Добавить статью
8:57, 4 февраля 2013 23122

«Манас» дүйнөсү – көчмөндөр цивилизациясынын өзөгү

Азыркы тапта мамлекет тарабынан сунушталган «Кыргыздардын мурасы жана келечеги» жана «Көчмөндөр цивилизациясы» аттуу жаңы улуттук багыттын киргизилиши коомчулукту козутуп, окумуштууларыбыздын, ойчулдарыбыздын, көч башында турган аалымдарыбыздын актуалдуу, кызыган кызыктуу темасына, талкуусуна айланды.

Көчмөндөр цивилизациясы көтөрүлгөндөн тарта, көчүп жүрсө көчмөндөрдө кайдагы цивилизия дегендер да, көчмөндөрдүн отурукташкан, ордолуу шаарлашкан маданиятын издегендер да өз ойлорун, ой толгоолорун байма-бай айтып да, жазып да, аны далилдөөгө жүйөөлү делген далилдерин тартып келишет. Деги эле «цивилизация» сөзүнүн өзү тар мааниде латын тилинен – «жарандык», «мамлекеттүүлүк» дегенди түшүндүрүп, ошол мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүн, өлкөнүн өтө бийик өнүгүү деңгээлин, адамдардын маданиятынын, материалдык абалынын алдыда жүрүшүн туюндурган.

Ал эми цивилизация кеңири түшүнүгүндө жалпы адамзатын татыктуу жашоого – адамкерчиликке, айкөлдүккө, адептүүлүккө, ыймандуулукка, бакубаттуулукка, байгерчиликке жетишүү үчүн калтырган ата-бабаларыбыздын материалдык жана руханий дүйнөсү, аруулуктары, баалуулуктары болуп, бул алардын адам баласынын келечегине түптөп кеткен улуу мурасы эле.

Көчмөндөрдүн, айрыкча кылымдарды карыткан көчмөн кыргыз тарыхынын кыйырына көз жүгүртүп, көчмөндөрдө цивилизация болгон эмес деп кыйкыргандарга да жана жер айдап, эгин эгип, калаа курган жерлерде гана цивилизация болот деп, аны издегендерге да толук ынана албайсың. Ага жүйөө цивилизация бир гана мечит, медресе, мекемелерди куруп коюу эмес, адабият, маданият, искусствонун жетишүү шарты менен да аныкталат эмеспи, же китепке чейин идея, мечитке чейин дин, театрга чейин искусство пайда болгондугу баарыбызга белгилүү.

Ага атамзамандан бери акыл-эси, аң-сезими, руханий көрөңгөсү өскөн жерлерде гана цивилизация болгондугун тарых тастыктап келет. Аныктап айтсак, кыргыз күмбөздөрдү, храмдарды, хан сарайларды эмес, кыргыз цивилизациянын өзөгү болгон руханий маданияттын туу чокуларын – Манасты, эпосторду, санжыраны, дастандарды, залкар күүлөрдү жараткан.

Андыктан бүгүн көчмөндөр цивилизациясынын багыты, улуттун идеологиялык уңгусу да Манас болушу керек. Манаста бай тил, бай тарых, бай маданият, күчтүү мыйзам жана мамлекеттин түзүмү, көчмөндөрдүн укукка, теңдикке, эркиндикке негизделген коомдук түзүлүшү, ачык-айкын шайлоо, жыйын тартиби, адамды, атуулду, аялзатын, баланы барктоосу, карыны, кызды, келинди сыйлоосу, тааныган жана тааныбаган элге да таалим боло турчу салт, нарк, адаттарынын болушу көчмөндөрдүн цивилизациясынын болгондугунун анык белгиси.

Өткөнгө сереп салсак индустар бай маданияты жана буддизмге, кытайлар кылым карыткан карт тарыхына ширелишкен даолук жана конфуцийлик окууларына, араб өлкөлөрү исламга, ал эми жапон сыяктуу улуттар канына сиңирилген каадаларына таянып келечегин идеологиясын аныктап, атпай журтка, ааламга аңыз болуп келгендигин, атагы алыска кеткенин көрүп, кыргыздын өткөндөгүсү, учуру жана келечеги да Манас, анын руху, касиети, сыры экендигин аңдоого да, баалоого да мезгил жетти.

Мына, андыктан кыргыз Манасы менен дүйнө таанып жана дүйнөлүк маданиятка өлбөс-өчпөс мурас калтырган. Кыргыз үчүн Манас цивилизация, Манас идеология, Манас дүйнөтааным, Манас дастан, Манас тарых, Манас илим, Манас инсан, Манас тил, Манас дин, Манас музыка, Манас ыр, Манас сыр, Манас күч, Манас аалам болгон.

Манастагы кыргыз-буруттардын ордо жыйыны, башкаруу тартиби, бийлик тутуму, аскер иши, согуш өнөрү гунн – Аттила, македондук – Александр, монгол – Чынгызхан, түрк – Темирлан түзгөн империялардан асты ашса ашкан, кем калбаган күчкө ээ экендигин көрүп Кайыпов Сулайман агайдын: «Манастагы мамлекеттик жана жоокердик түзүлүш цивилизация түзгөн, түптөгөн элдерге таандык» – деген омоктуу оюна кошулуп, көчмөндөр цивилизациясы болгон деп айта алабыз.

Манас эң так илимий мааниси чоң тарыхый энциклодепия. Манас бир эле кыргыздын эмес, ондогон жоголуп кеткен, жоголуп бара жаткан жана жашап жаткан уруулардын жана улуттардын да тарых таржымалын баяндап берген булак.

Манас бүгүн тил таануу илиминин эң мыкты усулдук - окуу куралы десек да жаңылышпайбыз. Тил улуттун куралы, тил улуттук идеологиянын алып жүрүүчүсү, мамлекеттин символу, сыймыгы экендигин, тил менен экинчи бир тилди жок кылып коюу мүмкүндүгүн, тилсиз улут жок болоорун айтсак, Манасты айткан мындай тил – цивилизация түзгөн улуу элдин тили экендиги да талашсыз чындык.

Манас улуу сыр, аалам ээси, алмустактан бери келе жаткан элдердин эсинен, көөнүнөн чыкпай калган, жараткан жана анын элчилерине гана энчиленген «айкөлдүк» наамга ээ жогорку күч. Тегин жерден окумуштуулардын Манасты манихеизм дининин улуу өкүлү Маниге, жөөттөрдүн пайгамбары Манааска алып барып аткандары, же кээ бир индус урууларынын Манас десе кудайындай көрүп атышы, Манас деп аталган жер-суулардын ыйык эсептелиши да бекеринен болбосо керек. Манастын мезгилинде байыркы диндерде да байланышы болсо, анда диндин цивилизациянын өнүгүшүндөгү таасири абдан чоң болгондугун белгилеп, кыргыздын да цивилизациянын өркүндөп-өсүшүнө кошкон салымы жана өз орду бар деп баса айтууга акыбыз бар.

Мына бүгүн бүткүл дүйнөлүк маданияттын негиздөөчүлөрү делген ак сөөк, таза кандуу арийлердин канынын толук эки гана элден, анын бири кыргыздан табылып гендик, кандык жакындыгынын далилденип жатышы, арийлер менен кыргыздардын маданиятынын окшоштугу, эң эзелки афанасьев маданиятынан андрон маданиятына чейинки тектеш маданияттардан азыркы кыргыз элинин колдонгон эн тамгаларынын табылып жатышы, Манас деген аттын ондогон жерлерге таркап-таралышы, мунун баары мезгилинде көчмөн кыргыздардын улуу дөөлөт жана цивилизация түзгөндүгүнөн кабар берет.

Жыйынтыктап айтканда көчмөндөр цивилизациясы болгон, ал кыргыздын Манасында камтылган. Бирок Манас илимий жактан толук, терең, нагыз, жаңы багытта изилденбей комплекстүү изилдөө маселесинен өтө эле аксап, сөз, жыйындар жана үстүртөн кароо менен гана чектелип келет. Андыктан, азыркы тапта мамлекет тарабынан сунушталып жаткан улуттук багыттама өнөкөткө айланган, көндүм, көнүмүш болгон коомду убактылуу азгыруу, алдоо, куру кыялга жетелөө иш аракеттеринин бири болбой, мамлекеттин башкы саясаты болуп, Манас жана кыргыз тарыхы атайын каражаттын эсебинен, атайын түзүлгөн окумуштуулардын чоң тобу тарабынан изилденсе гана ачылбай, айтылбай келе жаткан чыныгы тарыхыбыз күмөнсүз такталмак.

Сөз аягында айтаарыбыз, көчмөн кыргыз цивилизациясынын негизи Манас, кыргыздын тарых таржымалы, келечеги, идеологиясы Манас, улутубуз да, урааныбыз да Манас!!! – деген ураанда жашасак, кыргыз элинин түбөлүгү түз, тарыхы так болуп, өнүккөн, өскөн өлкөлөрдүн бирине айланып келечегибизди аныктай алат элек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

04-02-2013
Жети атаны билүү же санжыранын коомдогу ролу
51988

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×