Добавить статью
9:56, 1 февраля 2013 56165

Энесай Кыргыз мамлекетинин тышкы саясаты (VI – VIII кк.)

Дипломатиялык корпус, элчилик кызмат - бул мамлекеттүүлүктүн негизги белгилеринин бири. Байыртадан ар бир мамлекет, анын башчысы өз элчилери аркылуу коңшу мамлекеттер, элдер менен саясий, соода – экономикалык жана маданий байланыштарды түзүп келген. Эки мамлекеттин жакындашуусу же касташуусу, талаш маселелердин кансыз чечилиши көп учурда мамлекет башчысынын, өзгөчө анын элчилеринин жөндөмдүүлүгүнө, акыл – дараметине байланыштуу болгон. Ошондуктан, жөнөкөй, катардагы эле адам элчилик милдетти өтөй алган эмес. “Элчиге өлүм жок” деп айтылган. Анткени элчи эки элдин данакери болгон.

VI к. башында Миң Суу ойдуңунда күчтүү Кыргыз мамлекети түзүлгөн. Ал капсалаңдуу доордо Кыргыз мамлекети кээде өз алдынчалыкка жетишсе, кээде өзүнөн күчтүү Борбор Азиянын көчмөн мамлекеттеринин (Ашина – түрк, сейянто, уйгур каганаттары ) бийлигин таанууга мажбур болушкан. Ошондуктан кыргыз башкаруучуларынын тышкы саясатынын негизги багыттарынын бири – баскынчыларга каршы туруп, өлкөнүн өз алдынчалыгын сактап калуу болгон.

Өз алдынчалыкты сактап калуу аракети эки жол менен жүргүзүлгөн: дипломатиялык (тынчтык) жана согуштук. Региондогу саясий кырдаал мүмкүндүк берген учурда кыргыз башкаруучулары өздөрүн каган деп жарыялашкан. Ошол доордогу түшүнүк боюнча каган титулун алуу Борбор Азиянын “ээлери” деп эсептелген түрк жана уйгур кагандары менен саясий тең ата болууну гана түшүндүрбөстөн, аталган аймакта өз үстөмдүгүн орнотууга доо артуу саясатын да билдирген. Чындыгында кыргыз башкаруучулары Борбор Азиянын бийлик ээлери алмашып, саясий кырдаал курчуган, кыйчалыш замандарда өздөрүн каган деп жарыялашып, Борбор Азиядагы окуяларга тыкыр байкоо салып, саясий кырдаалды өз пайдасына чечүүгө, көз карандысыздык абалын бекемдеп калууга умтулушкан. Бирок, биз карап жаткан мезгилде бул аракеттер дайыма эле ийгиликке алып келген эмес. Белгилей кетчү жагдай, бул аралыкта кыргыз башкаруучулары кол алдында жакшы куралданган, эр жүрөк согушчан 80 миңдей аскери болгондугуна карабастан, активдүү согуштук аракеттерге өткөн эмес. Бул позицияны алардын коркоктугу катары карабоо керек, тескерисинче бул алардын акылмандыгы болгон. Анткени, алар (башкаруучулар, анын кеңешчилери, аскер башчылары ) кырдаалга туура баа берип, өздөрүнүн жана душмандын аскердик күчүн так таразалап, окуянын өнүгүшүнө туура баам салып, куру авантюрага жол беришпеген.

555 – жылы Улуу Түрк каганатынын башчысы Мухан каган ашина түрктөрү менен Жужан мамлекетинин согушуу учурунда өз алдынчалыкка жетишкен Кыргыз мамлекетин баш ийдирүү үчүн жүрүш жасаганда, кыргыз башкаруучулары согушсуз эле алардын бийлигин тааныган. Анткени кыргыз башкаруучулары күчтөрдүн тең эместигин туура баалашып, өз элин бөөдө кыргынга кабылткылары келген эмес. Мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калышкан. Көп өтпөй, Түрк каганаты бийлик талашуу алып келген ич ара кагылышуулардын натыйжасында начарлаганда (582 – ж.), Кыргыз мамлекети кайрадан өз алдынчалыкка ээ болуп, тарыхый булактар маалымдагандай “кыргыз жоокерлери кыл чайнап...” өз учурун күтүп турушкан[1]. Бирок активдүү согуштук аракеттерге өтүшкөн эмес. Кыргыз мамлекетинин көз карансыздыгы 629 – жылга чейин созулган.

Энесай Кыргыз мамлекетинин тышкы саясатынын, дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн дагы бир багыты кыргыз жерлерине көз арткан Борбор Азиядагы күчтүү көчмөн мамлекеттерге (түрк жана уйгур) каршы саясий – аскердик бирикмени түзүү, көчмөндөр дүйнөсүнөн союздаштарды табуу, Тан империясы, Тибет мамлекети менен түздөн – түз дипломатиялык, соода жана союздаштык мамилелерди орнотуу болгон.

Ушул максатта Борбор Азиядагы күчтүү көчмөн дөөлөттөрү менен жалгыз күрөш жүргүзүү натыйжасыз экенин түшүнгөн кыргыз башкаруучулары күчтүү союздаш издей башташат. Бул аралыкта кыргыздардын үстүнөн телес бирикмесинин башында турган сейянто уруусу, кийинчерээк Алтайда бекемделип алган түрк – Чеби хан кыска мөөнөткө болсо да өз бийликтерин орнотууга жетишкен. Мына ошол көчмөндөр кыл чайнашкан кыйчалыш мезгилде кыргыз жерине Тан императору Тхайцзундун “тынчтандыруу жөнүндө буйругу” менен Ван Ихун жетектеген Кытай элчилиги келет. Бул документ Тан императорунун бийлигин таануу “сунушу” эле. Бирок, бул аракеттердин иш жүзүнө ашуусуна Кыргыз мамлекетин Чеби хандын басып алуусу тоскоолдук кылган. 647 – жылы Тан аскерлери тарабынан Чеби хандын колу талкаланып, өзү туткундалгандан кийин гана кыргыз - кытай байланыштары кайрадан жандана баштайт. Телес урууларынын Тан империясына баш ийгендигин уккан кыргыз башкаруучусу – элтебер Ышбара Шыбакүй Ажаан өзү императордун сарайына келген. Кытай императору Кыргыз башкаруучусуна аябай сый көрсөтүп, ага Цзянькун (Кыргыз) ээлигинин генерал – губернатору (духу) деген наам ыйгарган. Мас болуп калган конок(Кыргыз башкаруучусу – С. С. ) императордун вассалы болууга (Ху – бань) “макулдугун билдирген”[2]. Чындыгында окумуштуу Юлий Худяков белгилегендей, Кыргыз ээлигинде Тан императорунун реалдуу бийлиги болгон эмес, ал эми анын (императордун – С. С.) кыргыз башкаруучусуна берген чиндери, аны эч нерсеге милдеттендирбеген жана бийлигин чектей албаган.[3] Кытай императорунун Кыргыз башкаруучусун сый урмат менен кабыл алуусу, Кыргыз мамлекети менен жакшы мамиледе болуу, Тан империясы үчүн да өтө зарыл болгондугунан кабар берет.

Ошол мезгилден тартып, Кыргыз мамлекетин Уйгур каганаты басып алганга чейин (758 – ж.) кыргыз – кытай мамилелери үзүлгөн эмес. Кыргыздар Кытайга негизинен жылкы айдап келишип, аларды ар түрдүү товарларга, негизинен жибек кездемеге айырбаштап турушкан.

VII к. 80 чи жылдарында Борбор Азияда Экинчи Чыгыш Түрк каганатынын түзүлүшү, Азия мейкиндигиндеги саясий кырдаалды кескин өзгөрткөн. Тан империясынын формалдуу бийлигин, ашина - түрктөрүнүн реалдуу бийлигине алмаштырууну каалабаган Азия талааларынын көчмөндөрү түрктөргө каршы коалицияга биригишкен. Бул коалицияга Баз каган жетектеген тогуз – огуздар, кыргыздар, курыкандар, отуз – татарлар, кытайлар, татабдар кирген. Бул мезгилде кыргыздардын башкаруучусу атактуу Барс бек болгон. 688 – ж. түрктөр (Экинчи Чыгыш Түрк каганатын негиздеген ашина түрктөрү – С. С.) Баз каганды талкалагандыгына карабай, бул салгылашууга катышпаган Барс бек (муну менен ал өзүнүн аскер күчүн сактап калган), каганаттын түндүгүндөгү антитүрктүк күчтөрдү бириктирип жана жетектеп, өзүнүн позициясын бир топ чыңдап алган. Түрктөрдүн Барс бекке каршы жасаган согуштук жортуулу ийгиликсиз аяктаган. Согуш жолу менен кыргыздарды жеңе албасына көзү жеткен түрк каганы Капаган, эми Кыргыз башкаруучусун дипломатиялык жол менен өзүнө тартуу аракетине өткөн. Барс бекти каган деп таанып, тынчтык келишимин түзүп, аны куда – сөөктүк келишим менен бекемдеген (Барс бек каганга карындашын, агасы Кутлуг кагандын кызын күйөөгө берген). Бул келишимдин негизинде кыргыз ажосу Барс бек өзүн каган деп жарыялап, Ынанчу Алп Бильге каган деген тактылык наамды алган. Бул факт Кыргыз башкаруучусунун саясий укугун Түрк кагандарынын укугуна, Кыргыз мамлекетинин статусун Түрк каганатынын статусуна теңеген. Бирок мындай аракеттер да Барс бек кагандын Борбор Азияга саясий үстөмдүгүн орнотуу доосун жокко чыгара алган эмес. Тескерисинче Барс бек каган бул максатын ишке ашыруу үчүн тышкы саясатында активдүү иш - аракеттерге өткөн. Айтсак, VIII кылымдын башында Барс бек каган бул багыттагы иш аракеттерин активдештирип, түрктөр менен каршылашып турган Тан империясы жана Түргөш каганаты менен түрктөргө каршы үчилтик коалиция түзүүгө жетишкен. Анткени ал, күчтүү Түрк каганаты менен жалгыз согушуу ийгиликке алып келбесин даана түшүнгөн. Бирок эң зарыл учурда союздаштар жардамга келген эмес. 710/ 11- жылдын кышында түрктөр душмандарынын ичинен “эң күчтүүсү”[4] жана коркунучтуусу деп эсептеген Кыргыз каганатына каршы жортуул уюштурушкан. Кыргыз мамлекети күчтүү душманга каршы жалгыз калып, жеңилүүгө дуушар болгон. Барс бектин союздаштарын кыймылга келтирүү максатында Тибетке жөнөткөн элчиси Эрен Улуг дайынсыз кайтпай калган. Ошентип, союздаштарынын туруксуздугунан (чыккынчылыгынан деп окуңуз) Барс бек кагандын Борбор Азияга саясий гегемондугун орнотуу максаты ишке ашпай калган. Мунун объективдүү жана субъективдүү себептери бар. Объективдүү себеби – Түрк каганатынын согуштук (аскердик) жактан күчтүүлүгү, ал эми субъективдүү себеби – Түрктөрдүн туура согуштук тактиканы колдонгондугу (күтүүсүз сокку), ошондой эле Кыргыз мамлекетинин союздаштарынын(Тан империясы, Түргөш каганаты) чыккынчылыгы жана Барс бек кагандын убакыттан уттуруп койгондугу (балким Барс бек каган мурдараак аракет кылып, союздаштарын кыймылга келтирип, түрктөрдүн алдын алып чабуулга өткөндө, натыйжа башкача, Барс бек каалагандай болмок).

Түрктөрдүн бул жортуулу Кыргыз мамлекетин биротоло жойбогону менен (атүгүл Кыргыз мамлекети тышкы саясатында белгилүү деңгээлде өз алдынчалыгын сактап калган), анын согуштук кудуретине катуу сокку урулган. Анткени, кыргыздар кийинки мезгилдерде (Экинчи Чыгыш Түрк каганаты кулаганга чейин (744 – ж.) Борбор Азиядагы эч бир саясий, согуштук окуяларга аралашкан эмес. 751 - ж. Уйгур каганатынан коркунуч туула баштаганда кыргыздар чиктер, огуздар жана карлуктар менен биргеликте Уйгур каганы Моюн - чурдун басып алуучулук саясатына каршы чыгышат. Бирок жеңилүүгө дуушар болгон. Моюн - чур түрк каганы сыяктуу эле союздаштарды жалгыздап талкалаган. 758 - ж. болсо, Кыргыз мамлекети биротоло Уйгур каганына баш ийген. Уйгурлар түрк жана Жужандардан айырмаланышып Кыргыз мамлекетинин үстүнөн катуу көзөмөл орнотушкан. Кыргыз мамлекети тышкы дүйнө менен эч кандай байланыш түзө албай калган. 795 – ж. уйгур бийлигине каршы чыккан кыргыздардын көтөрүлүшү ырайымсыздык менен басылган. “Кыргыз мамлекети өз алдынчалыгын жоготкон. Кыргыз башкаруучусу кайрадан каган титулунан ажырап, ажо аталып калган.[5] Бирок бул факт кыргыз элинин байыртадан эле эркиндикти сүйгөн эл экендигин, өз эркиндиги үчүн кандай кырдаалда болбосун күрөшкө чыга тургандыгынын мүнөздөйт.

Жыйынтыктап айтканда, VI – VIII кылымдардагы Кыргыз мамлекетинин тышкы саясаты өз алдынчалыгын, көз карандысыздыгын сактап калуу үчүн Борбор Азиянын көчмөн мамлекеттери менен болгон тынымсыз күрөш менен мүнөздөлөт. Бул күрөштөрдө көп учурда кыргыздар жеңилүү ызасын тартууга мажбур болушкан. Анын объективдүү жана субъективдүү себептери болгон.

Объективдүү себептери:

1. Борбор Азиядагы көчмөн мамлекеттердин (Түрк, Уйгур каганаттары) согуштук кудурети, согуштук жабдуусу (курал – жарак), согуштук (тактикасы) даярдыгы Кыргыз мамлекетине салыштырмалуу бир топ мыкты болгон. Ошондуктан кыргыз башкаруучулары көп учурда чабуул коюу эмес, коргонуу согушун жүргүзүшкөн. Союздаш издөөгө мажбур болушкан (Ышбара Шибокүй Ажаан, Барс бек, 751 ж. уйгурларга каршы).

2. Бул аралыкта кыргыздарга эки фронтто согушууга туура келген. Түштүктө жужандар, түрктөр, уйгурлар менен, түндүктө болсо, угор аскер башчылары жетектеген кет жана самодий урууларынын конфедерациясы, “бомалар” менен. Бул абал Кыргыз башкаруучуларына аскердик күчүн бир багытта топтоого мүмкүндүк бербеген.

Субъективдүү себептери:

1. Кыргыз башкаруучуларынын кырдаалды, убакытты туура пайдаланып, чечкиндүү аракеттерге өтпөгөндүгү (Барс бек, VIII к. аягында, түрк каганы Капагандын кыргыздарга каршы ийгиликсиз жортуулунан кийин, демилгени колго алып, чечкиндүү аракеттенсе болмок).

2. Кыргыз мамлекетинин союздаштарынын (Тан империясы, Түргөш каганаты) туруксуздугу (чыккынчылыгы).

Мына ушундай капсалаңдуу окуяларга карабастан каралып жаткан мезгилде кыргыздар өздөрүнүн элдигин (этнос), маданиятын, мамлекеттүүлүгүн, жакынкы этникалык чөйрөдөгү башкаруучулук абалын сактап, ортоңку Энесай жергесинде бекемделип калууга жетишкен. Тынымсыз согуштар Кыргыз жерине бүлүнүүнү, адам курмандыктарын эле алып келбестен, этникалык ширелүүнү тездеткен.[6] Кыргыз башкаруучуларынын саясий – согуштук тажрыйбасын өнүктүрүп, кийинки доордо Борбор Азия мейкиндигинде өз үстөмдүгүн орнотуу үчүн күрөшкө чыгууга өбөлгө жараткан. Ошондуктан, VI –VIII кылымдагы окуяларды Улуу Кыргыз дөөлөтүн орнотуудагы ( IXк.) даярдык (подготовительный) этабы катары кароого толук негиз бар.

Адабияттар:

1. Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана (Извлечения из китайских источников II в. до н. э. – XVIII в. ). – Б., 2003. 17 – б.

2. Восточные авторы о кыргызах. // Сост. О. Караев. – Б., 1994. 8, 13 – бб.

3. Худяков Ю. Кыргызы на просторах Азии. – Б., 1995. 61 – б.

4. Восточные авторы о кыргызах. // Сост. О. Караев. – Б., 1994. 29 – б.

5. Бутанаев В.Я., Худяков Ю.С. История енисейских кыргызов. – Абакан, 2000. 86 – бет.

6. Худяков Ю. Кыргызы на просторах Азии. – Б., 1995. 67-бет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×