Добавить статью
8:47, 4 февраля 2013 56251

Жети атаны билүү же санжыранын коомдогу ролу

Абалтан келе жаткан санжыраны билүү, жети атаны билүү – милдет! - делген нускалуу кебибиз бар. Бирок, бүгүн ушул улуу сөзгө көп маани берилбей келет. Окурмандарга түшүнүктүү болушу үчүн, санжыраны жөнөкөйлөп түшүндүргөндө жети атаны билүү дегенди билдирээрин белгилей кетсек. Мына ушул санжырабыз бабалардын баскан жолу, тарыхы, наркы жана өзүн-өзү таанып билүүсү болуп, сөз баккан улуу элдин руханий байлыгы катары ооздон-оозго өтүп, кенч-казынабыз, мурасыбыз катары сакталып келе жатат.

Андыктан элибиз санжыранын аркасында түбүн, тегин аңдап, каадасын кастарлап, бабалардын нуска керээздерин бапестеп багып келген. Өз мезгилинде элибиз канчалык каржалып, канчалаган каар замандардын зардалына, запкысына кабылып, заманасы тарып, башынан бак, ордосунан оомат кетип турганда да уюткулуу улуу элдин урпагы экендигин унуткан эмес. Мекенин, улутун, келечегин ойлогон бабаларыбыз «жети атаны билүү - парз!» - деп, өсүп келе жаткан муундун кулагына кумдай куюп тургандыктан бул дил-насаат ар бир кыргыз баласынын дилинде кыттай уюп, улуттун урааны болуп, намыстуу, мекенчил болууга, тегин, жерин сүйүүгө үндөгөн ыйык түшүнүккө айланган.

Ата-бабаларыбыз жети атасын сураса жеткиликтүү билбей, санжырага таң болуп, баштары маң болуп тургандарды: «жети атасын билбеген жетесиз, андан суроо сурап нетесиз», мындайлар жүргөн жерде: «эл бийлээр кыйын болбойт, ордолуу жыйын болбойт» дешип киши катары көргөн эмес. Тарыхын билбегендер кайсаңдаган кайсак делип, сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болуп журт алдында сөзгө жыгылган. Аталарыбыз андайлар менен «жети атасын билбеген кул» деп, сүйлөшпөй да коюшкан. Себеби, санжыранын сыры, касиети тарыхтын түпкүрүнө кетип, осуят, мурас катары калтырылган руханий казынабыздын ачкычы эле.

Кыргыздын туусу болгон Барсбек, Алп Сол, Мухаммед Кыргыз, Ормон хан, Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков, Чынгыз Айтматов сындуу залкар инсандарыбыз ошол улуу элдин уулдары, тектүү улуттун тукумдары экендигин билгендиктен жаттын кулу болбой, элдин уулу болуп, кыргыздын башын бириктирип, дүбүртүн дүйнөгө таанытып, тарыхты-жети атаны билүү - өлкөбүздүн келечеги, өнүгүү багыты болоорун өз иштери менен тастыктап кетишкен.

Жети атаны билүү бүгүнкү күндө да абдан зарыл. Көрүнүктүү тарыхчыбыз Осмонаалы Сыдык уулу белгилегендей: «Жүрөгүндө оту бар жигиттер үчүн тарыхты билүү керек». Тегин жерден тарыхый бабабыз Мухаммед Абулгазы Бахадур хан «Түрктөрдүн санжырасы» аттуу эмгегин түрк элдеринин энчисине калтырып кетпегендир. Анткени, бүгүн көөнө тарыхына, түпкүлүгүнө кайрылган гана эл, мамлекет гана мамлекет катарында жашап кала алаары белгилүү болуп отурат.

Тактап айтканда, «кыргыз санжыраны сактап келген, ал эми санжыра кыргызды сактап келген» - деген Дастан агайыбыздын сөзүндө калет жок. Абдан таамай айтылган сөз. Себеби биз чабылып-чачылып, тарыхтан жок болуп кетээрде кайрадан санжыра сүрүштүрүп, баш кошкон элбиз. Андыктан бүгүн санжыраны, жети атаны билүү элди уруу-урууга, кокту-колотко бөлүү эмес, кыргыздын башын бириктирүүчү «улуттук идеология» экендигин түшүнүүгө мезгил жетти.

Азыр санжырага тереңдеп кирип, жети атаны билүүнүн келип чыгуу тарыхына кайрылсак, кыргыздар бир мезгилде Эне-Сай, Миң-Өзөндү мекендеп, тибет, түрк, түргөш, табгач элдери менен тең ата мамиле түзүп, өрүшү өсүп, конушу көбөйүп, бейкут жатканда капыстан чыккынчылык менен касташкан жоосу басып киргендиги, күтүүсүздөн кол салган жана саны, күчү жагынан артыкчылык кылган алар күчтүү жоосу болгон кыргыздарды катуудан казаны, жумшактан күлү калганча чабышкандыгы баяндалат. Ошондо, кан күйгөн айкаштын жүрүшүндө душмандардын колбашчысы жети жашка чейинки балдарды аман калтыруу буйругун бергени айтылат. Андан эмнеге мындай кылышканын сурашканда, булар ата-тегин, тарыхын, ким экендигин билбейт, булар кул болуп өсөт, бизге кулдар да керек деп жооп айткан делет. Бул шум кабарды уккан кыргыздын аман калган тобун жетектеп турган акылман карыясы туш тарапка чабарман жиберип, ошол бардык жети жашка чейинки балдарга жети атасын, жети атасынын тарыхын үйрөткүлө деген экен…

Мына ушул улуу ойдун, улуу насааттын аркасында, улуу осуяттын тарбиясы менен кыргыз кайра өзүнүн кыргыз экендигин таанып, келкели келгенде туусун түндүгүнөн чыгара көтөрүп, асабасын желбиретип, душманын чөгөлөтүп, мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирген.

Жети атаны билүүнүн экинчи бир касиетине токтолсок, кыргыз 1800 жылдык тарыхын билген, же 74 муундун санжырасын сактап, айтып келген санжыргалуу, тек-жайы тереңге кеткен, даңкы далайга таанымал даңазалуу эл болгон. Бир муунга орточо 25 жылдан эсептегенде жети муунга чейинки эле санжыраны билген адам 175 жылдык ата-бабаларынын басып өткөн тарыхын, каада-салтын, үрп-адатын, нарк-насилин билген. Андай адамдар ата-бабаларыбыздын адаты, расими, согуш иши, дини, өнөрү деги кайсы темада сүйлөшпөсүн: манасчылары, акындары, баатырлары, сынчылары, олуялары, чеберлери, кыскартып айтканда кыргыздын тарыхы тууралуу өтө кызыктуу маек жүргүзүшкөн. Мындай сөздүн усталарын эл урматтап, калк кадырлаган. Ал эми жети атасын билбегендерди ошол себептүү тегин билбеген «кул» - дешкен. Алар сабатсыз, караңгы, түркөй, өтө пас адамдар катары эсептелинген. Анткени, кыргыздарда жети атаны билүү катуу талабын койгону кыргызды - санжыра, бабаларынын рух күчү сактап келген. Бүгүнкү күндө да бул касиетибизди жоготуп, аны баалабай коюу бир сөз менен айтканда түркөйлүк… болоор эле.

Ал эми азыр кандай ? Азыр Айтматов жазган маңкурт эмес, акыл-эстүү маңкурттар пайда болду. Алар эзелки тарыхыбызды, каада-салттарыбызды, эне тилин билмек тургай эки сөздү эптей албай калышты. Атам замандан берки тарыхты сүйлөп келе жаткан эне тилди жарды деп, билип да, билбей да «маңкурт» болуп бара жаткандарга мындан артык айтаар сөз, дээр кеп таппайсың.

Жети атаны билүүнүн дагы бир тарбиялык касиети, байыртан жети муундун бардык өкүлдөрү – ак калпакчан аталарыбыз, ак элечек энелерибиз ошол жетинчи баласынын келечеги үчүн туура сүйлөп, түз жүрүшкөн. Салттан четтеп, ушак айтуу, уурулук жасоо, ала жипти аттоо, айбанчылык жолго баруу, мекенге кыянаттык кылуу сыяктуу чеки иштерге барышкан эмес. Анткени, жети атаны сураша келгенде санжыра, тарыхты чегип билген адам, аа сенин чоң атаң - ууру, бабаң - башкесер, чоң энең начар аял эле, же тетирисинче сенин бабаң - баатыр, жетең - билимдүү, энең эл оозуна алынган жанда жок колунан көөрү төгүлгөн зайып эле деп, анын кимдин тукуму экендигин баалап, жети атасы аркылуу анын кимдигин, кандай атанын урпагы экендигин аныктап коюшкан.

Аттигиң, жети атанын наркын бүгүн билсек, аталарыбыз жинди сууну, балдарыбыз баңги затты унутуп, апаларыбыз ордун билип, кылтылдаган кыздарыбыз кыз кылыгын кайрып келет беле дейсиң. Ал эми төбөлдөрүбүз «жебеген жердин астында, жегендер элдин башында» болуп, эл кызыкчылыгын өз кызыкчылыгына алмаштырган «дүжүрлүккө» жетпейт беле ?.. Заманга шылтап эле жер-сууларыбызды, тоо-ташыбызды, атап айтканда «абийирибизди» соодалап жүрүп отурсак, эртең эстүү чыккан жигиттерибиз жети атасын кой, өз атасынын атын айткандан уялып, эл караган бети жер карабайт деп ким кепил боло алат.

Андыктан көрпенделиктен чыгуунун негизги жолу «улуттук намыска келүү!». Андай дегенибиз биз кыргыздар белгилүү окумуштуу Л.Н.Гумильев белгилегендей, тарыхтан жок болуп кетээрде кайрадан өсүп, күчтөнө турган пассионардуу - каны таза, акылы тунук калктардын бирибиз. Дегенибиз, көрөңгөбүз кур эмес, камчыга сап, элибизге баш боло турган, ата наркын билген, намыска жарай турган «жүрөгүндө оту, билегинде күчү бар» уул-кыздарыбызга элдин ишеними чоң.

Жети атаны билүүнүн кезектеги бир касиетине кайрылсак, кыргызда салт сыйлап, нарк күткөн ата-эне жаңы көз жарган наристеге жети атага чейинки бабаларынын ысымдарын жана ысымында терең күч жаткан тарыхый инсандарынын, баатырларынын аттарын берген эмес. Маселен, «Манас» - деген ат зор күч-кудуретти, ааламдык сырды өзүнө камтыгандыктан Манас бабабыздын аты кийинки муундарга коюлган эмес. Анткени, Манас бабабыздын айкөлдүгү, теңдешкис баатырлыгы, кечиримдүүлүгү - бул ысымдын тереңдигинде, ыйыктыгында эле. Мындай ысымды баланын көтөрүп кетээри кыйын болгон. Анткени жараткан жана анын жердеги элчилери гана «айкөлдүк» касиетке ээ эле. Биз Манастан башка Алмамбет, Эр Төштүк же Калыгул олуянын, деги эле бир да тарыхый инсандын мындай «айкөлдүк» наамга татыганын билбейбиз. Манас деген аттын бүгүнкү күндө ондогон мамлекеттерге таркап, ондогон жерлерге аты берилип, ыйык эсептелип калгандыгын көрүп-билип, Сарыгулов Дастан агайыбыздын: «Манас алмустактан бери бир дагы дүйнөлүк диндер пайда боло электе жаралып, өзүнүн айкөлдүгү, ыйыктыгы жогорку күч болгондугу менен элдердин аң-сезиминде, эс-тутумунда сакталып, унутулбай калган ысым» - деген сөзүнө дагы бир жолу ынанасың. Мына ошондуктан ата-бабаларыбыз ат коюуга чоң маани беришип, жети атасына чейинки аталарынын аттарын койбогон.

Ат берүүнүн дагы бир өзгөчөлүгү бала жөн чыгып, элине терс сапаттары менен көрүнүп калса, ошол мезгилинде калкына кадыры сиңген барктуу атанын атына доо кетпесин дешип, ата наркын сакташып ысымын урпактарына ыйгарышкан эмес. Ат адамдын келечегин аныктаарына толук ынанышкан. Ошондуктан балага ысым ыйгараарда, айрыкча эркек балага ат коердо аксак-терсек же ургаачы кой эмес, ак кочкор союп, азан чакырып, айылдын ардактуу аксакалы балага ак батасын берип, ысымын койгон. Ыйык кураныбызда, хадисте да атанын эң чоң милдеттеринин бири балага Алланын мээрими түшкөн эң жакшы ысым коюу деп айтылат. Мына окурман, балага ысым берээрде Бокмурун, Жылкайдар, Жаңыл, Курманбек, Тезекбай ж.б ушул өңдөгү аттарды койбой жүрсөк. Болбосо бул ысымдар көп учурда касиетин жоготуп, баланын да нарк билбеген атага нааразычылыгын туудуруп жүрөт.

Жети атаны билүүнүн кийинки бир нускалык тарбиясы ата-бабаларыбыз куда-сөөк күтүп, кыз берип, уул үйлөнтүүдө анын ата-тегин, тек жайын сүрүштүргөн катуу салтты карманышкандыгында, же болбосо жети ата өтмөйүн бир уруудан тарагандарга, бир туугандарга баш кошууга тыюу салышкандыгында эле. Бул салт тээ адам жаралып, акыл-эси калыптангандан тарта келе жаткан элдердин - канын тазартуу, дени сак, акыл-эстүү муундун өсүшүнө кам көрүүсү, эң негизгиси улуттун өзүн-өзү сактап калуусу жана күчтүү улуттун түзүлүүсүнө жетишүү болгон. Мына жети атанын билүүнүн наркы!

Бирок, азыр болсо бул улуу салтыбызды сактабай, нарк-насилдерибизге көңүл кош, кайдигер мамиле жасагандыктан, таеке-жээндердин, бөлөлөрдүн, жакын туугандардын билип да, билбей да бири-бирине үйлөнгөндүктөн, майып, кем акыл, ара төрөлгөн наристелерибиз, же таалим-тарбиясы жетишсиз «көпөлөк» кыз-келиндерибиздин жеңил мамилесинен, конуп кеткен «коноктон» никесиз төрөлгөн жазыксыз балдарыбыз көбөйдү. Алардын кандай жазыгы бар эле?! Буга кыз-келиндерибизди же ата сөрөйлөрүбүздү да күнөөлөгүң келбейт, ага деле бир аргасыздык, замандын агымы түрткү кылып аткандай дешиңер мүмкүн. Антели десек, мындан оор, кан кечкен заманда деле жашап келбедик беле?.. Мунун баары эне тарбиясын, ата салтын унуткандыктын кесепети болуп жүрбөсүн... мүмкүн мамлекеттик камкордуктун жоктугудур... а балким бизге үлгү көрсөтүп, тарбия берүүчүлөрдүн өздөрүнүн тарбиясынын начардыгыдыр?.. Мунун баары ошол ата насаатын, бабалардан келе жаткан каада-салттарыбызды, жети атанын тарых таржымалына катылган сырларды билбестигибиз.

Корутундулап айтканда, элибиздин «элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы» деген жакшы сөзү бар. Бирок, тилекке каршы ушул 70-80 жж. аралыгында калкыбыз «коммунизм», «капитализм», «демократия» делген аты да, жыты да кыргызга жакындабаган коомдордун таасиринде калып, жаштарыбыздан адеп, улууларыбыздан ыйман качып, карыларыбыз наркын, башчыларыбыз баркын жоготуп отурат. Азыр кыргыздын өзөгүнөн өрт кетип, өзүнөн жат чыккандыктан сөздүн күчү өлүп, тарыхты – жомок, санжыраны - уламыш деп түшүндүрүшүп, жети атаны билүүнү жеке мүдөөгө - тууганчылыкка, уруучулукка, жердешчиликке негиздешип, кыргыздын нарк-насилин бурмалап, аны терс көрүнүш катары каралоо күч алды. Минтип ааламдаштыруу саясатынын аркасында кыргыз экенин унутуп бараткан киргиздердин жана «жапайыларды жапайылардын колу менен кулга айландыруу керек» - деген кыйды, «жапайычылык» саясатын жүргүзүп жаткан кыргыз эместердин «идеологиясын туу кылып»,- айтканын угуп, дегенине көнүп, дүнүйө-мүлктүн туткунунда калсак, жакын арада «намыс», «ар», «уят» түшүнүктөрүн жоготуп, келечекте балдарыбыз кул, кыздарыбыз күң болуп, «улуу элдердин» этегине тооп кылып, жетегинде жүрөөрүбүз турган нерсе экендигин турмушубуз көрсөтүп жатат.

Сөз аягында айтаарыбыз, жогоруда белгилегендей бүгүн ар бир кыргыз тилин, дилин, тегин, тарыхын билип, Ала-Тоосун, Ак калпагын, Манасын ыйык тутуп, бабаларыбыздын баскан жолун, тарых таржымалын баяндаган жети атабыздын санжырасын аздекдеп, жети жаштагы баладан, жетимиштеги карыяга чейин билсек «адам» болуп жашап, «улут» катары өсүп, «кыргыз» деген атты кыйлага таанытаар элек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

04-02-2013
«Манас» дүйнөсү – көчмөндөр цивилизациясынын өзөгү
25263

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×