнөздөмө беришкен. Кыргыз коомунда аялдарга, кыз – келиндерге берилген мына ушундай сыпаттоолордун айрымдары төмөнкүлөр[5]:

1. Жакадагы кундуз – жакшы тарбия көргөн кызды аташкан. Элдин ичинде кундуз жака кийим кандай көрк болсо, бул кыз да айланадагыларга жаркылдаган кабагы, ыйманы, тарбиясы менен көрк берип турган.

2. Ак жоолук делбир – жаңы келген эпчил келинди аташкан. Алган жарынын жакасын агарта тыкан кийгизип сыйлап, кайын журтунун көңүлүн таап, даамдуу тамагын жасап, колу иштүү кабагы жарык, көргөндүн көзүн күйгүзгөн элпек.

3. Сарамжал береке – бул келин келгени үйгө береке кирип, ашыкча ысырапкерчиликке жол берилбей, буюмду буюмдай, тайымды тайымдай колдонуп, ирети менен бир четтен тирдигин тикелеп, колунан баары келген иштүү, жез оймоктуу уз. Бара – бара айылда жок оокаттын баары бул келинден табылган, барын бардай эл менен бөлүшө билген берешен, берекелүүлүгү үчүн эл оозуна алынган.

4. Жабылуу кара инген – мындай сыпаттоого көтөрүмдүү, токтоо аялдар ээ болгон. Көп сүйлөбөй, барга көппөй, жокко чөкпөй, тууган уругу, эл журту менен ынтымактуу, таттуу мамиледе болуп, унчукпай үйдүн түйшүгүн мойнуна алып, эч кимге доомат артпай, бирин эки кылган иштерман, күйөөсүнүн жаманын бекитип, жакшысын чыгарган аял.

5. Ак көрпө жайыл – мындай атка конгон аялзатынын дайыма ак дасторкону жайылуу, үйүнөн конок үзүлбөй, “Канча бут кирсе, ошончо кут кирет” деп, тамак – ашын даамдуу жасап жайнаткан, таза көрпөчөлөрдү төшөп, келген коногун алкоосун алып, ыраазы кылып узаткан. Аялынын кең – пейил, чарчабаган эмгегинин үзүрүнөн күйөөсүнүн дос – жары көбөйүп, даңкы алыска тараган.

6. Аркар мүнөз акылгөй – мындай сыпаттоого ээ болгон аялзаты тоо кийигиндей маңкайып, сымбаты келишип, басыгы, сүйлөгөн сөзү менен өзгөчөлөнүп, кайыптан акыл таап, күйөөсүнө орундуу кеңеш айтып, капилеттен сөз таап, караңгыда көз тапкан данакерлиги менен күйөөсүнүн баркын көтөргөн.

7. Алтын согончок жез түркүк – бул наамга татыктуу болгон аялзаты, аялзаттын мыктысы, асылы. Жашы бир топко келип, небере – чеберелери очор – бачар көбөйүшүп өзүнчө айыл болгон эне. Укум – тукуму эстүү, өңдүү – түстүү, бардыгы элдин сыйына татыган мыкты чыгышат. Күйөөсү аксакал аталып, журтка бата берүүчү, акыл айтып, жол көргөзчү сыйга татыйт. Жашы өткөнүнө карабай, сын - сыпатын жоготпогон, сулуулугу үчүн, бардык урук тууган, балдарына, небере – чеберелерине жез түркүктөй тирөөч болуп, баскан изи бекер кетпей, алтындай из калтырып, тарбиялаган балдары элдин сыйында, каада – салттын үлгүсү болгон үчүн изине теңелбес алтын согончок деген атка конгон.

Кыргыздар асылзат сапаттарга ээ аялдарды даңктоо, үлгү кылып мактоо менен бирге кемчилиги бар аялдарды сындап, аларга төмөнкүдөй сыпат ыйгарышкан:

1. Жанбагар жалкоо – келин болуп келген үйдүн шору. Үй – бүлөсүн эмес, өзүн жакшылап күтө албаган жалкоо. Үйү жыйналбай, жасаган тамагынын даамы жок, “иттин ашы буламык”. Ийне көзүн түртө албаган чоркок. Жанын багып, жатканды жакшы көрөт, балдарды чуурутуп төрөп, шылтоосу бүтпөгөндүктөн, үйүндө ыр – чыр үзүлбөйт. Элге наалаты болот. “Кудайыңдын кылганына кубарыңдын акысы барбы?” деген сөз ушундан калган.

Мындан сырткары аялзатына сөз тийгизген тазалыгы жок, жүдөө, жеңил, ушакчы, тили заар аялдарды кыргыздар өзүнө жараша – суу мурун сөйрүк, дүр кабак чабдар, дүйнөкөй тоту, ай чырайлуу ача тил ж. б. сыпаттар менен сыпаттап, жаш кыздарды андай болбоого тарбиялаган.

Кыргыз коомунда кыз баланын тарбиясына өзгөчө көңүл бурулган. Ата – эне кыз балага келечектеги эне, бирөөнүн бүлөсү катары сый мамиле жасап, турмушка даярдашкан. “Кызга кырк жерден тыюу”, “Кыз киши конок”, Кыздын кырк чачы улуу” деген макал – лакаптар кыздарды тарбиялоонун өзөгүн түзгөн. Кыздын тарбиясы эненин колунда болгон. Ата эч качан кызына, келинине тике, катуу айткан эмес. “Керегем сага айтам, келиним сен ук” деген сөз ошондон калган. Бул кыргыз элинин акылмандыгынын, маданияттуулугунун көрсөткүчү. Тарыхыбызда эл башкарган, эл тагдырын чечкен акылман асылзаада аялдардын чыгышына кыргыз коомундагы аялзатына болгон өзгөчө мамиле, тарбиялоодо тутунган баалуулуктар чоң өбөлгө жараткан. Бул талашсыз факт. Анткени, кыргыз кызынын тарбиясы, жүрүм – туруму үй – бүлө, ата – эненин эле эмес жалпы уруунун көзөмөлүндө болгон. Сулуу, акылдуу, тарбиялуу кыз жалпы уруунун, элдин байлыгы катары каралган.

Тилекке каршы, акыркы жылдары кыргыз коомундагы аялзатынын орду бир солк этип алгандай болду. Март (2005 - ж.) окуясынан кийин, өлкөбүздө ажаан аялдардын тобу пайда болду. Эл аларды ОБОН (озверелые бабы особого назначения)[6] деп атап коюшту. “ОБОН”дордун жүрүм – туруму кыргыз коомуна жат, жапайы көрүнүш болду. Ачуу чындык, аларды бийликтегилер да, айрым оппозициялык күчтөр да уятсыздык менен өз кызыкчылыктарында колдонушту. Бирок, жалпысынан алганда “ОБОН”дор кыргыз аялдарынын кадыр – баркына доо келтире алышпады. Анткени, кыргыз аялдарынын коомдогу орду кебелбес аскадай. Аны карт тарыхыбыз да тастыктап турат. Бул баалуу салтыбызды бекем сактап, кийинки муундарга өткөрүп берүү ар бирибиздин (эркектердин да, аялдардын да – С. С.) азыркы күндөгү архимаанилүү милдетибиз.

Колдонулган булактар жана адабияттар:

1. Феликс Рокка Памир жана Алай кыргыздары //Кыргыздар. – Б., 1991. 348-374-бб.

2. Молдокасымов К. Курманжан датка // Кыргыздар. 10 томдук жыйнак. 7 – том. – Б., 2004. 65–б.

3. Ошол эле жерде

4. Айтматова Р. Тарыхтын актай барактары. – Б., 2007. 39–40бб.

5. Кызбурак Токтобаева ЭлТР коомдук каналынын “Көрөңгө”

телеберүүсүндөгү 2012 - жылдын 29 – апрелинде чыккан “Аял

адеби” аттуу көрсөтүүсү.

6. Элчике Асан Политическое развитие Кыргызстана после Мартовской

народной революции 2005 - года. – Ош, 2008. С. 13 – 14.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×