Добавить статью
8:44, 17 декабря 2012 31906

Кыргыз-кытай достук дипломатиялык мамилелеринин башаты (IX к.)

Байыркы жана орто кылымдагы кыргыз мамлекетинин тарыхы анын коншу элдер менен болгон согуштук жана тынчтык мамилелери, мамлекеттин ички жана тышкы абалы жөнүндө маалыматтарды кытай жыл баяндарында (летопись) көп кездешет. Кытай-кыргыз мамилелеринин б.з.ч III к. Баштап кытай жазма булактарынан маалымат алабыз. Кыргыз-кытай алакалары VI-VII кк. Тартып айрыкча Тан династиясы мезгилинде күч алган. Кытайда Суй династиясы кулаган соң 618-жылы борборлошкон Тан мамлекетин негиздешкен. 623-жылы кыргыз жергесине Тан императору Тайцзун жөнөткөн Ван Ихун башчылык кылган элчилик «тынчтыкка келуу буйругу» менен келген. [1] Бул буйруктун негизги максаты кыргыздар Тан империясына вассалдык жактан баш ийуусун талап кылган эле. Бирок ошол мезгилде турк кагандыгы Алтайда биротоло бекемделип, кыргыздарды жана карлуктарды көз карандылыкта кармап турган. Качан гана Тан императорлугу Чеби каганды колго түшүргөндон кийин кытайлар менен кыргыздардын мамилелери жаны нукка түшө баштаган. 647-жылы императордун атайын кабылдоосунда кыргыз каганы Шибокуй Ачжан болон. Кытай императорунун жазган каттарында да белгилуу анда мындай дейт «Жингуан диндин 21-жылында (биздин сынактын 647-жылы), сиздердин Хакандык мамлекеттин баш кишиси өзү Чананга келип падыша менен корушкон. Тан Тайзун (Император Тайцзун) ал кишиге сол кол коргоочу сангун, кыргыз тутук мекемесинин тутугу деген мансабын берген». [2]

724,747 жана 748 жж. Кыргыздар кытайлар менен аттарын алмашы өзара мамилелерин уланта беришкен. [3] Кытай тарыхый булактарында мындайча маалымматтар жолугат “Мына ошондон тартыпТианбонун соңку жылдарына чейин (биздин сынактын 756-жылы) ар жылы ордого келиппадыша менен көрүшүп туруу жана тартуу берип туруу эч качан үзгүлтүккө учурабай турган.[4] Кыргыздар Тан бийлигине эч качан биротоло вассалдык абалда болгон эмес, алар менен белек берүү мамилеси менен гана чектелгендиги байкалат.

Кыргыздардын Борбордук Азиядагы саясий окуяларга кийлигишүүсү түрк мамлекети кыйрагандан кийин гана башталган. Эми Борбордук Азиядагы бардык окуяларга кыргыздардын күчтүү душманы Уйгур кагандыгы болгон.751-жылы кыргыздар карлук, өгүз, чик уруулары менен биргелешип уйгурларга каршы күрөштү баштайт. Бирок уйгурлардын күчү чигилдерди, өгүздөрдү такалап кыргыздарды вассалдык көз карандылыкка мажбурлаган, ушул мезгилден баштап Тан императорлугу менен дээрлик жүз жыл бою дипломатиялык мамилелер болгон эмес.

IX-X кк. Тарыхыта “Кыргыздардын улуу державасы”деп аталып кыргыз-кытай дипломатиясынын жаны этабы башталды. Кыргыз каганаты Борбордук Азияда Уйгур каганатынын үстөмдүгүн жоготуп аны биротоло талкалап, андан ары согуштук-административдик жана дипломатиялык абалын чындады. Карлуктар жана тибеттиктер менен достук мамилелерин чыңдады. Тан императору менен алакаларын бекемдеп уйгурларга кашы согушкандыгы, император ал аракеттерин колдогондугу жөнүндө да бир бирине жазган каттарда кездешет “Эшитсем быйыл күз айларында уйгурлардын хакандык ордосун көчүрүп жиберип, анын турган жерин өзүңүз ээлеп иштеткени келип жатыпсыз...а тиги уйгурлар болсо бүт эле үмүттөрүн үзүшөт. Ошондой болгондо биз кытай элинин чек арасында да биртке жакындаша түшөр эле... Менин жоромолумда, хакан сиз дүмөк салып аларга кирген кезиңизде уйгурлар сөсүз качып берет”.[5]

Ушул жылдарда тагыраак айтканда 843-жылы мартта кыргыз каганынын элчиси Чжуу Хэсу кытай императорунун ордосуна жөнөтүлөт, ал эми апрель айында кыргызарга кытай элчиси Чжао Фань келет. Ошондуктан император Вуцзун кыргыз каганын Чыгыш Түркстандандагы аракеттеринен алагды кылуу максатында грамоталарды жөнөтүп, каганга Цзун-ин Хюн-ву Чен-мин-хан титулун ыйгарган. Императордун кыргыз каганына жазган каттарында көрүнгөндөй кытайлар менен кыргыздардын ортосундагы достук мамилеге таянып уйгурларды өзүнө каратууну эмес аларды биротоло кырып жок кылууну жолдогон. “Хакан сиз ушул учурду кетирбей, аларды эртерззк жылас кылып салыңыз...Уйгурлар жоюлбаса Хакан сиздин ичкениңиз аш эмес. Жоокерлериңизди машыктырып аттарыңызды таптап, эч бир убакытты эндегей кетирбегениңиз жөн...Кылмыштуу черүүнү кечирип, сандалып жүргөн башчыларды кабыл алып койсоңуз эч болбойт. Анда бизди жаман көргөн бузукуларды кабыл алган болосуз. Анда биздин чек арада кагылышуу болот”.[6] Жогоруда айтылган каттарда кытай императору кыргыз каганынан уйгурларды биротоло талкалоону дайма өтүнүп жазгандыга жөнүндө маалыматтар көп учурайт. Кыргыздар уйгурлардын артынан кууп олтуруп Чыгыш Түркстанга чейин кирип келишип Аньси жана Бейтин шаарларын ээлешкен. Бирок бул окуялар Тан императору менен кыргыз каганынын ортосунда мамилелердин кескин курчушуна алып келген.

“Улуу кыргыз державасын” түзгөн каган 847-жылы өлөт. Император жаңы кыргыз каганына Ин-ву Чен-мин титулун ыйгарат. Императордун ар кандай аларды биротоло жоюу боюнча көрсөтмөлөрүнө карабастан кырыгздар уйгурларды биротоло жок кыла алган эмес. Чыгыш Түркстанада кыргыздардын кысымынан бошонгон уйгурлар өз мамлекетин түзө алган.

XI-к Кыргыз кагандыгы өзүнүн күч кубатына келип турган мезгилде бүт Борбордук Азия анын кол алдында турган тан императорлугу өзүнүн түндүк чек арасынын коопсуздугун коргоо максатында кыргыз кагандыгынын жогорку чиндеги адамдарын ар кандай грамоталар менен сыйлап чек арада бирбирине белек жөнөтүп достук мамилелерин бекемдеген.

IX к.аягында кыргыз кагандыгы өзүнүн согуш аракеттерин Чыгыш Түркстанга буруп, уйгурларга каршы жаңы жортуулдарды уюуштурган жана бир топ шаарларын басып алууга жетишкен. Ушул мезгилде кытай менен болгон алакалары бир аз солгундап калган эле. Х к.баш ченинде тибеттиктер менен союздаш болуп Тан императорлугунунуp өз ара келишпестиктерин чечүүгө да катышууга аракет кылган. Кийинчээрэк кыргыздардын борбордук Азиядагы күч кубаты бошоңдогондон кийин мурдакыдай кытай императорлору менен дипломатиялык алакаларды жүргүзө албай калган. Бул мезгилде Борбордук азияда башка мамлекеттин- кидандардын Ляо мамлекетинин күч кубаты жогорулап көпчүлүк көчмөн уруулар алардын курамына кирип кетишкен.

Б.М. Жумабаев, т.и.д., профессор

Адабияттар:

1. Супруненко Г.П. Некоторые источники по древней истории киргизов. //История и культура Китая. М., 1974.-С.240.

2. Кытай императорлорунун кырыгз кагандарына жазган каттары. Б., 2003. 14-бет.

3. Супруненко Г.П. там же. –С.241-242

4. Кытай императорлорунун кыргыз кагандарына жазган каттары. Б., 2003. 14-15 - беттер.

5. Кытай императорлорунун кырыгз кагандарына жазган каттары. Б., 2003. 43-44 - беттер.

6. Кытай императорлорунун кырыгз кагандарына жазган каттары. Б., 2003. 30-31 - беттер.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×