Добавить статью
2:46, 17 декабря 2012 36261

Жалал-Абадка поляк генералы В.Андерстин армиясынын келишинин тарыхы

Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде өлкөбүздүн түштүк аймагына Жалала-Абад шаарына миңдеген польшалык аскер адамдары жайгаштырылгандыгы жөнүндө кыргыз тарых илиминде маалыматтар сейрек кездешкендиги маалым. Алардын кандай тагдыр менен биздин жергебизге келгендиги ошол апаттуу согуш күндөрүнүн күбөлөрү болушкан мекендештерибизге табышмак болсо да, ага күбө болушкан жердештерибиз аларга өз конуштарынан баш баанек беришкендигин эскерип айтып жүрүшөт. Андан көп узбай эле ошол учурдагы сталиндик режимдин көрсөтмөсү менен кыргыз жергесине Кавказ аймагындагы калктар депортацияланып келгендиги маалым. Бул дегендик, согуш жылдарында Кыргызстан аймагы эвакуацияланган жана депортацияланган элдерди кабыл алган аймактардын бирине айлангандыгынан кабар берип турат. Дал ушул тарых эгмендүүлүк жылдарында учкай да болсо изилденип келе жатат. Согуш учурунда Жалал –Абад шаарында жайгашкан польшалык аскерлердин башчысы генерал В. Андерстин жана анын мекендештеринин изи менен соңку учурларда кыргыз-польша мамилелери да омоктуу уланып келүүдө десек жаңылышпайбыз. Алсак, 2002-жылдын 18- январында польшалык тарап КРныны өкмөтүнөн «Майтарылбас эркиндик» операциясынын алкагында Кыргызстанга польшалык аскер контингентин жайгаштыруу өтүнүчүн билдирип, ага макулдук алган. Ошол жылдын 30-апрелинде Польша Республикасынын тышкы иштер министри В Чимошевич Кыргызстанга иш сапар менен келген. Андан көп өтпөй 24025-октябрь күндөрү Польшанын президенти А. Квасыневский расмий иш сапар менен Кыргызстангаа келип, анын жүрүшүндө кыргыз жетекчилиги генерал В Андерстин армиясынын 5-польшалык дивизиясына таандык архивдик документтердин түп нускасын тартуулашкан. 2004-жылдын 22-24-июнь күндөрүндө Кыргызстанга Польша Республикасынын Президентинин канцеляриясынын статс-катчысы

А. Майковский келген. Иш сапар учурунда ага Кыргызстандын аймагында жашаган поляктар боюнча архивдик документтердин 293 көчүрмөсү берилген. Кыргы-польша мамилелерин бекемдөөгө шарт түзгөн бул армия кандайча Кыргызстанга келип калгандыгы, алардын кийинки тагдырлары кандай болгондугу кызыгууну жаратпай койбойт. Андыктан алардын тарых-таржымалына кыскача сереп салып көрөлү.

Булактарга караганда 1941-жылдын 30-июлунда англияда жайгашкан польшанын куугунтуктагы өкмөтүнүн башчысы генерал В. Сикорский менен СССРдин ал жердеги элчиси И.Майскийдин ортосундагы эки тараптуу макулдашуга англиянын тышкы иштер министри Идендин жана өкмөт башчысы У.Черчиллдин катышуусунда кол коюлган.

Ага ылайык СССР менен Германиянын ортосунда 1939-жылы түзүлгөн Польшанын аймактык өзгөрүүсү жөнүндөгү келишим күчүн жоготту деп таанылып, советтик-польшалык дипломатиялык мамилелер калыбына келтирилген. Мында фашистер менен согушууда өз ара жардамдашуу менен катар советтик аймакта польшалыктардан турган армия түзүү макулдашылган. Макулдашууда польша тарап СССРге каршы үчүчнчү тарап менен келишимге барбастыгы жана түзүлгөн армиянын Москванын оперативдик башкаруусунда болушу белгиленген. Москва тарап болсо советтик аймактагы польшалык аскер туткундарына жана башка жагдайлар боюнча камакта жаткан поляктарга мунапыс берүүгө макулдук берген. Тарыхый маалыматтарга ылайык ошол убакта 1941-жылдын 1-августуна карата советтик абактарда жана лагерлерде кармалышкан поляктардын жана польшалык жарандардын саны 400 миңди түзгөн. Мындан сырткары немецтик басып алуулардан улам совет жергесине башбаанек издеп качкан польшалыктар да көпчүлүктү түзүшкөн. Аларды кошо алганда советтик аймакта ар кандай тагдырлар менен 1-1,5 млн. чамасында польшалыктар болушкан.

Макулдашууга боюнча 1941-жылдын 12-августунда СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун польшалык жарандарга мунапыс берүү жөнүндөгү Жарлыгы чыккан. Ага ылайык СССРдин аймагында польшалыктардан суверендүү Польша Республикасынын аскер күчтөрүнүн бөлүгүн түзүү боюнча аскердик келишим түзүлгөн. Армиянын башчылыгына срветтик туткундагы генерал, Новогрудово кавалериялык бригадасынын мурдагы генералы Владисав Андерс дайындалган. Польшалык аскер туткундары кармалып турушкан НКВДнынын лагерлеринде чакыруу комиссиялары ишке кирип, тез арада армия түзүлгөн. Аскер бөлүктөрүндө аскер госпиталы, кадеттер мектеби, орто мектептер, гимназиялар жана балдар үйлөрү уюштурулган. Табияттын катаал шарттарында Польшалык аскерлердин жана жарандардын арасында өлүм- житим көп болгондуктан аларды Казакстан менен Орто Азиянын аймактарына көчүрүү чечими кабыл алынган. 1942-жылдын январынан тартып аыгустка чейин польшалык командачылык өзбекстандын Янгиюль деген жерине, калгандары башка аймактарга көчүп келишкен.

Командачы В. Андерстин адьютанты Ежи Климковскийдин эмгегиндеги маалыматарга караганда Кремльде польшалык аскер күчтөрүн түштүккө которуу боюнча чечим кабыл алынган. Анда төмөнкү тартипте:

Польшалык аскер күчтөрүнүн командачылыгы- Ташкентке жакын Янгиюлга;

5-жөө аскерлер двизиясын- Жалал- Абадга;

6-жөө аскерлер двизиясын- Шахрисябга;

7-жөө аскерлер двизиясын-Керминге;

8-жөө аскерлер двизиясын-Чок-Пакка;

9-жөө аскерлер двизиясын-Маргеланга;

10-жөө аскерлер двизиясын- Луговойго бөлүштүрүү белгиленген

Жогоруда маалым болгондой Кыргызстандан Жалал-Абад темир жол байланыштары өзбекстан менен бир тизимде турган Жалал-Абад шаары тандалып алынган. Алардын узак жол басып Жалал-Абад шаарына келишин адьютант Ежи Климковский мындайча сүрөттөгөн: «Поезде он күн жол жүргөндөн кийин белгиленген жайга келдик. Алар келишкен жолдор тарыхта «Чынгызхандын жолу» катары белгилүү. 5-дивизия Фергана өрөөнүнүн өзбек-кыргыз чегарасында жайгашкан Жалал-Абад районуна келди. Шаар анча чоң эмес, жакыр жана кунарсыз. Полктор жайгашкан атрабы да ошондой. өрөөн ным тартып турат, саздуу. Бирок, бул жай алыстан абдан кооз көрүнөт. өрөөндү чокуларын көз уялткан аппак карлар чүмкөгөн Тянь-Шань тоолору курчап турат. Ачык, тынч күндөрү «дүйнөнүн чатыры»- Памирди көрүүгө болот. 15-полк Жалал-Абадга келип түшкөндөн кийин оркестрде шаңдуу ыр менен менен катар тизилип шаардан өттү»

Анын маалыматы боюнча бул райондо аскер бөлүктөрүнөн бир кыйла мурда келишкен поляктар да болушкан. Дивизиянын эки полку Благовещенская айылына, бир полку Сузакка жайгашкан. Командачылык Жалал_-Абад шаарында калган.

Маалыматарга жана эскерүүлөргө караганда бул жерге жайгаштырылган польшалык аскер күчтөрү аскердик окуудан, машыгуудан өтүп турушкан. Февралдын аягында генерал Андерс, анын адьютанты жана Жуковдор ЖалалАбадга генерал Борутага даярдыктарды текшерүү үчүн келип кетишкен. Машыгуу учурунда артилерия жана минометтор колдонулган. Анын жүрүшүн атайын чакырылган советтик офицерлер көзөмөлдөп турушкан.Бул окуяларга жергиликтүү жашоочулар күбө болушкандыктарын айтып жүрүшөт

Согуш учурундагы эл аралык кырдаалга жараша Орто Азияга эвакуацияланган польшалык аскер күчтөрүн Иранга чыгаруу маселесине советтик жетекчилик тоскоол болбогон. Генерал Андерс 31-июлда Сталинден эвакуацияга уруксат алууга жетишкен. Анын пикиринде ошол убакта согуш кыйынчылыгынын стратегиялык борбору Жакынкы жана Орто чыгышка өткөн. Ошол себептүү ал болочоктогу согушта көп жоготууларга учураарын белгилеп, ал Сталинден польшалыктардан аскерге кошумча чакыруу уюштуруусун өтүнгөн. Маалыматтарга караганда 1942-жылдын 1-сентябрында эвакуациялоо аяктап Иранга 69 917 польшалыктар жеткен. Алардын кийинки тагдырлары өзүнчө изилденүүчү маселе.

Аз убакыт болсо согуш учурунда польшалыктардын Жалал-Абад шаарына келиши азыркы учурдагы кыргыз-польша мамилелерин бекемдөөгө салым кошту деп айтууга болот. Анткени бул жерде каза болушкан өз жакындарын эскерүү парзы менен байма бай поляк делегацияларынын келүүсү бул мамилени дагы бекемдөөдө. Аны менен бирге алардын тагдырларын излдөө да колго алынууда. Албетте бул изилдөөлөр Кыргызстандын согуш учурундагы тарыхын жана Жалал-Абад шаарынын тарыхын байытуу менен кыргыз-польша мамилелерин мындан ары да өркүндөтүүсүнө салым кошоорунда шек жок.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×